Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлиги.
Педагогикалык окуу
Тема:
Окуучуларды окутуу-тарбиялоо маселесиндеги бүгүнкү үй-бүлөдөгү
ата-эненин ролун көтөрүү.
Кара-Суу районуна караштуу №89
Б. Абдрахманова атындагы орто мектебинин башталгыч класстар усулдук бирикмесинин жетекчиси:
Узакова Парида
Тема: Окуучуларды окутуу-тарбиялоо маселесиндеги
бүгүнкү үй-бүлөдөгү ата-эненин ролун көтөрүү.
План:
Үй-бүлөнүн башталгыч класстарына билим берүү процессине тартуу жана активдүү катышуусуна жетишүү.
Балдарды тарбиялоо процессинде үй-бүлөлүк жана педагогикалык таасир этүүнүн байланышы.
Үй-бүлө менен педагогдордун өз ара байланышта иштешүү маселесинин жолдорун издөө жана чечүү.
Иш чараларды өткөрүү.
Үй-бүлөнү, коомчулукту педагогикалык процесске тартуу.
Коомдук жана үй-бүлөлүк тарбиянын өз ара байланышы.
Балалык – ар бир адамдын турмушундагы унутулгус учур. Ал жакшынакай элестер жана шайыр турмуш, жылуу кун нуру, ата-эненин суйуусу жана камкордугу менен толукталган. Дал ошол нерсе үй-бүлөдө алгачкы ирет баланын айлана-чөйрө, жакшылык жана ак ниеттик, жоопкерчилик жана милдет жөнундө тушунуктөру калыптанат. Ата-энелик суйуу балага “туруктуулук запасын” бекемдеп, психологиялык жактан корголгондук сезимин калыптандырат.
Башталгыч класстарда тарбиялоо-билим беруу ишинин натыйжалуулугун үй-бүлөлүк тарбиянын натыйжасы менен тыгыз байланышта кароо керек. Үй-бүлөнүн өзгөчөлугун, салт-санаасын, баарлашуу стилин билуу педагогдорго жана балдарды тарбиялаган
Чон адамдарга мектепте жана үй-бүлөдө балдарды тарбиялоого, дифференциялдуу мамиле кылууга мумкунчулук берип, коомдук жана үй-бүлөлүк биринен бирине өтушун камсыздайт.
Башталгыч класстарынын педагогдорунун жана ата-энелеринин иш милдеттери.
Изилдөөчулөр үй-бүлө жаратылышынан эле балдарды тарбиялоо учун калыптангандыгын айтышат.
Педагогдордун, психологдордун (О.М. Айванхов, А.Н.Таничева, О.Л.Зверева, Т.А. Маркова, Я. Корчак ж.б.) иштерине негизденуу менен үй-бүлөнун тарбиялоо потенциялын аныктай турган позицияларды аташка мумкун болот.
Азыркы учурдагы башталгыч класс билим беруу мекемелеринин турмушун ата-энелер менен тыгыз карым-катышсыз элестетууго мумкунбу?
Мисалы айыл жеринде ата-эне баласын кийинтип, сумкасын асынтып жонотуп коюп уйдо кала беришет. 4 саат окуп кайра келгенде “келдинби” деп коюшат. “Канча саат болду?”, “Кандай тема отулду?”, “Сен канчалык денгээлде кабыл алдын?” деп сурабайт, кайгы-кубанычын аныкташпайт. Эгерде “бироо урду” же “ручкамды алып койду” десе дароо звонок кылат “сиз карап коюшунуз керек” дешет.
Баарыдан мурда педагогдор менен ата-энелердин алдында томонкудой бирдиктуу милдеттер турат.
Балдар бактылуу, дени сак, активдуу, жашоону суйгон, тил табыша ала турган заманга шайкеш оскон инсандар болушу учун бардыгын жасоо.
Азыркы учурда мугалим билим сапатын которуудо ата-энени мектепке тартууда баарлашуу толук жана кызыктуу болушу учун коп нерсени жасоо керек. Биринчиден педагогдор мыкты жана мезгил менен текшерилген сапаттарды сакташат. Экинчиден ата-эне менен оз ара аракеттенуунун жаны, натыйжалуу формаларын издешет жана аларды колдонууга киришууго умтулушат, алардын негизги мидети – башталгыч класс мугалими менен ата-эненин ортосундагы реалдуу кызматташууга жетишуу.
Ата-энелердин чогулушунда ар кандай биргелешкен иш аракеттер натыйжалуу болуп саналат. Алсак проблемаларды жамааттык талкуулоо ата-энелерге, башка аталар жана апалар да ушундай проблемаларгатуш болушкандыгын жана андан чыгуу жолун таба алышкандыгын билууго мумкундук берет. Ал эми бул кыйынчылыктарды женип чыгууга мумкун болорун билдирет.
Үй-бүлө менен оз ара аракеттенуунун салттуу эмес формалары (ачык сабактарга катышуу, начар окуган окуучулар менен иштоого чакыруу, уйлорго обход жасоо ж.б.) ата-энелер менен балдар ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн да маанилүү. Ата-эне баланы ал кандай болсо, ошондой бойдон сүйүүгө үйрөнүшөт (өтө шок, түнт ж.б.). Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында ата-энелер менен мугалим бири-бирин түшүнүүгө, ишенүүгө, накта өнөктөш болуп жардам берүүгө аракеттенишет.
