СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олимпиадага карата тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул тесттер 3 класстар үчүн математика жана кыргыз тили предметтеринен башталгыч класстар үчүн түзүлгөн тестер

Просмотр содержимого документа
«Олимпиадага карата тест»

Математика боюнча 3- класстын окуучулары үчун тесттер

1

1. Тегерек миңдиктерди тапкыла

а) 4560,8000 б) 97000, 5000 в) 2000 :7602 г) 1000 ; 5000

2. Эң чоң жана эң кичине үч орундуу санды жаз:

а) 300; 412 б) 100325 в) 999; 999 г) 365; 245

3. Миңдиги 4 болгон санды тап.

а) 3520 б) 6289 в) 4005 г) 6408

4. Айлананын диаметри 8 см болсо, радиусун тап.

а) 3см б) 5 см в) 4 см г) 6 см

5. 5679 санында 7 цифрасы эмнени түшүндүрөт ?

а) бирдик б) ондук в) жүздүк г) миңдик

6. 7,6,0,8 цифралардын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жаз.

а) 7625; 7603 б) 8074; 6781 в) 7608; 6087 г) 6805; 5968

7. 60 барактуу китептин калыңдыгы 1 см болсо, анда 240 бетүү китептин калыңдыгы кана см болот?

а) 3 см б) 2 см в) 1 см г) 4 см

8. Жагы 5 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын тап.

а) 20 см2; 24 см б) 25см2; 20 см в) 24см2; 23 см г) 18см2; 25 см

9. Төмөндөгү барабардыктар туура болгондой кылып амалдарды кой.

( 5• 9• 4) – ( 20• 5) =80

10. 2 2 2 2 2 2=100 келип чыга тургандай кылып 2 цифраларынын арасына амалдарын кой.

11. Мен бир сан ойлондум. Аны 25 ке көбөйтсөң 975 чыгат. Мен кандай сан ойлодум.

а)25 б) 58 в) 42 г)39

12. Айылдан эртең мененки саат 7.00 дө машина чыгып, саат 10.00 дө шаарга 120км/саат ылдамдык менен келди. Шаар менен кыштактын аралыгын тапкыла.

а) 280 км б) 350 км в) 360 км г) 375 км

13. 8 8 8 8 8 8 8 8=1000 боло тургандай кылып сегиз цифраларынын арасына төрт амалды коюп чык.


2

1. 1000 ден 7000 ден чейинки тегерек миңдиктерди жаз.

а) 1000,2000,3000 б) 4000,5000,6000 в) 6000,7000 г) 1000,2000,3000,4000,5000,6000,7000

2. Эки кичине 2 орундуу, 3 орундуу санды жаз.

а) 16;169 б) 10;999 в) 99; 19 г) 100; 90

3. Миңдиги 6 болгон санды тап.

а) 3702 б) 6045 в) 4561 г) 7521

4. Айлананын диаметри 10 см болсо, радиусу канча?

а) 4 см б) 6 см в) 5 см г) 7 см

5. 5609 санында 6 цифрасы эменени түшүндүрөт.

а) ондук б) жүздүк в) бирдик г) миңдик

6. 7,6,2,8 цифралардын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жаз.

а) 2698; 2145 б) 8467; 7628 в) 7682; 2684 г) 2875; 2548

7. Жагы 1 м болгон квадратты, жагы 1 см болгон квадраттарга бөлүп, бир катарга тизишти. Ал катардын узундугун тап.

а) 10 см б) 30 см в) 100 см г) 50 см

8. Жагы 4 см болгон квадраттын аянтып тап.

а) 14 см2 б) 18 см2 в) 16 см2 г) 20 см2

9. Барабардык туура аткарыла тургандай кылып, тамганын ордуна санды кой. 100+в+465=2000

а) 1540 б) 1389 в) 1350 г) 1435

10. 5 цифрасын 5 жолу пайдаоануу менен кантип 100 дү алууга болот.

11. Кундуз сан ойлоду. Аны 36 га көбөйтсө, 720 келип чыгат. Кундуз кандай сан ойлогон?

а) 15 б) 18 в) 30 г) 20

12. Нурсултан 4 км/саат ылдамдык менен басса, анда ал 3 км жолго кандай убакыт сарптайт?

а) 60 мин б) 45 мин в) 40 мин г) 15 мин

13. Төмөндөгү жылдызчалардын ордуна арифметикалык амалдарды кой.

9 * 3 * 5 * 6 * 5 = 165


3

1. Төрт кап ун 200 кг болот. Ушундай 15 капта канча килограмм ун болот?

а) 680 б) 700 в) 750

2. Балдар үйүнө 21 кг сары май, бир нече кг пахта майын алып келишти. Эгер 66 кг май алып келген болсо, анда канча килограмм пахта майын алып келишкен?

а) 39 б) 45 в) 40

3. 25 окуучу 2 ден 12 партага жайгаштырууга болобу?

а) болот б) болбойт в) 1 окуучуга ашык

4. АВСД тик бурчтугунун жактары төмөнкүчө: АВ=4 см, ВС=5 см,. Анын периметрин эсепте.

а) 16 см б) 18 см в) 20см

5. 7 дм, 9 дм, 4 дм канча сантиметр болот?

а) 40 см, 95 см, 17 см б) 60 см, 70 см, 40см в) 70 см, 90 см, 40 см

6. 4385 санында 3 цифрасы эмнени түшүндүрөт ?

а) бирдигин б) ондугун в) жүздүгүн г) миңдигин

7. 3,9,1,4 цифралардын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жаз.

а) 3914; 4192 б) 9143; 3496 в) 1493; 9314

8. Шаардын арасындагы аралык 4200 км. Поезд 2100 км жолду басып өттү. Калган жол өтүлгөн жолдон канча эсе кыска?

а) 3 эсе б) 4 эсе в) 2 эсе

9. 25 дм= ..м..дм 5м=.....дм 3 м 8 см=..........см

67 см=...дм...см 5 дм 8 см=...см 56 мм=...см...мм

10. 45 тин 9 дан бир, 5 тен бир бөлүгүн тап.

а) 7; 10 б) 10; 6 в) 5; 9 г) 12; 8

11. 4 төн 5 эсе, 4 эсе , чоң болгон сандарды жаз.

а) 22; 18 б) 20; 16 в) 25; 19 г) 27; 18

12. Узундугу 7 см 2 мм кесинди сыз. Аны барабар 9 бөлүккө бөлүп, узундугун аныкта.

а) 6 см б) 5 см в) 8 см

13. Пахта майы 90 сом турат. Ушундай 7 кг май канча турат?

а) 630 сом б) 450 сом в) 360 сом


4

1. 5 кг унду, 500гр дан бир нече пакеттерге бөлүп салышты. Канча пакет керектелет?

а) 12 б) 10 в) 9

2. Көйнөк 900 сом, ал эми костюм андан 5 эсе кымбат болгон. Костюмдун баасы канча?

а) 4300 б) 4500 в) 4200

3. Үч экинин жардамы менен 24 санын азгыла. Кошуу амалын пайдаланып эсепте.

4. Жагы 8 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын тап.

а) 64 см; 36 см б) 54 см, 40 см в) 63 см, 45 см

5. 5 дм, 9 дм, 4 дм канча сантиметр болот?

а) 50 см, 92 см, 45 см б) 50 см, 90 см, 40 см в) 50 см, 90 см, 42 см

6. 3762 санында 3 цифрасы эмнени түшүндүрөт?

а) жүздүктү б) бирдикти в) миңдикти г) ондукту

7. 5,8,2,1 цифралардын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жаз.

а) 8215; 1284 б) 5128; 8215 в) 1265; 5182

8. Эки бала бирдей баада 10 китеп алды. Биринчи бала 200 сом, экинчи бала 300 сом төлөдү. Ар бир бала канчадан китеп алган?

