СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ОшМУ МФТИТ институту

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ОшМУ МФТИТ институту»



Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби


I Жалпы жоболор



1. Бул тартип Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына жана башка КРнын билим берүү тармагындагы нормативдик укуктук актыларга ылайык иштеп чыгарылган.

2. Бул тартип уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карбасатан бардык жогорку окуу жайларга (мындан ары - ЖОЖ) колдонулат жана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун эрежелерин аныктайт:

- жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары менен мамлекеттик билим берүү грантына талапкер болгон абитуриенттерди;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карабастан жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча юридикалык жана (же) жеке жактар менен түзүлгөн акы төлөп окуу (мындан ары - окутуунун акы төлөө келишими) келишимдеринин негизинде кабыл алынуучу абитуриенттерди.

3. Бул тартипте төмөндөгү терминдер пайдаланылат:

- Кыргыз Республикасынын жождоруна кабыл алуу конкурсуна катышуу үчүн автоматташтырылган информациялык система (АИС) – бул КРнын жождоруна үстүбүздөгү жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча онлайн режиминде каттоо жана кабыл алуу үчүн портал;

- электрондук талон – бул АИС аркылуу электрондук түрдө берилген өтүнүч/кайрылуу/заявка;

- жалпы республикалык тестирлөө (мындан ары ЖРТ) – жождорго окууга тапшырууну каалагандар үчүн Көз карандысыз тестирлөө кызматы тарабынан өткөрүлүүчү тестирлөө;

- жайкы кабыл алуу – жай мезгилинде ишке ашырылуучу жождорго абитуриенттерди кабыл алуу;

- кышкы кабыл алуу – жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга кыш мезгилинде ишке ашырылуучу, жождорго абитуриенттерди кабыл алуу.

4. Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин атуулдарын жождорго алардын уюштуруучулук-укуктук формасына (жеке менчик же ведомстволук тиешелүүлүк) карабастан жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуу программалары боюнча тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жайкы жана кышкы мезгилдерде өткөрүлөт.

5. Жождор алардын уюштуруучулук-укуктук формаларынан көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бул Тартипке каршы келбегендей, жыл сайын кабыл алуу эрежелерин өз алдынча иштеп чыгат, бекитет жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында ыйгарым-укуктуу мамлекеттик органы менен (мындан ары ыйгарым-укуктуу орган) менен макулдашат.

6. Жождор алардын уюштуруучулук-укуктук формаларынан көз карандысыз ыйгарым-укуктуу органы менен даярдоо багыттарын, адистиктердин тизмесин жана аларга кабыл алуу планын макулдашкандан кийин кабыл алууну жарыялашат. Кышкы кабыл алуунун планы жайкы кабыл алуудан кийин бош калган ваканттык орундарга жождун кароосу боюнча калыптанат (формируется).

7. Кыргыз Республикасынын жождорунун биринчи курсуна жалпы орто жана орто кесиптик билимге ээ тараптар кабыл алынат.

8. Кийинки курстарга ар кандай деңгээлдеги жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар тараптар кабыл алынат. Тийиштүү адистиктердеги кийинки курстарга тийиштүү профилдеги орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар тараптар кабыл алынат. Орто кесиптик билим берүүнүн профилинин жогорку кесиптик билим берүүнүн профилине шайкештиги ЖОЖ тарабынан өз алдынча аныкталат.

9. Магистрлерди даярдоо программасы боюнча окутууга "бакалавр" академиялык даражасы ыйгарылган же "адис" квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар тараптар кабыл алынат.

10. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, мамлекеттик жождордо конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.

11. Кыргыз Республикасынын жождорунда башка мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же жекече жарандар ортосундагы келишимдердин негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды тандоо үчүн дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө ортомчулук кызматтарды көрсөтүүчү өнөктөштөр менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы келишимдер жогорку окуу жайларына кабыл алуу жөнүндө жарыя чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын ыйгарым-укуктуу органы менен макулдашуусу керек.

12. Кыргыз Республикасынын жождоруна, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окутуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутууга тапшырууда башкы критерийлери болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү саналат.

II. Жождорго кабыл алуунун уюштурулушу

13. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө АИС аркылуу жүргүзүлөт. Конкурска негизги тести боюнча баллдары ыйгарым укуктуу орган бекиткен босого баллга барабар же андан жогору болгон абитуриенттер (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багытындагы адистиктерди тандаган абитуриентерден сырткары) катыша алышат. Абитуриенттин милдеттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТнын жыйынтыгы 3 жыл бою күчүндө болот.

14. Студенттерди окутуу акысын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык түрлөрүнө кабыл алууну уюштуруу үчүн жождун жетекчисинин буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы жождун жетекчиси болуп саналат.

15. ЖРТнын жыйынтыгы менен окутуунун гранттык формасы боюнча талапкерлерди тандоо жана каттоо жождордун гранттык комиссиялары тарабынан жыл сайын АИС аркылуу, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

16. Гранттык комиссиялар төмөнкүдөй курамда түзүлөт:

- университеттин ректору (комиссиянын төрагасы);

- борбордук же региондук билим берүү башкармалыгынын өкүлү;

- жождун ЖРТнын натыйжалары менен кабыл алынуучу багыттары/адистиктери бар ар бир факультетинин жетекчилигинин өкүлү.

