СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Оптимистик көз карашты калыптандыруунун мааниси, пессимизмдин зыяндуулугу. (Тарбиялык саат)

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Оптимистик көз карашты калыптандыруунун мааниси, пессимизмдин зыяндуулугу.  (Тарбиялык саат)

Просмотр содержимого документа
«Оптимистик көз карашты калыптандыруунун мааниси, пессимизмдин зыяндуулугу. (Тарбиялык саат)»

ОПТИМИСТИК КӨЗ КАРАШТЫ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН МААНИСИ, ПЕССИМИЗМДИН ЗЫЯНДУУЛУГУ

Сабактын максаты: Окуучуларга оптимисттик көз карашты калыптанышынын маанисин, пессимизмдин зыяндуулугун түшүндүрүү. Пессимисттик көз караштан кутулууга окуучуларга жардам берүү, оптимисттик ой жүгүртүүгө жетишүүнүн жол- жоболорун үйрөтүү. Оптимисттин жана пессимисттин ой жүгүртүүсүн, логикасын, турмуштук философиясын, пессимизмдин себебин түшүндүрүү.


Сабактын жабдылышы: Доскада “Дүйнө оптимисттерге таандык, пессимисттер

  • болгону дүйнөнүн байкоочулары”-деген Франсуа Гизонун сөзү, “Адамдын эмоционалдык абалы анын көз карашынан, ынанымынан, багытынан көз каранды, оптимисттер маанайы жакшы жүрүшөт, пессимисттер бүт элге (баарына) нааразы болушат”-деген С.Ключниковдун сөзү жазылган.


Сабактын планы:

Көнүгүү

Убакыт

1.

Уюштуруу

5 мүн.

2.

Лекция

15 мүн.

3.

Бышыктоо. 1-көнүгүү

10 мүн.

4.

2-көнүгүү

10 мүн.

5.

Жыйынтыктоо

5 мүн.



45 мүн.



Са

бактын жүрүшү: пессимисттердин проблемасы

дешет.

  1. Уюштуруу (5 мүн.)

  2. Жаңы тема (15 мүн.)

Максаты: оптимизм, пессимизм жөнүндө түшүнүк берүү. “Оптимизм жана пессимизм (латын: optimus –эң жакшы, pessimus − өтө начар) − келечек тууралуу бири-бирине карама- каршы көз караштардын системасы.

Азыркы мезгилде депрессия (турмуштан убайым тартуу, көңүлү чөгөт болуу) дартына чалдыккан балдардын саны көбөйүүдө. Психологдор депрессияны

Депрессия − адамдын көз карашы, дүйнө таанымы менен байланышкан проблема. Пессимисттик көз караштан кутулбаган балага депрессия дартынан куткарууга (айыгышына) жардам берүү кыйын. Азыр биз силерге

жардам берүү максатында пессимисттик көз караштагы окуучунун өзүнө (көз карашынын) зыянын, оптимисттин логикасынын, ой жүгүртүүсүнүн артыкчылыгын баяндамакчыбыз.

Оптимист келечекке ишенет, жамандыкты жакшылык, адилетсиздикти адилеттүлүк жеңет деп караса, пессимист

буларга ишенимсиз карайт. Биринчиси жамандык менен жакшылыктын күрөшүн тарыхый ыраттуулукта алып чечмелесе, экинчиси дүйнөнү козголбос, катып калган кубулуш сыяктуу чечмелейт.

Кыргыз элинде келечекке оптимисттик да, пессимисттик да көз караштар болгондугун фольклордук материалдар ырастайт. Эмгектенген эл келечекке жаркын үмүт менен караган” (Кыргыз совет энциклопедиясы).

Классты эки топко бөлүп, биринчи топко: “пессимист деген ким?”, экинчи топко: “оптимист кандай болот?”- деген суроо коюлат. Окуучуларга текст таратат.


  1. топ (текст окуйт). Пессимисттер – “бул жарык дүйнөдө баары жаман жакка бара жатат”, -деп ойлошот, дүйнөнү караңгылык баскан, турмушту кайгылуу жашоо деп түшүнүшөт. Пессимисттер

  • инфантилдүү (өзү чоңойсо да, ой жүгүртүүсү баланыкындай өспөй калган) адамдар.


