СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до 21.05.2025
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Сайттан алынган
Ж апарали Осмонкулов 50 жашта өмүр Жол
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 11 марты
Жапарали Осмонкулов
Өмүр Жол
(Жапарали Осмонкулов 50 жашта)
Бул жыйнакка жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар жана республикалык Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгына арналган ырлар, интервьюлар, сын, ой-пикирлер, атасы жөнүндө жана өзүнүн басма сөз беттеринде жарыяланган ар кыл темадагы макалалары киргизилди
Өмүр Жол (Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгы тууралуу пикирлер). – Б: ЖЧК «Кут Бер», 2008. – 160 б. китебинен алынды
Жыйнактын түзүүчүсү жана редактору Мырзабек Жумаев. Осмонкулов Ж.
ББК 83. 8
О-74
ISBN 9967-13-057-1
О 4803300100
Жапарали Осмонкуловдун
өмүрүндөгү урунттуу учурлар
Осмонкулов Жапарали Адашканович 1958-жылы 11-майда Ош облусунун Каракулжа районуна караштуу Сарыкамыш айылында туулган. Атасы Адашкан Осмонкулов мугалим, апасы Айым Осмонкулова жумушчу болгон.
1973-жылы «Сарыкамыш» сегиз жылдык, 1975-жылы «Каракулжа» орто мектебин бүтүргөн.
Эмгек жолун мектепти бүткөндөн кийин совхоздо жумушчу болуп иштөө менен баштаган.
1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетине тапшырып, аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктайт.
1981–1983-жылдары Каракулжа районуна караштуу Карл Маркс атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейт.
1983–1985-жылдары өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. Запастагы лейтенант.
1985–1991-жылдары «Тельман», «Сарыкамыш» орто мектептеринде мугалим болот.
1993-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1992–2005-жылдары республикалык «Насыят», «Мурас», «Кыргыз Туусу», «Эркинтоо», «Эл дүйнөсү» аттуу гезит-журналдарында бөлүм башчы, редактордун орун басары, башкы редактор кызматтарын аркалайт.
Учурда «Эл дүйнөсү» аттуу тарыхый-этнографиялык, адабий-көркөм журналдын башкы редактору.
2000-жылы «Күн кызарып батканда» аттуу тырмак алды китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына татыйт.
2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги.
2005-жылы республикалык Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болот.
Үйбүлөлүү, беш уул, бир кызы бар.
Келинчеги Маткасымова Бүайша Ош мампединститутун бүтүргөн. Учурда шаарыбыздагы «Столичный» кондитердик комбинатта үзүрлүү эмгектенип жатат.
Китептери
1. «Күн кызарып батканда» 1993-жылы
2. «Өмүрдүн көз ирмемдери» 2000-жыл
3. «Төгө бер, жамгыр!» 2004-жыл
4. «Көктөмдө келген кубаныч» 2005-жыл
Атасы Адашкан Осмонкулов жөнүндө
А. Камалов
Кабарчы жашайт айылда
А. Осмонкулов жаш кезинен кабарчылыкка кызыгып, аны өзү сүйгөн мугалимдик кесип менен кошо алып жүрдү. Ырас, элдин арасында болуп жаткан жаңылыктарды оперативдүү билдириш үчүн ал адам көптү билген, биринчи иретте өз ишинин дилгири болуусу керек. Ансыз элдин кадырлоосуна ээ боло албайт.
Адашканда мына ушул касиет бар эле. 1966-жылы Оштогу педагогиялык институттун география факультетин ийгиликтүү аяктаган. Адашканды советтиктер ветеран – педагог катарында да жакшы билишет.
Анын 1939-жылы «Отличниктер» деген макаласы «Кыргызстан пионери» газетасына жарыяланган. Анда ал Тельман атындагы мектеп-интернатында мугалим болуп иштеп жүргөн болучу. 1938-жылы жаш өспүрүмдөрдүн республикалык өздүк-көркөм чыгармачылык олимпиадасына катышкан.
– Ал кезде, – деп эскерет А. Осмонкулов, – азыркы балдар жазуучусу Муса Жангазиев Гүлчөдө иштөөчү. Мен аны менен бир баргандыгым өтө жакшы болгон экен. Өзүм Жусуп Турусбековдун «Кызыл жолукчандар», «Арык казгандар» жана өзүмдүн «Бүлөлү» деген ырымды көркөм окугандыгым үчүн сыйлыкка ээ болгом.
1941-жылы Совет райондук «Коммунизм үчүн» газетасына Адашкан Осмонкуловдун Улуу Ата Мекендик согуштун легендардуу баатыр кызы Зоя Космодемяньская жөнүндө жазган «Таня» аттуу ыры жарыяланган. Ал кийинчерээк республикалык «Ленинчил жаш» газетасынан жарык көргөн. Мындан көп өтпөй коммунист Осмонкулов өз ыктыяры менен Улуу Ата Мекендик согушка, немецтик баскынчыларга каршы согушка жөнөгөн. Согушта ал миномётто наводчик болуп турган. Тууган жеринен алыстап жүргөн кезинде да ал өз эне тилинде жазылган газета-журналдарды окуп турууга мүмкүндүк тапкан. Бул анын журналистикага болгон кызыгуусунун бир фактысы катарында көрүнөт. Согуштагы көп каармандыктары үчүн медалдарды алууга татыктуу болгон. Белгород үчүн болгон согушта оор жарадар болуп, тууган жерге кайткан. Бул 1944-жылдын февраль айлары болучу. Анда да газетадан ажырай алган эмес.
Айылга кайткандан кийин ал өзү сүйгөн кесиби мугалимдикти улантты. «Сары-Камыш» башталгыч мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. Айтор, мугалимдик менен кабарчылык кесипти тизгиндеш алып жүрдү… Айыл жаңылыгын билдирүүгө дайыма үлгүрдү.
1948-жылы анын «Бирдей шартта эки башка көрүнүш» деген макаласы райондук газетанын бетине жарыяланды. Ал зор кызыгууларды туудурду. Жогоруда сөз болгон «Мамаш мант берди» деген фельетону да областтык газетага чыгуу менен, анын кабарчылык калеминин курчуй түшкөндүгүн далилдеди. Советтик моралга сыйбаган кулк мүнөзү менен жийиркеничтүүлүктү туудурган Мамаш сыяктуу адамдардын айыбын даана ашкерелеген. Анын жазганы курч, далилдүү, таасирдүү болуп, көптөрдүн эсинде жүрөт.
Адашкан Осмонкулов азыр Совет районундагы өзү туулуп өскөн айылында «Сары-Камыш» сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштейт. Анын бир кесиптеги көп жылдык эмгегин партия менен өкмөтүбүз жогору баалады. Өткөн 1969-жылдын октябрь айында ал «Эл агартуунун отличниги» деген наамды жеңип алды. Ал эми кабарчылык кесипке активдүү катышкандыгы үчүн 1962-жылы «Правданын» 50 жылдыгына карата грамота алууга татыктуу болду. А. Осмонкулов «Билим» коомунун башкармасынын президиуму тарабынан жана партиянын Ош областтык комитетинини райондук «Октябрь туусу» газетасынын да мактоо грамотасын алган.
Кабарчылык экинчи кесибинде узак жылдардан бери иштеп келе жаткан ветеран-педагог Адашкан Осмонкуловго дагы журналисттик ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз! Жаңылыкты жарыя этип кемчиликти курч сын менен таамай мелжеген талбас калемиңиз жемиштүү иштей берсин!
«Ленин жолу», 5-май, 1970-жыл
Сооронбай Жусуев, Кыргыз Республикасынын эл акыны,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Тамыр жайган ак чынар
Бул жарык дүйнөгө жаралган жандуунун ичинен эң алсызы да, күчтүүсү да адам баласы. Анын алсыздыгы ата-энесинин, коомдун, деги эле башка адамдардын жардамысыз торолуп, күчкө кире албагандыгы. Ал эми анын күчтүүлүгү – тарбия-таалимге жараша болот. «Талантсыз адам төрөлбөйт, адам таланты ачылбай, байкалбай калышы гана мүмкүн» деп акылмандар айтышат. Көрсө адамдын тубаса талантын ачып, ал эмнеге жөндөмдүү экенин убагында байкап, билген саяпкерлер-мугалимдерге көп нерсе байланыштуу болот.
Бүгүн биз сөз кылып жаткан кадырман карыя мугалим Адашкан Осмонкулов ошол алсыз адам балдарын кубаттуу күчкө айлантуу үчүн жарым кылымга жакын өмүрүн арнаган. Ал тарбиялап өстүргөн балдардын ичинен инсан деген улуу наамга татыктуу болгон оңдогон адамдар бар. Алар ар түрдүү кесиптин ээлери: врачтар, инженерлер, илимпоздор, коомдук-саясий илимде эл кызматын кылып, республиканын өнүгүүсү үчүн өз салымдарын кошуп келе жаткан мыкты адистер. Адашкандын мугалимдик эмгек жолу 19 жашында 1938-жылы башталган. Ал ошол мезгилдеги шартка жараша Кара-Кулжа айылындагы жети жылдык мектепти бүтүп, кайра эле ошол мектепке башталгыч класстардын мугалими болуп дайындалат. Заман каат болуп, эл ачык сүйлөп, катуу баскандан коркуп турган учур болчу. Улам бир айылдан «эл душмандары» табылып, айдалып кетип турган кез эле. Али саясат менен иши жок, турмуштун ак-карасын ачык түшүнө элек өткүр, сергек уланга ошол жылдардагы кандуу репрессия катуу таасирин тийгизген.
Кыргыз тилинде чыккан ошол кездеги саналуу китептерди биринен сала бирин катары менен окуган жаш мугалим жүрө-жүрө илимге катуу ишенип калды. Өз билимин өркүндөтүүнүн аркасында 1940-жылы «Сары-Булак» айылдык кеңешке караштуу Молотов атындагы орто мектебинде география, коом таануу сабактарынан мугалим, анан 1941–1942-жылдары «Кызыл-Булак» башталгыч мектебинде башчы болуп иштеп жүрдү. Бирок батышта кан күйүп, Ата Мекенге коркунуч келип турган кезде тынч иштеп жүрө албады. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, окуп билим алсам дегенде ак эткенден так эткен Адашкан эми колуна китептин ордуна автомат кармап, каардуу душмандын жолун бөгөп чыгууга өз ыктыяры менен майданга жөнөп кетти. 1943-жылы 17-августа Белгород шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн «За боевые заслуги» медалы менен сыйланды. Согушка катышкан үч жыл ичинде 12 орден, медалга ээ болгону анын кандай жоокер экендигине күбө. 1944-жылы фашисттер менен болгон кандуу кармашта оор жарадар болот. Ошол жараттын айынан II топтогу майып деген аныктама менен Ата журтуна кайтып келген жоокер жаш муунду тарбиялап илим-билим берүүгө баш оту менен кирип кетти. Ош пединститутунан жогорку билим алды. Мугалим, мектептин директору болуп, ошондон ардактуу эс алууга чыкканча үзүрлүү эмгектенди. Пенсияга чыккандан кийин да мектептен ажырабай сабак берип жүрдү.
Анын эмгегин эл баалап, өкмөт ыраазы болуп «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги», «СССРдин эл агартуусунун отличниги» деген наамдарды ыйгарып, төш белгилерин тагышты. Ушул жерден айта кете турган нерсе Адашкан Осмонкулов балдарды тарбиялоо жаатында гана ийгиликтүү иштебестен коомдук ар кандай иштерге активдүү катышып бир нече ирет Кара-Кулжа райондук кеңештин депутаты болуп шайланган. Райондун турмушун чагылдырган айыл элинин көйгөйлүү проблемаларын козгогон макаларын областтык «Ленин жолу» республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитине байма-бай жазып турган. Убагында бу газеталар активдүү айылдык кабарчы катары Адашкан Осмонкуловду Ардак грамоталары менен сыйлап, урматташкан.
Карыя мугалимдин басып өткөн эмгек жолу кыскача ушундай. Ал быйыл 80 жашка чыгып, маараке тою менен бирге өмүрлүк жары Айым Осмонкулова менен баш кошконуна 50 жыл болгонун, башкача айтканда, «Алтын тоюн» салтанаттуу өткөргөнү турушат.
50 жыл турмуштун ачуу, таттуусун бирге көрүшүп, бул бактылуу жубайлар 8 баланы тарбиялап өстүрүшүп, баарына жогорку билим беришти. Кыздары Азизахан, Данакан, Майрам, Сурия, Нурия, Раат, уулдары Жапарали, Сейдали баары азыр очор-бачар болуп өзүнчө бир айыл эл. Кызы Данакан Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эли журтка кеңири таанымал сүрөтчү. Уулу Жапарали да таланттуу жазуучу, белгилүү журналист. Адамды адам кылган анын билими, ак ниет эмгеги. Ал эми көптөгөн муундарга жарым кылымга жакын билим, таалим-тарбия берген Адашкан Осмонкуловдун эмгеги-баа жеткис экенин айтыш да, жазыш да зарыл.
Анткени, ар бир адам кылган эмгеги менен бааланат. «Дарак бир жерден көгөрөт» демекчи, бир кесипте, бир жерде 50 жыл эмгектенген Адашканды Кара-Кулжа эли бекеринен «биздин Дүйшөн агайыбыз» деп сыймыктануу менен айтышпаса керек.
Эмесе өз элине эбегейсиз эмгек сиңирген, өмүрү башкаларга өрнөк болгон аксакал карыябызга Адашканга, ууз байбиче Айымга чоң ыраазычылык билдирүү менен 80 жылдык мааракеси, 50 жылдык алтын тою кут болсун, дагы да узак жашашып, өз элинин, уул-кыздарынын убайын көрсүн демекчибиз. Мен Адашкан Осмонкуловдун сыймыктуу мааракеси өтүп жаткан мезгилде, ага ырымды гезит аркылуу тартуу кылгым келет:
Ок жалмаса майданда нечендерди,
Отту кечип, өрт кечип, эсен келди.
Кайрат жумшап кармашта өсүп келди,
Калк жиберген сынактан өтүп келди.
Ал тозокко жалтанбай барып келди,
Ала-Тоого маңдайы жарык келди.
Жаш чагынан мектепке дилин берди,
Жарым кылым балдарга билим берди.
Ал эмгегин ак кылды, адал кылды,
Албан-албан жаштарды адам кылды.
Үй-бүлөгө ал түппай болуп турду,
Үйү дайым таалайга толуп турду.
Калса дагы чачына бубак конуп,
Калк урматы чыйралтты кубат болуп.
Катмарлашкан турмуштун сырын ачты,
Кажыбастан сексендин кырын ашты.
Курак жүгү басса да тоготподу,
Жоокер сынын, мүнөзүн жоготподу.
Тамыр жайган ак чынар окшоп турат,
Өмүр күүсүн өр карай коштоп турат.
Кайткан дайым ишинин акыбети,
Ал-аймактын сыймыгы, акыл-эси.
«Кыргыз Туусу», 5-7-октябрь, 1999-жыл.
Дүйшөндөрдүн акыркысы
Улуу тоолордун арасындагы айыл мектептеринин мугалимдери бизге атактуу жазуучубуздун Дүйшөнүндөй көрүнүп, негедир ошол Дүйшөн ушул аксакал мугалимдердей болсо керек бир кезде деп элестетээр элек. Мындан он жылдай мурун айыл арасында ошондой аксакалдардын катары бир топ сээлдей түшкөнүн көрүп каңырыгыбыз түтөгөн. Мезгилдин улуулугу, муундардын алмашуусу, жылдардын тогошуусу ушул экен.
Осмонкулов Адашкан аксакалды биз кийинчерээк билип калдык. Буга анын уулу, таланттуу жазуучу, белгилүү журналист Жапарали менен бирге иштешкенибиз себеп болду. Жибектей созулган, оор басырыктуу, өзүн ар дайым карапайым жана жөнөкөй алып жүргөн, ошол эле кезде кыргыздын нарк-нускалуу карыяларынын типтүү өкүлү болгон Адашкан аксакалды каракулжалыктар гана эмес, дээрлик бүтүндөй Өзгөн, Алай элдери терең сыйлашаарын билдик. Алардын баарын: «Оо, Адашкан агайбы, ал окутпаган райондогу чоңдор жок го. Баарыбыз ошол кишиден окубадыкпы» дегендерин көп уктук.
Эмгек жолун 1938-жылы баштоочу класстардын мугалимдигинен баштаган Адашкан аксакал кечээ ардактуу эс алууга чыканча машакаттуу бул кесипти чанбай да, талбай да иштеп келди. Ырас, 50 жылдай мугалимдик өмүрүндө Адашкан аксакал анын теңинен көбүн мектеп директору болуп иштеди. Демек, бүтүндөй бир райондун билим берүү системасынын өнүгүшүнө жеке салымын кошуп кеткени анык. Анын ортосунда советтик-партиялык жооптуу кызматтарда да эмгектенди.
Өткөн кылымдагы кан күйгөн Дүйнөлүк Улуу согуш Адашкан Осмонкуловду кыйгап өткөн эмес. Кырчылдаган курагында Москваны коргоп, Смоленск багытында, андан Түндүк Кавказда, Крымда согушту. Белгородду бошотуп, Днепрди кечип өткөн Адашкан аксакал Германияны жеңип, фронттон 2-топтогу майып болуп кайтса да, келгенден кийин агартуучулук кесибин таштаган жок.
Анын жеңиштеги да, эмгектеги да эрдиктери бир топ наамдар, төш белгилер, орден-медалдар менен белгиленген. Баарын санап өтүүнүн зарылчылыгы деле жок. Ошентсе да Адашкан аксакалдын өрөөндө биринчилерден болуп «Кыргыз ССРинин», «СССР Эл агартуусунун отличнигин» алганын белгилей кетүү зарыл. Ал киши ошондой эле партиянын Кыргызстан Борбордук Комитетинин, областтык Комитетинин, «Правда» жана «Советтик Кыргызстан» гезиттеринин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. Эң негизгиси – анын уулу, биздин кесиптешибиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Жапаралинин да «КР Эл агартуусунун отличниги» экендиги ата жолун жолдоп, анын ишин улагандыгынын жагымдуу көрүнүшү эмей эмне?!
Анткени, А. Осмонкулов эл арасында эбак эле элдик мугалим түшүнүгүнө айланып кеткен. Мугалимге андан өткөн бакыт барбы? Канчалык бийик наамдарды ыйгарса да, ал элдин ишеним-макулдугуна дал келбесе кыйын го. Ал эми Адашкан аксакалды айылдагы, райондогу аксакал-көксакалдар «агай» деп аташкандарынан танган жок.
Тээ алыскы 30-40-50-60-70-80-жылдардын мугалиминин, айыл маданиятынын, анын өзгөрүшүнүн өкүлү болгон, типтүү образын түзгөн, тулку боюна агартуучулукту сиңирген Адашкан аксакал 84 жаш курагында жармашкан оорудан каза болду. Илим-билим үрөнүн сепкен, караңгычылыкка жарык чачкан, өз улуулугун сезбеген, жөнөкөйлүгү жогору, куду ушунусу менен улуу болгон элеттик Дүйшөндөрдүн акыркысы сапар тартты… Эмгеги эл арасында аңызга айлансын!
«Эркинтоо», 5-декабрь, 2003-жыл.
Асанбек Абыкеев,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Осмонкул уулу Адашкан
Каракулжалык Осмонкул уулу Адашкан,
Таалайлуу кылып өзүңдү Кудай жараткан.
Жашыңда берип мээнетти, анан дөөлөттү,
Өмүрлүү кылып сексен төрт жылдын таң аткан.
Жашыңдан терең билимге болуп эгедер,
«Молдо уул» дешип тергеген чыгаар жеңелер.
Дүйшөнү болуп алгачкы Каракулжанын,
Узаган илим-деңизге сансыз калемгер.
Кырчынтал кезде кыйылбай жөнөп согушка,
Ээнсиреп мектеп, эл-журтуң калган оорукта,
Кан төгүп анда эрдикти нечен көрсөтүп,
Душманды жеңип кайткансың ата-конушка.
Келериң менен мектептин ишин жандантып
Үзүрүн көрдүң кесиптен кадыр, бак айтып.
Өзүңдү тартып өсүштү уул-кыз балдарың,
Эмгеги менен жалпы журт, элди таңгалтып.
Элесиң менен эскерген элди толкутуп,
Айылың эстейт, балдарың куран окутуп.
Жай алсын жаның бейиштин төрү-жанаттан,
Арбагың менен колдоп жүр баарын бек тутуп.
«Эркинтоо», 28-сентябрь 2007-жыл.
Жапарали Осмонкуловдун макалалары
Кайык кайда баратат?. .
Же руханий дүйнөбүз не болот?
Түпкүрүнөн күргүштөгөн тогуз өркөч, тогуз тоомдуу толкундарын асманга атырылта күр-шар, серпкен учукыйырсыз океан – мухит жайыгында калкылдап араң бараткан адамдардын куту учкан үрөйүн элестетип көрдүңүз беле, азиз окурман? Мындай дегенибиз – жалаң гана илимий-техникалык революция, интеллектуалдык-технологиялык цивилизация, б. а. «темир-тезекке» теңириндей жан үрөп табынуу, байлыкка баш оту менен жулунуу биринчи орунга чыгып, ал эми рух, руханийлик, адеп-ахлак, иман-дил, гуманизм, боорукерлик маселелери унутта калган заманда алга жүрүү кыймылын башкача түшүнүүгө, башкача бейнелөөгө эч мүмкүн эмес…
Кылкылдаган кайык сапырылта ажал бүркүп, ак көбүгүн чачкан толкундар канатында күү менен улам көккө көтөрүлгөн сайын андагы кишилердин жаны көзүнө көрүнүп, жүрөгү алкымына тыгыла аптыга, төбө чачы тик турат да, кайрадан деңиз мейкинине чалп урунганда аңтар-теңтер абалга дуушарланып, заманасы куурулуп, кайда баратканы, кандай максатта калаксыз сапарга аттанганы жадысынан куулат. Кайык калч-калч эте оңго-солго, артка-алдыга көңтөрүлүп, аңтарылып кетчүүдөй катуу термелип, чайпалганда тигилер калак ордуна колдору менен толкун жиреп, жан-алакетке түшүп, чый-пыйы чыга тыбырчылашат. Бирок кыймылдары туш келди иретсиз, бир максатсыз, бир багытсыз болгондуктан, алардын арымы анчейин арбыбайт. Адамзат, анын ичинде кыргыздар да азыртадан акыл-эсине келбесе, ата-бабалар, Манас баатыр эңсеген жакшылыкка, рухий идеалдарга, биримдикке, ынтымакка кадам шилтебесе, жанагы калагы жок кайыктагылардай көйгөйгө, кара туманга чулганган каар заманга капталабы деп ойлоп кетесиң кээде…
Атаганат, аль-Куранда айтылгандай, Көкө Теңирдин атына зыярат кылып, Кудай деп жакасын кармаган бир өлкө калкты мал-жаны менен тозоктон, ажалдан куткарып, бутпараска, молоташка ж. б. сыйынып, аларды пир туткан ач көз, дүнүйөкор безерилердин, дилазар, кайирдиндерди «кыяматтын кыл көпүрөсүнөн» өткөрбөй, топон сууга тумчуктуруп, күм-жам кылган пайгамбардай чөмүч кайыгы бар кеменгерлер, алды жакты айкын көрөгөч көсөмдөр ар бир элде, ар бир мамлекетте арбын болгондо заманыбыз азыркыдай рухий, адеп-ахлактык, имандык деградацияга жакырланууга кабылып, туңгуюкка туштукпайт эле го…
Арийне, биз башында келтирген салыштыруу алда канча апыртмалуу, курчутмалуу экендиги талашсыз деңизчи. Анткени менен күндө көрүп, күндө угуп, күндө окуп жүргөн материалдардын, маалыматтардын негизинде Жер планетасынын ар тарабына, кыялыңызда чабыт жасасаңыз, бизде эле эмес, дүйнөнүн түркүн булуң-бурчунда өтүп жаткан коогалуу да кооптуу окуялар, болмуштар салыштырмалуу түрдө жогорудагыдай, жыйынтыктарга түртпөй койбойт. Материалдык дүнүйө, байымдуу балалык, өлүк мүлк жыюуунун, кошумча, киреше, тозбос капиталды капчыгына толтуруунун туу чокусуна чыккан өлкөлөрдө да, жардылыктын таманына тепселип, «өлбө, жаным, өлбөлөгөн» жону жука элдерде да эзелтеден келаткан рухий-маданий, иманий, адеп-ахлактык, пейил-куй абалы жакшы эмес. Кырдаал курчуп барат бул жаатта. Тоюп турса да тойбогон жырткыч айбандын инстинктисинен ашкан, жеке керт башынын кызыкчылыгына кудайындай тооп кылган ашкере индивидуализм, эгоизм, практицизм жана прагматизм ыйыктын ыйыктарын гуманизмдин, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн, ыймандуулуктун, берешен – жоомартчылыктын айкөлдүктүн, көбүнесе Чыгыш элдерине мүнөздүү альтруизмдин, аскетизмдин салттарын, кылымдар бою ырга салынган асыл дөөлөт, асыл мурас – керээздерин акырындык менен, аста – асталап танып, жокко чыгарууда, бул ар кайсы жерде ар башкача мүнөздө ичтен жүрүп, көрүнөө да, көмүскө да өтүп жатат. Ал эми жер-жерлерде болуп жаткан кызыл кыргын кан төгүүлөр, кылмышкерликтин, мыкаачылыктын кулак угуп, көз көрбөгөн түрлөрүнүн мынчалык арааны ачылып, ачыкка чыгышынын өзү эле эмнеден кабарлабайт? Өзгөнү унутуп, өз очогуна гана күл тартуу, өз кызыкчылыктарын, мүдөөлөрүн баарыныкынан бийик коюу, глобалдык маселелерди унуттурган менменсинүү, чирене текеберленүү – бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Улам тереңдеп, адамдардын, элдердин көкүрөгүнөн түнөк таап, жаш муундардын жан-дилин, ыманын ууландырып бараткан бул процесске кандай инсан кабатырланбайт да кайгырбайт? Биз ак пейилдеги ар бир эл, бардык адамдар бирдей деңгээлде болбосо да, жетиштүү турмушта бейпил, бейкут жашашын каалайбыз. Албетте, жеке менчик ээлеринин байлыгына телмирип, көз артпайбыз, токонаалат кылбайбыз. Ошондой эле учурдагы саясатка, идеологияга чарбалык, экономикалык, өндүрүштүк жана базар реформаларын жүргүзүүгө да кийлигишпейбиз. Мунун баары – чыгаан адиин, ыманын ууландырып бараткан бул процесске кандай инсан кабатырланбайт да кайгырбайт? Биз ак пейилдеги ар бир эл, бардык адамдар бирдей деңгээлде болбосо да, жетиштүү турмушта бейпил, бейкут жашашын каалайбыз. Албетте, жеке менчик ээлеринин байлыгына телмирип, көз артпайбыз, токонаалат кылбайбыз. Ошондой эле учурдагы саясатка, идеологияга чарбалык, экономикалык, өндүрүштүк жана базар реформаларын жүргүзүүгө да кийлигишпейбиз. Мунун баары – чыгаан адистердин иши. Бирок да рухий чыгармачылык, адабият менен искусство, гуманитардык илимдер ар качан саясатка, идеологияга кайдыгер карай албайт. Анткени, аталган тармактар эл турмушу менен, замана агымы менен түздөн-түз органикалык, ажыралгыс байланышта өнүгөт. Ошондуктан нукура көркөм рухий дөөлөттөр чыныгы элдик мүдөөлөрдү, кызыкчылыктарды, умтулууларды, доордун рух жүзүн жандуу чагылдырып, өзүнүн эстетикалык, коомдук идеялары менен калайыктын талабын коргойт, жактайт. Демек, азыркыдай илмегайып абалда, оор турмушта жашап жаткан убакта бели бешиктен чыгалек, боконосу каталек, балтыр эти тололек наристелер менен сакалы, чачы куудай, бүкчүйгөн бели түпкүчтөй ийилген кары картаңдардын көргөн күнүнө накта жаратман инсандардын «Кең пейилдүү, ачык колдуу бечаралардын» (Алыкул) жүрөгү сыздайт, жүлүнү зыркырайт, көөнү зилдейт, алардын ичкени – ирим, жегени – желим. Мындай заманда ата уулумун деп эсептеген ар бир сүрөткер, ар бир илимпоз-гуманист болгон чыгармачылык күч-кубатын элдин көзүн ачууга, сооротуу үчүн эмес, анын өзү-өзү алдоосун, руханий акыл-эсин, аң-сезимин, иман-жанын ойготууга, рух дүйнөсүн тазартууга, анын дилин биримдикке, ынтымакка багыттоого, барууга, жакшылыкка, идеалга, өз ара каралашууга чакырууга милдеткер. Атап айтканда, биз кимбиз, кандай элбиз, рухий менталитетибиз, каада-салт, кулк мүнөз, психологиялык өзгөчөлүктөрүбүз эмнеде, кайда баратабыз, максатыбыз, идеалыбыз эмне, көздөгөн, көксөгөн жээкке жетебизби акыры, кайыкта калакчыларыбыз барбы? Мына ушул соболдордун, маселелердин тегерегинде толготуп, толгоно толгоо тартышыбыз, алгылыктуу, жөндүү жооп издеп табышыбыз абзел, элди ушуга тартышыбыз, биргелешип барышыбыз абзел.
