Орфоэпиянын көлөмү ар түрдүү аныкталып да жүрөт. Кеңири түшүндүрүүдө фонемаларды колдонуу жана аллофондорун айтуу эрежелери катары каралса, тар түшүндүрүүдө гана колдонулуш эрежелери катары аныкталат. Орфоэпияны туура аныктоо, эң алды, сегменттик (фонемалык) жана суперсегменттик (басым, ) бирдиктерди нормага ылайык колдонуу, нормага ылайык айтуу менен шартталат. Фонемаларды нормага ылайык колдонуу деген фонемаларды туура колдонуу, туура, так айтуу, сөздө аларды туура жайгаштыруу, ар бир фонеманы өз-өзүнчө так, ачык бөлүп айтуу дегенди билдирет.
Орфография сыяктуу эле тилдик ички категория катары Орфоэпиялык норманы анын ланган нормасынан айрып түшүнүү зарыл. Орфоэпиялык норма – бул бир эле кубулушту белгилөөнүн, тигиндей же мындай айтуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүгүнүн бар экендиги жана ошого карата сырттан таасир этүүнүн жыйынтыгы, натыйжасы, б.а. тилдик айтылыштын өзүнүн ички объективдүү импаненттүү нормасы, тигил же бул сөздү, тыбышты туура айтуунун табигый көрүнүшү. Ал эми лык норма – бул объективдүү, импаненттүү тилдик табигый же сырттан таасир этүүнүн натыйжасында аныкталган норманын эреже, талап, көрсөтмө катары сөздүктөрдө, окуу китептеринде, грамматикаларда көрсөтүлүшү, берилиши, жазылышы. да кайсынысын туурасы катары колдонуу сунушталат, көрсөтүлөт. Реалдуу, табигый Орфоэпиялык нормага ланган норманын канчалык төп, дал келгендигине жараша айтылыштын, б.а. Орфоэпиянын тактыгы аныкталат. ланган норма ар дайым реалдуу, объективдүү, тилдин учурдагы өнүгүш, колдонулуш нормасынан артта калат. Анткени ал китепке жазылган эреже-талап катары мурдатан тизмеленген норма болсо, жандуу тилдин айтылышында өзгөрүү аз эле мезгил ичинде да боло берет. Ошондуктан ланган нормалар, талаптар Орфографияда да, Орфоэпияда да мезгил-мезгили менен такталып, жаңыртылып, тил колдонуудагы реалдуу, табигый нормага шайкеш оңдолуп туруусу зарыл.