Тилекке каршы, кээ бир кейиштүү жагдайлар кездешип, анан да педагогдордун ата-энелер менен мамилеси бири-бирине доомат коюу
жагынан көрүнөт. Албетте баарлашууну уюштурууда көптөгөн кыйынчылыктар кездешет: бул башталгыч класстарындагы билим сапатын көтөрүүдө ата-эненин ролу чоң экендигин жеткире түшүнбөгөнү, балага карата бирдиктүү талаптардын жоктугу, татаалданган программаларды түшүнбөшү.
Жаш ата-энелер, о.э. урмушу начар же жеке мүнөздөгү проблемалары бар ата-энелер менен баарлашуу кыйынчылыкка алып келет. Алар көпчүлүк учурда мугалимге начар мамиле кылышат, бардык талапты мугалимге коюшат. Алар менен карым-катнаш кылып, кызматташтыкка баруу, баланы тарбиялоонун жалпы ишинде өнөктөш болуу кыйын.
Баарлашуунун ийгилиги кандай жаралат? Баарынан мурда ал карым-катнаш түзүү баары бирге жардамдашуу, башкаларды өзүнө өнөктөш катары көрүү, аны уга билүү, бөлөк адамдардын проблемаларын моюнга алуу, аны түшүнө билүү болуп саналат. Ошондо гана ийгиликтер жаралат деп ойлойм.
Жогоруда көрсөтүлгөн проблемаларды чечүү башталгыч класс мугалимдеринин жана окуучулардын ата-энелеринин биргелешкен ишиндеги 1-кезектеги милдет болуп саналат.
Азыркы учурду коомдук уюмдардын активдүү жардамы менен Республикада 130 га жакын энелер мектеби түзүлүп жана активдүү иштеп жатат. Биз да уюштурсак жакшы болмок.
Балдарды тарбиялоо процессинде үй-бүлөлүк жана педагогикалык таасир этүүнүн байланышы.
Балага өз үй-бүлөсүнөн жардам керек негизи тарбиялоо функциясын аткаруу менен үй-бүлө төмөнкүлөрдү камсыздайт:
Балдарды дене тарбия жагынан, ага тамак-аш, турак жай, кийим-кече, ден соолук жагынан камкордук кирет.
Сабак даярдоочу стол, стул, окуу куралдарын камсыз кылуу.
Аларды эмоционалдык өнуүктүрүү, ага сүйүү, колдоо кирет.
Эмне жакшы жана эмне жаман экенин дайыма эскертип туруу.
Балдардын баарлашуусун кошо алганда аларды ар тараптуу өнуктүрүү, ошондой эле башка балдар жана чоң кишилер менен мамилесин өнуктүрүү.
Физикалык жөндөмдүүлүгү.
! Ата-эненин ролу чоң экендигин моюга алуу зарыл.
Балдарды үй-бүлөсүнөн өзүнчө кароо мүмкүн эместигин окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөн. Баланын тарбиялануусу үчүн
үй-бүлөөнүн маанисине баа берүү кыйын. Балдар үй-бүлөдө тарбияланат жана анда болуп жаткан окуялар, ага олуттуу таасир тийгизет.
Сүрөттөр (слайд): ише көтөргөн бала, начар кийимчен инисин көтөргөн кыз, апасын уруп жаткан киши.
Албетте, үй-бүлөдө, ошоной эле айлана-чөйрөдөгү балага тийген таасирди да эстен чыгарууга болбойт. Үй-бүлө ар кандай болушу мүмкүн (алар кичинекей же чоң үй-бүлө ж.б. болушу мүмкүн).
Чоң кишилер балдардын кабыл алуусуна көп таасир тийгизгендиктен, алар балдардын жана алардын үй-бүлөсүнүн артыкчылыктарын, кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын билүүгө, кызматташуу артыкчылыгын түшүнүүгө тийиш.
Үй-бүлөнүн жана айланадагы чоң адамдардын сабактарга катышуусу балдарга томөнкүлөрдү камсыздайт:
Өзүн-өзү жакшы сезүү, өзүн пайдалуу деп эсептөө, күч-кубатка толуп тургандай сезүү;
Жашоого кызыгууга, жаңыланууну, темаларды өздөштүрүп, сабактарга жакшы даярданып, жооп берүүгө аракеттенүү;
Өзүн бактылуу сезүү, жашоого катышы бар экенин сезүү.
Чоң кишилер балдарды тарбиялоого, өстүрүүгө жана аларды мектепке, турмушка даярдоого ата-энелердин эмоционалдык жана физикалык жактан катышуусу үчүн бардык аракеттерди жумшашы керектигин эстен чыгарбоосу керек. Ата-энелер билим-тарбия берүүдө түздөн-түз педагогикалык процесске активдүү катышуусу зарыл.