Кыскасы, биздин сөз предметибиз – инсанат философиясы, рух философиясы. А бул идея – улуу эпосубуз «Манастын» философиясы эмеспи. Чындыгында эле оңдогон кылымдардын кандуу тарыхына күбө боло келген рухий ааламы чексиз, ченемсиз «Манас» дастаны кыргыз калкынын ички-тышкы биримдигин, ынтымагын, башка элдер менен боордош, кызматташ, теңтайлаш жашоо идеалын бийик даңктап, биринчи орунга койгондугу төгүнбү?
Дал ошондой өлбөс-өчпөс философиясы, эстетикасы менен ал жалпы адамзаттын көркөм өнүгүү тарыхында түптөлгөн түбөлүктүү мурастар-эстеликтер казнасына-кенчине алп дарыядай агылып барып кирбедиби. Ошол үчүн БУУнун, ЮНЕСКОсунун чечими боюнча 1995-жыл эл аралык «Манас» жылы аталып, анын 1000 жылдык торколуу тою – дүйнөлүк мааракеси өткөрүлгөнү турат. Биздин улуттук, граждандык милдет эл маарекеде Ала Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык даярдап, былчылдата май чайнап эмес, элибиздин рухий менталитетин, анын учугу узун тарыхын, жакшы жышанаалуу келечегин жер жүзүнө даңктап, жер жүзүнө даңазалоо. Бул парзды Президенттен, Өкмөттөн баштап, карапайым кыргызга чейин бир да гражданын унутпаганы дурус.
Сөзүбүздү пессимисттик, үмүтсүздүк маанайда, ыйлактагандай нотада баштаганыбызга карабастан, биз кыргыз элинин, кыргыз улутунун келечеги кеңдигине бекем ишенебиз. Эртедир-кечтир биздин үйлөрдө, жергебизде шаңдуу, шарапаттуу майрамдар болоруна да терең ишенебиз. Ошон үчүн бүгүнкүдөй кыйын шартта жаңыдан көз жарып, жарыкчылыкка келген «Эл дүйнөсү» аттуу перизентибиздин – журналыбыздын 1-санын сиздерге тартуу кылып отурабыз. Тушоосун Көкө Теңир өзү колдогон, периштелүү – чилтендүү айкөл Манас, алп Манас алгачкескен ымыркайыбыздын тагдыр жолу тайгалак чыкпаса экен. Жаратканым жар болсо экен деп тилейбиз. Ылайым кайыгыбызга калакчан – күйөрмандар, авторлор, окурмандар отурушун каалайбыз.
Ылайым эле ошондой болсо экен!. .
«Эл дүйнөсү» журналы, 1995-жыл
Рамис Рыскулов,
Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси.
«Эл дүйнөсү» журналына
«Эл дүйнөсү» журналы,
Эмгекте бил жыргалды.
Ак жол каалайт силерге,
Ат тартты мезгил минерге.
Түз мингиле кыйшайбай.
Шат күлгүлө кумсайбай.
Кайыгыла кайыктай,
Кайкайгыла калпактай.
Чоң турмушка сүйөнүп
Сыр чечкиле дүйнөлүк.
Сүрөөнчүңөр көп болсун,
Ар сөзүңдө эп болсун,
Башыңарга бак консун.
Чыктың алыс сапарга
Редактор Жапарали да
«Эл дүйнөсүн» баштадың,
Аягыңды тез шилтеп.
Ишеничтүү таштагын.
Прозаңа мезгил сунсун роза.
Ачкыла талант башатын,
Эшик жыртып апкелсин
Жакшы ырларын маш акын.
Тургула турмуш жыттанып,
Иш алга кетип нуктанып.
Кыйырың чолуп Мекендин
Шыкытың тапкын шыктанып.
Көп болсун арзып окуган,
Журналды ар ким суктанып.
Тизгин колдо карышсын,
Мезгилиң менен жарышкын!
Турмуш менен жуп болуп,
Ойлогонуң куп болуп,
Коюн колтук алышкан.
«Эл дүйнөсү» журналы, 1995-жыл
Кыргыздан Чацкий чыгаар бекен!
Антип-минтип кыргыз тили мамлекеттик тил болгонунан бери он жылдын жүзү толуптур. «Тил мыйзамынын иш-чаралары кандай аткарылып жатат, же неси бүтүп, неси бүтпөй атат» деп анын аки-чүкүсүн сүрүштүргөн, керек жериңде «акесин» таанытып ийчү парламент, өкмөт, кур дегенде коомдук уюмдар, кыймылдар, партиялардын түтүнү булабай калды. Бири-бирин түшүнбөгөн башаламандык, атасын баласы укпаган куу заман, ымыркай эмчек албаган тар дүйнө.
Ошон үчүн заман бизге күндө жүзүн үйрүп жатат. Быкшып күйгөн оттой акырын жалбырттоодобуз. Бу куу тагдырдан ар нерсени күтсө болот. Кара курсактын айынан сталиндик режимди, брежневдик шовинизмди эңсеген адамдар азбы арабызда, кудая шүгүр, жетишет.
Он жылдык юбилей жылында алыскы тоолуу райондордон баш калаабызга чейин чоло жери калбай бадырая жазылган орусча, англисче (бу кийинки үч жылда аябай күч алды) жазылган жарыя-жарнамалар, көрнөк ураандардын кылы кыйшайбай күнү бүгүнкүсүндөй эле турат. Багы жокко дагы жок дегендей эми эне тилибиз аз келгенсип, каны-жаныбызга сиңип, орток тилге айланып кеткен орус тилин чанып, өзүбүздөн өзүбүз эле англис тилине өтүп кетүүгө ык коюп жатабыз. Мурдагы анча-мынча болсо да эки тилде жазылган «ачык», «открыто» – опенге, «дүкөн», «магазин» – шопко айланды. Ошондо да муну тескеп алган, же негизги мыйзамыбыз – Конституцияга такаган пенде жок. Эч ким эчтеке кылгысы келбей, кыргызды кыргыз бойдон сактап, коргоп, өстүрүп ийчү кандайдыр сыйкыры күч ур-токмокту күтүп жаткандай. Куду граждандык согуш учурундагыдай: партия келсе кызыл кыргызга, анлгис тили үстөмдүк кылса мистер когизге, аргасы кеткенде Конституциясы, мамтили, герби, туусу туруп, «киргизге» айланып кетүүнүн айласы күч.
Кызык факт. Өткөн айда Кожомкул атындагы спорт сарайына бокс боюнча эл аралык Дүйшөнкул Шопоковдун турнирине келген бир америкалык волонтер байкабайбы же атайлаппы, «Эл аралык турнириңер, «Казино «Беркутта» өтсө укмуш го» деп таңданып атпайбы. Анан күлөсүң да. «Казино» деген сөз бүткүл имаратка таандыктай жазылып калганына. Бул шерменделик эмей эмне?
Баарынан да, өз жеринде туруп, «Кыргыз тил коому», тилди өнүктүрүүнүн улуттук комиссиясы жана ушу сыяктуу ар кандай бирикмелер, фонддордун жаралышына ичиң күйөт экен. Жергебизде өнүгө албасак кайсы жерде өнүкмөк элек. Бу кыргыз деген геноциддин кыйроосу эмей эмне! Кой, ай дегендей, же бирөөгө көз каранды болбосок. Бу балким биздин улуттук аң-сезимибиздин алсыздыгынан, патриоттуулуктун жоктугунан болуп жүрбөсүн. А балким, жөн эле кайдыгерликтир? Болбосо Ат-Башы, Кара-Кулжа, Алайда орусча же англисче чечмеленген ураандын кимге кереги бар.
Карап турсаң баары эле бир жакка шашылгансыйт. Тимеле кымкуут. Бу да түшүнүктүү, себеби соодагер базарга, мамчиновник иш үстөлүнө шашат. Анан ошо чиновник элди кокодон алат: «Мен таң заарынан түн бир оокумга чейин эл деп иштеп жатам. А эл аны түшүнбөйт» деп. Абсурд. Сарасеп салсаң ошо чиновник элине, жерине жарты тыйынчалык эчтеме кылбаптыр. Болгону кара таман эл өз кепесинде ач-жылаңач отурса, тиги хан сарайдын үстүнө хан сарай тургузуп, чет элдик машинада алчактап жүрөт.
Ал жерлерде орустун жыты эмес, арип тааныган кыкелериңдин калбай калганы качан. Көртирлик деп аларың Орусия, Казакстан, Туркия, Кытайды кезип жүргөнүн ким танат? Айылда кары-картаң пенсионер, майыптар, мектеп жашындагылар жана аларды зериктирбей мал-мүлкүн, тоогун уурдай коюп, жашоонун оңой жолуна түшкөн көчө безерлери гана калганын кимден жашырабыз.
Эзелтеден улуулук менен пастык кошо жүрөт. Мен айтаар элем кыргыз деген дүйнөдөгү багы бар улут, улуу тили бар элденбиз деп. Касиетиңен, айланайын кыргыз элим жараткан «Манас» эпосуна дүйнө калктарынын эч бир чыгармасы тең келээр эмес. Теңдешпейт да. Бу улуулук, бу көрөңгөлүү тарых эмей эмне. Канча жылдардан бери ооматы келбей, 1995-жылы келип, Ысык-Көлдөй чык, Ала Тоодой эт камдап, «Манастын» миң жылдыгын белгилеп, азыноолак дүйнөгө тааныта алдык.
Байкуш кыргызым мейман десе жата калат, ичкен ашын кармата берип, керек десе акыркы тонун чечип берет. Тилиң буруу экен, бизди эле туурачы десе тантырактап берет. Өз керт башынан бирөөнүн керт башын жогору коет. Меймандостугу ушунда, өзү да жебей, балдарынан каткан ашын салып берип, маңдайы жазыла конок узатып, бала-чакасы ач калган учурлар, бу кыргыздын көөнөрбөс тарыхында миң курдай кайталанса керек. Чынын айтсам, обу жоктонуп алсызга чочоңдоп, зөөкүрлүгүн көрсөткөн америкалык, же англиялыктарга салыштырмалуу менин элим улуу да, ыймандуу да, адамгерчилиги зор меймандос да. Биз улуу элбиз десең эле оозуна алы келбегендер: «Биз кичине элбиз, ээрчиме элбиз» деп көргө түртөт. Мен айтаар элем, элдин кичине, чоңунда эмес, анын мамлекеттүүлүгүндө. Болбосо Кара-Суу районунун элиндей, жериндей аймакты ээлеген Ватикан, Брюссель, Люксембург кичинебиз, мокочобуз дебей эле БУУда, НАТОдо жүз миллиондон калкы бар орус, же америка элиндей эле добушка, укукка ээ болуп олтурбайбы. Же болбосо жер жүзүндө 45 млн. курд, 10 млн. уйгур эли менен бизди салыштырууга болобу. Ар ким маңдайына жазганы менен бактылуу.
Адам кээде өзүнө гана эмес, бирөөгө да окшошкусу келет. Бу табигый көрүнүш. Андан биз дагы куру эмеспиз. Жүз кыргызга бир орус, же өзбек кошулуп калса, ошол замат кыйынсына (билебизби, билбейбизби анысы менен ишибиз жок) тилибизди жерип, орусча же өзбекче саймедиреп жаза баштайбыз. Ушундай эле көрүнүш орустарда да болгон же болуп жатат, боло да бермекчи.
Маселен орус эли өткөн кылымдарда батышты бардык жагынан тууроого далалаттанып, үрп-адаттарын кабыл алган, кийимдерин кийген. Катардагы чиновниктен ак сөөктөр династиясына, падышалык чөйрөгө чейин: «Биздин тил – мужиктин, сөгүнүүнүн гана тили» деп эне тилин танып, француз, немис, англис тилдеринде сүйлөшүүнү артык көрүшкөн. Балдарын чет эл маалимдеринен окутушкан. «Чыныгы маданият батышта» деп кулактарына кумдай куюшкан. Ушундай өткөөл чакта орустун улуу жазуучусу Грибоевдовдун «Акылдан азап» аттуу комедиясында каарман Чацкий ушундай кулчулук уруп, ак сөөктөрдүн сокур тууроосуна кызуу согуш жарыялады. Орус элин акылуу, күчтүү улут катары караган. Бирок орус коомчулугу Чацкийге каршы туруп, аны «жинди» «апенди» катары шылдыңдашкан. Кантсе да, биз Чацкийге окшогон Кыргызбайларга суусап жатабыз. Бир кезде көрүнгөн элди тоту куштай туураган орус эли Октябрь төңкөрүшүнөн кийин мурдагы СССРдин аймагында жашаган калктарды: «Биз силерди боштондукка чыгардык» деп шымаланып орусташтырууга киришкен. Муну тарых тастыктап жатпайбы.
Ким ээрчибейт да, ким туурабайт. Кимдер бирөө көңүл кушу түшкөн кайсы бир элге окшошкусу, ошолордой кербезденгиси, жакшы нерсесин өзүнө сиңирип алгысы келет. Бирок, өнүккөн улуттун бай салтын, үрп-адатын, тилин, маданиятын, жүрүм-турумун канчалык деңгээлде пайдалангысы, окшошкусу, сиңиргиси келет, кеп ушунда турат. Албетте, үйрөнгөнүң, көп тил билгениң өзүңө жакшы дечи, бирок өзүңдөгү артыкчылыктарды сезбей дилин алдырып, тили бурулуп, системанын алдында кордолуп, же биротоло өз элиңде калбай, же биротоло башкага өтүп кетпей, алганыңы, окуганыңы, билгениңи сиңире албай, эки ортодо арабөк калганың жаман да. Ошон үчүн ойлон досум.
Ленин деле өз кезегинде англис, немис, француз тилдерин жерип, бизге окшобой орус тилинин тазалыгы үчүн жан аябай кармашкан турбайбы. Ал орус сөздөрүнө ыгы келсе, келбесе деле чет элдик фразаларды кошуп сүйлөөнүн зарылдыгы жок экендигин зар какшаптыр. XIX кылымдын улуу жазуучусу Грибоедовдун «Акылдан азап» комедиясындагы орус тилинин тазалыгы үчүн күрөштө Чацкийчелик чиновниктер менен кармашып, тилибиздин келечеги үчүн күрөшө албадык.
Кыргыз эли байыркы эл болгондон кийин, анын тилин байыркыдай улуу кылалы, кудурети күчтүү даражага жеткирели, маданияттын бардык казыналарына ээ болуу, илимдин бийиктигине жетүү ар бир адамдын, улуттун колунан келчү нерсе. Адам өзүндө эң сонун асыл сезимдердин, улуттук артыкчылыктардын бар экендигине ынанууга, сыймыктанууга тийиш.
«Кыргыз Туусу», 30-март-1-апрель, 1999-жыл
Эсиңе кел, кыргыз!
Дүйнө жүзүндө кыргыз эли бир уучтай эле сезилет. Бирок, анын бир уучтайы же айрым калктардын дүйнөгө түркүк болчудай алдуусу алсызын баса калып, жырткычтык табиятын таңуулагысы келген зомбулук аракети жөнүндө икая эмес. Кичине элдин чоңдой проблемасы, тарткан жүгү, чечилбеген түйшүгү жөнүндө сөз баратат.
Базар экономикасы, баалардын кескин көтөрүлүшү, жумушсуздук армиясынын катары күндөн-күнгө өсүүсү, наркоманиянын пайда болушу менен кылмыштуулуктун көбөйүшү адам дегенди каалагандай калчап жатат. Учурда ушундай кыйынчылыкта ырааттуу, максаттуу, кийин коомго, адам факторуна тескери таасири тийбегендей иштелген зирек программа жетишпей турат. Шаар, айыл-кыштактарда мектептерде адеп-ахлак, жүрүш-туруш маданияты боюнча диний окууларга кеңири жол ачылды. Бу көзгө урунарчылык жөрөлгө деңизчи. Бирок, айрым шылуундар мүмкүн болушунча эски, жаңы саясатты обу жок көкөлөтүп, мусулманчылыкты, ар кайсы динди алы жетишинче пропагандалып, кээ бир маселелерге келгенде мамлекеттик иштен да өз кызыкчылыктарын жогору коюп жатышкандыгын туюп, зээниң кейип кетет. Ар кандай нерсе өз ченеми менен өлчөнсө, болсо-болбосо да баарын дүңү менен күндөлүк тиричилигибизге кийире бербей жамандыктан жакшылыкты, жакшыдан мыктысын тандап алсак. Себеби биздин Эл байыртадан эле Орто Азия жана Казакстан элдеринин көпчүлүгүнө салыштырмалуу динди көп эле туу тутуп, артынан максатсыз чабыла берген эмес. Бирок, ошондо да чанып кетишпей, мусулманчылыктын, Курандын шарияттын жолдорун зиректик менен пайдалуу, өзүбүзгө ыңгайлуу деген жерлерин гана кабыл тутушуптур. Бу жагынан ата-бабаларыбызга ыраазычылык билдирип коюшубуз абзел. Мисалы, аялдардын паранжы жамынып жүрүүсү биздин мал киндиктүү тоолуу шартыбызга чак келбегендиктен четке кагылган. Биздин аялдар тең укукта эркектер менен маңдай-тескей отуруп, ачык эле субкатташып, жоого бирге аттанышкан. Ошондо эле кыргыз аялдарына эч кандай чектөө коюлбай үзөңгү кагыштыра катар бастырып, жаа тартып, жамбы атып, оюндагысын тике айтып, күнүмдүк чарбасын, эл башкаруудагы демократиялуугу ушу азыр да таң калтырбай койбойт. Адам оорубаса саламаттыктын, картайбаса жаштыктын, алдан-күчтөн тайбаса кубаттын, ишенбесе диндин кадыр-баркын билбеген сыяктуу мечит көбөйсө эле (республикада 1200дөн ашуун ар кандай мечит бар) жаштарыбыз ыймандуу, карыяларыбыз салабаттуу болуп кетет деген дагы бир көзү сокур түшүнүк пайда болду. Жазгы жамгырдан кийинки пайда болгон козу карындай жыбырап кеткен мечиттер канчалык көбөйгөн сайын кандаштарыбыздын мусулманчылыкты чанып башка динге, ишенимге кирип, Кришна, Будда, Бахаула жана Иегованын күбөлөрүнө өтүп кетүүсү ошончолук көбөйүүдө. Бу кейиштүү көрүнүш рухий дүйнөбүз жардыланып, көргөн тиричилигибиз эптеп-септеп жан сактамай көр турмушта, айрым жерлердеги мечит куруудагы акчалай, материалдык салыкты төлөй албай кедейленип элге батпай турганда жылуу-жумшак сүйлөп, анча-мынча чака тыйын сунуш кылып өзүнө арбаган дини бурууларга азырылып кетүүсү менен түшүндүрүлөт окшойт. Мындай адамдар ага-тууган, жоро-жолдош, жек-жааттары менен макулдашпай өтүп алып кийин жаманчылык (акыры пендебиз го) башка түшкөндө көр талашып коомчулукту, эли журтун кыйнап коюп жатышат. Мен дегеле кайсы бир кыргыздын башка динге өтүп кетүүсүнө каршы эмесмин, ал ар кимдин укугу, жүйөөсү деңизчи, бирок, ошондо дагы кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп өсүп, Умай эне колго алган күндөн мусулманчылыкты тутуп келип, анан эле Динин сатып, башка динге өтүп кеткендерге түк түшүнбөйм. Буга жер-жерлердеги имам, молдолордун азыркы талапка ылайык иш алып барбагандыгы, кайдыгерлиги, башка динди кабыл туткандарды жылуу сүйлөп кайрып алгандын ордуна кайра бөлөктөп, элди каршы коюп, кайчы пикир туудуруп жаткандыгы да себеп болуп жаткансыйт.
Азыр кимден сурабагын: «Жаштардан ыйман кетти, кары-картаңдардан ыйба кылбайт, автоунааларда орун бошотуп бербейт», -дешет. Мунусу дагы чын. Эгемендүүлүктүн тогузунчу жылы тилибизди, дилибизди аз-аздан кайтарып берип жатканы менен базар экономикасы адамдардын бардык категориясы жөөттүккө, куйтулукка, ач көздүүлүккө, дүнүйө параздыкка аргасыз түртүп жатканы жашыруун эмес. Муну азырынча убактылуу көрүнүш катары кабылдаганыбыз менен көңүлгө оңойлук менен кетпес так калтырат экен. Азыр колундагысын эптеп соодалап, бала-бакырасына нан таап берген адам «баатыр» болуп калды. Ыйбаа, ыйман деген эстен көңтөрүлүп, көртириликтин айынан Орусияда, Казакстанда тентип, көзү өтүп кеткен ата-энесине, жакын тууганына бир ууч топурак таштай албай, үй-бүлөсүн ойлобой, чырактай балдарын чыркыратып кыздарыбыз эрге тийип, үйлөнүп алган эркектерибиз канча дейсиз? Болбосо качан эле кыздарыбыз денесин сатып, эрте боозуп, балдарын төрөтканаларга таштап жүрчү. Мына ушундан кийин кыз сыйлаган айкөлдүгүбүз, эр сыйлаган касиетибиз кайда барат? Кылымдарды карыткан үрп-салтыбызды, көөнөрбөс каада-салтыбызды кайда катабыз. Ордо калаада эмес, биртике да болсо түсү үйрүлбөгөн айыл-кыштактарда кадырман карыларга, улуу адамдарга «Ассалоом алейкум» деп салам айткан, акыл рухубуз бөксөрүп, ата-бабаларыбыздын салтын жайылткан пенде жок. «Пулуң болсо кулуңмун», «самопалдан куй», «өзүм өлбөйүн, арабам сынбасын», -деген эле эл. Кеңешти, моралды, кичүүгө ызаатты, улууга урматты кабыл алган пенде аз арабызда. Көпчүлүгүнүн териси жука, жини тез келип, оозуңду ачтың дегиче эсикөөнүңөн кеткис кылып боктоп коет. Бу аз көрүнсө «ар-р» этип куйругуңан каап алат.
Азыр эмнегедир көкөйүбүзгө көк таштай тийген порнографиялык сүрөттөр менен кооздолгон календарларды, видеофильмдерди, абийирин саткан адамдардын күнү тууп жатат. Аларды жолго салган карылар, ата-эне, коомдук уюмдар, кыймылдар жок эмес. Бар. Ордо калаабыздан кара балчыкка баткан айыл кыштактарга чейин сиңип кеткен, адамды талап-тоноп, зордуктап, үй-мүлкүн өрттөп, өз канынан жаралган балдарды сатып, уурулукка, жырткычтыкка үйрөткөн, эротикалык оор жана жеңил секс видеофильмдер бүткүл республикабыздын аймагында ачыктан-ачык пропагандаланып жаткандыгын шариятка, мусулманчылыкка сыйбаган одоно көрүнүш катары эсептейм. Ырас, өкмөтүбүздүн алдындагы комиссия менталитетке туура келбеген «Пайшамба», «Каттама», «Лимон» сыяктуу басылмалардын багытын өзгөрттү. А да болсо керектир, бирок мынчалык жылаңач, одоно түрүндө эмес экендигин редакциябызга келген каттар айгинелеп турат. Ушинтип эле республикабыздагы басылмалардан жөнөкөй секс видеофильмдерге чейин теледен көргөзүп, гезит беттеринде рекламалай берсек, анан кантип жаштарыбыз улуудан ийменип, кичүүгө ызат көрсөтсүн! Күндө он маал көргөзүлүп, кайталанган видеотасмалар атасын, апасын, кыз-баласын бир кончко тыгып койду. Улуу деп бала атасынан, кичүү деп атасы баласынан ийменбей, кызы апасынын тилин албай ата төрүндө төрөгөндөр болууда. Айлана-чөйрө будуң-чаң түшүп, баары аралашып эле калгансыды. Эмне жаман, эмне жакшы баасы бир. Эптеп күн өтсө болду. Аксакал карыялардын, улуу муундардын жаштарга айткан акыл-кенеши түккө арзыбай «карынын кеби» касетин жоготту. Видео, кино өнөрү бизди көркөм дүйнөгө, асыл максаттарга жетелебестен, тескеринче, хулигандыкка, жырткычтыкка, айбанчылыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, талап-тоноочулукка үндөдү. Мындай фильмдер бизге эч качан ырайым алып келген эмес, алып келчү түрү да жок.
Ушинтип, бири-бирибиздин кебибиз бири-бирибизге оор тийип, өчөгүшүп, тирешип, ыйманыбызды жеп ала электе келечек муун аксабасын десек, тез аранын ичинде улуттук педагогиканы жандандырып, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктүн иш-чараларын иштеп чыгуубуз зарыл. Ал үчүн республикабыздын бардык жогорку, орто окуу жайларында, мектептерде адамгерчилик-ыйман сабактарын кийрүү ылайыктуу. А түгүл мындай сабактарды башка сабактардан айрымалана, кадимки мектеп парталарында өтүлбөстөн, шырдак салынып, бооруна туш кийиз илинген, кыргызча жасалгаланган бөлмөлөрдө өтүлсө. Балдар малдаш токунуп, кыздар сыңар тизелеп уй мүйүз тартып олтурушса. Бөлмөгө илгерки үй эмеректеринен баштап, ат жабдыктарына, улуттук кийимдерге, зергер буюмдарга чейинки экспонаттар илинип көз жоосун алса, этнографиялык, эстетикалык, улуттук педагогиканын принциптери комплекстүү чечилмек.
Адамгерчилик, ыйман сабагын шаблондон качып, айылга, районго, республикага, эл-журтка белгилүү, элдин үрп-адатын, салт-каадасын мыкты билген нарктуу аксакалдар, колу уз байбичелер, тажрыйбалуу педагог мугалимдер өтүшсө эң сонун болмок.
Элибиздин не бир алтынга тете макал-лакаптарын, накыл кептерин пайдалансак, ак сакалдары жайкалган акылман карыялар Кошой, Бакай Ата, Манас бабаларыбыздын санжырасын айтып, колу уз байбичелер Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл мырза, Курманжан даткалардай уздар болуп, кыз-келиндерибиздин чебер колунан жаралган сайма, терме, улуттук жасалгалары аздектелип турса, он видикке алмашкыс сонун сабак болмок.
Дүйнөлүк цивилизациясынын жогорку чегине жеткен жапан эли деле байыркыга кайрылып, кимоносун сактап, желпингичин желпинип, элдик ырлардан гимн жаратышып атпайбы. Алардан биздин эмнебиз кем. Ошентип, келечек жашообузга багыт бере турган улуттук идеябызды, айыл чарба, өнөр жайын түп-тамырынан бери өзгөртүп, улуттук аң-сезимдүүлүккө, жаркын ой-максаттарга жетелөөчү зор демилгелүүлүктү жоготпой, байыркылыгыбызга кайрылып кылымдарды карыткан Манас бабабыздын осуяттарын туу тутсак, үркөрдөй кыргыз дүйнөдө алтын казык жылдыздай жаркырап өзгөчөлөнүп турмак.
«Эркинтоо», 4-январь, 2000-жыл.
Кылымдарды карыткан Жусуп Баласагын жашай берет
ОНДОГОН кылымдар өтсө да маанисин жоготпой өмүр сүрүп келаткан «Кут билим» дастаны улуу ойчул, акын бабабыз, теги кыргыз Жусуп Баласагындын калемине таандык экендигин көп жылдар иликтеп, тактап, ал жөнүндө жазып келаткан илимпоз Закирбек Эралиев коомчулукту кубантып «Жусуп Баласагын» аттуу китебин элге тартуулаган эле. Китеп гуманитардык факультеттерде окуган студентер үчүн окуу куралы катары чыгарылган. Бул саамалык бизде демократиянын шарданы менен эми гана күчөп жатса, «Кут билим» дастаны кол жазма түрүндө капкачан эле Түркияда окутула баштаганын кабарласак, окурман журт ушундай сонун мүмкүнчүлүктү түзүп берген окумуштуу З. Эралиевдин бул монографиясынын мааниси канчалык чоң экендигин түшүнгөн болоор эле. Жусуп Баласагындын эмгегин башка элдерге жеткирүү менен дүйнө элдерине таанылуу вазийпасын колдоо менен кыргыз илимпозунун ак кызматын да колдогон болор элек. Себеби базар мамилелеринин оор кырдаалында жаңы окуу китептерин басуу чоң эрдикке тете болуп туган мезгилде жакырланган, суусап турган рухубузга азык болору бышык. Китептин шөкөттөлүп чыгышына заман уруксаат бербеген. Сулуусунан жылуусу дегендей автор болгон күч аракетин, билим азыгын, бардар мүмкүнчүлүгүн «Жусуп Баласагынды» так таасын илимдин тили менен маңыздуу жазып бере алган. Анткени, «Кут билимди» кайсыл доордо, кайсы окумуштуу изилдесе ошол окумуштуу өз элине таандык экендигин көрсөткөн аракеттеринде илимди, чындыкка коошпой турган тарыхый фактыны бурмалап, уйгуру уйгурдуку, түркү түрктүкү, өзбеги өзбектики деген чаташууларды ийне-жибине чейин чамалап-чактап изилдеп, дүйнөлүк аты бар окумуштуу-түркологдордун жыйынтык-изилдөөлөрүн, ойлорун, салыштырууларын тактап чыккан кыргыз окумуштуусу бардык окумуштуулардын пикирлерин ырааттуу сыйдыра алган. Анкени мындай дүйнөлүк мааниси зор, жалпы түрк адабиятына негиз салган эмгектин тактыкты талап кылчу көп нерселери бар эле. Тарых тактыкты сүйөт дегендей, дастан уйгур тилинде жазылган деген туура эмес жоромол, пикирлерди керектүү фактылар менен тастыктап, андай жоромол, пикирлердин туура эместигин белгилеп өтөт. Дастан уйгур тилинде жазылган деген калпыс пикир түп нускадан уйгур көчүрмөчүлөрү көчүргөн бир топ кол жазмалар иликтөөгө алынган. Ошондой бир нече нускада көчүрүлгөн кол жазманын бири Вена кол жазмасы. Алгач «Кут билим» түп нускада эмес ушул Вена мамлекеттик китепканасында сакталган кол жазма илимий чөйрөдө биринчилерден болуп изилдөөгө алынгандыгы үчүн көп чаташууларга алып келген. Китеп дүйнөлүк коомчулуктун алдында мурдагы айтылган көз караштарынан баш тартышкан белгилүү окумуштуулар В. Радлов, анын окуучусу В. Бартольд Каир кол жазмасын изилдөөдөн улам «Дастан уйгур тилинде эмес, чыгыш түркий элдеринин наречиесине таандык» деп жазышкан. Ал эми Наманган кол жазмасын иликтөөгө алган немец окумуштуусу Мориц бул кол жазмада Жусуп Баласагын жашаган кыргыздардын мамлекети болгон карахандыктардын мезгилинин бөтөнчөлүктөрү толук бойдон сакталгандыгын көрсөткөн. Автор жогорудагы окумуштуулардын ой-пикирлерине комментарий берип келип, акын бабабыздын энциклопедиялык билими абдан терең экендигин тастыктаган далилдер менен келтирген. Анын башкаруу, дыйкан, малчы, дарыгер жөнүндө жазылгандарын терең ачып берген. Жусуп Баласагын жөндөн жөн эле ошол мезгилдин улуу ойчулу болбогондун, ал ириде ошо доордогу эң белгилүү Чыгыш аалымдары Мухаммед ал Хорезм, Ал Фараби, Абу Рейхан Беруни, Абу Али ибн Сина, Фердоуси сымал ойчул окумуштуулардын эмгектеринен таасир алгандыгын кыска, бирок жеткиликтүү кылып бере алган.
