6-класс олимпиадалык тест.
1.Сүйлөмдөрдү толуктоо.
Кечээ жакшы _______ алган жокмун -азыр абдан _____ келип жатат.
а). уктай/ уйкум/
б). иштей/ эс алгым
в). окуй/ үйрөткүм
2. Жоголгон бала________, жоготкон эне
а). кыйналса/ күтө берет
б). ыйласа/ эстен таят
в). келбесе/ унутуп калат
3. Китеп окуу________ болгондо, элдин баа_______ болуп, өнүгүү жолу______ болмок.
а). пайдалуу/ эссиз/ ачык
б). зыяндуу/ түркөй/ жабык
в). кызыктуу/ парасаттуу/ төрөлүү
4. Адам баласы канчалык______ болсо да, бир күнү______ кетиши толук мумкүн
а). сараң/ бутуна туруп
б). ызакор/ таарынып
в). жаман/ оңолуп
Фразеологизм сөздөр.
1. Балтыр бешик ___________
2. Баш көз болуу ____________
3. Кой үстүнө торгой жумурткалоо ___________
4. Колтугуна суу бүркүү ____________
Көөнө сөздөр
1. Уруят __________
2. Кырааткана __________
3. Бирикме чарба _________
4. Добулбас ___________
Сүйлөмдөрдү талдоо
1. Уста темирден да алтын кылыч жасайт
2. Чыныгы аргымак жол тандабайт
3. Гүлсары жорго мингич ат катары сарайга жеткирилди
4. Жыйналышта жалкоолор, эмгек тартибин бузуучулар жөнүндө сөз болду
Кыргыз тилинен тести.
1. Тексттеги ойду эмне аныктайт?
а) аталышы в) түзүлүшү
б) планы г) темасы, коюлган
проблемасы
2. Ой жүгүртүү текстин түзүүгө ылайыктуу теманы белгиле?
а) "Музейге экскурсияга барганда"
б) "Жардам бердик"
в) "Мен жашаган көчө"
г) "Мен келечекте ким болгум келет"
3. Кесиптик сөздөрдө колдонулган сүйлөмдү белгиле?
а) Окуучулардын көңүлүн буруп, сезимин курчута турган жандуу очерктер, фельетондор, ырлар, аңгемелер жана карикатуралар киргизилген.
б) Касым ишти ийне жибине чейин өздөштүрүп алган.
в) Артык өнөр баш жарбайт.
г) Адам эмгеги менен сулуу.
4. Эскирип колдонуудан чыккан сөздөр, пассивдүү сөз катмары?
а) архаизмдер в) терминдер
б) неологизмдер г) лексика
5. Лексикография деген термин ... билдирет?
а) бир тилдеги сөздөр чогулуп, алфавит тартибине келтирилип чыгарылган китеп
б) сөздүктөрдү түзүүнүн теориясын, практикасын үйрөтүүчү тил илими
в) адамдын оюнун жана сөздөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн материалдык белгилери
г) тилдеги сөздөрдүн составындагы тыбыштардын ар бирин айрым тамгалардын жардамы менен белгилөөгө негизделген жазуу системасы
6. -чы, -лык, -лаш, -ты, -кеч, -поз, -стан, -кана, -чак - мүчөлөрдүн мүнөздөмөсүн белгиле?
а) зат атоочтон сын атооч жасайт
б) зат атоочтон этиш жасайт
в) этиштен зат атооч жасайт
г) зат атоочтон, башка атооч сөздөрдөн зат атооч жасайт
7. Жатыш жөндөмөдө турган сөздү белгиле?
а) китепканада в) шаардан
б) мугалимден г) табактан
8. Туура жазылган сын атоочту белгиле?
а) 50-жашта б)1996-жыл в) 1 май г)хх-кылым
9. Мен, сен атоочторуна мүчөлөр уланганда өзгөрүп кеткен жөндөмөнү белгиле?
