СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Портфолиого керектуу материалдар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

бул маалыматтар сайттардан алынган

Просмотр содержимого документа
«Портфолиого керектуу материалдар»



VII багыт

Проблемалык – изилдөөчүлүк багыты

Бул багыт бардык эле мугалим – тарбиячыларга таңуулана берилбейт. Педагогикалык илимий–изилдөөчүлүк иш – аракеттер жүргүзүүгө, рефераттар жазууга, тренингдер өткөрүүгө умтулган ынтызар педагогдор багыттама катары колдонуусу мүмкүн







НУСКАМАЛАРЫ:

  • Даярдаган усулдук колдонмолору, китептери;

  • Педагогика жана усулдук технология боюнча жеке долбоорлору;

  • Педагогикалык идеяларынын банкы;

  • Рефераттын (докладдын, макаланын) аталышы, варианттары;

  • Окуп - үйронүүчү адабияттар тизмеси;

  • Микротемалар, проблемалык аймактар, изилдөө планы;

  • Дискуссиялык көз караштар;

  • Фактылар, цифралар, статистика;

  • Цитаталар, афоризмдер;

  • Башка предметтик аймактар менен интеграция;

  • Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары;

  • Изилдөө жыйынтыктары боюнча тыянактар;

  • Изилдөө методдору;

  • Прогноздор жана перспективалар;













VI БАГЫТ

Баа берүүлөр жана рефлекстик иш аракеттер

Мугалимдин жана анын окуткан окуучуларынын таалим–билим жараянындагы көрсөткүчтөрүн анализдөө, салыштыруу, диагноздоо, баалоо









НУСКАМАЛАРЫ:

  • Мугалим тарбиячы катары даярдаган окуу каанасы, бурчтары (маалымат тушундурмөсү, слайд, сурөт ж.б);

  • Практикалык – лабороториялык иш оруну, жабдуулары, алардын толукталашы жана сакталышы;

  • Окутуунун техникалык каражаттары (ОТК) менен мүмкүнчүлүктөргө жараша камсыздалашы;

  • Мугалимдин өзүнун компьютердик сабаты;

  • Эксперименталдык (сынамак) аянтчалары;

  • Педагогикалык ънърканасы, мугалимдин иш орду кандай деёгээлде? (маалымат, тушундурмө, сүрөт, буклет ж.б)

  • Окуу китептери, усулдук адабияттар менен камсыздалуусу (тизмеги, анализи, мониторинг)

  • Окутуунун кърсътмъ куралдары, дидактикалык жабдуулары (маалымат, түшундүрмө, сүрөт)

  • Техникалык коопсуздук эрежелери жана мектеп гигиенасынын талаптарын сактоо багытындагы иштери;







V БАГЫТ

Педагогикалык менеджмент





өзүнө зарыл болгон окуу – материалдык базаны түзүү, өркүндөтүү жана сактоо боюнча иш - аракеттери







НУСКАМАЛАРЫ:

  • Сабактардын жана класстан тышкаркы иштердин үлгүлүү автордук иштелмелери, илимий – усулдук макалалары, автордук педагогикалык мастер – класстары, китепчелери, буклеттери (кагазда, электрондук жана видео жазууларда, слайддарда);

  • Мугалимдин, окуучунун өзгөчөлөгөн иштеринин үлгулөрүү (көрсөтмөлөрү);

  • өздүк китепканасы боюнча маалыматтар (кыскача тушүндүрмө, орчундуу китептеринин тизмеси);

  • Педагогикалык күндөлугү (орчундуу турмуштук ойлорду, кызыктуу фактыларды, өзгөчө таасир калтырган окуяларды, кызыктуу педагогикалык этюддарды ж.б) жаза жүрүүсү.

  • Даярдаган өзгөчө көрсөтмө куралдарынын, дидактикалык материалдарынын үлгулөрү, макеттери, сүрөттөрү;

  • Кызыккан газета, журналдарынын боюнча маалыматтары;

  • Өз ара сабакка катышуу дептерлери жолдомо баракчалары, аларды толтуруу улгулөрүү;

  • Компьютедик сабаттуулугу, атайын окуулардан өтүүсү, өзүнчө үйрөнүүсү, деңгээли, топтоп жүргон электрондук маалыматтары (флешкада, дискте);







IV багыт



Чыгармачылык практикалык иштер топтомдору. Электрондук маалыматтары (флешкаларда, дискте)





НУСКАМАЛАРЫ:

  • Усулдук чеберчилигин жана жеке адискөйчүлүгүн өркундөтүү боюнча өздүк планы;

  • Педагогика – психология усулдук техлогия жана ъз адастигин тереңдетүү багытында окуп, өздөштүргөн кошумча адабияттары, китептери, илимий популярдуу макалалары (орчундууларынын тизмеги);

  • Билим берүү багытындагы жаңы окуу программаларына түрдүү педагогикалык иш чараларга (сынактарга, окууларга, тренингдерге, конференцияларга, семинарларга ж.б катышуусу, курстардан өтүүдөгү күбөлөндүрмөлөрү, лицензиялары, сертификаттары);

  • Педагогикалык идеяларынын топтомдору, педагогикалык өнөрканасы боюнча маалыматтар;

  • Өз ара сабакка катышуусунун маалыматтары, өзгөчө таасирлерди каттоо баракчасы (үлгүсү берилет):



