СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олимпиада суроолору

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Олимпиада суроолору»

7-класс

1. Жер шарынын өз огунда айлануу мезгили 24 саат болсо, анда Бишкек шаарынын аянтында турган адам кандай ылдамдык менен кыймылдап жаткан болот. Жердин радиусу 6400 км.



2. Жерди ай болжол менен 27 суткада 1 км/с ылдамдык менен толук айланып чыгат. Жердин борборунан айдын борборуна чейинки аралыкты тапкыла.



3. Патефон пластинканы 0,83 с да бир толук айландырат. Анын айлануу жыштыгы эмнеге барабар?



4. 100 Н күчтүн таасири алдында массасы 20 кг болгон нерсе кандай ылдамданууну өөрчүтө алат?











8-класс

1. Мааниси 30 Н барабар болгон күчтүн таасири менен кандай массадагы нерсеге 50 см/с2 ылдамдануу берүүгө болот.



2. Көлөмү 0,28 м3 болгон кирпичти сууга салышты. Ага карата аткарылган күчтүн чоңдугун тапкыла.



3. “ Ленин” муз жаргыч кемесинин кубаттуулугу 32,4 МВт болсо, анда ар бир саат ичинде кандай жумуш аткарат.



4. Жер Күндү 30 *103 м/с ылдамдык менен айлануу аркылуу кандай кинетикалык энергиянын чондугун өөрчүтөт? Жердин массасы 6*1024 кг.















9-класс

1. Кандайдыр бир темир брусогуна берилген жылуулук саны 0,2 МДж болсо, бул жылуулук менен кандай массадагы темирдин температурасын 200 С ден 1300 ге чейин көтөрүүгө болот.



2. Массасы 250г болгон коргошун брусогуна 2,3 кДж жылуулук санын беришип, температурасын 780 С ге көтөрүштү. Коргошундун баштапкы температуасын тапкыла.



3. 5 Н күчтүн таасири астында пружинаны 4 см ге чоюуга болот. Бул пружинанн катуулук коэффициентин тапкыла.



4. Катуулук коэффициенти 250 Н/м пружинага 20 Н күч жумшоо аркылуу, аны кандай аралыкка кысууга болот.











10-класс

1. 10 кг дан ашык тартпоого негизделген таразага 80 Н салмактагы жүктү илишет. Натыйжада таразанын пружинасы 7,5 см ге созулган болсо, анын катуулугун эсептегиле.



2. Чыналышы 800 Н/Кл болгон электр талаасына киргизилген 3,5 МККл зарядга аракет эткен электр күчүн тапкыла.



3. Кандай чондуктагы зарядка чыналышы 600 Н/Кл болгон электр талаасы 1,2 мН күч менен аракет этет?



4. . Электр талаасынын чыналышы 950 Н/Кл болгон учурда, ага киргизилген 2*10-7 Кл зарядка кандай электрдик күч аракет этет?



5. Чыналышы 750 Н/Кл электр талаасы кандайдыр бир зарядка 5,25 мкН күч менен аракет этет. Белгсиз заряддын чондугун тапкыла.







11-класс

1. Заряды 30мкКл жана 100мкКл болгон эки бөлүкчө 0,003 мм аралыкта жайгашкан. Алардын ортосундагы өз ара аракеттешүү күчүн тапкыла.



2. Аракеттешүү күчү 0,9 Н болгон 0,5 мкКл жана 20нКл заряддарынын ортосундагы аралыкты эсептегиле.



3. 20см аралыкта турган эки заряд бири- бири менен 22,5 мкН күч аркылуу аракеттешип жатат. Эгерде экинчи заряддын чондугу 5нКл болсо, биринчи заряддын мааниси эмнеге барабар болгон?



4. Чондугу 4,5 нКл болгон заряддын жанына 9 мН күч менен аракет этиши үчүн, андан 3 см аралыкка кандай зарядды жайгаштыруу керек.



5. Бири- иринен 48 см аралыкта жайгашкан эки металл шарчасы бирдей он заряддарга ээ жана өз ара 0,5 мН күч менен аракеттенишет. Заряддардын чондуктарын тапкыла.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!