Көрсөтмөлөр:
Ата-энелер үйдө отуруп алып эле балдарды мектепке жөнөтүп коюшат, окутуу-тарбиялоо иштерин башталгыч класс мугалимдерине жоопкерчиликти жүктөп коюшат. Мугалим менен ата-эне маалымат алмашуу, биргелешип пландаштыруу, чогуу тыгыз байланышта иштөө керек экендигин биле беришпейт. Ошондуктан жаңы талаптардын алдында өздөрүн ыңгайсыз сезишет. Мындай учурда мугалимге жана ата-энелерге үй-бүлөнүн башталгыч класстарынын окуу процессине катышуусунун ролу тууралуу жеткирүү кыйын милдетке айланышы мүмкүн.
Өз ара жоопкерчилик.
Педагогдор да, ата-энелер да кызматташуу жагын өнүктүрүү, чогуу иштөөгө багыт алат. Баарлашуу, бири-бирин урматтоо, чечимдерди жана айырмаларды кабыл алуу, баарыдан мурда бала кызыккан нерселердин маанилүү экендигин таануу жемиштүү кызматташуунун негизин түзөт. Үй-бүлөнүн жана педагогикалык жамааттын мамилесин өзгөртүү дайыма эле
жемиштүү болбойт. Кээ бир убакта педагогикалык процессте сапаттуу кызматташуу үчүн педагогдор да, ата-энелер да өзүндө жаңы ыкмаларды жана чеберчиликти өнүктүрүүгө тийиш.
Кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр.
Окуу-тарбия иштерин жакшыртуу үчүн программаларды ишке ашырууну пландаштырууда ата-энелер жардам берүүгө жана башталгыч класстарында ишке ашырууга тийиш.
Баланын үй-бүлөсүнө баруу ата-энелер үчүн ыңгайлуу убакка пландаштырылат, мугалимге бала жана ата-энелер менен алар үчүн көнүмүш жагдайда таанышууга мүмкүндүк берет.
Убакыт таап ата-эне баласынын сабакта кантип отурарын, жооп береээрин, жазусун, окуусун башка балдарга салыштырып, тез-тез сабакка катышып турса жакшы болмок.
Баарлашуу
Педагогикалык жамаат менен ата-энелердин үзгүлтүксүз баарлашуусун камсыз кылуусу керек.
! Үй-бүлө менен бала тууралуу сүйлөшүү – педагогикалык жамааттын милдеттеринин маанилүү бөлүгү, бардык үй-бүлөлөр балдарынын жакшы жашоосуна кызыктар жана алар жакшы өсүп, мектепте жакшы окуп, сабактарга кызыгуу менен даярдануусун каалашат.
Ата-энелер эмнеге умтулганын, эмнени ойлогонун, аларды эмне кубандырганын же тынчсыздандырганын талкуулоо үчүн ата-энелерге мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана колдоо көрсөтүү үчүн убакыт табуу керек.
Жеке баарлашууларды бул үчүн ыңгайлуу убакытта, эл көп эмес жерде өткөрүп жана бардык маалымат жашыруун экенин эстен чыгарбоо зарыл.
! Үй-бүлө жеке маалыматтары менен бөлүшө алат жана жана педагогдун милдети-аларды сыр катары сактай билүү. Баарлашууда жашырындуулук принциби болууга тийиш, бул принципти ата-энелер жана мугалимдер сөзсүз сакташы керек.
Үй-бүлө менен баарлашуу кызматташуунун формалдуу жана формалдуу эмес стратегияларынын негизинде түзүлөт. Иште эреже катары, ыкмалардын ар түрдүүлүгүнө басым жасоого туура келет. Бара-бара педагогдор тарабынан болгон шарттар үчүн туура иштөөнүн өздүк ыкмалары иштелип чыгат. Ийгиликтүү мисалдар болот, баарлашуу тажрыйбасы топтолот, алар менен кийин башка педагогдор (класс жетекчи же предметтик мугалим) менен бөлүшүүгө болот.
Күтүлгөн жыйынтыктар.
Окуу процессинде үй-бүлөнүн жана педагогикалык жамааттын күткөн жыйынтыктары жана максаттары дайыма эле бири-бирине дал келбегендиги белгилүү. Мындай учурда ата-эне “Мугалим окутуп-тарбиялоого милдеттүү” десе мугалим “Бул менин балам беле, ата-энеси кызыкпаса менде эмне күнөө” деген көз караштар бири-бирин түшүнбөстүккө жана баарлашуунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
“Үй-бүлө жана педагогикалык жамаат ортосундагы келишимди” иштеп чыгуудан күтүлгөн жыйынтыктар тууралуу айтып кетсек туура болот. Анда алар тууралуу айырмачылыктар жана негизги максаттар чагылдырылат. Мындан тышкары, ар бир үй-бүлөнүн анын мүмкүнчүлүктөрүнө жана программага катышууга өзгөчө мамилесине ылайык келген жеке макулдашуусу да болушу мүмкүн. Бул макулдашууну жыл башында үй-бүлө менен программаны жана кызматташууну талкуулоо үчүн негиз катары пайдаланууга болот. Окуу жылында макулдашуунун айрым жоболорун жана келип чыккан тынчсызданууларды таалкуулоо менен бул макулдашууну кайра карап чыгууга болот.
