СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучулардын дидактикалык баракчалар боюнча иштөө алгоритми

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуучулардын дидактикалык баракчалар боюнча иштөө алгоритми»

Табигый окутуу технологиясын колдонууда окуучуларга дидактикалык баракчалар боюнча иштөөнүн алгоритми сунуш кылынат.

Окуучулардын дидактикалык баракчалар

боюнча иштөө алгоритми

  1. Биринчи топтогу дидактикалык баракчаларды алып, окуп, аныктамаларды, түшүнүктөрдү эстөөгө аракет жасагыла. Айрымдарын эстөө кыйын болсо, күндөлүк иш дептердеги конспектиңерди, китепти пайдаланып, кайра иштеп чыккыла. Андан кийин тема боюнча негизги түшүнүк аппаратын канчалык деңгээлде өздөштүргөнүңдү башка окуучу аркылуу текшерип көрүүсүн өтүнгүн.

  2. Биринчи топтогу дидактикалык баракчалар менен иштөөнү аяктап, мугалимге аңгемелешүүгө барасыңбы же экинчи топтогу баракчалардын тапшырмалары менен иштөөнү улантасыңбы, чечим кабыл ал.

  3. Кайсы топто иштей турганыңды аныкта, ошол топтон барып орун ал, экинчи топтогу баракчалар менен тааныш, кайсы баракчадан баштап иштээриңди белгилөө баракчасына белгилеп кой.

  4. Кийин алгоритм боюнча аз топто иштөөгө өт.

  5. Экинчи топтогу баракчаларынын бүт тапшырмаларын иштеп чыкканда мугалимге жооп берүүгө, аңгемелешүүгө даяр экениңди билдир.

  6. Жазуу ишти же оозеки жоопту текшерүү мугалим тарабынан жүргүзүлөт.

  7. Үчүнчү топтогу баракчалар боюнча жекече иштөө үчүн атайын даярдалган орунга өт.

  8. Ар бир микротеманы ( 4-5 баракчаны) иштеп чыгып, мугалимге жооп берүү керек.

  9. Жекече жазуу жүзүндө текшерүү ишин аткар.

  10. Текшерүү иштин үстүндө иште, кайрадан ойлон.

  11. Кийинки иш аракетиңди долбоорло: бул теманы тереңдетесиңби же кийинкисин окуп үйрөнүүгө өтөсүңбү, жолдошторуңа жардам бересиңби, же башка сабактарыңды окуйсуңбу, же эс аласыңбы ж.б.

  12. Төмөндө окуучулардын дидактикалык баракчалар менен иштөө боюнча мисалдарга токтололу.







«Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары» темасы боюнча дидактикалык баракчалардын үлгүлөрү


1-топтогу баракча

Төмөнкү түшүнүктөрдү өздөштүрдүңөрбү? Текшергиле. Органикалык бирикмелердин негизги класстары кайсылар? Оксиддер, кислоталар, туздар, негиздер алардын классификациясы, алынышы, физикалык жана химиялык касиеттери жана колдонулуштары. Негиздик, кислоталык жана амфотердик касиеттер. Орто, кычкыл, негиздик туздар. Сууда эрүүчү жана сууда эрибөөчү негиздер. Щелочтор. Индикаторлор. Катализаторлор. Химиялык реакциялар: Ажыроо. Кошулуу. Орун алмашуу. Сүрүп чыгаруу. Кислоталардын, туздардын, негиздердин, оксиддердин аталыштары жана аныктамалары. Формулалар боюнча молекулалык масса жана проценттик үлүштөрдү табуу. Айланууларды чыгаруу. Нейтралдашуу реакциялары. Химиялык реакцияларды теңдөө ж.б.