а) 5;6 б) 7;3 в) 4;6

9. 38 см=...дм...см 74 дм=....7 м...дм 4 м=.....дм

125 см=....м...см 56 мм=..см...мм 23 см=...дм..см жазыш керек.

10. 12 нин 4 төн бир, 3 төн бир, 6 дан бирин тап.

а) 3,4,2 б) 4,2,5 в) 6,4,2

11. 6 дан 5 эсе, 6 дан 7 эсе, 6 дан 8 эсе, чоң болгон сандарды жаз.

а) 30; 43;46 б) 31;44;45 в) 30;42;48

12. Узундугу 6 см 3 мм кесинди сыз. Аны барабар жети бөлүккө бөлүп, узундугун аныкта.

а) 6 мм б) 9 мм в) 8 мм

13. Дүкөнгө 560 кг кумшекер, бир нече кг конфет түштү. Бардыгы 920 кг таттуу түшсө, анда канча килограмм конфет түшкөн?

а) 356 б) 370 в) 360

5

1. 8 койдон 40 кг жүн кыркып алынса, 30 кг жүндү канча койдон кыркып алууга болот?

а) 6 б) 5 в) 4

2. 45 тин, 36 нын, 54 түн тогуздан бир бөлүгүн жаз.

а) 8,4,6 б) 9,4,6 в) 10,9,7

3. Ар биринде 50 кг дан 9 кап буудай, 540 кг арпа алышты. Бардыгы канча килограмм эгин алышты?

а) 890 б) 950 в) 990

4. Тик бурчтуктун узуну 4 см, туурасы 2 см. Тик бурчтуктун периметрин тап.

а) 16 см б) 12 см в) 18 см

5. 6 м 3 дм=..дм 96 мм=...см...мм 94см см=...дм..см 5 дм 8 см=...см 75 см=...дм...см 65 м=...м..дм

6. 0,4,2,7,9,1 цифраларын бир гана жолу колдонуу менен эң чоң жана эң кичине алты орундуу анды жазгыла.

а) 974210; 102479 б) 964101 ; 104792 в) 955201 ; 107924

7. Элиза ар бир тортту тең экиге бөлдү. Ар бир бөлүктү дагы тең экиге бөлдү да, 12 тарелкага бир кесимден торт салды. Бардыгы канча торт болгон?

а) 6 б) 3 в) 4

8. Ар бири 34 сомдон болгон дептердин 25 даанасы канча сом болгон?

а) 560 сом б) 640 сом в) 850 сом

9. Тик бурчтуктун аянты 24см2, бир жагы 6 см. Экинчи жагын аныкта.

а) 7 см б) 4 см в) 4 см

10. 16•0= 46-46= 93-93= 0+0=

а) 2 б) 4 в) 0

11. Гүлай ар бири 200 гр болгон 6 пачка май, 250 гр 4 пачка май сатып алды. Гүлай сатып алган майлардын салмагы канча?

а) 3 кг 100г б) 2 кг 200г в) 1 кг 200г

12. Катар келген үч 5 тин жардамы менен амалдарды коюп, 30 ду кантип алууга болот?

а) кошуу б) көбөйтүү в) кошуу, көбөйтүү

13. Беш чымчыкта канча бут бар? Төрт балада канча манжа бар?

а) 10; 40 б) 14; 40 в) 41; 10


6

1. Жашылча дүкөнүнөн ар бири 8 кг дан болгон 7 ящик алма саткандан кийин, 80 кг алма калган. Жашылча дүкөнүндө канча килограмм алма болгон?

а) 137 кг б) 136 кг в) 260 кг

2. 56 нын, 64 түн 72 нин сегизден бир бөлүгүн жаз.

а) 6;8;9 б) 9;6;4 в) 7;8;9

3. Тилектин боюнун узундугу 1 м 75 см. Ал эми жамынган жууркандын узундугу 155 см. Толук жамынып жатыш үчун канча см кошуш керек?

а) 12 см б) 20 см в) 17 см

4. Тик бурчтуктун бир жагы 7 см. Экинчи жагы 2 см. Тик бурчтуктун периметрин тап.

а) 16 см б) 9 см в) 18 см

5. 4 м 5 дм=...дм 14мм=..см..мм 54см=...дм...см 6дм 3см=...см 37см=...дм...см 63дм=...м...дм

6. Кайсы санга 1 ди кошсок беш орундуу сан келип чыгат.

а) 9300 б) 8564 в) 9999

7. Мен 250 барагы бар китеп сатып алдым. 100 барак 160 г болсо, анда китептин массасы канча болот?

а) 410 г б) 350 г в) 400г

8. Жанэркеде он 5 сомдук, сегиз 10 сомдук, беш 50 сомдук бар. Акчаны 400 сомго жеткирүү үчүн канча сом кошуу керек?

а) 50 сом б) 30сом в) 20 сом

9. Тик бурчтуктун аянты 72 см2бир жагы 9 см. Экинчи жагын аныкта.

а) 5 см б) 8 см в) 6 см г) 9 см

10. 20•0= 32-32= 38-38= 0+0=

а) 5 б) 1 в) 0

11. 5 банка жүзүмдүн ширеси 15 л. Ар бир банкада кана литрден шире болгон?

а) 4 л б) 3 л в) 2 л

12. Төрт 3 түн жардамы менен 15 ти жаз.

а) 3+3+3+3 б) 3*3+(3+3) в) 3-3*3+3

13. Он кулунда канча бут бар? Эки жылкыда канча куйрук бар?

а) 42;2 б) 30;3 в) 40;2



7

1. Жылкы бир күндө 15 кг чөп жейт, ал эи кой андан 5 эсе аз жейт. Койго 30 күнгө канча чөп керек?

а) 70 кг б) 69 кг в) 90 кг

2. 3 м 9 см=...см 5см 9мм=...м 3 м 40дм=...дм 62 дм=....м...дм 320см=....м...см 560мм=...см

3. Геологдор баалуу 7 таш таап алышты. Алардын массасы: 1 кг, 2 кг, 3 кг, 4 кг, 5кг, 6кг, 7кг болгон. Бул таштарды төрт баштыкка бирдей кылып кантип салууга болот?

а) 6 баштык б) 7 баштык в) 4 баштык

4. Бирдей муундары 6 см 3 мм ден болгон үч муундуу сынык сызык сызып, анын жалпы узундугун тап.

а) 16 см 7мм б) 17 см 4мм в) 18 см 9мм

5. Жагы 5 см болгон квадраттын аянтып тап.

а) 20 см2 б) 25 см2 в) 24 см2

6. Төмөнкү барабардык туура болгондой кылып көп чекиттин ордуна амалдард коюп чыгар.

6...9=54 560.....7=80 9....9=81 27....3=9

7. Керим 500 сомго көйнөк, андан 1000 сомго кымбат шым алды. Керим шым менен көйнөккө канча акча төлөдү?

а) 1200 сом б) 2000 сом в) 1500 сом

8. 120 дан 50 гө, 40ка, 60 ка кичине сандарды жаз.

а) 71; 80; 60 б) 70; 80; 60 в) 70; 80; 65

9. Корзинадагы 72 алманы 9 балага тептең, бүтүндөн тийгендей кылып бөлгүлө.

а) 6 б) 2 в) 8

10. Суммасы менен көбөйтүндүсү барабар болгон санды жаз.

а) 5+5; 2*2 б) 2+2; 2*2 в) 3+3; 4-3

11. 10,20,30,40 сандарын пайдаланып, барабардыгы 5 келип чыга тургандай бир нече туюнтмаларды түз.

12. Тик бурчтуктун жактары 3 см жана 4 см. Анын аянты менен периметрин төмөнкүлөрдөн таап жаз.

а) 14см2; 12 см б) 12см2; 14 см в) 10см2; 15 см

13. Бирдей муундары 5 см 2 мм болгон үч муундуу сынык сызык сызып, жалпы узундугун тап.

