.№ | Султан | Портрети | Башкарган жылдары | Жасаган иштери |
1. | Осмон 1 (Осмон-бей, Осмон Гази) | | 1299-1324 | Эртугрулдун уулу. Осмон империясынын негиздөөчүсү. Өзүнүн жакын адамдары менен Билежик, Йархисар жана Инегөлдү каратуу менен алектенген. Сөгүт шаарын борбор шаар кылган. Мудания жана анын жанындагы жерлерди караткан. |
2. | Орхан 1 (Орхан-бей) | | 1324-1360 | Осмон Газинин уулу. Осмон империясынын экинчи башчысы . Мармара аймагындагы Изник, Изнит жана Бурса шаарын каратып алган. Европага алгачкы согуштарды жүргүзгөн. Бурса шаарын борбор шаар кылган. |
3. | Мурад 1 | | 1360-1389 | Орхан 1нин уулу. Осмон империясынын биринчи султаны. Адрианополь, Филиппополь,батыш Фракияны өзүнө караткан. Адрианопол Эдирне болуп өзгөрүп, Мурад 1 борбор шаар кылган. Ошондой эле София, Ниш, Анатолия, Анкараны караткан.Косово салгылашында каза болгон. |
4. | Баязид 1 (Йылдырым) | | 1389-1402 | Баязид 1 тушунда Осмон империясынын чек арасы Дунайдан баштап чыгыштагы Ефратка чейин кеңейген. Балкан жарым аралы, Кичи Азия, Болгариянын басып алган. Амир Темир менен болгон Анкара салгылашында туткунга түшүп, каза болгон. |
| Иса- челеби | | 1403-1406 | Баязид 1инин уулу. Батыш Анатолиянын султаны. |
| Сулейман- челеби | | 1402-1411 | Баязид 1инин уулу. Румелиянын биринчи султаны. |
| Муса-челеби | | 1411-1413 | Баязид 1инин уулу. Румелиянын экинчи султаны. |
| Мехмед-челеби | | 1406-1413 | Баязид 1инин уулу. Анатолиянын, чыгыш Анатолиянын султаны |
5. | Мехмед 1 Челеби | | 1413-1421 | Осмон империясынын бешинчи султаны. Бир катар чыр чатактарды, көтөрүлүштөрдү баскан. Бир туугандары менен да согушкан. |
6. | Мурад 2 | | 1421-1444 1446-1451 | Мехмед 1инин уулу. Осмон империясынын кайра калыбына келтирген. Бир катар согуштарды Косово, Албанияда жүргүзгөн. Венгрия келишиминен кийин уулу Мехмед 2 ге бийлигин өткөзүп, янычарлардын көтөрүлүшүнөн кийин кайра бийликти колго алган. |
7. | Мехмед 2 Фатих | | 1444-1446 1451-1481 | Мурад 2инин уулу. Осмон империясынын султаны. Экинчи жолу тактыга отурган. 1453-жылы Константинополду басып алган. Стамбул болуп өзгөрүп борбор шаар аталган. Сербия, Герцеговина жана Албанияны караткан. |
8. | Баязид 2 Дервиш | | 1481-1512 | Мехмед 2инин уулу. Так талашкан согуштарда жеңип бийликке келген. Польша, Венгрия, Персия, Египет, Венеция жерлеринде согуштарды жүргүзгөн. Жер ортолук деңизинде согуштарды жүргүзүп бир катар ийгиликтүү болгон. |
9. | Селим 1 Явуз | | 1512-1520 | Баязид 2инин уулу. Баскынчылык согуштарды жүргүзүп, Сефевид мамлекетин, Ирандын, Египеттин бир канча аймактарын караткан. Сезимдин тушунда империянын аймагы абдан кеңейген. |
10. | Сулейман 1 Улуу султан Кануни | | 1520-1566 | Селим 1инин уулу. Осмон империясынын эң улуу султаны. Европанын бир катар аймактарына жортуулдарды жасаган. Австрия, Венгрия, Белград, Босния Герцеговина жана Словенияны басып алган. Сефевид мамлекети, Бухара, Азербайжан, Иран менен согушкан.Деңиз согуштарында ийгиликке жетишкен. |