Баракча менен иштөөдө бири-бириңерге суроо бергиле. Китепсиз же конспектисиз жооп бере албаган суроолорду белгилеп койгула. Ал суроолорго кайрадан кайрылгыла, адабияттардан издеп жооп табууга аракет жасагыла, жооп бере албасаңар өз тобуңардагы жолдошторуңарга кайрылгыла. Бардык түшүнүктөрдү өздөштүргөнүңөргө көзүңөр жеткенден кийин, билимиңерди мугалимге көрсөтүү үчүн кайрылгыла же экинчи топтогу дидактикалык карточка менен иштөөгө өткүлө.

Эскертүү: Биринчи дидактикалык баракча (окуучулардын баарына бирдей ) 1 эле вариантта берилет.

Экинчи топтогу баракча

2а баракча

  1. Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары. Аныктамалары.

  2. Оксиддер, классификациясы.

  3. Оксиддердин өкүлдөрү жана алардын аттары.

  4. Оксиддердин химиялык касиеттери

  5. Кычкылдануу

  6. Оксиддердин формулаларын түзүү

  7. Негиздик оксиддер

2б баракча

  1. Кислоталык оксиддер. Химиялык касиеттери

  2. Амфотердүү оксиддер. Химиялык касиеттери.

  3. Кислоталар, классификациясы.

  4. Кислоталардын алынышы

  5. Кислоталардын аттары жана кислота калдыктары.

  6. Кислоталардын структуралык формулалары

  7. Кислоталардын молекулалык массаларын эсептөө (туз, күкүрт, ортофосфор, азот кислоталары)

2в баракча

  1. Туздар, аныктамалары

  2. Туздардын классификациясы

  3. Төмөнкү орто туздардын формулаларын жазгыла:

а) натрийдин хлориди

б) кальцийдин фосфаты

в) алюминийдин сульфаты

  1. Хлориддер, фосфаттар, нитраттар,сульфаттар туздарына туура келген кислоталардын формулаларын жазгыла.

  2. Кычкыл туздар. Аныктамасы. Төмөнкү туздарды атагыла:

а) К Н S О4

б) Са (Н2 Р О4 )2

в) Nа2 Н Р О4

  1. Туздардын алыныш боюнча төмөнкү реакцияларды жазгыла:

а) негиздик оксиддердин кислоталар менен аракеттениши

б) туздардын жегичтер менен аракеттениши

в) кислоталык оксиддердин жегичтер менен аракеттениши

  1. Төмөнкү айлануунун иш жүзүнө ашыргыла

Р  Р2 О5  Н3 Р О4  Са3 (Р О4 ) 2

2г –баракча

  1. Негиздер, аныктамасы

  2. Негиздер, классификациясы

  3. Төмөнкү негиздердин формулаларын жазгыла

а) натрийдин гидроксиди

б) кальцийдин гидроксиди

в) алюминийдин гидроксиди

  1. Гидроксил группасы. Щелочтор.

  2. Негиздердин алынышы.

  3. Негиздердин химиялык касиеттери.

  4. Төмөнкү негиздердин ичинен амфотердик негиздердин катарын көрсөткүлө:

а) Li OH, Al (OH)3, Ca (OH)2

б) Zn (OH) 2 , Al (OH)3 , Cr (OH)3

в) Cu (OH)2 , Al (OH)3, Na OH

2 д- баракча

  1. Нейтралдашуу реакциясы

  2. Төмөнкү элементтеридин оксиддеринин формулаларын түзүп, аттарын атагыла:

а) калийдин, цинктин, алюминийдин

б) фосфордун, азоттун, күкүрттүн

  1. Төмөнкү оксиддердин ичинен газ абалындагы оксиддерди бөлүп жазгыла: FeO, SO2, P2 O5, CO2 , NO2 , CaO.

  2. Төмөнкү оксиддердин ичинен негиздик оксиддердин катарын көрсөткүлө:

а) SO2 , Na2O , CaO, P2 O5

б) CaO, Li2O, K2 O, Ba O

в) Al2 O3, P2 O5, NO2 , CaO.

