Сабактын темасы: Ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү
Сабактын максаты:
| Сабактын максаттары: | Көрсөткүчтөр: Жогорудагы максаттар ишке ашат Эгер окуучу: |
| Билим берүүчүлүк жагы: Окуучулар ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү боюнча түшүнүк алышат. | -ондук бөлчөктөрдү көбөйтүүнү жакшы өздөштүрсө |
| Өнүктүрүүчүлүк жагы: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү, аң сезими өнүгөт, көбөйтүүнүн орун алмаштыруу, топтоштуруу, бөлүштүрүү закондорун пайдаланып мисал иштешет. | - теория менен практиканы айкалыштыра алса |
| Тарбия берүүчүлүк жагы: Окуучулар тез тапкычтыкка,тактыкка, өз милдетин жоопкерчилик менен аткарууга тарбияланышат. | - өз милдетин жоопкерчилик менен аткарса, бири-биринин оюн уга билсе. |
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын жабдылышы: таблица, интерактивдүү доска, стикер, ватман
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабактын жүрүшү:
Окуучулар 3топко бөлүнүшөт.
1-топ: декабрь
2-топ: январь
3-топ:февраль
Кыш мезгили жылдын канча бөлүгүн түзөт? (1/4)
Ч.Айматовдун туулган күнү качан? (12.12.1928-ж.)
Ноокат району качан түзүлгөн? (24.12.1928-ж.)
Январь айы кыш мезгилинин канча бөлүгүн түзөт? (1/3)
Февраль айындагы даталуу күндөр: 15-февраль –Авганецтердин күнү, 21-февраль –Эне тил күнү, 23-февраль –Ата-Мекенди коргоо күнү.
Доскада “Күтүү дарагы” деп аталган ватман илинип турат. Окуучулар суроолорго оозеки жооп беришет.
Дурус бөлчөк деген эмне?
Эки гана бөлүүчүгө ээ болгон сандар? (жөнөкөй)
Экиден көп бөлүүчүгө ээ болгон сандар кандай сандар деп аталат? (курама)
Кадимки бөлчөк менен ондук бөлчөктүн жазылышындагы айырмачылык эмнеде?
Кадимки бөлчөктү кантип ондук бөлчөккө айландырабыз?
Өсүмдүктүн жана теңдеменин эмнеси бар?
Канча цифра колдонулат?
Эң кичине жөнөкөй сан. (2)
Канча натуралдык сан бар?
Буруш бөлчөк деген эмне?
Эң чоң эки орундуу сан?
Ондук бөлчөктү кантип кошобуз?
“Билим булагы” программасынан Математика бөлүгүндөгү “Ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү” деген темага байланыштуу эрежелер, мисалдар окуучуларга көрсөтүлөт.
Аныктама: Ондук бөлчөктү көбөйтүү үчүн:
Үтүргө көңүл бурбастан, аларды натуралдык сандар сыяктуу эле көбөйтөбүз;
Көбөйтүүчүлөрдүн экөөндө биригип үтүрдөн кийин канча цифра болсо, келип чыккан натыйжанын оң жагынан баштап ошончо цифрадан кийин үтүр коебуз.
Мисалы:
0,26
0,24
104
052
000
0,0624
0,26
0,24 = 0,0624
Маселе:
Раяна баасы 15,5 кг/сомдон 3 кг картошка жана баасы 12,5 кг/сомдон 1,5кг пияз сатып алды. Бул сатып алууларга канча акча сарптаган.
Чыгаруу: 3кг
15,5кг/сомдон = 46,5 сом –картошка
1,5кг
12,5 кг/сомдон = 18,75 сом –пияз
46,5 со м + 18,75 сом = 65,25 сом
3
15,5 + 1,5
12,5 = 65,25 сом
Ондук бөлчөктү көбөйтүү үчүн:
Мисалы:
2,17 · 10 = 21,7; 2,7 · 10 = 27; 0,0047 · 10 = 0,047
Мисалы:
2,117 · 100 = 211,7; 2,17 · 100 = 217; 0,000047 · 100 = 0,0047;
Мисалы:
12,1227 · 1000 = 12 122,7; 2,117 · 1000 = 2117; 0,0047 · 10 = 4,7.
a
b = b
a
Сандарды көбөйтүүдө көбөйтүүчүлөрдүн ордун алмаштыруудан көбөйтүндү өзгөрбөйт. (орун алмаштыруу закону)
(a
b)
c = a
(b
c)
Бир нече сандардын көбөйтүндүсү, көбөйтүүчүлөрдү ар кандай ирээтте топтоп көбөйтүүдөн өзгөрбөйт. (топтоштуруу закону)
(a + b)
c = a
c + b
c
Сумманын санга болгон көбөйтүндүсү, кошулуучулардын ошол санга болгон көбөйтүндүлөрүнүн суммасына барабар. (Бөлүштүрүү закону)
(a - b)
c = a
c - b
c
Айырманын санга болгон көбөйтүндүсү, кемүүчү менен кемитүүчүнүн ошол санга болгон айырмасына суммасына барабар. (Бөлүштүрүү закону)
№67. Көбөйтүүнү аткаргыла.
