СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Осмон империясы 17-19- кылымдарда

Нажмите, чтобы узнать подробности

17-19- кылымдардагы Осмон империясындагы Селим 3нүн, Махмуд 2нин реформалары жана Танзимат реформасынын мааниси тууралуу маалыматтар бул презентацияда берилген

Просмотр содержимого документа
«Осмон империясы 17-19- кылымдарда»

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети  Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети     тема: Осмон империясы 17-19- кылымдарда    Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тема: Осмон империясы 17-19- кылымдарда

Аткарган: Ишенбек уулу Бакберген

 План: Селим III реформасы жана аскердик модернизация Махмуд  II реформасынын артыкчылыгы жана кемчилиги Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу

План:

  • Селим III реформасы жана аскердик модернизация
  • Махмуд II реформасынын артыкчылыгы жана кемчилиги
  • Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу
Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин Осмон дөөлөтүндө бийлик жүргүзгөн. Султан Селим Осмон дөөлөтүн жакшы ниет жана тайманбастык менен жаңылануу, оңдолуу жолуна салган падыша катары тарыхта калган. Ал мыкты реформатор, акын жана музыкант болгон

Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин Осмон дөөлөтүндө бийлик жүргүзгөн. Султан Селим Осмон дөөлөтүн жакшы ниет жана тайманбастык менен жаңылануу, оңдолуу жолуна салган падыша катары тарыхта калган. Ал мыкты реформатор, акын жана музыкант болгон

Селим III реформасы 1792-1793-жж.Султан СелимIII реформа жүргүзгөн.Ал реформа «низам-ы-джедид» же «жаңы түзүлүш» дегенди түшүндүргөн. Европалык үлгүдөгү аскердик корпус түзүү,реформа үчүн атайын акча бөлүү жөнүндө султан указ чыгарган. Селим IIIтүн реформасы цехтердин жоюлушун жана анын ордуна мануфактуралардын пайда болушун тездеткен. Селим IIIтүн реформасына көптөгөн тимариоттор жана зеаметтер каршы чыгышкан. Селимдин такка чыгышына Осмон дөөлөтүндөгү калктын баары аябай кубанган. Осмон армиясы менен калкы жаңы падышадан көп нерсени үмүт кылышкан. Селим III падыша болгон мезгилде Осмон армиясынын абалы жакшы эмес болчу.

Селим III реформасы

  • 1792-1793-жж.Султан СелимIII реформа жүргүзгөн.Ал реформа «низам-ы-джедид» же «жаңы түзүлүш» дегенди түшүндүргөн.
  • Европалык үлгүдөгү аскердик корпус түзүү,реформа үчүн атайын акча бөлүү жөнүндө султан указ чыгарган.
  • Селим IIIтүн реформасы цехтердин жоюлушун жана анын ордуна мануфактуралардын пайда болушун тездеткен.
  • Селим IIIтүн реформасына көптөгөн тимариоттор жана зеаметтер каршы чыгышкан.
  • Селимдин такка чыгышына Осмон дөөлөтүндөгү калктын баары аябай кубанган. Осмон армиясы менен калкы жаңы падышадан көп нерсени үмүт кылышкан.
  • Селим III падыша болгон мезгилде Осмон армиясынын абалы жакшы эмес болчу.
Аскердик модернизация Селим султандын реформасы аскердик түзүлүштү европалык үлгүдө толук кайра курууну көздөгөн. Аскердик корпустар түзүлүп, атайын акчалар бөлүнгөн Аскердик реформа францус офицерлеринин жетекчилигинде жүргөн Жаңы корпустар түзүлүп, солдаттар тарбияланган жана жыл өткөн сайын акырындык менен көбөйгөн. Аскердик-инженердик окуу жайлар ачылган. Аскердик флоттор да жаңылануулар болгон Аскердик реформаны каржылаш үчүн жаңы салыктар киргизилген. Осмон империясы аскердик жактан алсыз экенин ошол эле Россия, Австрия менен согушта көргөзгөн. Натыйжада келишимдердин негизинде бир катар аймактарынан айрылган. Осмон империясында армиянын эски түзүлүшү орногон. Анын негизин атчандар жана янычарлар түзгөн.

