СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Орфографиялык эрежелерди окутуу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги
Ош шаарындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту
Л е к ц и я
Тема: Орто мектептерде орфографиялык
эрежелерди окутуу
Даярдаган:филол. ил. канд., доцент С.Давлатова
Ош - 2020
“Эгер падыша болсонуз, ишти эмнеден баштаар элеңиз?” – деп, кытай философу Конфуцийден сурап калышат. Ал: “Эң алгач тилди тазалоодон баштамакмын,” – деп жооп берип, таң калгандарга карап туруп, мындай деген экен: “Эгер тилде ырааттуулук эмес, баш аламандык өкүм сүрсө, анда адам өз оюн толук, так, туура айта да, жаза да албайт. Эгер ал өз оюн толук түшүндүрүүгө дарамети жетпесе, анда анын кылган иши аксайт. Ал эми иш аксаган жерде тартип бузулуп, маданият жоголот. Эгер маданияттуулук болбосо, анда адилеттүүлүк да болбойт. Ал эми адилеттүүлүк болбогон жерде эл карайлап, эмне кыларын билбей калат. Ошондуктан, тилден маанилүү эч нерсе жок.” [6]
6. Карасаев Х. К. Орфографиялык сөздүк. -Фрунзе, 1983.
Кандай таамай айтылган сөз! Демек, адам жашоосунда тил жана сабаттулук өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан учурда мектептерде гана эмес, орто жана жогорку окуу жайларындагы билим берүү программаларында кыргыз тили предметин окутуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан кабыл алынган “Кыргыз тилин эне тил атары окутуунун стандартында” (5-9-класстар) эне тилди окутуунун максаты так коюлган:“Окуучуларды жазуу жана оозеки кеп ишмердүүлүктөрүн өркүндөтүү, баарлашуунун бардык чөйрөлөрүндө эне тилиндеги кеп маданиятынын чен-өлчөмдөрүн туура сактоого, көп тилдүү, көп маданияттуу коомдо эне тилинин тилдик-маданий баалуулуктарын барктай билүүгө көнүктүрүү.”
Орто мектептер үчүн түзүлгөн “Кыгыз тилинин программасында” кыргыз тилин компетенттүүлүктүн негизинде окутуу ыкмасы сунушталган:
“Компетенттүүлүк деген -бул ар бир сабакта алган теориялык билимдер боюнча окуучунун практикалык билгичтик, ыкмаларга ээ болуусу. Ар бир сабакта билимдердин суммасына гана ээ болбостон, аны турмушта пайдалана алуусу. Атап айтсак:
Тилдик компетенттүүлүктө - мектеп окуучусу тилдин системасы жана анын кепте ишке ашырылышы жөнүндө билим, билгичтик, ыкмаларга ээ болот. Мисалы: тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары жана алардын тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт; лингвистикалык бирдиктерди кызматтары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурат; тилдик бирдиктерди түзүлүшү, мааниси жана стили боюнча айырмалайт; кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырат; орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ болот.
Кептик компетенттүүлүктө - мектеп окуучусу коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүү болушат. Мисалы: карым-катнаштын максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнөт жана белгилейт; тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык менен салыштырат; адабий тилдин (стилдердин) чен-өлчөмдөрүнө, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзөт; текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзөт; коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдыксемантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана аны оозеки, жазуу кебинде пайдаланат. Маданий компетенттүүлүктө мектеп окуучусу пикир алышууга катышуу менен социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алуу менен сүйлөшүү маданиятынын ыкмаларына ээ болот. Коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун чен-өлчөмдөрүнө ылайык карым-катнашка аралашып, социалдык ролду өзүнө кабыл алуу менен кыргыз элинин маданий мурасынын маанилүү өзөгү болуп саналган ыйык баалуулукка айланган эне тилин урматтайт жана сактайт”.
Демек, орто мектептерде кыргыз тилин окутууда окуучулар мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу, оюн так, жеткиликтүү баяндоо үчүн билим, билгичтик, көндүмдөргө ээ болуусу зарыл. Бул натыйжаларга жетишүүдө кыргыз тилинин жазуу эрежелерин толук өздөштүрүүнүн мааниси зор. Орто мектептер үчүн түзүлгөн “Кыргыз тилинин программасында” кыргыз тил илиминин “Орфоэпия жана орфография” бөлүмүнө тиешелүү бир катар темалар камтылган. Алардагы материалдарды өздөштүрүү менен, окуучу сабаттуу сүйлөө жана жазуу жөндөмдүүлүгүн калыптандырат. Бирок кыргыз тилинин жазуу эрежелери кыргыз тили предметинин ар бир сабагында бышыкталуусун эстен чыгарбоо керек.
Сабаттуулуктун мааниси тууралуу новатор мугалим Б.Исаков мындай деген таамай оюн айткан: “Орто мектепти аяктагандан кийин да, адистигинин бар-жогуна, ким болуп иштегенине карабай, унутулбоочу, ар дайым сары майдай сакталып, кереги утуру тийип турчу олуттуу билим көрөңгөсү бар, ал – сабаттуулук. Ал өмүр бою сени менен бирге болуучу сабат маданиятың. Ошондуктан утуру кайталап, эске түшүрүп, жадыңда сактаганың оң.» [Б.И. Кыргыз тили.5-б.]. Андыктан сабаттуу сүйлөөгө жана жазууга үйрөтүүчү эрежелерди өмүр бою жадыбызда сактоого тийишпиз.
Орто мектептердин 5-9-классатры үчүн түзүлгөн “Кыргыз тилинин программасында” кыргыз тил илиминин “Орфоэпия жана орфография” бөлүмү боюнча атайын темалар бар.
Орто мектептердин 5-класс окучуулары үчүн “Орфоэпия жана орфография жөнүндө түшүнүк. Кыргыз орфоэпиясынын негизги эрежелери: уңгу сөздөрдүн жеке тургандыгы туура айтылышы жана жазылышы, уңгуга мүчө жалганган учурдагы туура айтылышы жана жазылышы” деген теманы окутуу (2с.) сунушталган.
Орфография жана орфоэпия жөнүндө түшүнүк берилет да, б тыбышынын эки үндүүнүн ортосунда жана уяң үнсүздөрдөн кийин келгендеги жумшарып айтыла тургандыгы жана жазууда ага жол берилбей тургандыгы түшүндүрүлөт. Доскада буга байланыштуу мисалдар келтирилет: кабар (кавар), сабак (савак), тубар (тувар), күбө (күвө), табат (тават), көбөт (көвөт) ж.б.
Кыргыз тилиндеги төл сөздөрдүн аягында б, в, г, д, ж тыбыштары колдонулбай тургандыгы жана кабыл алынган сөздөрдө кандай жазылса, кыргыз тилинде да ошондой жазыла тургандыгы түшүндүрүлөт. М.: герб, клуб, араб, гараж, парад, митинг. Түшүндүрүүдө аталган жумшак үнсүздөрдүн каткалаңдашып айтыла тургандыгын баса белгилөө керек (түгөйлүү үнсүздөргө өтүүсү).
Окуучулардын эсте сактап калуусун калыптандыруу максатында оозеки жана жазуу жумуштарын аткартууга болот. Көнүгүү жумуштарын жөнөкөйдөн татаалга карай аткартуу оң. Алгач оозеки мисалдарды айттыруу максатка ылайыктуу (сүрөт боюнча). Мында төмөнкүдөй сүрөттөрдү доскада же интерактивдүү доскадан көрсөтүп, сүрөт боюнча б тыбышынын айтылышы жана жазылышына мисалдарды табуу: иттин сүрөтү, топ тээп жаткан баланын сүрөтү, табактын сүрөтү ж.б. Андан кийин эки куржунга сөздөрдү салуу жумушун уюштурууга болот: биринчи жагына айтылышы боюнча, экинчи жазына жазылышы боюнча. Мында эки окуучуну доскага чыгартып, калгандарын олтурган жайында аткартууга болот. Доскадагы окуучулар столдун үстүнө коюлган сөздөрдү бөлүп, куржунга салышат. Ал эми отурган окуучулардын бирөөсү сөздөрдү айтылышы боюнча, экинчиси жазылышы боюнча топтошот (сөздөр аралашырылып коюлат). Мисалы, төмөнкүдөй сөздөр таркатылат: сабат –сават, аба - ава, чабат – чават, обон- овон, добуш – довуш, кубаныч – куваныч.
Алгач сөздөрдү туура жазылышы боюнча көчүргүлө: кабат –кават, кубат -куват, кубала – кувала, кебек – кевек, бубак – бувак, себет – севет.