Албетте, китеп кемчиликтерден кур эмес. Ийгиликти кемчилик коштоп жүргөндөй даамына чыгара иштелбеген пикирлер, орфографиялык, пунктуациялык каталар китептин беделине анча деле көлөкө түшүрбөйт.
З. Эралиевдин бул эмгеги дастан жазылгандан бери он кылым өтсө да өз маанисин жогото электигин, улуу ойчул, акын бабабыздын рухунан жаралган көркөм туундулары, накыл кеби, айткан осуяты азыркы күндө да өз дөөлөтүнөн, кунунан жана электигин жумурай журтка өз мезгилинде тартуулаганы менен баалуу.
«Эркинтоо», 31-март, 2001-жыл.
Ысымыңды айт, ким экениңди айтып берем
Кыргызда балага ат коюу ата-эненин максат-тилеги, каалоо-үмүтү болгон. Жаратылыш кубулуштары, жер-суу аттары, өтүп жаткан окуялар менен байланышкан. Ошондуктан, энчилүү ат адамдын ким, кимдин баласы экендигин гана айгинелебестен, кайсы элге, кайсы улутка таандык экендигин да билдирүүчү сөз байлыгы, маданий кенч да болуп санала тургандыгын айта жүргөнүбүз абзел. Энчилүү аттар эл байлыгы, улут жүзү дегенибиз менен илгертеден коюлуп келген Боккөтөн, Бокбай, Бокмурун, Тезекбай, Итибай, Талпакбай, Сасыкбай, Жалчыбас, дегендердин чечилиши башка. Мындай ысымдар кулака жагымсыз угулганы менен үй-бүлөдөгү эң сүймөнчүктүү, жалгыз балага коюлган. Анткени, мындай аттарды ата-эне суранып, тиленип, токтобой жүргөн уулдарына «азгырчу шайтан адашып кетсин, ажал албасын» деп атайлап коюп келишкен. Азыр мындай аттар коюлбаса да ошо аттарды алып жүргөн адамдардын балдары, небере-чөбөрөлөрү бар.
Ачык эле айтуу керек, 20-жылдардан кийинки кыргыз ысым аттары орусташуу саясатынын запкысынан өтөле одоно бузулган түрлөрүн, учуратабыз. Кыргыз тилинин норма, эрежелерин эске албай, ата-энесинен сурап койбой орус тилине ылайык келбегендерди өздөрү каалагандай тартипке салышкан. Мисалы, Жоро-Жура, Кылычбек-Кличбек, Үмүт-Умет, Үсөн-Усен, Бүбүсара-Бибюсара, Шайык-Шаик, Мүрөк-Мурек, Жазгүл-Жазгуль болуп документтештирлип кеткен. «Л» тамгасы менен бүткөн, же ортосунда учураган аттарга жумшартуу белгисин кое беришкен. Мисалы Гульнара, Асель, Назгуль, Айгуль. Документ толтурган бир орустун айынан ушинтип калган. Ошондуктанбы, азыркы замандын кыргыздары уул-кыздарынын аттарын кудум ушундай тартипке жазып жүрүшөт. Ал эми Анар, Жыпар, Чынар Айжан деген аттар Айжана, Анара, Жыпара, Чынара, ал эми аягы гүл менен бүткөн кыздардын аттары Гуля, Нургүл-Нургуля болуп өзгөргөн. 50-жылдардан баштап өлкөбүздө Съездбек, Съездгүл, Делегат, Космира, Космосбек, Миргүл, Мирбек, Орбита, Гагаринбек, Спутник деген аттардын келип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Албетте, мындай аттар кыргыз лексикасын байыткан. Бара-бара комунисттик идеология күнүмдүк турмушубузга, аң-сезимибизге сүңгүп кире баштаган Маркел(Маркс, Энгельс, Ленин), Эльмира, Мелис (Маркс, Энгельс, Ленин, Иосиф Сталин), Феликс, Сталбек, Сталкан, Эрнист, Клара(Цеткин), Надежда (Крупская), Роза(Люксембург)сыяктуу ысымдарды жашоосу орусташып бараткан кыргыздар кое башташкан. Тышкы өлкөлөр менен карым-катнаш өнүгө баштагандан Индира, Анжелика, Сурия, Гаджа, Хиллари деген кыздарыбыз төрөлүп, кыргыздар ат коюу боюнча эл аралык деңгээлге өсүп чыгышкан.
Башка тилден которулган адабий чыгармалардагы учураган кейипкерлердин урматына ат коюу кезигет. Мисалы, Автандил, Тариел, Нестандарежан, Татьяна. Эң кызыгы жан-жаныбар, айбанаттардын аттарын алып жүргөн элдердин катарында кыргыздар да көрүнүктүү орунду ээлейт. Мисалы, Арстанбек, Түлкүбай, Балык, Кашкулак, Барсбек, Коеналы, Бука, Козу, Кочкор, Жөргөмүш, Беркут, Таранчы, Кекилик, Кыргоол ж. у. с. аттар. Абжапар, Мухамеджан, Абдынасыр, Иса, Исабек, Рахымбек, Абдырахмандар китептен коюлган.
Иши кылып толгоо тартып, жан кыйналып турганда көзгө эмне көрүнсө (Жайлоо, Жамгырчы, Нөшөрбек, Мөндүрбек, Күнтуу, Айбек, Түнкатар ж. б. у. с. ) колуна эмне урунса (Балтабай, Тешебай, Кетменчи, Дүмүрчү, Элекбай ж. б. у. с. ) ошо нерсенин атынан атоодон кайра тартпаган кыргыз. Азыр ошол бир кеткен каталыктын айынан атынан, фамилиясынан уялып, өзгөртөм деп жүргөндөр жокпу? Бар. Ал Тургай кыргыз эли эң ыйык, эң оор, балдар алып жүрө албайт деген Иса, Мухаммед, Кудай, Манас аттары эгемендүүлүккө чейин сейрек коюлган болсо, демократиянын шарданы менен азыр ар бир онунчу кыргыз-Иса, Мухамед, Манас.
Эң популярдуу делинген-бек, -кан, -бай, -мырза мүчөлөрү жалганган ысымдар бекке, канга, байга ээ экендигин билгизбейт, бирок мындай аттарды дүйнөнүн кайсы бурчунан уксаң дагы кыргыздын уул-кызына коюлган энчилүү ат экенин аңдабай койбойсуң. Азыр кыргыздар майдаланып кеттиби, же ат жеңил баа коюлабы билбейм. Жок, андай эмес дейин десең далил көп. Балага кандай ат коем десе ал ар кимдин өз иши, укугу деңизчи, бирок бала кийин эр жеткенде уялбагандай коюлган ысымды кастарлап алып жүрө тургандай болсо. Атын атаганда кыргыз тегинен экендигин билгизе турган касиетке ээ болсо, себеби азыркы жаштардын аттарын угуп кайсы улуттан, ким экенин түшүнүп болбойт. Аликтер, Гулялар, Жориктер, Эрнсттер көбөйүп кетти. Кыргыз дейин десең аты башка, немис десең өңү кыргыз. Ушундайда орустун Иваны Африкада да Иван. А кыргыздарда коюлган энчилүү аттар Африкада эмес, өз элинде өз жеринде одоно өзгөрүүгө кабылган, көөлөнгөн. Бөкөмбайды, Бокомбай, Боря, Гүлбүбүсү Гульбюбу, Гуля, Жоробеги, Жора, Жура, Мусабеги, Мусин, Муся болуп өзгөрүп, Кызыл тыштуу паспортко ташка тамга баскандай чегилген. Анан кантип башың оорубасын. Эгер мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү, байытууну бала бакчадан, мектептен баштасак, ат коюуну этектен түшөөр менен ЗАГС бөлүмүнөн баштабасак аты, дили орусча, тилекке каршы, өңү, ыраңы бурят, эвенек, чукча, якут, марийлердей болуп калбайбыз деп ким айталат? Эч ким. Балага ат коердо дагы ойлонуп койсок. Коет деп эле кое бербей улуттун кызыкчылыгын ойлосок. Кыргыз уул-кыздарына коюлган аттар-улуттун жүзү, байлыгы экен түшүнгөн адамга. Ошондуктан, этегинен жалгаган энелерибиз толготуп, киндик каны тамган мүнөттөн кимдигибизди, түндүгүбүздү, анан келечегибизди да ойлоп койсок.
«Эркинтоо», 17-август, 2001-жыл
Балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берели
Азыркы муундун балдары канча бир жылдардан кийин айыл чарбасында, өнөр жайында, мамлекеттин бийлик башында эл керегине жарап, журт кызыкчылыгын коргоору бышык. Киндик кан тамган жердин, Ата Мекендин ар тараптан өнүгүшү да ошолордун колунда.
Кыскасы, уядан эмнени көрсө, балапан келечекте ошону алат. Мында талаш жок. Кептин баары ошо ата-бабалардын салтын улантууга кийинки балалык курактын жетилишинин, ошо доордогу илимдин, маданияттын өнүгүшүн, окуу-тарбия процессинин, элдик педагогиканын тийгизген таасиринде экен. Жакшы болсо турмуштун оңолушу, жаман болсо элдин руху жакырланганы ошондон. Мен ар нерсенин башын чаргытпай улуттун келечек тагдырына өлчөмсүз таасирин тийгизген балдар басылмалары жөнүндө эле айтайынчы. Бу жакшы нерсени эстен чыгара албай, жаңынын кадырына жетпей жаткандан эмес. Ырас, Союз учурундагы ар бир окуучу сөзсүз бир-эки басылмага жазылууга тийиш эле. Жазылбасаң пионер, комсомол чогулушуна салышчу, уяткарчу, бирок ошол уят болгонго чейин эле биз мектеп окуучулары каалаган гезит-журналга жазылчубуз. Биздин сүйгөн басылмабыз болуп «Кыргызстан пионери», «Жаш ленинчи», «Байчечекей» гезит-журналдары эсептелчү. Азыркы XXI кылымдын күркүл акын-жазуучуларынын баарысынын чыгармачылык башаты сөзсүз жогорудагы аты аталган басылмалардан башталганын айтышат, себеби, биринчи чыгармалары басылганы үчүн кымбат көрүнүшчү. Андан бери канча заман өзгөрдү. Азыр жогорудагы басылмалардын кейпине мышык ыйлайт. Салттуулук жок. Келечектин акын-жазуучулары кайсы басмага өздөрүнүн алгачкы чыгармаларын басаары белгисиз. Ошон үчүнбү келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар чыкпай жатат. Ойлонто койбой, базар мамилеси кабыргасын кайыштырып жатса кайдан чыксын. Элдин баары эле «Мурзилканы» окуп калган жок да. Кийинки мезгилде жеткинчек, өспүрүмдөр үчүн чыкчу ата-мекендик гезит-журналдардын аты бар да, заты жок калды. Пионер гезити «Жеткинчек» болуп өзгөргөнү менен аны чыгарууга чамалары чарк. Анткени, каражат жагы кыйнайт. Болбосо, улуу-кичүү сүйүп окуган кандай сонун гезит эле. Жөлөп-таянганы жок, алыскы райондорго, мектептерге, жетпей келет.
Эң кейиштүүсү басса-турса колдорунан түшүрбөй бөпөлөп окуган, бөбөктөрдүн «Байчечекей» журналы күч-кубатка толуп турган чагында токтоп калды. Жаз гүлү байчечекейди кандай сагынсак, кандай күтсөк ошондой тейде кан-жаныбызга сиңип калган «Байчечекей» журналынын чыкпай калышы чоң трагедия болду. Ал трагедияга кичинекей бөбөктөр гана эмес, агартуу кызматкерлери, бала бакчалардын тарбиялануучулары, улуттун келечек тагдыры кабылды. Төрт боек менен шөкөттөлүп чыкчу журнал башталгыч класстын мугалимдерин окуу-тарбиялоо процессинде кеңири пайдалануучу нака табылгыс көрсөтмө куралы эмес беле. Мамлекеттик тилди үйрөнүүдө тоодой иш аткарган басылмалардын мыктысы болчу. Келечек муундарды тарбиялоо милдетин да эң сонун аткарып жаткан. Анан таппай калдык. Ишенбесеңиз мага келиңиз, мен баарын айтып берем. «Байчечекей» журналын колуңузга карматпасам да башталгыч класстын окуу куралдарын барактап, андагы көптөгөн материалдар журналдан алынгандыгын айтып берем. Кичинекей болсо да келечек муундарды тарбиялоодо опол тоодой милдет аткарып жаткан «Байчечекейдин» улуулугу ушунда эмеспи. Дагы бир өспүрүмдөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган «Кырчын» журналынын тагдыры ушундай кейиштүү абалда. Эгер мамлекет улуттун айкын келечегин ойлосо сөзсүз»Байчечекей», «Жеткинчек», «Кырчын» сыяктуу басылмалардан баштоосу шарт. Анткени, бу басылмалар балдардын идеологиясы, туу туткан желеги, тандаган келечек жолу, улут тагдыры. Муну улуу-кичүүнүн баары билет. Улуттун келечек тагдыры баарыбызга бирдей. Сен, мен дешпей чогуу-чаран ойлонсок сөзсүз натыйжасы жемиштүү болот.
Дегеле, бу жарыкчылыкта салыштырмалуу эчтеме болбошу бештен белгилүү. Коңшу өзбек менен казак туугандар он жылдан бери кылын кыйшайтпай эле балдар басылмаларын чыгарып келатышат. Нускасы да сакталган. Кызматкерлер иш орду, заманга бап айлык менен камсыз болушкан. Акча табыш керек, кагаз издеш керек, жазылуу өнөктөшүн табуу керек деп баш оорутушпайт. Бу жерде эч кандай табышмак жок, болгону баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Улуттун тагдыры кымбат экен, келечек ээлеринин көздөрү түз экен өзбек, казак өкмөттөрү айттырбай, саргайтып күттүрбөй, проблема кылышпай эле чеччү ишти чечип коюшуптур. Ушу жагынан коңшулардан үлгү алсак болчудай. Акырында айтаарым бала, бала эле болуп жетилгени жакшы. Себеби, базарда отурган апасынын курсагынан түшкөндөн эле базарчы болуп чоңоюдан коркунучтуу эчтеме жок. Ар кимге өз дүйнөсү ыйык. Ошондуктан балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берүү, албетте чоңдордун иши. Ушул ыйык парзды оң чечсек, келечек муундар үчүн сонун иш кылган болоор элек.
«Эркинтоо», 26-сентябрь, 2001-жыл
Ар кандай тил коргоого муктаж
КМШдагы калктардын ортосундагы эл аралык мамилелердин, илим-билим, техника, соода, маданият тармактарында негизги карым-катнаш тили болуп келаткан орус тили эми кыргызстандыктардын жан дүйнөсүнө кыймылдаткыч зор күч катары кирет. Себеби орус тилине расмий статус берилди. Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр, Мыйзам чыгаруу палаталары бир кишидей колдоп беришти. Эми Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана калды. Жакынкы он жыл ичинде орус тилдүүлөрдүн жергебизден кетиши улам өсүп отуруп жарым миллион кишиге жеткен. Акыркы 2000-жылы эле 23 миң киши кетиптир.
Орусия элчилигинин алдында турам. Кетип аткандардын оюн билгим келет. Орус тилине расмий статус берилиши менен күнөстүү республикабызды таштап кетип аткан орус тилдүүлөрдүн толкуну кан буугандай токтойт. Агартуу системасында, саламаттык сактоо, маданият, техника, туризм тармактарында болуп көрбөгөндөй өнүгүүлөр боло баштайт. Мурда кыргыз тилинин мамлекеттик статустугу орус тилдүүлөрдүн окуусуна, жашоосуна, өсүп-өнүгүшүнө кедергисин тийгизип, тоскоол кылып келсе, эми жол ачылды. Ушул ойлор менен бирөөсүнө «Сиз эмнеге күнөстүү Кыргызстанды таштап баратасыз?»- деп кайрылып калдым. Сукбатташым өзүн Андрей атады. Менин ойлорумду угуп;
- Таптакыр андай эмес. Орус тили расмий статус албаса деле, ал эл аралык тилдердин биринен болуп калган. Кыргыз тилин мамлекеттик статустугун карабай эң сонун колдонулуп келген жана колдонулуп жатат. Кайра орус тилинин улуу стихиясында кыргыз тили адашып калды, же таптакыр жоголуу стадиясында турат. Бизге расмий статустун кереги да жок болчу. Ал силердин саясатчыларга гана керек болбосо, биз суранган эмеспиз. Саясатчылар эмнени көздөгөнүн билбейм, бирок алар кыргыз тилинин өнүгүшүнө каршы экендиктерин билдирип койду. Себеби көл ташып булакты басып калгандай эле кеп да.
Абайлагандай менин оюму айтты. Унчукпай колун кыстым. Аныкы да туура. Ырас, орус тилинин улуулугун танууга болбойт. Ал кыргызтандыктардын экинчи эне тили. Ал тилсиз азыр нан сатып алалбайсың, коомдук транспортторго түшө албайсың,. Телефон түйүндөрүндө, аэропортто, бажыканада, күч органдарында, мамлекеттик расмий жолугушууларда, окуу жайларында кыргыз тилинин кылаар жумушу жок. 1917-жылдын таңынан мындай расмий иш чараларды орус тили алып койгон. Бирок бу тил кечээ, бүгүн эле улуу боло койгон жок. Анын да толгон токой тоскоолдуктары болгон. Орус интеллигенциянын өкүлдөрү биз чангандай эле чанган. Өткөн кылымдарда европалыктар «крепостной мужиктин» гана тили деп орус тилин жактырбай, өздөрүнүн тилин, модасын сунуштаган доордон бери канча жылдар жылды, суулар акты. Европанын маданиятын кабыл алып немис, англис, француз тилдеринде гана сүйлөп, фрак, парик кийип баскан-турганына чейин туурашкан орус коомчулугунун ошо доордогу умтулууларын азыркы өнүгүү менен салыштырып болбойт. Ал заман өттү, кетти. Орус тилинин улуулук жолуна түшүшүнө Совет Өкмөтүнүн таасири күч. А биз Совет өкмөтүнүн жакшы чыккан продукциясыбыз. Ошондуктан биз дагы жарык берген орус элин ар тараптан туурай баштадык. Жарым кылым өтпөй улуу муундан кийинки муун бүт орусташып кеттик. Айрыкча союз мезгилинде орус өкүлдөрүнө, орус тилине өзгөчө укуктар, жеңилдиктер берилип, суук көздөрдөн коргой баштадык. Азыр ойлосом, Пушкин сүйлөгөн тил коргоого муктаж деле эмес экен. Себеби анын масштабы небак кеңейип БУУнун негизги расмий тилдеринен болуп калыптыр. Биздин саясатчылардын кийлигишүүсүз эле өнүгө берчүдөй. А Манас сүйлөгөн тилди коргомок түгүл, ал үчүн кан-жаныбызды аябай күрөшүүбүз зарыл экен. Себеби майдаланып, өгөйлөнүп, четке кагылып калыптыр. Ал эми коомдук колдонуудан чыгып калган тилдин тагдыры кандай болоорун акылдуу пенде айттырбай билет. Билип туруп ушуга түшүнбөйбүз. Түшүнбөгөнүбүздөн сел алса да солк этип койбойбуз. Жолуңан чыгып, мойнубузга отуруп алса да «пешенеге жазган» күнүн көрүп жүрө беребиз, чыдайбыз. Чыдамкай элбиз. Бирөөнүн айтканын жасайбыз. Балдарды ымыркайынан «детсадга» беребиз. Аяктан «папалап», «мамалап» чоңоюшат. «Ата», «апа» дедириштен уялабыз. «Чыйт» түкүрүп агабызды «братан», «инибизди «братик» коңшубузду «сосед» дейбиз. Жуманын аталыштары эч качан кыргызча аталбаган, автобус, троллейбустун айдоочулары кыргызча жарыя айтыштан уялышат, намыс көрүшөт. Азыркы учурда жыйындар залында үлгүржү кыргыздар отурганына карабастан, дагы бир кыргыздын жакшы чыкма чиновниги «бардыгыбызга түшүнүктүү орус тилинде эле сүйлөйүн» деген мода пайда болду. Мындай моданы жакшы көргөндөр бөлөк-бөтөн кишилер эмес, биз сыйлап, биз сыймыктанып эле жүргөн аттуу-баштуу кыргыз балдар, кыздары. Билип сүйлөп атабызбы, билбей сүйлөп атабызбы-баары бир, «биз дагы бирдеме билебиз», -деген корстонуу менен «намыска» туруш керек да. Качантан бери кыргыз тили түшүнүксүз болуп калган, аны түшүндүргөн эч ким жок. Бирок, кичинесинен «детсадга», берип, «папалап», «мамалап» чоңойгон, «школдо» окуган немелерге түшүнсө да болот. Кыргыз тилин эне сүтүн эмгенден сүйлөбөй, окубай, билбей чоңоюшса эмне кылышсын «байкуштар». Аясаң кайра боорго тээп атышпайбы «кыргыз тилинин перспективасы жок, азыртан орус, англис, немис же жана башка тилди тандай бергиле», - деп. Анан кантип өнүгөбүз?
Кыскасы, көкүрөк өйүгөн көгөйлөр ого эле көп. Аны бизге ким чечип берет, ким айтат? Айтса да орусча айтабыз, англисче чулдурайбыз. Кыргыздын башка тилди билгенине каршы эмесмин, бирок ошол тилди үйрөнүп алып өз эне тилин жеригендер, билбегендер көбөйүп кеткенине жаным күйүп атпайбы. «Расмий статус бердик» деп кубанып, бийлеп да, тойлоп да жиберген айрым саясатчылар, депутаттар кыргыз тилине да ошончолук эмгек жумшап койбойбу деп жүрөгүм ооруп атпайбы. Себеби азыркы кыргыз тилинин абалы баарыбызга белгилүү-жаман. Улутубуз кыргыз дештен, кыргызча сүйлөштү намыс көргөн ай ушу биздин ашкере намысчылдыгыбыздан эй? Акыры жүрүп бирдеменин үстүнөн чыкпасак эле болду. Эл депутаты А. Масалиев «орус тилине расмий статус бердик, эми өнүгөбүз», -дейт мурда таптакыр эле орус тилин колдонбой жүргөнсүп. Кызыгы, өнүгүп келатканыбызды, же кандай өнүгөөрүбүздү айтпайт. Деги бизге эмне керек? Өз өлкөбүздө жашап тургандан кийин кыргыз тилин толуктап, өнүктүрө бербейбизби? Же сөзсүз эле бирөө айтыш керекпи? Ойлоп калдым керек окшойт деп. Качан рахим кылып коет экен деп улуу державаларды карай берип мойнубуз кайрылып калбаса эле болду.
«Эркинтоо». 21-декабрь, 2001-жыл
Өткөндү жаман десең,
келечек сени Замбирек менен атат
Ленин десем...
Сүрөтүн тарт кереметтүү Ильичтин,
Кирпигимден кисти жасап берейин.
Өчпөй турган касиети бар болсо,
Жүрөк кандан боек кылып көрөйүн.
Көздүн нуру керек болсо айта гой.
Карегимден чачыратып келейин!
Же гүлдөрдөн жасайсыңбы күлгүндөп,
Тянь-Шандын сансыз гүлүн терейин.
- деген керемет саптар эске түшөт. Ырахмат Аалы Токомбай уулуна ушундай саптарды жаратып койгонуна. Кээде ушундай учурлар болот. Эл сыйлаган, эл урматтаган, идеал туткан адамың жөнүндө жакшы сөз уккуң келип, ал тууралуу бирөөлөр менен ой бөлүшкүң келет. Бүгүн мага ошондой бир иштин шыбагасы тийгени турат окшойт. Анткени туу туткан адамды бир гана мен, же мурдагы союздун миллиондогон «шымы жаргак » тургундары гана сүйбөстөн жер жүзүнүн бардык калкы урматтаарын тарых далилдеп койду го, чиркин! Ал ким? Ал — Владимир Ильич Ленин. Ал түзгөн большевиктер партиясы дүйнөнүн тең калкын эзүүчүлөрдүн жез тырмагынан бошотуп, улуу ак сөөктөр династиясынын түзгөн кулагыстай көрүнгөн падышалык самодержавиенин быт-чытын чыгарды. Ал үчүн ал чейрек кылым качып-конуп, ачка-ток калып, азаттык күрөшүнө бүт өмүрүн сайып, большевиктер партиясын тамчыдан курап отуруп, аларды деңиздей толкутуп, болоттой курчутуп, көптөгөн элдердин, ондогон улуттардын бактысына улуу төңкөрүштү жасады. Ленин мына ушусу менен улуу. Бирок бүгүнкү оомал дүйнөнүн билермандары билип да билбей да айтып, улуу көсөмгө шек келтирип, мавзолейди жаап, сөөгүн өрттөп, эстеликтерди түбү орду менен аңтарып салуучулардын катары да уюлгуган көк түтүндөй көбөйүп барат. Түшүнүп-түшүнбөй ушу кишиге да акаарат айткан адамдар бар экен, эй тобба десе. Эгемендүүлүктү алып, демократия өлкөбүздө тамырлай баштаганда кызуу кандуу кыргыз жаштары Ала-Тоо аянтындагы Лениндин эстелигин алып салуу керек дегендерге каршы пикир айтып, биринчиден, бул тарыхый эстелик, экинчиден бу адам кыргыз элине азаттык алып берип, улутубуздун түптөлүшүнө бараандуу салым кошкон улуу адам, тарыхый инсан деп омкорула, жек көрө караган ачуулуу көздөрдүн карегинде талкаланып бакзандай муштум, казандай буттардын тепсендисине кала жаздагам. Анда мен Кыргызстан демократиялык кыймылынын активдүү мүчөсү эмес белем эгемендүүлүк эркиндик, демократия деп сайраган, тоталитардык, буйрукчул-бюрократтык режимди жактырбаган. Анан эле таманынан төбөсүнө чейин каны дүргүгөн партиялаштарым, кыйкырма топ; «Кайсы бир сакалчан таз орусту» коргогон мени көк ала койдой кылып сабаарда, өзүмдүн өжөрдүгүмдөн, окумал сабырдуулугумдан, айтылган акыйкат сөздөрүмөн аман калып, кудайга тоббо кылгам, көйнөкчөн төрөлгөнүмө.
Эгер Ленин болбосо биз ким элек? Куур тончон кыргызды тоодон жакага айдап түшүп, колхоз уюштуруп, айыл түптөп сабаттуулугун жойбоду беле. Мобу асман тиреген имараттар, түтүн булаткан завод-фабрикалар, ордолуу район-шаарлар, биз турган аянт ошо биз сындап жаткан лениндик партиянын иши эмес беле. Эми баары мураска калып отурат. Муну ким танат? Бу партияны канчалык жек көрсөк дагы мезгил өзү бай мурастын, дүйнө эли тааныган мамлекеттүүлүктүн, кыргыз деген улуттун бар экендигин тастыктап, ташка тамга баскандай кылды. Эгер муну да тангыбыз келсе, анда тарыхтын парасын артка айланталы.
