Ортонку Нарын өрөөнүнүн ландшафты жана аны чарбада пайдалануу
Жаратылышты коргоо маселелери коомчулукту улам-улам толкундатып жатат. Себеби, байлыктарын обу жок ысырыктап пайдалануу адам баласына
жакшылык алып келбегендигин турмуш көрсөтүп жатат.
Ортонку Нарын ойдунунун табигый ландшафтары да адамдын иш - аракеттеринин натыйжасында көп өзгөрүүлөрүнө учураган. Өрөөндүн тоолуу рельефи, климатттык өзгөчөлүктөрү, жергиликтүү калктын кылымдар бою мал чарбасы өзгөчө уяң жүндүү кой чарбасын өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Койдон тышкары Акталаа, Нарын райондорунун эчки, уй, жылкы багылат. Алардын негизги тоют базасы болуп 244-4300 мге чейинки бийиктиги тоо капталдарынан орун алып, бардык ландшафтардан орун алган айдоо жерлери да негизинен тоют даярдоого багыт алып, арпа, сулу, беде айдалат. Мындан көрүнүп тургандай, өрөөндүн табигый ландшафтары антропогендик формаларга ээ. Адам баласы жаратылыш байлыктарын пайдалануу менен табигаттагы динамикалык тең салмактыкты унуткарат. Ортонку Нарын өрөөнүнүн табигый ландшафтарын жабыркатуучу төмөнкүдөй фактыларга токтоло кетмекмин.
1. Мал чарбасы жана анын жайыт проблемасы
2. Токой
3. Дыйканчылыкта пайдаланган айдоо аянттарына байланыштуу келип чыккан проблемалар.
4.Суу ресурстары
Мал чарбасы жана жайыт проблемасы.
Ортоңку Нарын өрөөнүндө айыл-чарба талаалары 3033 гектарды түзүп, алардын 134,5 мин гектарын айдоо жерлери, алардын аянтты 4,4% ээлейт. Табыгый жана экономикалык шарттардын, пайдалануу жерлеринин өтө ар башка болгондуктан, өрөөндүн айыл-чарба жана жер иштетүү структурасы ар башка болуп өнүгүүдө. Сугат жерлеринде негизинен дан эгиндерин, жүгөрү, картошка, жашылча жана көп жылдык чөптөрдү, кайрак жерлерге көбүнчө дан эгиндерин, жапайы чөптөрду өстүрүүдө ( таблица 1)
Таблица 1
Орто Нарын өрөөнүнүн айдоо аянттарынын айыл-чарбадагы структурасынын динамикасы.
| № | Маданий өсүмдүктөр | 2006-жыл |
| Мин га. | % |
| Айдоо аянттар | 134,5мин га | 100% |
| Дан эгиндер | 0,6 мин га | 40,6% |
| Картошка | 0,1 мин га | 0,4% |
| Жашылча-жемиштер | 79,8 мин га | 0,1% |
| Тоют эгиндери ( көп жылдык өсүмдүктөр) | 51,4 мин га | 56% |
| Жугору жана жашыл тоют | 1,4 мин га | 37,9% |
| Бир жылдык өсүмдүктөр | 24,3 мин га | 1,0% |
| Нарын району боюнча Ак-Талаа району боюнча | 70,3 мин га 64,2 мин га | 100% 100% |
Айдоо аянттарынын структурасы. Ортоңку Нарын өрөөнүнүн айдоо ыкмаларынын эптештирүү айыл-чарба айдоо аянттарынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жаңыдан жол ачып бере алат. Айыл-чарбасынын илимий өздөштүрүү мезгилинде дан эгиндеринин көлөму 43% түзөт, ал мурда 42% түзгөн. Тоют өсүмдүктөрү, кайрак жерлерге 56,2%, сугат жерлерде 57%. Көп жылдык өсүмдүктөрдүн дүң салмагы өткөн жылдарга салыштырмалуу сугат жерлеринде 29-33% ке, ал эми кайрак жерлерде 36,2-38%, жүгөрү 1-1,5% ке, картошка жана жашылча-жемиштер сугат жерлерде 0,4-0,8 ке чейин жогорулаган.
Айдоо аянтарынын кенейиши, алардын түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы менен бирге аянттардан алынган тоют продукциясынын жардамы менен мал чарбачылыгынын, көрсөткүчтөрү дагы жогорулашы көрүнүүдө. Ал менен катар эле мөмө-жемиш аянттары жана картошка, жүгөру аянттары чоңоюшу алдыда.