17. Гранттык комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- окутуунун ар бир багыты жана адистиктери боюнча конкурска катышуу үчүн катталгандардын саны жөнүндө протоколдорду түзүү;

- конкурска катышкан талапкерлердин рейтингдик тизмесин түзүү;

- талапкерлердин ар бир категориясы боюнча жожго кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин түзүү;

- жожго кабыл алынууга каалоосун тастыктаган жана жожго кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин белгиленен форма боюнча тесттин жыйынтыгын тастыктоо максатында КТКга жиберүү.

18. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы кабыл алуу планынын аткарылышы, лицензияда белгиленген чектүү контингентинин, ошондой эле жождорго кабыл алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жооптуу болот, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиянын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибинин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялары тарабынан жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.

19. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, укуктары жана иш тартиби жождун ректору тарабынан бекитилген ал жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл.

20. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну жождун ректору тарабынан дайындалган жооптуу катчы уюштурат. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчыларынын талапкерлерлиги ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.

21. Кирүү сынактарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан сынактык жана апелляциялык комиссиялардын курамы бекитилет. Сынактык жана апелляциялык комиссиялардын ишинин ыйгарым укуктары жана тартиби жождун ректору тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат. Сынактык комиссиялар ошол жождун эң тажрыйбалуу окутуучуларынан түзүлөт. Бул комиссиялардын курамы жыл сайын кеминде 50 пайызга жаңыланып турушу керек.

22. Тездетилген программалар боюнча кабыл алууда аттестациялык сынактарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жождо аттестациялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссияларды түзүүнүн тартиби, курамы, укуктары жана иш тартиби, ошондой эле аттестациялык сынактарды өткөрүүнүн жол жоболору жождун ректору тарабынан бекитилген тийиштүү жоболор менен аныкталат.

23. Жогорку окуу жайына кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, билим берүү чөйрөсүндөгү жарандарын укуктарын сактоону, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, тапшыруучулардын жөндөмүн жана шыктарын баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуунун бардык этаптарында кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигинин жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

24. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТга катышуусу жөнүндө маалыматтардын ырастыгына көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү, ошондой эле абитуриент тарабынан берилген билими тууралуу башка документтердин текшерүүгө укуктуу.

III. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу


25. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси, жождун уставы, анын билим берүү ишине лицензиялары жана мамлекеттик жана башка аттестациянын (аккредитациянын) сертификаттары, жожго кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кабыл алууга байланыштуу кирүү сынактарынын программалары жана башка зарыл маалымат менен таанышууга укуктуу. Окутуунун акы төлөө келишими боюнча кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти, анын мыйзамдуу өкүлдөрүн, ата-энесин тараптардын милдеттемелери жана укуктары, окутуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана тартиби, акы төлөөдө жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга милдеттүү.

26. Жож жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну, бул билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээлик лицензиясы бар учурда гана жарыялайт.

27. Абитуриентти жана (же) анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу максатында жож 25-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтында жана/же жождун маалымат такталарында 1-майдан кечиктирбей жайгаштырышы керек.

28. Документтерди кабыл алууну баштаганга чейин жождун кабыл алуу комиссиясы төмөндөгүлөрдү жарыялайт:

  • жожго кабыл алуунун жылдык эрежелери;

  • жож билим берүү ишин жүргүзүү укугуна ээ лицензиясына ылайык кабыл алууну жарыялаган даярдык багыттары жана адистиктеринин тизмеси;

  • даярдык жана адистик багытынын ар бири боюнча жалпы билим берүү предметтери боюнча кирүү сынактарынын тизмеси;

  • жогорку кесиптик билими бар адамдар үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана өткөрүү формалары;

  • магистратура жана аттестациялык сынактар - тездетилген программалар боюнча окутуу үчүн кирүү сынактарынын тизмеси жана формалары;

  • даярдоо багыттары жана адистиктеринин ар бири боюнча биринчи курстарга кабыл алуу үчүн орундардын жалпы саны;

  • кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча апелляциялар берүү жана кароо эрежелери;

  • чет жерден келген тапшыруучулар үчүн жатакана(лар) жана жатаканалардагы орундардын саны тууралу маалымат;

  • акы төлөө келишими боюнча окутуу орундарына тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсү;

  • гранттык окутуу үчүн талапкерлер үчүн келишимдин үлгүсү;

  • магистратура программалары, экинчи жана кийинки курстарда окутуу үчүн аттестациялык сыноолор жана кирүү сынактарын өтүү мөөнөтү;

  • окутуу үчүн акы төлөө мөөнөтү.

29. Документтерди кабыл алуу учурунда жождун кабыл алуу комиссиясы ар бир күнү берилген арыздар жана конкурстар тууралуу абитуриенттерге маалымат берип турат, абитуриенттердин бардык суроолоруна жооп берүү үчүн атайын телефондордун иштешин уюштурат.

Берилген арыздар, конкурстардын саны тууралуу маалымат даярдоо багыттары жана адистиктердин ар бири боюнча берилип, жождун расмий сайтында жана/же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасында жайгаштырылышы керек.


IV. Документтерди кабыл алуу

30. Тездетилген программалар боюнча, ЖРТ талап кылынбаган даярдоо багыттары жана адистиктери боюнча, ошондой эле чет мамлекеттин жарандарынын документтерди кабыл алуу жайкы кабыл алуу алкагында 20-июндан башталат, магистратура программалары боюнча 20-июндан 1-октябрга чейин, кышкы кабыл алуу алкагында 1-декабрдан башталат.