Анда не болмокчу. Биз орустардын, кийин большевиктердин көз кырына түшпөгөндө граждандык ак гвардиячыларды, басмачыларды ок-дары, кийим-кечек, азык-түлүк менен камсыз кылып турган англиялык көпөстөрдүн колониясына айланмакпыз да, жер-суубузду тарттырып иймекпиз. Ошо доордо балким Алымбек, Курманжан даткалардын, Шабдан, Байтик баатырдын, Ормон хандын тукумдары Англиянын бир жеринен башталгыч мектептен же толук эмес коллежден окумак. Же болбосо басмачылар же азыркы жаңы аныктамага ээ болгон боштондук кыймылынын атка минерлери бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, уюмдашып, түндүк-түштүк эли биригип англиялык интервенттерди да, орустарды да жергебизден кууп чыкса, азыркы турмушка жетет беле? Ким билет? Жетмек эмеспиз. Бирок улуу көсөм баштаган иш ушу бактылуулука жеткирди. Ошон үчүн баарыбыз Ленинге милдеттүүбүз. Керек болсо анын атына чаң жугузбай, кесир айтпай, сый-урмат менен сыйлап алганыбыз эле туура. Эстелигин бузуп-жарбай эле башка жерге которуп коюу жөндүүдөй көрүнөт. Атаганат, эгер мен оңбогондой акчалуу болсом Лениндин Ала-Тоо аянтында турган эстелигин сатып алып, айылыма алып барып коймокмун да, музей ачып салмакмын. Себеби эртеби, кечпи бир убактарда бул кишинин ысымы, ага орнотулган эстеликтер ыйыктын ыйыгына, кереметтин кереметине айланаарына көзүм жетип турат.
ЛЕНИН ДЕСЕМ…. . «Окуу, окуу жана окуу» деген осуяты эске түшөт. Оо, а кезде ар бир атуул динине, жынысына, өңүнө карабай сөзсүз орто билим алуу милдеттүү иш эле. А азырчы? Социалдык-экономикалык абалынын жардылыгынан 9-10 жашар уулун же кызын «Мектепке барбай калды. Жанымда каралашып семичке, сагыз сатып жүрөт?» деген кыкеңдин сөзүнөн кийин дүйнөң аңтарылып кеткенсийт. Эми өзүңүз ойлоп көрүңүз, 1- класска барбаган 9-10 жаштагы бала эми алиппени окуганы партага отурабы. Эч качан. Буга окшогон көйгөй көрүнүштөр жергебизде аз эмес.
ЛЕНИН ДЕСЕМ…. « Искусство элге таандык» деген учкул сөзү эске түшөт. Искусство элге таандык эмес эле бир ууч коммерсанттын чөнтөгүнө таандыктай көрүнөт. Анткени, толук кандуу кино, спектакль, симфония жок туруп, жаралбай жатып күнүмдүк жашоодо жеңил жанр менен элдин көңүлүн буруп, чыныгы искусство акча сурап саргайып жаткансыйт.
ЛЕНИН ДЕСЕМ…. Кой сарайга чейин жеткен электр жарыгы эске түшөт. Арзандыгын айт, көчөлөрдүн жарыктыгын айт. А азырчы? Кой сарайды мындай кой, борборубуз Бишкекте жарыктын тез-тез өчүшү анын 5-6 күнгө созулушу, караңгы көчөлөр айың болбой калды. Акыры жетмек элең жеттиң дегендей электроэнергияны менчиктештирүүдөн депутаттардын кызыл чеке урушу көп нерселерден кооптондурат. Ушундай достум. ГЭСтерди, аба, шоссе жолдорду, спирт ичимдигин, жер-сууну «прихватташтыруунун» кереги жок. Булар мамлекеттин монополиясында калганы оң. Ошондо жумуш орду көбөйүп, салык түшүп, бюджет толот.
ЛЕНИН ДЕСЕМ…. Мен анын океандай кең пейилдүүлүгүнө, кара кылды как жарган калыстыгына, көсөмдүүлүгүнө миң мертебе таазим этем, баш ийем. Ленин болбосо, биз ким элек.
«Эркинтоо», 25-февраль, 2000-жыл
Куудулдардын саны көп, а сапатычы…
Кыргыз элинде социалдык абалына карабай коомго жат, оң-терс көрүнүштөрдү сындап, элге тайманбай айтып чыккан курч, мурч тилдүү адамдар өткөн. Аларды куудулдар деп аташкан. Алар атайын сахнага чыгып элди күлдүрүшпөгөн. Алардын «сахнасы» жайлоо, үлүш, аш-тойлор болгон. Учкул сөздөрдү, куйкум шакабалары телерадио, басылмаларда жазылып, берилбегени менен эл озунда калган. Ошондуктан, негизги таркатуучулары эл болуп «антиптир», «минтиптир» деп ооздон-оозго, муундан-муунга тарай берген. Октябрь төңкөрүшүнө чейин атагы таш жарган Куйручук, Жоошбай өңдүү куудулдар таптык түзүлүштөгү кайрыктарды электен өткөрүп, чучугуна жеткире шылдыңдап келишкен. Атактуу Шаршен куудул сахна көрүп калды. Уулу Асанкул да ата жолун жолдоп жаман чыкпады.
Учурда заманына жараша тушоосу дегендей «оптом» куудулдар агымы пайда болду, же ар бир концерттик топтун өз «дежур куудулу» бар. Моюнга алуу керек, куудулдук өнөр учурдагы рынок мамилелерине ылайык келип, жакшы товарга айланды. Куудулдардын алды үй, арты машинелүү болушту. Он жолу айткан анекдотун он жолу кайталаса деле уккандан тажашпаган эл тамаша койсо бара берет экен. Соодасы өтүп жаткан куудулдардын негизги темасы бирөөнүн кебете-кешпирине асылуу болсо, экинчиси орус, казак, өзбек сатириктеринин продуцияларын тууроо. Мисалы, «Аралаш» куудулдар тобунун айта турган тамашасы, күлдүрө турган сөз предмети Жамбылдын «таз» башы, ыраңы суук бети, Абдылданын «табактай» бети, Рахмандын «курсагы», Борончунун «кыдыйган» бою, Дөөлөттүн «былтык» бети же «аксак» буту. Абдылда, Рахман, Дөөлөт, Борончу, Жамбылдын «таз» башын таш менен урса, ал жалгыз тигилерге блок коет. Ошентип, бири-бирин шылдыңдоодон эл күлөт, көрүүчү курсант болот. Ыраматылык М. Бердибеков «мурдуңардан лампочка чыгарам» деп отуруп, чын эле элдин мурдунан «лампочка» чыгарып, элдин черин жазганга уста болчу. Тараканчы атка конгон артист К. Абылов сахнага чыкканда номер созулду дей бер. К. Абыловдун сахнадагы шериги «ии, анан…», «…кандай экен?», «кантип эле?»…» деп коштоп койсо болду интермедия улана берет, артист өзүнчө жыргай берет. аны уккан эл да «жыргайт». Эртеси эл эмнеге күлдү башы маң. Кийинкилерден сурайт. Алар андан кийинкилерден… ошентип талаш башталат. Себеби, интермедия эч убакта өз деңээлинде ойнолбойт. Өзөгүнө караганда сырткы көрүнүшүнө көп көңүл бурулат. Ал К. Абыловдун ошо учурдагы көңүлүнө, маанайына, шеригине жараша өзгөрүп, жаңыланып турат. Ошон үчүн эл эмнеге күлгөнүн түшүнбөй калат. Ал эми пародияга жакын «Шорпо» Ж. Алыкуловдун таскагы катуу башталды эле кийин «зуу-у, дуу-у…» үн чыгарган карагайдын айланасынан чыкпай «куу-у…» болуп калды. Д. Мадымаевдин сатирага жасаган мамилеси башкача. Ага «чолок», «Эжигейдей Сары», «былтык-тултук» деп тийише беришет, бирок ал өзүнүн оппоненттерине «катыра» жооп бериштин ордуна бир эле убакта «кемпир», «эркек» болуп ойной берет. Ушул жагынан алып караганда ал көптөрүнөн айрымаланып турат.
Борончу көп учурларда бирөөлөрдөн «токмок» жеп калат. Анткени анын бою кодоо да, бирок шайтандын кичинеси кыйын болот экен деп баш бербей «теректей» бойлууларга кычуу сөз айтып, элди күлдүрүүгө дилгир. «Шорпо», «тараканчы», «табак бет», «чиновник» аталгандар куудулданымыш этип ою-боюна койбой элди кол чаптырганга маш. Эл колдоо көрсөтүп күтүрөтө кол чапса, тигилер «мына көрдүңбү, мага чаап атышат, сага чапкан жок» деп башкаларын шылдың кылат. Бири-бирин шылдыңдоодон өйдө көтөрүлө албагандыктан, жоопкерчиликсиздиктен, чыгармачыл адамдар менен иштешпегендиктен, театралдык билимсиздиктен бирөөнүн «жан» жерин, кебете-кепширин мишенге алуудан эч тажашпайт. Орусиянын телеканалдарынан берилип жаткан «Смехопанорама», «Аншлаг» телеберүүлөрүнөн сатира алптары Петросян, Винокур, Шефрин, Задорнов, Евдокимов жана ушу сыяктуулардын сатирасын өзгөртүүсүз көчүрүп алышат. Оригиналдуулук деген жок. Пародия деген таптакыр унутулду. Жамбылдын «меникин баари бир кесип салышат»деп башталган мыскылына Абдылда менен Рахман жерге жаткырбай «сеники узун болсо кесип салышат да, ха, ха»деген жообу айтылса эл күбүр-шыбыр болуп, кол чаап калышат. Тема жаңыланбайт. Мындан 5-6 жыл илгерки репертуар жылда кайталанат. Маданияттуу эс алам деп концертке билет алгандар маданиятсыз шылдыңдоого карк болуп чыгышат. Бизде бири-бирин шылдыңдап пул таап жатсак, орус сатириктери ал баскычтан алда кайда алга кеткен. «Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы» дегендей жакшы эле баратып аягында тазды Жамбылдын башына, баклажанды дагы бирөөнүн бетине окшоштура коюп бузуп салышат. Ал эми «Тунгучтун» «куудулдарынын» талисманы фашисттик, аскерий анекдоттор. Премьера, спектакль болуп жаткандан кийин кайсы бир болбогон анекдот үчүн фашисттик кара форманы кийүүнү анча деле зарылдыгы жок. Орус сатириктери бу проблеманы баш кийим кийүү менен эле чечип коюп жатышат.
Ошентип, илгери кыргыз журтчулугунда эки-үч гана белгилүү куудулдар болсо азыр алардын саны өсүп баратат. Райондук, областтык, республикалык деңгээлде куудулдар чыгып жатканы кубандырат. Бирок, чыгармачылык жигери, деңгээли одоно, маданиятсыз ыкмаларды ашкере колдонгондуктары, албетте колдоого арзыбайт. Аны тартипке салган, же сураган эчким жоктой. Ушундай жагдай басымдуулук кылып турган чакта билим жана маданият министрлиги баш-көз болуп, колдоо көрсөтүп, жылда республикалык куудулдар сынагын өткөрүп турса жогоркудай адамдын кебете-кешпирине асылып, же аны ода кылып айтып, тийишүүлөр басаңдап, балалык оорудан арылат элек. Анткени, бири-бирине кашынган дарак чабал өсөт эмеспи.
«Эркинтоо», 9-январь, 2002-жыл
Калоосу болсо кар күйөт, же бизге кандай партия керек?
Кыргыз эли абалтадан уюткулуу журт болгон. Уруу уруу болуп жашаган, кайсы жер малга жайлуу болсо, ошол жерге көчүп барып жайлаган. Душман болсо убай-чубай жөнөгөн. Дөөлөр менен дөөсү барып жоолошкон, даңазалуу Манас бабам далайларга көргүлүктү көрсөткөн. Катылгандын катыгын беришкен. Эли-журтунан бөлүнүп, «мен силерге, силер мага тийбегиле» деп уруудан чыгып кеткен эл бузарларды: «Бөлүнсөк бөрү жеп кетет, бөлүнүп кыргыз кетти деп, бөтөн элге сөз кетет» деп ынтымакка, достукка чакырган.
Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу. Жоону бирге жоолойлу, доону бирге доолойлу, ала болсо алдырабыз, кула болсо куурайбыз деп биримдикке үндөшкөн. Илгери бирөө бөлүнсө бала-чакасын, журт башчысы, бөлүнсө, журтун, уруу башчысы уруусун бөлүп кеткен. Совет доорунан азыркы мезгилге чейин бирөө өз элин, журт башчысы журтун, эл башчысы элин бир жакка бөлүп кеткен эмес. Совет бийлигин тааныбаган Жаныбек казы, Рахманкул хан өз уруусун бөлүп четке кетип калганы болбосо кудая шүгүр, жашап жатышат. Бирок Совет мезгилиндеги 70 жыл убакыттан бери массалык маалымат каражаттарында, «түндүк-түштүк», «оң-сол» болуп бөлүнбөгүлөчү деген шаблондуулук, куру кыйкырык бүтпөй келатат. Болбосо «түндүк-түштүк» болуп бөлүнүп, Кытайга кирип кетти дейсиңби?Жок. Же бир эл, бир элден бөлүнүп кан акты дейсиңби? Жок. Же элине, уруусуна таарынып, мал-мүлкүн артынып, Японияга, же Америкага өтө качышты дейсизби? Жок. Бөлүнгөн да эч ким жок. Бөлгөн да эч ким жок. Болгону сөз бар. Ошону ыгы келсе, келбесе да колдоно берген эл калды. «Ат оонаган жерде түк калат» дегендей бөлүнгөн бөтөн адам, бөлүнгөн бөтөн уруу жөнүндө сөз калат эле да. Кыргыз тарыхында уруу уруу болуп согушкан, чоң урпактардан бугу менен сарыбагыштардын тирешүүсү эле болбосо, андан өткөнү болбоптур. Эгер тарыхка таянсак, америкалыктар түндүк-түштүк болуп 100 жыл согушкан, Англияда ушул кезге чейин ак сөөктөр жана кембагалдар тукуму деп бөлүнгөнүн, Япония, Кытайда кылымдар бою кландарга бөлүнүп келишкенин экиге окуган начар окуучу деле билет. Совет доорунан бери бизде мындай конфликт иштер каттала элек. Бирдеме болсо эле башка элди үлгү кылып, байрагын көтөрүп алган адамдарга түшүнбөйм. Кудайдын назары түшкөн израилдиктер деле жыргап кетишкен жок. Кайра бир еврей таанышым: «Силер кудайдын бейишинде жашаган укмуштуудай меймандос эл экенсиңер»-деп суктана да, кызгана да айткан жери бар. Ал эми европалык же америкалык волонтерлор көп үй-бүлөлүү кыргыздарды көрүп, чыңдап таң калышкан. Себеби ошончо чоң үй-бүлөнү багуу, кийиндирүү, билим берүү, элге кошуу эмне деген эмгек экенин алар жакшы билишет да. Алардын эң таң калганы ошончо көп үй-бүлөсү болуп туруп, сандыкка каткан эң чүйгүн тамагын бала-чакасына бербей туруп, волонтерлор менен бөлүшкөнүн көргөндө эстери ооп калышкан. Биздин элдин улуулугу ушунда эмеспи. Бизден деле үлгү алса болот экен да. Мындай көрүнүш көп адамдар суктанган Батышта, Европада жок, болбойт да. Кан-жанына сиңген эмес. Эгер чындап эле бөлүнгөндү бөрү жеп урушуп, согушкан факты жок болсо, бул жөн эле жазмакөйлөрдүн азыгы үчүн ойлоп тапкан каражаты болуп жүрбөсүн? Ойлонуп көр. А балким биз али чындап, «түндүк-түштүк» же «оң-сол» болуп бөлүнө албай жүргөндүрбүз. Эгер чындап бөлүнө турган болсок, азыркы турмуштан алда сонун жашаар белек, ким билет? Айталы, ошол эле Америка, Японияда, штат, штат, клан, клан болуп биринен бири өөдөсүнүп жашабаса, мынчалык өнүккөн цивилизацияга жетмек эмес. Уруучулукка, командага бөлүнүү деген сөздөн, аны жеригенден майнап жок. Ал деген атаандаштыкты, алга умтулуучулукту, лидерликти, токчулукту, өз алдынчалуулукту, бакубатчылыкты күчтүүлүктү туюндурган сөз. Эң ынтымактуу деген үй-бүлө деле экиге же үчкө бөлүнүп, топ, карта, теннис, шерине ойнойт эмеспи. Мунун эмнеси жаман.
Ар кандай партия түзүп, ошол партия аркылуу кудайды тааныгысы, журт башчысы болгусу келгендер бар. Жаралгандан уруу уруу болуп жашаган кыргыз тарыхында партия деген болгон эмес. Жат эле. 20-жылдары компартияны, 90-жылдары көп партиялуулукту таанып, партия деген бизден сабаттуулукка, илим, билимге мурда жеткен батыш элдеринин ойлоп тапкан табылгасы экенин билебиз. А биздин табылга-кыргыз кыргыз болуп жаралгандан кан- жанына, сөөгүнө чейин сиңип калган уруучулук бөлүнүү, уруучулук династияны, уруучулук түзүлүш, өсүш, жеңилүү, жеңиш бар. Көп партиялуулуктун ордуна уруучулук түзүлүш партиясы келсе, кыргыз капкачан утмак. Азыр уруу десе эскинин, өткөндүн саркындысын түшүнөт экен. Андай түшүнбөш керек. Ар ким өзүнө жакын, өзү билген ишти аткарганы жакшы. Азыр биз өзүбүз ушул мамлекеттүүлүккө жеткирген ата-бабаларыбызга окшошкубуз келбей, сөзсүз кимдир бирөөгө, же кайсы бир өлкөгө окшошкубуз келет. Азыркы түзүлүштөн өзгөчөлөнүп жашагыбыз келбей, ата-тегин билбеген кайсы бир Батыш же Европа модулу боюнча жашагыбыз келет. Азыр Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсүбүз деп анын айтканынан чыкпайбыз, ал деле туурадыр. БУУ жок кезде деле ошого тете дүйнө элдерин өлкөлөрдү кызматташууга цивилизацияга үндөп турган коомдук күчтөр болгон. Ошондой күчтөргө карабай Чыңгызхан, Аксак Темир деген улуу жол башчылар уруу түзүлүшүнүн, уруу күчтөрүнүн, уруу духунун байрагын желбиретип, бир партия, бир улут, бир уруу кылып түзбөй эле Чыгыштан Батышка чеийнки чөлкөмдү басып алганын ким танат? Уруучулук түзүлүштүн жеңишин, бөтөн эл, бөтөн жерде үч кылымдан ашык татып бийлик жүргүзсө, бардык улуттан өздөрүн бийик койгон нацисттик партиянын лидери Гитлер басып алган жерлеринде бийликти партиянын күчү менен 4-5 жыл кармады. Компартия 73 жыл турду. Орустун улуу реформатору Петр I кайсы партиянын лидери болду дейсиң. Болгону бир шаарды экинчисинен өөдөсүнтүп, бир династияны экинчи династиядан бөлө карап, атаандаштырып, уяткарып, жүз жылда жете турган ийгиликтерди 10 жылда камсыз кылбадыбы? Атаандаштарын уяткарып, же Манастын арбагына койсо эле реформа жүрүп кетпейт. Ал үчүн Петр Iге окшоп, керек учурда басса чалынган кафтанын, сакалын кырккан, ыйык чиркөөлөрдүн коңгуроолорун керектөө үчүн чогулттуруп кайра замбирек куйдурган күчтүү эрк керек. Бизде эмне үчүн ушундай кылса болбосун? Болот. Болбосо болтуруш керек? Бирөөнүн модели менен жашоого дегеле болбойт. Өзүбүз кылымдар бою кыла келген түзүлүш менен жашообуз утуш берет. Ар кандай аталыштагы, ар кандай партияга башыбызды катсак деле шайлоого барганда уруу-уруу болуп бөлүнүп алып жатпайбызбы же жалганбы? Коммунисттик партия десе эле коммунисттердин, дыйкандар партиясы десе эле дыйкандардын, социалисттердин, ата-мекенчилердин, афганчылардын турмушу оңоло калбайт. Бул факт. Эгер уруулар партиясы түзүлсө башкача өнүкмөк белек? Айталы, теңизбай, сарбагыш саяк, кушчу, ичкилик, кытай, баргы уруулуры түндүк-түштүктө, оң-солдо да бар. Уруучулук эч качан жаман нерсеге үндөгөн, чакырган эмес. Ал дайыма бардык жакшы нерселерге гана үйрөтүп келген.
Кандай гана партиядан болбойлу, шайлоого жеткенде, уруу-урууга бөлүнүп кетээрибиз ырас болсо, эмне үчүн ар кандай аталыштагы партиялардын ордуна саяктар, бугу, теңизбай, жору, калмак, бөрү сыяктуу партияларды түзүүгө болбосун. Болот. Баары айкын болмок. Ким кайсы партиядан экен деп сураштырып жүргөнчө, уруулар партияларынын лидерлеринин аты-жөнүн, бешиктеги баладан кемшиңдеген кемпир-чалга чеийн жатка айтмак. Керек болсо жети атасына чейин жиликтеп бермек. Ошондуктан эзелтеден кыргыз элинин сөөгүнө сиңип калган, канында бар партиясын түзүүгө неге болбосун? Анткени уруулар партиясы-практикалуулугу, элге сиңимдүүлүгү, түшүнүктүүлүгү жагынан эч бир дүйнөдөгү партияларга окшобогон партиялардан болмок. Ата-бабабыз кылымдар бою колдонуп келген, ураан чакырып келген уруулар түзүлүшү 70 жыл ичинде эле талкаланып, жок болуп кетишин мен каалабаймын. Биз аны унутууга, эски деп жеригенден майнап чыкпайт. Кайра уруулардын кадыр-баркын көтөрүү ушундай кыйын учурда чыңдоо, бириктирүү керек. Биригүүнүн жаңы формасы-уруулар партиясын түзүү зарыл. Бу укум-тукумдардын, аталардын атаандашуусу, жарышы, келечек үчүн күрөшүүсү жана намысы болмок. А ата намысын бирөө жөн эле алдыра койбосу турган иш. Алгач башаламандык, түшүнбөстүк келип чыкса да, кийинки келечеги мурда болуп көрбөгөндөй жеңиш бермек. Дүйнөдөгү бардык улуу жеңиштер кичинеден башталат. Ошо сыңарыңдай айыл-кыштактагы майда топ уруулар партиясынын ячейкасына айланып, ячейка райондук, облустук, республикалык комитеттерге өсүп чыкмак. Эгер биз бу дүйнөдөн өзгөчөлөнүп, уруулар партиясына баш койсок, дүйнөнү экилентип каалагандай калчаган коммунисттик партиянын деңгээлиндей, же андан да күчтүү партияга ээ болмокпуз. Ошондо биз аты бар да заты жок, ишинен натыйжа чыкпаган 20 партиянын ордуна, райондук областтык уруулар ячейкасынан комитеттерден өсүп чыккан республикалык үч партия-Адигине, Тагай, Ичкиликтер партиясы өз ара иш алып бармак.
Бул партиялардан ашып түшкөн партия болмок эмес. (Эстеп көргүлө, Атаке баатыр орустарга элчиликке жөнөгөндө, бүткүл кыргыздардын атынан эмес, биринчи өз уруусунун атынан барган). Керек болсо, башка улуттун өкүлдөрү да Адыгине, Тагай Ичкилик партияларына кошулмак да бул партиялар бүткүл кыргызстандыктардын шыктандыруучусу, уюштуруучусу катары кызмат өтөмөк. Эгер айрым кунаса адамдар, лидерлер Адигине, Тагай, Ичкилик деген партиялардан корксо, уялса, намыстанса, алган багытына жараша Адыгине Демократиялык, Тагай социалисттик, Ичкилик коммунистер партиясы сыяктуу ат менен чыкса ким кой дейт. Партия түзүп, аны элдердин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылдыруу кандай багыт, кандай мамлекеттүүлүктү тандап алат, ал партиянын иши. Уруулар партиясын түзүп, жик-жикке бөлүнүп кетүү идеясы жок биерде. Жаралгандан уруулар башкаруусунда коллективизмге, эли-журтун сүйүүгө аны коргоого, карыларын кастарлап, келечек муундун өкүлдөрүн тарбиялоого көп көңүл буруп келишкен. Элдүүлүк, коллективизмди биз батыштан алган эмеспиз. Ал деген табиятынан элибиз менен келаткан касиет. Ошондуктан бей-бечара, жаш-кары, аял-эркеги, кыз-баласы-баары элдүүлүктүн духунда тарбия алышкан, уруучулук түзүлүштөн өсүп чыгышкан. Мындан 5000 жыл илгери деле жамандык, жакшылык дасмиясын чогуу көрүшкөн, укугу корголуп турган. Азыр деле ушундай. Ким кайсы партиянын катмарынан, региондон болбосун, өйдө-ылдыйда, жаман-жакшыда бирге болушат. Уруу аксакалдарынын, карыялардын кеңешин айткан кеп-насааты практикалык күчкө ээ. Каада-салтта, үрп-адатта элдин маңызы жатат жана ал кандай мамлекеттүүлүктү көздөйт. Кеп ушунда. Бирок биз уруучулук партияларын негиздөө менен өзүбүздөгү элдүүлүктү, демократияны сактап калабыз. Бул партия аркылуу укуктук демократиялык мамлекетти курууну, кан-жаныбызга кыттай орногон элдик бийликти орнотууну көздөйт элек. Уруулар партиясын түзүү ар кимибиздин көңүлүбүздө, жүрөгүбүздө тургандыр. Бирок жүрөксүнүп, калоо гана жетишпей тургандай. «Калоосу болсо кар күйөт» дейт элибизде. Бул сөз бекеринен айтылбаган чыгаар. Ойлонолу, бир бололу, акыйкат ачык-айкын пикирибизди айталы. Партия түзүлбөсө деле каныбызда келаткан кыргыз деген улуу элде сакталып, муундан-муунга, кылымдан кылымдарга келаткан уруучулук түзүлүш жан-дүйнөбүздө баары бир жашай берет. Ушу заманга жеткирген ата-бабабыз менен сыймыктанып, даңктанып, узанып келип, алар колдонгон үрп-адатын, каада-салтын, уруучулук түзүлүшүн бир эле түндө танып кетүү чекилик болоор.
Ошондуктан уруу, уруу десе эле обу жоктонуп, бөлүнүп кетти дебей, уруулар партиясы түзүлсө, биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт эле. Анткени, ар ким бешенесине жазган ырыс кешигин көрүп, буйруганын буйругандай жашап өтүү парзы турат.
«Эркинтоо», 17-май, 2002-жыл
Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?
Кийинки учурда адамдар жер үстүндө боло турган акыркы заман жөнүндө көп сүйлөй турган болушту. Чочулап да жатышат, бирок, акыркы заман качан болот, каерден башталат, азырынча бул суроого эч ким жооп берелек. Божомолдору, айткандары олуялыктарча дайыма төп келчү кудайдын китеби Библия да акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды эскертет. Акыркы заман асмандан келээрин да алдын ала айтат. Чын эле ошондой акыр заман келип калдыбы? деген суроолор албетте ар бирибизди бушайманга салышы ыктымал.