а) 15 см 6 мм б) 12 см 7 мм в) 16 см 5 мм


8


1. Бермет 56 кг конфетти 7 кг дан клып пакеттерге бөлүштүрүп салды. Конфеттерди салганга Бермет канча пакет керектеди?

а) 9 б) 12 в) 8

2. 4 м 6 см=..см 6 см 8мм=...мм 5м 30дм=...дм 52 дм=..м...дм 430см=....м..см 740мм=....см

3. Мен сан ойлодум. Аны 6 га көбөйтсө 300 болот. Мен кандай сан ойлодум?

а) 45 б) 50 в) 60

4. Узундугу 2 дм 3 см 9 мм болгон кесинди сыз. Ал канча миллиметр?

а) 239 мм б) 338 мм в) 236 мм

5. Квадраттын жагы 4 см. Квадраттын периметрин тап.

а) 18 см б) 16 см в) 24 см

6. Төмөнкү барабардык туура болгондой кылып көп чекиттин ордуна амалдарлы коюп чыгар.

20...5...5=30 28....2....0=30

а) кемитүү б) кошуу в) көбөйтүү

7. Дүкөнгө 9 кг дан 8 жашик алча, андан 60 кг га көп кара өрүк алып келишти. Дүкөнгө канча килограмм мөмө-жемиш түштү.

а) 200кг б) 202кг в) 204 кг

8. 36 дан 6 эсе, 4 эсе кичине сандарды аныкта.

а) 8; 4 б) 6; 9 в) 8; 9

9. Бутакта 12 кара чыйырчык конуп олтурган. Аларга дагы 14 кара чыйырчык учуп келип кошулду. Бутактан 9 кара чыйырчык учуп кетти. Бутакта бардыгы канча кара чыйырчык конуп олтурат?

а) 17 б) 48 в) 26

10. 20 дан, 25 тен, 30 дан, 35 тен, 40 тан, 45 тен, 50 дөн 5 эсе кичине сандарды жаз.

а) 4,6,10,9,3,12 б) 4,5,6,7,8,9,10 в) 3,6,8,14,12,25

11. 1,2,3 цифраларынын жардамы менен бардык мүмкүн болгон эки орундуу сандарды жазып, суммасын тап. ( цифралары 2 жолу кайталанбасын).

а) 130 б) 135 в) 132

12. Тик бурчтуктун жактары 40 см жана 5 см. Анын аянты менен периметрин төмөнкүлөрдөн таапп жаз.

а) 14 см2; 25 см б) 20 см2; 18 в) 10см2; 15 см

13. 1 дм 6 см 4 мм болгон кесинди сыз. Анда кана мм бар экенин аныкта.

а) 156мм б) 454мм в) 164мм

8

1. Биринчи эгин талаасынан 140 т, ал эми биринчисине караганда, экинчисинен 2 эсе көп эгин жыйнашты. Эгин талааларынан канча тонна эгин жыйнашкан?

а) 420 б) 440 в) 480

2. 975 жана 875 тин айырмасына 900 дү кош.

а) 900 б) 1000 в) 200

3. Тик бурчтуктун периметри 32 см. Жактары канча сантиметр болушу мүмкүн?

а) 9 см; 2 см б) 6 см; 7см в) 9 см; 7 см

4. Жагы 6 см болгон квадраттын периметринин 4 төн бир бөлүгү канча?

а) 5 см б) 6 см в) 8 см

5. Короодо 250ак кой, андан 5 эсе аз кара кой бар. Короодо канча кой бар?

а) 50 б) 55 в) 54

6. Көчмөндөр оюнунда 1000 комузчу комуз чертишти. Алардын тең жарымы кыздар. Канча кз комуз чертүүгө катышкан?

а) 450 б) 490 в) 500

7. Бир кап ун 50 кг болсо, төрт кап ун канча килограмм ун болот?

а) 100 кг б) 120 кг в) 110 кг

8. 260 менен 10 дун көбөйтүндүсүндө ,270 менен 2 нин көбөйтүндүсүн кош.

а) 2045 б) 2050 в) 3140

9. 1 жана 0 цифраларынан төрт орундуу канча сан жазууга болот? Ойлонуп жаз.

10. 3 саат 32 мин=...мин 15 сом=....тый 2 м 32 см=....см

11. Тологонай 63 кг конфетти 7 кг дан кылып пакеттерге бөлүштүрүп салды. Конфеттерди салганга канча пакет керектелди?

а) 9 б) 8 в) 10

12. 250 менен кайсы сандын суммасынын 3 эсеси 1500 болот?

а) 120 б) 170 в) 250

13. 7 7 7 7 =98 барабардык туура болгондой кылып , 7 цифраларынын арасына амалдарды койгула.

а) *; +; * б) +; -; * в) +;+;+


8

1.Жашылча дүкөнүнө 20 кг дан 26 жашик алмурут, 15 кг дан 32 жашик алма алып келишти. Канча килограмм алма жана алмурут алып келишкен?

а) 1000 кг б) 1006 кг в) 1008 кг

2. 900 жана 600 түн айырмасына 700дү кош.

а) 700 б) 1000 в) 800

3. Тик бурчтуктун периметри 20 см, бир жагы 6 см. Тик бурчтуктун экинчи жагын аныкта.

а) 4 см б) 5 см в) 3 см

4. Квадраттын аянты 36 см2. Жактары канча сантиметр болушу мүмкүн?

а) 4 см б) 6 см в) 7 см

5. Короодо 36 кой, андан 9 эсе аз эчки бар. Короодо канча эчки бар?

а) 40 б) 35 в) 45

6. Бөлүүнү аткаруда жылдызчанын ордуна цифраларды кой.

8*:9 = 9 7*:8 = 9 3*:8 = 4 2*:3 = 9

7. Ар бир мууну 5 см 4 мм болгон үч муундуу сынык сызыктын узундугун аныкта.

а) 14 см 5мм б) 16 см 3мм в) 16 см 2 мм

8. Эгер кемүүчү 264, ал эми айырма 94 болсо, кемитүүчүнү тапкыла.

а) 165 б) 170 в) 175

9. 10 килограмм жаңы үзүлгөн алманы кургатканда 1500 грамм как алынат. Эгерде 50 килограмм жаңы үзүлгөн алма кургатылса, андан канча алманын кагы алынат?

а) 7кг 500г б) 6кг 500г в) 8 кг 500г

10. Биринчи сан 42, экинчи сан биринчи сандан 30 га чоң, ал эми үчүнчү сан экинчи сандан 25 ке чоң. Үч санды кошкула.

а) 195 б) 192 в) 211

11. Алтынай 80 кг алманы 10 ящикке бөлүштүрүп салды. Алтынай ар бир ящикке канча килограммдан алма салган?

а) 10 кг б) 8 кг в) 9 кг

12. 250 менен кайсы сандын суммасынын 3 эсеси 1110 болот?

а) 120 б) 170 в) 200


13. Үч жумушчу 950 сом алышкан. Биринчи жумушчу 350 сом, экинчи жумушчу биринчи жумушчуга караганда 60 сомго аз алган. Үчүнчү жумушчу канча сом алган?

а) 290сом б) 350 сом в) 310 сом


9

1. Дүкөнгө нан алып келишти. Түшкө чейин 600 нан сатылгандан кийин, дүкөндө 443 нан калды. Канча нан алып келишкен?

а)1045 б) 1043 в) 1043

2. Төмөндөгү жылдызчалардын ордуна арифметикалык амалдарды кой.

а) 3*2*1*4*5*3=12 б) 7*9*8*4*3*5=12

3. Үч тоок үч күндө үч жумуртка тууса, анда он эки тоок он эки күндө канча жумуртка тууйт?

а) 24 б) 12 в) 22

4. Бирди өзүнө өзүн 1000 жолу көбөйтсө канча болот?

а) 10 б) 1 в) 1000

5.18 см узундуктагы кесинди сыз. Анда канча дециметр жана сантиметр бар?

а) 1дм 6 см б) 1дм 8 см в) 1 дм

6. Үч бурчтуктун периметри 19 см болсо, жактары кандай болушу мүмкүн?