а)
0,4
б) 3,7
4,1
в) 1,7
25
г) 12,8
0,045
д) 7
0,16
е) 1,8
0,6
ж) 4,47
34
з) 6,70
0,08
и) 0,45
12,6
к) 6,03
0,91
л) 24,129
104
м) 0,5
8,8
№68
1) a = 6.5 b=4.1 c=3.4
болгон учурлар көбөйтүүнүн закондору аткарыларын текшергиле
(6,5 х 4,1) х 3,4 = 6,5 х (4,1 х 3,4) = 90,61
6,5 х 4,1 = 26,65
26,65 х 3,4 = 90,61
(6,5+4,1) х 3,4 = 6,5 х 3,4 + 4,1 х 3,4 = 22,1+13,94= 36,04
Ыңгайлууу жол менен аткаргыла
а) 1,2 х 0,35 = 0,42
б) 1,8 х 6,5 – 1,8 х 5,5= 1,8 (6,5 – 5,5)= 1,8 х 1= 1,8
в) 2,5
4,8
4 = 12
Баалоо: Окуучулардын сабактагы активдүүлгүнө жана топтордун алган баллдарына карап баалоо.
Үйгө тапшырма берүү: эски 6-класстын китебинен
№ 69,70. Жаңы 5-класстын китебинен №443
№443
Мектеп участкасынан 20 кап картошка, 12 кап сабиз жана 8 кап пияз чогултушкан. Эгерде картошканын бир кабы 40кг, сабиздики 1,2эсе көп, пияздын кабы сабиздин кабынан 3,5 кг аз болсо, анда бардыгы болуп канча жашылча чогултулган.
Жыйынтыктоо
Бүгүнкү сабакта ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү менен тааныштык. Мындан тышкары биз турмушта да пайдала алабыз. Ошондуктан көбөйтүүнү дагы да жакшы өздөштүрүүңөр зарыл.
a
b = b
a
Сандарды көбөйтүүдө көбөйтүүчүлөрдүн ордун алмаштыруудан көбөйтүндү өзгөрбөйт. (орун алмаштыруу закону)
(a
b)
c = a
(b
c)
Бир нече сандардын көбөйтүндүсү, көбөйтүүчүлөрдү ар кандай ирээтте топтоп көбөйтүүдөн өзгөрбөйт. (топтоштуруу закону)
(a + b)
c = a
c + b
c
Сумманын санга болгон көбөйтүндүсү, кошулуучулардын ошол санга болгон көбөйтүндүлөрүнүн суммасына барабар. (Бөлүштүрүү закону)
(a - b)
c = a
c - b
c
Айырманын санга болгон көбөйтүндүсү, кемүүчү менен кемитүүчүнүн ошол санга болгон айырмасына суммасына барабар. (Бөлүштүрүү закону)
Көбөйтүүнү аткаргыла.
а)
0,4
б) 3,7
4,1
в) 1,7
25
г) 12,8
0,045
д) 7
0,16
е) 1,8
0,6
ж) 4,47
34
з) 6,70
0,08
и) 0,45
12,6
к) 6,03
0,91
л) 24,129
104
м) 0,5
8,8
| Дурус бөлчөк деген эмне? | Канча цифра колдонулат? |
| Эки гана бөлүүчүгө ээ болгон сандар? | Эң кичине жөнөкөй сан. |
| Экиден көп бөлүүчүгө ээ болгон сандар кандай сандар деп аталат? | Канча натуралдык сан бар? |
| Кадимки бөлчөк менен ондук бөлчөктүн жазылышындагы айырмачылык эмнеде? | Буруш бөлчөк деген эмне? |
| Кадимки бөлчөктү кантип ондук бөлчөккө айландырабыз? | Эң чоң эки орундуу сан? |
| Өсүмдүктүн жана теңдеменин эмнеси бар? | Ондук бөлчөктү кантип кошобуз? |
| Кандай сандарды жуп сандар дейбиз? | Так сандарга мисал келтир |
Декабрь
Январь
Февраль