Просмотр содержимого документа
«Орозонун пайдасы»
Орозо
Ислам динине байланыштуу макалалар
Ислам
Islam
Ислам тарыхы
Ыйман
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр
Ислам негиздери
Келме • Намаз • Орозо • Ажылык • Зекет
Китептери жана мыйзамдары
Куран • Сүннөт • Хадис
Сира
Шарият • Мазхаб
Тарых жана ислам өкүлдөрү
Мухаммед пайгамбар (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер (رضي الله عنه.png)
Сахабалар (رضي الله عنه.png)
Мусулман түшүнүктөрү
Азан • Бата • Даарат • Парз • Даават • Талак • Гусул • Жин
Калып: Көрүү • Талкуулоо • Оңдоо
Орозо, ас-саум (араб. الصوم) — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган. Ички дүйнөбүздү жаман түшүнүктөрдөн, сырткы келбетибизди туура эмес кыймыл-аракеттерден тазалаган орозо Рамазан айында кармалат. "Орозо" деген сөздүн сөздүк мааниси - "кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу". Орозонун шарияттагы мааниси - милдеттүү адамдардын атайын ниет менен таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден, тактап айтканда, жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан тыйылуусу. Демек, орозонун парзы - жеп-ичүү жана жыныстык байланыштан сактануу. Орозонун убактысы Курани Каримде мындайча көрсөтүлгөн: "Таң агарып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла". (Бакара сүрөсү, 187-аят). Хадистерде көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жип каймана мааниде таң агарып келе жаткан мезгилдеги күндүз менен түндүн чегин көрсөтөт. Рамазан айы кээ бир жылдарда 29, бир жылдарда болсо 30 күн болот. Рамазан айы 29 күн болсо да орозо так кармалган болот. Себеби парз кылынганы, айда толугу менен орозо кармоо болуп саналат. Пайгамбарыбыз тогуз жыл Рамазан орозосун кармаган, анын төрт жылы 29 күн, беш жылы 30 күн болгон. Рамазан айындагы бир айлык орозо Исламдын беш парзынын бирөө болуп саналат. Буга Курани Карим жана хадис далил болот. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: "Оо, ыйман келтиргендер! Такыбалыкта болууңар үчүн силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу силерге да орозо парз кылынды". (Бакара сүрөсү, 185-аят). Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: "Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок экендигине жана Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы жеткендер ажылыкка баруу". (Бухарий, Ыйман-34). Орозо, бизди дүйнөдө жамандыктардан коргогон, акыретте болсо тозок отунан сактаган жана күнөөлөрүбүздү кечирилүүсүнө себепчи болгон маанилүү бир ибадат болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ): "Ким ыйман келтирип , сообун Аллахтан күтүү менен Рамазан орозосун кармаса, жасаган күнөө иштери кечириле