  1. топ. Оптимист деп − бардык болуп жаткан окуяны жагымдуу кабыл алган адамды түшүнөбүз, ал ар бир өзгөрмөлүү окуяны иш оң жагына ооду деп ойлойт.

Оптимист − туура ынанымдагы адам.


  1. топ. Пессимисттин коомду, жаратылышты сезүүсү начар, табийгатка жана адамдарга мамилеси жаман, жакшылыктан үмүтү үзүлгөн, маанайы пас жылдызы түшкөн, ишинин ийгиликтүү болушуна ишеними жок болот. Алар муңайыңкы, сабыры суз адамдар болушат. Адамдын жашоосун маанисиз, маңызсыз деп түшүнүшөт.

Инжилде (Ветхий завет) меланхолия пессимизмдин патологиялык формасы деп айтылган.

  1. топ. “Оптимизм деген бул − үзгүлтүксүз процесске ишенүү, ишинин акыбети ийгиликтүү болуусун күтүү, жакшылыктан үмүттөнүү, жашоодон жагымдуу жагдай күтүү. Оптимизм − диний, метофизикалык иретте дүйнө кандай болсо, ошондой кабыл алуу керек деген ынаным. Турмушта ар кандай жагдай болушу мүмкүн, бирок бул дүйнө бардык болгон дүйнөлөрдүн жакшысы, жер жүзүндө турмуш акыл- эстүү уюштурулган, жогорку акыл- эске баш ийет”-деген маанайдагы көз караш (Евгений Пятаков: Право на оптимизм и как его отстоять. Народное образование

№7 2009).


  1. топ. Пессимизм жана оптимизм дүйнөнү түшүнүүнүн өзгөчө ыкмалары, ой жүгүртүүнүн өзгөчө стилдери, социалдык жана жеке турмуштагы окуяны божомолдоо, баалоо, анализдөө.


  1. топ. Оптимизм жана пессимизм

  • адамдын ички дүйнөсүнүн абалы, базалык ынанымы, жашоодогу логикасы, карманган жолу. Адамдын карманган көз карашы негизинен бала кезде калыптанат, айрым пикир кийин келет. Оптимизм, пессимизм да көбүнчө бала кезде калыптанат, айрым адамдарда кийин өзгөрөт.


1-топ. Адам туура (же туура эмес) калыптанган ынанымына, көз карашына, ишенимине жараша туура (же туура эмес) ой жүгүртөт, ал ою аркылуу туура (же туура эмес) аракет кылат. Туура ой жүгүрткөнү - оптимист, ал оң натыйжага келет. Туура эмес ой жүгүрткөнү − пессимист, ал проблемага, терс натыйжага келет.

  1. Бышыктоо.

1-көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: пессимизмдин, оптимизмдин себептерин түшүндүрүү.

Мугалим. Өспүрүмдөрдүн арасында баңги зат колдонгондор, ар кандай сектага киргендер, экстремисттик топторго кошулгандар, спирт ичимдик ичкендер, токсин (уу зат) жыттагандар да бар. Алар оптимист болушу мүмкүнбү?

    • Жок.

    • Эмне үчүн?

    • Алар регресс жолунда жашагандар. Терс жолго түшүп кетишкендер, туура эмес ой жүгүртүшөт. Көз караштары туура эмес калыптангандар, жаман адаттары бар адамдар, регресс жолго түшкөндөр оптимист болушпайт.

− Туура айтасың, регресс жолуна түшкөндөр качандыр бир мезгилде турмуштан ийгиликтен үмүтү үзүлүп депрессияга келишет.

Мугалим. Пессимизмдин дагы кандай себептерин билесиңер?

–Жалкоолук, ниетинин таза эместиги, аракетсиздик, жашоосу туура эмес уюштурулган, маанисиз сөздөрдү сүйлөгөн, көз карашы туура эмес калыптанган адамдар бар. Ичкиликтин айынан деградацияланып (начарлап, кээри кетип) жаткандар бар. Ишеними, ынанымы, багыты туура эмес адамдар бар. Алар качандыр бир мезгилде пессимизмге келишет. Оорулуу адамдар башкаларга “вирус” жугузган сыяктуу, пессимисттер элге пессимисттик ойлорду жугузуп турушат.

