Окуучулардын билимин баалоонун инновациялык ыкмасы
«инновация» деген сөз латын тилинен алынган “in”-ичинде, novus-жаңыртуу, жаңылык, өзгөртүү дегендерди билдирет
Окуучулардын билимин компетенттүүлүктүн негизинде баалоонун педагогикалык шарттары
Компетенттүүлүк деген сөз латындын competens-«ылайыктуу, жөндөмдүү, ылайыкташкан, масташкан» деген сөзүнөн алынган
Компетенттүүлүк - бул окуучунун иш аракетине шайкеш компетенцияга, башкача айтканда бир нерсе жөнүндө чечкиндүү пикир айтууга мүмкүндүк бере турган билимге ээ болуусу, окуучунун өзүнүн ага карата мамилеси.
Компетенттүүлүк -бул инсандын кандайдыр бир чөйрөдөгү компетенцияга жетишкендигинин деңгээли
Компетенттүүлүк - бул бир нерсени чечүүгө, бир нерсе жөнүндө пикирин айтууга, өзүнүн билими бар адам
Баалоонун түрлөрү:
1. Нормативдик жолу; 2. Салыштырмалуулук жолу; 3. Инсандыгын эске алуу менен баалоо жолу;
Мындан сырткары, комплекстүү түрдө төмөндөгүлөр дагы эске алынат:
- теориялык билимин баалоо;
- практикалык машыгуусунун деңгээлин баалоо;
- инсандык жактан өнүгүүсүн баалоо;
- стимулдоо менен баалоо;
- жазалоо түрүндө баалоо;
- белги менен баалоо.
Демек, баа-окуучуну калыптандырат же төмөндөтөт
Мугалим-окуучунун жетишкендиктерин баалоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл :
- баа-окуучуну ийгиликке жетелерин эске алуу;
- окуучуга «жаман баа» коердон мурда ойлонуу;
- баа-окуучунун калыптануусуна шарт түзөрүн;
- окуучунун алган баасы-мугалимдин эмгегинин баасы экендигин эстен чыгарбоо;
- окуучуга коюлган баанын канча бөлүгү окуучунун нукура эмгеги, канча бөлүгү мугалимдики экенин аныктай билүү;
Компетенттүүлүккө негиздеп баалоо
Анализдей алышын баалоо
Салыштырмалуу баалай ал-н баалоо
Синтездей алышын баалоо
Колдонуу-машыгуусун баалоо
Билимин баалоо
Түшүнүгүн баалоо
Алынган маалыматты эстеп калуу жана айтып берүү жөндөмүн, өтүлгөн темага байланыштуу терминди, өзгөчө фактыларды, жана ыкмаларды билүүсүн
Интерпрета-ция(өзүнүн түшүнүгү). Маалыматты жаңы формаларга которуу, идеялар, фактылар жана баалуулуктар ортосундагы өз ара байлан-ды аныктоосун
Суроолорду кандайдыр бир окшоштук менен жакындаш тыруу (идентифика циялоо) проблемаларды чечүү, корутундулоо
Жаңы же өзгөчө бир нерсени жаратуу үчүн эң маанилүү билимдерди жана билгичтиктерди ар түрдүүчө, чыгармачыл менен колдонуу жөндөмүн
Инсандык дөөлөттөрүнө жана жеке пикирлерине таянуу менен, туура же туура эмес жооптору болбой турган максатты көздөп иштегенге алынган акыркы продуктуга баа берүү жөндөмүн
Маалыматты тийиштүү бөлүктөргө ажыратуу, көрүнүштүн себептерин аныктоо, жыйынтык чыгаруу же жалпылоону тастыктаган далилдерди табуу жолу менен башка жыйынтыктарды чыгаруу үчүн маалыматтын түзүлүш өзгөчөлүгүн текшерүү жөндөмүн
Компетенттүүлүккө негизделген суроолор
Чыгармачыл суроолор
Баалоочу суроолор
Практикалык суроолор
Чечмелөөчү суроолор
Жөнөкөй суроолор
Тактоочу суроолор
Окуучу берилген суроого жооп берүүдө, кандайдыр бир фактыларды атап, белгилүү бир маалымат тарды эске түшүрүп, кайра айтып берүүсү зарыл
Мында төмөндөгү дөй сөздөр менен башталат: «Демек, сиз айткандай болсо, анда …», «Эгер мен сизди туура түшүнсөм, анда …» мындай суроолордун максаты окуучуга айтканына кайра шарт түзүү
Мында «эмне үчүн?», «качан?», «кантип» деген сөздөр менен башталат. О.э. жөндөмө мүчөлөрүнүн суроолору да толук катышуусу ыктымал. Мисалы:Интер нет качан пайда болгон?
