СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучуларга туура тарбия жана сапаттуу билим берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуучуларга туура тарбия жана сапаттуу билим берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы»

Талып Акун атындагы Чырак жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класстын мугалими Деркембаева Эльмиранын 2017-жылдын 30-ноябрда 4б-класска өткөн тарбияык сааттын планы

Сабактын темасы: Окуучуларга туура тарбия жана сапаттуу билим берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы

Сабактын максаты:

  • Окучуга сапаттуу билим, туура тарбия берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү, ыкмалары табылат

  • Ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы бекемделет.

  • Үч байланыштын бирдиктүү талаптары иштелип чыгат.

  • .Окуучунун бүгүнкү күндөгү моделин иштеп чыгышат.

  • Бири-бири менен баарлашууга, бири-бирин сыйлоого багыт алышат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү сабагы.

Сабактын усулу: Жеке, жупта, жалпы иштөө, изденүү-проблемалык.

Сабактын формасы: Тегерек стол

Сабактын жабдылышы: ОТК, таркатма материалдар, батман, маркер, слайд, маркердик доска, флипчаткалар ж.б.у.с

Сабактын жүрүшү: а ) уюштуруу. Слайд көрсөтүлөт. Мугалим сабактын темасы, максаты, жүрүшу менен тааныштырат.

б) Катышуучулар менен тааныштырат.

-Бүгүнку биздин тегерек столго катышып жаткан эжейлер менен тааныштырып өтсөм.

Талып акун атындагы Чырак жалпы билим берүүчү мектебинин агай-эжейлерин чакырып алсак.

Мектептин окуу бөлүм башчысы- Абдылдаева Эркингүл

Мектептин тарбия иштери боюнча орун басары-Бектуров м

Мектептин соц.педагогу-Калжиева Ж

Мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткан алдыңкы мугалим-Азарбаева Д

Жана ошондой эле башталгыч класста үзүрлүү эмгектенип келе жатышкан эжейлер- Койчуманова Г, Үмөталиева А



Демекчи тегерек столго 4б-класстын ата-энелерин чакырып алсам. Окуучулар тааныштырат.

Кийинки катышуучулар 4б-кластын окуучулары. Окуучулар бири-бирин тааныштырат.

Топтон 3төн окуучу үй бүлөөсүн жактап беришет. (Сүрөт, эссе, ыр ж.б) Калган окуучулар сүрөттөрүн илишет.

жаңы тема: Окуучуларды туура тарбия жана сапаттуу билим берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышы

в) жаңы тема боюнча ой бөлүшүү. Слайд көрсөтүлөт.Мугалим сүрөттөрго коментарий берет.

Мугалимдер тобуна суроолор:

1-суроо. Башталгыч класстын окуучуларынын сабакка катышындагы эң көйгөйлүү маселелер кайчыл деп эсептейсиз? Негизги үч маселени белгилениз. 2-суроо. Окуучулардын сабакка катышы жана билими. 3-суроо Окуу-тарбия иштеринде кандай иштерди өткөрүүгө болот? 4-суроо Окуучулар бош убактыларын кайдай пайдалуу өткөрүшөт? 5-суроо Азыркы окуучунун модели кандай болушу керек? 6-суроо Окуучулардын күндөлүк режимди аткаруунун мааниси.

Кандай жыйынтык айтасыз?

Ата-энелерге суроо. Слайд көрсөтүлөт. Баланын окуй турган бурчу кандай болушу керек слайддан көрүп, сунуштарыңарды айтсаңыздар.

1-суроо. Ата-эне окуучу баланы мектепке кантип даярдайт? 2-суроо.Баланын үй тапшырмасын аткарууда кандай шарттарды түзүү керек? 3-суроо.Баланын бош убактысын кантип пайдалуу өткөрсө болот? 4-суроо Ата-эненин мугалим менен байланышындагы эң негизги көйгөйлөр кайсылар? Эң негизги 3 көйгөйдү белгилениз. 5-суроо Баланы китепке кызыгуусун кантип күчөтөбүз? 6-суроо Окуучулардын ысык тамак ичиши окуусуна таасир тийгизеби?

Окуучуларга суроо. Слайд көрсөтүлөт.

1-суроо. Сендеги эң жакшы сапаттарды ата. 4 сапатты белгиле. 2-суроо. Бош убактынды кандай өткөрөсүң? 3-суроо. Ата-энеңе кандай жардам бересиң? 4-суроо. Сен үйдөгу күндөлүк режимди каптин аткарасың? 5-суроо. Сенин жолдошторундун кайсы сапаттары жагат, кайсы сапаттары акпайт? 6-суроо. Ата-энен билим алууңа кандай жардам берет? 7-суроо. Үйдөгу окуу шарты жагабы? 8-суроо. Үй тапшырманы кандай аткарасың? 9-суроо. Ата-энең кандай кеңештерди берет? 10-суроо. Сен калтырган күнкү сабакты кантип толуктайсың ?

г) кайтарым байланыш. Мугалимдерге А4 барактары, батман берилет. берилет. Мугалимдер толтурушат. Ата-энелер бугүнкү сабакта эмнелерди ала алдым деген суроого кыскача флмпчаткаларга жазышат.

д ) азыркы окуучунун моделин 4б-класстын окуучулары жактап беришет.

Мугалим:

е) Жыйынтыктоо.

Мугалим: -Демек бүгүнку сабакта биз койгон максатыбызга жеттикпи? деген суроого жооп алалы.

  • Окучуга сапаттуу билим, туура тарбия берүүдө ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү, ыкмалары табылат.

  • Тегерек столдорду өткөрүү, ачык сабактарга ата-энелерди катыштыруу ж.б

  • Ата-эне, окуучу, мугалимдин байланышынын ар түрдүү формасы колдонулат.( изилдөө, аңгемелешүү, тегерек стол, жыйналыш ж.б)

  • Үч байланыштын бирдиктүү талаптары иштелип чыгат.

  • Окуучунун күндөлүк режимди түзүүгө жана аны пайдалуу өткөрүүгө жетишет.

  • Окуучунун бүгүнкү күндөгү моделин иштеп чыгышат.

  • Ата-эне үйдө окуучулардын үй тапшырмасын өз алдынча системалуу аткарууга жана контролдоого жетишет.

  • Бири-бири менен баарлашууга, бири-бирин сыйлоого багыт алышат

Урматтуу ата-энелер, эжей-агайлар, окуучулар бул темалар жөнөкөй, турмушта айтып, жасалып жүргөн дешиңиз мүмкүн. Бирок ушул жөнөкөй темаларда келечектин улуу иштердин тамыры жатат.Мисалы: Ыймандуу, билимдүу, өнөрлүу болбосо эртең жакшы адам да боло албайт, үй бүлөсүн багып, мамлекетке кызмат кыла албайт.Эң башкысы үй-бүлөдөгу тарбия эптеп-септеп болбостон системалуу болуп, балдарды турмушка даярдообуз керек.

Слайд көрсөтүлөт. Позитив сүрөттөр.