  1. Төмөнкү оксиддердин ичинен кислоталык оксиддердин катарын көрсөткүлө:

а) Al2 O3, Fe O, SO2, P2 O5

б) P2 O5 , Na2 O , C O2

в) SO2 , P2 O5 , C O2

  1. Ката формуланы тапкыла: Al3 O2, Fe O SO2, P2 O5 , Na2 O ,

  2. Төмөнкү оксиддердин молекулалык массасын чыгаргыла:

Al2 O3, P2 O5, NO2 , CaO, SO2

Экинчи топтогу баракчалар боюнча окуучулардын иш аракеттерин эсепке алуу баракчасы


Фамилиясы,аты


Баракчалар, (көрсөтмөлөр)

Кадырова Зейнеп

+

+

+

+

+














Экинчи топтогу баракчалар боюнча текшерүүдөн өткөн окуучулар үчүнчү баракчалар тобу менен жекече иштөөгө өтүшөт.



Үчүнчү топтогу баракча

1 –вариант

3а баракча

  1. Төмөнкү оксиддерге тиешелүү кислоталардын формулаларын жазгыла:

а) SO  в) N2 O5

б) P2 O5 г) CO2

  1. Төмөнкү оксиддерге тиешелүү негиздердин формулаларын жазгыла:

а) Fe O  в) Na2 O 

б) Fe2 O3  г) CaO 

  1. Төмөндө келтирилген формулалардан оксиддерди бөлүп жазгыла, аттарын атагыла: CaO, HNO3 , Fe (OH)2, Mg O, C O2, Ca3(PO4)2 , KOH

  2. Цинктин оксидинин туз кислотасы менен болгон реакциясын жазып, теңдегиле.__________________________________________________________

  3. II валенттүү элементтердин оксиддеринин формулаларын билишиңерче жазгыла.___________________________________________________________

  4. Берилген оксиддерди өз-өзүнчө (негиздик, кислоталык, амфотердик ) бөлгүлө: SiO2, Na 2 O, CO2 , Al2 O3 , Ca O , Zn O

  5. Ката формуланы тапкыла. Оңдоп жазгыла.

H2 C O3 , H4 P O3 , H C l , H2 S O4 , H2 S O3

Төмөнкү таблицаны толтургула

Заттын аталышы

Формуласын түзүү

молекулалык

структуралык

Натрийдин оксиди

Na2 O

Na -O - Na

Литийдин оксиди



Калийдин оксиди



Кальцийдин оксиди

Ca2 O

Ca = O

Варийдин оксиди



Цинктин оксиди



Марганецтин (VII) оксиди



Темирдин (II) оксиди



Фосфордун (III) оксиди



Күкүрттүн (VI) оксиди



Күкүрттүн (II) оксиди

SO

S= O


3 б баракча

  1. Кислоталык оксиддердин негиздер менен болгон реакциясын жазгыла.

  2. Ар бир заттын атын атагыла: AlРО4 , Fe (NO3 ), CaCl2 , NaHSO4 , Ba (OH) Cl

  3. Кычкыл туздарга кайсы мүчө уланат. Мисал келтирип, бир эки формула жазгыла.

  4. Азот кислотасынын туздары кандай аталат. Мисал келтиргиле.

  5. Сульфаттар кайсы кислотанын туздары? Мисал келтиргиле.

  6. 2NaOH + H2 SO4 = Na2 S O4 + 2 H2 O реакциясы кандай аталат?

  7. Туз кислотасынын туздарына мисал келтиргиле.

3в баракча

  1. Негиздик оксиддердин кислоталар менен болгон реакциясын жазып теңдегиле.

  2. Zn + H2 S O4 = ZnSO4 + H2 - бул реакциянын кайсы тибине кирет?

  3. 1 валенттүү элементтердин оксиддеринин формулаларын жазгыла

  4. Кислоталардын составдары. Кислоталык калдыктар жана алардын валенттүүлүгү.

  5. Кислоталардын кандай касиеттерин билесиңер?