Мугалим. Пессимисттик идеялар кандай болот?


  1. топ. “Бардык адамдар жаман, митайым болушат”, -деген ой пессимистердин ою. Аракети: этият болот, сактанып жашайт, бардык

адамдарга мамилеси агрессивдүү болот, бардык адамдардан жаман кылык- жорук, акмакчылык, чыккынчылык күтөт. Натыйжасы: ою агрессивдүү, жүрүш- турушу тартипсиз, аны курчаган элдин ага карата мамилеси жаман болот.

Мындай мамилени пессимист элдин жамандыгынын далили катары түшүнөт.

Мугалим. Оптимисттик идеялар кандай болот?


  1. топ. “Эгерде бул жашоодо ийгиликке жетишкиң келсе, билим алуу, изденүү, ойлонуу, аракет кылуу керек-деп ойлошот. Аракети: максатка жакындатуучу билим издейт, адамдар менен мамиле түзүүгө аракет кылат, талыкпастан иштейт, ар кандай амал колдонот. Натыйжасы: материалдык баалуулуктарды өндүрөт, рухий жактан өнүгөт, максатына жетет.

Мугалим. Пессимисттик көз караштын зыяндуулугу жөнүндө эмне билесиңер?


Күтүлүүчү жооптор:

−пессимисттин жогорку максаты жок болгондуктан өнүгүүгө аракеттенбейт;

−жакшылыктан үмүтү үзүлгөн, ындыны өчкөн адам башкаларга үмүтсүз ойлорду салат;

− жакшылыктуу философиясы жок адамдар жакшы ой айтууга жөндөмсүз болушат;

−пессимисттер өнүгүү жолуна түшкөн эмес, коомдун өнүгүүсүнө алгылыктуу салым кошпойт;

−айрым балдар бир жолу кызыкчылык үчүн байкап көрөм деп баңги зат колдонушат, акырындан отуруп баңги болуп кетиши мүмкүн, пессимисттик ойлор адамды ичинен тузакка түшүрөт;

−аны чакырган уюмду “жөн эле” (угуп коюш үчүн) барып угат, анан ал уюмга жакшы-жаманын ылгабай кирип кетет;

−мыйзамга каршы саясий аракети бар

коомдук бирикмелерге, деструктивдик уюмдарга киришет;

−андай коомдогу, бирикмедеги жаштар аң-сезимдүү түрдө же бейаң (өзү түшүнбөй) элге зыян келтирүүгө аракет жасашат; пессимизмден кутула албагандар депрессияга келишет;

−алар өздөрүнүн идеясынын келечеги жок экенин билишет, бирикмелеринин качандыр бир мезгилде бүлгүнгө түшөөрүн да, анын келечеги жок экенин да билишет, бирок өзүнүн “идеясы” үчүн күрөшкөн адам сыяктанып, аракетин уланта беришет. Ошентип коомдун өнүгүшүн артка тартып турушат.

Мугалим. Биринчи жылы буудай эгип жаткан адам оптимист болобу? Буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу ыкмаларын өздөштүргөн, жыл сайын дыйканчылык кылган, аракетчил адам оптимист болобу?

−Экинчи адам оптимист болот.

Мугалим: Мектепте жана жогорку окуу жайда жакшы окуган, жергиликтүү басма сөздүн (дубал газета, радио берүү ж. б.) ишине активдүү катышкан, дүйнөлүк адабий мурастарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын үзбөй окуган, өз билимин системалуу өркүндөтүүгө,

адебин жакшыртууга аракеттенген, рухий өнүгүү жолундагы журналист оптимист болобу же пессимист болобу?

−Оптимист болот.

Мугалим: Мектепте начар окуган, акчанын күчү менен институтка өткөн, аны эптеп-септеп бүтүргөн, чыгармачыл аракети жок журналисттик факультеттин бүтүрүүчүсү оптимист болобу же пессимист болобу?

