Карылар жана балдар үйү керекпи?
Ооба,азыркы учурдагы проблемалуу көйгөйлөрдүн бири.Ага дароо эле "ооба", же "жок" деп кесе айтуу туура болбостур.Даанышман жазуучу Ч. Айтматов айткандай "Кимдин кандай болорун жалгыз гана жашоонун өзү көргөзөт,андай болбогондо тагдыр дегендин тагдыр болмогу кайсы" ( "Тоолор кулаганда").Эч ким карылар үйүндө калам же балдар үйүндө чоңоем деп ойлобойт."Эч ким ата -энени тандап ала албайт( "Кассандра тамгасы") , баланы да...!
Жүрөк ооруткан бул теманы бир багытта карай албайбыз. "Баласы начар чыкты, энеси начар, же атасы начар" деп үстүртөн тон бычууга кошула албайм. Мынтип айтуу менменсинүүнүн бир белгиси деп ойлойм."Жакшыдан жаан, жамандан бөөн"деген кеп бар эмеспи,көрөгөчтүк менен айтылган.
Аркандай шартта, ар кандай кырдаалда карыя, бала үй-бүлөдөн оолак болуп калуусу мүмкүн. Андай себептер көп эмеспи. Азыркы ааламдашуу дейбизби же болбосо башка шарттардан улам ата же бала, зне азыркы ааламдашуу дейбизби же башка көйгөйлөрдөн улам жакындарына да батынып бара албайт. Эми бардыгы эле эмес деңизчи. Беш кол тең эмес да. "Тиякта өзүнүн баласы туруп,же апасы, атасы туруп, өзүбүзгө жетпей жатса" деген сөздөр айтылбай койбойт.Анткени, көзүбүз көптү талап кылып ,көкүрөгүбүз көңдөйлөнүп, бар болгонго шүгүр дебей, жокко оозубуз көнүп баратат. Дагы, дагы деген ачкөздүк ээлеп баратабы дейм.
"Агама барсам жеңем жат, эжеме барсам жездем жат",- деген сөз бекеринен айтылбаса керек.Ошондуктан азыркы жашоо шартыбызга, психологиябызга ылайык карылар үйү да, балдар үйү да керек. Анткени эч бир жакыны ошол үйлөрдөгүдөй болуп аярлуу катмардагы адамдарды карай албайт.