31. Жождордогу кабыл алуу сынактарынын мөөнөтү алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан жайкы кабыл алуунун чегинде - 10-июлдан 20-августка чейин, кышкы кабыл алуунун чегинде - 20-декабрдан 30-декабрга чейин. Чет элдик жарандар үчүн жайкы кабыл алуу мөөнөттөрү 15-октябрга чейин, кышкы кабыл алуу 15-январга чейин узартылышы мүмкүн.

32. Жождорго кабыл алуу жарандардын жеке арыздары боюнча жүргүзүлөт.

33. Жожго кабыл алуу туурасында арыз берүүдө абитуриент өзүнүн каалоосу боюнча анын инсандыгын жана жарандыгын тастыктаган документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана керектүү сандагы фотосүрөттөрдү көрсөтөт.

34. Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин көчүрмөсүн, алар тапшырган ЖОЖ тарабынан түп нускасы боюнча күбөлөндүрүүгө жол берилет.

35. Чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, кесиптик орто же жогорку билими тууралуу мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин көрсөтүшү керек.

Чет өлкөлүк билим берүү мекемелери тарабынан берилген билим жөнүндөгү документтеринин экспертизасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү билиминин мазмундук деңгээлинин шайкештиги жөнүндө маалымкатты көрсөтпөсө, окууга кабыл алынбайт.

36. Ар бир окууга тапшыруучуга жекече иш көктөмү ачылып, анда бардык тапшырылган документтер жана тапшырылган кирүү сынактарынын, аттестациялык сынактарынын материалдары (аны менен катар жогорку окуу жайынын апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.

Тапшыруучулардын жекече иш көктөмү жогорку окуу жайда документтерди кабыл алгандан тартып, алты ай аралыгында сакталат.

37. Документтерди тапшырууда абитуриентке документтердин кабыл алынгандыгы тууралуу тил кат берилет.

38. Кабыл алуу комиссиясына билип туруп жасалма документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.


V. Абитуриенттерди тандоонун жана гранттык орундарга кабыл алуунун механизми

39. Гранттык орундарды конкурстук бөлүштүрүү учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине бөлүнгөн гранттарды кошпогондо). Окууга кабыл алууга эң жогорку упай топтогон абитуриенттер мүмкүндүк алышат. Абитуриенттин милдеттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТнын жыйынтыгы 3 жыл бою күчүндө болот.

40. Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт багытындагы абитуриенттер үчүн гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана кабыл алуу жождор тарабынан өткөрүлүүчү атайын сынактардын негизинде жүргүзүлөт. Кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган жождордун жана адистиктердин тизмесин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

41. Гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу бир нече тур менен өткөрүлөт. Жыл сайын ыйгарым укуктуу орган ЖРТнын жыйынтыгы менен абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитет. Ар бир кийинки тур бош ваканттык гранттык орун калган учурда гана өткөрүлөт. Ар бир тур башталганга чейин бош орундар жөнүндө маалыматтар АИСке, сайттарда, жождордун маалымат такталарына жайгаштырылат, басмага жарыяланат же башка жол менен абитуриенттерге арасында таратылат. Бардык турларда тандоо жана кабыл алуу эрежелери бирдей.

42. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кабыл алуу конкурсу жыл сайын АИС аркылуу гана өткөрүлөт. Конкурска негизги тест боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктаган босого баллга барабар же андан жогору болгон упай топтогон абитуриенттер киргизилет.

43. Жожго кабыл алуу жана грант алуу конкурсунда, негизги жана тиешелүү предметтик тесттен босого баллга барабар же андан жогору упай алып, конкурска негизги жана предметтик тесттин суммасы боюнча катышып жаткан абитуриент кабыл алууда артыкчылыка укугуна ээ. Эгерде конкурска негизги жана кошумча предметтик тесттин жыйынтыгы менен катышып жаткан абитуриенттердин саны жетишсиз болсо, гранттык комиссия негизги тесттин жыйынтыгы менен катышкан абитуриенттерди кабыл алууга сунуштайт (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден сырткары).

Жожго медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча кабыл алуу жана грант алуу конкурсуна негизги жана предметтик тесттерден ыйгарым укуктуу орган аныктаган босого баллга барабар же андан ашык упайга ээ болгон абитуриенттер гана катышууга уруксат берилет.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекилген кошумча сынактарды же предметтик тесттерди талап кылган багыттарга жана адистиктерге конкурстук кабыл алууга, бул сынактарды ийгиликтүү тапшырган абитуриенттерге гана уруксат берилет.

44. КРнын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясынын жана КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер Институтунун кошумча сынактардан өтүүнү талап кылган адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы артыкчылыкка ээ болуп эсептелет.

Конкурска катышуу үчүн кошумча сынактардан өтүү же кошумча предметтик тесттердин зарылдыгы же алар менен байланышкан ар кандай кошумча шарттардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар абитуриентке жана анын ата-энесине ЖРТ башталганга чейин жеткирилет.