−Пессимист болот.

Мугалим: Оптимисттик духтагы кандай макал-лакаптарды билесиңер?


Күтүлүүчү жооптор. “Өлбөгөн алтын аяктан суу ичет”. “Саргара жортсоң кызара бөртөсүң”.

Мугалим. Пессимисттик духта айтылган макал-лакаптар барбы?

Күтүлүүчү жооптор. “Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат”. “Дөөлөтүңө да ишенбе, мээнетиңе да ишенбе”. “Бири кем дүнүйө”.

  1. 2-көнүгүү (10 мүн.)

Максаты: пессимисттин логикасын, философиясын түшүндүрүү. Мугалим. Пессимисттин логикасына көңүл бөлөлү. Орто билимдүү кыз “А” өз классташына турмушка чыкмак болду. Ага жогорку билимдүү, турмушка чыкпай жүргөн жээни мындай деди: “Аялдар турмуштан жүдөп, жабыгып, чүнчүп жүрсө, сен турмушка чыгам дейсиң.

Азыр дипломдуулар жумуш таппай жүрүшөт, сенин диплому жок жигитиң экөөң кайда иштемек элеңер? Иши жок кантип оокатыңар өтөт? Эй, “А”,

турмушка чыкпай кое тур.” Бир караганда “В” туура эле айтып жаткан сыяктуу көрүнөт. Ал логикалуу ой жүгүртөт, бирок жер жүзүндө жогорку билими жок эле бактылуу жашагандар аз эместигин, жогорку билимдүү (кызматы бар) бактысыздар да боло тургандыгын унутуп койгон.


  1. топ. Абитуриент экзаменде кекечтенип жакшы жооп бере албай койду. “Сен бир дагы сурого жооп бере албадың”- деди мугалим, бала үйгө келгенде маанайы пас абалда

отуруп, китеп окуп, аны конспектилемек болду, бирок башына эч нерсе кирбеди. Ал мындай ойлоду: “Мен экзаменге даярданган болчумун, бирок кулап калдым. Мындан артык кандай даярданмак элем. Демек институтка өтө албайм, ПТУда окушум керек. Жаман окуган балдар менен окугум келбейт, алардын арасында окуу кызык эмес.

Менин келечектеги жашоом кызык эмес

болот турбайбы. Мындай жашагым келбейт”.


  1. топ. Оптимисттин логикасына көңүл бөлөлү: “Мен бир нече окуу жайга

документ тапшырайын. Бир нече экзамен тапшырып жатып тажрыйбага ээ болом. Кайсы окуу жайга өтүү ыктымалдуулугу жогору болсо, калган күчүмдү (убактымды) ошол окуу жайга өтүү үчүн жумшайм”.

Мугалим. Эмне үчүн реалдуу турмушта формалдуу логика жакшы ой менен иш (операция) жүргүзбөй, негативдүү ырастоолор менен иш жүргүзөт?


Күтүүчү жооптор. Анткени негативдүү ырастоолор чындыкка жакын көрүнөт (мисалы, баарын акча чечет, таанышың болбосо ишке орношуу кыйын, сен аны кызматынан алып салбасаң, анын сага зыяны тийет). Пессимисттер негативдүү (терс) көрүнүштөрдү талашсыз факт сыяктуу сүйлөшөт. Ой жүгүртүүдө формалдуу логика (мээнин сол жарым шарынын иши) үстөмдүк кылган адамдар үчүн ал жөндүү, жүйөлүү көрүнөт.

Мугалим. Эгерде формалдуу логиканын негизинде турмуштан туура жол табуу кыйын болсо, эмне үчүн адамдардын көпчүлүгү өжөрлүк менен логикалык ой жүгүртүүнү карманышат?


Күтүүүчү жооптор. Анткени негативдүү прогноздор (алдын ала айтылган сөздөр) ойлогондой келип чыгат, адам өзүн жаман окуянын болушуна (ишенип алып) өзү программалап коет да, ал окуянын болушун күтөт.

Окуучу: Мени математик мугалим артыман калбай тажатты, мен кантип оптимист боло алмак элем?