Арпаны өстүрүү жана аны жыйнап алуу технологиясы. Дан эгиндеринин арасында аянты жана дүң салмагы боюнча негизги орунду ээлеген арпа болуп саналат да, ал мал чарбасындагы негизги концентрант болуп эсептелинет. Арпа башка дан эгиндеринен өзүнүн кургактыкка чыдамдуулугу менен айырмаланат. Буудай жана сулуга караганда туруктуу түшүм берет, эң жакшы тоют берет.
Топурактын даярдалышы. Топурактын туура даярдалышы түшүмдүүлүктүн жогорулашында эң негизги орунду ээлейт, ал эми кайрак жерлерде анын мааниси абдан жогору бааланат. Өз учурунда өткөрүлүп турган жер которуулар ал жердин өзүнө нымдын запастарын топтолушуна шарт түзөт. Аны менен катар эле жерди айдоо эгин иштерин эрте баштаганга мүмкүндүк түзүп берет, ал болбосо облустун катаал шарттарына эң эле керектүү.Шор жерлерди эрте жыйым-терим иштеринен кийин топурактын физикалык жактан даяр мезгилинен пайдаланып, отоо чөптөрдүн тамырларын жок кылуу иштерин жүргүзүү зарыл болот.
Ортоңку Нарын өрөөнүнүн сугат жерлеринде күзгү жер которууну жыйым-теримдин артынан дароо жүргүзүү керек. Ал эми өтө отоо чөп баскан жерлерди алгач алардан арылтуу иштерин жүргүзүү. Отоодон арылуу иштеринде эң мыкты жыйынтыктарды жазгы пар бергени белгилүү. Ал үчүн эрте жазда айдоо аянттын бошотушат, андан кийин овсюгдун массалык чыгышы менен ал жерди 25-27 см казышат жана ошол эле мезгилде кайрадан айдашат. Топуракта нымдуулукту сактап калыш учун казгандан кийин ал жерди таптоо керек. Мындан сонку мезгилдерде кайрадан отоо чөптөрдүн көбөйгөн мезгилинде алар менен, маданият алмаштыруу аркылуу күрөшсө болот.
Ортоңку Нарын өрөөнүндөгү баардык категориядагы жерлер тууралуу маалымат (12.12.06)
| Райондун аталышы | Нарын району | Ак-Талаа району | Облус боюнча |
| Баардык жер | 788134 | 642031 | 1430165 |
| Айдоо аянттары | 19457 | 15921 | 35378 |
| Сугат жерлери | 16538 | 14991 | 31529 |
| Кайрак | 523 | 1326 | 1849 |
| Көп жылдык бак-дарактар | 59 | 9 | 68 |
| Чабынды | 2203 | 1618 | 3821 |
| Жайыт | 458108 | 369136 | 827244 |
| Ички жайыт | 157956 | 247967 | 415923 |
| Орто жайыт | 140243 | 19381 | 169290 |
| Алыскы жайыт | 2881 | 101788 | 242031 |
| Коргоого алынган жерлер | 110 | 1424 | 4304 |
| Огороддор | 25714 | 40 | 150 |
| Токойлор | 23791 | 13200 | 38914 |
| Балдалдар | 2601 | 14398 | 38189 |
| Кысыр аныз | 14999 | 2479 | 5080 |
| Башка жерлер | 255606 | 223411 | 479017 |
Пландуу экономиканын диктовкасы астында өрөөндүн аймагында (19 жылдык маалымат боюнча) 0,5 миң кой-эчки, 6,8 миң уй, 14,5 миң жылкы багылып малдын саны кескин көбөйгөн. Ал эми алардын негизги тоют базасы болгон жайыттардын аянты 235миң га болгон. Демек, ар бир баш малга 0,19 гадан туура келген. Бирок бул көрсөткүч тоо капталдарын кошуп эсептегенде. Жайыттарды туура эмес пайдалануунун натыйжасында жаратылыштын эң негизги байлыктарынын бири болгон топурак кыртышы көп жапа чеккен. Өрөөндүн жайыттарынын жылаңач 20%тен ашык нымдалган кезде койлордун, алардын туяктарынын астында ныкталышат да, ичине аба өткөзбөй калат. Союз тарагандан тартып мал санынын кескин азаюуусу оттуулугу төмөндөп, кунары кетип бара жаткан жайкы жайыттардын жакшырылышына өбөлгө түздү . Ал эми жазгы - кузгу жайыт катары пайдаланган ички жайыттардын Шабыр, Ак - Терек, Кыргоо, Узун - Булак, Сары - Жыгач, Жон -Булак, Бел - Булак, Көк-Тоо сыяктуу бөксө толуу жайыттардын абалы барган сайын начарлап, пайдалануу чөптөрдүн ботаникалык составы азайып, алардын мал жебей турган уулуу чөптөр көбөйүүдө. Мунун негизги себеби дагы эле болсо табигат жайыт жерлерди туура эмес пайдалануу.