Аскердик модернизация

  • Селим султандын реформасы аскердик түзүлүштү европалык үлгүдө толук кайра курууну көздөгөн.
  • Аскердик корпустар түзүлүп, атайын акчалар бөлүнгөн
  • Аскердик реформа францус офицерлеринин жетекчилигинде жүргөн
  • Жаңы корпустар түзүлүп, солдаттар тарбияланган жана жыл өткөн сайын акырындык менен көбөйгөн.
  • Аскердик-инженердик окуу жайлар ачылган.
  • Аскердик флоттор да жаңылануулар болгон
  • Аскердик реформаны каржылаш үчүн жаңы салыктар киргизилген.
  • Осмон империясы аскердик жактан алсыз экенин ошол эле Россия, Австрия менен согушта көргөзгөн. Натыйжада келишимдердин негизинде бир катар аймактарынан айрылган.
  • Осмон империясында армиянын эски түзүлүшү орногон. Анын негизин атчандар жана янычарлар түзгөн.
Махмуд II Махмуд II (1808-1839) Осмон империясынын 29- султаны. Анын башкаруу жылдарында империяда крисиз күч алган. Ага карабай бир катар реформаларды жүргүзүп, империяны турукташтырууну көздөгөн. Осмон империясын батышка жакындатуу үчүн да реформаларды жүргүзгөн

Махмуд II

  • Махмуд II (1808-1839) Осмон империясынын 29- султаны. Анын башкаруу жылдарында империяда крисиз күч алган. Ага карабай бир катар реформаларды жүргүзүп, империяны турукташтырууну көздөгөн. Осмон империясын батышка жакындатуу үчүн да реформаларды жүргүзгөн
Махмуд  II реформасынын артыкчылыгы Султан Махмуд мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрткөн. Европанын министрлер кабинети сымал системаны киргизген. Атайын министрликтерди түзгөн Аскердик блокторду түзүп, армияны чыңдаган. Янычарлык армияны толугу менен жок кылган. Жер ээлөөчүлөрдүн эскирген системалары модернизацияланып, тимориоттордун жерлери мамлекетке өткөн. Султан Махмуд II кансарайдын айрым салттарынан айрылып, Европа өкүмдарлары сыяктуу жашай баштаган. Сакалын кыскартып, өзүнүн сүрөтүн мамлекеттик мекемелерге илдирген.  Батыштыктардын кийимине окшош кийимдер кийген. Мамлекеттик кызматкерлер феска кийип жүрүүгө мажбур болушкан. Махмуд IIнин падышалык доорунда осмондуктардын мамлекеттик башкаруу, билим берүү, укук ж.б. көптөгөн тармактарында реформалар жасалган.

Махмуд II реформасынын артыкчылыгы

  • Султан Махмуд мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрткөн. Европанын министрлер кабинети сымал системаны киргизген. Атайын министрликтерди түзгөн
  • Аскердик блокторду түзүп, армияны чыңдаган. Янычарлык армияны толугу менен жок кылган.
  • Жер ээлөөчүлөрдүн эскирген системалары модернизацияланып, тимориоттордун жерлери мамлекетке өткөн.
  • Султан Махмуд II кансарайдын айрым салттарынан айрылып, Европа өкүмдарлары сыяктуу жашай баштаган. Сакалын кыскартып, өзүнүн сүрөтүн мамлекеттик мекемелерге илдирген. 
  • Батыштыктардын кийимине окшош кийимдер кийген. Мамлекеттик кызматкерлер феска кийип жүрүүгө мажбур болушкан.
  • Махмуд IIнин падышалык доорунда осмондуктардын мамлекеттик башкаруу, билим берүү, укук ж.б. көптөгөн тармактарында реформалар жасалган.
Махмуд  II реформасынын кемчилиги Махмуд IIнин саясат майданындагы ийгиликсиздиги жана өлкөдө жасаган реформалары эл арасында нааразычылыкты жараткан. Босния- Герцеговиния жана Араб жарым аралында көтөрүлүштөр чыккан. Стамбулда Махмуд IIни «каапыр падыша» дегендер да болгон. Бирок ушундай нерселерге карабастан Султан Махмуд туура деп эсептеген жолунан кайткан эмес.

Махмуд II реформасынын кемчилиги

  • Махмуд IIнин саясат майданындагы ийгиликсиздиги жана өлкөдө жасаган реформалары эл арасында нааразычылыкты жараткан.
  • Босния- Герцеговиния жана Араб жарым аралында көтөрүлүштөр чыккан.
  • Стамбулда Махмуд IIни «каапыр падыша» дегендер да болгон.
  • Бирок ушундай нерселерге карабастан Султан Махмуд туура деп эсептеген жолунан кайткан эмес.
Танзимат реформасы Танзимат ( «тартипке келтирүү») — Осмон империясындагы биринчи конституциянын кабыл алынышынан кийинки, 1839 дан 1876 га чейинки модернизациялык реформалар. Танзимат реформасында армияны жанылоо, акча реформасы, салыкты тартипке келтирүү , соодада өзгөрүүлөрдү киргизүү, сот жана администрациялык жанылануулар жөнүндө жазылган. Абдул-Межит 1 (1839-1861) Осмон империясынын султаны. Ал тактыга отургандан кийин Танзиматтты жарыялаган.