  6. Төмөнкү кислоталардын кислота калдыктарын бөлүп жазып, атын атагыла: H2 S O4, H I , H Br, H3 P O4, H N O3

  7. Төмөнкү айланууну иш жүзүнө ашыргыла: металл  негиздик оксид  негиз  туз

3г баракча

  1. 2NaСl + H2 SO4 = Na2 S O4 + 2 H Cl реакциянын кайсы тибине кирет.

  2. Кислоталардын негиздүүлүгүн кантип аныктоого болот?

  3. Өчүрүлбөгөн акиташтын формуласы кайсы. Формуладагы элементтердин валенттүүлүгүн белгилегиле. Өчүрүлбөгөн акиташ кайсы класска кирет?

  4. MgO + CO2  MgCO3 реакциянын кайсы тибине кирет?

  5. Өчүрүлгөн акиташты алуу реакциясын жазгыла.

  6. Си (ОН)2  СиО + Н2 О реакциянын кайсы тибине кирет?

  7. Эрибей турган негиздерди кантип алабыз? Мисал келтиргиле.

3д баракча

  1. Органикалык эмес заттардын негизги кластары кайсылар? Ар бирине экиден мисал келтиргиле. Аттарын атагыла.

  2. Кандай кислота калдыктарын билесиңер? Формуласын жазып. Атын атап, валенттүүлүгүн белгилегиле.

  3. Төмөнкү айланууну иш жүзүнө ашыргыла: металл эмес  кислоталык оксид  кислота  туз

  4. Төмөнкү заттардын ичинен оксиддерди, кислоталарды, негиздерди, туздарды өз өзүнчө бөлүп жазгыла: CaO, Na3 PO4 , Mg (OH)2 , HCl, P2 O5 , HNO3 , Zn (OH)2, Fe 3 (PO4) 2

  5. Негиздердин химиялык касиеттери

  6. Туздардын химиялык касиеттери

  7. Лакмустун өңү негиздерде кандай өзгөрөт?

2 –вариант

Үчүнчү топтогу баракча

3а баракча

  1. Фосфордун (V) оксидинин формуласын жаз.

  2. Оксиддердин химиялык касиеттери.

  3. Темирдин (III) гидроксидинин формуласы.

  4. 2 Cu (NO3 )2  2 CuO + 4NO2 + O2 реакциясындагы коэффициенттерди жана индекстерди көрсөткүлө.

  5. Плавик кислотасы канча негиздүү? .Формуласын жазгыла.

  6. HCLO4 , HNO3 , H2SO4 кислоталарындагы элементтердин кычкылдануу даражаларын көрсөткүлө.

  7. Төмөнкү кислоталардын ичинен кайсы кислота катуу.

3б баракча

  1. Эл аралык номенклатура боюнча төмөнкү негиздердин атын атагыла: Na OH, Fe (OH)2 , Zn (OH)2, Fe (OH)3

  2. Лакмустун өнү кислоталарда кандай өзгөрөт?

  3. Al (OH)2 Cl , Al (OH) SO4 -кандай туздар? Атын атагыла.

  4. Үч орто туздун формуласын жазгыла жана атын атагыла.

  5. KNO3 , Fe2 (SO4 )3 – туздарында катиондору жана аниондору кайсылар?

  6. Төмөнкү реакцияларды аягына чейин чыгаргыла жана теңдегиле

а) CuSO4 + Na2 OH 

б) Ca(OH)2 + CO2

в) FeO + H2 SO4

  1. Кислоталардын аныктамасы.

3в баракча

  1. Оксиддердин алынышы боюнча бир реакцияны жазгыла.