Мугалим: Оюңду жакшы ой формасына айландырганды үйрөн. Мисалы, математикадан берген эжеңер силердин билимдүү болушунарды каалайт, ошондуктан артыңан

калбай аракеттенип жүрөт. “Мен эже ойлонгондой билимдүү болсом жакшы болот эле. Эже, сиздин тилегиңиз ишке ашсын” - деп ойлон. Эми оюңа келген сайын ушул ойду кайтала, анан

аракеттен. Тилекке каршы оптимисттик ойлорду ойлоп табуу кыйын. Позитивдүү идеяны колдоочулар (позитивисттер) негативдүү ойду автоматтуу түрдө кууп чыгып, анын ордуна позитивдүү ой ойлоп табууну сунуш этишет. Россияда, АКШда ошентебиз деп, болгон акчасын өндүрүшкө салышып, турмуштан күйгөн адамдар болгон.

Окуучу: Пессимисттердин дагы кандай сапаты болот?

Мугалим: Пессимисттер - өз каалоолорунун туткунунда калышат. Бүгүн конокко баргысы келет, эртең плейер алгысы келет. Бир күнү Гавай аралына барууну эңсейт.

Каалаганы орундалбай калган күнү ал дүйнөнү караңгы түстө

көрөт. Пессимист - энерговампирдин (энергия соргучтун) жеңил олжосу. Энерговампир пессимистти манипуляциялайт. Пессимисттер өзүнүн инфантилдүүлүгүнүн натыйжасында азап чегишет. Реалдуулук менен бетме-

бет келгенде дүйнөдөгү тоскоолдуктарды көрүп, “шок” болушат. Дүйнө ушундай жаман деп ойлошот.

Окуучу. Пессимизмдин дагы кандай себеби болушу мүмкүн?

Мугалим. Саат 9-10го чейин уктап жаткан, аракетсиз жалкоо балдар депрессияга, апатияга чалдыгышат. Аларда көңүл калуу, иренжүү, коркуу, шектенүү, ачуулануу сезимдери үстөмдүк кылат. Жагдайды туура эмес

түшүнгөндүктөн алар туура чечим таба алышпайт, турмушунда эч нерсе

өзгөртө албайт. Эртең менен эрте туруп жуунбаган адамдын аң-сезими таза эмес болот, аны тазалаш үчүн эрте туруп, жуунуп, өз пайдасын ойлобой, элге, жакындарына жакшылык тилеш керек.

Таңкы акыл-эс кечки акыл-эстен эки эсе продуктивдүү болот. (Торсунов О.Т. Законы счастливой жизни.М.2003).

Окуучу: турмушта жолу болгондорго оптимист болуу оңой.

−Ошентип ойлогондор да бар.

−Канчалык аракет кылса да, оптимст боло албай жүргөн балдар бар. Алар кантиш керек?

Мугалим. Адегенде реалисттик ой жүгүртүүгө өтүш керек. Аны үчүн дүйнө кандай болсо, ошол абалында сүйүү керек. Ошондо пессимист бала реалистке өтөт.

Окуучу. Турмушта кыйынчылык көп болуп жатпайбы?

Мугалим. Вьетнамды Америка бомбалап жаткан кезде, Японияда бомба жарылган кезде абал мындан да кыйын болгон. Адамдын жашап кетишине

шанс (мүмкүнчүлүк) аз болгон. Ошого карабастан адамдар жашап кетишкен. Биздеги кыйынчылыктар алардыкынан көп эмес. Буйруса биз да жашап кетебиз.

Окуучу. Эже, адамдын жашап кетишине кандай ойлор жардам берет?

Мугалим. Дүйнө жүзүнө белгилүү психотерапянын “логотерапия” (мааниси бар терапие) деп аталган мектебинин түзүүчүсү Виктор Франкл фашисттик Освенцим лагеринде болгон. Концлагерде фашисттер көптөгөн адамдардын духун сындырышкан.