а) 7см; 5см; 7см б) 6 см; 9см; 6 см в) 5см; 8см; 7см

7. 3саат=...мин 7сом=...тый 3м 20см=...см 87 сек= ...мин...сек

8. Мектептин ашканасына 25 кг май. Андан 5 эсе көп күрүч алып келди. Мектептин ашканасына канча килограмм күрүч алып келишкен?

а) 100 кг б) 125 кг в) 135 кг

9. Сагын 2 кг алчага 4 кг кумшекер кошуп варение жасады. 12 кг кумшекерге канча кг алча кошот?

а) 6 кг б) 5 кг в) 7 кг

10. 3 км 400м=...м 9кг 300г=..г 6саат 20 мин=...мин 20дм=...см 8м 7 дм=....дм 5 сом 20 тый=....тый

11. Эки баланын жаштарынын айырмасы канча жыл болот?

а) 8 жыл б) 6 жыл в) 4 жыл

12. 7002 де канча бирдик бар?

а) 4 бирдик б) 3 бирдик в) 2 бирдик

13. 630: х=7 теңдемесинин тамырын тап.

а) 90 б) 80 в) 50 г) 60


10

1. 10 көйнөк 2500 сом турса, бир көйнөк канча сом турат?

а) 300 сом б) 250 сом в) 180 сом г) 280 сом

2. Айганшы бир сан ойлоду. Ал санга 7 ни кошуп, 7 ни кемиткенде кайра эле ошол 7 келип чыкты. Айганш ойлогон санды тап.

а) 6 б) 8 в) 50 г) 7

3. 100 санын бер бирдин жардамы менен кантип жазабыз.

4. 15 см болгон кесинди сызю. Анда канча миллиметр болот?

а) 15 мм б) 120 мм в) 100 мм г) 150 мм

5. Тик бурчтуктун периметри 16 см, бир жагы 3 см. Тик бурчтуктун экинчи жагын аныкта.

а) 4 см б) 5 см в) 6 см г) 7 см

6. Эки атасы жана эки баласы 3 жумуртка жешти. Алар канчадан жумуртка жешти жана кантип бөлүштүрүштү. а) 6 б) 1 в) 0 г) 2

7. Нурсултандын 20 жылкысы бар. Андан 9 эсе көп кою бар. Нурсултандын канча кою бар.

а) 120 б) 180 в) 150 г) 170

8. Гүлай колуна 86 саны жазылган карточканы кармап турган. “ Эч кандай амалдарды аткарбай жазуу жумушун иштебей туруп 86 санын 12 ге чоңойтуп берчи”- деди мугалим. Анда эмесе Гүлайга жардам бер.

9. Айдардан- “ Эсен канчадасың?” деп сураса, “ Аны бир орундуу сандын эң кичинесин, эң чоңуна кошуп, экиге бөлсөң табасың. Мен ошончодлмун- деп жооп берди. Ал канчада?

а) 12 жашта б) 8 жашта в) 5 жашта г) 7 жашта

10. Үч бала, үч партия шахмат ойношту. Булардын ар бирөө канча партиядан шахмат ойношкон?

а) 1 б) 4 в) 3 г) 2

11. 900 де канча ондук бар?

а) 90 ондук б) 900 ондук в) 9000 ондук г) 9 ондук

12. Үч бир туугандын улуусунда 60 сом бар. Эгер ортончусунда улуусунан 10 сомго көп, ал эми кичүүсүндө ортончусунан 5 сомго көп акчасы болсо, баларда канча акча болгон?

а) 300 сом б) 432 сом в) 350 сом г) 205 сом


11

1. Окуучулар 54 даракты ар бир катарга 9 дан кылып отургузушту. Окуучулар канча катар дарак отургузушкан?

а) 5 б) 4 в) 6 г) 7

2. Айганыш 2 кг алчага 4 кг кумшекер кошуп варение жасады. 12 кг кумшекерге канча кг алча кошот?

а) 10 кг б) 6 кг в) 7 кг г) 8 кг

3. Агасы 48 жашта, карындашы андан 6 эсе кичүү. Карындашы канча жашта?

а) 9 жашта б) 7 жашта в) 8 жашта г) 10 жашта

4. Айлананын радиусу 4 см. Диаметри канча?

а) 8 см б) 6 см в) 10 см г) 9 см

5. Өсүү тартибинде жайгашкан 3 так сандын суммасы 321 ге барабар болсо, бул сандардын эң кичинеси кайсы сан болот?

а) 204 б) 114 в) 105 г) 203

6. Мен бир сан ойлодум. Аны 80 ге көбөйтсөң, 4480 чыгат. Мен кандай сан ойлодум?

а) 106 б) 56 в) 39 г) 221

7. Квадраттын периметри 28 см. Квадраттын жагы канча сантиметр?

а) 8 см б) 7 см в) 5 см г) 6 см
8. Эки шаардан бири-бирин көздөй эки жеңил машина чыкты. Биринчиси 15 км, экинчиси 30 км ге көп аралыкты өттү. Бул шаарлардын арасындагы аралыкты аныкта.

а) 330 км б) 340 км в) 280 км г) 320 км

9. Таразанын оң жагында дарбыз, ал эми сол жагында коон жана 1 кг дык үч тараза ташы турат. Дарбыз оорбу же кон оорбу? Канча килограммга?

10. Бидондо 32 л суу, ал эми чакада андан 4 эсе аз суу бар. Чакада канча литр суу бар?

а) 8 л б) 9 л в) 7 л г) 8 л

11. Жагы 9 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын эсепте.

а) 34 см; 80 см2 б) 36 см; 81 см2 в) 37 см; 82см2

12. Огороддо 40 түп алма багы. Андан 4 эсе көп алмурут бар. Огороддо канча түп алмурут болгон?

а) 100 б) 120 в) 160 г) 180

13. Суроонун ордуна кайсы сан келет? 6,12,24 ? 96 192...


№7 2-катар

1. 630 сомго кир жуучу самын алды. Эгер бир самын 90 сом турса, канча самын алат?

а) 7 б) 9 в) 8 г) 5

2. 2 ге бөлгөндө калдыгы 1,3 кө бөлгөндө калдыгы 2,4 кө бөлгөндө калдыгы 3,5 ке бөлгөндө калдыгы 4,6 га бөлгөндө калдыгы 5 жана 7 ге болгөндө бүтүн сан келип чыга турган санды тапкыла

а) 237 б) 119 в) 213 г) 245

3. Атам 56 жашта, бөбөгүм андан 7 эсе кичүү Бөбөгүм канча жашта?

а) 8 б) 9 в) 5 г) 7

4. Айлананын радиусу 5 см. Диаметри канча?

а) 7 см б) 8 см в) 10 см г) 9 см

5. Эртең мененки 6.00 дөн 12.00 чейин канча саат болот? 12.00 дөн эртең мененки саат 6.00 гө чейин канча саат болот?

а) 12.00 чейин 10 саат б) 6 саат в) 5 саат г) 4саат

6. Мен бир сан ойлодум. Аны 855 ке бөлсөң 19 чыгат. Мен кандай сан ойлондум?

а) 1756 б) 95678 в) 18780 г) 16245

7. Квадраттын периметри 36 см. Квадраттын жагы канча сантиметр?

а) 6 см б) 8 см в) 9 см г) 7 см

8. Самолёт 3 минутада 30 км аралыкты басып өтсө, 40 минутада канча километр аралыкты басып өтөт?

а) 350 км б) 400 км в) 420 км г) 380 км

9. Бийиктиги 6 метр болгон карагайдын башын көздөй үлүл чыгып бараткан. Ал күндүз 4 метрге жогору жылат, түнкүсүн 3 метрге төмөн түшөт. Үлүл карагайдын башына канча күндө чыгат?

а) 2 күндө б) 3 күндө в) 1 күндө г) 4 күндө

10. 6 банка жүзүмдүн ширеси 18 литр. Ар бир банкада канча литр шире бар.

