СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өрүкзардын өлбөс акыны-Курбаналы Сабыров.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өрүкзардын өлбөс акыны-Курбаналы Сабыров.»

Өрүкзардын өлбөс акыны-Курбаналы Сабыров . 8-класс

Өрүкзардын өлбөс акыны-Курбаналы Сабыров .

8-класс

Курбаналы Сабыров (1942–1981) Курбаналы Сабыров (1942–1981) — кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, котормочу жана адабиятчы. Ал 1942-жылы 17-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Гордой айылында туулган .

Курбаналы Сабыров (1942–1981)

  • Курбаналы Сабыров (1942–1981) — кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, котормочу жана адабиятчы. Ал 1942-жылы 17-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Гордой айылында туулган .
Билими жана эмгек жолу   Сабыров 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Баткен районундагы Коргон орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Кийинчерээк

Билими жана эмгек жолу

  • Сабыров 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Баткен районундагы Коргон орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Кийинчерээк "Кызыл-Туу" гезитинде кабарчы, Ош облустук радиокомитетинде редактор, андан соң "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген .
Университеттик жылдары. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине келип кирди. Элеттик баёо жигитке борбор калаа, филология факультети, андагы адабиятчы агайлар көп нерсени үйрөттү, эң башкысы – чыгармачылык чөйрө түзүп берди. Бул жерде 1966-жылга чейин окуду.

Университеттик жылдары.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине келип кирди. Элеттик баёо жигитке борбор калаа, филология факультети, андагы адабиятчы агайлар көп нерсени үйрөттү, эң башкысы – чыгармачылык чөйрө түзүп берди. Бул жерде 1966-жылга чейин окуду.

Алгачкы эмгек жамааты

  • А Ал мезгилде Фрунзеде калып жумушка орношуу кыйын болчу. Бир жагынан каттоого албайт, экинчи жагынан жашоо кыйын, үчүнчү жагынан министрлик бөлгөн жерге барыш керек эле. Лейлекте жогорку билимдүү адистер, анын ичинде мугалимдер жетишсиз, андыктан да университетти бүтүп эле Коргон орто мектебине мугалим болуп кетет. Чыгармачылык ынтызарлыгы журналисттик чөйрөгө тартып, ар кимдин кеңештерин угуп, тез эле райондук "Кызыл-Туу" гезитине кабарчы болуп орношот да, ал жерде эки жылдан ашык иштейт. Анда Түштүк Кыргызстан, анын ичинде Лейлек да бүт бир гана Ош областынын курамына кирген. Ошол кезде Ош шаарында облустук радио уктуруу комитети уюштурулган, Курбаналы Сабыров комитетте радио уктуруулар бөлүмүнүн редактору, башкы редактордун орун басары болуп 1969-жылдан 1974-жылга чейин иштейт. Бул мезгилде Ошто такшалып калган адабий чөйрө калыптанган, анын өзөгүн Шабданбай Абдыраманов, Исраил Сулайманов, Жолон Мамытов, Курбанбай Калдыбаев, Сабыралы Кулиев, Мурзаш Аширбеков, Алымкан Дегенбаева, Тазагүл Закирова, Азада Бегимкулов, Нууман Сайдуллаев, Турабай Жороев, Сатыбалды Кадыров ж.б. чыгармачыл адамдар түзгөн. Ошолордун катарында Курбаналы Сабыров радиомикрофонун көтөрүп Түштүк жерин түрө кыдырды, түнү келип, Сулайман тоонун бир ыптасындагы студиясында жазып келгендерин эфирге даярдады. Анын ошол кездеги көп ырлары пахтазарда, шалызарда, өрүкзарда, шабдаалызарда, тыттардын көлөкөсүндө, Ак-Буура боюндагы чайканаларда, чабандардын короолорунда, аңыздарда жазылды. Ошентип биринчи жыйнак Ошто даярдалды да, алакандай кичинекей китеп 1974-жылы "Козу-Баглан" деген ат менен жарык көрдү.
Басма сөз тармагында иштеген.  Ошто жүрүп китеп чыгаруунун кыйындыгын сездиби, айтор, көңүлү борбор калааны эңсеп туруп алды. 1974-жылы Фрунзеге келип адегенде Кыргыз совет энциклопедиясына орношуп, анан бир аз

Басма сөз тармагында иштеген. 

  • Ошто жүрүп китеп чыгаруунун кыйындыгын сездиби, айтор, көңүлү борбор калааны эңсеп туруп алды. 1974-жылы Фрунзеге келип адегенде Кыргыз совет энциклопедиясына орношуп, анан бир аз "Кыргызстан пионери" газетасында кабарчы болду да, басма ишине өтүп, 1975-жылдан "Кыргызстан" басмасында редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн китептерди чыгарууга катышты. Өзү да үч китеби менен 1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.. Ошто жүрүп китеп чыгаруунун кыйындыгын сездиби, айтор, көңүлү борбор калааны эңсеп туруп алды. 1974-жылы Фрунзеге келип адегенде Кыргыз совет энциклопедиясына орношуп, анан бир аз "Кыргызстан пионери" газетасында кабарчы болду да, басма ишине өтүп, 1975-жылдан "Кыргызстан" басмасында редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн китептерди чыгарууга катышты. Өзү да үч китеби менен 1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.
Көзү өткөн соң дагы бир топ китептери чыкты.  Акындан көп ырлар жана поэмалар, котормолор калган экен.