  2. Төмөнкү графага тиешелүү өкүлдөрдөн жазып толтургула

туздар

кислоталар

негиздер

оксиддер










  1. Төмөнкү графаны толтургула

Кислоталардын

формулалары,

Кислоталардын

аталышы

Кислота калдыгы

Кислота калдыктын аталышы

Кислота калдыктын валенттүүлүгү

H2 SO4

күкүрт кислотасы

SO4

сульфат

II






















  1. Төмөнкү негиздердин ичинен щелочторду бөлүп жазгыла: Fe (OН)2 ,Na OH, Zn (OH)2 , Ca (OH)2 , Al (OH)3 , Ba (OH)2, Cu (OH)2 , KOH

  2. Al, Na, Ca дин фосфор кислотасы боюнча туздарын жазгыла

  3. CaO, P2O5 , N2O5 , SO2 , CO2 оксиддериндеги элементтердин валенттүүлүгүн койгула.

  4. Ката формуланы тапкыла: H3PO4 , Ca 3(NO)2 , H2S O4 , Mg3 (PO4 ) 2

3г баракча

  1. Оксиддердин химиялык касиети боюнча төмөнкү таблицаны толтургула:

Реакцияга кирүүчү заттар

Химиялык теңдемелери

  1. Негиздик оксиддердин кислоталар менен аракеттениши

  2. Кислоталык оксиддердин негиздер менен аракеттениши

  3. Негиздик оксиддердин кислоталык оксиддер менен өз ара аракеттениши



2. Эки негиздүү кислоталарды көрсөткүлө: HCl, H3 PO4 , H2 SO4, H2 CO3 , H N O3 , H2 S O4 , H Br, H2 Si O3

3. Си (ОН)2  СиО + Н2 О реакциянын кайсы тибине кирет?

Си (ОН)2 кандай негиз?

  1. Нейтралдашуу реакциясына мисал келтиргиле.

  2. Амфотердик негиздер деп кандай негиздерди айтабыз? Мисал келтиргиле.

  3. Жегичтердин кислоталык оксиддер менен реакциясына мисал келтиргиле. Пайда болгон заттардын атын атагыла.

  4. Орто туздарды алуу боюнча реакцияларды жазгыла.

3 д баракча

  1. Кислоталар, аныктамасы, классификациясы, составы.

  2. Төмөнкү таблицаны толтургула (кислоталардын химиялык касиеттери боюнча)

Реакцияга кирүүчү заттар

Химиялык теңдемелери

  1. Кислоталардын негиздик оксиддер менен аракеттениши

  2. Кислоталардын туздар менен аракеттениши

  3. Кислоталардын негиздер менен аракеттениши



  1. Туздар, классификациясы, номенклатурасы

  2. Төмөнкү таблицаны толтургула (туздар боюнча)

Туздардын аты

Химиялык формуласы

  1. натрийдин фосфаты

  2. кальцийдин дигидрофосфаты

  3. алюминийдин нитраты

  4. алюминийдин дигидроксохлориди

  5. темирдин (III ) сульфаты



  1. Төмөнкү графаны толтургула (туздар боюнча)

Орто туздар

Кычкыл туздар

Негиз туздар







6.Төмөнкү графаны толтургула

Туздун формуласы

Туздун аталышы

  1. Fe (NO3)2

  2. Al (OH)SO4

  3. KH2 PO4

  4. Al2 (SO4)3

  5. Mg CO3



  1. N2 O5 , Ca O, P2 O5 , Na2 O оксиддерине туура келүүчү кислоталарды жана негиздерди жазгыла.

Ар бир микро темадан 4-5 тапшырманы аткарып бүткөндө, окуучулар мугалими менен аңгемелешет, мугалим окуучулардын иш аракетин эсепке алуу баракчасына толтурат. Ошондон кийин гана окуучулар жыйынтыктоочу жазуу жүзүндөгү текшерүү ишин аткарууга мүмкүндүк алышат.

Үчүнчү топтогу баракчалар боюнча окуучулардын иш аракеттерин эсепке алуу баракчасы

Фамилиясы, аты

Баракчалар (карточкалар)

Кудайбергенов Ы

+

+

+

+

+

Алымкулов Б

+

+

-

+

+

Бекмуратов Б

-

+

+

-

+














Төмөндө айрым главалар боюнча окуучулардын өздөштүрүүсүн текшерүүнүн каражаттары (дидактикалык баракчалар, текшерүү иштин тексттери) берилет.