а) 2л б) 3л в) 5л г) 4 л

11. Жагы 7 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын эсепте.

а) 28 см; 49 см2 б) 60см; 75 см2 в) 35 см; 52 см2

12. Окуучулар 56 даракты ар бир катарга 8 ден кылып отургузушту. Окуучулар канча катар дарак отургузушкан?

а) 8 б) 6 в) 7 г) 8

13 Суроонун ордуна кайс сан келет? 8, 16 ,32 ? 128, 256......

12


1. 3 көйнөк 4800 сом турат. Ушундай 6 көйнөк канча турат?

а) 9100 сом б) 9600 сом в) 8900 сом г) 8700 сом

2. Айганыш кутучага жөргөмүш жана коңуз кармап салды. Алардын буттарын санаса 108 экен. Кутучада канча жөргөмүш жана канча коңуз болгон?

а) коңуз 12 б) коңуз 10 в) коңуз 11 г) коңуз 8

3. Жактары 6 см болгон квадраттын аянтынын 4 төн бир бөлүгун тап.

а) 8 см б) 9 см в) 10 см г) 11 см

4. Спорт залда 58 адам болгон. Бир нече киши келгенден кийин , 190 адам болуп калды. Спорт залга канча адам келген?

а) 140 б) 130 в) 132 г) 138

5. Бамбук жыгачы бир суткада 40 см ге чейин өсөт. Бийиктиги 20 см болгон бамбук жыгачы канча суткада 3 метрге чейин өсүп жетет?

а) 6 күн б) 5 күн в) 7 күн г) 9 күн

6. Гүлай бир сан ойлоду. Аны 62 ге көбөйтсөң 1736 чыгат. Гүлай кандай сан ойлоду?

а) 18 б) 30 в) 28 г) 32

7. Дарбыздын салмагы 24 кг, ал эми коондун салмагы 2 эсе кичине. Коондун салмагы канча?

а) 11 кг б) 12 кг в) 10 кг г) 13 кг

8. Айлананын радиусу 3 см 4 мм болсо, диаметри канча болот?

а) 6 см 9мм б) 5 см 8мм в) 6 см 8мм г) 7 см 6мм

9. Класстык досканын периметри 50 дм, ал эми узуну 15 дм болсо туурасы канча?

а) 8 см б) 9 см в) 10 см г) 11 см

10. Автобуста 44 адам болгон аялдамадан бир нече адам түшүп калгандан кийин , 21 киши калдыю Автобустан канча киши түшкөн?

а) 20 б) 22 в) 23 г) 21

11. 9 санынын оң жагына жана сол жагына бирдей цифраны жазсак, анда 7 ге бөлүнүүчү үч орундуу сан келип чыгат. Ал сан кайсы сан?

а) 8 б) 3 в) 5 г) 4

12. Костюм 5600 сом, көйнөк андан 8 эсе арзан. Көйнөк канча сом турат?

а) 800 сом б) 700 сом в) 500 сом г) 600 сом

13. Дарыканадан ар бири 20 гр дан болгон маздын 30 даанасын алып келди. Бардык маздын салмагы канча грамм?

а) 600 г б) 550 г в) 610 г г) 580 г


13

1.Биринчи көчөдө 80 үй. Экинчи көчөдө андан 9 эсе көп үй бар. Экинчи көчөдө канча үй салынган?

а) 720 б) 760 в) 800 г) 820

2. Ийнелик 10/сек ылдамдык менен учат. Ал бир саатта кандай аралыкты учуп өтөт?

а) 3500 м; 2400м б) 4200м; 3400м в) 3600м; 3800м г) 4000м; 3200м

3. Асан, Эсен жана Акмат болуп балык кармоо үчүн Чүй каналына барышты. Алардын ар бирөө ар кандай сандагы балык кармашты. Асан менен Эсен 6 балык, Акмат менен Эсен 4 балык кармаган. Акмат канча балык кармаган? Балдардын ар бирөө канч абалык кармаган?

а) Асан 6 Эсен 1 Актмат 2 б) 5 3 1 в) 3 5 2 г) 7 4 6

4. Короодо 480 кой, бир нече козу бар эле. Бардыгы болуп 970 жандык болгон. Короодо канча козу болгон?

а) 490 б) 500 в) 495 г) 485

5. Капаста бир нече коён болгон. Алардын кулактарын санаса 12 экен, анда алардын куйруктары канча?

а) 6 б) 5 в) 7 г) 9

6. Аяна бир сан ойлоду. Аны 56 га бөлсөң 28 чыгат. Аяна кандай сан ойлоду?

а) 1568 б) 1530 в) 1438 г) 1620

7. Агасынын 63 чүкөсү бар. Инисиники аа караганда 7 эсе аз. Инисинин канча чүкөсү болгон?

а) 8 б) 5 в) 7 г) 9

8. Айлананын диаметри 10 см 4 мм болсо, радиусу канча болот?

а) 5 см 4мм б) 5 см 2мм в) 6 см 2мм г) 5 см 4мм

9. Жагы 8 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын эсепте.

а) 30 см; 60см б) 32см; 62см в) 36 см; 61см г) 32 см; 64 см

10. Мектеп боюнча 2100 окуучу болгон. Бир нече окуучу ооруп мектепке келбей калды. Мектепке 1972 окуучу келген. Канча окуучу ооруп калган?

а) 125 б) 128 в) 130 г) 124


11. 5 ке жана 3 кө бөлүнө турган бардык үч орундуу санды жаз.

12. Бакчадан 8400 кг алма, андан 2 эсе аз алмурут жыйнашты. Канча килограмм алмурут жыйнашкан?

а) 4300 кг б) 4200 кг в) 3100 кг г) 5200 кг

13. Ар бири 350 г дан болгон 8 куту конфеттин салмагы канча грамм?

а) 2 кг 600 г б) 2 кг 550 г в) 2 кг 800 г г) 2 кг 580 г


Тест №14

  1. Биринчи катарда 7 окуучу , ал эми экинчи катарда 5 эсе көп окуучу болгон. Экинчи катарда канча окуучу болгон?

□   12 окуучу          □ 28 окуучу        □ 35 окуусу          □ 32 окуучу

2.45 жана 15 сандарынын айырмасын алуу үчүн 60 дан кайсы санды алуу керек?

□  33                     □ 47                          □ 30                          □ 10

3.Биринчи идиште 40 л суу , ал эми экинчи идиште 5 эсе аз суу болгон.Эки идиште канча л суу бар?

  □ 40 л                  □ 9 л                            □ 54                □ 48 китеп            

4. Жактары 6 см ден болгон квадраттын периметрин тап.

       □ 15 см                       □ 36 см                            □ 8 см □ 42 см


5.Туурасы   4 см , ал эми узуну 2 см ге узун болгон тик бурчтуктун аянтын тап ?

       □ 15см²                         □ 40 см²                      □ 16см²      □ 24 см²      


6.Туюнтма түзүп жазып чыгар : 9 жана 3 сандарынын көбөйтүндүсүнөн 20жана4сандарынынтийиндисинкемит_______________________________________________________

7.Туюнтманын маанисин тап: (45 · 1) – ( 0 • 32) + (5:5) =

            □ 29                 □ 0                  □ 46                         □ 26              □ 1

8.Атчан киши бир саатта 3 км жол жүрсө , анда 2 саатта канча км жол жүрөт?

           □ 6 км                       □ 4 км              □ 5 км □ 15 км


  1. Х   тин ордуна кайсы санды койсо барабардык туура болот. Теңдемени чыгар:

       Х – 6 = 13               15 – р =5   а : 3= 6 с •8=40

Х= р = а= с=


10.Туюнтманын маанисин тап: (20 : 5 ) + (10 : 2) – ( 64 : 8) · 2 =

□2                  □ 0                        □ 3 □ 55

  1. Маселенин шартын жазып чыгар: Биринчи кесинди 4 см , ал эми экинчиси андан 3 эсе узун , ал эми үчүнчү кесинди экинчи кесиндиден 2 см ге кыска. Баардык кесиндилердин узундуктарын тап?