Формалдуу эмес баарлашуу.
Айыл жериндеги ата-энелердин мектеп турмушу жөнүндө түшүнүгү жок. Мугалимдер менен байланышууга кызыгышпайт. Ошондуктан үй-бүлө менен баарлаша ала турган табигый, формалдуу эмес жагдайлар мектеп жана үй ортосунда кызматташууну өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү.
Бул пункт ата-энелер менен педагогикалык жамааттын ортосундагы келишимге киргизилсе жакшы болот. Ата-эне сабактарга катышып, бала менен бирге отуруп, сабактарга кандай жооп берип жатат, башка балдарга салыштырмалуу канчалык деңгээлде окуп, кабыл алууда, баласына кайсы предметтен жардам керек экендигин байкайт жана кемчиликтерди жоюуга аракеттенет.
Дептерлер жана жазуулар.
Педагогдор бала аркылуу ата-энесине кат жиберүү менен да үй-бүлө менен педагогикалык жамааттын жакындашуусуна шарт түзушөт. Бул баланын жетишкендиктери менен кошо кайсы предметтерден жардам керек экени жөнүндө кыскача билдирүү жасаса болот. Андай каттарды канааттануу менен окушат жана көп учурда жооп беришет.
Баарлашуу өнүгүшүнө жараша мугалим ата-энеге жана алар кайра мугалимдерге берип жиберишчү күндөлүктөр чоң ролго ээ боло баштайт. Эгер ата-эненин убактысы чектелүү же телефону жок болсо, бул байланыштын бир топ ыңгайлуу ыкмасы жана натыйжалуу ыкмасы болуп калат. Эгерде балада кандайдыр бир даттануулары же проблемалары бар болсо, күндөлүк ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө ата-энелерге же педагогикалык жамаатка такай кабарлап турууну камсыздайт. Бул ыкма өз ойлорун жазуу жөнүндө жеңил билдире алчу ата-энелер үчүн абдан ылайыктуу. Баарлашуунун мындай ыкмасын пайдаланууга көнбөгөндөр үчүн башка варианттар ылайыктуу.
Кулактандыруу тактасы
Ата-энелерге маалымат берүүнүн формалдуу эмес түрүнүн дагы бир ыкмасы – бул кулактандыруулар тактасы.
V Кулактандыруу тактасы пайдалуу
Кулактандыруу тактасындагы маалымат чоң кишинин көзүнүн деңгээлинде жайгаштырылууга тийиш.
Жаңыланып туруу керек.
Тактадан өзүн (же өзүнүн баласынын) фамилиясын, сүрөтүн көрүү ар бир адамга жагымдуу экендигин унутпоо зарыл.
Калыптандыруучу баалоонун жыйынтыгында көрсөткүчтөрдүн теңдештирилген картасын илип коюу керек.
Баласы эмне менен алектенип жүргөнүн, алар эмнени үйрөнгөнүн жана башка балдар аны канчалык билишээрин, ата-энелер билиши үчүн балдардын жасаган иштерин илип коюу пайдалуу. Маалымат кыска жана түшүнүктүү болууга тийиш.
Ата-энелерге жекече билдирүүлөр, педагогикалык процесске катышканы үчүн ыраазычылык формасында болууга тийиш.
Кулактандыруулар тактасындагы маалыматтарды толтурууда ата-энелердин жардамы менен толтурса да болот. Кулактандыруу тактасындагы маалымат дептерлерде же күндөлүктөрдө болгон маалыматты кайталаса же анданы ары өнүктүрсө болот.
Маалыматтык барактар
Маалыматтык барактар – бул үй-бүлөлөр менен баарлашуунун
дагы бир жакшы ыкмасы. Эгер аларды айына бир же эки жолу ата-энелерге жиберип турса, ата-энелер өзүнүн баласы жөнүндө жетиштүү маалымдуу экенине ынана берсе болот.
Байланышты пайдалануу каражатына жараша маалыматтык барактардын мазмуну жана максаты ар түрдүү болот.
Чогулуштар, экскурсиялар жөнүндө кулактандыруулар кандайдыр бир материалдарды алып келүү, же жардам көрсөтүү жөнүндө суранычтар да болушу мүмкүн.
Формалдуу баарлашуу.
Формалдуу баарлашуу – бул ата-энелер чогулушун өткөрүү. Окуу-тарбия ишиндеги баланын жетишкендиктери, кемчиликтери, кандай жардам керек ж.б. Ылайыктуу теманы бекитип алып өтүлөт.
Ата-энелер суроолорду беришип, тынчсызданууларын билдиришип, ийгиликтерин жана проблемаларын бөлүшүүсүн ар дайым колдоо керек. Маселени чечүү үчүн ата-энелерге топтогу жүрүм-турум эрежелери жөнүндө айтып берип, баланын алгылыктуу жүрүм-турумун кантип колдоо жана тыюу салынчу жүрүм-турумду кантип токтотуу тууралуу мисалдарды келтирүү керек.
Аягында ата-энелер менен мугалимдин макулдашылган иш-аракеттерине шарт түзүлөт.