Айрыкча кийинки жылдарда күйүүчү майдын, транспорттук финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам фермерлер алыскы жайлоолорго көчүп бара алышпай жай мезгилинде да жазгы - күзгү жайыттарды пайдаланышууда. Натыйжада, бул жайыттардын сапаты начарлап, такырга айланууда. Бул жайыттардын абалынын оңолушу жергиликтүү калктын ал жерлерди сарамжалдуу, өтө этият пайдалануусуна жана эң негизгиси жайыт которуштуруп туруу проблемасынын чечилишине байланыштуу болот деген ойдомун.
2.Токой ресурстары.
Токойлор топ-топ болуп өзүнчө массив түзүшүп, атмосфералык жаан-чачын көбүрөөк жааган түндүк, түндүк- батыш, түндүк-чыгыш экспозицияларда 1600-3100 м бийиктикте өсөт. Карагай арча, сейрек арча, терек кайын, талдан турган токойлор бар. Карагай токою башка токойлого караганда көп. Нарын, Байбиче-Тоо, Байдулу-Тоо кыркаларынын капталында өсөт. Карагай токойлору бир эле Тенир-Тоо карагайынан турган формацияны түзөт. Тенир-Тоо карагайы Кыргызстандын эндемик өсүмдүгү болуп эсептелет. Карагай менен чогуу тал, четин, майда жалбырактуу шилби, үрпөгөй түктүү шилби, ит мурун, туркестан кайыңы, жалдай тоо куйрук, түркестан арчасы өсөт. Чөп өсүмдүктөрүнөн шалбаа каз таманы, Тенир-Тоо мышык тамыры, токой бото көзү, альп кымыздыгы, азия каз таманы, сибир примуласы өсөт. Мамык чөп катмары начар өнүккөн. Карагай токойлору өрөөндүн кургак климатына нымдуулукту сактап, суу режимин жөнго салып, топуракты эрозиядан сактайт. Жазы жалбырактуу токойлор Нарын суусунун өзөндөрүндө кездешет. Алар терек, тал, кайың токойлорунуан турат. Теректүү токойлор суу жээктеринде өсөт. Мында лавр сымал жалбырактуу теректер кездешет. Дарак жана бадал өсүмдүктөрүнөн чычырканак, балчын, зараң, бөрү карагат, кайың, долоно, четин; чөп өсүмдүктөрүнөн перс кой жалбырагы, ыраң шалбаа жылганы, дары какымы согдиана чекилдеги, кичинекей тармал чөп, беде ж.б. өсөт.Талдуу токойлор теректуу токойлорго караганда кенири тараган. Алар Нарын дарыясынын жээктеринде өсөт. Талдын көп түрлөрү бадал, кээ бир түрлөрү гана дарак түрүндө болуп, талдардын жунгар талы, учтуу жалбырактуу тал доминант болуп эсептелет. Тал менен бирге сымбаттуу балгын, чычырканак, лавр жалбырактуу терек, ал эми чөп өсүмдүктөрүнөн альп кой жалбырагы, беде, жунгар уу коргошуну, шалбаа каз таманы, шыраалжын өсөт.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги
А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты
Тема:Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык абалына баа берүү.
Мугалим: Сүйүндүкова М.И
Бишкек шаар
Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык абалына баа берүү.
