СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Онлайн окутуу боюнча отчёт

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Онлайн билим беруу

Просмотр содержимого документа
«Онлайн окутуу боюнча отчёт»

«Баластан» балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун «Компьютердик сабаттуулук» ийриминин жетекчиси Маанова Чынара Пирмановна ѳлкѳдѳгү ѳзгѳчѳ кырдаалга, күтүүсүз карантинге байланыштуу окуучуларга программада бекитилген темаларды онлайн сабактарды уюштуруп түшүндүрүп келемин.

Ал үчүн ийримге катышкан окуучулардын жана ата-энелеринин телефон номерлери аркылуу ватсаптан группа түзгѳнмүн:

Онлайн сабактарды азырынча ватсаптагы группа менен андан башка мультиурок сайты, гугл классрум платформасы менен уюштуруп жатамын.

Эн алгач окуу программадагы тема боюнча материал топтоп, ал материал боюнча Microsoft Word текстик редакторунда сабактын иштелмесин даярдаймын, Microsoft Power Point программасында жаңы темага байланыштуу, окуучуну темага кызыктыруу үчүн слайд даярдаймын, бул даярдалган конспект планды жана слайдды мультиурок сайтындагы жеке сайтыма файл катары жүктѳймүн:

Жүктѳлгѳн жаңы тема боюнча материалдын ссылкасын копировать кылып, окуучуларымдын ватсаптагы группасына жѳнѳтѳмүн:

Берилген онлайн тестерге окуучулар мультиурок сайты менен кирип, тестерди белгилеп, ѳздѳрүнүн билимин ѳздѳрү дагы, мугалим дагы баалаганга жетишет.

Мисалы: баалоонун жолдору:

Тестин 50% туура болсо 3 деген баа,

50%-79% чейин туура болсо 4 деген баа,

80%-100% чейин туура болсо 5 деген бааларды койдум.

Окуучулар ушундай кылып, ѳздѳрү белгилеп, жыйынтыгын скриншот этип жѳнѳтүп дагы жатышат. Мен болсо, мультиурок сайтындагы жеке сайтымдан тестин результаты бѳлүмүнѳн берилген тести ким белгиледи, ким белгилеген жок, ким канча процент алды кѳрүп турам, ошого жараша окуучунун билимин баалап коёмун.

Ѳтүлгѳн темалар боюнча (үч программа боюнча) онлайн тест даярдадым, анын ссылкаларын окуучулардын ватсап группасына жѳнѳтүп, окуучулар онлайн сабактарды окуганды жана онлайн тесттерди белгилегенди үйрѳнүштү ошол эле учурда ѳздѳрүнүн билим денгээлин автоматтын жардамында текшерүүнү дагы үйрѳнүштү.



Жаңы материалдарды темаларды онлайн окуу учурунда окуучулар мен жиберген ссылкаларга кирип, жаны тема боюнча материалды ачып скриншот этип эжеке ушул теманы окуйлубу деп дагы сурап жатышты.

Мындан башка дагы онлайн логикалык суроолорду видео сабак түрүндѳ бердим. Бул боюнча окуучунун кызыгуусун жакшыртуу максатында ютуб сайтындагы Элдор Далиев агайдын ютуб мектеби каналынан кызыктуу видеолорду кѳчүрүп алдым, аны окуучулардын ватсап группасына тараттым, натыйжасы жакшы болду, окуучулар онлайн сабакка кызыгып калды.



Күнүмдүк онлайн сабактардын темаларын мына ушундай тартипте мультиурок сайтынын жардамы менен жана google classroom платформасы менен ѳтүп жатамын.

Окуучулар google classroom платформасында иштегенди жана бул программага подписать болгонду үйрѳнүштү.





Ушундай жолдор менен үйрѳттүм. Окуучулар башында онлайн сабактын алгачкы күндѳрү аябай кыйналышты, мен ѳзүм да кыйналдым, кыйынчылыкка карабай аракеттендик, азыр эми бир нукка түшүп алганбыз, мен ватсап группадан жаңы теманын же бышыктоо үчүн тестин же болбосо темага байланыштуу ютубдагы орусча, кыргызча видеолордун ссылкаларын эле жѳнѳтѳмүн окуучуларым ачып, окуп үйрѳнүп жатышат. Кемчилиги баардык окуучу онлайн сабакка 100% катышат деп айта албайт экенмин.

Азыркы учурда кошумча ноутбуктун экранын видеого алуучу программалар менен иштеп үйрѳнүп жатамын, буюрса окуучуларыма ѳзүм Bandicam программасында жаны темадагы видеолорду жасаганга аракеттенип жатамын.

Информатика мугалими: Маанова Чынара