Окуучу милдеттүү:
1. Интеллектуалдуу потенциалын максималдуу өстүрүүгө.
2. Өз көндүмдөрүн жана билгичтигин калыптандыруу, б.а. өзүн-өзү түшүнүү:
Өзүн ишмердүүлүккө уюштура билүү;
Чечимдерди кабыл ала билүү;
Кабыл алган чечимдердин; алардын жыйынтыктарынын жоопкерчилигин алуу;
Жамаат менен жана жекече иштөөнү билүү;
Өздүк инсандык өсүү программасын түзө билүү;
Өз билимин өркүндөтүү программасын ишке ашыруу;
Аналитикалык аң-сезимдин көндүмдөрүнө ээ болуу;
Керектүү маалыматты издөө жана колдоно билүү;
Үйрөнө билүү;
Ойлоно билүү;
Кызматташа алуу;
Ишти баштоо жана бүтүрүүгө үйрөнүү;
3. Берилген максаттарга жетишүү үчүн окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
Мектепте окуу үчүн өз алдынча чечим кабыл алуу;
Мектепте окуу чечимин кабыл алгандан кийин, өз билими жөнүндө жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алуу;
Жогорудагы эки пунктту аткаргандан кийин, окуучу мектепте жүрүш-туруш эрежелерине кол коюу менен аны аткарууга милдеттендирилет.
Окуучунун милдети:
Комплекске сабак башталардан 15-20 минут эрте келгенге;
комплекс аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүү (дене тарбия сабактарында "Илим" ББКсынын БРЕНД спорттук формасын колдонуу);
кийим чечүчү жайда сырткы кийимин чечүү, керек болгон убакта бут кийимин алмаштыруу;
өзүнүн окуу жерин жана окууга керектүү керек-жарактарын алдыда боло турган сабакка даярдоо;
мектепте жана мектептен тышкары жерлерде өзүн татыктуу, маданияттуу алып жүрүү;
комплекстин ички тартибин жана жүрүш-турушун сактоо (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө, класс жана мектеп турмушуна катышуу);
ийгиликтүү адаптацияга бүт күчүн жумшоо;
педагогдор, комплекс персоналдары жана окуучулары менен өз ара сыйлоо жана этият мамиле түзүү (улууларга сый мамиле менен "Сиз" деп аты- жөнү менен кайрылуу);
комплекстин территориясында тазалыкты жана тартипти сактоо;
калтырган сабактарын өз убагында тапшыруу, модулдарды, темаларды тапшыруу, план-конспекттерди көрсөтүү ж.б.;
мектептеги, класстагы коопсуздук атмосфераны түзүү жана колдоо;
сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге догдурдан же ата-энеден күбөлөндүрүүчү каттарды алып келип көрсөтүү (алардын ордун алмаштыруучулардан);
мектептеги, класстагы өз ордун жана ар-намысын сактоо.
Окучуларга тыюу салынат:
администрациянын уруксаатысыз сабак учурунда мектептен кетүүгө;
өзү каалагандай спорттук , маданияттык жана класстан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө;
терезенин алдына, шкафтарга, имараттык жабдууларга чыгууга;
тосмолордо жылгаяк тебүүгө жана тосмолорго, терезе алдына отурууга;
электр жана техникалык шкафтарды ачууга;
мектеп аянтчасында спорттук, оюн конструкциясын өз орду менен колдонбоо;
ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонуу (алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
кандайдыр бир куралдарды алып келүү жана колдонуу (м: бычак ж.б.);
окуучуларды акча жана башка бир баалуу буюмдарды алуу максатында психологиялык жактан коркутуу;
денени зыянга учуратуу максатында окуучуларга физикалык күч колдонуу, мушташ кылуу үчүн ар түрдүү жолдон чыгаруучу формаларды колдонуу;
сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонуу;
сабактарды себеби жок калтыруу.
Окуучулардын сабактагы журуш-турушу:
коңгуроо кагылаары менен окуучулар өз ордуна келип, сабакка тиешелүү нерселерди даярдоосу керек;
кезек кайтаруучу класстык бөлмөнү жана сабакка керектүү жабдыктарды даярдап, мугалимге сабакка келбеген окуучулар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү;
ар бир окучу класстагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;
мугалим класска киргенде окуучулар саламдашуу үчүн ордунан турушу керек;
партанын үстүндө ашыкча эчнерсе болбошу керек; китептер жана дептерлер мугалимдин уруксааты менен ачык турушу керек;
сабак учурунда окуучулар түз отуруп, ашыкча сүйлөбөй, башка иштер менен алек болбошу керек;
окучу сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарышка милдеттүү;
эгерде, окучу сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы керек;
окучу жооп берүүгө күндөлүгү менен чыгуусу жана жооп берип жатканда түз туруп, ачык жана катуу сүйлөшү керек.
