СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окууда жетишпеген балдар менен иштөө

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

                                 Асан Деркембаев жалпы орто билим берүү мектеби

 

Окууда жетишпеген балдар менен иштөө

 

 

 

 

Мугалими: Абдуллаев Эрлан

2019 – 2020- окуу жылы 

 

Окууда жетишпеген балдар менен иштөө

Максаты: 

Балдардын окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жөнгө салуу;

Ата – энелердин балдарынын окуусуна болгон жоопкерчилигин арттыруу;

 Окуучулардын билим алуусунун деңгээлин көтөрүү;

Окуучулардын сабактардан начар окуп, классташтарына салыштырмалуу окуу материалын өздөштүрө албай калуусун жана ордунда калып калуусунун алдын алуу;

Предметтен окуу материалын туура өздөштүрүүсүнө жардам берүү;

 

 

Начар окуган окуучулар менен иштөө боюнча негизги багыттар

 

Окуучунун окуудан жетише албагандыгынын себебин аныктоо;

Начар окуган окуучуну сабактан жетишүүсүнө комплекстүү иштерди жүргүзүү, сабактан тышкаркы учурда иштөө, ата – энеси менен сүйлөшүү, сабак учурунда иштөө;

Класстан тышкаркы иш – чараларга тартуу;

Коомдук иштерге катыштыруу;

Окуучунун окуудан начарлоосунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Ар бир эле окуучу жакшы окууну каалайт. Кээ бир учурларда сабактан “2” алып калган учурда баланын окууга болгон кызыгуусу тарап, кээде ал сабакка катышпай да койгон кездер болот. Жыйынтыгында тартиби дагы начарлайт. Сабактан начар окуган бала өзүндөй начар окуган бала менен достошот, себеби жакшы окуган окуучунун алдында өзүн ылдый сезет. 

Окуудагы жетишпөө – бул окуу программасын канаатандырарлык денгээлде өздөштүрө албоо. Себеби үй бүлөнүн социалдык абалына жараша дагы болушу мүмкүн. Б.а үй бүлөдө балага билим алууга көңүл бурулбай калуусу мүмкүн. Ата – энелер үйдөн баласынын окуусуна көңүл буруп, тапшырманы аткарууга жардам берип, мектеп менен тыгыз байланышта болсо, мындай көйгөй аз болмок.

Мугалим окуучуларды предметине кызыктыра алуусу, ар кандай интерактивдүү методдорду колдоно билүүсү дагы сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатып, начар окуган окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артып, көңүл бура баштайт. 

Начар окуган окуучу менен сабак учурунда иштөө  

Сабактын этаптары:

Өтүлгөн материалды кайталоо учурунда окуучугасабакта дифференцирленген суроолорду берүү менен окууга болгон кызыгуусун арттыруу, туура жооп берген учурда аны мактоо;

Жаңы теманы түшүнүүсү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн мисалдар, тажрыйбалар аркылуу түшүндүрүү;

Бышыктоо учурунда берилүүчү тапшырмаларды жөнөкөйлөтүп берүү;

Өз алдынча иштөөдө атайын карточкаларды даярдап келип, окуучунун денгээлине жараша тапшырма берүү;

Окуучунун билимин оъективдүү баалоо;

Окуучуга индивидуалдык тапшырма берүү;

 

 

 

Начар окуган окуучу менен иштөөдө класс жетекчинин милдеттери 

    Класс жетекчи класстагы окуучунун окуудан жетише албагандыгыны себебин аныкташ керек. ал үчүн жекече ангемелешип, ата – энеси менен сүйлөшүп, жеткиликтүү иш аракеттерди аткаруу менен себебин аныкташы зарыл. Баланын сабактардан жетише албай, начар окугандыгынын себеби:

Сабакты көп калтыруусу;

Үйдөн тапшырманы аткарууда ата – энеси тарабынан көзөмөлдүн жоктугу;

Жөндөмсүздүгү;

Окууга болгон калоосунун жоктугу;

Тапшырманын көлөмүнүн көптүгү;

Мугалим тарабынан окуучуну баалоонун объективдүү эместиги;

Окуу материалынын татаалдыгы;

Ден соолугунун начарлоосу;

 

Ата-эне – окуучу – класс жетекчи ортосундагы “Үчилтик” келишими

1.Окуучунун аты – жөнү: __________________________________________________ 

2.Атасынын же апасынын аты жөнү: __________________________________________ 

3.Класс жетекчинин аты жөнү: _______________________________________________        

                     Ата – энеси:     

Баламды (кызымды) мектепке өз убагында жөнөтөм,себепсиз калтырбайм.

Окуу куралдары менен толук камсыз кылып турам.

Ден-соолугун ардайым көзөмөлгө алып турам.

Таза кийинип тыкан журүүсүн камсыздайм.

Өзү кызыккан сабактардан ийримдерге катышуусуна шарт түзүп берем.

Мектептин коомдук жана маданий массалык иштерине үзгүлтүксүз катыштырам.

Маданияттуу сылык сыпаа сүйлөөгө үйрөтөм

Толук өздөштүрө албай жткан сабактарына кшумча сабактар уюштуруп берем.

Спорттук форма менен камсыздайм.

Достору жана классташтары менен жакындан таанышам

Ар кандай диний уюмдарга,дискотекаларга катыштырбайм жана майрамдык кечелер өткөрүп бербейм

Мектепке уюлдук телефон көтөрүп келүүсүнө жол бербейм.