Мындай үрөй учурчу жаман-ойлор кылым тогошкон жаңы миң жылдык алмашкан доорго туш келгени сөзсүз ар бир тынчтыкты сүйгөн жүрөктү кооптондурбай койбойт. Ишенип, ишенбей да кетесиң. Дасмияңын бүткөнү ушубу деп аргасыздан өткөн жана азыркы өтүп жаткан өмүрүңө саресеп саласың. Акылга сыйбас болуп көрүнгөн мындай божомолду канчалык четке каккың келсе да, адамдардын табигый каалоолору тынчтыкта жана бейпилдикте өмүр сүрүү болгону менен алардын арасында бири-бирин жек көрүүчүлүк, биринин үстүнөн үстөмдүк кылуулар, өлтүрүүлөр уланып, оорулар күчөп, табийгаттын катастрофалык кыйроолору адамзаттын үшүн биротоло алып жатса аргасыз ишенип да кетет экенсиң. Укмуштуудай ырайымсыздыктан, таш боордуктун мисалы катары адамдар бири-бирин катаалдык менен кыйноо жана массалык түрдө өлтүрүү үчүн газ камераларын, концлагерлерди, атомдук, ядролук, аты жаман химиялык кыйроолорду пайдаланышкан жана пайдаланып жатышат
Канды суудай агызган, башкарууга мүмкүн болбогон биринчи дүйнөлүк согуштан алда канча талкалоочу күчкө ээ болгон экинчи дүйнөлүк согуш келген. Экинчи дүйнөлүк согушта биринчи жолу массалык кыйроо алып келген атом бомбасы пайдаланылган. Экинчи дүйнөлүк согушта 50 млн. адамдын бейкүнөө өмүрү кыйылган. Сабак болчу экинчи дүйнөлүк согуш жөнү жок атаандашууларды токтоткон жок. Кайра күчөттү. Азыр айрым официалдуу кыскартуулардан кийин да, дагы жер жүзүндө 10 000ден 20 000ге чейинки жардырууга даяр турган ядролук куралдар адамзатты жер үстүнөн жок кылуу үчүн жатат. Бул куралдар экинчи дүйнөлүк согуш маалында чыгарылган өрттөөчү күчтөрдөн 1000 эсе көптүк кылат. Пайдасы жок согуштар күчөдү, согуштун айынан кээ бир өлкөлөрдө ачарчылык башталды. Жакырчылык, ачарчылык болгон жерде медицинанын алы жетпеген оорулар, эпидемиялардын чыгаары шексиз. Акыркы заман асмандан, же жерден эместигин, ал өзүбүздөн, адамдар өзү ойлоп тапкан кыйраткыч куралдан, жөнсүз ядролук жардыруулардан, зордук-зомбулуктан, үстөмдүк үчүн күрөшкөн түркөйлүктөн, акыры барып сен өлсөң, кыйрасаң, жер үстүнөн жок болуп кетсең да мейли, мен аман болсом болду деген кайдыгерликтен экендигин эми аңдап-таанып билдиңизби окурман. Адамзат муну билбейт дейсизби? Эң сонун билет. Билип туруп жер планетасынан башка жашоого мүмкүн болгон база издеп жатканы ошондон. Мындай аракеттер 12-апрелде СССР деген чоң өлкөдөн космоско биринчи из салган Ю. Гагаринден кийин дүйнө коомчулугу бири-биринен жашыруун программаларды иштеп чыгып, жапырт киришкен. Артта калып, шерменде болуп калуудан корккон америкалыктар СССРден мурун асман алптарын айга кондуруп, айдын топурагын алып келишти. Миллиарддаган каражаттарынын көзүнө карабай башка планеталарды изилдей баштады, ага чейин СССР деген зор өлкө кыйрады. Коммунистер жашаган өлкөнүн кыйроосу менен дүйнөдө үстөмдүк үчүн жүргүзүлгөн күрөш күчөй баштады. Кечээ борбордук Россияда, бүгүнкүнүн сенсациясын жар кылышты. Сенсация Кыргызстанда, же ушуга окшогон мамлекетте эмес, Америкада катталган. Оризон штатындагы космосту изилдөө борбору жылдыздар системасында жайгашкан планетанын сигналдарын кабыл алышкан. Бу дүйнөнү таңкалтырган чындык жана факт. Ушундан кийин 39 миң жарык жылына барабар болгон планетанын сигналдарын кабыл алган америкалыктарга таң калбай койбойсуң. Сенсациялуу кабар жаңы үчүнчү миң жылдык алмашкан, акыр заман боло турган мезгилине туш келгенин карабайсыңбы. Учуучу тарелкалар жөнүндөгү окуяларга ишенүүдөн жана бөлөк планеталардан тирүү жандыктарды изилдөөдөн үмүттөрү үзүлбөгөн америкалыктар өздөрү долбоор түзө башташты. 1961-жылдары орус баласы космос мейкиндигине чыгып тарыхта калса, айга асманалптардын десантын таштаган америкалыктар дүйнөдө өзгөчөлөнө алышты. Адам жашай турган планетаны табыш керек эле табышты. Ай планетасы адамзатты кучагын тосуп алууга жөндөмсүз болсо да, Марс планетасында адамзаттын баласы жашай ала турган компоненттер бар экендигин илим далилдеп койду. Көп жылдык изилдөөлөрдүн акыбети кайтты дешет дүйнө аалымдары. Кылым тогошкон акыркы мүнөттөрдө пайда болгон мындай сенсациялуу кабарды дүйнө коомчулугу кандай кабыл алат билбейм, бирок акыр заман келчүү болсо Марс планетасынын экинчи дүйнө болооруна ишенген илим адамдары, ал жерде колония уюштурууну ойлонуштуруп жатышат. Кадимки эле колония. XIX-XX кылымдарда франциялыктар, англичандар, испандыктар, америкалыктар, орустар уюштурган зомбулук менен басып алган колониялар сыяктуу колонияларды уюштуруу чоң масштабда пландаштырылып жатканы чын. Анткени жогорудагы улуу коңшуларда космодромдор, космос кораблдери, космос спутниктери бар эмеспи. Колдо бар мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып Марсты изилдешкени ошондон. Атмосферасы көбүнчө карбондиокситтен турган Марстын уюлдарында жетишээрлик суу чыга турган ири мөңгүлөрдүн запасы бар экени аныкталды. Мөнгүдөн адам иче турган жарактуу суу алыш үчүн алардын каршы тарабына өлчөмү туура келген күзгүлөрдү жайгарышып, аларды эритсе, албетте, дарыя жана көлмөлөр пайда болот. Суунун жээгине тез өскөн, чоң, жазы жалбырактуу өсүмдүктөр, бак-дарак отургузулат. Ал эми Марска отургузулган бак-дарактар, жашыл өсүмдүктөр планетанын атмосферасындагы карбондиокситке кошумча абага кислород бөлүп чыгарат. Кислород адамдын жашоосундагы эң бир маанилүү булагы экендигин айтпаса деле түшүнүктүү эмеспи. Белгилүү бир убакыттын ичинде Марс планетасында Эдем багындай кооз, жашыл бак, өсүмдүктөр фаунасы пайда болсо кислород да көбөйүп, климат өзгөрүшү турган иш. Ким билет, балким, адам баласынын жашоосу үчүн да ыңгайлуу чөйрө түзүлөр. Күч келсе космосту багындырган адамзат өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алар. Марста жайланыша турган биринчи колониянын, алгачкы мезгилинде адамдардын жабык теплица өңдүү жайда жашашы пландаштырылууда. Анын сыртына чыгаарда атайын кийим кийишет. Ал кийимдер климаттын күтүлбөгөн, каардуу соккусунан сактоого жардам берет. Биринчи колонизаторлор америкалыктар, индиялыктар, же орустар болобу али белгисиз, бирок биз эмес. Биз бир убакта цивилизациясы жогору өнүккөн Атлантида, Майа мамлекеттери сыяктуу белгисиздикке өтүп кетебиз. Ошондо да капчыгы толо, дүнүйөсүн түгөлдөй албагандардын күнү тууйт. Алар дүнүйөсүнүн зордук-зомбулугу менен ит, мышыгын кошо жүктөп, космос кораблин арендага алып Марсты көздөй көчө башташат. Далай төлгөсү төп келген диний адамдар Библия китебин бетке кармап төгүн жерден «акыркы замандын күндөрү келип калды» деп чуу салбагандыр. Акчалуу болсоң байлардын катарынан орун алып, кораблине катталып, Марска шайлана бер. Эртеби, кечпи, бир мезгилде адамзаттын Марс планетасында жашоосуна туура келет. Мындай ишенимге мен «акыр заман» келип калганынан келген жокмун.
XXI кылымда илимий-техникалык прогрестин, Ала-Тоону мекен кылган элдин өкүлү да Марста жашоосуна ишенели.
«Эркинтоо», 29-май, 2002-жыл
Сөз кудурети — Эл маданияты
Байыртадан эле кыргыздардын кыргызды кыргыз кылып таанытып келаткан коом маданияты, сөз маданияты, көөнөрбөс тили болгон. Ушу күндөргө чейин маданияттын тарыхтын, ата салттын, мамлекеттүүлүктүн улуу касиеттерин муундан-муунга сактап келген ажоолуктун улуу бийлигине таң бербей койбойсуң. Анткени кыргыздар түрк деген этноним пайда боло электен алда мурун жашашкан, тарыхы, маданияты, каада-салты, байыркылыгы бар, ак чокулуу Алатоону элестеткен ак калпагы менен дүйнөгө таанылган таалайлуу эл.
Азыркы ажолуктун Алатоосунда Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү болуу менен дүйнөгө таанылып, демократиялуулуктун туу чокусуна бараткан XXI кылымдын босогосунда да өз тилин, салтын, тарыхын сактап калды.
Бекеринен кыргыз эли айкөл Манастын жети осуятын тандап албаган чыгаар. Улуттук тарыхыбыздын жаралгандан түптүүлүгү, байыркылыгы бар экендигин далилдеп келаткан мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси-тил. 1293-жылга таандык Орхон Энесай жазуулары байыртадан эле кыргыз элинин жазуусу болгондугун айгинелейт. Арадан канча ирет калыптанып, кайра кыйрап отуруп, ортодон 700 жыл өткөндөн кийин өз алдынчалуулукка жетишишибизге тилибиздин туруктуулугунан деп билиңиз. Тилдин улуулугу, көптөрдү тамшандырган көөнөрбөс касиети уруу-уруу болуп жашаган жоокерчилик заманда кылы кыйшайбаган. Кайра өнүгүп өсүп отурган. «Манас» эпосу баштаган эпос, дастандар, ырлар, жомоктор жаралган. Кайсы доордо болбосун кыргыз эли карыга карамдуу, кедейге кайрымдуу, жашка таалимдүү болгон. Катылган душманы болсо убай-чубай жөнөшкөн. Катылгандын катыгын беришкен. Эли-журтунан бөлүнүп «Мен силерге, силер мага тийбегиле» деп тетири баскан журт бузарларды өнөр алды — кызыл тилдин күчү менен «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп кыргыз кетти деп, бөтөн элге сөз кетет» деп ынтымак-ырашкерликке, өз ара түшүнүүчүлүккө, достукка чакырган. «Тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда бололу», «жоону бирге жоолойлу, доону бирге доолайлы, «ала болсо алдырабыз, кула болсо куурайбыз» деп биримдикке үндөшкөн. Чектен чыккан, алакөөдөн жаштарды кеч болуп кала электе «абийириңди жашыңан сакта» деп уяткарышкан. «Айтылган сөз- атылган ок»» деп сөзгө абдан маани беришкен, сөз тарбиясынын ыгына көнгөндөрдү сыйлап келишкен, айтканын аткарышкан, убадага бек турушкан. Ошон үчүн кыргыздар кайсы доордо болбосун сөзгө бек турган, кара сөздү ыргагы менен сүйлөгөн элдердин катарына кирген. Коңшу улуттар эсептешпей кое албаган, көп элди таң калтырган.
Мисалы, XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз элинин ооз эки чыгармаларын изилдеген көрүнүктүү түрколог В. Радлов кыргыздардын эпикалык маданияты болуп көрбөгөндөй бийиктикте экендигин таң калуу менен жазган. Тил кудуретине, сөз байлыгына, көөнөрбөс маданиятына таазим эткен, башын ийген. Ага тарых күбө. «Кыргыздардын жөн жай эле сүйлөшкөн сөздөрүндөгү ыргактуу сүйлөм түзүлүштөрү, ритмикалык жактан таамай айтылган сөз тизмектери жан дүйнөңдү арбап, биринин артынан бири чууруп, ой данектери тизмектелип, кудум ыр окуп жаткандай элес калтырат. Кыргыздар сөзмөрлүгү, чечендиги менен айрымаланган эл экен»деген ой пикирин жазып кеткен. Ушуга тете ойлорду Ч. Валиханов, С. Абрамзон, В. Жирмунский өңдүү белгилүү түрколог-окумуштуулар өз эмгектеринде ырастап кетишкен. Ааламга аты дайын окумуштуулардын жазып кеткен эмгектери, айткан ойлору менен эсептешпей коюуга такыр мүмкүн эмес. Ошондон дүйнө кыйырына «кыргыздар сүйлөп жатса да ырдап жаткандай куюлуштура сүйлөшөт экен» деген кеп тараган. Кыргыз болуп жаралгандан «Өнөр алды-кызыл тил» деген лакап пайда болгон.
Ириде, тилдин улуулугу, муюбас касиети эл жараткан ыр кошокторунда, жомок макалдарында, дастан эпосторунда даана көрүнөт. Көркөм сөз өнөрүнүн чечени атка конгон тарыхый инсандар өткөн. XIV-XX кылымдарда өмүр сүргөн айтылуу Жээрэнче, Алдар Көсө, Акыл Карачач, XVIII-XXкылымдарда эмгеги менен элге көрүнгөн Тилекмат, Сарт, Мойту, Садыр акелер, Куйручук, Көкөтай чечендер сөз, тил өнөрүн туусундай көрүп каар замандын залим төбөлдөрүнөн корпой, чукугандай сөз таап «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп мамлекеттик маанидеги маселелерди чечип эл менен элди катыштырган, достоштурган. Өз учурунда тарыхый чоң мааниге ээ болгон, олуттуу элдик дипломатиянын, элдик педагогиканын милдеттерин жүзөгө ашырышкан. Карапайым калктын турмушун жеңилдеткен. Сөз өнөрү чеберчилигин бийик тутуп, даңазалап келишкен.
Жаратманы эл болгон макал менен накыл кеп, жорго сөз менен санат сөз түгөнбөс эл кенчине айланган. Атпай журт бирде жеңип бирде ызалуу күндөрдү баштарынан кечиришкен. «Көрө-көрө көсөм болот», «Көч жүрө-жүрө түзөлөт», «Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң», «Чапкан сайын көз чыкпайт», «Сабырдын түбү сары алтын» деген макалдар ошондой күндөрдүн элеси.
Арадан канча кылымдар өтсө дагы көөнөртпөй муундан-муунга өткөрүп, сактап келген бабалар мурасын, бабалар салтын азыркы муун жерге таштабай улантып келет, өнүктүрүп-өстүрүү милдети мойнунда. Анткени улуттун, мамлекеттүүлүктүн байлыгы болгон жаңы муун кыргыз тилинин мүмкүнчүлүгүнө бөркүндөй ишенет.
Эгерде сулуулук дүйнөнү сактап калса, анда кыргыз тилинде сулуулук бар. А тилдин сулуулугу кыргыз дүйнөсүн, кыргыз тарыхын, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калууга тийиш. Ага кудурети жетет.
«Эркинтоо», 18-апрель, 2003-жыл
Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт!
Кайда жүрбөйүн, бу жалган дүйнөнүн учу-кыйыры жоктой көрүнгөн мухитинде Атажурт жыттанган өлкөмдүн тоо-суулары, кокту-колоту, чаң сапырылган ийри жолдору, көзгө сүйкүм адамдары көз алдыма тартыла берет. Отурсам дем, чаңкасам суу, кыйналсам арка бел болуп берет. Кайраты күч, касиети мол. Себеби тоодо төрөлүп, тоодо торолгон кыргыз тоосуз жашай албайт. Анткени, ал бул дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетет. Ак чокулуу тоосун карап турбаса, курсагы ачат, кусага батат, руху бөксөрөт. Ошон үчүн кайда жүрбөсүн, кайда турбасын тоолордон бүткөн Мекенин сагына берет. Мейли, айга учуп кетсин, мейли түпкүргө түшүп кетсин, Мекенине сөзсүз кайрылып келет. Пенде болгондон кийин анын кайрылып келчү жери болгону жакшы.
Көптөрү «Мекен кайдан башталат?» деп сурашат. Бири ийин куушурат, экинчиси чала моңол түшүндүргөн болот. Бирок, сен анысына, мунусуна да ынанбайсың, себеби жообу ынанымдуу чыккан жок. Ошон үчүн билип ал, Мекен кайдан башталаарын. Ал бул жалган дүйнөгө ыңаалап түшкөн энеңдин этегинен, көзүңө жылуу көрүнгөн бешигиңден, тай-тайлаган ата-энеңден, гүл жамынган өзөн-тоолордон, ийри-буйру жолдордон, сен туулган айылдан, үйдөн сенин Мекениң башталат. Башталган жерден ыйыктын-ыйыгына айланат. Коргойсуң, коргоносуң. Үйүң болсо Атамекениң болот, ал болбосо көрүнгөн жердин эшигин сагалаган жолбун иттен айрымаң болбойт. Анткени, Атамекен экөөбүзгө тең. Аны бөлүп ала албайсың, ылдыйда өбөк, өйдөдө жөлөк болот. Биримдиги, бирдиги, кубаттуу болушу сенден, менден.
Ошон үчүн да аркайган ак калпак кебетеленген жер түркүгү- Ала-тоо, акактай тунук, кудаанын чөйчөгү сымал керилген, жер бермети- Ысыккөл Теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши экендигин миң сырлуу, миң кырдуу дүйнө кыйырына даңазалай берүү менин, сенин милдетиң.
Даңазалоодон мен чарчабайм, себеби Мекендин деми мени чарчатбайт, алга сүйрөйт, көтөрмөлөйт, кубат берет.
Арийне, дүйнө кыйырына даңазалагандай Мекениң сага эмне кылып берди? деген суроо менен сени бирөө жарга такашы мүмкүн. Сен ага терикпе, түртүп сал, себеби, ал шайтандын сүрөөсү менен айтылган сөз. Ириде, сен энеңдин этегинен түшкөндөн Мекендүү болгон жолдуулугуң менен сыймыктанууга тийишсиң. Ырасында, Мекени бардын ырысы бар. Сен ошо Мекениң үчүн бирдеме өстүр, эмгек кыл, дөөлөтүн көтөр. Мамлекет мага эмне кылып берди дештен абал, сен ал үчүн эмне кылып бердиң, эмне кыласың, ошону ойлон. Ошондо өнүгөсүң, өсөсүң, дүйнө кыйырына атың кетет, өз да, бөтөн да сыйлайт. Ошондуктан сенин, менин жүрөгүмдө оргуп турган эң кымбат сезим-Ата Мекенди сүйүү болушу лаазым. Биз ким болбойлу, кайда жүрбөйлү, тагдыр бизди кай тарапка алып барбасын, сасыган сазы бар миң чиркейлүү токоюнабы, мейли, чокусунан ак кар кетпеген аска тоосунабы, мейли, учу-кыйырсыз мелтиреген мухитинеби, мейли, көз нуру жетпеген аалам чексиздигинеби, же аптабы мээ кайнаткан эрме чөлүнөбү, айтор, сен сөзсүз Атажурт деп аталган жерге айланып келээриң бышык. Анткени ар кимдин туулган жери- мисир.
Чирик жыттанган токоюн, ызылдаган чиркейин эңсеп, жылуу, күнөстүү аймактан жыл бою ызгаар кетпеген тундрасын өөдөсөнтүп, тоонун таза абасын, мөлтүр кашка сууларын танып, кум эшилген эрме чөлүн бардыгынан артык көргөн учурлар бар. Себеби шуудураган токоюнда, тоо желинде, өзөн-суусунда эшилме кумуна, кол үшүткөн аязына, көнөктөп жааган жамгырына, жер жайнаган гүлдөрүнө, так түйүлгөн айбанаттарына, дирилдеген жалбырактарына, киндик каны таамп, ата-бабалардын изи калган, жашап өткөн.
Атажурт гана сагынуудан саргайып кеткен дилиңди тазартат. Рухий дөөлөтүңдү өнүктүрүп, кайгы-муңдан азап чеккен чаңкооңду кандырат. Ар кандай күтүүсүздүктөн сактап, рухий жашооңо дем берет. Сен ансыз эч нерсе эмессиң. Атажурттан эч качан ажыроочу болбо, коргоо ыйык, өнүктүрүп өстүрүү парзың.
Арийне, мактоодон же мактангандан дардайып кетмей жайыбыз бар. Жалаңкычы жалаңдатып кылычын сунуп, асманын таштап ийсе да, «Жакшы», «Кудайга шүгүр, аманбыз!» дешет биздин эл. Бар, жокко каниет кылып, жакырлыктан амандыкты, кайгы-муңдан жакшылыкты тилеген, жаман да болсо жакшы деген элдин улуулугу, байыркылыгы ушундабы деп коем. Канткени менен кудаанын күнү менен түнү, жаманы менен жакшысы, азабы менен жыргалы бар. Анын сыңарындай, Атажурттун сыйрылган жерин бүтөй албай бушайман жеген күндөрүбүз жок эмес. Былтыркы жылы балдарым менен ыйыктын ыйыгы деп эсептеген Ысыккөлгө эс алганы барып, боорум толгонду.
Көздүн карегиндей сактай турган ыйык көлүмдү сактай албай, жер үстүндөгү кудайдын бейиши экендигин далилдей албай, жээгинде телмирип отурдум. Агарып, таңдын нуруна киринген көлүм мемиреп тынч.
Мындай ээндикте суук тумшугун сууга малып ийчү тынчы жок ак чардактар да даай албай, көктө асылып тургансыйт. Көөдөндү кытыгылаган сыйкырдуу күч отургуза койбой этек-жеңден тартат. Кызыл ашыгым сууга түшкөндө ботосун сагынган боз ингендей жылуу илеби назик аймалайт. Эркелейт, эркелетет. Көлдүн касиетин, айыктыруучу күчүн ошондо дагы бир жолу сездим. Ошо мүнөттө көңүлүм куунак, оюм тунук, жаным бейиште тургандай чексиз бактылуу элем. Жылуу сезим анча узабады. Аңгыча көлгө агылгандардын кара туманы каптады. Жаралгандан топуктуу тыным албай күн кечкиртип, кылымдар бою кызмат үстүндө жүрсө да, кабагым кашым дебей, келген кишиге көкүрөгүн ачып берип көнүп калган сыйда бетинде майда толкундар жыбырады. Бу көлдүн ойгонушу, ак кызматынын башталышы. Келгендерди ойлоп, кызганычым териме батпай турду. Себеби келгендердин кара баткагына салып бердик. Дүнүйөгө туйтундук. Келгиндер бирде азайды, бирде көбөйдү. Аягы соолуп калган жок. Келип атат. Ичинде ниети бузугу, арам тамагы, колу булганганы, тери оорусу бар. Кыскасы, булганууда. Көз алдыбызда дасмиясы түгөнүп баратканы жоктой жалжактайбыз. Сактоо, барктоо, коргоо, түшкө кирбей алганды билдик, бере элекбиз. Алуунун устасына айландык.
Аруулуктун, сулуулуктун, тунуктуктун Мекени болуп калуусу керек эле, тилекке каршы, ичер суусу түгөнчүдөй түрлөнсө «Мынча болду дагы чыда. Артыңда сени сүйгөн, кадырлаган урпактарың бар. Жалгыз калбайсың көтөрүп алат. »-дегиң келет.
Ошон үчүнбү жерибиздин ыйык жүзүн, делбиреткен ырахатын туюп, чын дилибизден сүйүп калуу вазийпасы менен төрөлүүбүз абзел экендигин жээгинде отуруп аңдадым. Көлүм мага шык берди. А шык бу зор күч. Күчтү элдин жыргалчылыгы үчүн жумшоо ар бирибиздин милдетибиз. Милдет-аткаруу, ишке ашыруу. Ишке ашырчулар-адамдар. Алар-элдин, жердин байлыгы. Демек, сен адамдарың менен сыймыктаанар жөнүң бар. Анткени алгачкы жаралуудан берки турпатыңды сактап, келечегиңе кам көрүп келаткан ошолор эмеспи. Көрүнгөн кемчилигиңди ошолор оңдойт, ооруган демиңди ошолор айыктырат, нур чайган жүзүңдүн көркүн чыгарат. Болгону кичине сабыр кыл, учуру келет. Атажуртту аздектегендердин канат-куйругу өсүп, күндөн-күнгө, жылдан-жылга чыйралуунун үстүндө. Баралына толгондо жер үстүндөгү адамзаттын бейишине айланат. Ошондо дүйнөнү таң калтыра кулпурарсың. Тамшангандар көп болот. Ошентип учуру келгенде сен биз менен, биз сени менен сыймыктанаар күн келет, менин Атажуртум. Төрүндө куштар сайраган, багыңда мөмө төгүлгөн, тооңдо, көлүңдө пендең жайлаган бейиштин накта өзү болосуң. Ошондо адамзатка бейишти көрсөтөм. Бейишти көрсөтөм дегенди издешет да табышпайт, ишенбейт да, бар экен деп тамшанышат. Ошондуктан кудай сүйгөн жолоочум, бир кайрылып өтүңүз, жер бейишин көрсөтөм. Анткени, мен дайыма ошо жердемин.
«Эркинтоо», 30-сентябрь, 2003-жыл
Манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү
Бу жалган дүйнөдө мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык башка түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа-шык кошкон улуу күч пайда болот. Көзү азизди көргөзүп, буту шалды бастырган, тоону омкорткон ал кандай күч дебеңиз! Ал-Ишеним. Ал сени улуу башталгычтарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү. Ансыз сен эчким эмессиң. Себеби бул жалган дүйнөдө адамдын ишенимсиз жашоосу кыйын. Ошондуктан ал пенденин күчтүү куралы.
Биз улуу Теңирге кандай ишенсек, кыргыз элинин бактысына жаралган Манас бабабызга ошондой эле ишенимибиз артылып турат. «Манас» эпосу кылымдарды карытып, доордон-доорго оозмо-ооз түрүндө көчүп турган. Ал кайсы доор болбосун элдин ишеничи, жеңиштерге шыктандыруучу күчү, көрөр көзү, көтөргөн туусу, ырдаган ыры катары кызмат өтөп келет. Ал дүйнөдө теңдешсиз. Адамзаттын кыргыз эли аркылуу берилген улуу табылгасы, көөнөрбөс байлыгы. Ал эми Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу улуу манасчылар ошол улуттун байлыгын алып жүрүүчүлөрүнөн, келечек муундарга мурас калтырган керемет феномендеринен болушкан. Үчүнчү миң жылдыктагы манасчылардын ири өкүлү катары Уркаш Мамбеталиевди атасак болот. Улуттун сыймыгы адамдар экенине маани бербей, күнүмдүк кур тиричилигибиз менен алпурушуп жүрүп Уркаш манасчынын улуулугуна маани бербей койсок болбостур. Чынында У. Мамбеталиев — керемет манасчы. Көкүрөгүбүздүн тереңинен орун алган айкөл Манас бабабыздын образы ар убак кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоого, коргоого, өнүктүрүүгө үндөп келгенин Манас айтуучулардын айтуусунда кабыл алдык. Ошон үчүн кадырман калкыбыз Манастап ураан чакырган. Манас-улуттун ар намысы, абийири күрөштөргө үндөгөн желеги, жашоонун ыры, сыймыктанган аска жөлөгүбүз болгон. Биз Манасты канчалык сыйласак, манасчыларды ошончолук сыйлоого милдеттүүбүз.
Ошондуктан ар кандай пендеге ичиңи кең салып карачу болсоң, сен талантын учурунда асырай тургандар жок эмес. Бар. Ал — биз сүйүп уккан, сыймыктана мактап келген элибиздин мартабалуу уулу, чыгаан манасчысы Уркаш Мамбеталиев. Уркаш абаны бүгүн мактабасак качан мактайбыз. Жалган дүйнөдөн көзү өткөндөн кийинки макталган тагдырдын жыргалынан, тирүүлүктө уккан жылуу сөздүн кадыры артык. Анткени адам ушу жашоосунда гана бактылуу. Манасты Манас кылган кыргыз, Кыргызды кыргыз кылган Манас. Бу да бактылуулук. Кыргыз бир күнүн Манассыз өткөрө албайт. Ал биздин бүт турпатыбызда. Ансыз жашообуз супсак. Демек, Манас ишенимин калайык калктын көкүрөгүнө ташка тамга баскандай уялткан залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү. Республикалык деңгээлдеги бир дагы салтанат ал кишисиз өтпөйт десек болот. Анткени У. Мамбеталиев өңдүүлөр Манас айтпаса жашообуз көркүнө чыкпайт, кудурети ишенимден толтосу толбойт. Манасчылар бар үчүн өз алдынча мамлекет болдук. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Журтчулугубуздун ушундай көөнөрбөс иш чараларында Уркаш аба бабырап Манас айтты. Көптөгөн башка улуттун өкүлдөрүнүн көкүрөгүнө кыргыздын байыркылыгынын, улуулугунун, түбөлүктүүлүгүнүн, келечектүүлүгүнүн элесин сүрөттөп, сүртүп өттү.
Эртең кыргыз кыйырына аттын кашкасындай таанымал манасчы 70 жылдык торколуу тоюн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу майрамдоонун алдында турат. Бу да болсо ак эмгегинин акыбети кайтканы. Бу күнү Уркаш абаны катардагы окуучудан мамлекеттик ишмерлерге чейинки рангдагы адамдар куттукташат.
Мен Манасчы У. Мамбеталиевди 2001-жылы июль айында гезитибиздин 10 жылдык юбилейинде көрүп, жакындан тааныштым. Салтанатка арналган концертке «Манас» айтып берүү демилгеси менен кайрылды. Мен макул болдум Ошондо Уркаш акенин Манасы зал ичин муютуп койду. Буркан-шаркан түшүп, чын дилинен айтты. Чоң таасир калтырды. Ушундай улуу Манасты ичине батырып жүргөн айкөлдүгүнө таң бердим. Жибектей созулган мүнөзү, ишээнчек бала кыялы жөнөкөйлүгүнө бап келип турду. Эки-үч курдай ырларын гезитке жарыялоого жардам бердим. Интервью алдым. Кийин Туркиянын Ван көлүнө, кыргыздарга барган таасирлерин кынаптап жазып келген жол очерки да сандан-санга кеткен.
Уркаш аба жогорку окуу жайынан окуп, жогорку билим албаса да көкүрөгү көркөм манасчы эли журтуна билимдүүлөрдөн өйдө ак кызматын өтөп келет. Жетимиш куракты басып турганы менен басканы шайдоот, акылы зирек. Республикага эмгек сиңген пенсионер болуп, ардактуу эс алууда жүрсө деле карыялык акыл-насаатын жаш муундар менен бөлүшүп келет. Манас айтуучуларга гана таандык бардык баскычтагы касиеттерди башынан кечирген. Түш көрүп, түшүндө жакшы иш көрүп айкөл Манас, Бакай аксакал, Эр Кошойлор менен жолуккан, батасын алган, Манас айта баштаган.