Андан кийин окуучулардын өздөрү б тыбышынын үндүүлөрдүн ортосунда жана уяң үнсүздөрдөн кийин келгендеги жумшарып айтылышына карата жазуу жумуштарын аткарышат, т.а., окуучулар мисалдар жазышат (5тен). Өз алдынча мисалдардын жазышы окуучулардын эсте тутуу жөндөмдүүлүгүн калыптандырат.
Андан ары сөздөргө мүчө уланганда, сөздүн аягындагы үнсүздөрдүн өзгөрүп айтылышы жана жазылышы түшүндүрүлөт. Ага карата төмөнкүдөй кластерди колдонсо болот.
Сөздөр(ч):
кеч, ач, күч,
кач.
ч + с,т = ш
+т: күштүү (айтылышы),
күчтүү (жазылышы);
кешти (айтылышы),
кечти (жазылышы).
+с: кешсе (айтылышы),
кечсе (жазылышы);
кашса (айтылышы),
качса (жазылышы).
+ч: ашчы (айтылышы),
аччы (жазылышы);
кашчы (айтылышы),
каччы (жазылышы).
|
+м: менмин (жазылышы) меммин (айтылышы) келинмин (жазылышы) келиммин (айтылышы)
Сөздөр(н): нан, мен, күн.
(н + м,б =н → м) (н+г=н →ң) +б: менби (жазылышы), мемби (айтылышы); күнбү (жазылышы), күмбү (айтылышы).
+г: наңга (айтылышы) нанга (жазылышы) күңгө (айтылышы) күнгө (жазылышы)
|
|
Биринчи сөздүн аягы к тыбышы г болуп айтылат: аг үй (айтылышы) ак үй (жазылышы) баг эк (айтылышы) бак эк (жазылышы таг айт (айтылышы) так айт (жазылышы
Экинчи сөз үндүү менен башталса: үй, эк, айт Биринчи сөз каткалаң к менен аяктаса: ак, бак, так.
|
|
|
таап пер (айтылышы)
таап бер (жазылышы)
алып парба (айтылышы)
алып барба (жазылышы)
Экинчи сөз:
+б: бер
барба
Сөздөр каткалаң менен аяктаса:
таап
алып
Сөздөргө мүчө уланганда сөздүн аягындагы тыбыштардын өзгөрүшүнө карата төмөнкүдөй машыгуу жумуштарын аткарууга болот.
1-тапшырма: Төмөнкү сөздөрдүн арасынан туура жазылган сөздөрдү көчүрүп жазгыла.
Ачса - ашса, ачты-ашты, бычты-бышты, өчтү – өштү.
2-тапшырма. Төмөндө берилген сөздөргө тиешелүү берилген мүчөлөрдү улап көчүргүлө, айтылышын кашанын ичине жазгыла: -са, - бы, -га.
Кан, көч, эгин, түн, асман.
3-тапшырма. Төмөндө көрсөтүлгөн сөздөргө үндүү менен башталган сөздөрдү (алма, отургуз, айт, ал, оку) кошуп жазгыла.
Көк, жооп, саап, көп, дарак.
4-тапшырма. Катадан арылтып көчүргүлө.
Бүгүңкү ишти эртеңкиге калтырба. Мен ырдаймын кайрат болуп эмгекке,
Таза жүрөк, жаңган жалын ал үчүн!(Ж.Бөкөнбаев). Эгер «кел!» деп Ата Мекен чакырса,
«Амамбы» дан «кош» деп айткан сөз жакшы.(А.Осмонов). Сууну көп кешсе чалчык болот, сөздү көп сүйлөсө тантык болот.
Бул темага карата жыйынтытоо максатында айтылышы жана жазылышы боюнча сөздөрдү топтоштуруу оюнун уюштурса да болот: таңга, танга, туурап бер, туурап пер, чачты, чашты, сак укта, сак укта, сенби, семби, таңкы, танкы.
Ошондой эле “Бир сөз ичинде к, п, тыбыштарынын г, б, тыбыштарына өзгөрүп айтылышы жана жазылышы” деген теманы өтүүгө бир саат берилген.
Аталган теманы түшүндүрүүдө төмөнкү таблица колдонулат:
|
Уңгу: китеп, бек, тарап, турак, талап, ак, так, жак, бак ж.б. Мүчө: ым, -ың, -ы, -ар, -ып, -а+т
Китеби, бегим, тарабым, турагы, талабы, агар, тагат (тагып), жагар, багат ж.б.
+ =
|
Демек, аягы к, п тыбыштары менен аяктаган атооч сөздөргө жак таандык мүчөлөр (-ым, -ың,-ыңыз, -ы жана –ыбыз, -ыңыр,-ыңыздар) жана этишти жасоочу –ар мүчөсү уланганда, к, п тыбыштары менен аяктаган этиштерге чакчылдардын -ып, -а+т мүчөлөрү уланганда, к, п тыбыштары жумшарып, г, б тыбыштарына өтүп айтылат жана жазылганда өзгөргөндөгү көрүнүшү боюнча жазылат.
1-тапшырма. Тексттен к тыбышы г болуп, п тыбышы б болуп өзгөргөн сөздөрдү тап, өзгөрүү себебин түшүндүр.
Тигил он ырчы болсо ырдап жатыры. Бизди жан-дил айлампабызга чөгөрмөккө, өткөн муундардын арбагы менен арманын өз дилибизде кайра жаңыртмакка, андан соң өзүбүздөн-өзүбүздү көкөлөтүп өйдө учурмакка, ошону менен бу жалганга жаралгандагы максатыбыз жана маңызыбыздын кунарын жана сулуулугун түшүндүрмөккө, ал кунар менен сулуулук жаралган дүйнөнүн ыйыктыгы анын укмуш кереметинде экенин туюнтмакка кудай өзү кошоктоп койгон тигил он ырчы ырдап жатыры. (Ч.Айтматовдун “Кыямат” романынан).
2-тапшырма: Бир сөз ичинде к тыбышы г болуп өзгөргөн, п тыбышы б болуп өзгөргөн учуруна 5тен сөз жаз.
Бул тема “Зат атоочтордун таандык мүчө менен өзгөрүшү”, “Чакчылдар” деген темаларда бышыкталат.
Ал эми 6-класстын программасында төмөнкүдөй темалар берилген (3саат):
Кыргыз орфографиясынын негизги эрежелери: сөздөрдү жана сөз мүчөлөрүн жазуунун эрежелери.
Сөздү бирге, бөлөк жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери.
Баш тамгаларды жазуунун эрежелери, сөздөрдү ташымалдап жазуунун эрежелери.
“Сөздөрдү жана сөз мүчөлөрүн жазуунун эрежелери” деген теманы өтүүдөн мурда орфографиянын негизги принциптери тууралуу түшүнүк алууга тийиш.
Орфографиянын морфологиялык принциби;
Орфографиянын фонетикалык принциби.
Морфологиялык принцип. Орфографиянын морфологиялык принциби деп сөздөрдү айтылышына карай эмес, уңгу түрүндөгү баштапкы абалына карай жазууну айтабыз. Тактап айтканда, айтууда тыбыштык жактан өзгөрүүгө учураган сөздөр айтылышындай жазылбастан, ал сөздүн баштапкы түрүндөгү тыбыштык көрүнүшү боюнча жазылат. Мисалы: кашты эмес, качты
наңга эмес, нанга
туссуз эмес, тузсуз
алып пер эмес, алып бер ж.б.
Фонетикалык принцип. Уңгунун (сөздүн) аягындагы үндүү, үнсүзгө карай
мүчөнүн башындагы үндүү, үнсүздүн окшошуп өзгөрүшү боюнча жазуу орфографиянын фонетикалык принциби деп аталат. Мисалы, илик жөндөмөсүнүн -нын мүчөсү 12 вариантта жазылат. Себеби орфографиянын фонетикалык принцибинин негизинде уңгунун аягындагы үнсүз жумшак болсо, ага уланган мүчөнүн башкы үнсүзү да жумшак болуп (биздин, каздын, сарайдын ж.б.), эгерде уңгунун аягындагы үнсүз каткалаң болсо, мүчөнүн башындагы үнсүз да каткалаң болуп (каттын, баштын, куштун, эликтин, сүлүктүн ж.б.) өзгөрөт. Үндүү тыбыш менен аяктаган сөздөрдөн кийин –нын мүчөсүнүн үнсүзү өзгөрбөй жазылат: талаанын, эненин, билимдүүнүн ж.б.