Ашыкча көп акча бербейм.

Мектепте ата-энелер чогулушуна катышам жан класс жетекчи жана мугалимдери менен тыгыз байланышта болуп турам.

Мектептен сырткары баламдын жүрүш-турушуна өзүм толугу менен жооп берем.

Сабактарына катышып турам.

Мектептин уставына баш ийем.

                 Окуучу: 

Мектепке кечикпей өз убагында жөнөтөм жана себепсиз сабактан калтырбайм.

Үй тапшырмаларын жана мугалимдин айткандарын так аткарам.

Мектеп формасын сактап,таза, тыкан жөнөтөм.

Акыл- эстүү болуп,ойлонулбаган чечимдерди кабыл албоого үндөйм.

Зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана рекетчилик кылууга жол бербейм.

Достору менен ынтымактуу болуп,алардын буюмдарына кыянаттык кылбоого үйрөтөм .

Мектепке телефон менен жибербейм.

Өз алдынча майрамдык кечелер,экскурсия уюштурбайт жана катышпайт

Коомдук иштерге дайыма катышып турат

Мектептин эрежелерине толугу менен баш ийет.

        Класс жетекчи: 

Ар күнү окуучулардын келип кетүүсүнө көзөмөл жасайм.

Окуучулардын тартибине көзөмөл жасоо менен бирге өз убагында ата-энелерге маалымдайм.

Окуучулардын жынысына,улутуна жана материалдык абалына карабай бирдей мамиле жасайм.

Форма ,тазалык,билим сапатын көзөмөлгө алам.

Коомдук иштерге катышууга үгүттөйм, катышпаса чара колдоном.

Ата-энелер менен тыгыз байланышта болом.

Жума сайын кемчилдиктери бар окуучуларга эскертме берип, ата-энелерине жеткирип турам. 

 

 

 

 

Начар окуган окуучулар менен иштөө  

Окуучунун аты – жөнү: ___________________________________________________

Классы _________________________________________________________________

Кайсы предметтен жетише албайт: _________________________________________

Окуучунун тартиби: ______________________________________________________

Окуучунун начар окуусунун себеби: _________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Окуучу менен жекече кандай иштер аткарылды: _________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Аткарылган иштин жыйынтыгы: _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Кошумча маалыматтар: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

“Бекитемин”                                                                                                          

Мектеп директору: А. Исраилова

____________________________ 2018 – жыл

 

Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин математика/ информатика мугалими Арапова Кундуздун сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөө планы

Аткарылуучу иштин мазмуну 

Аткаруу мөөнөтү 

Ресурстар 

Күтүлүүчү натыйжа 

1

Сабакты өздөштүрө албаган окуучуларды аныктоо. Жекече иш алып баруунун планын түзүү

Сентябрь 

Иш план 

Иш план түзүлүп, бекитилет 

2

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын ата – энелери менен сүйлөшүү, маалымат берүү

Окуу жылынын башында 

Ата – энелер менен сүйлөшүү дептери 

Ата – энелер менен жекече пикир алмашуу болот жана окуучунун өздөштурүүсү боюнча маалымат берилет 

3

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын күнүмдүк сабакка жана кошумча сабакка катышуусун көзөмөлдөө

Дайыма 

Сабактардын жүгүртмөсү, катышуу дептери 

Окуучунун сабакка болгон кызыгуусу жакшырат 

4

Окуучуларга диагностикалык карта түзүү, мүнөздөмө жазуу

Сентябрь 

Диагностикалык карта

Окуучуга мүнөздөмө берилет

5

Окуучулардын дептерлеринин текшерилиши

Дайыма 

Дептерлер 

Окуучунун дептерлеринин абалы жакшырат 

6

Сабактарга катышуу, окутууда дифференциялык жана жекече мамиле жасоо.

Ар түрдүү деңгэлдеги тесттерди пайдалануу;

Окуучулардын билим денгээли боюнча группада иштөө

 

Дайыма 

Таркатмалар, сабактаын планы, тесттик тапшырмалар 

Окуучунун сабакка болгон кызыгуусу, кабыл алуусу жакшырат

7

Диагностикалык машыгуу иштерин өткөрүү жана анализдөө (жазма иштери)

Ай сайын 

Жазма иштери (срездер)

Окуучунун өздөштурүүсү бааланат 

8

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын жашоо шартын аныктоо максатында үйлөрүнө баруу

Ай сайын 

Ата энелер менен сүйлөшүү дептери 

Окуучунун жашоо шарты аныкталат, сабак окуу үчүн шарт жакшырат (зарылдыгы болсо)

9

Окуу – тарбия процесстерине ата – энелерди катыштыруу, диагностикалык машыгуу иштеринин жыйынтыгын ата – энелерге маалымдоо, ата – энелер менен жекече иштөө

Чейрек сайын 

Ата – энелер менен сүйлөшүү дептери 

Ата – энелер менен сүйлөшүү жүрөт, окуучунун өздөштүрүүсү тууралуу маалымат берилет

10

Аткарылган иштерге анализ, жыйынтык жасоо 

Окуу жылынын соңунда 

Анализдер, жыйынтык отчёттор 

Аткаоылган иштин жыйынтыгы чыгарылат 

 

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!