Танзимат реформасы

  • Танзимат ( «тартипке келтирүү») — Осмон империясындагы биринчи конституциянын кабыл алынышынан кийинки, 1839 дан 1876 га чейинки модернизациялык реформалар. Танзимат реформасында армияны жанылоо, акча реформасы, салыкты тартипке келтирүү , соодада өзгөрүүлөрдү киргизүү, сот жана администрациялык жанылануулар жөнүндө жазылган.

Абдул-Межит 1 (1839-1861) Осмон империясынын султаны. Ал тактыга отургандан кийин Танзиматтты жарыялаган.

Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу 1830-жылдарда Осмон дөөлөтү өзүн-өзү коргой албай турган абалда эле. Ушундан улам Осмон бийлиги Европадагы «теңдем» принцибинен пайдаланууну туура көргөн. Ошентип Осмон дөөлөтүнүн территориалдык бүтүндүгүн жактаган Англия менен Францияга жакындаганга аракет кыла баштаган. Осмон дөөлөтү күч-кубатын топтошуна жана Англия менен Франциянын ишенимине киришине жол ачкыдай жаңы системага муктаж эле. Мустафа Решит паша мындай системанын «Танзимат-и хайрийе» менен курулаарына ишенген.

Танзимат реформасынын мааниси жана Решид пашанын ролу

  • 1830-жылдарда Осмон дөөлөтү өзүн-өзү коргой албай турган абалда эле. Ушундан улам Осмон бийлиги Европадагы «теңдем» принцибинен пайдаланууну туура көргөн. Ошентип Осмон дөөлөтүнүн территориалдык бүтүндүгүн жактаган Англия менен Францияга жакындаганга аракет кыла баштаган. Осмон дөөлөтү күч-кубатын топтошуна жана Англия менен Франциянын ишенимине киришине жол ачкыдай жаңы системага муктаж эле. Мустафа Решит паша мындай системанын «Танзимат-и хайрийе» менен курулаарына ишенген.
Танзиматты ишке ашырууда Абдул Межит Мустафа Решид пашага ишенген. «Танзимат-и хайрийе» буйрук түрүндө жазылып, 1839-жылдын 3-ноябрында Мустафа Решит паша тарабынан «Гүлхане» деген атактуу бакчада салтанаттуу түрдө жарыя кылынган. Буйрукту жарыялоо салтанатына падыша, бардык министрлер, грек, армян жана жөөттөрдүн дин лидерлери, элчилер жана башкалар катышкан. Осмон падышасы «Гүлхане» буйругун жана ушул буйруктун негизинде жазыла турган мыйзамдарды сыйлоого ант берген. Падыша ант берүү аркылуу Осмон дөөлөтүндө анын «ыйык» ыйгарым укуктарынан башка «мыйзам» деген күчтүн бар экендигин тааныган. «Гүлхане» буйругу жарыяланган күнү Осмон дөөлөтүндө «Танзимат» доору башталган. «Танзимат» деген термин «Гүлхане» буйругундагы жалпы принциптерге негизделген тартипти түшүндүрөт. «Танзимат» доорунун биринчи этабы 1856-жылы аяктаган жана анын экинчи этабы ошол эле жылы «Ыслахат» деген буйруктун жарыяланышы менен башталган.
  • Танзиматты ишке ашырууда Абдул Межит Мустафа Решид пашага ишенген. «Танзимат-и хайрийе» буйрук түрүндө жазылып, 1839-жылдын 3-ноябрында Мустафа Решит паша тарабынан «Гүлхане» деген атактуу бакчада салтанаттуу түрдө жарыя кылынган. Буйрукту жарыялоо салтанатына падыша, бардык министрлер, грек, армян жана жөөттөрдүн дин лидерлери, элчилер жана башкалар катышкан.
  • Осмон падышасы «Гүлхане» буйругун жана ушул буйруктун негизинде жазыла турган мыйзамдарды сыйлоого ант берген. Падыша ант берүү аркылуу Осмон дөөлөтүндө анын «ыйык» ыйгарым укуктарынан башка «мыйзам» деген күчтүн бар экендигин тааныган. «Гүлхане» буйругу жарыяланган күнү Осмон дөөлөтүндө «Танзимат» доору башталган. «Танзимат» деген термин «Гүлхане» буйругундагы жалпы принциптерге негизделген тартипти түшүндүрөт. «Танзимат» доорунун биринчи этабы 1856-жылы аяктаган жана анын экинчи этабы ошол эле жылы «Ыслахат» деген буйруктун жарыяланышы менен башталган.
Бул буйрук жарыялангандан кийин Осмон дөөлөтүнүн армия, билим берүү сыяктуу ар кандай тармактарында жаңылануу кыймылы башталган. «Танзимат» мурдагы реформаларга окшогон эмес. Ушундан улам империянын ичинде жана сыртында чоң резонанс жараткан. «Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн. Бул буйруктун принциптери Осмон дөөлөтүнүн укук тармагында бурулуш жасаган.