45. Жождорго ЖРТнын жыйынтыгы менен абитуриенттерди кабыл алууда гранттарды конкурстук бөлүштүрүү абитуриенттердин айрым категорияларынын чегинде өзүнчө,ушул Тартипке тиркелген абитуриенттердин категориялары жана алардын арасында гранттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү Нускамага ылайык жүргүзүлөт. Айылдык жаштардын арасынан чыккан талапкерлер (айылдык жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окутууга абитуриенттердин категориялары жана алардын арасында гранттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү Нускамага ылайык аныкталган гранттых орундардын квотасынын чегинде кабыл алынат.

46. Ар бир турда абитуриент АИС аркылуу конкурска катышуу үчүн гранттык негизде окутуу боюнча бир арыз жана келишимдик негизде окутуу боюнча бир арыз берүүгө укуктуу.

47. Абитуриент АИС аркылуу кабыл алууга конкурска катышуу үчүн арызды өз алдынча аралыктан (в удаленном режиме) же жождун кабыл алуу комиссиясынын жардамында бере алат.

48. Арызды аралыктан бергенде абитуриент өзү жөнүндө маалыматты онлайн режиминде АИСке өз алдынча киргизет.

49. Жождун кабыл алуу комиссиясы аркылуу арыз бергенде, абитуриенттин маалыматтарын кабыл алуу комиссиясы АИСке киргизет.
Конкурсту онлайн режиминде гана өткөрүү ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте уруксат берилет.

50. Жожго кабыл алууда жеңилдике ээ болууга талапкер же кабыл алууга артыкчылык укугу бар абитуриенттер тиешелүү тастыктоочу документтерин (ата-энелеринин каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөр, медициналык-социалдык экспертизанын чечими, аскер кызматын өтөгөндүгү жөнүндө белги коюлган аскер билети, «Кыргыз Республикасынын Спорт чебери» күбөлүгү, «Эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чебери» күбөлүгү, «Кыргызтест» тутумун эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сертификаты ж.б.) көрсөтүшү керек.

Университеттин кабыл алуу комиссиясы тастыктоочу документтердин шайкештигин текшерет жана АИСке электрондук талонду каттоодо тастыктоочу документтердин сканерленген нускаларын тиркейт.

51. АИС онлайн режиминде төмөнкүлөрдү аткарат:

- ар бир категория боюнча өзүнчө абитуриенттин идентификациялык номерин жана топтогон упайын көрсөтүү менен абитуриенттердин иреттелген/ранжирленген тизмесин;

- учурдагы күнгө карата ушул Тартипке тиркелген абитуриенттердин категориялары жана алардын арасында гранттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү Нускамага ылайык категориялар арасындагы пайыздык катышты.

52. Ар бир турда конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 2,5 күнгө созулуп, каттоонун үчүнчү күнү саат 14.00гө чейин жүргүзүлөт.

53. Төмөндө көрсөтүлгөн категориядагы абитуриенттер жожго Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү ушул тараптардын категориясы үчүн гранттык орундардын чегинде конкурстун негизине кабыл алынышат:

- I, II топтогу майыптар, жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана майыптарына теңдеш тараптар;

- балалыгынан майыптар;

- жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;

- Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кыргыз улутундагы адамдар;

- 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь айларында болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары,

- кайрылман статусуна ээ болгон адамдар.

жождун гранттык комиссиясы конкурстун негизинде абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде квотаны даярдоо багыттары жана адистиктери боюнча бөлүштүрөт. Бөлүнгөн гранттык орундарга окуу жайдагы даярдоо багыты же адистиги боюнча конкурска катышуу үчүн арыз берилиши мүмкүн. Жогорудагы белгиленген категорияларга арналган квоталарга толук талап болбогон учурда, тандоонун жана кабыл алуунун акыркы турунда ал орундаруниверситеттин гранттык комиссиясынын чечими менен башка абитуриенттердин ортосунда жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

54. Конкурстан сырткары гранттык орундарга төмөнкүлөр кабыл алынат:

- ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы эң жогорку упай топтогон абитуриенттери тандалган мамлекеттик жождордогу даярдалуучу каалаган окутуу багыты же адистиктери боюнча. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гранттардын саны 50дөн ашпашы керек. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алууну ыйгарым укуктуу орган абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде жүргүзөт;

- учурдагы жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-, 2-, 3-орундарды ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болгон абитуриенттердин тандоосу боюнча олимпиаданын предмети менен тандаган адистиктер жана багыттар дал келсе жана республикалык тестирлөөгө катышып, босого баллга барабар же андан жогору балл алган шартта;

- "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1, 2, 3-орунду ээлеген абитуриенттер конкурстун номинациясы техникалык профилдеги адистиктер жана багыттар менен дал келсе жана жалпы республикалык тестирлөөгө катышып босого баллга барабар же андан жогору упай алуу шарты аткарылса;

- жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, босого баллга барабар же андан жогору балл алуу шартында "Алтын тамга" сертификатына ээ болгон талапкерлер.

55. Бирдей упайга ээ болгон учурда төмөнкү абитуриенттерге артыкчылык берилет:

  • «Кыргыз Республикасынын спорт чебери», «Эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чебери» спорттук наамы бар абитуриент;

  • милдеттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриент;

  • мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча "Кыргызтест" тутумун эске алуу менен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик күбөлүгүнө ээ абитуриент;

  • негизги сабак боюнча жогорку баллга ээ болгон абитуриент.