Дегеле ар бир пендеде өзүнө гана таандык шык-жөндөм, талант болот. Бирок көбү талант-шыгын учурунда сезбей өмүрүн өткөрүп жиберишет. А айрым бирөөлөргө бирөөлөрдүн арка-жөлөгү керек болуп, чыгармачылык эргүү жаратышы мүмкүн. Так ушундай бактылуу учур Уркаш абада да болуп өткөн. Ал улуу Манасчы Саякбай Каралаевди көрүп, угуп, кеп-кеңешин алып калган. Саякбай манасчыдан катуу таасирленген. Ошо кишидей болсом деп түн уйкусунан безип дегдеген, эмгек эткен. Эмгек менен талант айкалышып бүгүн минтип заманыбыздын чыгаан манасчысы жашообуздун көркүн арттырып отурат.
Уркаш аба Мамбеталиев 1934-жылы жер бейиши саналган кереметтүү Ысыккөлдө төрөлгөн. Бала чагы Түп районунун Талдысуу айылында өткөн. Атасы Мамбеталы карапайым колхозчу болгон. Уркаш аба да атасынын жолун жолдоп аскердик милдетин Ыраакы Чыгышта өтөп келген.
Эмгек жолун 1957-жылы Ысыккөл драма театрынан баштаган. Кийин жоюлуп кеткенине байланыштуу Бишкек шаарына келет. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга манасчы солист болуп ишке орношуп, ушул жерден ардактуу эс алууга чыгат. Филармонияда иштеген көп жылдык эмгеги бааланып, мамлекет башчысы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Эл артисти деген жогорку наамдарды ыйгарган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Манасчы катары «Манастын Чоң казатка аттанышы», «Кичи казат», «Көкөтайдын ашы» сыяктуу үзүндүлөр манастануучулар тарабынан кол жазма түрүндө жактырылган. Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмүнө кабыл алынган.
«Манас» эпосунун миң жылдык мааракесинде «Семетей» эпосунун биринчи бөлүгү өз вариантында жарык көргөн. Андан башка Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда 28 сааттык «Манастын» үзүндүлөрү кыргыз радиосунун Алтын коруна жазылган. Ал эми 1997-1998-жылдары «Манастын төрөлүшү», «Манастын колду жабдышы», «Алманбет менен Чубактын чатагы», «Кошой менен Жолойдун күрөшү», «Коңурбай менен Манастын сайышы», «Каныкейдин Тайторуну чабышы», «Семетей менен Тоо балбандын күрөшү», «Семетейдин Таласка келиши» өңдүү Саякбай, Сагымбай, Молдобасан аталардын жана өзүнүн айтуусундагы концерттик программадагы үзүндүлөрдү аткарып келген. Кенже эпостордон Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда «Төштүктүн жер астына түшүшү» жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Ч. Түлөбердиев жөнүндө жазган «Чолпонбай» дастанын Манас обону менен айтып жүрөт. 1982-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмалары тарабынан «Арча жыты» аттуу тандамалар жыйнагын кошкондо сегиз поэтикалык китептин автору. 70-жылдык торколуу тоюна карата «Кабылан курак дүрбүтү» аттуу ырлар жыйнагы даярдалып, чыгаруу алдында турат. Азыркы тапта «Манас-мурас» коомдук фондунун жана Чүй облустук «Ташдөбө» орто мектебинде жеткинчек манасчыларга кеңеш-сабагын берип, устаттык таалим-тарбиясын үйрөтүп келатат.
Кыргыз искусство чеберлери менен бирдикте Япония, Италия, Пакистан, Ооганстан, Кытай, Туркия өңдүү өлкөлөрүндө болуп Манас айтып келген. Жакында маданият күндөрүнө карата кыргыз элине сиңирген эмгеги бааланып, ажобуздун өз колунан «Манас» орденин алды.
Уркаш Мамбеталиевди «Манас»орденинин кавалери болуу менен куттуктап, ишине ийгилик, өмүрүнө бакубатчылык үйбүлөсүнө аманчылык тилейбиз! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун, урматтуу Уркаш Мамбеталиевич!
«Эркинтоо», 3-декабрь, 2004-жыл
Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгы
жөнүндө ой пикирлер, макалалар, интервьюлар
Кадырбек Матиев,
КЭнин гуманитардык илимдер редакциясынын башчысы.
Дарбаза ачык дайыма
Азыркы таланттуу жаш авторлордун бири Жапарали Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда» аттуу китебинен орун алган отуз алты ырдан бүткөн аңгеменин ар бирине токтолуп, чамалап-чактап, ой-жүгүртсөңүз, кейипкерлердин ички ажарына, рух баданине астейдил үңүлсөңүз, сюжет куруу, фабула өнүктүрүү, композицияны чыңалыңкы-чыйралтып, айтыла турган идеяны, адам сынын-сыпатын шөкөттөөнү эмнеден баштап, кандай толготуп, кандай чечмелеп, каерде чекит коюу ыкмаларына, чеберчилигине-бир сөз менен айтканда толук кандуу көркөм перзент жаратуу методуна жакшылап көңүл бөлсөңүз, автордун биз белгилеп жаткан оригиналдуу касиет-сапатын кыйналбай эле байкайсыз. Айталы, «Жар», «Учук», «Жашоо үмүтү», «Күн кызарып батканда», «Периште болуп келди», «-Бир кулач жип», «Күнөөсүз күнөөлүү», «Кылмышка тете жаза», «Төгүнгө чыккан лакап», «Жалпак тумшук жөжө», «Кыз булак», «Гүлзар», «Байкашка», «Котормочу», «Айланкөчөк», «Жандуу дөңгөч», «Чыйырчык» ж. б.
Аталган жаратмалардын ичинен автордун «Жар» аңгемеси өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Анын экспозициясын эрте менен сүт тартып отурушкан жаш келиндердин театр сахнасында ойнолуп жаткан трагикомедиялык мазмундагы спектаклдын кызыктуу бир драмалык эпизоддун көрүнүшүн элестеткен диалогдорду түзөт. Алардын сүйлөшүүлөрү адамдын ички ой толгоолорун, динамикалуу кыймыл-аракетин, сезимдердин курч күрөшүн көз алдыга таасын келтирет. Ушул жерде эле чыгарманын негизги өзөгү эсептелген башкы эки каармандын ким экендиги, алардын дүйнөгө, кишилерге мамилелери, бири-бирине тартылышкан сүйүү кумарлары ачык айкындалат. Дал ошол келиндердин бири-алар сөз кылып жаткан жаш жигиттин, турмуштан жолу болбогон пендезаданын махабаты…
Сюжет менен композициянын андан аркы өнүгүшү чукулунан ыкчамдайт да, эртеси таңында жанагы жолсуз, бактысыз Каримди актай сүйлөгөн Гүлбара жубайы экөө кер-мур айтышып турганын көрөбүз. Келиндин ички монологунда берилген баага караганда анын эри жугумсуз, сыр түшүнүүгө, киши баркын-кадырын баалоого жөндөмсүз неме. Аялы «Сарайды качан бүтүрөсүң?» деп сураса: «Жанагы немеңди чакырып, бүтүрүп ал. Бир шише вино берсең, бардыгы жайында болот?» деп корс эте копол коңкулдайт да, дырдыңдап, тракторун тырылдаткан бойдон жүрүп кетет.
Көңүлү чөгүп, зээни кейиген келин кайрадан жаны жабыркап, жүрөгү зилдейт. Бирок көп өтпөй, романтикалуу жаркын маанайга тунат. Асмандан издегени жерден табылгандай, аруу сүйгөн алп жигити короого кирип келет. Сарай да заматта курулуп бүтөт. Ашыктар кучакташып, жытташып, өбүшүп кумар жазат. Ушундай лирикалуу жагдайдагы алардын эң чоң утушу-ошо кезге дейре жүрөк өйүп, арсар келген алардын эң башкы маселеси чечилет: экөө ошол эле түнү пайитин таап, биротоло Көлгө качып кетүүгө макулдашат. Бул эпизод- аңгеменин поэтикасында экинчи тоналдуулук, экинчи кайрык.
Үчүнчүсү-Карим, жолго камыныш үчүн өзү жалгыз жашаган үйүнө баратса айыл кеңешинин төрагасы аны бүтпөй жаткан ишине чакырат. Бүтүргөн соң, баш тартканына карабай, баягыдай эле кыстап, ичкиликке мас кылат. Мындай жорук айыл боюнча адатка айланганы экспозицияда эле айтылган. Айыл эли бүт бойдон кара жумушун, курулушун жалгыз бой ошол Каримге бекер жасатып, акысы үчүн аракка сугарууну өнөкөт кылган. Төраганын үйүндөгү «үлпөттү» баяндалып жаткан окуянын-Каримдин тагдыр таржымалынын кульминациясы десек болчудай. Анткени, андан наркы төртүнчү поэтикалуу кайрык каарманды жардан учууга дуушарлантат. Ошентип, асыл үмүт-максаттар, мүдөөлөр заматта кыйрайт, ойрондолот. Болгону ушул.
Көйкөлгөн эгин талаасын аралап, күн нуруна чагылышкан табият кооздугуна, көз тайгылта кулпурган кечки пейзажга таңыркап, суктана бараткан жаш уландын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык өзгөрүүлөрдү, романтика иши менен галюцинациянын өтмө катар жуурулушуп кетишин, акырында анын трагедияга кабылышын автор чыныгы реалист-сүрөткерче өтө ынанымдуу, логикалуу жана көркөмдөштүрүп бере алган…
Ушундай эле кайгылуу өмүрдү баштан кечирип жаткан социалдык-психологиялык көркөм типтерди-уул-келинден, балдарынан кордолгон кары-картаңды же атасын, энесин издеген бөбөктөрдү, алардын аздек арманын жазуучу башка чыгармаларында да ийине жеткире иштей алган.
Жазуучунун ангемелерин окуганда сүрөт боекторунун коюулугуна, ачыктыгына, Рух гүлзарларынын көп түстүүлүгүнө, орошон ойдун молдугуна күбө болосуң. А бул касиет руханий камылганын, тубаса сүрөткерлик шык-жөндөмдүн ийкемдүүлүгүнө, идея жараткыч жана аны образдуу, бейнелүү сыпаттоо байланышкан. Чабытчыл ыргак же лирикалык жорго жүрүш менен эпикалык арымдын бараандын айкалышкан синтезин жаратууга шыктуу автор. Ж. Осмонкуловдун аңгемелер топтому адам турпатындагы аткарган эки параметрди-ички, тышкы белгилерди шайкеш, эриш-аркак сүрөттөй алгандыгы менен айрымаланат. Жаш автордун китебиндеги мындай өзгөчөлүктүн негизи анын жан дүйнөсүнүн жандуулугунда, лирикалуулугунда, кара сөзчүнүн акындык айбатында окшобойбу. Ошон үчүн ал адамдагы ички-тышкы кулк-мүнөз белгилерди, психологиялык толгонууларды, табият көрүнүштөрүн бирдей эле даражада сүрөткердик рухий угумдун, эстетикалык аң-сезимдин көркөм ойлоосунун торко элегинен сызылдата өткөрүп, кайта эле адамдын өзүнө күчтүү таасир эткидей образдарды, элестерди түзө алган.
Жөндөмдүү калемгер Ж. Осмонкуловдун дагы бир сүрөткерлик өзгөчөлүгү: ал кандайдыр бир идеяны кыялый ойдон жаратып, аңгеме жазган күндө да, аны көркөмдүктүн мыйзам ченемдеринин, эстетикалык критерийлеринин талабына ылайык кенемтесин келиштире реалдуу турмуш факторлору, себеп-натыйжалары менен жүйөөлөп турат. Эң негизгиси — аны өзү терең түшүнүп, талдоого алат, байкалбаган кичинекей турмуштук фактыдан идеалдык чоң идея чыгарат, жандуу образ жаратат. Адатта анын аңгемелеринде бир же эки-үчтөн ашпаган кейипкерлер катышып, окуя өз нугунда реалдуу жана ынанымдуу агылат.
Мындай касиет Жапарали Осмонкуловдун ширелүү жазылган жалпы аңгемелер жыйнагына мүнөздүү. Ошондуктан жаш автор карлыгачына айтчу сөзүбүздү ушуну менен токтотобуз да ага арымдуу да, байсалдуу да чыгармачылык сапар каалап коелу…
«Кыргыз Туусу», 1-июнь, 1995-жыл
Бактыгүл Чотурова
Жапарали жактырган Распутин
Кыргыз прозасынын 90-жылдарынын толкуну менен келген жазуучу жаштардын арасында Жапарали Осмонкуловдун калеми тилинин жактыгы, образдарынын ишенимдүүлүгү, ойдун тереңдиги жана турмуштагыдай жөнөкөйлүгү менен айрымаланат. Анын аңгемелери биз менен катар жашап жаткан түркүн көрүнүштөрдү, окуяларды көркөм кабыл алуу менен, анын интерпретациялоого кылдат мамиле кылган автордуку экендиги дароо байкалат. Кандай теманы көздөсө дагы ошол аркылуу бир идеяны алып чыгып, көркөм сөз каражаттарын орду менен пайдалана алат. Прозанын кичи жанры болгон аңгеме жазууну ал талант көрөңгөсү менен чебер өздөштүргөн деп ачык айтууга арзыйт. Ж. Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда» аттуу аңгемелер жыйнагын барактаган ышкыбоз окурман таланттуу жазуучудан билим менен чыгармачылык интуициянын айкалышын байкайт. Автордук позиция, композициялык курулуш, кейипкерлердин образдары бир учурда бир дем менен сүрөттөлүп, эркин, жатык тил менен ишенимдүү кабылдайт. Учурунда сынчы К. Матиев «36 аңгемең 36 ыр» деген бааны ыйгарган. Жапарали Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылынын кулуну. Айылдын чаңын ызгыткан жылаңаяк кара тоголок баланы жазуучу болуп чыгат деп эч кимдин түшүнө да кирген эмес. Ал эмес кийин мектепти бүтүп Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктагандан кийинки жолу деле мугалимдикти улап кетти эле. Бирок көкүрөктүн ары жагын дардизар кылган калемгерликтин ташпиши анын купуя тартып жүргөнүн эч ким билчү эмес. Акыры ал сыр да сыртка чыкты. Адабияттын босогосун өз курдуулардан «Күн кызарып батканда» китебинин символикалуу атындай, отуздан оогондо кеч аттаса да, калемдештердин катарында ысымы тааныш. Кызарып баткан күндүн эртеңки таңы таттуу атат эмеспи, ийгиликтин эрте-кечи жок. Али алдыда көп максаттар, жакшылык иштер күтөт. Күтүү менен жашаган жашоонун бир рахаты дешет. Арадан канча жылдар өгөй өтсө дагы, атынын башын адабият айдыңына бурганына өзү ыраазы. Биротоло чыгармачылыкка баш-оту менен киришти да «Дастан», «Эл дүйнөсү» көркөм адабий журналдарды чыгарып жүрдү. Базар экономикасынын барасында айланган кыйын күндөрдүн кээсине жеңилсе, кээсин жеңип жүрүп китебин чыгарып, окурмандардын колуна жеткирди. Адам көңүлүндө көптөгөн үмүт акыры максатка айланып жеңип чыгат окшобойбу. Биз бүгүн касиеттүү калемин пир туткан жазуучу Жапарали Осмонкулов менен ат жалында маегибизди окурмандарга сунуш кылып турабыз.
– Жапарали, чыгармачылыкка кеч келгениңе өкүнбөйсүңбү?
— Эч качан. Кеп кеч келгенде эмес, кеп кандай жазганда.
— Аңгемечилердин көбү адегенде ыр жазып башташчу эле?
— Жок мен ыр токуй албайм. Эрнис Турсунов деген белгилүү акын мени ыр жазгын дейт, эмнеге антет билбейм. Бирок мен поэзияны өтө сыйлайм. Ыр көкүрөктөн чыгыш керек. Ал турсун кээ бир таанымал эле адамдардын «зериккенде ыр жазам» дегенин угуп жаным чыгат кээде. Ыр зериккенде жаза турган иш эмес. Көөдөн көкүрөктөн өнүп чыгыш керек. Ал өлгөнчө калбай турган касиет болуш керек деп сезем.
— Жазып жүрүп жазбай калгандарчы?
— Эң туура эмес. Ал кумар да, кесип да эмес. Өнөр, шык-өлүп бараткан минуталарда да чыгат.
— Алгачкы китебиңен кийин алты жыл өтүптүр, кийинки чыга турган китебиң канча болуп калды?
— Бир романым чыкпай турат. Маселе ушул- көкөй кести каражат. Илгерки заман болгондо эмдигиче чыгат эле. Китебиң чыгып турса чыны стимул болот экен да чынын айтканда.
— Башкалардан өзгөчө аңгемелериңдин кейипкерлери орус калкынан болушу не себеп?
— Валентин Распутиндин таасиринен го.
— Распутинди сүйүп окуучу белең?
— Албетте, студент кезде «Эсен болуп, эстей жүр» повести менен Чыңгыз Айтматовдун «Бетме бетин» салыштырып, курстук иш жазып, эң жакшы баага татыган. Ошондо заманыбыздын улуу жазуучусунун көркөм дүйнөсүн сүйүп окуган кезим бар. Мен бирок көп деле китеп окубайм, тандап окуйм. Балачакта көп окучу элем. Узакбай Абдукаимовдун «Майданын» эмдигиче кайталап окугум келет. Анын баш каарманынын бири Берметти кызымын атына коюп алгам. Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтыгын» кандай гана көтөрүп жүрүп окучу элем. Ушулар мага өз таасирин берген экен деп коем.
Манерасы, стили да башка Кеңеш Жусуповду орошон талант деп билем. Аны түшүнүш үчүн өзү болуш керек. Ошондой эле категорияда, линияда жүргөн Рамис Рыскуловду да түшүнүүгө болот.
— Кийинкилерден деле күчтүү жазгандар көп чыгып атпайбы, кимдерди окуйсуң дагы?
— Эми элде шайтандын кичинеси күчтүү болот дейт эмеспи. Улам кийинки жаштардан күчтүүлөр чыгаарына бөркүмдөй ишенем. Бирок Айтматовдон кийин кыргыз прозасы андай деңгээлде чыга албай жатат. Балким каржынын айынан «чээнде» жатабы ким билет. Султанды (Раевди) мактай берип чарчадык. Тойчубай (Субанбеков) жакшы иштеп жатат. Мелис Макенбаевди да ушинтип айткым келет.
— Азыр эмненин үстүндө иштеп жатасың ?
— Тиргиликтин.
— Эмне үчүн? Анда жогоруда өз пикириңе кайра каршы сүйлөп калгансың го?
— Минтип айтканымдын себеби, чыгармачыл адамдар азыр Пушкиндей ээн эркин ойлонуп иштей албайт эмеспи. Биринчи эле тиричилик буттан-колдон алат. Анан кантип айта албайсың. Анткени, мен чынында ошол тиргиликти да жеңип, чыгармачылыгын да таштабай чымырканып иштеп жаткандардыкы эрдик деп ойлойм. Келечек акыры алардын атын атабай койбойт. Жакшылыктардын баары алдыда. Жарык жашоонун өзү тойдой күүлдөп турганы эле канча.
— Келечекте кандай ой-кыялдарың бар, жашыруун болбосо окурмандар менен чогуу билгибиз келет?
— Албетте, көп максаттар бар. 1937-жылдардын окуяларынан алынган «Канкор желдет» повестимди «Эркин Тоо» гезити өткөн жылы сандан-санга жарыялады.
— Жапарали, «Жар», «Учук», «Күн кызарып батканда», «Кылмышка тете жаза» аңгемелериңде аялзатынын образы турмуштагыдай жогорку көркөм деңгээлде ачылгандай өзгөчө сезилет…
— Түшүндүм. Башынан эле мен аялзатына сыйынып келем. Дүйнөнүн тиреги-ЭНЕ. Бүт дүйнө аялды эркектин жарымы дейт. Мен антип айтпайм. Аял-эркектин жандоочусу, сактоочусу, үйдүн куту. Ошондуктан мен аны тирүүлүктүн бүтүн нерсеси катары санайм.
— Жаңы романыңда да ушул оюң камтылганбы?
— Ооба десем да болот. Негизги окуя колхоздоштуруу, Улуу Ата Мекендик согуш, сталиндик режимден баштап бүгүнкү күнгө чейинки турмуштан алынган.
— Романың эмне деп аталат?
— Атын сурабачы, кое элекмин. Качан чыкканда билинер.
— Рахмат, тилегиңе жеткен жазуучу бол.
«Кыргыз Туусу», 6-8-апрель, 1999-жыл
Ибраим Абдувалиев,
И. Арабаев атындагы КМПУнун филология факультетинин деканы,
профессор
Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук
Колубузда жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда»(Бишкек: «Тянь-Шань»Ассоциациясы, 1993-ж) китеби. Жазуучунун тырмак алды бул китеби азыркы кыргыз адабий дүйнөсүнүн чен-өлчөмдөрү менен караганда кандай баага татып, жаш жазуучуга кандай сабак калтырды деген суроо туулат. Азыркы жалпы эле социалдык-экономикалык жагдайды, анын ичинде адабият жаатындагы жагдайды эске алганда чын эле бул суроо орунсуз көрүнөт. Анткени, азыр чыгарманын кандай-аңдайын тескегенди коюп, эрдик жасап аны жарыкка чыгарып алганы автордун чоң жеңиши болуп турган кез. Бул жагынан жазуучу колунан келгенин жасады. Эми калганы анын өзүнүн эмес жалпы адабий чөйрөнүн иши. Ушундан улам азыркы адабий процесстин өзү кандай экени ойлондурат.
Жапарали Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда» аттуу китеби астейдил көңүл бурууга татыктуу. Китеп «Жар» деген аңгеме менен башталат. Бул аңгеме бүгүнкү күндө бүтүндөй элдин башына мүшкүл болуп түшкөн арактын азабын, адамзатка, анын ичинде улутка, үй-бүлөгө, жеке тагдырга залакасы тийип жатканы каарман Каримдин мисалында окурмандын оюна салат. «Суусап турам. Болсо алып чык. Суранба. Жалынба! Ичпегин деп өтүнбө! Мунсуз мага жашоо кызыксыз. Бул сапар мага акылдуусунба. Анын кереги жок. »(7-бет). Мына, Каримдин, кемелине келип турган кыргыз жигитинин үнү. Эзелтен кыргыз баласы үчүн эң кымбат эр намысын, эч эркке баш ийбеген жаш курактын кумарын, адамзат айтып түгөтө албай келаткан керемет сүйүүнү этибар албай, бүткүл жашоодогу кызыкчылыгына айланган алкаголду күсөө. Жаратылышка өзүн кожоюн, болбосо жок деле дегенде өзүн ага тең күч туйган бүгүнкү адамзат коомунан бөлүнүп, өзүн бир жутум ачуу сууга көз каранды кылып отурган кыргыз жаштарынын өкүлүн автор мына ушундайча берет. Ушул «Жар» жана «Кылмышка тете жаза» аңгемелери менен бүткүл элге, адамзатка алкогол коркунучун эскертет.
Автор коомдун түп тамырынан бери өзгөрүшү адамдын жан дүйнөсүндө да күтүүсүз бурулуштарды жасаганын, ак-пейилдүү адеп-ахлак, ата-эне менен адамдын ысык ымаласы тансык болуп баратканын «Учук», «Жашоо үмүтү», «Васька», «Күнөөсүз күнөөлүү» деген аңгемелеринде көрсөтөт. Ал эми «Күн кызарып батканда» аңгемесиндеги небере Жаркындын чоң эне издешин, жогорку көркөмдүктө сүрөттөгөн «Периште болуп келди» аңгемесиндеги Темирбектин апасына күйөө издеп жарыя бериши, (жарыя берүүнүн өзү соңку мезгилдерге таандык көрүнүш), атасынын кайтып келиши автордун чыгармаларынан орун тапкан жаңы деталдар… Демек, автор сүрөткер катары өзү жашап жаткан коомдун, адамдардын жан дүйнөсүнүн өзгөрүүлөрүн сергектик менен өз чыгармаларында чагылдырган.
Жазуучунун китебиндеги балдар дүйнөсүнүн аруулугун, баеолугун чагылдырган чакан аңгемелери өзгөчө назарды талап кылат. Бул аңгемелер чакандыгы, балдарга тарбия-таалимдүүлүгү менен баалуу, балдардын ой-кыялы, жан дүйнөсү табигый мүнөзүн сактап калган.
Автордун чыгармаларында бүгүн бүткүл дүйнөлүк мааниге ээ болгон адам менен жаратылыштын карым-катнашынын маселелерин, табиятка кам көрүү көйгөйүн көтөргөн жагдайлар бир топ. Мындай көрүнүш көбүнчө балдарга арналган аңгемелеринин дээрлик бардыгына мүнөздүү.
«Күн кызарып батканда» китебин окуган адам автордун тил байлыгына, сөз каражаттарын колдонууда эркиндигин баамдабай кое албайт. Автордун түштүк кыргыздарга гана таандык сөздөрдү кымынбай-кысынбай орду менен колдоно билгендиги чыгармаларына өзүнчө боек берип турат.
Корутундулап келсек, Ж. Осмонкулов кыргыз адабиятына өзүнчө дүйнө көрүмү, сергек туюму, ийкемдүү тили менен келип кошулган жазуучу. Демек, анын жашоо маңызын, мезгил демин, дүйнөнүн тамыр кагышындагы орчун көйгөйлөрүн туя билген чыгармалары Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына татыктуу. Мындай колдоо заманыбыздын таланттуу жазуучусу Жапарали Осмонкуловго гана эмес, деги эле кыргыз адабиятына карата камкордук болуп саналмак.
«Эркинтоо», 8-ноябрь, 2000-жыл
Н. Бөдөшова
«Жакшылык арттырчы, адам»
Жазуучу жана журналист Жапарали Осмонкулов 90-жылдардагы топ жаштардын арасынан өз үнү менен өзгөчөлөнүп турган жазуучу. Анын 1993-жылы чыккан «Күн кызарып батканда» тырмак алды жыйнагы жөнүндө узун сабак сөз кылса болот. Китептеги «Жар», «Учук», «Күн кызарып батканда», «Күнөөсүз күнөөлүү», «Кыз булак», «Байкашка», «Досчул бала», «Кылмышка тете жаза» сыяктуу аңгемелери китептин көркүн чыгарып турат.
Жапарали Осмонкулов жалаң эле кыргыз темасын, кыргыз турмушун сүрөттөп жаза билбестен, башка улуттардын да турмушуна кирип, таасын чагылдыргысы келгени байкалат. Анын бул аракети кайсыдыр бир деңгээлде дурус чыкканын танууга болбойт. «Кылмышка тете жаза» аңгемесинде Лопухов аттуу карыган абышканын арак ичип алып коңшу-колоңдоруна тынчтык бербей келе жатканы (өмүр бою) баяндалат. Акыры өзүнүн шүмшүктүгүнөн коңшусу Дудиндин аялы Наташанын колунан өлүм тапты. … Жедеп жадатып бүтүргөн бул көркоо абышкадан балдарын сактап калууга далбастады аял. Коргонду. Акыры, таамай чабылган балтанын уңгусу чалдын башына ойноду.
Ооба десең, келип-келип ар бир нерсенин кыры болот эмеспи. Зөөкүрлүктүн да, чыдамдын да-баарынын. Адамдын татаал жан дүйнөсүн аңтарган бул чакан чыгармада мына ушунун баары таасын ачылып берилген. Ал эми «Васька» аттуу чыгармасы баягы эле батир издеп өз жеринде мусаапыр кейпин кийген жаш жубайлардын проблемасы менен башталат. Анан алар гүлзарда дөбөтүн серүүндөтүп жүргөн Анна Михайловнага жолугушат. Аня жеңе алгач жаштар менен жакшылап сүйлөшүп, анан алардын жакында балалуу болоорлугун боолгойт да Васькасы (ити) бөтөн кишилерди жакшы көрбөсүн аларга айтат. Ушул жерден Анна Михайловна менен анын орто саар инженер жубайы бул түштүк республикага кантип келип калышканы жөнүндө сөз башталат. Шаар башчысынын кабинетинде болуп өткөн окуяда мыкты дарыгер Жамал Айдаровага үй берилбей, өз мекенинде жан багалбай келген интеллигент сөрөй жаңы бүткөн үйгө кирет. Мына ушул жерде болуп атпайбы биздин элдин муундан-муунга өтүп келе жаткан өксүгү да, арманы да. Башпаанек кылганга үй-жай табылбай алигиче эле «Аня жеңелеп» эшикти коомай кагып томсоруп турган Кыргызбайдын алигиче чекеси жылыбай келет. Ал эми Аня жеңебиз адамга эмес, күлтүйгөн кара дөбөткө бүт жакшылыгын ыроолоп… Бирок, иттин иши-акыры келип иттик кылуу да. Ошентип, алпештеп баккан ити жара тартпадыбы, ээсин!
