ӨМҮР НАРКЫ БИР МҮНӨТТҮК КУМАРБЫ?
Cабактын максаты:
Окуучулар тазалыкка, жаман жолдордонкачууга, жамандыктан сактанууга тарбияланышат. СПИД 20-кылымдын чумасы экендигин, оорунун арты өлүм менен аяктаарын түшүнүшөт. Таза ден-соолук узак жашоого өбөлгө экендигин билишет. Бул ооруунун жугуу жолдору жөнүндө кеӊири маалымат алышат.
Просмотр содержимого документа
«Өмүр наркы бир мүнөттүк кумарбы?»
Тарбиялык саат
Тема: Өмүр наркы бир мүнөттүк
кумарбы?
Арапбаева Азиза
ӨМҮР НАРКЫ БИР МҮНӨТТҮК КУМАРБЫ?
Cабактын максаты:
Окуучулар тазалыкка, жаман жолдордонкачууга, жамандыктан сактанууга тарбияланышат. СПИД 20-кылымдын чумасы экендигин, оорунун арты өлүм менен аяктаарын түшүнүшөт. Таза ден-соолук узак жашоого өбөлгө экендигин билишет. Бул ооруунун жугуу жолдору жөнүндө кеӊири маалымат алышат.
Cабактын жабдылышы:
СПИД ооруусу жөнүндө чыгарылган буклеттер, шприц жана башка керектүү каражаттар.
Cабактын жүрүшү:
Мугалим сабакты лекция түрүндө өтөт. Окуучулар керектүү маалыматтарды дептерлерине кыскача жазышат. Түшүнбөгөн суроолору болсо мугалимге кайрылышат. Мындан сырткары атайын врачтарды жолугушууга да чакырса болот.
20-КЫЛЫМДЫН ЧУМАСЫ
Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миӊдей адам жугузуп алып турат жана 8 миндей адам СПИДден каза болот.
ВИЧ менен жашаган жана СПИДден жабыркаган бардык адамдардын үчтөн бир бөлүгү жаштар
Кээ бир жаш адамдар ВИЧ инфекциясы биз үчун коркунучтуу эмес деп ойлошот.Бүгүн СПИД менен ооруп калган чоӊ кишилер да бул маселеден алыспыз жана ал бизге тиешелүү эмес деп ойлошкон. Алардын канчасы бул ооруну өспүрүм кезинде жугузуп алгандыгын азыр аныктоо кыйын.Себеби, адамдын организимине ВИЧ киргенден баштап оору өөрчүгөнгө чейин 2-7 жума, кээ бирде андан да көп
убакыт өтүшү мүмкүн.Баарынан өкүнүчтүүсү – ар ким өз иши менен алектенип, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаганы. Айрыкча болочок энелер жарык дүйнөгө кандай ымыркайды алып келишерин көпчүлүк учурда этибарга алышпайт.
ВИЧ инфекциясы чыгаруучу вирус адамдын иммундук системасына жооп берүүчү ак кан клеткаларынын ичине кирип кетүүгө жөндөмдүү келет. Вирус клеткалары азык катары жана көбөйүү үчүн колдонот.Көбөйгөндөн кийин, ал клеткаларды таштап,башка клеткаларга өтө баштайт.Натыйжада көчүп жүрүүчү вирус лимфоцит клеткаларынын көпчүлүгүн жабыркатып,организм өзүнүн коргонуу кызматын жоготуп,ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калат. ВИЧ инфекциясы менен жашаган адамдар ден соолугу тазадай көрүнөт жана көп жылдар бою бул ооруну жугузуп алгандыгынан шектенишпейт.Себеби,СПИДдин жашыруун мезгили 4-7 жумадан 10-15 жылга чейин созулат.
Бул аралыкта,оорунун ачык белгилери билине баштайт:адам арыктап,узакка ичи өтөт,өпкөсү сезгенет,тердейт,бат чарчайт.
БАРГАН САЙЫН ЖАШАРЫП...
“ХХ кылымдын чумасы” деп аталган СПИД барган сайын күч алып, кеӊири кулач жайып келатат.Бул жугуштуу оорудан биздин өлкө да четте калган жок.Республикалык “СПИД” бирикмеси берген статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2007-жылдын март айына карата ВИЧ-СПИД менен ооруган 1112 адам катталган, анын ичинен бешөөсү – чет өлкөлүктөр.Анын ичинен СПИДдин оор формасы менен 77 адам ооруйт. Улуттук Кызыл Ай коомунун билдирүүсү боюнча наркомандар оору вирусун алып жүргөндөрдүн 68 пайызын түзөт.Ал эми ар бир областы бөлүп карай турган болсок, 2006-жылдын 1-ноябрына карата Ош шаарында – 327, Ош областында -153, Бишкек шаарында -165, Чүй областында -163, Жалал-Абад областында -103, Баткен областында -14, Ысык-Көл областында -8, Нарын областында -2, Талас областында -1.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга таянсак республиканын түштүк аймагындагы көрсөткүчтөр “Эмне үчүн ал жерде ооругандардын саны көп?” деген суроо туулат
.Кыргызстан акыркы жылдары баӊгизаттарды башка аймактарга ташууда транзиттик өлкөгө айланганы эч кимге жаӊылык эмес.Ал жерден баӊгизаттарды оӊой эле табууга болору эч талашсыз. Наркомандардын саны менен СПИД оорусун дугузгандардын саны бирге өсүп келет.Алар ооругандардын 68 пайызын түзөт.Себеби, бир ийнени беш-алты наркоман колдонот.ВИЧ инфекциясына кабылгандардын 78 пайызы –вирусту ийне аркылуу жугузуп алгандар.Ошентип, СПИД ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чоӊ коркунуч келтирет.