Күнү

Сабак

Мугалим

өзгөчө таасир калтырган учурлары

Баасы

1






  • Алдыңкы педагогикалык иш – тажрыйбаларынын жайылтылышы (АПТ), усулдук технология жана өз адискөйлүгүн жогорулатуу боюнча басылмаларга жарыялаган материалдары, педагогикалык ойлору, усулдук тажрыйбалары;

  • АУК (Алкактык Улуттук Куррикулум) менин иш тажрыйбамда (кыскача нускама);

  • Курстардан аралыктагы жана мамлекеттик аттестациядан өтүүсү;

  • Ата – энелер жана коомчулук менен биргеликте жүргүзүлгөн педагогикалык ишмердүүлүгун;

  • Элдик педагогиканын булактары жана аларды үйрөтүү, окуу – тарбия иштеринде пайдалануу боюнча багыттама план программасы;

  • Элдик педагогика сабактарында;

  • Элдик педагогика тарбиялык иштеринде;

  • Этнопедагогика жана ата – энелер;

  • Элдик педагогика жана ислам;

  • Элдик педагогика менен учур педагогикасын интеграциялоо (сыйбагыштоо, айкалыштыруу) багытындагы иш аракеттери;







Иштер портфолиосу



III багыт

Педагогикалык көрөнгөнү, илимий усулдук чеберчиликти өркүндөтүү, адискөйлүүгү (өз адистиги, предмети боюнча) билимин тереңдетүү багытындагы иштери. Педагогикалык инновация жана этнопедагогика











НУСКАМАЛАРЫ:

  • Олимпиадаларда, предметтик сынактарда, класстан тышкаркы жана спорттук иш чаралардагы көрсөткүчтөрү;

  • Улуттук тесттерде көрсөткүчтөрү;

  • Предметтик аттестацияларда көрсөткүчтөрү;

  • Педагогикалык окууларда, илимий – практикалык конференцияларда көрсөткүчтөрү;

  • Түрдүү чыгармачылык сынактардагы көрсөткүчтөрү;

  • Акыл эмгегинин маданиятынын көрсөткүчтөрү:

А) окуучуларында;

Б) ата – энелерде (мониторинг, слайд, диаграмма ж.б)

  • Окуучуларынын тарбиялык деёгээлинин мониторинги (Ж.Жоокаев “Психологиялык тест”) жана баланы таануу, классындагы референттик топторду аныктоо (Ж.Молдобаев “Класстагы референттик топторду аныктоо”) багытындагы

иш аракеттери, алардын акыбеттери;

  • Мектеп жамааты, коомчулук, ата – энелер ж.б тарабынан мугалимдин ишмердүүлүгунө баа берүүлөр (рецензиялар, резюмелер, рекомендациялык каттар, мүнөздөмөлөр, педагогикалык сурамжылоолор, анкеталар);

  • Өзгөчөлөнгөн иштеринин үлгүлөрү, педагогикалык кызыктуу табылгалары, күтүлбөгөн педагогикалык этюддар, окуткан окуучуларынын билим сапатынын мониторинги (3 жыл аралыгында);

  • Диагноздоо жана прогноздоо карточкаларынын анализдери, медициналык жана психологиялык текшер\\лър\н\н жыйынтыктары;







II багыт



Кыргыз Республикасынын билим берүү багытындагы мамлекеттик негизги укуктук – ченемдик документтери





НУСКАМАЛАРЫ:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары жөнүндө маалыматтар;

  • Ъз предметтери боюнча Жалпы билим берүү программаларына Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Улуттук алкактык куррикулумдун талаптарына шайкеш иш жүргүзүү аркылуу окуучуларын дайындуу компетенцияларга (адат – көндүмдөргө) аттандырууга багытталган иш аракеттери;

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдары жана окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча

башка укуктук – ченемдик документтери менен иш жүргузүусүнүн чагылдырылышы;

  • “Балдардын укуктары жөнүндө Конвенция”, “Балдарды тарбиялоонун концепциясы” жана педагогикалык жүрүм – турумдун ченемдери боюнча жүргүзүлгөн багыттуу иштери;

  • Глобалдык билим берүү (көп тилдүү билим берүү, предметтерди интеграциялоо ж.б) багытындагы мамлекеттик талаптарга негиз иш жүргүзүү;









Жетишкендиктер портфолиосу

I БАГЫТ

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТТАР

ЖАНА

ДОКУМЕНТТЕР





НУСКАМАЛАРЫ:

  • Аты – жөнү, туулган жылы, айы;

  • Жылдыз төлгөсү;

  • Билими (окуган окуу жайы, диплом боюнча адистиги);

  • Эмгек жолу (урунттуу учурдар);

  • Сабактарынын жумалык жүктөлмөлөрү, кошумча иштери;

  • Окуткан класстары, тарбиялык иштери (кыскача мүнөздөмөлөрү менен);

  • Окуткан окуучуларынын саны;

  • Мамлекеттик сыйлыктарынын, грамоталарынын, ыраазычылык каттарынын, ардактуу наамдарынын, илимий даражаларынын документтеринин, катышкан түрдүү педагогикалык сынактардын дипломдордун, сертификаттарынын маалыматтары ж.б

(таблица түрүндө да берүүгө болот);

  • Сүйүктүү устаттары жана шакирттери;

  • Дагы кошумча маалыматтары, өзгөчө демилгелүү иштери;

  • Педагогика – психология илими жамаатындагы изденүүлөрү, ой – толгоолору, табылгалары (негизги багыттары);

  • Хоббиси;