56. Жождун гранттык комиссиясынын мүчөлөрү берилген арыздардын саны жөнүндө протокол түзүшөт. Жождун гранттык комиссиясы ушул Тартипке тиркелген абитуриенттердин категориялары жана алардын арасында гранттарды бөлүштүрүү жөнүндөгү Нускамага ылайык социалык категориялар арасындагы пайыздык катышын эсептөө протоколуна кол коет.

57. Окууга кабыл алууга сунушталган абитуриенттеринин тизмеси каттоонун акыркы күнүнөн кийинки күнү саат 10-00 дөн кечиктирилбестен АИСге, жождун сайтына жана маалымат тактасына илиниши керек.

58. Жожго кирүүгө сунуш кылынган абитуриент 3 күндүн ичинде кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу менен ушул жождо окууга каалоосун тастыктоосу керек:

- паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- ЖРТ сертификатынын түп нускасы;

-орто жалпы билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы, орто кесиптик билим жөнүндө диплом же анын дубликаты;

- аскердик билет же катталгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- тиешелүү сандагы фотосүрөттөр.

Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал учурларында ыйгарым укуктуу органдын чечимине ылайык, документтерди электрондук формада АИС аркылуу тапшыргандан кийин, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга жол берилет. Абитуриент документтеринин түп нускаларын 5-сентябрга чейин жождун кабыл алуу комиссиясына тапшырууга милдеттүү.

59. Катталуунун бардык түрлөрү аяктагандан кийин, жождо окууну каалагандыгын тастыктаган абитуриенттердин жождун гранттык комиссиясынын төрагасынын колу коюлган тизмеси, алардын топтогон упайларынын тууралыгын тастыктоо үчүн Көз карандысыз Тестирлөө Кызматына (мындан ары - КТК) жөнөтүлөт. КТКнын тастыктоосу 2 күндүн ичинде берилет.

60. КТК тарабынан ырасталган абитуриенттердин тизмеси абитуриенттерди студенттик катарга кабыл алууга буйруктарды даярдоо үчүн университеттин администрациясына өткөрүлүп берилет, ошондой эле жалпы маалымат алуу үчүн стендге илинет.

61. Окууга кабыл алуу процедурасы бузулган учурда, абитуриент 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.

VI. Абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу

62. Жож жергиликтүү өзү алдынча башкаруу органдарынан кадрларды максаттуу даярдоого арыздарды чогултат жана ыйгарым укуктуу органга окутуу багыттары жана адистиктери боюнча максаттуу орундардын саны боюнча сунуштарды берет.

63. Максаттуу кабыл алуу үчүн орундардын саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир окутуунун багыттары жана адистиктери боюнча бекитилген кабыл алуу планынын чегинде белгиленет.

64. Максаттуу орундардын санын документтерди каттоо, тандоо турлары жана кабыл алуунун жүрүшүндө көбөйтүү мүмкүн эмес.

65. Максаттуу орундарга конкурска учурдагы жылы ЖРТга катышып, белгиленген босого баллга барабар же жогору балл алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан (медициналык адистиктерге аймактык саламаттык сактоо уюмунун башчысы кол койгон) жолдомосу бар абитуриенттер катыша алышат. Максаттуу кабыл алуу сынагына катышкан жана эң көп упай топтогон талапкерлер кабыл алууга сунушталат. Ушул категориядагы абитуриенттер үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнчө босого баллды белгилей алат.

66. Максаттуу орундарга кабыл алынган абитуриенттер менен окууну аяктагандан кийин аны ишке милдеттүү бөлүштүрүү жөнүндө студент, ЖОЖ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрациясы ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.

67. Максаттуу орундарга конкурстан өтпөй калган тараптар окутуунун башка формалары боюнча жалпы конкурска катыша алышат.

68. Тандоо жана кабыл алуунун акыркы турунда бош калган максаттуу орундар жалпы конкурска катышкан тараптарга берилет.

VII. Окутуунун келишимдик формасына тандоо жана кабыл алуу механизми

69. Абитуриенттерди окуу акысын төлөө менен келишимдин негизинде окуунун бардык формаларына кабыл алуу үчүн конкурс учурдагы жылдын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча гана АИС аркылуу жүргүзүлөт. Конкурска негизги тесттен ыйгарым укуктуу орган аныктаган босого баллга барабар же жогору болгон балл алган абитуриенттер катыша алышат.

70. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантына талапкер болгон абитуриенттер үчүн белгиленген абитуриенттердин категорияларын эсепке албастан өткөрүлөт; эң жогорку балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат.

71. Окуу акысын төлөө менен келишимдик орундарга кошумча предметтик тест талап кылынуучу багыттарга жана адистиктерге (медициналык адистиктерден тышкары) конкурска ошондой эле кошумча тестти тапшырбаган, бирок негизги тесттен босоголук баллга тең же жогору упай алган абитуриенттер да катыша алышат. Бул адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттердин жыйынтыгына ээ болгон абитуриенттер артыкчылык укугуна ээ болушат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыгы боюнча абитуриенттер сунушталат.

72. Окуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга конкурстан сырткары оң баага туура келген баллга ээ болгон төмөнкүлөр кабыл алынат:

  • тоголок жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (ушул жылдын 1-октябрына карата 18 жашка чейинки);

  • медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандалган окутуу багыты жана адистиги боюнча жождо окууга каршы келбеген, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген тараптар;

  • эл аралык жана республикалык олимпиадалардын байге ээлери (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлешкен), эгерде олимпиаданын предмети жождун багыттары жана адистиктери боюнча профилдик болсо;

  • "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1, 2, 3-орунду ээлеген абитуриенттер конкурстун номинациясы техникалык профилдеги адистиктер жана багыттар менен дал келсе жана жалпы республикалык тестирлөөгө катышып босого баллга барабар же андан жогору упай алуу шарты аткарылса;

  • жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, босого баллга барабар же андан жогору балл алуу шартында "Алтын тамга" сертификатына ээ болгон талапкерлер.

73. Төмөндөгүлөр жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ:

  • "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортчулар;

  • милдеттүү аскер кызматын өтөгөн адамдар;

  • мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча "Кыргызтест" тутумун эске алуу менен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик күбөлүгүнө ээ адамдар.

74. Олимпиадалык оюндардын, дүйнө чемпионаттарынын жана Азия чемпионаттарынын чемпиондору жана жеңүүчүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык жождорго дене тарбия жана спорт тармагындагы даярдоо багыттары (бакалавр, магистратура) жана адистиктери боюнча кирүү сынактарысыз (экзамендерисиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынышат.

75. ЖОЖ кирүү сынактарын төмөндөгү учурда гана өткөрөт:

- ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн;

- абитуриенттер - чет өлкө жарандары үчүн.

76. Кирүү сынактары ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо турларын өткөрүү менен бир убакта өткөрүлүшү мүмкүн.

77. Жождун, анын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, кабыл алуу эрежелеринде кирүү сынактарынын предметтери аныкталат.

78. Кирүү сынактары (искусство жана дене тарбия адистиктери боюнча кирүү сынактарынан башка) жалпы орто билим берүү программаларына туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.

79. Жождордо уюштуруу-укуктук формаларына карабастан кирүү экзамендеринин убактысы, жайкы кабыл алуу учурунда - 10-июлдан 20-августка чейин, кышкы кабыл алуу мезгилинде - 20-декабрдан 30-декабрга чейин. Чет элдик жарандар үчүн жайкы кирүү экзамендеринин мөөнөттөрү 15-октябрга чейин, кышкы кабыл алуу 15-январга чейин узартылышы мүмкүн.

80. Кирүү жана аттестациялык сынактардын расписаниеси (предмет, датасы, убактысы, сынактык топ жана сынак өтүүчү жай, консультациялар, жыйынтыктарды жарыялоо датасы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилип, 20-июндан, 15-декабрдан кеч эмес убакта абитуриенттерге маалымдалат. Кирүү сынактарынын жана аттестациялык сынактардын расписаниесинде сынактык комиссиялардын төрагасынын жана сынак кабыл алуучулардын аты-жөнү көрсөтүлбөйт.

81. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерди алып кеткендер конкурстан четтетилет.

82. Жүйөлүү себептер менен (ооруп калуу же документ менен тастыкталган башка жагдайлар) кирүү сынактарына кирбей калгандар кирүү сынактарынын кийинки этаптарында параллель топтор менен же алар аяктагандан кийин жекече киргизилет.

83. Ыкчамдатылган программанын алкагында жожго кабыл алуу жогорку же орто кесиптик билим алууда өтүлгөн айрым дисциплиналардын жана башка билим берүү иш-аракеттеринин окутуу натыйжаларын кайра аттестациялоонун (кайра зачеттоо) негизинде жүргүзүлөт. Окутуунун натыйжаларын кайрадан аттестациялоо (кайра зачеттоо) университет тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, тездетилген программаларды ишке ашырууда окуу мөөнөтү студент тарабынан башка кесиптик билим берүү программасы боюнча орто кесиптик билим жана (же) жогорку билим алууда өздөштүргөн жеке дисциплиналардагы (модулдардагы) жана жеке практикалардагы өздөштүрүүнүн (өтүүнүн) жыйынтыктарын толугу менен же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун натыйжаларына ылайык аныкталат.

84. Магистратура программалары боюнча окутуу үчүн конкурс жарандардын арыздары боюнча кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал учурларында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу аркылуу кирүү сынактарын онлайн режиминде өткөрүүгө уруксат берилет.

VIII. Кирүү сынактарын өткөрүүнүн жалпы эрежелери

85. Кирүү сынактары сынак (оозеки же жазуу), тестирлөө (бланктык же компьютердик), аңгемелешүү түрүндө өтүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал учурларында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу аркылуу кирүү сынактарын онлайн режиминде өткөрүүгө уруксат берилет.

86. Жож кирүү сынактарын өткөрүү үчүн КР ББИМ алдындагы Улуттук тестирлөө борборунун тесттик тапшырмаларын, аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде пайдалана алат. Жождун предметтик комиссиялары тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмалар, оозеки сынактар үчүн билеттер, жазуу сынактары үчүн тапшырмалар жалпы орто билим берүү программасына туура келүүгө тийиш.

87. Тесттик тапшырмалар, оозеки сынактар үчүн билеттер жана жазуу сынактары үчүн тапшырмалардын пакеттери, анын ачкычтары (жооптору) кабыл алуу комиссиясынын төрагасында чапталган конверттерде сакталышы керек, алар тестирлөөнүн (сынактын) алдында гана ачылат.

88. Тестирлөөнүн же жазуу сынагынын узактыгы ЖОЖ тарабынан белгиленет.