□ 9 см                     □ 12 см                  □ 26 см                   □22 см

  1. Маселенин шартын жазып чыгар:

 Дүкөндө ар биринде 8 кг дан болгон 6 пакет конфет , ар биринде 4 кг дан болгон 2 пакет печенье бар. Дүкөндө конфет печеньеге караганда канча эсеге көп?



Тест

1.Үч ага ининин экиден карындашы бар. Үй - бүлөдө канча бала бар?

а) 5 б) 9 в) 6

2. Эки сандын суммасы 25 ке барабар. Анын бири экинчисинен 7 ге чоң. Булар кайсы сандар?

А) 18 жана 7 б) 9 жана 16 в) 12 жана 13



3. Кайсынысы оор:1 кг пахтабы же 1 кг темирби?

А) пахта б) темир в) барабар



4. 7 лампочка күйүп турган . Алардын ичинен 3өө өчүп калды. Канча лампочка калды.

А) 7 б) 3 в) 4 г) 0

5. Калып калган санды аныкта:

А9

+

Б4 А=______ Б= ________


6. Фигуралардын кайсынысы сынык фигура болуп эсептелет? Ошол фигураны тегеректе


О Z S W

7. Барабардык туура болуш үчүн сандардын арасына “+” же “-“ белгисин кой.

1 2 3 4 5 = 5

1 2 3 4 5 = 41

8. Төмөндөгү сандардын катарынын түзүлүш эрежесин дагы 3 санды жазуу менен аныкта:

3, 5, 9, 15, 23, _____, ____, _____.

9. Эки текчеде 20 китеп турат. Үстүңкү текчеде астыңкы текчеге караганда 6 га көп. Ар бир текчеде

канчадан китеп болгон?

А) 10 жана 16 б) 7 жана 13 в) 20 жана 6

10. 2 колдо 10 манжа бар. 10 колдо канча манжа бар?

Жообун жаз .____________________________________________________

11.Маселенин шартын түзүп жазып чыгар:

Көлдө 5 ак куу жана андан 3 кө ашык өрдөк сүзүп жүрөт. Көлдө бардыгы канча канаттуу

жүрөт?



  1. Бардык бир орундуу сандарды жазгыла жана алардын ар бирин 5 ке чоңойткула.







13. Узундугу 12 дм болгон лентаны эки барабар бөлүккө бөл , ар бир бөлүктүн узундугу канча см ге барабар болот?



14. Талдап жазып чыгар: Китептин 80 бети бар. Окуучу күнүгө 9 беттен 3 күн окуду. Ага окуганга

Канча бет калды?__________________________________________________________



Тест

1.Короону тосуу үчүн аралыгы 2 метрден болгон 20 жыгач түркүктөрдү жерге орнотушту. Короону тосконго канча м узундуктагы тосмо керектелет?

А) 40 м б) 42 м в) 38 м г) 25м

2. Туютмалардын маанисин салыштыр. Кандай белги коюш керек?

38•7 + 38•3 ... 38•11

3.Кийинки 2 белги кандай болот?

* # & * # & ... ... ...

а) # б)& в) #&

4. Айгүл Мараттан кичүү , ал эми Марат Кайраттан кичүү . Кимиси кичүү.

А) Айгүл б) Кайрат в) үчөө тең г) Марат

5. 4 таякчадан аларды сындырбай туруп, 7 санын кантип алабыз. Сүрөтүн тарт.( Рим цифрасын эсте)





6. Сага белгилүү болгон арифметикалык амалдарды жана кашааларды пайдаланып барабардык түз.

5 5 5 5 = 6 5 5 5 5 = 7

5 5 5 5 = 30

7. 8 жана анын жарымына барабар болгон санды тап.

А) 4 б) 12 в) 16 г) 8

8. Короодо тооктор жана койлор бар . Бардыгы 5 баш жана 14 бут бар болсо, канча тоок жана кой бар?

Жообун жаз._________________________________________________________

9.Эки атасы жана эки баласы эрте мененки тамакка 3 жумуртка жешти. Ар бири бирден жумуртка жешти. Бул кандайча ушундай болду.

Жообун жаз.____________________________________________________________



10. Төмөндөгү сандардын катарынын түзүлүш эрежесин дагы 3 санды жазуу менен аныкта:

3 , 5 , 8, 12, 17,____,_____,____.

11.Маселенин шартын жазып чыгар:

Залда 96 орун бар. Ар биринде 10 дон орун болгон 8 катар бош эмес. Залда канча бош орун бар?





12. 2 кесинди чийгиле: Биринчисинин узундугу 8 см , ал эми экинчисинин узундугу биринчисинин узундугунун төрттөн бир бөлүгүнө барабар .

  1. Жылдызчанын ордундагы санды аныкта:

А 2 7 А=___ А 5 8 А= ___ 8 А 1 А=____

-7 В 2 В=____ +6 4 С В= ___ -4 5 С В=____

2 1 С С=____ 8 В 6 С=___ В 1 5 С=_____

14.Маселенин шартын түзүп чыгар:

Бала 5 мин да 500 м жол басты. Эгер бала ар бир минутада бирдей жол басса, 1 саатта канча км

жол басат?



Тест

1.Окуучуга жалаң кесиндилерден турган фигураны чийүү тапшырмасы берилген эле. Ал кайсы фигаларды ашыкча чийген. Ашыкча чийилген фигураны тегеректе.

О + + × S

2.6 картошка 30 минутада бышса, анда бир картошка канча минутада бышат?

А) 5 б) 10 в) 30

3.Жипти 5 жерден кыркышты. Канча бөлүк пайда болду?

А) 10 б) 5 в) 6 г) 4

4.Болот айылда бир жума жана 2 күн конокто болду. Болот айылда канча күн болду?

А) 3 б) 7 в) 10 г) 9

5. Барабардык туура болуш үчүн цифралардын арасына “-“ же ”+” белгилерин кой:

1 2 3 4 5 = 54

1 2 3 4 5 = 168

6.Чуркоо боюнча мелдеш болду. Анда Акмат ,Үсөн жана Айбек үч орунду ээлешти. Үсөн экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген жок, ал эми Айбек үчүнчү орунду ээлеген жок. Кимиси канчанчы орунду ээледи?

Акмат _________________________________

Үсөн___________________________________

Айбек__________________________________

7.Карындашы 4 жашта, ал эми агасы 6 жашта. Карындашы 6 жашка чыкканда , анда агасы канча жашта болот?

А) 12 б) 10 в) 8

8. Бул сандын катарынын түзүү эрежесин тап. Дагы 3 санды улап жазуу менен улант.

3, 5, 9, 15, 23, ____ ,_____ , _____ .

  1. Максат канча жашта ? Аны табуу үчүн эң кичине эки орундуу сандан бир орундуу эң кичине так санды кемит. Жообун жазып чыгар.



  1. Биринчи катарда ортолору 2 см ден болгон 8 таш . Ал эми экинчи катарда ортолору 1 см ден болгон 15 таш тизишти . Кайсы катар узун ? Жообун жазып чыгар.





Тест

1.Шоколадды бир нече бөлүккө бөлүштү. Бала 2 бөлүгүн, кыз 3 бөлүгүн алды. Дагы бир бөлүгү ашып калды. Шоколадды канча бөлүккө бөлүшкөн? Жообун жазып чыгар.



2.Катардагы кийинки эки белги кандай болот. Туура жообун тегеректе.

Y Z # o Y...

А) #Z б) Z# в) oY

3.Марат столдун үстүнө таштардын ортосун бирдей 2 см ден кылып тизди .

Эгерде жалпы аралык 10 см болсо , анда канча таш тизген болот?

Жообун жазып чыгар.



