Датасы:______________ 1-2-3-группа
Датасы: ______________ 4-5-группа
Датасы: ______________ 6-7-группа
Сабактын темасы: Операциондук система
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар операциондук система жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- Компьютердин программалары менен иштей билүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, компьютердин программаларын иштетүүгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на
компьютере» Москва 2009 г.
Т. Р.Орускулов, М. У. Касымалиев, А. А. Кузнецов, Л. Л. Босова
Информатика 5-6-7-8-9-класс Бишкек-2018
доска, маркер,
Жабдылыштар: компьютер, установкалык диск, доска, маркер
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: лекция сабагы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо;
Жаны теманы түшүндүрүү;
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Логикалык оюндар
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
Репродуктивдүү | Окуучу операциондук системаны билишет | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар операциондук системада иштөөнү үйрөнүшөт |
Продуктивдүү | Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү, оюндарды аткарышат | Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт жана айырмачылыктарын талкуулайт | ОС түрлөрүн билишет |
Креативдүү | Окуучулар ОСнын версияларын айырмалай алышат | Окуучулар ОС нын версияларын билишет | Окуучулар системаны иштетүүгө көнүгүшөт |
Билимин актуалдаштыруу:
Компьютердин кандай түзүлүштөрү бар?
Информацияны киргизүүчү түзүлүштөрү кайсылар?
Информацияны чыгаруучу түзүлүштөрү кайсылар?
Информацияны сактоочу түзүлүштөрү кайсылар?
Информацияны иштетүүчү түзүлүштөрү кайсылар?
Жаңы материалды берүү.
Компьютер телевизорго окшош болгону менен анда үндү, видеосигналдарды кабыл алуучу системалар жок, аларды орнотуу керек, ошондо гана телеберүүлөрдү кабыл ала алат. Бирок, негизги айырма программалык жабдылуусунда (ПЖ) жатат. Ансыз компьютер деп чогулткан тетиктерибиз жөн эле “темир сандык”.
Программалык жабдуу деп компьютер жабдууларынын иштешин, аларды диагностоону жана тестирлөөнү, ошондой эле колдонуучунун каалагандай маселелерин иштеп чыгуусун, оңдолушун жана аткарылышын камсыз кылган программалардын тобу айтылат.
Программалык жабдуу бул:
жалпысынан алганда үч класска бөлүнѳт:
1) системалык программалык жабдуу (СПЖ);
2) колдонмо программалык жабдуу (КПЖ);
3) аспаптык (инструменталдык) программалык жабдуу (АПЖ).
Биринчи класска операциялык системалар (ОС) жана алардын сервистик программалары (кабыкчалары), экинчи класска колдонмо программалар жана системалар, ал эми үчүнчү класска инструменталдык тилдер (программалоо тилдери) жана программалоо системалары киришет.
Колдонмо программалар жана АПЖ системалык программаларсыз иштей алышпайт. Системалык ПЖ гана «темир сандыкты» компьютерге айлантат. Мындай программалар операциялык системалар деген ат менен белгилүү.
Операциялык система - бул машинанын эсептөө процессин, адам менен машинанын маектешүүсүн жана машина менен колдонмо программалардын байланышын уюштуруучу программалык жабдуу. Андан коюлган маселени чечүү, машинанын бөлүктөрүн колдонуу жана колдонуучунун эмгегинин эффективдүүлүгү көз каранды болот. ОСтин эң эле кеңири таркалган аныктамасы: операциялык система - бул эсептөө системасынын ресурстарын башкаруу үчүн дайындалган башкаруучу программалардын терими.
Компьютерлердин разряддуулугунун көбөйүшү менен алардын түрдүү операцияларды аткаруу жөндөмдүүлүгү өсөт. Ошондуктан компьютер өндүрүүчү фирмалар аларды жаңы (же өрчүтүлгөн) операциялык системалар менен жабдууга мажбур болушат. Мисалы, IBM фирмасы менен бирге кызматташ болгон Microsoft корпорациясы 1981-жылдан бери MS-DOS (Microsoft - Disk Operation System) системасынын бир канча варианттары менен биргеWindows тун түрдүү версиясын иштеп чыкты.
Компьютердин иштеши үчүн ага инструкциялар топтому – программалар керек. Бардык программалардын жыйындысы компьютердин программалык камсыздоосу деп аталат
Программалык камсыздоонун милдеттүү бѳлүгү – операциялык система (ОС). ОС – бул компьютердин иштѳѳсүн башкаруучу жана адам менен компьютердин ѳз ара байланышын камсыздоочу программалардын ѳзгѳчѳ пакети.