89. Абитуриентке кирүү сынактарына уруксат паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документин көрсөткөндө гана берилет.

90. Кирүү сынактарынын башталышынын алдында сынактык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сынакты жүргүзүү эрежелери тууралуу нускамалар өткөрүлөт.

91. Кирүү сынактарынын учурунда абитуриенттерге төмөндөгүлөр тыюу салынат:

- китептерди, дептерлерди, жазууларды, мобилдик телефондору, электрондук жазуу китептерин жана маалымат сактоонун башка каражаттарын алып келип пайдаланууга;

- сүйлөшүүгө же сынакчылардын уруксатысыз орун алмаштырууга;

- сынактык билеттерди, жооптордун бланктарын жана жазууларды алмаштырууга.

Кирүү сынактарын өткөрүүнүн тартиби тууралуу талаптарын бир канча жолу бузган учурда абитуриент дисквалификацияланып, кийинки сынакка киргизилбейт. Дисквалификация тиешелүү акты менен толтурулуп, сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлөт.

92. Абитуриент тарабынан аткарылган тесттик тапшырманын тапшырылышында комиссиянын мүчөлөрү жооп бланкындагы номер менен тесттик тапшырманын шайкештигин, жооп бланкындагы оңдоолордун, белгилердин жоктугун, бланктардын шарик же гель калеми менен толтурулушун текшеришет.

93. Кирүү сынактарында бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.

94. Сынактын аякташы менен тесттер, жооп бланктары жана сынактык баракчалар кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырылат.

95. Жооптуу катчы кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте жазуу иштерин же жооп бланктарын өздөрүн белгилөөсү боюнча шифрлеп, сынактык баракчага жана жооп бланкына шарттуу шифр коюшат.

96. Сынактык баракчалар жооптуу катчыда калат жана чапталган сейфте сакталат, ал эми жооптордун бланктары текшерүү үчүн сынактык комиссиянын мүчөлөрүнө өткөрүлүп берилет, мында аларды жождо гана текшерүүгө уруксат берилет. Кирүү сынагына тиешеси жоктор текшерүүгө киргизилбейт.

97. Сынактык иштерди текшерүү ошол эле күнү, шифрлөө аяктоо менен дароо башталат.

98. Сынактык иштерди текшерүүдө төмөндөгү эрежелер сакталууга тийиш:

- карандаш менен боелгон жооптор эсептелбейт;

- абитуриент тарабынан жооптун эки варианты белгиленсе, ошол суроого жооп эсептелбейт;

- жооптор бланкында коюлган балл менен катар, сөзсүз түрдө, текшерүүчүнүн колу жана фамилиясы коюлат;

- жооп бланктарында ишке тиешеси жок кол коюлуп калса же башка жазуулар болсо, тесттик тапшырмалар эки сынакчы тарабынан текшерилет.

99. Компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө суроолор жана жооптор компьютердин мониторунда чагылдырылат. Тест үчүн белгиленген бардык суроолор каралып бүткөндө же белгиленген убакыт аяктаганда, тест жыйынтыкталат. Тесттин жыйынтыгы электрондук протоколдо белгиленет. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен таанышуу фактысы абитуриенттин тестирлөө баракчасындагы колу менен тастыкталып, сынактык ведомостко түшүрүлөт.

100. Абитуриентке конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берген минималдуу өтмө балл күн мурунтан ЖОЖ тарабынан белгиленип, максималдуу мүмкүн болгон баллдын санынын 40%дан кем болбошу керек.

101. Акы төлөө келишими боюнча орундарга кирүүгө сунушталган абитуриенттердин тизмеси сынак өткөн күндүн эртеси саат 10дон кеч эмес убакта илиниши керек.

102. Жожго кабыл алынгандардын жазуу иштери алардын жекече иш көктөмүнө тиркелет. Кабыл алынбаган абитуриенттердин жазуу иштери алты ай аралыгында сакталып, андан соң жок кылынат.

IX. Апелляцияларды берүү жана кароонун жалпы эрежелери


103. Кирүү жана аттестациялык сынактардын жыйынтыктары боюнча абитуриент апелляциялык комиссияга, анын ою боюнча, сынакты өткөрүүнүн белгиленген тартиптеги эрежелердин бузулушу жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги (мындан ары - апелляция) тууралуу жазуу жүзүндө апелляциялык арыз берүүгө укуктуу.
Жазуу сынагын жүргүзгөн учурда абитуриент ЖОЖ тарабынан белгиленген тартипте өз иши менен таанышып чыга алат.

104. Апелляцияны кароо сынакты кайра тапшыруу болуп саналбайт. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун жыйынтык баасынын тууралыгы гана текшерилет.

105. Апелляция жеке абитуриент тарабынан сынак боюнча бааны жарыялагандан кийинки күнү берилет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну иш күн аралыгында камсыздайт.

106. Даттанууну кароо учурунда абитуриент катышууга укуктуу. Өзү менен кошо абитуриент инсандыгын тастыктоочу документин жана сынактык баракчаны алып келүүгө тийиш.

107. Жашы толо элек (18 жашка чейинки) абитуриенттер менен чогуу ата-энесинин бири же анын мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу.

108. Аппеляция каралгандан кийин сынак боюнча аппеляциялык комиссиянын чечими чыгарылат.