Сөздөр орфографиянын морфологиялык принцибинин негизинде жазылат. Тактап айтканда, сөздөрдүн уңгусун баштапкы көрүнүшүн аныктап, ошол боюнча жазабыз. М.: мемби эмес менби (уңгусу –мен); күштүү эмес күчтүү (уңгусу –күч).
Сөз мүчөлөрү орфографиянын фонетикалык принцибинин негизинде жазылат. Ал боюнча уңгуга мүчө уланганда, ал тыбыштык жактан кандай өзгөрүүгө дуушар болсо, ошондой өзгөргөн түрү боюнча жазуу шарт. М.: -га мүчөсү каткалаң менен аяктаган сөздөрдөн кийин уланганда, -ка болуп өзгөрөт: бак+га=бакка, саат+га=саатка ж.б. Ал эми үндүүлөрдүн үндөштүк закону боюнча алдыңкы муундагы үндүүгө карай кийинки муундагы үндүүлөр окшошуп өзгөрүшөт. Фонетикалык принциптин негизинде мүчөлөрдү жазууда бул процесс да эске алынат, б.а., мүчөдөгү үндүүлөр кандай өзгөрүүгө дуушар болсо, ошол абалында жазылат: китепке, өрдөккө, конокко ж.б.
Тема түшүндүрүлгөндөн кийин машыгуу жумуштары аткарылат.
1-тапшырма. Сөздөрдү мугалим көрсөтөт, окуучулар кайсы сөз туура жазыларын айтышат, б.а., биринчи сөз туура болсо, бир манжасын көрсөтүшөт, экинчи сөз туура жазылган болсо, эки манжасын көрсөтүшөт: бышты – бычты, танба – тамба, түйүнбү – түйүмбү, алып өт – алыбөт, кыйымбы – кыйынбы.
2-тапшырма. Предметтердин сүрөттөрүн коюп, анын аталышына мүчө улап жазуу: ак куу, китеп, отургуч, ата, эне, балык, дептер, кийиз.
3-тапшырма. Сүйлөмдөрдөгү туура эмес жазылган сөздөрдү оңдоо менен, дептериңерге көчүрүп жазгыла.
Чоң атамдар бир конуштан экинчи конушка көштү. Баланын төрөлгөнүнө сүйүмбө, турганына сүйүн. Кичинеден ичкен сууга баарынын суусундугу камбады. Жакыңкы күндөрү биз акындар менен жолугушуу кечесин өткөрөбүз. Артур Усөңкулов спорттук мелдеште жеңишке ээ болду.
Жагдайга карап, убакытты үнөмдөө максатында бул көнүгүүнү оозеки аткартууга да болот (интерактивдүү доскадан же ватманга жазылган таблицадан көрсөтүү менен). Ал эми жазуу түрүндө аткаруунун да пайдалуу жагы бар. Мында жазуу жумуштарын аткаруу менен, окуучулардын эсинде жакшы сактап калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
4 -тапшырма. Сөз жана мүчөлөрүн жазуу эрежелерине ылайык бештен сөз жазуу. Үлгү: 1. Кайыктар ж.б.
2. Санбы – самбы ж.б.
5-тапшырма. Төмөнкү насаат сөздөрдөн ката жазылган сөздөрдү тап.
Бүгүңкү ишти эртеңкиге калтырба. Улуулар суңган устуканды элпектик менен ал.
Меймандан мурда дасторкоңго кол сумба. Жети күңкү жаандан желип өткөн суу жакшы.
Сабактын аягында жыйынтыктоо максатында орфографиялык мүнөт уюштурулганы сабактын натыйжасын текшерүү үчүн маанилүү.
Ошондой эле тесттик материалдарды да колдонсо болот:
Сөзөр орфографиянын кайсы принцибинин негизинде жазылат?
а) фонетикалык; б) традициялык; в) морфологиялык; г) а,в жооптору туура.
2. Сөз мүчөлөрү орфографиянын кайсы принцибинин негизинде жазылат?
а) морфологиялык; б) фонетикалык; в) бирге жазуу; г) фонетика-морфологиялык.
3. Орфографиянын морфологиялык принциби – бул
а) сөздөрдү айтылышына карай эмес, уңгу түрүндөгү баштапкы абалына карай жазуу;
б) сөздөрдү айтылышына карай эмес, мүчө улангандагы абалына карай жазуу;
в) сөздөрдү окулушуна карай жазуу;
г) сөздөрдү айтылышына жана угулушуна карай жазуу.
4. Орфографиянын фонетикалык принциби – бул
а) сөздөрдү уңгу түрүндөгү абалына карай жазуу;
б) мүчөлөрдү өзгөргөн абалына карай жазуу;
в) сөздөрдү айтылышына карай жазуу;
г) мүчөлөрдүн баштапкы абалына карай жазуу.
5. Туура жазылган сөздөрдүн тобун белгиле.
а) түңгө жуук, кучкө; б) менби, каңга; в) танба, сенби; г) күңгө, таңга.
6. Мүчөлөрү туура жазылган сөздөрдүн тобун белгиле.
а) такга, бешке; б) ташты, кыяктан; в) көмөкдү, кечди; г) намысга, ариетке.
“Сөздү бирге, бөлөк жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери” деген теманы өтүүдө мугалим чакыруу максатында төмөнкүдөй суроолор менен кайрылат:
Кандай сөздөр татаал сөздөр деп аталат?
Татаал сөздөрдүн түрлөрүн атагыла.
Буга чейин алар сөз түркүмдөрү жөнүндө маалымат алышканда, жөнөкөй жана
татаал сөздөрдүн жазылышы боюнча түшүнүккө ээ болушкан. Ошондуктан татаал сөздөрдүн жазылышы боюнча сөздүк диктант алуу менен, алардын билимин текшерип алууга болот: бака жалбырак, аш казан, казан-аяк, эже-сиңди, улуу-кичүү, келип кетти.
Бул аракет окуучуларга түшүндүрүүдө татаал сөздөрдүн жазылышындагы кайсы эрежеге басым коюп түшүндүрүүнү аныктоого мүмкүнчүлүк жаралат. Андан кийин жаңы өтүлө турган тема түшүндүрүлөт.
Теманы төмөнкүдөй кластердин негизинде түшүндүрсө болот:
|
Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы: карамүртөз, кечкурун, арабөк ж.б.
Бириккен сөздөрдүн жазылышы: бүгүн, быйыл, кайната, байке, минтип, антип ж.б.
Татаал сөздөрдүн жазылышы Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы: көз айнек, аш казан, он беш, каратору, бара жатат, эң жакшы ж.б.
Кыскартылган сөздөрдүн жазылышы: КУУ (кыргыз улуттук университети), БУУ (Бириккен Улуттар Уюму), биофак, медколлеж ж.б. Кош сөздөрдүн жазылышы: күч-кубат, аман-эсен, бала-чака, жылт-жулт, ыпыр-сыпыр ж.б.
|
“Сөздү бирге, бөлөк жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери” деген теманы өтүүдө кеп ишмердүүлүгүн калыптандыруунун төрт түрү менен иш алып баруу үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттерди уюштуруу оң. Түшүнүүгө чейинки иш-аракетте татаал сөздөр жөнүндөгү түшүнүктөрү текшерилет. Андан кийин теманы түшүнүү үчүн аткарылуучу иш катары окуучуларга тапшырма берүү керек: теманы түшүнүү чынжыр стратегиясынын негизинде аткарылат. Окуучулар беш топко бөлүнүшөт да, биринчи топтогулар бириккен сөздөрдүн жазылышы, экинчи топтогулар кош сөздөрдүн жазылышы, үчүнчү топтогулар кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы, төртүнчү топтогулар кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы, бешинчи топтогулар кыскартылган сөздөрдүн жазылышы тууралуу түшүнүктөрүн презентациялашат. Аларга текст таркатылат. Тексттин мазмуну төмөнкүдөй:
Мурда татаал сөз катары колдонулуп, кийин биригип кетип колдонулган сөздөр
бириккен сөздөр деп аталат. Алардын мурдагы көрүнүшү төмөнкүдөй болгон: кайсы жер, кайын ата, кайын эне, ушундай этип, бай аке, ага-ини, бул күн, бул жыл ж.б.
Алардын тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара биригип кетип, төмөнкүдөй
болуп, бирге жазылып калган: каер, кайната, кайнене, ушинтип, байке, агайын, бүгүн,
быйыл ж.б.
Бириккен сөздөр бирге жазылат.
