СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Оордук күчү жана салмак

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Оордук күчү жана салмак»

Оордук күчү жана салмак

2.Сабакты максаты: Окуучулардын билимине оордук күчү жана салмак түшүнүктөрүн калыптандыруу,оордук күчү жана салмак бирдей формулалар менен аныкталат анда айрымасы кайсында,гравитация жөнүндөгү түшүнүктү эске салуу менен бул күчтөр гравитациялык күчтөр экенин белгилөө менен окуучуларга айрымасын калыптандыруу.

3.Сабактын милдети: Окуучулардын жаратылыш кубулуштарына болгон илимий көз карашын калыптандыруу, окумуштуулардын эмгегине баа берүү, жолдошторунун арасында тоскоолдук жаратпагандай иштөө жана мугалимдин эмгегин сыйлоого багыттоо

4.Сабактын жабдылышы: слайддар, интернеттен видео материал,компьютер, проектор, экран , сабактан планы жазылган флешка, штатив, пружина, жүктөр.

5.Сабактын жүрүшү:

Негизги багыттар

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Уюштуруу учуру

Класстын сабакка даярдыгына маани берүү, окуучулардын катышуусунун эсебин алуу, журналды толтуруу, окуу каражаттарына көңүл буруу

Окуу куралдарын даярдашат

Өтүлгөн материалды кайталоо

1.Эмне үчүн өйдө ыргытылган нерселер жерге түшөт?

2.Эркин түшүү кандай шартта пайда болот?

3.Эркин түшүүнүн ылдамдануусу кайсыл тамга менен белгиленет жана ал канчага барабар?

4.Нерсе эркин түшүү учурунда жана тик өйдө ыргытылганда салмак кандай өзгөрөт жана ылдамдыктар кандай аныкталат?

Окуучулар суроолорго жооп беришет.


Сабакка шыктандыруу

Сенин салмагың канча деген суроого 40, 45 кг ж.б. жооптор кайтарылат. Бул туурабы?

Масса дегенге кандай жооп бересиңер?

Массанын СИ системасындагы бирдиги кандай?

Билишинче жооп кайтарышат

Жаңы материалды түшүндүрүү

Силер билгендей Жер бетиндеги нерселер гравитациялык күчтүн таасири астында тартылып турушат. Гравитациялык тартылуу массага көз каранды. Силер билгендей аралык дагы маанилүү орунду ээлейт. Гравитация латын сөзү- кыргызча оордук деген маанини берет







Мм

1/9,8 кг - 1Н ; 2*1/9,8 – 2Н ; 5*1/9,8 – 5Н ж.б.

9,8*1/9,8кг =1кг жыйынтык: 1 кг – 9,8 Н ; 2кг-19,6Н ;3 кг-29,4Н

Демек:

Ϝоор=m*9,8 Н/кг бул жалпы формула, мында g=9,8Н/кг

Мындан g= 9,8 н/кг =9,8 м/с2 экени келип чыгат.


Окуучулар мугалим менен бирге иштеп дептерлерине конспектилешет



















Эрежени кайталашып, формуланы жазышат

Теманы бышыктоо үчүн суроолор жана маселелер

1.Кандай күч оордук күчү деп аталат?

2.Оордук күчүн кантип эсептейбиз?

3.Нерсенин салмагы деген эмне?

4. Оордук күчү эмнеге тиркелген? Анын багыты кандай?

5. Нерсенин салмагы эмнеге аракет этет?

6.Тынч турган нерсеге аракет эткен оордук күчү менен салмак бирдейби? Бирдей болсо,эмнеси менен айрымаланат?

7. 8-көнүгүүнүн 4жана 5 пункттарын чыгарышат.

8-к

п.4

Берилди: формула чыгаруу

Ϝ = 196,12 Н Ϝ=mg m=Ϝ:g

(Уюлда) g=9,83 м/с2 mу=196,12/9,83=19,95 кг

(экватордо) g=9,78 м/с2 mэ =196,12/9,78=20,05 кг

( 45о)кеңдикте g=9,81м/с2 m45=196,12/9,81=19,99 кг



Суроого окуучулар жооптор беришет. Эки окуучу доскага маселе чыгарышат

Окуучуларды баалоо

Сабакта жооп берген окуучулардын аракети эсепке алынып баа коюлат.

Кундолүккө баа койдурушат

Теманы жыйынтыктоо

Оордук күчү менен салмактын жалпы белгилери:

1.Экөө тең Жердин тартуусунан пайда болот.

2.Нерсе тынч абалда же горизонталдуу абалда кыймылдаганда Р=mg=Ϝоор

3.Экөөнүн тең бирдиги 1Н.

4.Экөө тең Жердин борборуна багытталган.

Оордук күчү менен салмактын айрымачылыгы:

1.Оордук күчү борборунан нерсеге тиркелген.

2.Нерсенин салмагы асмага же таянчыка тиркелген

3.Оордук күчү Жер менен нерсенин аракеттенишүүсүнөн пайда болот.

4.Салмак нерсе менен таяныч беттин же нерсе менен асманын аракеттенишүүсүнөн пайда болот

Бир сыйра окуп жана көрсөтүп беришет

Окуучунун тема боюнча пикири

  1. Мага сабак жакты,абдан түшүнүктүү болду...

  2. Мага сабак жакты, бирок бардыгы эсимде калбады, үйдөн дагы ирээттүү карап чыгам...

  3. Мен түшүнүм ,бирок толук айтып бере албайм...

  4. Мен үчүн түшүнүксүз болду...

Жазууну калтырышат

Үй тапшырмасы

Мамбетахунов физика -7 класс §19 8-көнүгүү п.3.