1. Райондун калкынын динамикасы
Ак-Талаа районунда жашаган калктын саны 2009-жылдын 1- январына карата 31631 кишини түзгөн. Райондо Нарын облусунун калкынын 12,3% ти жашайт. Райондогу калктын динамикасы негизинен анын табигый өсүшү менен аныкталат, башкача айтканда төрөлүү менен өлүм житимдин көрсөткүчүнүн катнашы болуп саналат. Ак –Талаа районунун калкынын санынын өзгөрүшүнө миграциялык процесстер өтө чоң таасирин берип жатат. Акыркы жылдардын ичинде миграциянын көлөмү, төрөлүүлөрдүн жогорку көрсөткүчүнө карабастан калктын санынын өсүшүнө таасири өтө чоң. Акыркы он жылдыкта райондун калкы өтө жай темпте өскөн. Бул көрүнүш өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү денгээлинин төмөндүгү жана жаратылыштан өтө чоң көз карандылыгы менен аныкталат1.
Райондо өндүргүч күчтөрдүн өнүгүүсү менен калктын саны акырындап өсө баштаган. Ак – Талаа районунда 1999 – 2009 жылдардын аралыгында калктын санын динамикасы № 1чи таблицада көрсөтүлгөн.
1-Таблица
Ак –Талаа районунун жана айыл округдарынын туруктуу жашаган калкынын саны. (2009ж)2
| Калктуу пунктар | 1999 | 2009 |
| Ак – Талаа району | 29227 | 31631 |
| Ак – Тал а\ө | 1028 | 1176 |
| Ак-Тал айылы | 1028 | 1176 |
| Ак-Чий а\ө | 845 | 967 |
| Ак-Чий айылы | 432 | 452 |
| Жаны Тилек | 413 | 515 |
| Баетов а\ө | 8746 | 10526 |
| Баетов | 7689 | 9568 |
| Кайынды –Булак | 1057 | 958 |
| Терек а\ө | | 1152 |
| Терек айылы | 1057 | 1138 |
| Орто-Сырт айылы | | 14 |
| Кара-Бүргөн а\ө | 1948 | 1982 |
| Кара - Бүргөн айылы | 1948 | 1982 |
| Конорчок а\ө | 3075 | 3997 |
| Конорчок айылы | | 3997 |
| Жерге-Тал а\ө | 2009 | 2162 |
| Чолок -Кайын айылы Жерге - Тал айылы | 1770 239 | 1782 380 |
| Кош - Дөбө а\ө | 3090 | 3407 |
| Кош -Дөбө айылы | 3090 | 3407 |
| Кызыл -Белес а\ө | 1116 | 1177 |
| Кадыралы а\ө | 1116 | 1177 |
| Жаны -Талап а\ө | 1904 | 1971 |
| Жаны –Талап айылы | 1904 | 1971 |
| Көк-Жар а\ө | 1541 | 1726 |
| Ак-Кыя айылы | 819 | 901 |
| Көк –Жар айылы | 722 | 825 |
| Тоголок –Молдо а\ө | 2610 | 2518 |
| Кара-Ой айылы | 2610 | 2518 |
| Үгүт а\ө | 1360 | 1124 |
| Үгүт айылы | 769 | 631 |
| Байгөнчөк айылы | 591 | 493 |
Калктын өсүү темпи ар бир эл каттоолордун аралыгында түрдүү себептердин натыйжасында өзгөрүп турат. Райондун калкы 1999 -2009 жж. Башкача айтканда 10 жылдын ичинде 29227 миң кишиден 31631 миң кишиге өстү, бул жылдардын аралыгында калктын саны 2404 миң кишиге чейин көбөйгөн. Калктын жыштыгы 1км жерге 4,7 киши туура келет.
2. Калктын демографиялык структурасы.
Табигый кыймылы. Адамдардын төрөлүүсү жана өлүм–житим биологиялык кубулуш, ошондуктан ар бир муундун өмүрүнүн узактыгын муундардын алмашуусун, калктын табигый өсүшүн аныктоочу төрөлүү, өлүм –житим процесстеринин жыйындысы “ калктын табигый өсүүсү” деп аталат.
Табигый өсүш төмөнкү формула менен туюнтулат:
Кт.ө. = Кт – Кө
(К – коэффициент, т.ө. – табигый өсүш, т – төрөлгөндөрдүн саны, ө – өлгөндөрдүн саны).
Төрөлгөндөрдүн саны 1000 кишиге алынып промилль менен өлчөнөт. Райондун калкынын саны табигый өсүштүн эсебинен өсүп жатат. Мисалы 2000 жылы 23,4 промиллди түзгөн, республикада болсо бул көрсөткүч 19,7 промиллди түзгөн ошондой эле төмөнкү өлүм житим 5,7 промилл болсо республикада 7,0 промиллди түзгөн.