Сүйлөшүүнү жакшы маанайда аяктагыдай кылып пландаштырып, ата-энелерге суроо беришке мүмкүндүк бериңиз жана жаңы проблемалар пайда болсо, кийинки жолугушуу жөнундө сүйлөшүп алыңыздар.
Отчёттор
Жазуу жүзүндө же ата-энелер чогулушунда айтылат.
Үй-бүлөлөргө баруу
Үйүнө баруу ата-энелерге да педагогдорго да чоң пайда бере алат. Үй-бүлөгө өзүнчө көңүл бөлүнөт, ата-энелер мугалим алардын баласына кандай мамиле кылары жөнундө түшүнүк алышат. Мугалим болсо бала убактысынын көбүн өткөрүүчү анын үйүндөгү атмосфера менен жакындан таанышат.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн топто болушу.
! Үй-бүлө үчүн пайдалуу
Ата-энелер топко баруу, анын ишине катышуу менен
Программага жеке тиешеси бар экенин сезишет;
Баласы башкалар менен кандай мамиле кыларын көрүшөт;
Баланын өнүгүүсү жөнүндө көбүрөөк түшүнө башташат;
Окуу-тарбия иштеринин системасын жакшыраак билип, педагогикалык жамаатка сыйлоосу арта баштайт;
Балдарынын сабакка жөндөмдүүлүгүн үйдөн көзөмөлдөй баштайт;
Бала программаны өздөштүрүшү үчүн ага үйдөн жардам берүүгө мүмкүндүк алышат.
! Педагогикалык жамаат үчүн пайдалуу
Ата-энелерди топтун турмушуна катыштырганда мугалимде төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр жаралат:
Ата-энелер балдарын кандай шыктандырышарын жана тарбиялоодо жеке өзүнө багытталган мамиле кыларын түшүнүүгө;
Элдик педагогиканын ыкмаларын үйрөнүүгө;
Ата-энелерди иште пайдалануучу элдик оюндар, ырлар менен тааныштырууга;
Элдик каада-салттарды сактоого, аларды тарбиялык максатта пайдаланууга;
Ата-энелер балдарына пайда болгон маселелерди чечүүгө кандай жардамдашаарын көрүүгө;
Ата-энелер өз балдарынын сабактардан жооп берүүсүн башка балдарга салыштырып аңдоосуна;
Ата-эне сабактарга активдүү катышканда мугалимдер да, ата-энелер да, балдар да утушка ээ болорун түшүнүүгө;
Баласы канткенде сабактарды жакшы өздөштүрөөрүн, эмне себептен артта калып жаткандыгын аныктай алышат.
Үй-бүлө менен педагогдордун өз ара байланышта иштешүү маселесинин жолдорун издөө жана чечүү.
Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу:
Педагогикалык кеңештер:
Ата-энелер менен биргелешип даярдануу
Педагогикалык кеңешти өткөрүү декадасы
Театралдык жума:
Ачык тарбиялык сааттар
Сахна-сабактар
Майрамдар, даталуу күндөр
Ата-энелердин бардык категориялары менен балдардын ден соолугунун, адам катары калыптануусунун жана жекече тарбиялык иштин маселелери боюнча пролфилактикалык, түшүндүрүүчү иштер.
Балдарды тарбиялоодо жакшы жолдорду табуу үчүн ата-энелер
өздөрү чыныгы тарбия эмнеден башталаарын билүү менен өздөрүнүн да ички өсүү мүмкүнчүлүгүн жана зарылдыгын моюндарына алууга тийиш.
! Негизгиси ушул багытта активдүү иштеген ар бир педагог эмнени эстен
чыгарбоого тийиш: ата-энелердин муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө көңүл коюп мамиле жасоо аркылуу гана аларды кызматташууга тартууну.
! Мыкты ата-эне конкурстарын өткөрсө
! Экинчи жол – башталгыч класстардын педагогдору тараптан кесипкөйлүк жардам. Ата-энелердин көз алдында педагогдордун толук кадыр-баркка ээ болушу – анын чеберчилиги, балдарды жакшы көрүү жана аларга көңүл буруу, көрсөтмөлүү агитациялар системасы аркылуу педагогикалык билимдерди пропогандалоо турат. Бул ата-энелер бурчтары, мында маалымат жеткиликтүү, кыска, мазмундуу, кызыктуу, эстетикалык жактан маанилүү, балдардын жашына ылайык келгидей болууга тийиш.
Мисалы, окууда, жазууда, мисалдарды аткарууда өз баласынын ишин башкалар менен салыштырып, анын бардык оң жана терс жактарын таап, билим деңгээлин аныктап, өздөрү үчүн тиешелүү жыйынтык жасайт жана мугалимдин кийлигишүүсүсүз жеке чечим чыгарат.
Жаңы иштей баштаган педагогдор үчүн бул проблема болуп эсептелет.