109. Аппеляциялык комиссияда карама-каршы пикирлер жаралган учурда добуш берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Аппеляция комиссиясынын чечими жөнүндөгү протокол абитуриентке жазуу жүзүндө тааныштырылат (кол койдуруу менен).

X. Кабыл алуу

110. Абитуриенттерди жожго алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан студенттер катарына билим берүүнүн бардык формаларына кабыл алуу абитуриенттин билими жөнүндөгү документинин түп нускасы же анын дубликаты болсо жүргүзүлөт.
Магистратуранын сырттан окуу бөлүмүнө жана тиешелүү профилдеги орто кесиптик билим берүүнүн базасында тездетилген программага кабыл алууда гранттык жана бюджеттик негизде окуган педагогикалык даярдоонун багыттары жана адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү берген окуу жай тарабынан күбөлөндүрүлгөн базалык жогорку кесиптик билими (бакалавр) жөнүндө дипломдун же орто кесиптик билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн, гранттык же бюджеттик негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүү жөнүндө окуу жайдын маалымкатын тапшырат.
Өзгөчө абал учурунда, абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы боюнча АИСке төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыргандан кийин студенттердин катарына кабыл алууга уруксат берилет:

- паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;

- ЖРТнын сертификаты;

- жалпы орто билим жөнүндө аттестат, орто кесиптик билим жөнүндө диплом же анын дубликаты;

- аскердик билет же катталгандыгы жөнүндө күбөлүк.

Ошол эле учурда, абитуриент документтердин түп нускаларын жана тиешелүү сандагы сүрөттөрдү окуу процесси башталгандан кийин беш күндүн ичинде жождун кабыл алуу комиссиясына тапшырышы керек.

111. Абитуриенттерди ЖРТнын натыйжасы боюнча студенттик катарга кабыл алуу тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болсо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен жождо окууга өз каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары кабыл алууга чейин Көз карандысыз тест кызматы тарабынан ырасталууга тийиш.

112. Абитуриенттерди жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы менен жождорго алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан окутуунун бардык формаларына акы төлөө келишиминин негизинде студенттин катарына кабыл алуу 31-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы менен 30-декабрга чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды студенттике кабыл алуу жайкы кабыл алуу боюнча 15-октябрга чейин, кышкы кабыл алуу боюнча 15-январга чейин узартылышы мүмкүн.

113. Жожго чейин даярдоо бөлүмүнүн угуучулары жожго жалпы негизде кабыл алынат.

114. Кирүү сынактарына жүйөлүү себептерсиз катышпагандар же канааттандыраарлык баа ала албай калган катышуучулар конкурска катыша алышпайт жана жожго кабыл алынбайт.

115. Кирүү сынактарында же ЖРТ боюнча алган упайларын көрсөтүү менен конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы тууралуу буйруктар жождун официалдуу сайтында же кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактайына жарыяланат.

116. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө абитуриентти конкурстук негизде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталса, анын ичинде ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу тастыкталбаган маалыматты берген учурда студент бекитилген тартипте окуудан четтетилет.

XI. Маалымат берүү жана көзөмөлдөө

117. Жождор уюштуруучулук-укуктук формаларына карабастан ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты төмөнкү мөөнөттө берүүсү зарыл:

- бюджеттик каражаттын эсебинен окууга – жайкы кабыл алуу жыйынтыгы боюнча 15-сентябрга чейин, кышкы кабыл алуу жыйынтыгы боюнча 15-январга чейин;

- акы төлөп окуу үчүн – жайкы кабыл алуу жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин, кышкы кабыл алуу жыйынтыгы боюнча 15-январга чейин;

118. Жождун кабыл алуу комиссиясынын ишин көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.







































Тиркеме

Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө

НУСКАМА

1. Гранттык орунду ээлөөгө (конкурстан тышкары кабыл алынууга укугу бар абитуриенттерден башка) ат салышып жаткан бардык студенттер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

- Бишкек шаарындагы орто жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;

- облустук борборлордогу (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Кара-Кол, Талас ш.) жана кичи шаарчалардагы (Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Чүй-Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Исфана, Көк-Жаңгак, Миңкуш, Ташкөмүр, Шопоков, Токтогул ш.) орто жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;

- айылдык мектептерди аяктаган абитуриенттер;

- Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорундагы орто билим берүү окуу жайларын аяктаган абитуриенттер;

- максаттуу орундар конкурсуна катышуучу абитуриенттер;

- жеңилдик берилген абитуриенттер (I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар, запаска бошотулган аскер кызматчылары мөөнөттүү аскер кызматынан өткөн адамдар, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар).

2. Абитуриенттердин категорияларынын пайыздык катышы жождун гранттык комиссиясы тарабынан сертификаттардын кесилген талондору жыйналып болгон соң, максаттуу кабыл алууга катышкан абитуриенттерден ошондой эле жеңилдик берилген абитуриенттерден тышкары ар бир адистик үчүн өзүнчө бардык турларда төмөнкүдөй формуланын жардамында аныкталат:



 

 

мында, Nk - категорияга дал келген абитуриенттердин саны;

N жалпы - конкурска катышкан жалпы студенттердин саны.



Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министри __________________А.Б.Бейшеналиев 2021-ж._______ «___»


Укуктук камсыздоо жана кадрлар

иштери башкармалыгынын башчысы ________________ Б.А.Ибрагимов 2021-ж ______«____»