2009-жылы 1000 кишиге 17,7 киши төрөлгөн, бул көрсөткүч республиканын 12,8 кишиге карата жогору болуп эсептелет. Бул көрсөткъч жылына өсүп жатат. Райондун калкына эн жогорку төрөлүүлөр мүнөздүү болуп саналат.
Райондун калкынын 99,9 (%) үлүшүн жергиликтүү кыргыздар тъзөт, кыргыз калкына эң жогорку төрөлүүлөр мүнөздүү.
Төрөлүүлөрдүн денгээли көптөгөн социалдык – экономикалык факторлорго жараша болот. Буларга үй – бүлөнүн материалдык, маданияттын жана саламаттыкты сактоонун деңгээли, эненин өндүрүштө иштеши, динге ишенүүлөр, ж.б. таасир этүүчү факторлор кирет, бул тарыхый сакталып келе жаткан ар бир элдин улуттук өзгөчөлүгү болуп саналат.
Айыл жеринде төрөлүүнүнүн деңгээли шаар жана шаарчаларга салыштырмалуу жогору. Ал райондогу калктын улуттук составы жана салт санаалары менен байланыштуу. Ошондой эле өкмөт тарабынан көп балалуулукка экономикалык жардам берилет. Ак –Талаа районун калкынын табигый кыймылы азыркы учурда салыштырмалуу бир аз төмөнүрөөк, ал эми Нарын облусунун башка аймактарына караганда табигый өсүш жогору.
Райондун айыл кыштак калкынын төрөлүүнүн жалпы коэффициенти 2009-жылы 26,8 түзүп, жогору көрсөткүчтө. Ал эми 1996-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта айыл кыштак калктарында төрөлүүнүн жалпы коэффициенти төмөндөгөнү байкалган. Райондогу кээ бир айыл округдарында төрөлүүнүн деңгээлинин төмөндөшүнө төмөнкү факторлор себеп болгон: билим денгээли, райондун социалдык-экономикалык абалынын начарлашы, жумуш менен камсыз болуу, никеге туруу жана ажырашуулар болуп саналат.
2- Табилица
Нарын облусунун шаары жана Ак – Талаа районунун айыл кыштактардагы төрөлүүнүн саны
| | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 |
| Нарын облусу | 6708 | 6696 | 6653 | 6420 | 6492 |
| Шаар калкы | 1298 | 1075 | 1083 | 1009 | 1087 |
| Айыл калкы | 5410 | 5621 | 5570 | 5411 | 5405 |
| Ак-Талаа району | 745 | 705 | 732 | 747 | 734 |
| Шаар калкы | - | - | - | - | - |
| Айыл калкы | 745 | 705 | 732 | 747 | 734 |
Калктын билим денгээли төрөлүүнүн деңгээлине бирден бир таасир этүүчү фактор. Билимдүү адамдын дүйнөгө, жашоого болгон көз карашы жана анын курчап турган чөйрөгө, бардык коомдук талаптарга, үй-бүлөлүк жашоого болгон мамилеси таасир этет. Билимдүү калктын төрөлүүнүн деңгээли төмөн болот. Коомдук өндүрүштө калктын жумуш менен камсыз болушу, төрөлүүнүн деңгээлине күмөнсүз таасирин тийгизет деп айтууга болот. Экономикалык кызмат тармактарында (чакан ишканаларды кошкондо) жумушчу аялдардын салыштырмалуу саны 45,6%ти түзөт.
Калктын санынын динамикасына таасир этүүчү дагы бир фактор-өлүм житим. Калктын өлүм житими Ак –Талаа районунда республикада жана башка районундарына салыштырмалуу төмөн. Райондо 2009-жылдагы өлгөндөрдүн жалпы коэффициенти 6,1 ни түзгөн. 1996-2008-жылдар аралык 0,3 кө кыскарган. Азркы кезде дүйнөдө өлъм-житимди салыштыруу үчүн стандарттык көрсөткүч 9,9деп эсептелет.Калктын өлүм-житимине жалпысынан элдин турмуш
тиричилигинин начарлашы, гигиеналык шарттарга, медициналык жетишкендиктерге жараша болот. Жалпылап айтканда облустагы комплекстүү түрдө социалдык-экономикалык абалдын татаал кырдаалы түзүлгөн.