Ошондуктан биринчи педагогикалык кеңешмени колдон келишинче ушул проблеманы чечүүгө арноо керек:
Биринчиден, педагогикалык кеңештерге алдын ала даярдануу планын аныктоо;
Ата-энелер чогулуштарынын протоколдорунун формасын иштеп берүү;
Ата-энелер үчүн биринчи анкеталардын параметрлерин аныктоо;
Баланын жашоо-шарты;
Ата-энелер үчүн эрежелердин топтому;
Сабактардын тематикасын жана фрагментин ойлонуу;
Ата-энелер жыйналыштарын өткөрүү күнүн аныктоо;
Ата-энелер жыйналышында кийинки талдоонун планын түзүү, мында негизги критерийлер катары төмөнкүлөрдү эсептөө:
Катышуучу ата-энелердин санын;
Ата-энелер жыйналыштарын уюштуруу формасын;
Сабактардын фрагменттерин көрсөтүү менен көрсөткүчтөрдүн теңдештирилген картасын тандоо менен ата-энелер жыйналыштарынын мазмунун жана өткөрүү методикасын;
Талкуулоо предметине ата-энелердин кызыгуусун жана пикир айтышын.
Ата-энелер үчүн ачык сабактарды өткөрбөй туруп педагогдор аларды тарбиялоо-билим берүү процессине биргелешип кызматташууга тарта алышпасын эске алуу керек.
Педагогдордун ата-энелер менен өз ара аракетинин кыйла маанилүү милдети – өнөктөштүк мамилени түзүү. Бул маселени чечүү эки тараптан тең жогорку деңгээлдеги ишенимди жана маалымдуулукту талап кылат.
Мугалим ата-энеге баланын ийгилигин баса белгилеп айтып, анан кеп баштабаса, ал ата-энелер менен сүйлөшө жана кызматташа албайт жана ошонусу менен билим берүү мекемесин ата-энелердин колдоосунан ажыратат.
Окуучулардын ата-энелери менен пикир алышуу чөйрөсүндө кесиптик компотенттүүлүгү жогорку деңгээлде болгон педагогдордун портретин тартсак:
Ата-энелер менен пикир алышуу чөйрөсүндө өз алдынча туруктуу өсүп-өнүгүү муктаждыгына ээ болот.
Балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролун жетекчи катары жана педагогдун ролун жардамчы катары тааныйт.
Ата-энелерге балдарына билим-тарбия берүүсүнө жардам көрсөтүү максатында ата-энелер менен активдүү жана мазмундуу пикир алышууга умтулат.
Ата-эне менен пикир алышууда көнүл буруу, сабырдуу болуу, адептүүлүк сыяктуу жана башка кесиптик мааниге ээ сапаттарды көрсөтөт.
Үй-бүлөлүк тарбиянын өзгөчөлүгү, үй-бүлөнү жана ата-энелердин билим берүү муктаждыктарын изилдөөнүн методдору жөнүндө билимдерге ээ болот.
Ата-энелер менен пикир алышууну уюштурууда алардын социалдык суроо-талаптарын (билим берүү муктаждыктарын, кызыкчылыктарын) эске алат.
Алдыдагы пикир алышууну пландай алат, зарыл маалыматты пикир алышуунун салттуу жана салттуу эмес формаларын жана ата-энелерди активдештирүүнүн методдорун тандай билет.
Өнүккөн коммуникативдик көндүмдөргө ээ болот.
Ата-энелер менен баарлашууну уюштурууну изилдөө максатында тарбиячылар үчүн суроолордун жана анкеталардын вариантын сунуштайбыз.
Анкета:
Урматтуу педагог!
Сиздин пикириңиз жана тажрыйбаңыз мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы баарлашууну түзүүнүн оптималдуу жолдорун табууга көмөктөшөт.
Сиз окуучулардын ата-энелери менен дайыма баарлашып турууну зарыл деп эсептейсизби?
Сиздин көз карашыңыз боюнча башталгыч класстын окуучусун тарбиялоодо кеңири роль кимге таандык, - педагогдоргобу же ата-энелергеби?
Сиздин пикириңиз боюнча педагогдор менен ата-энелердин баарлашуусун кандай принциптерде уюштуруу керек?
Сиз ата-энелер менен баарлашуу үчүн көпчүлүк учурда кандай теманы тандайсыз?
Сиздин пикириңизде педагогикалык агартуунун кандай темалары заманбап, ата-энелер үчүн кыйла кызыктуу?
Окуучунун үй-бүлөсүндө үй-бүлөлүк тарбиянын өзгөчөлүктөрү кайсылар?
Сиздин көз карашыңызда үй-бүлөлүк тарбиянын өзгөчөлүктөрү кайсылар?
Сиз балдарды тарбиялоо жана окутуу жөнүндө ата-энелердин конкреттүү маалыматтарга муктаждыгына кандайча изилдөө жүргүзөбүз?
Сиз ата-энелер менен баарлашууну кандай формаларда уюштурасыз?
Сиз ата-энерди активдештирүүнүн кайсы методдорун колдоносуз?
Ата-энелер менен баарлашууну уюштурууда сизде көбүрөөк кыйынчылыктарды кайсылар жаратат?
Сиз ата-энелер менен баарлашууну уюштурууда кандай жардам алууну каалайбыз?