Жыйнактагы 36 аңгеменин 24ү балдар үчүн жазылган. Мындай белгилей кетчү нерсе мейли чоңдор үчүн жазылганбы, мейли балдар үчүн жазылабы, баары бир автордун ойчул табияты ар бир окуяны орчундуу чечип бергенинде турат. Алсак, жыйнактын балдар үчүн жазылган эң акыркы «Кыз булак» аттуу чакан гана аңгемесинде өзүнчө эле бир бүтүн ой жатканын аңдоого болот. Чо-оң эле киши-жолоочу өчүрбөй таштап кеткен тамекиден токой өрттөнүп, аны өчүрүүгө «бөтөгөй колу» менен булак суусун кочуштай өрткө чачкан кичинекей Сайкалдын көзү ачышып, чачтары күйүп, акыры «булактын көзүнө бүк түшүп катуу эчкирип ыйлап жиберет. ». Мына ошондо кыздын көз жашынан толкуган булак көбүрүп-жабырып ташыйт да, долуланган өрттү өчүрөт… Мында күнүгө эле мезгилдүү массалык маалымат каражаттарында кыйкырып жаткан экология маселеси табияты тунук наристе кыздын көркөм дүйнөсү аркылуу чагылып жатпайбы.
Дегинкиси, бул аңгемелер жыйнагын колуна алып, окуп чыккан адам кайдыгер калбайт деген ойдомун. Себеби, автордун ар бир каарманы карапайым эле адам. Бешенесине жазылган өз кунун көрүп, бири-бири менен алака-мамиледе болгон, өз сүйүүсү, жек көрүүсү, кубанычы менен жашаган адамдар. Алардын жашоо турмушу, кайгы-кубанычы, жада калса өмүрү менен өлүмүнө дейре жөпжөнөкөй тил менен жазылып берилсе да, «бири-бириңе жакшылык гана арттыргылачы, адамдар!» деген ачуу жаңырык чыгып жатканын аңдоого болот.
Акырында айтаарым Жапарали Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда» китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына татыктуу.
«Эркинтоо», 8-ноябрь, 2000-жыл
Садык Алахан,
И. Арабаев атындагы университеттин доценти
«Күн кызарып батканда» сыйлыкка татыктуу
Жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Күн кызарып батканда» деп аталган китеби 1993- жылы басмадан басылып чыккан. Китепке калемгердин отуздан ашуун аңгемелери топтоштурулган. Чыгармалардын дээрлик баарысы заманбап проблемаларды батыл козгогондугу менен окурмандарды өзүнө тартып турат. Калемгер мейли турмуштун даңгыр жолуна жаңыдан кадам таштаган жаш адамдын жан дүйнөсүн көркөм иликтөөгө алабы, мейли жашоодо өз ордун таппай өмүр өткөнчө өзүн да, өзгөлөрдү да бүлүккө салган айрым бир терс мүнөздөгү карылардын өмүр-тагдырын сүрөттөйбү, мейли мектеп жашындагы кичинекейлердин ары баео, ары тунук мөлтүр дүйнөлөрүн көркөм чагылдыруусунун объектисине айлантабы-бардык учурда Ж. Осмонкулов чыныгы калемгерлик шык-жөндөмүн, нукура сүрөткерлик дараметин көрсөтө алган десек эч бир жаңылышпайбыз. Жазуучудагы өзү сүрөттөп жаткан көркөм объектисин ичкериден билүүсү, образдуу ой жүгүртүүсүнүн табыйгылуулугу, шаблондуулуктан, жадатма баяндоочулуктан алыс болуп нукуралуулукка, өзүнчөлүккө ык коюп туруусу жана да көркөмдүктүн бийик критерийин кармана билүүсү анын жыйнакка топтоштурулган аңгемелерин окумдуу да, жүрөккө жакын да деңгээлде көтөрүп турат. Ал эми мунун өзү болсо Ж. Осмонкуловдогу нукура сүрөткерлик шык-жөндөмдөн, ал жөндөмдүн тубасалыгынан кабар берип турат.
Китептеги аңгемелердин каармандары турмушта чыныгы жаратмандык иш-аракеттери, ак-карага ар качан ачык позицияларын билдире алышкан кадамдары менен айрымаланып турушкан кейипкерлер. Бул каармандар дал ушундай бийик адамдык сапат-белгилери менен бүгүнкү муундун жаш адамдарын адамгерчиликке, адилдикке, коом алдындагы жоопкерчиликке, туруктуулукка тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ болуп турушат. Жыйнактагы чыгармалардын дагы бир баалуулугу дал мына ушунда турат.
Өзгөчө бөлүп айта кетчү нерсе, Ж. Осмонкуловдун бул жыйнагындагы аңгемелердин көркөм чыгарма катары, көркөм туунду катары бийик деңгээлде жаралгандыгы. Аңгемелердеги ар бир деталь, ар бир эпизод өтө иш билгилик, чыныгы сүрөткерлик менен иштелген. Ушундан улам жыйнакка топтоштурулган чыгармалар сюжеттик курулушу жагынан тыкан, композициялык турум-турпаты жагынан чебер жаралган.
Китептеги чыгармалардын чоң тобун балдарга арналган аңгемелер түзүп турат. Калемгердин бул багыттагы көркөм туундулары өспүрүмдөрдүн өзгөчөлүү жан-дүйнөсүн кылдат баяндап берүүсү, чоң турмуштун ар кандай жагдайындагы жаш балдардын иш-аркеттерин, дүйнө кабылдоолорун жеткилең көрсөтүү жана да алардагы ой-сезимдин калыптануусун, атуулдук жоопкерчиликтин түптөлүшүн таамай-так көркөм чагылдырып берүүсү менен айрымаланып турат. Ж. Осмонкуловдун бул багыттагы аңгемелери кыргыз балдар адабиятынын айдыңында токсонунчу жылдары келип кошулган көзгө толумдуу чыгармалардан болуп эсептелинет десек адилет эле ойду айткан болор элек.
Сөзүбүздүн акырында жазуучу Жапарали Осмонкулов «Күн кызарып батканда» деп аталган аңгемелер жыйнагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын изденип алууга көрсөтүлүп жатышы туура ишчара экендигин айтуу менен аталган жыйнак Жаштар сыйлыгына толук татыктуу деп эсептейбиз.
Ой-чабыты терең жазуучу
Адабият майданында ат салышкан кара сөз чеберлери мезгилдин агымына жараша алган өз орду менен кадырман окурмандардын баасына татып келет эмеспи. Азыр доор алмашкан сайын, турмуш жаңыланган сайын калемгерлердин да жоон тобу өсүп чыгып, арасынан өз үнү менен таанылгандары да бар. Буга чейин Совет доорунда чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, өзүнүн дараметин кара сөздө көргөзүп таанылган жаштар ошол мезгилдин баасына татыган болсо, кийин өткөөл мезгилде, рынок шартында өзүнүн чыгармачылыгы менен замандаштарынын арасынан айрымаланып көрүнгөн калемгердин катарына Жапарали Осмонкуловду кошууга болот.
Мен Жапарали Адашкан уулун жаштар прозасында чыгармачылык дарамети менен айрымаланып көрүнгөн өз үнү бар жазуучу катары жакшы билем. Анын калеминен жаралган очерк, эссе, аңгеме, публицистикалык ой-толгоолорун окуганда эле анын чыгармаларынын тилинин жатыктыгын, өзүнүн ой-туюму менен көп нерсени ошол жазылган чыгармага батырып, көркөм сөздүн кудурети менен сүрөттөп бере алгандыгын баамдоого болот. Дегеним, жазуучунун «Күн кызарып батканда» аттуу туңгуч китебинин республиканын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына татыктуу болушун анын чыгармачылыгына берилген жогору баа, тааныгандык деп билебиз.
«Эркинтоо», 24-ноябрь, 2000-жыл
А. Мурат
«Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»
Осмонкулов Жапарали Адашканович 1958-жылы Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулуп, өскөн. 1981-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун филология факултетин бүтүргөн. Эмгек жолун айыл мектептеринде мугалим болуу менен баштаган. 2000-жылы «Күн кызарып батканда» аттуу аңгемелер жыйнагы Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгына арзыган.
— Жапаралы мырза, азыр Кыргызстанда адабият барбы, болсо кандай багытта, кандай деңгээлде деп ойлойсуз?
— Кыргыз эли жаралгандан эле кол өнөрчүлүгү абдан өнүккөн, ыр жандуу, фольклорго бай, дүйнөлүк адабият казынасынын берметтеринен болгон «Манас» эпосу сыяктуу көркөм казыналарын муундан муунга чыпчыргасын коротпой сактап келаткан улуу калктардын катарына кирет. Албетте, Октябрь төңкөрүшү элибиздин жашоо багытын түп тамырынан өзгөрттү. Себеби илим-билим жолуна түштүк. Айыл чарбасы, өнөр жайы, маданияты өнүктү. Жазма адабияты пайда болду. Ч. Айтматов баштаган адабияттын улуу өкүлдөрү өсүп чыгышты. Арийне, совет доорунда адабияттын негизги багыты коммунисттик идеологиянын чордонунда жүргүзүлсө, кийинки он жыл ичинде идеологиясы жок эле келатат окшоп калдык. Анан калса чыгармачыл интеллигенциянын улуу мууну жаңы түзүлүшкө көнө түшүүсү кыйын болду. Жаштар даай албай турушат. Ортодо адабият өксүдү. Китептер чыкпай калды. Чыкса дагы аз, көзгө көрүнбөйт. Бир убакта кубаттуу адабият, маданият мурасы бар өлкө кичинеге каниет кылып, рухий жакырлыгын күнүмдүк басылмалар толтуруп келет.
— Учурда кыргыздар китеп окушбай калды дешет. Сиз ушул ойго кошуласызбы? Эгер окубай калса себеби эмнеде деп ойлойсуз?
— Окубай калды дештин өзү оор. Окуп жатышат, бирок анысы да ууру-кески, зордук-зомбулук, секс сыяктуу майдабарат, жеңил-желпи басылыштар. Себеби, сүрөөнчүлөрдүн сүрү менен чыккан басылмалар базар экономикасында анча-мынча товарга айланды. Толук кандуу көркөм чыгармалардын басмадан чыгуусу тозок. Ага олчойгон каражат керек. Олчойгон каражат жумшап чыгарган адабий чыгарманын куну өзүнөн жүз эсе кымбат турса аны ким окумак эле. Ушуга окшогон проблема ар кимдин башында бар.
— Совет мезгилинде жазуучулар коомдо активдүү күч эле, азырчы? Адабият коомду өзгөртө алабы?
— Оо, совет доорунда жазуучулар зор күч болчу. Чыныгы идеологдор, идеологиянын туусун желбиреткендер, иштөөгө, жашоого, алга умтулууга шык бергендер ошолор, ошолордун чыгармалары эмес беле? Анан эле бөлүнүп кетти. Идеология бир күндө тамам болду. Бир убакта жазуучулар күрдөөлдү эмгектин жарчысы, шыктандыруучусу катары жогору бааланып келсе демократиянын желаргы шамалы алардын маанисин төмөндөтүп жиберди. Бу жарыкчылыктын жакшы, жаман дасмиясы, ар бир жазуучунун калем учунда жүрөөрүн, ошол доор тарых болуп калаарын аңдабай жеңил бааладык. Мына ошол өңүттөн алып караганда мыкты жаралган көркөм жаралма доордун жарчысы, үлгүсү, тарыхы болуп калышы мүмкүн. Асти, коомду өзгөртө албайт, бирок зор катышы бар экенин танууга да болбойт. Анткени ошо доордун бардык акы-чүкүсү да ошо чыгармачыл инсандын жан дүйнөсү аркылуу өтөт эмеспи.
— Техника, компьютер өстү, а адабият өлдүбү? Деги, XXI кылымдын балдарына көркөм адабият керекпи?
— XXI кылым техниканын, компьютерлештирүүнүн кылымы болуп калуусу тийиш. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө Интернет айыл-кыштагына чейин жетти. Маалымат алуунун жаңы түрлөрү пайда болду. Компьютердин, техниканын жетишкендигин айыл чарба, өнөр жайында, агартуу кызматында, басма иштеринде билинерлик болгону менен ошол эле убакта аалам мейкиндигиндеги спутник аркылуу дүйнөнүн каалаган жерине бомба таштоого, имараттарын талкалоого, шпиондук кылууга да салым кошуп жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Бу жагынан алып караганда пайда канча болсо, зыяны да ошончолук экенин акылы бар пенде тана койбос. Менин жеке көз карашымда адам үчүн компьютердин ойлогону, чечкени, жыйынтык чыгарганы адамдын табигый ойлоосун, аткаруу жөндөмдүүлүгүн кыйла төмөндөтүп жиберет экен. Ошондуктан адам канчалык өнүккөн цивилизацияда жашабасын, ал баары бир табияттын кайталангыс сулуулугу менен сыймыктанаарын, маңдай тер гана анын рухий азыгын канааттандырып, тарыхка өткөн жашоонун алгачкы табигый түрүн эстетпей койбойт. Ошондо адамзат көркөм адабиятка кайрылат. Алар үчүн компьютер аткарган жумушту каалашпай өздөрү жасап көрүүнү самап калышат. Себеби, бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет. Ал эми XXI кылымдын балдары кандай көркөм адабиятты тандап алат-өздөрүнүн иши. Бирок мага бир нерсе айкын, алар техника ойлоп тапкан оюндарга караганда нукура адамдын колу менен жасалган эмгектерди, көркөм чыгармаларды жогору баалап, адам факторуна болуп көрбөгөндөй көңүл буруп калуусу тийиш.
— Жазуучунун куралы-тил, ал сиз үчүн эне тилиңиз. Ушул эне тилиңиздин учурдагы абалы тууралуу ойлоруңузду билсек…
— Ырас, азыр орус тилин танган эч ким жок. Орус элинин, орус тилинин көмөгү менен кыргыз эли XXI кылымга укуктуу өлкөнү куруп жаткан демократиялуу мамлекет катары кирди. Орус тили бардык жерде кеңири колдонулуп жатат. Ушу убакка чейин бир да жогорку, орто окуу жайлары кыргызча окутууга өтө элек. Жөнөкөй арыздан академиялык билимге чейинки документтер орусча жазылат. Кыргыздар атасын «папа», апасын «мама» дедиртип коюшту. «Апа», «ата» десе уялат имиш. Азыр арабыздан нукура тилде өз ойун айткан пендени табыш кыйын. Сөзсүз орусча аралашат. Мамлекеттик телерадионун берүүлөрүнүн 70% орус тилинде, орус тили жан дүйнөбүзгө аба менен суудай эле керектелип жатат жана да кадыры мурда болуп көрбөгөндөй артмакчы. Себеби, Эл өкүлдөр жыйыны орус тилине мамлекеттик статус берди. Аны Мыйзам чыгаруу жыйыны колдоду, эми Конституциянын 5-статьясына киргизилет. Ансыз деле көз алдыбызда жок болуп бараткан тилибизди орус тилинин алааматынан куткарып, сактап, өнүктүрүп калуунун жанталпасын кылуунун амалын жасабай, кайра таптакыр жок кылчу ажыдаарга салып бергенибиз жарабаган иш.
Кыргыздар өздөрү сүйлөбөгөн кыргыз тилин «оп» деп коет, жок кылат. Жолубуз туңгуюк, оң, солу аң. Ошон үчүн тил үчүн күрөшүүбүз зарыл. Байыркы элбиз деп байыркылыгыбызды далилдей албай, тилибиздин кесилип атканы, күчүн жоготуп баратканын, өз балдары өгөйлөп, жерип аткан мезгилдин ачуу, жок болуп кетүү күйүтү турганда дагы эмне дейин. Орустардын кыргыз жеринде келечеги жок үчүн кетип жатат дегенге ишенбе. Болбосо, Кытай, Казакстан, Россия чөлкөмүнө жүз миңдеген кыргыздар жакшы турмуштан кетип атыптырбы. Орустар да өз жеринен башка жерлерге миллиондоп кетип атышат. Жашоо ошонусу менен кызык. Жөн эле, кээ бир түркөй «киргиздердин» азабынан өз эне тилинен, Атажуртунан ажырап калгым келбейт. Кыскасы, Атажурттун кечиктирбей чеччү проблемасы көп, бирок «мен чече койчумун» деп шашылган эч ким жок. Жок, жок деп эле келатабыз (ошенте берип жоголуп кетпесек экен). Жакшылап ойлогон кишиге баары жетиштүү эле экен. Ошо бар нерсени орду менен пайдалана албаган өзүбүздөн чекилик кетип атат, мен мына ошого күйөм.
«Заман Кыргызстан» 21-декабрь, 2001-жыл
Жапарали
Жапарали жазуучу,
Кептин кенин казуучу.
Адабият майданда,
Чыккан акыл азуусу.
Жапарали журналист,
Мында болгон мударис.
Баш байгени алды деп,
Куттук айтып турган биз.
«Күн кызарып батканда»,
Эл тынч уктап жатканда,
«Өмүрдүн көз ирмеми»,
Жазылат таң атканча.
Кызыл чоктой сүйүү бар,
Кызыл-тазыл гүлү бар.
Жазуучуга табылар,
Жанрдын канча түрү бар.
Жапарали мырза адам,
Күл төккөн жер баспаган.
Китептерин жууп берет,
Чыга электе басмадан.
Атасынын уулу экен,
Алла Таала кулу экен.
Сандык толо аңгеме,
Капчык толо пул экен
Ишине так, тың экен,
Эптүүлүгү чын экен.
Кичинекей болсо да,
Булчуңдары чың экен.
Жапарали мыкты ата,
Ар өнөргө шыктуу ата,
Алты баланы өстүрүп,
Жаткан кези шу тапта.
Жапарали жазуучу,
Даңгыр жолдон качуучу.
Сөз кийигин атуучу,
Алдында көп ашуусу.
«Эркинтоо», 2001-жыл, 12-январь
Мамат Раимжанов
Кылым карытаАр көз ирмем
Адегенде азыркы көркөм адабияттын ал-абалы жөнүндө алты сап сүйлөм. Анткени, макалага жараша анын зарылдыгы бар. Учурда искусствонун көптөгөн түрлөрүнө караганда классикалык адабияттын, анын ичинде көркөм сөздүн прозалык түрүнүн акыбалы оор. Ушул жанрды аздектеген калемгерлердин бир тобу доор тогошкон учурдун кыйынчылыгынан улам, ары мезгил талабынан четтей албай прозанын «ширпотреб» модасына айланган ашмалтай фантастика менен кан-жини аралашкан детективге түшүп кетишти.
Сөз жок: фантастика да, детектив да кара сөздүн эң салмактуу, жаки популярдуу жанрларынан. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында бекеринен Жюль Верн, Даниель Грин, Александр Беляев, детективдин атасы Конан Дойлдар өлбөс-өчпөс болуп, түбөлүктүү калбагандыр.
Асыресе, океандын ары жагынан жана Батыштан келген балит, ыймансыз, жалжаңдаган жеңил-желпи кинофильмдер менен адабияттардын таасиринен улам биздин салабаттуу эле жазуучуларыбыз арзан баадагы нарксыз жанрларга түшүп кетишти. Азыркы адабият ушундай болуш керек окшойт дештиби, айтор, жазмакермин дегендердин көпчүлүгү адам өмүрүн тоок сойгондой сүрөттөшүп, конкреттүү персонаждардын төшөгүнө чейин кошо жатышкандай, аял-эркектин интимдик байланышын эбегейлери эзиле жазып жатып калышты.
Анткени, бул үчүн, биринчиден, көп деле талант менен акылдын кереги жок, экинчиден, көргөн порнофильмдердин, детективдердин таасиринен улам анчалык фантазия коротуп деле убара болбойсуң. Өзүнөн-өзү пайда болгон калп сюжеттер биринин артынан бири келип, жазып үлгүрө албай калган учурларың болот.
Ал эми чыныгы көркөм адабиятты жаратуу кандай тозок да, кандай машакат. Сөзсүз, бул үчүн талант да, билим да, эмгек да керек. Анын үстүнө азыркы күндүн оор турмушу жазуучуларды кыйын кезеңге каптап койгонун да моюнга алуу парз. Өзгөчө, куду ушул жагдай чыныгы адабияттын кендирин кесип жатат.
Арийне, эл болгондон кийин өзүнүн нарк-нускасы бар, улут болгондон кийин классикалык жазма адабияттын тарыхын улантып, чыныгы көркөм дөөлөттү медер туткан жазуучулар чыкпай койбойт.
Ушундай калемгер-Жапарали Осмонкулов. Себеби, анын жаңы чыккан, сыясы кургай элек экинчи жыйнагы «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебин окуп чыккандан кийин жогоркудай пикирге келбей койбойсуң.
Жапарали Осмонкуловдун ысымы атпай журтка кенири маалым. Дегеним, 1993-жылы жарык көргөн «Күн кызарып батканда» аттуу аңгемелер жыйнагы таланттуу жазуучуну ошондой эле эл арасында кеңири таанылтып, анын чыгармачылыгы жөнүндөгү макалалар аттуу-баштуу басылмаларга байма-бай басылып келет. Ал эми 2000-жылы кылым тогошоор маалында жазуучунун жогорку жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы (мурунку Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгы) тапшырылган эле.
Ошентип, Жапарали Осмонкуловдун экинчи-«Өмүрдүн көз ирмемдери»аттуу китеби колго тийип отурат.
Жапаралинин жаңы китебинин көркөмдүгү ушунда-аны башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыгасың. Биз чыгармаларын тамшанып окуп жүргөн, кечээ эле дүйнө салган орустун улуу жазуучусу Василий Шукшин айтмакчы, мыкты аңгемени же чыгарманы окуганда бир стакан аракты дем албай тартып жибергендей болосуң. Мен, албетте Жапаралинин аңгеме-повесттери менен аракты даңазалагым(өзгөчө Кара-Балтаны) келбейт. Мен болгону кыргыздын менталитетине ылайык сөздү айткым келет. Ж. Осмонкуловдун жаңы жыйнагын окуп чыккандан кийин Кара-Кулжанын бир чанач кымызын ичпесең да, бир сыр аяк кымызын дем тартпай жутуп жибергендей болосуң. Анын жаңы китебинин күчү мына ушунда.
Китеп «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген чакан бөлүктөрдөн турган эсселер менен башталат. Адабиятыбыздын тажрыйбасы менен тарыхында «эссе» деген терминдин киргенине аз эле өттү. Эссенин чыныгы теориялык адабий багытында иштеген жазуучулар да көп эмес. Дайыма адабий жаңылыктарды арбын колдонуп, фольклордук тажрыйбасынан пайда болгон классикалык адабияттын жаңычыл карлыгачтарынын пионерлери К. Жусупов, маркум М. Гапаров жана башкалар бул жанрдын үрөнүн аздыр-көптүр сээп коюшкан. Очерктин татаал түрүнө окшогон эссе жанрын ийне-жибине чейин талдап, көркөм туундулар аркылуу көрсөткөн жазуучулар али бизде аз. Ошондуктан ушул кезге чейин очерк, автобиография, эскерүү, мемуар сыяктуу жанрларды эссенин деңгээли менен бирдей кароонун типтүү өнөктөрү көрүнүп жүрөт.
Өмүр баянындагы тагыраак айтканда башынан кечирген окуяларын сыдыргыдан салып өтүүдө, ар бир окуяга, өзү күбө болгон жөнөкөй эле турмуштук тамчыларга баа берүү өтө кыйын. Адам баласы күн сайын кандайдыр бир жаңылыкты ачып турат. А бирок, ага түпкүлүктүү негизинде тигиндей-мындай деп, ошол өзү күбө болгон кичине көрүнүштөрдү бар же жок деп окурмандарга тартуу кылышы андан да кыйын.
Биз жалаң эле теорияга ыктап туруп алгыбыз келбейт. Конкреттүү жанрлар деп аталган эскерүү жана мемуардык ыкма өткөн окуяларды карандай кайталоо менен четтелсе, эссе ошол өткөн окуялар аркылуу адам баласына эстетикалык ой-жүгүртүүгө түрткү берет. Башкача айтканда, фактыларды констанциялап гана тим болбостон, андан жыйынтык чыгарууга жол көрсөтөт.
Жапаралинин чакан аңгеме-эсселериндеги артыкчылык да ушунда: жазуучу өткөн-кеткен балалыгын, жаштыгын, турмушун, көзү көргөндөрүн, күбө болгондорун көркөмдөп отуруп, жөн эле жыйынтык чыгарууга жардамдашпастан, окурмандын руханий, нравалык-эстетикалык башатын тазалоого көмөк көрсөтөт.
Эми жалпы сөздөн же теориялык-адабий сыпаттамадан конкреттүү айрым бир мисалдарга өтөлү.
Адамдардагы ишеним-турмуш менен жашоодогу бирден-бир түркүк. Арийне, бул түркүктү урматтабай, урматтамак турсун аны элес албай тебелеген учурларыбыз көп. Ушунун айынан күндөлүк ирээнжүү, көңүл калуу, ыпластык адамдар арасында терс көрүнүштөрдү күчөтүүдө.
«Турсам кар борошолоп жатыптыр», -дейт жазуучу. Чамасы, сыртта алай-дүлөй түшүп жатса керек. Ошентип, бир аз кечигип, автобекетке келсе, макулдашып койгон таксиси аны күтпөй, салып койгон анча-мынча жүгүн да таштабай кетип калган болот. Автор командировкасынан да кечигип, жүгүнөн да айрылып отуруп калат.
Бир окуганда анча деле таасир калтырбаган, күн сайын эмес, саат сайын кайталанып, ага өзүбүз күбө болуп жүргөн толгон-токой окуялардын бири. Бирок, жогоруда айткан ишенимдин үзүлүшү, алдоонун, туруксуздуктун көңүл ириткен көрүнүшүн мындай жөнөкөй, мындай ынанымдуу берүү кыйын.
Социалдык-нравалык тема жазуучунун жаңы жыйнагынын лейтмотивин түзүп турат. Эсседеги ар бир чакан аңгеме-баяндаманы окуган соң, анын идеялык багыты куду ушул социалдык-нравалык, рухий бийиктик жөнүндө экенин илгертпей байкоого болот.
Жогоруда биз мисал келтирген эпизоддогудай окуялар жыйнакта бир топ. Мисалы, андай аңгемелер катары Каракулжа орто мектебинде окуп жүрүп кой сарай тазалаганын, айылдагы жаңы күркүлгө айланган классташын, 9-троллейбуста кетип бараткандагысын, Ала-Белден кол көтөрүп түшүп алышкан үч келиндин сөздөрүн, Чолок-Коодон чөп сүйрөгөн учурун сүрөттөгөн эпизоддорун алсак жетиштүү болот.
Ж. Осмонкуловдун аңгемелери айыл жыттанып турат. Бийик тоолору шаңкайган элет жеринин түгөнгүс кооздугу, анда жашаган адамдардын калбаат жүрүм-туруму, айыл турмушунун өзгөчө палитрасы көзгө дапдаана тартылат. Тоолуктардын мүнөзү жазуучунун аңгемелериндеги ар бир каармандын сүйлөгөн сөзүнөн, бири-бирине жасаган мамилесинен таасын көрүнүп, ал адамдар менен эзелтен бери аралаш жүргөндөй, өзүңдүн жакын таанышыңдай таасир калтырат. Ырас, аңгемелердин сюжеттери кыска, көлөмдөрү чакан, арийне, андагы ар бир персонаж бир эле көрүнсө да сенин эзелки жакын адамыңдай эсиңен чыкпай калат. Балыкчы Сулайман, амалкөй Турумбек, алайкуулуктарча сүйлөгөн Осу аба, аңгемеге түшүнбөгөн Ризван, көлөкөдөн корккон Адилбай аксакал, комиссар Таштан жана башка персонаж-каармандар көпкө чейин эсиңден чыкпайт.
Жазуучунун дагы бир өзгөчөлүгү-жаратылыш темасын, пейзажды художниктердей сүрөттөп бере алгандыгында. Дегеле, жаратылыш, анын али белгисиз сырлары, кооздугу, өзгөчөлүгү, таасири, сыйкырдуу белгисиз жактары-Жапарали жазуучунун стихиясы.
Ала-Тоонун көк жашыл тоолору, асман тиреген аскалары, бүркүт түнөгөн зоолору, тулаңы, буралган өндүрлөрү, кашкайган суулары, көнөктөгөн нөшөрү, сары күрөң тарткан адырлары, жыты буркураган арча токойлору, деги кыскасы, Кыргыз жеринин кайталангыс ажайып керемети, толкуган Көлү окурмандын жүрөгүн булкуп өтөт.
В. Белов айтмакчы, жаратылыш-адамдын аң-сезимин гана тазалап, рухий-нравалык таасирин күчөтпөстөн, адамдарды патриоттуулукка тарбиялоонун бирден-бир булагы. Ошондуктан, Ж. Осмонкуловдун бул табылгасын (жаратылыш темасын) өтө оңунан чыккан адабий ыкма деп айтып койсок болот.
Кыскасы, «Өмүрдүн көз ирмемдериндеги» бир кезикчү окуялар, эпизоддор адам өмүрүнүн бүтүндөй басып өткөн жолуна салыштырганда кыпындай бир мезгилдин күкүмү. Арийне, кээде көз ирмемдеги бир эле окуя кылымга тете таасирди калтырат эмеспи…
Жазуучунун «Комиссардын жез тумшугу» аттуу көлөмдүү чыгармасы азыркы кездеги эң модалуу-жаратылыштын таң калаарлык кубулуштарына, адам менен табышмак күчтөрдүн мамилелерине арналган. Асыресе, өтө жооптуу бул темага жазуучу фантазиясын, уламыш-жомокторун агытып жибербестен, өтө олуттуу, реалдуу салттардын негизинде сүрөөттөөгө аракет кылат.