Эгерде окучу мугалимден бир нерсе сурагысы келсе, кол көтөрүп, мугалим урксаат бергенден кийин туруп, суроо бериши керек;
Окуучулар башкаларга өз кошумчасын, алардын катасын оңдоого мугалимдин уруксааты жок эле айтууга ээ;
Коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксааты менен окуучулар тынч гана класстардан танаписке чыга алышат;
Дене тарбия сабактарына окуучулар спорттук кийим жана бут кийим менен келишет. Мугалимдин уруксааты жок окуучулар спорт залга кире алышпайт. Дене тарбия сабагынан бошотулган окуучулардын да спорт залда сабакка милдеттүү түрдө катышуусу керек.
Танапистеги журуш-турушу:
Мектеп имаратынын ичинде танапис убагында окучу өзүн тынч, тартиптүү алып жүрүүгө милдеттүү;
ар бир окуучу, күзөтүү кызматчысынын талабы боюнча, өз аты-жөнүн жана классын айтууга милдеттүү;
коридор жана тепкичтерде жолдун оң жагында жүрүү шарт;
коридордо, тепкичтерде мугалим, же башка улуу адамдын алдына чыкпоо, эгерде, керек болсо уруксаат суроо керек;
сылык болуу, улуу адамдар жана балдар менен саламдашуу;
мектепке кирүү жана чыгууда башкаларды түртпөө, алдыга улууларды жана кыздарды коё берүү;
танаписте класста кезек кайтаруучу гана калып, имаратты салкындатып, классты иретке келтирет;
танаписте, сабактан уруксаат суранбаш үчүн дааратканага баруукерек, ал жерде тыкан болуп, колун милдеттүү түрдө жууш керек.
Мектеп буюмдарынын жана китептеринин сакталышы:
бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү,
өз буюмдарына этияттык менен мамиле кылуусу зарыл;
окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу менен ордуна коюсу, же түзөтүүсү керек;
окуучулар жашыл дарактарды отургузууга, сактоого, эгерде мектепке зыян келтирилсе, ордуна келтирүүгө милдеттүү;
окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу керек;
бүт окуучулар окуу куралдарын сактоосу керек. Ар бир китепте арасынасалынуучу тасмасы болуш керек. Барактарды жулуп же бүктөбөш керек, китепке жазууга, же сүрөт тартууга болбойт.
Журуш-туруш маданиятына карата талаптар:
баары менен сый-урматта, жайдары болуу;
улуулар менен сүйлөшүп жатканда колун чөнтөгүнө салбоо, өзүн түз кармоо;
балдар менен саламдашканда, алардын аты-жөнүн айтуу;
тазалык жана тартипти сактоо, абдан маанилүүсү - булгабоо;
улууларга, жолдошторуна жардам берүү. Жардам суроону гана күтпөстөн, тегерегиндегилерге көңүл буруп кароо;
тыкан, жыйнактуу болу милдети, бети, колунун тазалыгын сактоо, чач жасалгасына, кийиминин, бут кийиминин тазалыгына көңүл буруу.
Массалык иш-чаралардагы окуучулардын журуш-турушу:
мектепте өтүлүүчү майрамдарга кооз кийинип, жыйнактуу, тыкан чач жасалгасы менен так убактысында келиш керек;
залда түртүшпөй, баарынан алдыга чуркабай, талашпай өз ордуна отуруш керек;
майрам башталганга чейин акырын сүйлөп, күтүш керек. Башталышы жөнүндө айтылаар замат сүйлөшкөндү токтотуу керек;
иш-чара убагында сүйлөшкөнгө, тегерегиндегилерге тоскоолдук кылууга, бир орундан экинчи орунга өтүүгө, ищ-чара бүткөнгө чейин таштап чыгып кетүүгө тыюу салынат;
улуу адамдар кирсе, орун таап берүү керек.
Ашканадагы журуш-турушка талаптар:
ашканага өз классындагы окуучулар менен уюштуруучулук жана тынч жагдайда баруу;
ашканада жүрүш-туруш маданиятына карата өзүн алып жүрүү;
тамак-аштарды кезек менен алуу;
нан жана башка тамак-аштарга этияттык менен мамиле кылуу;
ашканага класс үчүн атайын түзүлгөн мөөнөт менен танаписте гана баруу;
ысык жана суюк тамак-аштарды алууда жана колдонууда этияттык, көңүл коюп мамилекылуу;
тамактангандан кийин колдонгон идиш-аяктарды чогултуп, атайын столго алып барып коюу.
Корутунду бөлүк:
окуучуларга коюлган бул талаптардын бузулушуна карата тартиптик жана тарбиялык таасир берүүчү жазалар колдонот:
1-и - ата-энелерине билдирүү жана жарыялоо;
2-и - ата-энелерин мектепке чакыруу;
3-ү – окуучуну мектептен чыгаруу.
Мектеп парламенти окуучунун жүрүш-турушуна түзөтүү киргизүү үчүн башка формаларды колдонуу укугуна ээ: эмгек десанты – ашканага жардам берүү, класстык бөлмөлөрдү, даараткана, мектеп территориясын тазалоо;
Бул эрежелерди одоно түрдө жана бир нече жолу бузса, окучу мектептен чыгарылат.
Бул эрежелер мектептен тышкаркы иш-чараларга да тиешелүү болуп саналат.