Жазуу жүзүндө текшерүү иштерин өткөрүүгө мугалим алды менен өзү даярдануусу керек. Биринчи иретте тема боюнча 10-15 тен кем эмес суроолорду түзүп алуусу зарыл. Суроолор так, конкреттүү, окуучуларга жеткиликтүү берилиши талапка ылайык. Кийин ар бир суроону билимдин элементтерине бөлүп, ар бир билим элементтерин татаалдыгына жараша “балл” менен баалоону жана ар бир суроого окуучу максималдуу канча балл топтошу керек экендигин иштеп чыгуу керек. Төмөндө аты аталган темалар боюнча жыйынтыктоочу жазуу текшерүү иштерин өткөрүүнүн иштелмелери берилет. Бул үлгүгө карап, мугалим текшерүү иштин мазмунуна кошумча-алымча киргизиши мүмкүн.

“Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары” темасы боюнча окуучулар топтой турган максималдуу баллдын саны – 53 (Таблицаны караңыз). Эми окуучулардын билимин баалоонун шкаласын иштеп чыгуу керек. Эгерде окуучу «45-53» балл топтосо “5 ” деген баа, «44-36» балл үчүн “4” деген баа, «35-25» балл топтосо “3” деген баа , ал эми топтогон баллы «24» ге жетпесе “2” деген баалар коюлат.

Жогорудагыдай текшерүү иш өткөрөрдүн алдында мугалим берилген суроолорго кантип жооп берүү керек экендигин, жооптор кыска, так болушун, билимдин элементи деген эмне, балл кантип коюларын, максмалдуу балл топтош үчүн ар бир суроо боюнча канча билимдин элементтерин көрсөтүү керек экендигин, акырында билимди баалоонун критреийлери менен окуучуларды тааныштырат. Бул ишти текшерүү сабагынан мурунку сабактарда тааныштырса дагы болот. Анткени түшүндүрүү көп убакытты талап кылат, ошол эле учурда ар бир класстын окуучулары жазуу текшерүү иштерин кандайча аткаруу керек экендигин бир жолу жакшылап түшүнүп алышса, улам кийинки жазуу текшерүү ишинде түшүндүрүүнү жүргүзүүнүн кажети жок болуп калат.

Мугалим тарабынан даярдалган жазуу текшерүү ишин алдын-ала компьютерге терип, ар бир окуучуга жекече баракча түрүндө даярдап берүүгө болот. Ал эми мындай шарты жок мектептерде мугалим жогорку класстын окуучуларынын жардамы менен чоң ватман кагазга таблица түрүндө түшүрсө, бул учурда да колдонуу өтө ылайыктуу болот, анткени даярдалган текшерүү иш көп жылдарга чейин колдонулушу мүмкүн. Текшерүү иш жазылган кагазды доскага илердин алдында, мугалим анда берилген билимдин элементтерин б.а окуучулардан күтүлүүчү жоопторду жаап коюу керек. Окуучуларга суроолор жана баллдар гана көрүнүшү керек. Окуучулар текшерүү иш дептерлерине иштеп бүтүп, бардыгы мугалимге тапшыргандан кийин гана, таблицадан билимдин элементтери жазылган бөлүгүн ачып коюу керек. Ошондо гана окуучу жооп бере албаган суроолорун билбеген бойдон кетпестен, билбегенин таблицада берилген жооптордон окуп, күндөлүк иштеп жүргөн дептерине жазып алат. Ар бир окуучу кайсы суроого туура жооп берди, кайсы суроого жооп бере алган жок, канчасына толук, канчасына толук эмес, бардыгы биригип канча бал топтогонун жана текшерүү иши канча деген баага бааланарын анализдөө менен тема боюнча билимин аныктайт. Мындай текшерүү иштерди өткөрүү үчүн жупташкан сабактарды пайдалануу ыңгайлуу. Бул үчүн расписание боюнча текшерүү сабагына катар келген башка предмет боюнча сабакты мектептин администрациясынан жана ал предмет боюнча мугалимден сурап алуу жана кийин анын ордуна химия сабагынан бирөөнү кайтарууга болот же атайын жупташкан сабакты расписаниеге койдуруп алуусу керек. Антпесе 10-15 суроого жооп берип, андан кийин мугалим даярдаган текшерүү иш боюнча таблица менен иштөөгө убакыт жетишпей калат. Традициялык жол менен келе жаткан үч суроодон турган текшерүү иш жакшы натыйжа бербейт. Ошол себептен мугалим тараптан даярдалган мындай иштелмелер окуучулардын билимин гана текшерүүгө кызмат кылбастан, алар өздөштүрбөй калган окуу материалдарын толук өздөштүрүүгө көмөк берет. Демек, даярдалган текшерүү иштин окуучулардан күтүлгөн жооптор (билимдин элементтери) бөлүгү, окуучуларга берилүүчү билимдин өзүн алып жүрүү менен, мугалимдин ишин жеңилдетет. Тактап айтканда, текшерүү иштин жыйынтыгын чыгаргандан кийин, айрым мугалимдер кетирилген каталардын, берилбей калган жооптордун үстүндө иштешет.