4.Үч түстөгү футбол тобу болгон. Кызыл түстөгү күрөңдөн оор, ал эми күрөң түстөгү

жашылдан оор. Кайсы түстөгү топ эң оор ? Кызылбы же жашылбы? Жообун жазып чыгар.



5.Каздын салмагы 2 кг . Эгерде ал бир буту менен турса , канча кг болот?

Туура жообун тегеректе.

А) 4 кг б) 2 кг в) 1кг

6. Ашымдын бир нече дептери болгон. Ал эми Адилетте ага караганда эки эсе көп болгон. Экөөндө биригип 9 дептер болсо, ар биринде канчадан дептер бар?

Ашымда__________________ , Адилетте_____________________

7.Барабардык туура болуш үчүн сандардын арасына “+” же “-“ белгисин кой.

1 2 3 4 5 = 54

1 2 3 4 5 = 168

8. Даниярдын эки чөнтөгүндө 20 сом болгон. Ал биринчи чөнтөгүнөн 6 сомду алып экинчи чөнтөгүнө салгандан кийин , эки чөнтөгүндө акча бирдей болуп калды. Адегенде Даниярдын

эки чөнтөгүндө канча сомдон болгон? Туура жообун тегеректе.

А) 16 жана 4 б) 10 жана 10 в) 6 жана 14

9. Ручка карандаштан 15 сомго кымбат. 5 ручка 5 карандаштан канча сомго кымбат?

А) 15 сомго б) 75 сомго в) 3 сомго

10.Чоң эне неберелерине шарф жана мээлей ( кол кап ) токуду. Ал бардыгы 3 шарф жана 6 мээлей токуду. Чоң эненин канча небереси бар?

А) 3 б) 6 в) 9

11. Бала чуркоочу жолдо столбалар коюлган. Старт биринчи столбадан башталат.

12 минутадан кийин бала төртүнчү столбага жетти. Канча минуттан кийин бала

жетинчи столбага жетет? ( баланын ылдамдыгы бирдей) Жообун жазып чыгар.Чиймесин чий.





Тест

1 . Короону тосуу үчүн аралары 2 м ден болгон 20 столбаларды ортнотушту.Короонун жалпы узундугун тап. Туура жообун тегеректе.

40 м 42м 38м ( 1 балл)

2.Акмат Кубаттан кичүү , ал эми Кубат Кайраттан кичүү . Кимиси кичүү?

Туура жообун тегеректе . Акмат Кубат Кайрат (2 балл)

3.Арифметикалык амалдарды , кашааларды пайдаланып барабардык түз.

5 5 5 5 =6 5 5 5 5 = 7 5 5 5 5 = 30 (3балл)

4.Сандардын катарынын жайгашуу эрежесин тап. Дагы 3 санды жазып ула.

3,5,8,12,17,__, ___,____, (2балл)

5.Дүкөндө картошканы 24 пакетке 5 кг дан жана 3 кг дан кылып салышты. 5 кг дан салынган пакеттердин салмагы 3 кг дан салынган пакеттердин салмагына барабар болсо, анда 5 кгдыктан канча жана 3 кгдыктан канча пакет болду?

5 кг дан _____ , 3 кг дан ____.

6.Узуну 5 м болгон отун болгон. Отунду 1 минутта 1 метрден аралашты. Баардык отунду канча минутта аралашат?

  1. минутта 6 минутта 4 минутта

7.Ичинде толук балы бар бал челектин салмагы 12 кг .Эгерде балдын жарымын жегенден кийин бал челектин салмагы 7 кг болуп калса, анда балдын баарын жегенден кийин бош челектин салмагы канча болуп калат? Жообун жазып чыгар .



8. 666 санын арифметикалык амалдарды аткарбай туруп , бир эсеге кантип чоңойтсо болот? Туура жообун жаз .

9. Ашымдын бир нече дептери болгон. Ал эми Адилетте ага караганда эки эсе көп болгон. Экөөндө биригип 9 дептер болсо, ар биринде канчадан дептер бар?

Ашымда__________________ , Адилетте_____________________

10. Бала чуркоочу жолдо столбалар коюлган. Старт биринчи столбадан башталат.

12 минутадан кийин бала төртүнчү столбага жетти. Канча минуттан кийин бала

жетинчи столбага жетет? ( баланын ылдамдыгы бирдей) Жообун жазып чыгар.

Чиймесин чий.







Тест





1.Алтынайдын 45 дептери бар. Ага Айна дагы 20 дептер берди. Алтынайдын канча дептери болуп калды?

А) 40 б) 42 в) 65 г) 43

2. Жылкы 35 жыл жашайт. Ал эми кой он эки жыл жашайт . Жылкы койдон канча жылга көп жашайт?

А) 21 б) 23 в) 20 г) 22

3. Кайсы санга 1 ди кошсок эң чоң эки орундуу сан чыгат ?

А) 70 б) 0 в) 75 г) 98

4.Эки орундуу тегерек ондуктарды тап.

20,35,30,42,49,56,60,70,85,72,90

А) 20,42 б) 60,70 в) 49,56 г) 72,90

5. 6 смде канча мм бар?

А) 70мм б) 90мм в) 60мм г) 40мм

6. Гараждан 56 машина чыгып кеткенден кийин машина калды? Гаражда канча машина болгон ?

А) 108 б) 89 в) 75 г) 96

7. Кутуда 48 карандаш бар эле. Бала 18 карандашты алып , кайра 10 карандашты салып койду. Кутуда канча карандаш болуп калды?

А) 35 б) 20 в) 40 г) 42

8.Эң кичине эки орундуу санды тап.

А) 12 б) 10 в) 30 г) 20

9. Кайсы эки санды көбөйткөндө 0 келип чыгат ?

А) 1•5 б) 2+0 в) 2•1 г) 1•0

10.Кайсы санга 10 ду кошсо эң чоң эки орундуу сан келип чыгат ?

А) 60 б) 70 в) 80 г) 89

11.Хорго 45 кыз , ал эми балдар алардан 12ге аз катышкан.Хорго бардыгы канча бала катышкан ?

А) 75 б) 80 в) 78 г) 87

12. Бул 5 5 5 5 5 сандарынын арасына +, - амалдарынын белгилерин коюп ,15 санын алууга болобу?

А) 5+5+5+5 б) 5+5+5-5+5

В) 5-5-5+5 г) 5-5+5+5

13. 6 6 6 6 = 12 боло тургандай кылып цифралардын арасына +,- амалдарынын белгилерин коюп чыккыла.

А) 6-6+6-6 б) 6+6-6+6 в) 6+6+6+6 г) 6-6-6-6+6

14.Үч бурчтуктун эки жагы 4 см ден Үчүнчү жагы 5 см . Үч бурчтуктун периметрин тап.

А) 12 см б) 10 см в) 13 см г) 11 см

15.16 см кесиндини 3 см ге узартса . Ал канча дециметр жана

сантиметр болот?

А) 1 дм 8 см б) 1 дм 9мм в) 1дм 7 см г) 1дм см

16. Жүз санында канча ондук бар ?

А) 9 ондук б) 0 ондук в) 11 ондук г) 8 ондук

Тест

  1. Тегерек миңдиктерди тап.

А) 4560 , 8000 б) 9700 ,5000 в) 2000, 7602 г) 1000 ,5000.

2.Эң чоң жана эң кичине үч орундуу санды тап.

А) 300,421. Б) 100, 325 в) 999 , 100 г) 365,245.

3. Миңдиги 4 болгон санды тап.

А) 3520 б) 6289 в) 4005 г) 6408

4. Айлананын диаметри 8 см болсо , радиусун тап.

А) 3 см б) 5 см в) 4 см г) 6см

5. 5679 санында 7 цифрасы эмнени түшүндүрөт?

А) бирдик б) ондук в) жүздүк г) миңдик

6. 7,6,0,8 цифраларынын жардамы менен бир нече төрт орундуу сандарды жаз.