3-Таблица
Нарын облусунун шаар жана Ак- Талаа районунун айыл кыштактардагы өлгөндөрдүн саны.
| | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 |
| Нарын облусу | 2075 | 2130 | 2345 | 2220 | 2134 |
| Шаар калкы | 376 | 366 | 410 | 394 | 374 |
| Айыл калкы | 1699 | 1764 | 1935 | 1826 | 1760 |
| Ак-Талаа району | 252 | 221 | 263 | 263 | 219 |
| Шаар калкы | - | - | - | - | - |
| Айыл калкы | 252 | 221 | 263 | 263 | 219 |
Өлүм житимдин негизги себеби болуп райондо кан айлануу система оорусу, гипертоника оорусу, жүрөк кан тамыр оорусу, дем алуу органдар оорусу, бурцеллез оорусу, ар кандай кырсыктар эсептелет. 1-орунда жърөк кан тамыр оорулары, ал эми 2-орунда кан айлануу система оорусу, инфекция жана мите ооруларынан өлгөндөр. Нарын облусунун ошондой эле Ак –Талаа районунун калкы бурцеллез менен ооруган 100 000 кишиге 1990 жылы 15,3 киши туура келсе, бул көрсөткүч 2009-жылы 200 гө жакындаган. Ак – Талаа районунун калкынын көпчүлүгү мал менен чарбачылык иш жүргүзүүсүнүн негизинде малдан жуккан оорулар көбөйүүдө. Ошондой эле төрөлүүгө тийгизген таасирин 5 жашка чейинки балдардын арасынан да көрүүгө болот.
4- Таблица
Нарын облусу жана Ак - Талаа районунун табигый өсүшү
| | 2005 | 2006 | 2007 | 2008 | 2009 |
| Нарын облусу | 17,5 | 17,2 | 16,0 | 15,6 | 16,1 |
| Шаар калкы | 19А | 14,9 | 13,4 | 13,0 | 15,2 |
| Айыл калкы | 17,2 | 17,7 | 16,5 | 16,2 | 16,3 |
| Ак-Талаа району | 16,0 | 15,7 | 15,1 | 15,5 | 16,5 |
| Шаар калкы | - | - | - | - | - |
| Айыл калкы | 16,0 | 15,7 | 15,1 | 15,5 | 16,5 |
Медициналык тейлөөнүн начарлашы жана анын төрөлүүнүн денгээлине тийгизген таасирин жаш балдардын өлүм житиминен (1 жашка чейинкилер) көрүүгө болот. Себеби өлүм-житим көрсөткүчү жашоо узактыгына байланыштуу. Өлъм көбүнчө наристелердин жана улгайган адамдардын арасында жогору. 2009-жылдагы маалымат боюнча 1 жашка чейинки жаш балдардын өлгөндөрүнүн саны 12 ге жеткен.
Никелешкендердин саны 1996-2009 жылга 6,2 ден 10,4 ке жеткен, бирок ажырашуу 0,6дан 0,9 га көбөйдү булардын катышы төрөлүүнүн деңгээлине терс таасирин көрсөтүүдө. Бирок, райондогу бул көрсөткүчтөр республиканын башка региондорунда салыштырганда жакшы көрүнүштү көрсөтөт.
Төрөлүүлөрдүн деңгээли айыл калкында бир топ айырмачылыктар менен коштолот. Райондо төрөлүү денгээлинин көбөйүшүнө шаар жана шаарчалардын жоктугу себеп болот. Ак – Талаа районун айылдарындагы төрөлүүлөрдүн деңгээли (2009 - ж) 25,3 промилль, өлүм – житим 7,8 промилль, табигый өсүш 18,5 промиллди түзгөн. Айыл жергесинде да төрөлүүлөрдүн төмөндүгү байкалат. Райондогу социалдык экономикалык абалдын төмөндүгү, жашоо шартынын кымбатчылыгы, аялдардын кызматка тартылуусу болуп саналат.
Механикалык кыймылы. Калктын өсүшүнө таасир тийгизүүчү фактор-калктын механикалык өсүүсү болуп эсептелет. Акыркы жылдардагы Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстин күч алуусу башкача айтканда башка улуттардын өкүлдөрүнүн көчүп кетүүсү (орустар, немецтер, украиндер, татарлар ж.б.). 1989-жылдан 1999-жылдардагы маалымат боюнча орустар 13 мин кишиге же 2,6 эсеге, татарлар 5,4 мин кишиге же 2,4 эсеге, украиндер 2,5 эсеге чейин азайган. Мындай миграциялык процесстин күчөөсүнө райондогу экономикалык жана социалдык өсүүнүн төмөндөшү, Кыргыз Республикасынын көз карандылыкты алышы, башка улуттардын өз мекенине көчүп кетүүсү, жаңыдан рыноктук экономикага өтүү чоң таасирин тийгизген.