Кош сөздөр жуп-жубу менен айтылат. Алардын ортосуна дефис коюлуп
жазылат. М.: ата-эне, эже-сиңди, чоң-кичине, жакшы-жаман, көйнөк-сөйнөк, бала-чака, ыпыр-сыпыр, илең-салаң ж.б. Эки бөлүгү тең маани берген кош сөздөр: ата-эне, эже-сиңди, чоң-кичине; бир бөлүгү маани берген кош сөздөр: бала-чака, көйнөк-сөйнөк; эки бөлүгү тең өз алдынча маани бербей, кошо айтылганда бир маанини түшүндүргөн кош сөздөр: ыпыр-сыпыр, илең-салаң ж.б.
Кошмок сөздөр экиден ашуун сөздөн туруп, бир маанини түшүндүрүп, ар бир
сөзү бөлөк жазылат. М.: бака жалбырак, көз айнек, кара тору, ак жуумал, бара жатат, сүйлөп олтурат, жыйырма беш, отуз алты ж.б. Кошмок сөздөрдүн составындагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча мааниге ээ, бирок биригип келгенде татаал сөз катары колдонулуп, бир түшүнүктү берет. М.: жыйрыма өзүнчө санды, беш өзүнчө санды түшүндүрөт, ал эми кошо айтылганда башка санды билдирет (жыйырма беш); көз деген сөз өзүнчө мааниге ээ, айнек деген сөз өзүнчө мааниге ээ, экөө кошо айтылганда, татаал сөз уюштурулуп, айнеги бар, көзгө тагылуучу буюмду түшүндүрөт (көз айнек).
Кошмок сөздөр бириктирилип да жазылат. Алар төмөнкүдөй учурларда
бириктирилип жазылат:
Мурда эки сөз катары колдонулуп, бир бөлүгү маанисин жоготуп койгондо:
карамүртөз, алмончок, Алайкуу, Мырзаке ж.б.
Эки бөлүгү тең маанисин жоготкон кошмок сөздөр: асыресе (туурасы),
тиригарак (чыйрак, тың), жексур (жагымсыз, жек көрүндү), ачкүсөн (сугалак, ач көз) ж.б.
Мында окуучулар “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” менен иштеп, сөздөрдүн маанилерин өздөрү тапса да болот. Бул окуучулардын өз алдынча иштөөсүн активдештирүүгө өбөлгө болот.
Башкы тамгаларынан жана муундарынан кыскартылып айтылган сөздөр
кыскартылган сөздөр деп аталат. Башкы тамгаларынан кыскартылган сөздөр баш тамга менен жазылат: МАИ (мамлекеттик авто инспекция), КУУ (Кыргыз улуттук университети), БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) ж.б. Ал эми муундарынан кыскартылган сөздөр биге жазылат: филфак (филологиялык факультет), профком (профсоюздук уюм), ЖОЖ (жогорку окуу жайы) ж.б.
Чынжыр стратегиясын колдонуу менен, окуучулардын окуп түшүнүү, угуп түшүнүү жөндөмдүүлүктөрү калыптанып, активдүүлүктөрүн жогорулатууга, өз алдынча иштөө активдүүлүктөрүн калыптандырууга, коммуникативдик байланышты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.
Теманы бышыктоодо окуучулардын угуп түшүнүү, кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү максатында тапшырмалар алмаштырылып берилет: биринчи топко кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу эрежесине, экинчи топко кыскартылган сөздөрдү жазуу эрежесине, үчүнчү топко кош сөздөрдү жазуу эрежесине, төртүнчү топко кошмок сөздөрдү бөлөк жазуу эрежесине, бешинчи топко бириккен сөздөрдү жазуу эрежесине карата тапшырмалар берилет. Аталган топтун студенттери сөздөрдү жазышып, окуп беришет. Бул жумушту жагдайга карап, оозеки түрдө аткартууга да болот. Алардын жоопторуна калган топтогулар баа беришет.
Бышыктоо максатында, б.а., түшүнүүдөн кийинки иш-аракет катары төмөнкүдөй машыгуу жумуштарын аткартууга болот.
1-тапшырма. Аралаш жазылган татаал сөздөрдү бөлүп жазуу: ушинтип, жылаңбаш, өгүнү, колмо-кол, бети-башы, ач көз, ак көңүл, ай балта, турфирма, жүгүрүп чык, саат-сабыр, медколлеж, КР, мобу.
| Кош сөздөр | Бириккен сөздөр | Кошмок сөздөр | Бириккен сөздөр |
|
|
|
|
|
2-тапшырма. Катадан арылтып көчүрүү. Анда сөздөр туура эмес жазылган болот. Аны окуучулар тууралап көчүрүп жазышат: туракжай, чач тараш, кайынага,
өчал, балабакча, бетибашы, үйбүлө, ала була, рай кеңеш, оналты, ыркытыркы.
Бири-биринин жазгандарын текшеришет, баалашат. Бул аракеттереден кийин туура жазылган үлгү көрсөтүлөт, каталарын оңдошот (турак жай, чачтарач, кайнага, өч ал, бала бакча, бети-башы, үй-бүлө, райкеңеш, он алты, ыркы-тыркы).
Түшүнүксүз сөздөрдүн маанилерин “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн” карашат.
3-тапшырма. Сөздөрдү бөлөк, бирге жазууга карата мисалдар жазуу.
| Бөлөк жазылуучу сөздөр | Бирге жазылуучу сөздөр |
|
|
|
4-тапшырма. Насаат сөздөрдөн ката жазылган татаал сөздөрдү тап.
Насаат ар бир жаңга керек. Бүгүңкү ишти эртеңкиге калтырба. Улуулар суңган
устуканды элпектик менен ал. Сууга акир чикир таштаба. Дасторконду баспа, кол сүлгү менен тизеңди жаппа. Тамакты биринчи эң улуу киши оозтийсин. Адамды адам кылган -анын акыл эси, ар намысы, инсандык сыймыктануусу.
Жыйынтыктоо максатында орфографиялык мүнөт өткөрүү максатка ылайыктуу.
Ошондой эле сабакты жыйынтыктоодо же үй тапшырмасын суроодо тесттик материалдар пайдаланылса да болот.
Бириккен сөздөрдүн тобун аныкта.
а) түнүчүндө, кайнеже, минтип; в) асыресе, карамүртөз, кайнене;
б) коңкарга, колкап, акиташ; г) үчэм, көзкараш, арабөк.
2. Туура жазылган кошмок сөздөрдүн тобун белгиле.
а) алып келди, Аксуу, кара тору; в) ак жуумал, кол башчы, Тору-Айгыр;
б) минтип, кош ооз, көз каранды; г) басма сөз, ак көңүл, Жети-Өгүз.
3. Жазылышы туура татаал сөздөрдү аныкта.
а) Ала-Арча, көбүнесе, ошондой этип; в) Ысык-Көл, ушинтип, бат-бат;
б) үч ача, “Арча-Бешик” жатаканасы, тилкат; г) “Соң-Көл” кафеси, ак жуумал, ташбака.
4. Кошмок сөз түрүндөгү татаал жер-суунун аттары кандайча жазылат?
а) бардык сөздөрү баш тамга менен ортолоруна дефис коюлуп;
б) бардык сөздөрү баш тамга менен ортолоруна дефис коюлбай;
в) биринчи сөзү баш тамга менен, кийинкиси кичине тамга менен башталып;
г) биринчи сөзү баш тамга, кийинкиси кичине тамга менен ортолоруна дефис коюлуп.
5. Туура жазылган кош сөздөрдүн тобун аныкта.
а) катып-койду; барып жүрөт; в) эстеп-калды, карым-катнаш;
б) келди-кетти, өйдө-төмөн; г) кап-сап, ак-жуумал.
6. Туура жазылган кыскартылган сөздүрдүн тобун белгиле.
а) КНР, тур фирма; б) КПСС, класском; в) райком, Жк; г) филфак, КНРнын.
Эсте калуусун бекемдөө жана кеп маданиятын өстүрүү максатында аталган татаал сөздөрдүн түрлөрүн пайдалануу менен, эркин темада текст жазуу, анда катышкан татаал сөдөрдүн жазылышын түшүндүрүү сыяктуу тапшырмаларды аткартуу да билимди бекемдөө, көндүмдөрдү калыптандыруудагы пайдалуу иш-аракеттерден болуп саналат.
“Баш тамгаларды жазуунун эрежелери” деген теманы өтүүдө түшүнүүгө чейинки иш-аракет катары окуучуларга төмөнкүдөй суроо менен кайрылсак болот:
Кайсыл учурларда сөздөр баш тамга менен жазылат?
Окуучулардын жооптору доскада тизмеленет. Теманы сынчыл ойломдун инсерт
стратегиясы менен түшүндүрсө болот.
| ˅- дал келет | + жаңы маалымат | ˗ карама-каршы ой | ? сурагым келет |
|
|
|
|
|
Окуучуларга текст таркатылат.