Ал эми жогоруда көрсөтүлгөндөй уюштурулган жазуу текшерүү ишин бир жолку жуп сабакта натыйжалуу бүтүрүүгө болот. Текшерүү иштин жыйынтыгын чыгарганча эле, окуучулар өз билимдерин өздөрү баалап, кийин мугалим чыгарган жыйынтыктын объективдүү экендигине ынанышат.

Ал эми текшерүү иштин жыйынтыгын ар бир тема боюнча мугалим төмөнкүчө көрсөтө алат. Баракчада ар бир окуучунун суроодон топтогон баллдарынын саны, максималдуу баллдарынын саны жана алган баасы көрсөтүлөт. (. Эскертүү бөлүгүнө ар бир окуучунун тема боюнча кайсы бөлүгүн жакшы өздөштүрбөй калганын жазып коюу керек жана ал эскертүүнүн үстүндө алар өз алдынча кандай окуу иш-аракеттерин жасоого тийиш экендиги тууралуу мугалимден конкреттүү тапшырмаларды алышат.




«Органикалык эмес бирикмелердин негизги класстары»

темасы текшерүү иш




Суроолор




Берилүүчү жооптордун үлгүлөрү

(билимдин элементтери)

Ар бир билимдин элемент-тери боюнча

баллдар

Ар бир суроо үчүн максималдуу

балл

Эскер

түү

1.

Органикалык эмес бирикмелердин негиз класстары

  1. Оксиддер P 2O5 , CaO, Na 2 O, SO2

  2. Кислоталар HCl, HNO3, H 2SO4

  3. Туздар Ca3 (PO4 )2 , Mg CO3

  4. Негиздер Zn (OH)2 , Na OH

1

1

1

1


4


2.

Оксиддердин классификациясы

  1. Кислоталык, негиздик, амфотердик

  2. SO2–кислоталык оксид

  3. Na2 O – негиздик оксид

  4. Zn O - амфотердик оксид

1

1

1

1


4


3.

Туз, азот, күкүрт, күкүрттүү, орто фосфор, көмүр, кремний кислоталарынын кислота калдыктарын көрсөткүлө

1. Cl- хлорид

  1. NO3 - – нитрат

  2. SO 42- - сульфат

  3. SO 2 - сульфит

  4. PO 43- - фосфат

  5. CO 32- – карбонат

  6. SiO 3 2- - силикат

1

1

1

1

1

1

1



7


4.

Төмөнкү туздардын формуласын жазгыла:

а) алюминийдин сульфаты

б) кальцийдин фосфаты

в) натрийдин карбонаты

  1. Al2 (SO4)3

  2. Ca3 (PO4 )2

  3. Na2 CO3

1

1

1


3


5.