Ата-энелер менен сүйлөшүүдө педагогдун
коммуникабелдүүлүк деңгээлин баалоо.
Нускама. Сиздин назарыңызга бир нече жөнөкөй суроо сунуш кылынат. Тез жооп бергендей “ооба”, “жок”, “кээде”.
Суроолор:
Сиз ата-энелер бири менен кадыресе сүйлөшкөнү турасыз. Сизди анын күткөн ишеними багытыңыздан бурабы?
Ата-энелердин астында сиздин баяндама, маалымат менен чыгып сүйлөө кыжырыңызды келтиреби жана бушайман калабы?
Сиз кыйынчылык келтирген бала тууралуу анын ата-энелери менен сүйлөшүүнү акыркы учурга чейин калтырасызбы?
Сиз үй-бүлөдө тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө ата-энелер менен жеке сүйлөшүүнүн кереги жок, анын ордуна анкета толтуруу, жазуу түрүндө сурам кылуу керек деп ойлойсузбу?
Сизге мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бардык тарбиялануучуларынын ата-энелери үчүн жалпы чогулуш өткөрүүгө даярдык көрүүнү сунуш кылышат. Сиз бул тапшырмадан оолактоо үчүн бардык күчүңүздү жумшайсызбы?
Ата-энелер менен сүйлөшүү тууралуу тууралуу кабатыр болгонуңузду коллегалар, жетекчилер менен бөлүшүүнү жактырасызбы?
Сиз ата-энелер менен сүйлөшүү балдар менен сүйлөшүүгө караганда өтө татаал экендигине ишенесизби?
Сиз эгер сиздин тарбиялануучуларыңыздын ата-энелеринин бири сизге дайым суроо берсе кыжырыңыз келеби?
Сиз тарбиячылардын жана ата-энелердин ортосунда көйгөй болооруна жана алар ар түрдүү тилде сүйлөгөндүктөрүнө ишенесизби?
Сиз ата-энелерге алардын унутуп койгон убадаларын экертүүдөн уялбайсызбы?
Ата-энелердин кайсы биринин тигил же бул татаал тарбиялык маселеде жардам жөнүндө сурангандыгы сизге кыйынчылык келтирбейби?
Тарбиялоо маселеси боюнча жаңылыштык менен айтылган көз карашты угуп, сиз унчукпай каласызбы же талаш-тартыш түрүндө талкуулайсызбы?
Сиз педагогдордун жана ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш абалды чечүүгө катышуудан коркосузбу?
Сизде бул тууралуу үй-бүлөлүк тарбиялоонун жана башка пикирлерди баалоонун жеке өзүнчө критерийлери барбы, аларды колдоносузбу?
Сиз балдарды гана эмес, ата-энелерди да тарбиялоо керек деп ойлойсузбу?
Сизге ата-энелер үчүн маалымат берүү үчүн оозеки кеңеш берүүнү өткөргөнгө караганда, жазуу түрүндө даярдоо оңойбу?
Жоопторду баалоо. Ооба – 2. Кээде – 1. Жок – 0
Алган упайлар кошулат. Ошентип педагог кайсы категорияга кирээри аныкталат.
30-32 упай. Сизге ата-энелер менен сүйлөшүү өтө татаал берилет. Чынында, Сиз таптакыр коммуникабелдүү эмессиз. Бул сиздин жетишпегендигиңиз, мында Сиз өзүңүз эле кыйналасыз. Бирок сизди курчаган адамдарга дагы кыйынчылык келет. Жамааттык күчтү талап кылган ишке Сизге ишенүүгө болбойт. Ата-энелер менен байланышууну Сиз минимумга келтирүүгө умтуласыз. Негизинен алар формалдуу. Сүйлөшүүдөгү кыйынчылыктардын себебин сиз ата-энелерге оодарууну жакшы көрөсүз. Сиздин ишеним боюнча, ата-энелердин көпчүлүгү – бул дайыма нааразы, жемекор адамдар, алар Сиздин ой-пикирди угууну каалашпайт. Көбүрөөк сүйлөшүүгө умтулуңуз, өзүңүздү контролдоңуз.
25-29 упай. Сиз мерез, көп сүйлөбөйсүз. Жаңы жумуш жана жаңы байланыштардын зарылчылыгы Сизди тең салмактуулуктан чыгарат. Ата-энелер менен сүйлөшүү Сиз үчүн татаал жана жагымсыз иш болуп эсептелинет. Сиз өзүңүздүн мүнөзүңүздүн бул өзгөчөлүгүн билесиз жана өзүңүзгө нааразы болосуз. Бирок ата-энелер менен байланыш түзө албаган учурда, өзүңүздү эмес аларды күнөөлөйсүз. Өзүңүздүн мүнөзүңүздүн өзгөчөлүктөрүн өзгөртүү Сиздин колуңузда. Эстеңиз жалпы кызыктуу ишке катышуу Сизге ата-энелер менен жеңилдик менен жалпы тил табууга мүмкүнчүлүк берет.