Андай шартта көптөгөн адамдар пессимизмге моюн сунушкан. В.Франкл өз теориясындагы базалык идеяны ошол жерден баамдап түшүнгөн

жана формулировкалаган. Көптөгөн

адамдардын жашап кетишине ошол идея себеп болгон. Идеянын кыскача

мааниси мындай: “Эгерде адам эмне үчүн чыдаш керек экендигин билсе, кандай гана кыйынчылык болбосун чыдап жашап кете алат”. Лагердегилердин көпчүлүгү арыктап, алы кеткен, эркинен ажыраган адамдар эле. Эптеп адептик жактан пас абалга жетпеш үчүн аракеттенген индивиддер болушкан.

Буларды шартка адекватуу эмес мамиле кылган оптимисттер деп атоого болот. Анткени адамдарды кырып жаткан шартка карата алар логикалуу эмес ойлонушкан. Туткундар: “Эгер лагерден чыксам, китеп жазам, согуштун азабынан жоголгон баламды табам, ага билим берем, үй курам ж.б.у.с.” ойлорду ойлошкон. Алардын шарты менен азыркы пессимисттердин шартын салыштырууга болбойт. Биздин пессимист окуучулар зардануудан уялса болот. Оңолбос пессимисттер тегерегиндеги адамдарга пессимисттик ойлорду жугузушат. Ал капалуу ойлорду өндүрүп жашайт.

Башкалардын жашоосун азапка

айландырат.

Окуучу. Алыскы жолго чыгаарда пессимист кандай ойлонот?

Мугалим. Ал болжолдуу чыгымдарын эсептейт, кошумча чыгым болушу мүмкүн деп, керектүү суммадан бир аз көбүрөөк акча алат. Проблемага кезиксе, эч кандай аракет кылбайт. Анын аракетсиздигинин “негиздүү себеби” (пессимисттик ой) бар. Анын ою логикага негизделгендиктен акчасын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк болсо да, ал эч нерсе кылбай философтоно берет. Натыйжада бардык акчаларын жок кылып коёт. Л.Н.Толстой пессимистке: “Эгер сага дүйнө жакпаса, өзүңдүн нааразылыгың менен компойбой, башкаларга жолтоо болбой кет”, - деген. Эми сабакты жыйынтыктайлы.

  1. Жыйынтыктоо (5 мүн.)

Мугалим. Оптимисттик ой, эч кандай аракетсиз ишке ашабы? (жок). Кандай жол менен оптимисттик ойго жетүүгө болот? (билим, амал, аракет). Пессимисттик ойдон кантип кутулса болот?

−Ойго келген нерсени кагазга түшүр, (пессимисттик ой болсо,) ага карама- каршы (оптимисттик) ой ойлоп тап, амал изде, эми аракет кыл. Дагы кандай аракет керек?

Бири-бириңерди жакшы ойго салуучу сөз айта жүргүлө, жакшы сезим туудуруучу көз караш, ишаарат кылууну унутпагыла, ынанымы терс болсо, аны өзгөртүү керек, талыкпастан эмгектенүү, билим алуу, тартипти оңдоо керек, жаман адаттардан кутулуу керек, өнөр үйрөнүү, турмуштан ордун издөө керек. Оптимисттик көз караштагы, жигердүү, рухий өнүгүү жолундагы адамдар менен мамиле түзгүлө. Пессимисттерден (араккечтерден, кылмышкерлерден, баңгилерден, бекерпоздордон ж.б.) оолак болгула. Уйку алдында көңүлдүн тынч, уйкунун нормалдуу болуусуна камкордук көргүлө. Табыгий, жаңы, бузулбаган азыктар менен тамактанып, консерванттарды, бузулган тамактарды жебегиле. Башкаларга жардам берүү аркылуу да оптимисттик сезим адамга келет. Адамдар сага кандай мамиле кылышын кааласаң, адамдарга ошондой мамиле кылуу керек. Ойдун тазалыгын, сөздүн тууралыгын сактоо, адебиңди көзөмөлдөө керек. Эсиңерде болсун, оптимист алдына жогорку максат коёт, максатка жетүүнүн жолдорун издейт,

ал жолдордун бири да ийгиликке алып

келбесе, башка ыкмалар жөнүндө ойлонот, аны сынап көрөт, иши оңунан чыкпаса, сабыр кылат, талыкпастан эмгектенет, ошентип чыгармачыл аракет