Бул буйрук жарыялангандан кийин Осмон дөөлөтүнүн армия, билим берүү сыяктуу ар кандай тармактарында жаңылануу кыймылы башталган. «Танзимат» мурдагы реформаларга окшогон эмес. Ушундан улам империянын ичинде жана сыртында чоң резонанс жараткан.

«Гүлхане» буйругу жарыялангандан кийин анын негизинде жаңы мыйзамдар жазылып, жаңы комитеттер түзүлгөн. Бул буйруктун принциптери Осмон дөөлөтүнүн укук тармагында бурулуш жасаган.

Танзимат реформасынын натыйжасында осмон империясындагы өзгөрүүлөр Экономикалык ыслаттар Алгачкы осмон акча банкноттору чыгарылган (1840); Биринчи жолу өлкөнүн бюджети жарыяланган, ал эми 1846-1847 де биринчи заманбап кесиптик бюджет кабыл алынган. Жип өндүрүү жана пахта иштеп чыгуу боюнча заводдордун ачылышы Алгачкы телеграфтык тармактардын орнотулушу (1847–1855), алгачкы темир жолдордун курулушу (1856); Массалык жол курулуштарынын башталышы Осмон борбордук банкынын түзүлүшү

Танзимат реформасынын натыйжасында осмон империясындагы өзгөрүүлөр

  • Экономикалык ыслаттар
  • Алгачкы осмон акча банкноттору чыгарылган (1840);
  • Биринчи жолу өлкөнүн бюджети жарыяланган, ал эми 1846-1847 де биринчи заманбап кесиптик бюджет кабыл алынган.
  • Жип өндүрүү жана пахта иштеп чыгуу боюнча заводдордун ачылышы
  • Алгачкы телеграфтык тармактардын орнотулушу (1847–1855), алгачкы темир жолдордун курулушу (1856);
  • Массалык жол курулуштарынын башталышы
  • Осмон борбордук банкынын түзүлүшү