Көзү өткөн соң дагы бир топ китептери чыкты. 

Акындан көп ырлар жана поэмалар, котормолор калган экен. "Жүрөктөгү күн" (1984), "Керээз" (1990), "Орто жаш" (1992), "Козу-Баглан" (1999), "Өрүкзар" (2001) деген ат менен жарыяланган жыйнактарын ал өз колу менен кармап көрө албай калды. Артында калган жубайы Гүлчакан Садыкова кайын атасынын атында басма ачып, бул китептердин көбүн түзүп, ошол "Сабыр" басмасынан чыгарып берди. Өзү жок болсо да 1990-жылы жарык көргөн "Керээз" деген жыйнагы Кыргызстан жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгына көрсөтүлүп, бул кадырлуу сыйлыктын лауреаты болгон. Белгилей кетсек, көзү бар кезде "Козу-Баглан" (1974, 44 бет), "Hyp Булак" (1978, 65 бет), "Өрүкзар" (1980, 112 бет) деген жалпы 221 беттен турган үч китеби гана жарык көргөн.

Жеке сапаттары.    Бала пейил, баёо, ишенчээк, кейикчил, сулуу, келбетине келиштирип зыңкыйып жүргөн, санаачыл жигит болгон. Көп окуган. Издегенден, поэзияда тажрыйба жасоодон коркпогон. Ичинде көп арман жүрсө да сыртка чыгарбаган. Туулган жерин – Лейлегин, Козу-Багланын жанындай жакшы көрүп, тынбай барып, ошол жактан илхам алып келип турган. Шарты жок туракта жашап, ошондо да ырларын тынбай жазган. Жеке тагдырында оор учурларды башынан көп кечирген.

Жеке сапаттары. 

  Бала пейил, баёо, ишенчээк, кейикчил, сулуу, келбетине келиштирип зыңкыйып жүргөн, санаачыл жигит болгон. Көп окуган. Издегенден, поэзияда тажрыйба жасоодон коркпогон. Ичинде көп арман жүрсө да сыртка чыгарбаган. Туулган жерин – Лейлегин, Козу-Багланын жанындай жакшы көрүп, тынбай барып, ошол жактан илхам алып келип турган. Шарты жок туракта жашап, ошондо да ырларын тынбай жазган. Жеке тагдырында оор учурларды башынан көп кечирген.

Котормочулугу.   Акын басмада иштеген кезде – өткөн кылымдын 70-жылдарында дүйнө жана совет адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которууга өзгөчө маани берилип, андай китептерди басуу басмалардын пландарына киргизилген. Котормочуларга атайын заказдар түшүп турган, ушул ишке кол кабыш кылып, Курбаналы Сабыров орус тилинен немис акыны Иоганн Гётенин, калмак акыны Давид Кугультиновдун, орус акыны Ирина Токмакованын ырларын, вьетнам жазуучулары Буй Дык Айдын, Нгуен Туандын прозалык чыгармаларын, украин жаш акындарынын чыгармаларын кыргызчага которгон. Ошол дүйнөлүк адабиятты үйрөнүү менен ал Чыгыш поэзиясындагы бейт (кош сап), Батыш поэзиясындагы сонет формасын колдонуп ырларды жазып көргөн.

Котормочулугу. 

Акын басмада иштеген кезде – өткөн кылымдын 70-жылдарында дүйнө жана совет адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которууга өзгөчө маани берилип, андай китептерди басуу басмалардын пландарына киргизилген. Котормочуларга атайын заказдар түшүп турган, ушул ишке кол кабыш кылып, Курбаналы Сабыров орус тилинен немис акыны Иоганн Гётенин, калмак акыны Давид Кугультиновдун, орус акыны Ирина Токмакованын ырларын, вьетнам жазуучулары Буй Дык Айдын, Нгуен Туандын прозалык чыгармаларын, украин жаш акындарынын чыгармаларын кыргызчага которгон. Ошол дүйнөлүк адабиятты үйрөнүү менен ал Чыгыш поэзиясындагы бейт (кош сап), Батыш поэзиясындагы сонет формасын колдонуп ырларды жазып көргөн.

Сыйлыктары жана эскерүүлөр Курбаналы Сабыров 1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Анын

Сыйлыктары жана эскерүүлөр

  • Курбаналы Сабыров 1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Анын "Керээз" жыйнагы 1990-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгон .
Эскерүү Анын чыгармачылыгы бүгүнкү күндө да бааланып, Лейлек районунда жыл сайын эскерүү кечелери өткөрүлүп турат. Бул иш-чаралар жаш акын-жазуучуларды колдоо жана улуттук адабиятты өнүктүрүү максатында уюштурулат .

Эскерүү

  • Анын чыгармачылыгы бүгүнкү күндө да бааланып, Лейлек районунда жыл сайын эскерүү кечелери өткөрүлүп турат. Бул иш-чаралар жаш акын-жазуучуларды колдоо жана улуттук адабиятты өнүктүрүү максатында уюштурулат .
Курбаналы Сабыров 39 жашында бул ааламдан ыр дүйнөсүн таштап кете берди. Ал мүнөзүндөй майин, шайыдай жумшак, Лейлектин өрүгүндөй ширин ырларды жазган.

Курбаналы Сабыров 39 жашында бул ааламдан ыр дүйнөсүн таштап кете берди. Ал мүнөзүндөй майин, шайыдай жумшак, Лейлектин өрүгүндөй ширин ырларды жазган.