а) илик б) табыш в) жатыш г) барыш
10. Жалпы таандык мүчө уланган сөздү белгиле?
а) китептикин б) китебиңиз в) китебиң г) китебим
11. Төл сөздөрдү белгиле?
а) намаз, орозо, китеп, мугалим
б) тараза, базар, дубал, спорт
в) кийиз, боз үй, ак, баш, талаа
г)машина, мамлекет, республика
12. "Биздин класс" байланыштын түрүн аныкта?
а) ыкташуу б) эрчишүү в) башкаруу г) таандык
13. Таандык байланыштын багындыруучу түгөйүнүн формасын белгиле?
а) атооч же илик жөндөмө формада
б) илик жөндөмө формада
в) атооч формасында, жак мүчөлүү формада
г) таандык мүчө, кээде таандык мүчө түшүп калган формаснда
14. Ыкташуу байланыштагы сөз айкашын белгиле?
а) келгендерден суроо в) ажарлуу адам
б) сенин алмаң г) жылдызды саноо
15. Таандык байланыштагы сөз айкашын белгиле?
а) темир жол в) мектептин бакчасы
б) китепканага бардык г) Биз келдик
КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ.
1.Кыргыз фантастикасына салымын кошкон жазуучу ким
А) Ж.Турусбеков б.Т.Касымбеков
В.Ж. Боконбаев г.Б.Сартов
2.”Оп майда” ыры элдик оозеки чыгармачылыктын кайсы жанрына кирет.
А) дидактикалык чыгарма б)сүйүү ыры
В)баатырдык ыр г) эмгек ыры
3.”Эр Төштүк” эпосунда Төштүк жер алдына эмне себептен кирип кетет?
А).Сыйкырчы жез кемпирден качып
Б)Агаларын издеп
В)Атасын куткаруу үчүн
Г) Чалкуйруктун кеңеши боюнча
4.Ч.Айтматовдун “Бетме-бет”повестинде согуштан качкан каарман ким.
А)Кубат б)Ысмайыл
В)Дүйшөн г)Ильяс
5.А.Осмоновдун “Толубай сынчы” поэмасында Толубайдын көзүн ким ойдурат
А)Баскынчы калмактар б)Калмакчал
В)Каракан г)Азизкан
6.А.Токомбевдин күүнүн сыры поэмасындагы Зарлыкты кулчулуктан ким куткарат.
А)Атасы б)Өз эркиндиги үчүн күрөшкөн кыз
В)Баатыр жигит г)Чоро
7.А.Токомбаевдин күүнүн сыры аңгемесиндеги башкы каарман ким.
А)Айтике б)Жапар
В)Зарлык г)Кадыр
8.Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образы берилет.
А)Жамийла б)”Эрте жаздагы турналар”
В)”Биринчи мугалим” г)”Бетме-бет”
9.Б.Сартовдун”Роботтун туулган күнү”кандай жанрдагы чыгарма
А)Лиро-эпикалык б)Фантастикалык ангеме
В)Роман г)Драма
10.”Телегей” романынын сюжетин түзгөн окуялар Кыргызстандын кайсы аймагында болгон?
А)Ысык-Көлдө б)Чүйдө
В)Тянь-Шанда г)Таласта
11.”Атадан калган туяк”аңгемесинде эмгек процессиндеги кайсы учур сүрөттөлөт.
А)Чөп чабуу б)Төл алуу
В)Эгин жыйноо г)Кой кыркуу
12.Манастын өз энесинин аты ким
А)Канымжан б)Зулайка
В)Шакан г)Чыйырды
13.Балык жана балыкчы жөнүндөгү жомоктун автору ким?
А)А.Лермонтов б)В.Гоголь
В)М.Тургенев г)А.Пушкин
14. Драма кайсы тилден алынган?
А)Грек б)Орус в)Арап г) Латын
15.Уйкаштар канчага бөлүнөт?
А)5 б)4 в)3 г)бөлүнбөйт .