Саясий ыслаттар Алгачкы осмон мажлисинин түзүлүшү, б. а. болочок түрк парламентинин прототиби (1841); Ички иштер министирлигинин (1845) жана Билим берүү министрлигинин (1857) түзүлүшү; Азыркы ыстамбул муниципалитетинин (жергиликтүү башкармасынын) жана шаардык пландоо кеңешмесинин түзүлүшү; Улуттук мыйзам, империянын жалпы калкы улуттук же диний белгиси боюнча бөлүнбөстөн, баары Осмондук деп расмий жарыяланган (1869).
  • Саясий ыслаттар
  • Алгачкы осмон мажлисинин түзүлүшү, б. а. болочок түрк парламентинин прототиби (1841);
  • Ички иштер министирлигинин (1845) жана Билим берүү министрлигинин (1857) түзүлүшү;
  • Азыркы ыстамбул муниципалитетинин (жергиликтүү башкармасынын) жана шаардык пландоо кеңешмесинин түзүлүшү;
  • Улуттук мыйзам, империянын жалпы калкы улуттук же диний белгиси боюнча бөлүнбөстөн, баары Осмондук деп расмий жарыяланган (1869).
Коомдук ыслаттар Осмон империясынын почтасы түзүлгөн (1840); Алгачкы  Осмон гимнинин  жана  Осмон улуттук желегинин  (1844); Осмон империясынын тарыхында биринчи жолу калк каттосу болуп, биринчи жолу өлкөнүн эркек калкы саналып чыккан (1844) Толуккандуу паспорттордун прототиби болгон алгачкы межидее киргизилген (1844); Кулчулуктун толук жокко чыгарылышы жана кул соодасына тыюу салынышы (1847); Хатт-ы Хумаюн (1856) бардык дин өкүлдөрүнүн укуктарындагы теңдикти кепилдеген
  • Коомдук ыслаттар
  • Осмон империясынын почтасы түзүлгөн (1840);
  • Алгачкы  Осмон гимнинин  жана  Осмон улуттук желегинин  (1844);
  • Осмон империясынын тарыхында биринчи жолу калк каттосу болуп, биринчи жолу өлкөнүн эркек калкы саналып чыккан (1844)
  • Толуккандуу паспорттордун прототиби болгон алгачкы межидее киргизилген (1844);
  • Кулчулуктун толук жокко чыгарылышы жана кул соодасына тыюу салынышы (1847);
  • Хатт-ы Хумаюн (1856) бардык дин өкүлдөрүнүн укуктарындагы теңдикти кепилдеген
Аскерий ыслаттар Осмон империясынын профессионалдык жана регулярдык армияга өтүшү (20 жаштан өйдөңкү эркектерди чакыра башташкан). Армиядагы милдеттүү кызматтын мөөнөтүнүн милдеттүү 4 жылга чейин кыскартылышы (1843–44); Биринчи жолу армияда мусулман эместерге да кызмат өтөөгө уруксат берилген (1856); Султан Абдулазиз  европаныкынын үлгүсүндөгү аскерий-деңиз флотунун курулушу боюнча буйрук берген. 1867 , Аскерий-деңиз министирлиги негизделген. европаныкына окшоп, кызмат боюнча илгерилөө системасы уюштурулган.
  • Аскерий ыслаттар
  • Осмон империясынын профессионалдык жана регулярдык армияга өтүшү (20 жаштан өйдөңкү эркектерди чакыра башташкан). Армиядагы милдеттүү кызматтын мөөнөтүнүн милдеттүү 4 жылга чейин кыскартылышы (1843–44);
  • Биринчи жолу армияда мусулман эместерге да кызмат өтөөгө уруксат берилген (1856);
  • Султан Абдулазиз  европаныкынын үлгүсүндөгү аскерий-деңиз флотунун курулушу боюнча буйрук берген.
  • 1867 , Аскерий-деңиз министирлиги негизделген. европаныкына окшоп, кызмат боюнча илгерилөө системасы уюштурулган.
Маданий ыслаттар Алгачкы Осмон университеттеринин , (1848), академиялардын (1848) жана педагогикалык мектептердин курулушу; Саламаттыкты сактоо министирлигинин курулушу Осмон Илимдер Академиясынын курулушу Экономикалык жана саясий илимдер мектептеринин курулушу Биринчи жолу Осмон империясынын студенттери чет жакка окууга чыгышкан. 1868 де лицей менен университеттин ортосундагы даражада болгон Галатасарай Султаниси ачылган.
  • Маданий ыслаттар
  • Алгачкы Осмон университеттеринин , (1848), академиялардын (1848) жана педагогикалык мектептердин курулушу;
  • Саламаттыкты сактоо министирлигинин курулушу
  • Осмон Илимдер Академиясынын курулушу
  • Экономикалык жана саясий илимдер мектептеринин курулушу
  • Биринчи жолу Осмон империясынын студенттери чет жакка окууга чыгышкан.
  • 1868 де лицей менен университеттин ортосундагы даражада болгон Галатасарай Султаниси ачылган.
Колдонулган адабияттар Хрестоматия по новой истории: в 3-х тт./ Под ред. А.А. Губера. – М.: Мысль, 1965. – Т.2. – 752 с. Еремеев Д.Е., Мейер М.С. История Турции в средние вевремя: Уч. пособие. – М.: Изд-во МГУ, 1992. – 248 с. Новая история стран Азии (вторая половина XIX – начала ХX вв.)/Под ред. В.И. Овсянникова. – М.: МГУ, 1995. – 329 с.

Колдонулган адабияттар

  • Хрестоматия по новой истории: в 3-х тт./ Под ред. А.А. Губера. – М.: Мысль, 1965. – Т.2. – 752 с.
  • Еремеев Д.Е., Мейер М.С. История Турции в средние вевремя: Уч. пособие. – М.: Изд-во МГУ, 1992. – 248 с.
  • Новая история стран Азии (вторая половина XIX – начала ХX вв.)/Под ред. В.И. Овсянникова. – М.: МГУ, 1995. – 329 с.
 Көңүл бурганыңыздарга  чоң рахмат !!!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат !!!