Баш тамгалар менен жазуунун эрежелери
Сүйлөмдүн биринчи сөзү баш тамга менен жазылат. М.: Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Ошондой эле башкы тамгаларынан кыскартылган сөздөр баш тамга менен жазылат: АКШ (Америка Кошмо Штаттары), ЖК (Жогорку Кеңеш) ж.б.
Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат:
Адамдарга, жаныбарларга энчиленип берилген аттар баш тамга менен жазылат: Айкөкүл, Ташмырза, Кудайберди, Аккула, Ташчайнар, Бөрүбасар ж.б.
Адам, жаныбарлардын аттары канча сөздөн турса да, бириктирилип жазылат.
Жер-суулардын аттары баш тамга менен жазылат. Жөнөкөй сөз түрүндөгү жер-
суу аттары: Ош, Бишкек, Нарын, Каракол ж.б. Ал эми татаал жер-суу аттары эки сөзү тең баш тамга менен жазылып, ортолоруна дефис коюлат: Отуз-Адыр, Кара-Суу, Ысык-Көл, Ак-Буура, Ат-Башы, Жети-Өгүз ж.б.
Башка тилдерден кабыл алынган жер-суу аттары ошол тилдин орфографиялык эрежесине ылайык жазылат: Батыш Европа, Ростов-на-Дону, Нью-Йорк, Кривой Рог, Түндүк Америка ж.б.
Эскертүү: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр жалпы ат катары берилсе, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түштүгү, Оштун батыш тарабы ж.б.
Астрономиялык аттар канча сөздөн болсо да, баш тамга менен жазылат: Жети
Каракчы, Алтын Казык, Саманчы Жолу, Жер, Күн, Ай ж.б.
Орден, медалдардын аттары татаал сөз болсо, биринчи сөзү баш тамга менен,
калгандары жана орден, медаль деген сөздөр кичине тамга менен жазылат: Манас ордери, Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалы ж.б.
Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын бардык сөзү баш тамга менен
жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кытай Эл Республикасы ж.б.
Тарыхый окуя, майрамдардын аттарынын биринчи сөзү баш тамга менен
жазылат: Жаңы жыл майрамы, Тегенан келишими, Басма сөз күнү, Орозо айт ж.б.
Эскертүү: майрамдардын аттары сан менен башталса, төмөнкүдөй жазылат:
1-Май, 9-Май ж.б.
Мамлекет жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын
аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Туризм жана спорт боюнча агенттиги ж.б.
Завод, фабрикалардын, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, аянттардын,
гүлбактардын, мекемелердин энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: “Ала-Тоо” аянты, “Эркиндик” гүлбагы, “Баястан” кафеси, “Айсулуу” сулуулук салону, “Илим” басмаканасы ж.б.
Мифологиялык энчилүү аттардын биринчиси баш тамга менен жазылат: Теңир
ата, Заңги баба, Чолпон ата ж.б.
Уруу, уруктардын аттары кичине тамга менен, канча сөздөн болсо да,
окулушуна карай бириктирилип жазылат: сарбагыш, каракытай, отузуул, сару ж.б.
11. Адабият, сүрөт, музык ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезти-журнал, китептердин
аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: “Тоо арасында” романы, “Каныбек” романы, “Сынган бугу” күүсү, “Агым” гезити, “Узак жол” повести ж.б.
Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз
катары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөш-Баян сулуу» чыгармасы ж.б.
Сөздөрдү ташымалдоо эрежелери боюнча окуучулар менен кластер түзүп, анан мугалим тарабынан түшүнүк берген максатка ылайыктуу.
Сөздөрдү ташымалдап жазуунун эрежелери
Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, ай-тылгандар ж.б.
Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: то-олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү; за-аркануүчу эмес, заар-кануу-чу ж.б.
Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, кал, тан, баш, кел, тарс, банк, акт ж.б.
Эки муундан турган апа, ата, эже, атак, аалам, аары, араа, эшик, өмүр, өтүк, унаа, ишен сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-па, а-та, э-же, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа, э-шик, ө-мүр, ө-түк, у-наа, и-шен болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.
Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат.
Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-ё, ю-билей, чи-е, акаци-я.
Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбыштар бири-биринен ажыратылып ташылат: та-ккан эмес, так-кан; кана-ттуу эмес, канат-туу, ча-ппа эмес, чап-па; ка-сса эмес, касс-са ж.б.
Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас (мамлекеттик басмакана).
Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт: Т.М.Мамбетжунушовдун, Б.Т.Рысалиевдин Т.М. жана Б.Т. кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт.
Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см; 10г., 100 ц., 125 кг., 67 г.
Эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.
Сөздөрдү ташымалдоо эрежесин түшүндүрүүдө Т схемасын колдонууга болот. Текст таркатылат (окуучулар эки тайпачага бөлүнөт). Биринчи топтогулар ташымалдоого мүмкүн учурларды тизмелешет, экинчи топтогулар ташымалдоого мүмкүн болбогон учурларды тизмелешет. Болжолдуу түрдө төмөнкүдөй схема түзүлөт:
| Ташымалдоого болот | Ташымалдоого болбойт |
| 1.Муунга бөлүү тартиби менен ташымалданат: тоо-лордо, бекинүү-чү, заар-кануу-чу ж.б. 2.Үндүү тыбыштардын ортосунда келген эки окшош үнсүз бөлүнүп ташылат: кат-ты, ак-ка, бат-ты, ук-кулуктуу ж.б. 3. ъ, ь белгилери өзүнөн мурдагы муунда калтырылып ташылат: баталь-он, консуль-тация, разъ-езд ж.б. 4.Муундарынан кыскартылган сөздөр ташымалданат: хим-фак, мам-бас ж.б.
| 1.Муун бир тамгадан турса, биринчи сапта калтырылбай же экинчи сапка ташылбайт: эже (э-же эмес), окуя (о-ку-я эмес) ж.б. 2.Бир муундуу сөздөр ташылбайт: кел, жат, бал, кош, тур ж.б. 3.Башкы тамгаларынан кыскартылган сөздөр ташылбайт: БУУ, МАИ, СССР ж.б. 4.Кишилердин кыскартылып алынган ысымдары фамилиядан бөлүнүп ташылбайт: Ч.Айтматов (Ч. Биринчи сапта калтырылбайт) ж.б. 5. см, кг, г, т сыяктуу кысуартуулар сандардан бөлүнүп ташылбайт: 10 кг, 5 ц. 6. Созулма үндүүлөр бөлүнүп ташылбайт: ашуу-га, ке-лүү-гө ж.б. |
Окуучулардын түшүнүгүн системалаштыруу максатында мугалим тарабынан окуучулар менен бирдикте кластер түзсө болот.
Окуучулардын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүнө, активдүүлүнө жараша мугалим тарабынан түшүндүрсө да болот же чынжыр стратегиясынын жардамы менен иштесе да болот. Акырында мугалим тарабынан жыйынтыктап койгон оң.
Бышыктоо максатында төмөнкүдөй көнүгүү жумуштары аткарылат:
1-тапшырма. Бир сөздөн турган энчилүү аттарды жаз (5).
Үлгү: Асан, Талас ж.б.
2-тапшырма. Экиден ашуун сөздөн турган, бардык сөздөрү баш тамга менен жазылган энчилүү аттардан 5ти жаз. Үлгү: Жети Каракчы, Орто Азия ж.б.
3-тапшырма. Экиден ашуун сөздөн турган, ортолоруна дефис коюлуп жазылган энчилүү аттардан 10ду жаз. Үлгү: Ысык-Көл, Кичи-Ак-Жол ж.б.
4-тапшырма. Биринчи сөзү гана баш тамга менен жазылган энчилүү аттардан 5ти жаз. Үлгү: Саламаттык сактоо министрлиги, Умай эне ж.б.
5-тапшырма: Тырмакчага алынып жазылган энчилүү аттардан 5ти жаз. Үлгү: “Мурас” кийим тигүү фабрикасы, “Достук” ашканасы ж.б.
6-тапшырма. Төмөнкү сөздөрдү ташымалдоого ылайыктап, муунга бөлүп жазгыла: экскурсия, канаттуу, ата, коюу, Ч.Т.Айтматов, экен, кабаттар, карууга.
7-тапшырма. Ташымалдоодон кеткен каталарды оңдоп көчүр.