5- Таблица
Нарын облусу, Нарын шаары жана Ак-Талаа районунун калкынын миграциясынын жалпы жыйынтыгы. 2005-2010жж
| | Жылда-ры | Саны | Миграциялык өсүш, чыгып кетүү |
| | | Көчүп келгендер | Көчүп кеткендер | |
| Облус боюнча | 2005 2006 - 2007 2008 2009 | 1537 2206 1818 1850 1931 | 3808 5351 4184 4871 4662 | -2271 -3145 -2366 -3021 -2731 |
| Нарын шаары | 2005 2006 2007 2008 2009 | 455 570 527 548 588 | 1002 1273 1145 1430 1186 | -547 -703 -618 -882 -598 |
| Ак-Талаа району | 2005 2006 2007 2008 2009 | 130 124 102 148 181 | 342 525 351 422 504 | -212 -401 -249 -274 -323 |
6 – Таблица
Ак – Талаа районунун калкынын миграциясы.
(2005 -2010 жылдардагы калктын миграциясынын жалпы жыйынтыгы)
| | жылы | Саны | Миграциалык өсүш жана чыгып кетүү |
| Көчүп келгендер | Көчүп кеткендер |
| Облус боюнча баардыгы | 2005 2006 2007 2008 2009 | 1537 2206 1818 1850 1931 | 3808 5351 4184 4871 4662 | -2271 -3145 -2366 -3021 -2731 |
| Ак-Талаа району | 2005 2006 2007 2008 2009 | 130 124 102 148 181 | 342 525 351 422 504 | -212 -401 -249 -274 -323 |
Эл аралык миграцияда Ак-Талаа районунун калкы жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрө кетиши болуп саналат. Советтер Союзу ыдырагандан кийин Республикада гана эмес облус аралык ошондой эле район аралык миграция күч алган. Мурдагы СССР дин ордуна КМШ (көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) уюму түзүлгөн. КМШ өлкөлөрүнөн эң аз миграциялык алмашуу бул Кавказ республикаларында байкалат. Ошондой эле мындай тенденция Балтика өлкөлөрүнө таандык.Миграция ар кандай региондун экономикалык, социалдык,демографиялык жана этностук процесстерине өтө чоң таасирин тийгизүүчүкөп функциялуу көрүнүш. Элдердин ири санда бир жерден экинчи жерге көчүп, орун которуштуруп жүрүшү ошол региондогу айылдын, шаардын
социалдык-этностук структурасына чоң өзгөртүү киргизет. 1970- жылдардын башында мурдагы Совет республикаларында жана алыскы чет өлкөлөр менен миграциялык алака түзүлүп келген. Алар Белорус, Украина, Борбордук Россиянын кара топурактуу эмес райондору кирген. Аларга миграциялык донор болуу аркылуу туруктуу бирок терс сальдого жетише алган. Бирок эгемендүүлүкө ээ болгондон кийин орус тилдүү калктын кетүүсү кескин күчөдү.
7 - Таблица
Ак - Талаа районунун калкынын облус аралык миграциясы
2005 - 2009 жылдары
| | жылдар | Көчүп келген-дердин саны | Көчүп кеткендер-дин саны | Миграциялык өсүш, чыгып кетүү |
| Нарын облусу боюнча | 2005 | 1036 | 3236 | -2200 |
| | 2006 | 1333 | 4297 | -2964 |
| | 2007 | 1072 | 3175 | -2103 |
| | 2008 | 1838 | 4189 | -2351 |
| | 2009 | 1230 | 3596 | -2366 |
| Ак-Талаа району | 2005 | 105 | 288 | -183 |
| | 2006 | 96 | 443 | -347 |
| | 2007 | 69 | 283 | -214 |
| | 2008 | 147 | 358 | -211 |
| | 2009 | 140 | 400 | -260 |
Калктын жаш жыныстык составы. Ак–Талаа районунун негизги өзгөчөлүгү болуп калктын составындагы эркектердин көптүгү болуп саналат. Эркектердин саны аялдарга караганда (1000 аялга 1002 эркек туура келет, республикада 975 эркек). Акыркы эл каттоонунун маалыматы боюнча жыныстык-катнаштардын жашарып баратканын билдирет. 2008 - жылдын 1 январына карата 1000 аялга 1004 эркек туура келет. Ошондой эле 1989-жылы 1000 аялга 971 эркек туура келген. Райондогу азыркы орточо көрүнүш бардык айылдык округдарда байкалат. Жогору миграциялык агымдардын негизинде бул айылдык округдарда калктын саны кыскарган.