19-24 упай. Сиз белгилүү деңгээлде тил табыша аласыз жана жаңы кырдаалда өзүңүздү ишенимдүү сезесиз. Сиз оңой эле өзүңүздүн топтогу ата-энелердин көпчүлүгү менен байланыш түзө аласыз, бирок “татаал” ата-энелер менен Сиз активдүү тил табышууга умтуласыз. Жаңы кырдаалды байкап көрүү тактикасын тандайсыз. Ата-энелер менен тил табышууда кыйынчылыктардан Сиз коркпойсуз, бирок кээде Сиз аларга өтө сын көз менен карайсыз. Бул жетишпегендиктерди оңдосо болот.
14-18 упай. Сизде нормалдуу коммуникабелдүүлүк бар. Сиз ата-энелердин кимиси менен болсо дагы жалпы тил табыша аласыз. Сиз ата-энелерди жай угасыз, алар менен сүйлөшүүдө жетишерлик чыдамкайсыз, өз көз карашыңызды башкага оодара салбай билдире аласыз. Ата-энелер менен жеке жана жамааттык сүйлөшүү Сизди жагымсыз ойлонууга алып келбейт. Ата-энелер ошондой эле Сиз менен байланышууну колдоого умтулушат. Сизден кеңешти, колдоону күтүшөт. Ошол эле убакта Сиз көп сүйлөгөндү, артыкча эмоционалдуулукту жакшы көрбөйсүз, керексиз чыр-чатактан оолактайсыз.
9-13 упай. Сиз өтө эле ачыксыз, тез тил табышасыз. Дайыма ата-энелер менен сүйлөшүүгө умтуласыз, бирок көпчүлүк учурда бул сүйлөшүүлөр мазмунсуз мүнөздө өтөт. Сиз көңүл буруунун борборунда болууну, эч кимге анын өтүнүчүнөн баш тартпоону жакшы көрөсүз, бирок аларды дайыма эле аткара албайсыз. Сиз ата-энелерге аларды балдарды тарбиялоодо жеке ой-пикириңизди айтууга, ар кандай кырдаалда кеңеш берүүгө умтуласыз, бул алардын кыжырын келтирет. Сиз тез эле кыжырданасыз, бирок тез тарайт. Сизге олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө чыдамкайлык жана каармандык жетишпейт. Бирок кааласаңыз Сиз мазмундуу сүйлөшө аласыз.
4-8 упай. Сиз өтө эле бардыгы менен тил табыша аласыз. Ар бир ата-энеге “дос” болууга, анын бардык көйгөйлөрүн билүүгө умтуласыз. Бардык талаш-тартыштарда жана талкуулоолордо катышууну жактырасыз. Дайыма аларды ийгилик менен чече албасаңыз да кайсы болбосун жумушка катышасыз. Кандай суроо болбосун өз пикириңиз бар жана дайыма аны айтууга умтуласыз. Балким, ушул себеп менен ата-энелер жана коллегалар Сизге шектенүү жана сактануу менен мамиле кылышат. Сиз бул фактылардын үстүнөн ойлонуп көрүңүз.
3 жана андан азыраак упай. Сиздин өтө эле тил табышып кеткендигиңиз жагымсыз мүнөзгө ээ. Сиз көп сүйлөйсүз. Сизге тиешесиз бардык ишке кийлигишесиз. Такыр компетенттүү болбогон көйгөйлөрдү талкуулайсыз. Каалайсызбы же каалабайсызбы – Сиз көпчүлүк учурда ар түрдүү талаш-тартыштардын, анын ичинде ата-энелердин ортосундагы да талаш-тартыштардын себеби Сизден чыгат. Ата-энелер менен сүйлөшүп жатып, орой мамиле кыласыз, фамилияларынан айтасыз. Сиз обьективдүү эмес, таарынчактыгыңыз менен айырмаланасыз. Сиз кайсы гана көйгөй болбосун жалпы талкуулоого алып чыгууга умтуласыз. Ата-энелер менен олуттуу сүйлөшө албайсыз. Сизди курчап тургандар кыйын абалга келишет. Эмне үчүн Сиз ата-энелер менен сүйлөшүүдө канчалык күч жумшасаңыз дагы, эч жыйынтык чыкпагандыгына ойлонуп көрүңүз. Өзүңүздү чыдамкай жана кайраттуу болууга, адамдарды сыйлоо менен мамиле кылууга тарбиялаңыз.
Ошондой эле бизде башталгыч класстарда “Бирге окуйбуз” долбоорунун ата-энелер менен иштөө, “Балдарга окуйлу” долбоорунун негизинде ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп, окуучуларга билим-тарбия берүүдө мектептеги иш чараларга ата-энелер активдүү катышып, сунуштарын айтышат.
Анкеталарды толтуруп, диаграммаларды түзгөндө ата-энелер кемчиликтерин (мисалы, балага үйдө аз убакыт бөлгөнүн) мойнуна алып, мындан ары үйдө сабагына көбүрөөк көңүл бураарын кайтарым байланышта айтып өтүштү. Азыр этап-этап боюнча ата-энелер чогулуштарын өтүп, балага билим-тарбия берүү кыйла жанданды. Жогорку класстарда да ата-энелер чогулуштарын ушундай формада өткөрүүнү сунуштайт элем.