Кыр-гыз кыр-гыз болуп жар-ал-ган-да эле тең-ир-им ан-ын кол-уна ком-уз-ду бер-ген, уул-ум. Бил-сең, мен са-га ком-узд-ун сыр-ын, са-нжы-рас-ын ай-т-ып бер-ей-ин деп чак-ыр-дым. Көк-үрөг-үңө түй-үп кой: кыр-гыз-га жа-шташ ка-ры ком-уз жа-шоон-у, тир-үү-лүк-тү күү-гө сал-ат. Ком-уз ө-мүр-дү даң-аз-а-лайт. Ком-уз-да айт-ыл-ба-ган, кү-үгө сал-ын-ба-ган эч нер-се жок. Э-ли-биз ка-нча жаш-а-са, ал оо-нчо ө-мүр сү-рө ту-рган кас-иет-ке ээ. (А.Стамовдон).
Мындай мазмундагы тапшырмалар окуучулардын оюн системалаштырууга жардам берет.
Акырында орфографиялык мүнөт өткөрүү оң.
Жыйынтыктоо максатында доскада жазылган сүйлөмдөрдөгү каталарды таптыруу аркылуу окуучулардын түшүнүктөрүн текшерип алууга болот.
М.: Нооруз майрамда теңир Ата батасын берди. Түнкүсүн Саманчы жолу жылдызы жаркырап нурун чачып турду. Кыргыз республикасынын президенти С.Жээнбеков Нарын облусунун эли менен жолугушту. Ал Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын алды. Майып балдарды Коргоо фонду жардам берди. “Манас” эпосу үч бөлүктөн турат: манас, семетей, сейтек. Ак чардак кафесинде олтурушат.
Сабаттуулун текшерүүгө карата иш-аракеттерди уюштурууну үзгүлтүксүз жүргүзүлүп туруу окуучулардын сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыпандыруудагы маанилүү өбөлгөлөрдөн.
«Сабаттуулук деген түшүнүккө, – деп жазат К.К.Сартбаев,– жазуу эрежеси боюнча туура жазуу гана жатпайт, ал түшүнүккө окуучулардын өз пикирин кат жүзүндө сабаттуу түрдө жазуу деген түшүнүк да жатат. Башкача айтканда, бул түшүнүккө речтик жалпы сабаттуулук да кирет. Мына ошондуктан орфография, биринчиден, грамматикага байланыштуу болсо, экинчиден, окуучулардын сөз өстүрүү жумушу менен да байланыштуу. Демек, окуучу орфографиянын материалдарын өздөштүрүү менен бирге, оозеки жана жазуу түрүндө да адабий тилди үйрөнүүгө тийиш. Эне тили мугалими орфографиянын материалдарын грамматиканын жана сөз өстүрүүнүн материалы менен тыгыз байланыштырып алып барганда гана окуучулардын сөз байлыгы өсөт» [96, 198].
Окумуштуунун ою боюнча орфография бул тек гана туура жазуу эмес, ал – адабий тилде сүйлөө менен жазуу, сөз байлыгын өстүрүү жана грамматикалык материалдарды өздөштүрүү. Мындай талаптар орфографияны окутууда көңүлгө алынышы зарыл.
Орфографияны окутуунун максаты, милдеттери жөнүндө Аскар кызы Жылдыз. өзүнүн диссертациялык ишинде төмөнкүдөй деп баса белгилеген: “Орфографияны окутуунун максаты – окуучулардын тилдик компетенттүүлүктөрүн калыптандырып, өркүндөтүү менен биримдикте аларда жазуу эрежелерин практикада аң-сезимдүү түрдө туура колдоно билүүнүн туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу.
Коюлган максатты ишке ашыруунун милдеттери:
– туура жана сабаттуу жазуунун мааниси жана ролу тууралуу кеңири түшүнүктөрдү берүү;
– окуучулардын негизги орфографиялык эрежелер жана түшүнүктөр менен бекем тааныштыруу;
– ал эреже, түшүнүктөрдү жазуу иштеринде колдонуунун көндүмдөрүн калыптандыруу;
– жазуу иштериндеги орфографиялык каталарды табууга жана аны оңдоого үйрөтүү;
– орфографиялык сөздүк менен иштөөнүн көндүмдөрүн калыптандыруу жб.
Демек, окуучу орфографиялык эрежелерди билүү, ал жөнүндө түшүнүккө ээ болуу менен бирге, ал эрежелердин негизинде сабаттуу жазууда колдоно билүү билгичтиги жана сабаттуу жазуу көндүмдөрүнө ээ болуп, практикада максаттуу пайдалана билүүгө тийиш. Бул натыйжага орфографиялык эрежелер жөнүндө маалымат берилген темаларды өздөштүрүү менен гана эмес, кыргыз тили предметинин ар бир сабагындагы сабаттуулукка байланышкан иштерди уюштуруу (жүргүзүү) аркылуу жетишүүгө болот.
Андыктан, жогорудагы айтылган кыргыз тили предметинин орфография бөлүмүнө тиешелүү темалардан башка программалык материалдарда да толукталып, кайталанып, бышыкталууга тийиш. Мисалы, сөз түркүмдөрү тууралуу түшүнүк алышканда, ага тиешелүү болгон сөздөрдүн жазылышы, сөзсүз, эске салынат. Мисалы, зат атооч, сын атооч, сан атооч, тактооч, этиш ж.б.тиешелүү материалдарда.
Тактап айтканда, “Зат атоочтор” бөлүмүндөгү энчилүү, жалпы аттар, зат атоочтордун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү жөнүндөгү материалдарды өздөштүрүүдө, татаал сын атоочтордун кош, кошмок сөз түрүндө келиши жана алардын жазылышы жөнүндө маалымат алууда орфографиялык эрежелер бышыкталат. Сөздөрдүн жазылышы боюнча эрежелерди ар бир сабакта эске салган окуучулардын сабаттуу жазуусун шарттайт. Байланыштуу кепти өстүрүүгө, кеп маданиятына тиешелүү темаларда да сабаттуу жазуу кмпененттүүлүктөрүн калыптандыруу иштери уюштурулуусу абзел.
Ар бир кыргыз тили сабагында окуучулардын сабаттуу жазууга карата машыгуу жумуштарын аткарышы – сабаттуулуктун ачкычы. Бул ишмердүүлүктү уюштуруу үчүн мугалимден чыгармачылык менен иш алып талап кылынат. Окуучунан жазуу иштерин кылдаттык менен текшерип, алардын жетишкендиктерин, мүчүлүштүктөрүн белгилөө – кийинки жазуу иштеринде кемчиликтерге жол койбоонун өбөлгөсү. Демек, мугалим ар бир сабакта сабаттуулукту өздөштүрүүнүн үстүндө иш алып баруу керек. Тексттер менен иштөөдө да орфографиялык эрежелерди эске салуу максатында сөздөрдү туура эмес жазып, анын туура жазылышын суроо менен, сабаттуу жазуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууга болот.
Класстары жогорулаган сайын сөздүк диктант алууда, жат жазуу (кыска көлөмдөгү) жаздырууда (сабак учурундагы орфографиялык мүнөттө) төмөнкү талаптар эске алынууга тийиш:
Окуучулардын жаш өзгөчөлүгү;
Орфографиялык эрежелердин татаалдыгы.
Кыргыз тилинин фонетика, лексика, морфология, кеп маданияты бөлүмдөрү боюнча берилген темаларда да сабаттуу жазууга көнүктүрүүчү эрежелер камтылган, б.а., темалар орфографиялык эрежелер менен байланышта өтүлөт
Татаал сөздөрдүн жазылышы боюнча эрежелер морфология бөлүмүнүн материалдарында кайталанат. М.: зат атоочтор, сын атоочтор, сан атоочтор, тактоочтор, этиштер туралуу түшүнүк берилгенде, алардын татаал көрүнүштөрүн жазуу эрежелери жөнүндө маалымат эске салынат.
7-класста “Тактоочтордун жазылышы” деген тема берилген. Анда окуучулар татаал тактоочтордун жазылышы жөнүндө маалыматка ээ болуу менен, сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыптандырышат.
Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн татаал тактоочтор төмөндөгүдөй жазылат:
1. Карама-каршы маанидеги кош сөз катарында айтылган тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: ары-бери, бүгүн-эртең, өйдө-төмөн, аздыр-көптүр, жай-ылдам, эртели-кеч, күндөп-түндөп ж. б.
2. Уңгу түрүндө кайталанган жана айрым мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кайталанып айтылган татаал тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат (кощ тактоочтор): бат-бат, тез-тез, кээ-кээде, кез-кезде, аз-аздан, бетме-бет, ылдам-ылдам ж. б.