Ак - Талаа районунун калкынын орточо жашы 25,2 жыл, эркектер 24,4 аялдар 26,0 жыл.
Жаш курагы боюнча эмгекке чейинки курактагылар (0-15) калктын жалпы санынын 37,5 % ын түзөт, республикада болсо бул көрсөткүч 38,1%. Калктын эмгекке жарамдуу составы 50,5 % ын түзөт.
8 -Таблица
Ак – Талаа районунун туруктуу калкынын жынысы боюнча чоң жана эң чоң айыл кыштактардагы саны (киши)
(1999 – 2009 жж)
| Калктуу пункттар | 1999 | 2009 |
| жынысы | эркектер | аялдар | жынысы | эркектер | аялдар |
| Ак-Талаа району | 29 227 | 14 742 | 14 485 | 31 631 | 15 918 | 15 713 |
| Айылдык калк | 29 227 | 14 742 | 14 485 | 31 631 | 15 918 | 15 713 |
| Баетов айылы(РБ) | 8 746 | 4 315 | 4 4 31 | 8 354 | 4 113 | 4 241 |
| Кара-Ой айылы | 2 610 | 1 347 | 1 263 | 3 062 | 1 553 | 1 509 |
| Кош-Дөбө айылы | 3 0 90 | 1 548 | 1 542 | 3 530 | 1 748 | 1 782 |
| Башка айылдык пунктар | 14 781 | 7 532 | 7 249 | 15 697 | 8 010 | 7 687 |
Калктын составы райондун калкынын жаш жана жыныстык структурасын камтыйт жана аларды билүүнүн мааниси чоң. Эмгекке жарамдуу калкты эсептеп чыгуу, аларга баа берүү, мектеп жашына чейинкилер, мектеп курагындагылар эмгек жашынан өткөн жашы улгайгандарды билүү жана аларга ылайык кийим-кече менен элге керектелүүчү башка товарлардын ассортименттерин пландоо калктын жаш өзгөчөлүгүнө жана эркек менен аялдын санына жараша болот.
Адам өмүрүн үч мезгилге бөлүп карайбыз а). Эмгек жашына чейинкилер (0-15жаш) б).Эмгек жашындагылар (16-59 эркектер, 16-54 аялдар) в)Эмгек жашынан өткөндөр(55 жогору аялдар, 60 жаштан өткөн эркектер).
Жыйынтыктап айтканда райондо төрөлүүнүн саны жогору болгондуктан өспүрүмдөрдүн саны жогорку көрсөткүчтө райондун калкынын жаш курактык составы боюнча республиканын башка региондорунан айырмаланып эң жаш башкача айтканда орточо жаш 24,48(2009) жашка туура келет. Бирок эмгек жашынан өткөндөрдү айылдык округ боюнча анализ жүргүзүп карасак Баетов айыл округунда 6,4%, Кара- Ой айылдык округунда 7,5%, Куртка 6,4% ,ал эми Тоголок – Молдо айылдык округунда 8,2%,ти түзөт.
Райондун жалпы калкынын санынын эмгек жашына чейинки жана (мектеп жашына чейинки жана мектеп курагындагылар) 36,1% эмгек жашындагылар (16 жаштан 59 жашка чейинкилер) 56,7% жана эмгек жашынан өткөндөр 7,08 % түзүшөт. Ошондуктан, райондо демографиялык кыйынчылык жогорку деңгээлде. Мисалы, эмгек жашындагы 1000 кишиге эсептегенде эмгек жашында эмес 1043 киши туура келет. (Республикада орточо 898 киши). Бирок, райондо 1989-жылга салыштырганда демографиялык жүк өзгөчө айыл-кыштак калкында төмөндөгөн.
1 Население Кыргызстана. Перепись населения и жилищного фонда КР 2009.Бишкек 2010
2 2009 жылкы КР нын биринчи улуттук эл каттоонун жыйынтыгы. Бишкек 2011