11. | Селим 2 | | 1566-1574 | Сулейман 1инин уулу. Иран империясы, Венеция, Венгрия ошондой эле Астраханга чейин согуштарды жүргүзгөн. Аравия жана Кипрга жортуулдарды жасаган. |
12. | Мурад 3 | | 1574-1595 | Селим 2инин уулу. Иран, Азербайжан, Каспийдин жээги, Закавказья Тебриз, Луристан, Курдистан, Хузестан империяга караган. |
13. | Мехмед 3 | | 1595-1603 | Мурад 3нүн уулу. Габсбург империясы менен 13 жылдык согуштар башталган жана бир катар жеңиштерге жетишкен. |
14. | Ахмед 1 | | 1603-1617 | Мехмед 3нүн уулу. Австрия монархиясы менен болгон 13 жылдык согуш бүткөн. Персия менен болгон перс-түрк согушу башталган. |
15. | Мустафа 1 | | 1617-1618 1622-1623 | Мехмед 3нүн уулу. Так талашуулар көп болгон.Эки жолу тактыга отурган. Биринчисинде Ахмед 1инин уулу Осмонго откорүп берип, ал өлгөндөн кийин экинчи жолу бийликке келген. |
16. | Осмон 2 | | 1618-1622 | Ахмед 1инин уулу. Польша жана Молдовияга согуштарды жүргүзгөн. Янычарлардын көтөрүлүнүндө өлтүрүлгөн. |
17. | Мурад 4 | | 1623-1640 | Ахмед 1инин уулу. Персия, Багдад, Ераванга чейин жортуулдарды жасаган. |
18. | Ибрагим 1 | | 1640-1648 | Ахмед 1инин уулу. Азовду каратып алган. Түрк-венеция согуштары башталган. |
19. | Мехмед 4 | | 1648-1687 | Ибрагим 1инин уулу. Мехмед 4нүн мезгилинен баштап, империя согуштарда ийгиликсиз болуп, жеңилүүлөргө дуушар болгон. |
20 | Сулейман 2 | | 1687-1691 | Ибрагим 1инин уулу. Анын тушунда өлкөдө чыр-чатактар болуп турган. Ыйык лига менен согуштар жүргөн. |
21 | Ахмед 2 | | 1691-1695 | Ибрагим 1инин уулу. Ыйык лига менен бир катар согуштар болгон. Ал согушта көптөгөн жоготууларга учурап улуу вазири каза болгон. |
22. | Мустафа 2 | | 1695-1703 | Мехмед 4үнүн уулу Ыйык лигага ийгиликсиз согуштарды жүргүзгөн. Бир катар келишимдерге кол коюп, империянын кээ бир аймактары башка мамлекеттерде өткөн. |
23. | Ахмед 3 | | 1703-1730 | Мехмед 4үнүн уулу. Россия империясы менен согуштар болгон. Венеция менен да согуштарды жүргүзгөн. Келишимдердин негизинде кээ бир аймактарын берүүгө аргасыз болгон. |
24. | Махмуд 1 | | 1730-1754 | Мустафа 2инин уулу. Иран, Россия, Австрия менен согуштар жүргөн. Австрия менен согушта ийгиликке жетип мурун тарттырып ийген жерлерди кайрадан алган. |
25. | Осмон 3 | | 1754-1757 | Мустафа 2инин уулу. Осмон империясын 3 жыл гана башкарган. |
26. | Мустафа 3 | | 1757-1774 | Ахмед 3нүн уулу. Аскер реформаларын жүргүзгөн. |
27. | Абдул- хамид 1 | | 1774-1789 | Ахмед 3нүн уулу. Россия жана Австрия менен согуштар жүргөн. Россия империясы менен согушта жеңилүүгө дуушар болгон. Крым Россияга өткөн. |
28. | Селим 3 | | 1789-1807 | Мустафа 3нүн уулу. Империяга бир катар реформаларды жүргүзгөн. Австрия, Россия империясы менен согуштар болгон. Жеңилүүлөргө дуушар болгон. Франция менен мамилелерди түзгөн. |
29. | Мустафа 4 | | 1807-1808 | Абдул-хамид 1инин уулу. Россия империясы менен согуштар жүргөн. Махмуд 2 тарабынан өлтүрүлгөн. |