Берилген тизмеден оксиддерди, негиздерди, кислоталарды, туздарды бөлүп жазгыла жана атагыла: P2 O5 , HNO3 , Na2 O, Ca (OH)2 , AlPO4 , Al(OH)3 , H2SO4, B a (NO3 )2

  1. Оксиддер: P2 O5 -фосфордун оксиди , Na2 O- натрийдин оксиди

  2. Негиздер: Ca (OH)2 -кальцийдин гидроксиди , Al (OH)3 –алюминийдин гидроксиди

  3. Кислоталар: HNO3 –азот кислотасы, H2SO4 – күкүрт кислотасы,

  4. Туздар: AlPO4 - алюминийдин фосфаты , B a (NO3 )2- барийдин нитраты


1

1

1

1


1

1

1

1





8


6.

Төмөнкү реакцияларды аягына чейин жазгыла жана реакциянын кайсы тибине кирерин аныктагыла:

  1. CO2 + H2 O 

  2. Fe O + H2 SO4

  3. Zn + H2 S O4

  1. CO2 + H2 O  H2 CO3 кошулуу

  2. Fe O + H2SO4  Fe SO4+ H2 O орун алмашуу

  3. Zn + H2 S O4  Zn S O4 + Н2 сүрүп чыгаруу

1


1


1



3


7.

Лакмус кычкыл жана щелочтуу чөйрөдө өңүн кандай өзгөртөт?

  1. Кычкыл чөйрөдө - кызыл

  2. Щелочтуу чөйрөдө - көк

0,5

0,5


1



8.

Өчүрүлгөн жана өчүрүлбөгөн акиташтын формулалары.

  1. СаО- өчүрүлбөгөн акиташ – оксид

  2. Са(ОН)2- өчүрүлгөн акиташ- негиз

1,5


1,5


3


9.

Нейтралдашуу реакциясы.

  1. Кислоталар менен негиздер аракеттенишип, натыйжада туз жана суу пайда болгон реакцияны айтабыз.

  2. 2 NaOH+H2 SO4 = Na2 SO4 + 2 H2 O

1




1






2


10.

Төмөнкү оксиддердин ичинен амфотердик оксиддерди көрсөткүлө:

CaO, ZnO, Na2 O, Al 2O 3

  1. Амфотердик оксиддер деп касиеттери шартка жараша негиздик жана кислоталык б.а. кош мүнөзгө ээ болгон оксиддерди айтабыз.

  2. ZnO- цинктин оксиди, Al2 O3 – алюминийдин оксиди



1


1



2


11.

Төмөнкү айланууну иш жүзүнө ашыргыла

Р  Р2 О5  Н3 Р О4  Са 3(РО4 )2

  1. 4Р + 5О2 = 2Р2 О5

  2. Р2 О5 + 3 Н2 О = 2 Н3 Р О4

  3. 2 Н3 Р О 4 + Са (ОН)2 = С а3 (РО4 )2 +

Н2 О


1

1

1


3


12.

2 Н3 Р О4 + 3 Са (О Н )2 = Са3 (Р О4 )2 + 6 Н2 О

теңдемедеги коэффициенттерди жана индекстерди көрсөткүлө

  1. коэф – 2, 3, 1, 6

  2. инд. 3, 4, 2 , 3, 4, 2, 2

1

1


2


13.

Кислоталардын составы

1.Кислоталар деп суутектин атомунан жана кислота калдыктарынан турган бирикмелерди айтабыз.

  1. Металлдын атомдору менен орун алмашууга жөндөмдүү болгон суутектин атомдорунан жана кислота калдыктарынан турган бирикмелерди айтабыз.

  2. Кислота кислота калдык

HNO3 NO3 -

H2 SO4 SO4 2-

H3 PO4 PO4 3-

HCl Cl -

Н2 SO3 SO3

Н2 S S



1



1




1

1

1

1

1

1







8


14.

Төмөнкү айланууну иш жүзүнө ашыргыла: металл  негиздик оксид  негиз  туз

1. 4Na + O2  2 Na 2 O

2. Na 2 O + H2O  2 Na O H

3. 2Na O H + H2S O4  Na2SO4 + 2H2O


1

1

1


3






Жалпы балл - 53






15



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!