3. Кошмок сөз катарында айтылган тактоочтор арасында эч кандай белги коюлбай, ар башка жазылат. М и с а л ы: ар качан, ар дайым, ар убакта, ар күнү, бир кезде, бир маалда, бир паска, ар жылы, эч убакта ж. б.
4. Сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланган тактоочтор созулуп айтылышынча (-ыраак) жазылат: кечирээк, эртерээк, жанараак, ананыраак, эмирээк, жогорураак, төмөнүрөөк, өйдөрөөк, алысыраак, жакыныраак, көбүрөөк, азыраак, батыраак, ашыгыраак ж. б.
5. Бириккен түрдөгү тактоочтор бириктирилип жазылат: бүгүн (бул +күн), эчак (не+чак), небак (не+убак), быйыл (бу+жыл) ж.б.
Алган билимдерин бышыктоо максатында машыгуу жумуштары аткарылат.
1-тапшырма. Карама-каршы маанидеги татаал тактоочторго оозеки мисалдар келтиргиле.
2-тапшырма. Кош жана кошмок тактоочторго 5тен сөз жазгыла.
3-тапшырма. Тактоочторду катадан арылтып жазгыла.
Сейде Ысмайылга бетмебет келди. Ал ылдам ылдам басып, барар жерине эрте жетти. Келиндер бир-паста дасторконду жайната салышты. Бул иш тууралуу чогуу чаран олтурук кеңешели. Эчкачан жолдошуңду жолго таштаба.
4-тапшырма. Төмөнкү накыл сөздөрдөн тактоочторду тапкыла жана кандай жасалганын аныктагыла.
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт, адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт. Ага-ини таттуу болсо, ат көп, эже-сиңди таттуу болсо, аш көп. Берерге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал. Адам аласы ичинде, мал аласы тышында. Жакшы болуу - аста-аста, жаман болуу - бир паста.
Жыйынтыктоо максатында окуучулар менен бирдикте төмөнкүдөй кластер түзсө болот.
|
Татаал тактоочтордун жазылышы
Бириккен тактоочтор биригип жазылат: өгүнү, бүгүн, бүрсүгүнү ж.б. Кошмок тактоочтордун ар бир сөзү бөлөк жазылат: ар дайым, эч качан, ар убакта, эч жерде ж.б. Кош тактоочтор дефис аркылуу жазылат: бат-бат, аста-секин, күндүр-түндүр, алмак-салмак ж.б.
|
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча кыргыз тили сабагында үзгүлтүксүз иш баруу – сабаттуу жазууга көнүктүрүүнүн ачкычы. Андыктан төмөнкү кыргыз тилинин жазуу эрежелерин үйрөтүү менен, мугалим окуучуларда сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыптандыра алат.
Демек, окуучулардын сабаттулугунун ачкычы – мугалимдердин колунда!
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери
I. Тыбыш, тамга жана алфавит
1- §. Кыргыз адабий тилинде 39 тыбышбар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи – кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо – созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө – жоон: а, аа,о, оо, ы, у, уу; жетөө – ичке: э, ээ, ө, өө, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо – уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи – жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г, г; он бири – каткалаң: п, ф, х, ц, ч, ш, щ, к, т, с.
2 - §. Кыргыз тилиндеги тыбыштар 36 тамга менен белгиленет: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Лл, Мм, Нн, Ңң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя.
3 - §. Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү: аары, саат, жаа, бээ, жээк, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, жүүн, ээр ж.б.
II. Тыбыштардын жазылышы
1. Үндүү тыбыштардын жазылышы
4 - §. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында - эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин - бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда - элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө - ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б.
2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн, айрыкча, белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында – экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия; үндүүлөрдөн кийин – аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин – мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ.
5-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда, үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым-балам, эне-ым – энем, тара-ын – таран, укта-ып – уктап.
6-§. Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: бойо+оо – боёо, ая+оо – аёо, жай+уу – жаюу, кой+уу – коюу ж.б.
2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы
7-§. Төл сөздөрдүн аягында б, в, г, д, ж тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат.
8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат.
Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, рухий.
9-§. Б тамгасынын жазылышы
б тамгасы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол («суроо» маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.
10-§. Г тамгасынын жазылышы
1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
2. Жоон үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.
3. Ичке үндүүлөр катышып жүргөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г(ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, эгин ж.б.
4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.
5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы), – педагог (жазылышы), налок (айтылышы) – налог (жазылышы), диалок (айтылышы) – диалог (жазылышы), залок (айтылышы) – залог (жазылышы).
11-§. Ж тамгасынын жазылышы
Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жумшак, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.
12-§. К тамгасынын жазылышы
Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.
1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн муундарда к тамгасы түпчүл к(кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, аскак, мокок, тамак, укук.
2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, айыпкер, эшик, күлкү, көгүчкөн.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кадр, картон, картошка, кодекс, хоккей, экспонат, тактика, полковник.
13-§. Ф, х, ц, щ тамгаларынын жазылышы
1. Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, цемент, плащ, художник, цензура, химия, щетка.
2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары).
3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат.
4. Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.
3. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы
14-§. Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:
1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евенгелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган же үндүү тыбыштан турган, көбүнчө, чакчыл –а (е) мүчөсү уланганда, жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий - киет, чий - чиет, кеңей - кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.
15-§. Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө, о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, коён, оён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, койон, ойон түрүндө йо болуп жазылбайт.
2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айтылышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет: сой – соёт, кой- коёт, чой-чоёт, той-тоёт.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
- сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: ёлка, заём.
- бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт, суфлёр, актёр.
- ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фёдор, шофёр.
- орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижёр, стажёр, зачёт, счёт, щётка.
- төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.
16-§ Кыргыз тилиндеги ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда, тыбыштык йу айкалышы ю менен берилет: кой+ым – коюм, кой+ың – коюң, той+ын – тоюн, сой+ыш – союш ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма -уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы –йуу түрүндө жазылбастан, -юу түрүндө жазылат: кой+уу – коюу, сой+уу – союу, тый+уу – тыюу.
4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүткөн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.
17-§. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт (айант), байанда (баянда), даяр (дайар), уят (уйат).
2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т – жаят, кый+а+т – кыят, кый+а+быз – кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар – жыяр (жыйар эмес).
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галарея, снаряд, идея, маяк.
III. Баш тамгалардын жазылышы
18-§. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. Эмгек – бакыт. Биз – элибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз.
19-§. Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы баш тамга, экинчиси кичине тамга менен жазылат: Аалам, Уулум, Ээрден, Аалы ж.б.
20-§. Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат (VI бөлүмдү караңыз).
IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы
1. Уңгу сөздөрдүн жазылышы
21-§. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры //кайыр, бакыт //бакты ж.б.
22-§. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, теңир//теңири ж.б.
23-§. Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, небак-эбак, нары-ары болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.
Эскертүү: бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмеси орфографиялык сөздүктө берилет.
2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы
24-§. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө –лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.
25-§. Чакчыл –а (й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, -м жана толук –мын болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем – келемин, окуйм – окуймун, алам – аламын ж.б.
26-§. Өткөн чактын –ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын –ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүн бардыгын тең жазууда жол берилет: келгенмин – келгемин – келгем, барганмын – баргамын – баргам, окуганмын – окугамын – окугам ж.б.
27-§. Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, барыш, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да , толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин - энемин, энемди – энеми, энеңдин – энеңин ж.б.
28-§. 1-2-жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык –ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы//баламдыкы, иниңки//иниңдики, эжеңки//эжеңдики ж.б.
29- §. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан – байыртадан, илгертен – илгертеден, эмитен – эмитеден ж.б.
30-§. –оо, -уу,-өө, -үү мүчөсүнөн кийин -чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп, жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат.
31-§. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчү, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат.
Эскертүү: этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасындагы жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.
32-§. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго, Калининградта эмес, Калининградда, Гамбургка эмес, Гамбургга, Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б.
33-§. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: көк + ыш = көгүш, бак + ар = багар, чап + уу = чабуу, китеп + ы = китеби, бак + ында = багында, топ + ым = тобум ж.б.
Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж.б.
34-§. Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: карыным-кардым, мурунуң-мурдуң, эриниң-эрдиң, ийиниң-ийниң ж.б.
35-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар, -ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште+ар=иштээр, башта+ар= баштаар, ойло+ар= ойлоор, кара+ар=караар ж.б.
Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар, -ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, ысы+ыр=ысыр, жиби+ыр=жибир, байы+ыр=байыр ж.б.
36-§. Үнсүз менен аяктаган этишке -ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар+ар=барар, кел+ар=келер, сат+ар=сатар, жүр+ар=жүрөр ж.б.
