СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Орто Азия картасы кыргыз этноними

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Орто Азия картасы кыргыз этноними»

11. Василио Ватацинин Орто Азия картасында (1732-ж) кыргыз этноними



Стамбулдагы христиан чиркөөсүнүн уулу болгон Василио Ватаци соода менен алектенип, муну менен бирге дипломатиялык миссияларды аткаргандыгы үчүн көптөгөн жерлерди кыдырган. Ал 1727-1730-жылдары Орто Азияны кыдырып, картасын түзгөн. 1732-жылы Лондонго келип, Королдук географиялык коомго тартуулаган.

Василио Ватацинин Орто Азия картасынын тегерек четинде сандар менен көргөзүлгөн шаарлардын, элдердин кыскача тексттик түшүндүрмөлөрү берилген. Кыргыз этноними бул картада КHРКIZОI түрүндө берилип, Сыр-Дарыянын башатында, Кашкардын түндүгүндө жашаган элдин ысымы катары орун алган (23-24-карталар). Демек кыргыздар бул картада азыркы аймагында көрсөтүлгөн. Кыргыздар 7 саны менен белгиленип, картанын оң жагындагы 7-текстте кыргыздар тууралуу кыскача маалымат берилген. Ш. Камолиддин “Curgizi, gens non multum ampla, scenita tame nut reliqui. Religio Mohammadana. Nunc autem armis Condosidarum subjiciuntur” түрүндөгү бул текстти “Киргизы (Kurgizi) народ, который не очень многочисленный, но они живут в палатках так же, как и другие. Их религия – Ислам. В настоящее время они подчинаются власти Condosidae” деп которгон (Камолиддин, 2012: 47). Каралып жаткан картада Condosidae этноними менен калмактарга окшош эл берилген деген маалыматка карап, булардын жунгарлар экендигин билсек болот.