Операциондук система-бул компьютердин иштөөсүн, колдонулуучу программарды, файлдарды башкарып, иштетип туруучу программалардын жыйындысы. ОС бул компьютер менен адам баласын байланыштырып турган интерфейс деген программа менен иштейт. Компьютерди электр тогуна туташтырган кезден баштап, анын аппараттык бөлүгү менен бирге ОС менен иштеп баштайбыз.
Азыркы учурда Windows, MacOS жана Linux кеңири таралган ОС болуп саналышат.
IBM PC фирмасы тарабынан 1981-жылы MS-DOS (Microsoft - Disk Operation System) деген операциондук система иштелип чыккан. Microsoft корпорациясы тарабынан 1985-жылы Windows ОСсы иштелип чыккан. LINUX ОСсын Линус Товальд аттуу программист 1991-жылы ойлоп чыгып, 1994-жылдан тартып батыш өлкөлөрү кенири колдонуп келе жатат.
Windows ОСсынын азыркы күндөгү кенири колдонулган версиялары: Windows ХР, Windows 7, Windows 8, Windows 10. Бул версиялардын бири-биринен айырмасы иштөө жөндөмдүүлүгү, ылдамдыгы, ар кандай мүмкүнчүлүктөрү.
Windows ОСсы графикалык интерфейс менен иштөөгө жөндөмдүү, Windows ОСсынын өзгөчөлүгү анын мультимедиалык жана электрондук почта, интернет системаларын колдонуу үчүн ынгайлуулугу. Ошондой эле Windows операциялык системасы
Windows чөйрөсүндө түрдүү программалар менен иштөөдө “курсор” менен “чычкандын” мааниси өтө чоң.
Курсор - экранда кандайдыр бир образды алып жүрүүчү (жебече, квадрат, таякча, түстүү так ж.б.) кыймылдуу объект.
«Чычкан- курсору « жебече түрүндө көрсөтүлөт
, кыймылдуу. Аткарган жумушуна жараша өзгөрүп турат. Мисалы, программа ишке киргизилип же оперативдүү эске жүктөлүп жаткан учурда «кум саатынын»
формасын алат. Бул учурда, мурдагы абалга келмейинче эч кандай аракет жасабай күтүп туруу керек. Эгерде, жебечени терезелердин каптал жактарынын чегине алып келсек, анда ал эки тарапты караган жебечеге айланат да, терезенин өлчөмүн өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Тексттерди редакциялоодо таякча формасын алат. Ал эми объекттерди (сүрөт, чийме ж.б.) көрсөтүү, белгилөө, жылдыруу учурунда кайрадан жебечеге айланат. Ошондой эле түрдүү прикладдык программаларда - кисть, суроо белгиси, текст формасы, бычак, кайчы, карандаш ж.б. формаларды алышы мүмкүн.
Экран курсору - бул курсор «чычкан» курсорунун аракети аркылуу белгиленип, аракетке келет. Төрт бурчтук түрүндө болот. Курсордун форманы алышы «объект белгиленди» дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтүп турат. Эгерде, объект белгиленген учуурда
Enter баскычы (же «чычкандын» сол баскычы 2 жолу тез-тез) басылса, анда объект маанисине жараша төмөнкү аракеттер жасалат:
а) объект « программалар тобу « программалар тизмеси берилет;
б) объект « башкы меню « менючалар ачылат;
в) объект « түпкү (акыркы) меню « кандайдыр бир аракет (менюнун шарты) аткарылат;
в) объект « программа « программа жүргүзүлөт;
г) объект « файл « файл тибине жараша иш аткарылат.
Бул учурда редактор жана файлдарды көрүү программалары автоматтык түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Прикладдык программалардын жумушчу курсору. Бул курсор прикладдык программалардын максатына жараша түрдүү формада (кисть, карандаш) болот. Текст редакторунда - таякча
. Курсор экранга из калтыруу үчүн (тамга, цифра, белгилөөлөр) колдонулат. «Чычкан» курсору көп жумуш аткарат (өчүрүү, көчүрүү, ж.б.). Эки клавишасы иштейт: сол жана оң. Негизиси - сол. Оңу азыраак иштейт - динамикалык менюну чакырат.
Windows ОСсынын башка ОСлардан айырмасы ушунда.
Жаны теманы бышыктоо: Жаны тема боюнча мага суроо барбы?
Логикалык оюн «Көнүлдүү оюндардагы информатика» автору Ибирайым кызы А. стр 13 Компьютер жана анын курамдык бөлүгү.
Үйгө тапшырма: Операциондук система
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу суроолорду берүүсүнө, оюнга көнүл бөлүүсүнө жараша суммативдик бааланат.