37-§. Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл –ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм+ып=ээмп, сеп+ып=сээп, өп+ып=өөп, чап+ып=чаап ж.б.
38-§. Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүмкүн, бирок жазууда жол берилбейт: түңкү эмес, түнкү, түмбү эмес, түнбү, күңгө эмес, күнгө ж.б.
39-§. Аягы з тыбышы менен бүткөн сөздөргө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз эмес, сөзсүз; касса эмес, качса; тоссо эмес, тозсо; асчылык эмес, азчылык ж.б.
40-§. Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч, т тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз, кашты эмес, качты, уушта эмес, уучта, чашса эмес, чачса ж.б.
41-§. Күчөтмө маанидеги кап-, көп-, кып-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, аппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле тепедентен, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.
42-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн на-, бей-, анти-, контр-, ди- сыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.
V. Татаал сөздөрдүн жазылышы
1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы
43-§. Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: бүгүн, быйыл, каер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, кайнене, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип ж.б.
2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы
44-§. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук манилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууркан, карагат, алмончок ж.б.
45-§. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат; коңгарга эмес, коң карга; колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат ж.б.
46-§. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур, ачкүсөн.
3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы
47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош сөз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук ж.б.
48-§. Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, тогуз жүз кырк, бир миң тогуз жүз алтымыш бир, жетимиш жети ж.б.
49-§. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, таап кел, алып барып бере кой, жыгылып кете жаздап токтоду, сурап чыга кал ж.б.
Эскертүү: «жат» деген жартамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.
50-§. Зат атооч менен этиштен куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат: жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, баш тарт, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр, курман бол ж.б.
51-§. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор).
52-§. Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: эшек такалаган, тили буудай куурган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү, жумурткадан кыр издөө, мурдун балта кеспеген ж.б.
53-§. Тууранды, сырдык, модал сөздөр , байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешип айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, кимдир бирөө, эч качан, ар качан, алда ким ж.б.
Эскертүү: эчтеке, эчтеме, эчтемке, бирдемке, бирдеңке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.
4. Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы
54-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: УИА (Улуттук илимдер академиясы), КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук аттестациялык комиссия).
55-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө уланганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык жалганган мүчө кичине тамга менен жазылат: БУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин ж.б.
56-§. Биринчи муундарынан кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: биофак, химфак, физприбор, турфирма ж.б.
5. Кош сөздөрдүн жазылышы
57-§. Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат: сак-саламат, аман-эсен, ыпыр-сыпыр, күч-кубат, эки-үч, тарс-турс, жылт-жулт, каада-салт, жүрүм-турум ж.б.
VI. Энчилүү аттардын жазылышы
58- §. 1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Кубан, Кыял, Балка, Жанчар, Асел, Толкун, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.
2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен жазылат: Султанмурат, Сатыбалды, Кудайберди, Абдыкадыр, Өмүргазы, Айсара, Элмира, Жеңижок, Аткантаң ж.б.
Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.
3. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу) кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Назира Аалы кызы, Алманбет келини ж.б.
Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж.б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат: Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин.
4. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет.
5. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгүль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил.
6. Адам аттарына -лык, -чы, -чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил ж.б.
59- §. Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, кийинкиси кичине тамга менен айрым жазылат: Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Көкө теңир ж.б.
60-§. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч Бруевич, Жан Жак Руссо, Иогани Себастьян Бах ж.б.
Эскертүү: орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джонсон, Джек, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдошов, Джаныбеков сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдошов, Жаныбеков түрүндө жазылат.
61-§. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып (солто, саяк, кыдык, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айкалышынча бирге жазылат: сарбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчыбай, акбилек, элчибай, отузуул ж.б.
Эскертүү: Бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, «куу уул» этнонимии айрым жазылат.
62-§. Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Алтын Казык, Үркөр, Саманчы Жолу.
Эскертүү: Эгерде жер, күн, ай деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат: Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.
63-§. Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акборчук, Аккула, Кербилек, Бөрүбасар, Акжолтой, Гүлсарат, Телтору, Суречки, Сарала ж.б.
64-§. 1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Ош ж.б.
2. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Чоң-Сары-Ой, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Төө-Ашуу, Сары-Челек ж.б.
3. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Улакол, Чаткал, Торугарт, Балгарт, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар.
4. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт: Батыш Европа, Жакынык Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б.
5. Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де- Жанейро, Нью-Йорк, Сан-Франциско.
6. Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу –лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай – алайлык, Кашкар – кашкарлык, Ош- оштук ж.б.
7. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Турпан, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Туркия ж.б.
Эскертүү: 1) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Отуз-Адыр айылы ж.б.
2) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түштүк Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б.
65-§. Географиялык энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош-Эркечтам-Кашкар жолу, Пекин-Үрүмчү-Алматы-Бишкек-Ташкент темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Уфа-Бишкек каттамындагы самолет.
66-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кытай Эл Республикасы, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.
67-§.1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды коргоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ж.б.
2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б.
68-§. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик медалы, Даңк медалы.
69-§. Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт ж.б.
Эскертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 8-Март, 9-Май ж.б.
70-§. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академисынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.
71-§. Завод, фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Эркиндик» гүлбагы, «Байсуу» кафеси, «Айсулуу» сулуулук салону, «Бишкек» мейманканасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Илим» басмасы, «Кыял» бирикмеси ж.б.
72-§. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөш-Баян сулуу» чыгармасы ж.б.
VII. Өздөштөрүлгөн сөздөрдүн жазылышы
74-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфографиясындагыдай жазылат: жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк ж.б.
75-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөр айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б.
76-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыш кошулуп, же акыркы тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: сутки эмес сутка; ранг эмес ранга; танк эмес, танка; ботинки эмес, ботинка; каникулы эмес, каникул ж.б.
77-§. Аягы пп, тт, сс, мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт+да -киловатта, киловатт+дан-киловаттан, класс+сыз-классыз ж.б.
VIII. Ташымал
78-§. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, ай-тылгандар ж.б.
Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: то-олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү; за-аркануучу эмес, заар-кануу-чу ж.б.
79-§. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, кал, тан, баш, кел, тарс, банк, акт ж.б.
80-§. Эки муундан турган апа, ата, эже, атак, аалам, аары, араа, эшик, өмүр, өтүк, унаа, ишен сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-па, а-та, э-же, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа, э-шик, ө-мүр, ө-түк, у-наа, и-шен болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.
81-§. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат.
82-§. Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-ё, ю-билей, чи-е, акаци-я.
83-§. Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбыштар бири-биринен ажыратылып ташылат: та-ккан эмес, так-кан; кана-ттуу эмес, канат-туу, ча-ппа эмес, чап-па; ка-сса эмес, кас-са ж.б.
84-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас (мамлекеттик басмакана).
85-§. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт: Т.М.Мамбетжунушовдун, Б.Т.Рысалиевдин Т.М. жана Б.Т. кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт.
86-§. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см, 10г, 100 ц, 125 кг, 67 г.
Эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.
IX. Дефис менен жазуунун эрежелери
87-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Т.Сыдыкбеков). Ха-ха-ха!.. Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду (К.Баялинов).
88-§. Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, -нчы мүчөлөрүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын экинчи маселеси - эмгек тартиби жөнүндө.
Эскертүү:1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат:
XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын XVI-XVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы.
2. Иреттик сан атоочтордун ордуна № белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, аткени № белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: № 69 орто мектеп, № 2 китепкана ж.б.
89-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында ж.б.
2. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1», «Союз-9» космос корабли, Пентиум -4 компьютери, Ауди-100.
90-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, акын-драматург, врач-терапевт, экс-чемпион ж.б.
Эскертүү: Төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны.
91-§. Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат,тонна-километр, корабль-спутник сыяктуу эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.
Адабияттар
Аскар кызы Жылдыз. Орто мектептин окуучуларынын тилдик
компетенцияларын өркүндөтүүдө профессор К.К.Сартбаевдин кыргыз тилин окутуунун методикасына арналган эмгектери колдонуу технологиялары (Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация).
– Бишкек, 2018;
Карасаев Х. К. Орфографиялык сөздүк. -Фрунзе, 1983;
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. (Соңку редакциясы). -Бишкек, 2008;
Кыргыз тилин эне тил катары окутуунун стандарты. (5-9, 10-11-класстар). –Бишкек, 2014;
Сартбаев, К.К. Кыргыз тилин окутуунун методикасы [Текст] / К.К.Сартбаев. 6-басылышы. – Фрунзе: Мектеп, 1978.