7.60 барактуу китептин калыңдыгы 1 см болсо, анда 240 беттүү киептин калыңдыгы канча см болот? А) 3 см б) 2 см в) 1 см г) 4 см

8.Жагы 5 см болгон квадраттын периметрин жана аянтын тап.

А) 24 см , 24 см2 б) 25 см ,25 см2 в) 24 см ,23 см2 г) 18 см 2, 25 см

9. Төмөндөгү барабардыктар туура болгондой кылып амалдарды кой.

( 5 9 4) ( 20 5)=80

10. 2 2 2 2 2 2=100 келип чыга тургандай кылып2 цифраларынын арасына амалдарды кой.

11. Мен бир сан ойлондум . Аны 25 ке көбөйтсөң 975 чыгат .Мен кандай сан ойлодум?

А) 25 б) 58 в) 42 г) 39

12.Айылдан эртең мененки саат 7 де машина чыгып , саат 10 до шаарга 120 км/саат ылдамдык менен келди. Шаар менен кыштактын аралыгын тапкыла.

А) 280 км б) 350 км в) 360 км г) 375 км

13. 8 8 8 8 8 8 8 8 =1000 боло тургандай кылып сегиз цифраларынын арасына төрт амалды коюп чык.

14.Эки бала бирдей баада 10 китеп алды. Биринчи бала 200 сом , экинчи бала 300 сом төлөдү. Ар бир бала канчадан китеп алган ?

А) 5,6 б) 7,3 в) 4,6

15. Жашылча дүкөнүндө ар бири 8 кг дан болгон 7 ящик алма саткандан кийин ,80 кг алма калган. Жашылча дукөнүндө канча кг алма болгон ?

А) 137 кг б) 136 кг в) 260 кг

16.56 нын ,64 түн , 72 нин сегизден бир бөлүгүн тап.

А) 6, 8, 9 б) 9,6,4 В) 7,8,9

17.Кайсы санга 1 ди кошсок беш орундуу сан келип чыгат? А) 9300 б) 8564 в) 9999

18.Жылкы бир күндө 15 кг чөп жейт. Ал эми кой андан 5 эсе аз жейт. Койго 30 күнгө канча чөп керек? А) 70 кг б) 69 в) 90 кг

19.Коондун салмагы 12 кг ,бул дарбыздын салмагынан 2 эсе жеңил. Коон менен дарбыздын жалпы салмагы канча ?

А) 36 кг б) 36 кг в) 58 кг

20. Сызыкчалардын ордуна кайсы сан келет ? 8 , 16, 32, __,128, 256 .



Тест



1.Үч ага ининин экиден карындашы бар. Үй - бүлөдө канча бала бар?

а) 5 б) 9 в) 6

2. Эки сандын суммасы 25 ке барабар. Анын бири экинчисинен 7 ге чоң. Булар кайсы сандар?

А) 18 жана 7 б) 9 жана 16 в) 12 жана 13



3. Кайсынысы оор:1 кг пахтабы же 1 кг темирби?



А) пахта б) темир в) барабар



4. 7 лампочка күйүп турган . Алардын ичинен 3өө өчүп калды.

Канча лампочка калды.

А) 7 б) 3 в) 4 г) 0

5. Калып калган санды аныкта:

А9

+

Б4 А=______ Б= ________


6. Фигуралардын кайсынысы сынык фигура болуп эсептелет? Ошол фигураны тегеректе


О Z S W

7. Барабардык туура болуш үчүн сандардын арасына “+” же “-“ белгисин кой.

1 2 3 4 5 = 5 1 2 3 4 5 = 41


8. Төмөндөгү сандардын катарынын түзүлүш эрежесин дагы 3 санды жазуу менен аныкта:

3, 5, 9, 15, 23, _____, ____, _____.

9. Эки текчеде 20 китеп турат. Үстүңкү текчеде астыңкы текчеге караганда 6 га көп. Ар бир текчеде канчадан китеп болгон?

А) 10 жана 16 б) 7 жана 13 в) 20 жана 6

10. 2 колдо 10 манжа бар. 10 колдо канча манжа бар?

Жообун жаз .____________________________________________________

11.Маселенин шартын түзүп жазып чыгар:

Көлдө 5 ак куу жана андан 3 кө ашык өрдөк сүзүп жүрөт. Көлдө бардыгы канча канаттуу

жүрөт?



12.Бардык бир орундуу сандарды жазгыла жана алардын ар

бирин 5 ке чоңойткула.

13. Узундугу 12 дм болгон лентаны эки барабар бөлүккө бөл , ар бир бөлүктүн узундугу канча

см ге барабар болот?

14. Талдап жазып чыгар: Китептин 80 бети бар. Окуучу күнүгө 9 беттен 3 күн окуду. Ага окуганга Канча бет калды?















Текшерүү иш №1

1.Туюнтманын маанисин тап. 500-(43+187)+495=

2.Суммасын тапкыла: 48 м: 8 • 6 м + 30 м= ....дм .... см

3.Теңдемени чыгаргыла. 5426-у=3739 у= ...... канча болот

4.Маселени чыгаргыла . А) Кыштакта 160 бала бар . Алардын жарымы паркка , төрттөн бири циркке , 30 бала киного кетишти. Кыштакта канча бала калды ?

Б) Дүкөндө 500 кг күрүч болгон . Аны ар бирине 25 кг дан ден кылып 10 мешокко салып сатып жиберишти. Калган күрүч керектеген күрүчтөн канча эсеге көп ?

В) Сандардын катарынын жайгашуу эрежесин тап. Дагы 3 санды жазып ула. 2,5,10,17,26,__, ___,____,

Г) Туристтер 254 км жолду кайык менен , ал эми поезд менен 2 эсе көп жолду , калган жолду жөө жүрүштү. Эгерде бардык жол 900 км болсо , туристер канча км жолду жөө жүрүштү ?

Д) Даниярдын эки чөнтөгүндө 20 сом болгон. Ал биринчи чөнтөгүнөн 6 сомду алып экинчи чөнтөгүнө салгандан кийин , эки чөнтөгүндө акча бирдей болуп калды. Адегенде Даниярдын

эки чөнтөгүндө канча сомдон болгон?

5. А) Тик бурчтуктун периметри 20 см. Бир жагы 6 см болсо, тик бурчтуктун аянтын тап.

Б) Квадраттын периметри 25 см болсо , анда квадраттын аянтын тапкыла.

Текшерүү иш № 2

1.Туюнтманын маанисин тап. 600-(416+47)+517=

2.Суммасын тапкыла: 24 м: 8 • 9 м + 45 м= ....дм .... см

3.Теңдемени чыгаргыла. а + 287 = 3462 болсо , анда а = ...... канча болот

4.Маселени чыгаргыла . А) Маратта 120 сом бар эле . Ал жарымын досуна , төрттөн бири инисине , 20 сомду карындашына берди. Маратта канча сом калды ?

Б) Цехте 144 м кездеме болгон. Мындан ар бирине 4 м ден кылып 12 көйнөк тигишти. Калган кездеме керектеген кездемеден канча эсе көп калган?

В) Сандардын катарынын жайгашуу эрежесин тап. Дагы 3 санды жазып ула. 3,5,9,15,23,__, ___,____,

Г) Туристтер 131 км жоду пароход менен , ал эми поезд менен 3 эсе көп жолду , калган жолду жөө жүрүштү.Эгерде бардык жол 560 км болсо , туристер канча км жолду жөө жүрүштү ?

Д)Үч түстөгү футбол тобу болгон. Кызыл түстөгү күрөңдөн оор, ал эми күрөң түстөгү

жашылдан оор. Кайсы түстөгү топ эң оор ? Кызылбы же жашылбы? Жообун жазып чыгар.

5. А) Тик бурчтуктун периметри 16 см. Бир жагы 5 см болсо, тик бурчтуктун аянтын тап.

Б) Квадраттын периметри 36 см болсо , анда квадраттын аянтын тапкыла.








38