Бул суроолор ар кандай окуяларга, көрүнүштөргө, фактыларга баа берүүнүн критерийлерин аныктоого багытталат. Мисалы: Эмне үчүн булар сандык чоңдуктар, ал эми булар саптык чоңдуктар болот?
Эгерде суроо теория менен практиканын ортосундагы өз ара байланышты аныктоого багытталса, ал практикалык суроо болот. Мисалы: повесттеги оң же терс каармандын ордунда болсоңуз эмне кылар элеңиз?
Эгерде суроодо шарттуулуктун, божомолдоонун белгилери бар болсо, чыгармачыл суроо б.э. Мисалы: Кандай деген суроо кайсы учурда бышыктоочко, кайсы учурда аныктоочко жооп берет?
Баалоонун принциптери :
Баалоонун маанилүүлүгү -окуучунун жеке ийгилигине басым жасоо;
Баалоонун орундуулугу -окутуунун максатына жана жыйынтыгына ылайык билимди, билгичтиктерди баалоо;
Баалоонун адилеттүүлүгү -баалоонун так, конкреттүү критерийлерин пайдалануу;
Баалоонун бүтүндүгү -баалоо бул жалпы билим берүүнүн бир ажырагыс бөлүгү катары саналышы керек;
Баалоонун ачыктыгы -баалоонун критерийлерин окуучулар алдын ала билүүлөрү зарыл;
Баалоонун жеткиликтүүлүгү- баалоонун формалары, максаттары жалпыга жеткиликтүү, так болуусу зарыл;
Баалоонун тутумдуулугу- баалоонун кабыл алынган технологияларына ылайык баалоонун ыраттуу жүргүзүлүшү; Баалоонун чын ыкластуулугу- мугалим менен окуучулардын ортосундагы шериктештик, достук маанай, ийгиликтерге жетишүүгө шарт түзөт.
Эмне үчүн окуучулардын билимин компетенттүүлүктүн негизинде баалайбыз?
- Окутуу процессинде сабактын сапатын аныктоо;
- Предмет боюнча алган маалыматтарын, билимдерин алдын ала билүү
- Окуучулардын кайтарым байланышын аныктоо;
- Окутуу усулдарынын жыйынтыгын, окутуунун максатына жеткендигин баалоо;
- Күнүмдүк, чейректик, жылдык баа коюу;
- Бааны окуучунун окууга болгон кызыгуусун арттыруучу каражат катары пайдалануу
Компетенттүүлүктүн негизинде баалоонун кандай түрлөрү бар?
- Диагноздоочу;
- Калыптандыруучу(формативдик);
- Жыйынтыктоочу(суммативдик).
Диагноздоочу баалоо .
Баалоонун бул түрү окуу жылынын башында же теманы алгачкы ирет өтүүдө, бөлүмдүн башындагы биринчи сабакта төмөнкүдөй максатта жүргүзүлөт:
- теманы өздөштүрүүдө ыраттуулукту камсыздоо;
- окуп-үйрөнүү процессин окуучунун мүмкүнчүлүгүнө, муктаждыктарына ылайык алдын ала пландоо;
- өтүлө турган маалымат бөлүмдүн башталышында окуучулардын кызыкчылыгына, максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктоо;
- мугалимдин сабагынын планына окуучулардын муктаждыгына жооп бергидей же алар туш боло турган кыйынчылыктардан чыгууга жардам бергидей оңдоолорду киргизүүгө мүмкүндүк түзүү
Калыптандыруучу баалоо - компетенттүүлүккө багыттап окутуп үйрөтүүнү жүзөгө ашыруучу мамиле болуп саналат. Компетенттүүлүккө негизделген технологиялар, методдор окутууну мугалим менен окуучунун, окуучу менен мугалимдин, окуучу менен окуучунун ортосундагы кызматташтык аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт.
Эгерде калыптандыруучу баалоо туура жүргүзүлсө, анда:
- окуучунун сабакка кызыгуусу пайда болот;
- окуучу билимге ээ болуунун баасын аңдап биле баштайт;
- окуучу өзүн-өзү баалай билүү менен күн санап өсө баштайт;
- мугалим менен окуучунун ортосундагы кайтарым байланыш ишке ашат;
Жыйынтыктоочу баалоо -белгилүү бир убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү деңгээлин, о.э. билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптануу деңгээлин белгилейт жана алынган натыйжалардын окуу программасына, стандартка шайкештигин аныктоо менен, окуу процессинин тигил же бул баскычында пайдаланылуучу баалар жалпылаштырып, бир кыйла жогорку деңгээлдерди, көндүмдөрдү текшерүү зарыл болот.
Жыйынтыктоочу баалоодо текшерүү иштеринин ар кандай түрлөрү камтылат.
Көңүл бурганыңыздарга
чоң рахмат.