СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олипиадалык суроолор

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Олипиадалык суроолор»

10-класс

  1. Азык-тамырлар, түймөктүр, пияз түптөр керегеси жука, ичинде крахмал данчалары, майлары, белоктор, клетка ширеси бар клеткалардан түзүлгөн. Булар кандай ткань болуп эсептелет?

А) пайда кылуучу

Б) өткөрүүчү

В) негизги

Г) жабуучу

  1. Жарыкты “ Сүйгөн” өсүмдүктөрдүн жалбырактары көлөкөгө чыдамдуу өсүмдүктөрдүкүнөн кандай айырмаланат?

А) борпоң тканы жакшы өрчүгөн

Б) мамыча тканы өрчүгөн

В) көп хлорофилдүү

Г) мамыча клеткалар борпоң клеткалардан көп

  1. Экологиялык системада суудагы балырлар кандай функцияны аткарат?

А) редуценттер

Б) консументтер

В) продуценттер

Г) өз алдынча түр

  1. Гидранын денесинин жок болуп кеткен бөлүгүнүн кайра калыбына келүү процесси кайсы?

А) регенерация

Б) рефлекс

В) бүчүрлөө

Г) көбөйүү

  1. Аталган курт-кумурскалардын ичинен кайсынысы толук эмес өзгөрүп өрчүйт?

А) эл кайда көчөт коңузу

Б) чымын

В) көпөлөк

Г) чегиртке

  1. Кандын кайсы формалуу элементтеринин ядросу бар?

А) эритроциттер

Б) лейкоциттер

В) тромбоциттер

Г) плазмада

  1. Дүүлүгүү” жана “ нейрон” деген терминдердин ортосунда кандайдыр бир байланыш бар. Ушундай эле байланыш “ кан” деген термин менен төмөндөгү терминдин бирөөсүнүн ортосунда дагы болот. Ал терминди аныктагыла.

А) фермент

Б) шилекей

В) гормон

Г) витамин

  1. Пептиддик байланыштар белоктун кайсы структурасын пайда кылууга катышат?

А) биринчилик

Б) экинчилик

В)үчүнчүлүк

Г) төртүнчүлүк



  1. Бугу чычканы адаттакочкул күрөң түстө, анткени токойдо жашагандыктан мындай түс душмандардан жашынганга ылайык. Ал эми кумдуу жерлерде жашап кеткен бугу чычкандардын түсү бара-бара өзгөрүп, саргыч түстө болуп, жок болуп кетмек. Табигый тандоонун кайсы формасы ишке ашты?

А)кыймылдаткыч тандоо

Б) стабилдештирүүчү тандоо

В) дизруптивдүү тандоо

  1. Адамга мүнөздүү касиеттер:

  1. Түйүлдүктүн ичте өрчүшү 280 сутка

  2. Ички уруктануу

  3. Түйүлдүк жатын аркылуу дем алат

  4. Түйүлдүк уруктанган жумурткадан өрчүйт


А) 1,2

Б) 3,4

В) 1,2,3,4

Г) 2,4


  1. Буурчак уругунун жылмакай формасы быдырлуу формасына үстөмдүк кылат. Алардын аргындаштыруудан пайда болгон биринчи муундун генотиби жана фенотиби кайсы?

А) гомозиготалуу,уругу жылмакай

Б) гетерозиготалуу, уругу жылмакай

В) гомозиготалуу, уругу быдырлуу

Г) генотиби жана фенотиби аныкталбайт

  1. Атасы жана энеси тармал ( А) жана кара ( В)чачтуу. Аларда тармал ( А) жана ачык түстүү (в) чачтуу бала төрөлдү. Ата-энесинин мүмкүн болгон генотиптерин көрсөткүлө.

А) ААВВ,ааВВ

Б) ААВв, АаВВ

В) ааВВ, ааВв

Г) АаВв, Аавв

  1. Эмне себептен полиплоиддик клеткалар пайда болушат?

А) Гендик мутациядан

Б) чектүү мутациядан

В) хромосомалык мутациядан

Г) хромосомалар ажырабай калганынан

  1. Адамдын эркек организминдеги соматикалык клеткасындагы хромосомалардын саны

А) 44А+ ХУ

Б) 44А+ХХ

В) 22А+ Х

Г) 22 А+У

  1. Тукум куучулук аралык мүнөзгө ээ болгондо, экинчи муунга аргындардын фенотиби жана генотиби боюнча катышы кайсы?

А) 3:1

Б) 1:2:1

В) 2:2

Г) 1:1:2












  1. Мутациялык өзгөргүчтук деп эмнени айтабыз?

жооптору



  1. ( В), 2( Г), 3 ( В), 4 ( А), 5 ( Г), 6 ( Б), 7 (В), 8 (А),

9 (Б), 10 ( В) , 11 ( Б), 12 ( Г), 13(Г), 14(А), 15 ( Б)