Азыр мындай темада экилентип, көбүртүп-жабыртып жазгандар козу карындай жамырап кетти. Бул боюнча атайын басылмалар да чыгып, теманын ашмалтайын чыгарып жиберишти. Антсе да, Ж. Осмонкуловдун аталган повести бул сырдуу дүйнөнү бөлөк ракурстан, башка өңүттөн чагылдырып турат. Муну көп кайталап, окула элек чыгарманын кызыгын кетирбестен, окурмандын өзүнө коелу. Окуп, мазе кылышсын!
«Эркинтоо» 11-декабрь, 2002-жыл
Сүйөркул Тургунбаев
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
Көркөм проза майданында Жапарали Осмонкулов жаш адамдардын дүйнөсүн жигердүү чагылдырган чыгармалары менен өз ысымын танытып келаткан калемгер.
1993-жылы жарык көргөн «Күн кызарып батканда» аттуу китеби үчүн келечегинен үмүттөндүргөн жазуучу катары Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгына татыктуу болгон. Өзү аралашып жашап жаткан турмуш чындыгын прозаиктик зирек көз менен көрө билүүсү, реалдуу окуяларды сөз күчү менен сүрөттөө аркылуу замандаштарынын рух дүйнөсүндө эстетикалык таасир жаратып, аны коомдук активдүү ой-сезимдерге багыттай алгандыгы-автордун индивидуалдуу усулдук бөтөнчөлүктөрүнөн болуп саналат. Мындай стилге ар бир сүрөткер жеңил-желпи жетише албастыгын, буга көп машакаттуу эмгек, эксперименттик этаптар талап этилерин көркөм өнөр адамдары жакшы билишет. Кара сөздө өздүк усулга ээ болуу туурасында атактуу америкалык жазуучу Уильям Фолкнер дээрде болгон нерсени кысылбай, кыйналбай кагазга түшүрө берүү оң, бара-бара бир нече баскычтардан соң калемиңер төшөлүп, жекече усулуңар иштелип чыгат деген таризде насаат айткан.
Жапарали Осмонкуловдун «Бийиктик» басмасынан жакында жарыкка чыккан «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебиндеги чыгармалар автордун жогорудагыдай эксперименттерден өтүп, өз басыгына түшүп, өз жолун таап калгандыгынан кабар берет… Турмуштук түркүн тагдыр, көрүнүш, окуяларынан иргелип алынган эссе мүнөзүндөгү аңгемелер окурмандарды түрдүү ой-сезимдерге, санааркоолорго, абалдарга кабылтып, социалдык активдүү позицияларга чакырат.
Көңүл коюп, парасат салган кишиге жердеги жандуу тиричилик да аалам космосу сыяктуу түпсүз жана чексиз. Ар бир сүрөткер анын боз чаңынан, чааралекей мухитинен бир кырын ачып көрсөтөт. Ар бир кубулуш, көрүнүшүнө, инсандын турпатына жана ички рух насилине боек сүртүп же бир идея ишараттап, кан-генинен бүткөн кунарын сөз кудурети аркылуу тартат. Жазуучу же художник тарабынан кейипкердин турпатына ишаратталган көркөм ойдун, мазмундун өзү-идея.
Бир сүрөткер инсан жашоосунун драма-комедияларынын негиздерин түргүлөп, чымчыкчаарын чыгара жазууга ынтаалуу болсо, экинчи бири ага өзүнчө көркөм-эстетикалык шарттуулуктун мыйзамченемдерин пайдаланып, белгилүү бир идея жаратууга маш, ошону кредо тутат. Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгынын мүнөзү сүрөткерликтин биринчи түрүнө жакыныраак десек болот. Турмуштун, өтүп жаткан өмүрдүн чырпымдарын чагылдырган эссе-аңгемелери, «Канкор желдет» жана «Комиссардын жез тумшугу» ушуга далил. Биринчи повестте желдеттин таңкаларлык турпатын ичкерисинен ачып көрсөтүү менен адам деген «макулуктун» канчалык көп кырдуулугун каңкуу этип, окурмандын көзүн ачат.
Экинчи повестиндеги адамдын кимдигин жапайы табияттын койнунда, кыйын-кезең, кооптуу кырдаалдарда туш-тарабынан сынап көрүп, кейипкерлерин жазмыштын тарткылыгынан киши кийикке айланып кеткен, бийик зоо беттериндеги жапайы үнкүрлөдө, айбанаттар менен бирге күн көрүп калган тукумдаштарына туш кылып, жаратылыш менен адамдарды бири-бирине ушунчалык жуурулуштуруп сүрөттөөгө жетишкен. Буга чейин адабиятыбызда Теңир берген Кыргыз адабиятынын керемет көркү, улуулугу жана ыйыктыгы сүрөттөлүп келсе да, жапайы адамдар катышкан шумдуктуу окуялар жана көрүнүштөр мындагыдай реалдуулугунда, окурманды таңкалтырарлык деңгээлде ачып көрсөтүлбөгөн эле. Жумшактап айтканда, Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу прозалык бул жаңы жыйнагы анын чыгармачылыгынын өсүү жолундагы урунттуу этабы катары бааланууга тийиш.
«Заман Кыргызстан» 14-март, 2003-жыл.
Т. Самудинов,
«Байчечекей» журналынын башкы редактору
Балдар дүйнөсүн аралап
Соңку кездерде балдар китептеринин текчелери үзүл-кезил болсо да кызыктуу жыйнактар менен толуктала баштаганы кубанычтуу көрүнүш. Мына ошондой жаңылыктардын бири деп таланттуу жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!» аттуу китебин айтар элем.
«Балдар үчүн чыгарма кандай жазылат?» деп сураганда, бир классик айткан экен: «Чоң кишилер үчүн жазылгандай эле, бир гана айрымасы-жакшыраак жазылат». Бул принцип бул жыйнакчанын авторуна да тиешелүү. Жапарали бүгүн кыргыз окурмандарына «Күн кызарып батканда», «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген олуттуу китептери менен кеңири таанымал автор. Бул чыгармаларынын салабаттуу Жаштар сыйлыгына арзыгандыгы бекеринен эмес. Демек, калемгерлик тажрыйбасы жагынан ал бир топ такшалуунун мектебинен өттү деп батынып айтууга болот.
Бирок, балдар үчүн, асыресе-бөбөктөр үчүн жазылган чыгармаларда бир өзгөчөлүк кызыктуулук зарыл талап. Баланын дүйнөсү-оюн. Демек, оюн жалаң гана оюнчуктар аркылуу эмес, сөз оюндары менен да уюштурулушу керек. Кичинекей окурман ойноп жатып дүйнө тааныйт, түшүнүгүн кеңейтет, касиеттүү эне тилибиздин кудурет-күчүн, байлыгын сезет.
Бул ыкманы Ж. Осмонкулов өтө билгичтик менен кылдат пайдалана алган. «Күкүк» деген чакан аңгемени окуп жатканда бөбөк тамгалардын сырдуу-дүйнөсүнө кандайча киргенин байкабай калат. «Күкүк» деген беш тамгадан турган бул сөздө «к» тамгасы үч гана жолу эмес, жүз жолу кайталанып айтыларын аңдап, өзү да ошондой сөз жасоого ниеттене баштайт. Окуянын кызыктуусу, табышмак кылып улоого аракеттенет. Кыскасы, -авторлош болууга дилгирлентет. Балдар адабиятынын башкы милдеттеринин бири-ушул. Бул өңүттөн алганда Жапаралинин чыгармачылык ийгилигин куттуктоого толук арзыйт.
Экинчи бир жагдай. Учур-цивилизациянын чабуулунуку. Ай санап эмес, күн санап балдар дүйнөсү ошол багыттын атрибуттары менен жашап жатат. Элет турмушунун керемет кооздугун, эне тилибиздин күн жеткис казынасын көрбөй, сезбей жашаган өспүрүмдөр көбөйүп баратканын өкүнүч катары айтып калабыз. Шаар адамынын тиричилиги тар жана бир беткей. Анан да соода-сатык жан дүйнөнү жардылантып салмасы бар. Ушундай шартта бир гана жансоога-көркөм адабият. Айрыкча, наристенин сонундар дүйнөсүнө астейдил жетелеп кирчү китептер. Демек, жазуучунун ролу баштагыдан да бараандуу. Бул ролун жаңы жыйнагы менен Жапарали Осмонкулов аткара алды деп айтаар элем.
Үчүнчүдөн-баланы зериктирбеш үчүн окуяны зериктирбей баяндоо зарыл. Автор стили, манерасы канчалык сөзгө сараң, ойго мол болсо-окурман башын албай окуйт. Балдар адабиятынын көп жылдык тажрыйбасы муну эң сонун ырастап бере алат.
Жапарали өзү кыргыз элинин каада-салты, нарк-насили, тил байлыгы бүгүнгө чейин бузулбай сакталган алыскы Каракулжа тоолорунун койнунда чоңойгон. Анын кооз жаратылышы, элинин үрп-адаты, тилдик өзгөчөлүгү жазуучунун ар бир чыгармасында даана сезилип турат. Капканга капылет чабылган карышкыр жөнүндө жазабы, тосток көз ийнелик жөнүндө жазабы, аксак таранчы жөнүндө жазабы, баарында тең балалык аео, боорукерлик сезим айкын байкалат, окурмандын жүрөгүн далайга жаралайт. Мукам күүнүн кайрыгындай кыска аңгемелеринин аягын ар ким өзүнчө улайт, саптардын арасында катылган ойлорду ар ким өзүнчө издейт. Бул-сүрөткерликтин мыкты ыкмасы. Калемдин мындай чеберчилигин өрнөк катары белгилөө да артыкбаштык кылбас деп ойлойм.
Жыйнактагы дагы бир сүйкүм көрүнүш-жасалга. Мукабадан баштап ар бир аңгеме тартылган сүрөт тексттерге кошумча ыраң, кошумча таасир берип турат. Бул ишти тажрыйбалуу, шыктуу сүрөтчү Султанбек Макашов ойдогудай аткарган. Жыйнак кичинекей окурманга тургай, чоңдорго кызыктуу экендигин таанышып чыккан ар бир адам кепил өтө алат Айрыкча, класстан тышкаркы сабак өткөргөн мугалимдерге эң оңтойлуу курал болорун айта кетели.
«Эркинтоо», 6-апрель, 2004-жыл.
Асан Жунусов
Төгө бер, Жамгыр!
Балдар китептери тарбия үчүн жазылат. Келечек ээлерибиз жаш муундарга, балдардын баео дүйнөсүнө бап келген чыгарма жаратуу айтканга оңой, жеңил көрүнгөнү менен турмушта таптакыр башкача. Балдар үчүн жазуу да алардын жан дүйнөсүн терең билген, сезимтал, кыялкеч оптимист жазуучу болуу керек. Анткени жаш жеткинчектердин чыныгы инсан болуп калыптануусунда ошол автор тартуулаган ыр болсун, жомокпу, аңгеме же тамсил болсун балдардын жан дүйнөсүн козгоп, руханий жактан таасир этпей койбойт. Балдар өзгөчө бир кызыктуу көрүнүштөргө кызыгып, баарын билгилери келип өтө ынтызар келишет. Ошондуктан да аларды бекеринен турмуштун эртеңки ээлери, жаратуучулары деп аташпайт. Балдар адабиятындагы чыгармаларда күлкү, юмор, оптимизм орун албаса алардын көңүлүн алуу кыйынга турат.
Бүгүн биз сөз кылып жаткан кесиптешибиз Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Жапарали Осмонкуловдун балдар үчүн жазган жаңы китеби «Төгө бер, жамгыр!» - деп аталат. Бул көркөм-адабий китепте Атажурт айдыңы, кооз жаратылыш, андагы жан-жаныбарлардын сырлары, өзгөчөлүктөрү сүрөттөлүү менен бирге жаш муундарды ата-бабалар салты боюнча тарбиялоого үндөгөн чакан аңгемелер берилген.
«Кышты ким ызалайт?» аттуу аңгемесинде кышты чыдамсыздык менен күтүшүп чана тебүүгө кызыккан балдар кереметтүү кыш чилдесинин каарына кайыл болушуп, үшүгөндү да унутушуп оюн салышкандыгы чебер сүрөттөлүп берилген. «Жамгыр», «Короз» сыяктуу ж. б. аңгемелеринде да автор айтайын деген ойюн жеткинчектерге таасирдүү сөз менен жеткире алган. Белгилей кетчү дагы бир жагдай- китепте ар бир аңгеме өзүнө жараша, ылайыктуу сүрөттөр менен коштолгондугунда. Бул вазыийпаны белгилүү сүрөтчү Султанбек Макашов чебер аткаргандыгын да баса белгилеп кетүүгө болот. Муну китепти колуна алган ар бир окурман байкабай койбойт. Баса китептин өзү, көлөмү, форматы да балдарга арналып жасалып жасалгаланган. Кийинки кездерде дегеле жаштар, тестиер балдар үчүн жазылган чыгармалар азайып, баары эле детективдер менен криминалдык чыгармаларга ооп жаткан кезде кесиптешибиз Ж. Осмонкуловдун китебинин жарык көрүшү жакшы жөрөлгө болуп колдоого ала турган көрүнүш болду десек болот. Анткени Жапарали өзү Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, балдар дүйнөсүн жакшы билет. Балдар адабияты тарбия үчүн жазылат дегендей автордун чоң чыгармачылык жолу дал ушул жаш муундарга тарбия берүүдөн башталгандыгын эске алсак, демек Жапарали тарбия улуу иш, ал балдар адабиятынын ыйык милдети экендигин унутпай эске алып, аз да болсо өзүнчө эмгек жаратканы авторду жаңы чыгармачылык нукка салгандыгынан да кабар берип тургансыйт. Айтмакчы, бул автордун үчүнчү китеби. Сөз соңунда авторго чыгармачылык ийгилик каалап, зор эргүүлөр менен дагы да, мындан мыкты чыгармаларды төгө берүүсүнө тилектешпиз.
«Эркинтоо», 13-апрель, 2004-жыл
Ильгиз Талип, жазуучу, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
Бул биз жашаган жарык дүйнөнүн канчалык көөнө дегенибиз менен, күнүмдүк турмушта адам баласы үчүн түркүн жаңылыктар ачылып турбаса, анын кызыгы жок болуп калар эле. «Күнүнө бир укмушту укпасаң, кулагың керең болуп калат» деген сөз да бекеринен айтылып калбаса керек. Анын сыңарындай бир эле майданда кесиптеш, каруулаш эле болуп жүрүп, атүгүл жакшы ымалада экениңе да карабай, ошол инсандын чыгармачылык дүйнөсүнө үңүлгөнүңдө бир жаңылык ачылбай койбойт. Мен таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы менен таанышып чыккандан кийин жагымдуу таасирлер калып, өзүм үчүн жаңылык ачкандыгымды жашыргым келбейт.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылыгында баса белгилей кетчү жагдай- калеминин кадимкидей төшөлүп, өз почеркине ээ болуп калгандыгы. Адатта адабият майданына киргенде башкалардан айрымалангысы келип (аны өз стилим деп), обу жок ойкуштануу менен чыгарманын архитектоникасына доо келтирип алышат. Эссе жанрынын да өзүнө мүнөздүү усулдары бар. Бул өңүттөн алып караганда, Жапарали аны мыкты өздөштүргөн жана чебердик менен уруна билет. Ал бүткүл адамзатка тиешелүү проблемалар жөнүндө ой жүгүртөбү, же жеке адамдар ортосундагы адеп ахлактык мамилелерге кайрылабы-кыргыз кыртышынан өнүп чыккан олуттуу олуялык накылдар жаралгандыгын кыйкымчыл окурман баамдабай койбойт. Эсселердеги куйкум сөз, жылмаюу жараткан юмор да ата-бабадан калган көркөм сөздү аздектөө салтынын алгоолонгондугун айгинелейт. Буга Хо Ши Миндин устаттарынын артынан о дүйнө аттанышы жөнүндөгү ой түрмөгү эле мисал болчудай. Анан адам эмнеге жаралып, эмне үчүн жашайт? деген ар бир атуулду сестентчү суроо коюлат. «Аттиң-дейт автор, - Кудаанын жараткан пендеси кай дүйнөдө болсо да тынч, бейкуттукта жашай албайт көрүнөт» …Мына ушул жүрөк мыжыккан көйгөлүү маселе эсселердин баарында кызыл өзөк катары өтүп, автордун жандүйнөсү тарткан ташпиши таасын чагылат.
Таланттуу калемгердин кыргыз адабиятындагы эссе жанрын өнүктүрүүчүлөрүнүн чыгаан өкүлү экендигин белгилөө менен анын азыр модада жүргөн укмуш окуялар (приключенческий) жана фантастика жаатында да жигердүү эмгектене аларлыгына далил болорлук татыктуу чыгармалары бар экендигин айткыбыз келет. Чыгармачыл майданда ар ким батына бербеген бул «дыңга» К. Эсенкожоев, Б. Сартов, Э. Өмүракунов сыктуу көйкашкалар «тиш салып», өз алына жараша чыйыр ташташты. Арийне, абалтадан Шекспирдин айтуусу боюнча өнөр Адамы өнтөлөп казый берчү бир эле тема бар. Бирок Г. Тукай: «Махабат алмаңги нерсе, лекин ар бир жүрөк аны жаңыртат»-деп айткандай бул турмуштун өзү талантка жаңы кыры менен көрүнүп, таң каларлык жактарын тартуулай берет окшобойбу. Мына биз тоталитардык коомдун не бир мерестик зобундары жөнүндө тарыхый маалыматтарды алдык, алардын архивдик күбөлөндүрүүлөрүн көрдүк. Бирок, жүрөк үшүн алып, үрөй учурган ошол доордун күбөсү боло туруп, анын каары канчалык болгондугун кийинки муундарга жеткире алабызбы?
Муну биз Ч. Айтматовдун «Кылым карыткан күнүнөн» кеңири масштабдуу тартылган полотнодой көз алдыга келтирип, жандүйнөбүз аркылуу өткөргөнбүз. Ал чыгарма доордун санжырасы катары бааланып, бүткүл трагедияны айкын чагылдырганы үчүн дүйнөлүк резонанска ээ болгондугу бекеринен эмес эле. Арийне, ал системанын адам тагдырын талкалаган апааттары жөнүндө айтып бүтүүгө болбойт окшойт. Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдет» повести да ошол темага арналып, анын каарманы катары айыпсыз репрессияга кабылып, ак жерден атууга кеткендерди жаздап турган желдет алынган. Ал революциянын учурундагы кымкууттан эң жакын адамдарынан, бактылуу балалыгынан айрылып, ит көрбөгөн кордукту көрөт, турмуштун түркүн капшабына кабылат. Мунун баары анан жүрөгүндө өч, өчпөгөн так калтырат. Бир чети жашоо үчүн күрөштүн айынан анын акыркы баш кесер болуп калышы деле мыйзамдуу сыяктанат.
Турмуштук бул коллизиялар чыгармада ынанымдуу берилип, кейипкердин таржымалынан ойдон чыгарылган окуяларды таба албайсың. Бирок, ошол азезилге айланган пенденин да көөдөнүндө көл түбүндөгү берметтей асылдыктын бир тамчысы калган экен. Аны алыскы Ала-Тоодон абактагы атасын издеп барган Айша аттуу кыз ойготот. Албетте, репрессиянын Азрейилине айланган Павел Букреевдин күнөөсү бир жолу тообо келтирүү менен жуулуп кетпеси белгилүү. Аны ошого жеткирген ырайымсыз бийлик, анын көрүндөгү тап душманы санаган саясаты. Букреев ага кың этпес курал гана болуп берген. Бирок, турмуштук ар кандай перипетияларга кабылып жатып, ошол канкордо адамдык сезим ойгоно берет. Анын өзүнүкүнө кошуп төрт жетим баланы багып өстүрүшү да ошого себеп болот.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык ампуласынын көп кырдуулугун аныктаган фантастикалык повесть «Комиссардын жез тумшугу». Анда окуялар улам чиеленишип олтуруп, окурмандын бүйүрүн кызыта берет. Автор өз жеринин энчиси сыңары бир ажайып дүйнөгө жетелеп, кыргыз Ала-Тоосунун адам буту баспаган булуң-бурчуна алпарып, сыйкырдуу сырлары менен тааныштырат. Повестте баяндалгандар канчалык даражада чындыкка жатаарын териштирүүнүн кажети жок. Анткени, биз баарыбыз укмуштуу жомокторду угуп чоңойгонбуз. Бирок, мындагы окуялар тарыхый чындык менен фантастиканын ширөөсүнөн бүткөндүктөн, кадимки көркөм чыгармадай кабыл алынат. Акыйкатында кыргыз жергесинде ар кандай уламыш-аңыздар айтылган аска-тоолор, көлдөр, ашуулар аябагандай арбын. Атыгүл «Кожожаш» дастаны да ошолордун бир варианты эмеспи. Ал эми «Эр Төштүк» эпосунун сюжети бүтүндөй эле мифдик окуялардан куралгандыгын эске алсак, укмуштарды жаратуу табигат күчтөрүнөн калтаарыган караңгы элге мүнөздүү болгон. Бирок, ошондо да ага негиз берген көрүнүштөр сөзсүз болгон. М: азыр деле кар адамы (снежный человек) жөнүндө далай талаш-тартыштар (учуучу табактарды айтпаганда да) жүрүп келүүдө.
Ушул позициядан караганда жез тумшук окуясы реалдуу да сыяктанып, окурман оборун ого бетер кызытат. Биздин айталы дегенибиз-автордун кайсы жанрды качырбасын өзүн дасыккан калемгер катары көрсөтө алгандыгы. Көркөм чыгарманын компоненттеринин бири- тил байлыгы болуп эсептелет. Жапарали бул жаатта «чоң байлыктын» ээси экен. Ошол кордон чебердик менен пайдалануу чыгарманын образдуулугун, таасирдүүлүгүн ого бетер арттырып отурат. Акырында айтарыбыз-бул аталган жыйнактын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, иргөөнүн экинчи туруна өткөндүгү. Келечегинен үмүткөр кылган көйкашка калемгерди мен бул сыйлыкка татыктуу деп эсептеп, ага ыйгарылышы адилеттикке жатмак дээр элем.
«Кыргыз Туусу», 11-14-июнь, 2004-жыл
Максатбек Казакбаев
Көкүрөгү көркөм калемгер
Китеп дүкөнүн аралап жүрүп, ошончо китептердин арасынан таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Адашкан уулу Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китебине көзүм түштү. Адегенде, барактап көрсөм башынан өткөргөн кездерин күндөлүккө такай жазып, анан кийин эсселерге айланткан чыгармадай таасир калтырды. Мен өзүм дагы күндөлүктөр жазам, ушундан уламбы, дүкөндүн нары жагына терең сүңүп кирбей эле, пулдадым да, үйгө келип окуй баштап, аябай кызыгып бир отуруш менен окуп чыктым.
Автордун чынчылдыгы, көргөн-билгенин эч жашырбай, болгонун болгондой, бирок сулуу, көркөмдүктө баяндаганы мага жакты. Баарынан ишенимди эң жогору баалайт. Мен күндөлүктөрүмө: «… Сенин улуу башталыштарга шыктандырган келечегиңдин келечеги, тагдырыңдын бактысы, жан дүйнөңдүн ачкычы, жашооңдун көрөр көзү ишеним. »-дегенин көчүрүп жаздым. Ырасында эле адамдын ишеними мага, сага окшогондорго жол көрсөткөн, рухий тирөөч болгон, кыйынчылык башка түшкөндө демиңе-дем, шыгыңа-шык кошкон улуу күч эмеспи.
Жазуучу өз өмүр жолунан учураткандарынанбы же бирөөлөрдүн башынан өткөргөндөрдү жаздыбы, тек, иниси менен кой кайтаргандагысын жазабы баары көркөм жазылган. Менин да илгерки жайкы каникулда Таластын Балачычкан, Чоңчычкан жайлоолорунда Ашыр таякем менен кой кайтарышканымды эсиме түшүрдү. Биз да ошондо челегибизден айран куюп ичип, нан жеп отуруп апаларыбызды эстеп, «бүгүн үйдө сарымсак кошуп манты жасашат» деп кеп кылганбыз, айылдын үстүнөн туруп, «кимибиз кыйынбыз, кана, мелдешеличи» деп, колдорубуз талыганча таш ыргытып ойногонбуз, көп-көк чаңкайган асманда канатын каалгытып бизгече чачылган чакмак таштардай чаржайыт оттогон койлорубузга көз салып учуп жүргөн бүркүткө узакка-узакка карап суктанганбыз.
Жазуучу бир кезде «Таласка командировкага барыптыр». Бул эсседен улам: «Ошол командировкасына эмне максат көздөп барды, Ашыр таякеме жолукпады бекен?» деп ойлодум. Анткени, таякем төбөсү көрүнүп келаткан Таластагы жаш фермерлердин биринен болчу.
Айтор, Жапарали Осмонкуловдун кайсы эссесин окубадым, түзбү, каймана түрүндөбү-өз жашоомо салыштыра берем.
Жазуучунун Ата Журтту, Теңирчиликти, өмүр-өлүмдү, сүйүүнү, кайгы, капа-кубанычтарды таасын элестеткен эсселерин окуп жатып кусаланасың, эргийсиң, демденесиң, шыктанасың. «Тоо болуп келип, тоо болуп кетиш үчүн» бирдеме жасаш керек да, ошол тоолорго тарткылыктай, тоолор сыймыктангандай артыңа из калтырууга тырышып, аракеттениш керек да. А күндөр, жумалар, айлар, жылдар биринин артынан бири чууруп кур-жалак агылып өтүүдө…
Жазуучунун ушинтип окурманын терең ойго батырганы, мажбурлаганы чоң ийгилик деп эсептейм. Бул мүмкүн, азыркы учурубуздун стресстерге толгон, газеталарды ачсаң, телевизорду бурасаң, китеп дүкөндөрдү кыдырсаң-туш тараптан баарысында детектив, криминал дүйнө, коррупция, мафия, террорчулук, темасындагы кабарлар, чыгармалар башты айландырат, а эгер наристе балалык, көз тайгылткан кооздукка, кунт коюп мамиле жасасаң ар бир адам дээринде тазалык, жөнөкөйлүк, адептүүлүк, ыйманы ысыктык бардыгын, ал асыл сапаттар жаратылыштан тартууланып өсөөрүн, өчпөстүгүн, эгерде кишилердин баки-жогу тең жокчулуктан, оокат-аш жетишпестиктен мүнчүркөп, чүнчүп, басырынып, тентип, жамандыкка, ыпластыкка оошсо, анда өмүрдү өлүм, жакшылыкты жамандык жеңип кетээрин, чындыгында андай болбостугун, адамзат ошо рухий байлыгынын молдугу, түгөнбөстүгү менен алмуздактан бери жашап, азыр да, эртең-болочокто да өкүм сүрөрү шексиз, чексиз го!
Ж. Осмонкуловдун эсселерин, аңгемелерин окуп, Э. Хемингуей ар бир күнүн майрам катары кабыл алгандай, Жапарали Осмонкулов да айлана-чөйрөсүн, жолуккан, маектешкен кишилерин эч көз жаздымда калтырбай, көңүлү көркөм кабылдап, мүнөздөрү, аракеттери жазууга арзыйбы дегендей сүрөтчүлүк менен иликтеп, уккандарын музыканттай тыңшап ыргагын көкүрөгүнө түйүп, сөздү терең аздектеп баккан жазуучу экендигин баамдадым. Эсселеринде жөнөкөйдөн татаал, кайра тескеринче татаалдан жөнөкөй тыянактар чыгарып, анысын кагаз бетине чебер түшүргөн таланттуу эссеисттикке жетишиптир. Анүстүнө, биздин учур талабы да ошол кыскалыкка муктаж болуп жатпайбы, өз доорунун күрөө тамырын сезе билгендик-жазуучу Ж. Осмонкуловдун көкүрөгү көркөм кыраакылыгы.
Баса, кыраакы демекчи, Буга Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдет» аттуу повести тап-таамай эле күбө. Азыркы шумдуктай детектив заманда жашаган жазуучу детектив темасынан четтеп, буйтап, аттап, секирип, өжөр көшөкөрлөнүп калемин колуна албай койбостур? Саясатчылардын жемесине кор болгон В. И. Ленин убагында айткандай «коомдо жашап туруп, коомдон чыгып кете албайсың», адам болуп төрөлүп, адамча тарбияланган соң акылың иштеп турса, кайда качпагын каякка баш паанек кылбагын-баары бир адамзат коомунан чыгып кетпейсиң. Чын сырым, жазуучунун «Канкор желдет»повестин окубай деле таштагым келди, бирок автордун стилин калем төшөлткөн ыкмаларына көнүгүп үйрөнүшө түшкөнгөбү, «жарайт, көз агытып көрөйүнчү» деп үңүлүп, бачым окуп бүтүрдүм. Автордун повестеги баш каарманы Павел Степанович Букреев: «Нанды ар ким ар кандай табат. Кудаа буйруганын алат»-дегендей, Букреевдин кантип түрмөдө иштеп, түрмөгө түшкөн-атууга сот тарабынан буюрулгандарды таамай кежиге, чекеге атып, өлүм жазасын тапшырмага жараша так-таасын аткарганы ишенимдү.
Ал акырындап «канкор» болду, акырында ага кишилерди өлтүрүү чиркей чакканга да окшобой калды, өспүрүм, жигит чагындагы боорукер, элпек, адамгерчиликтүү мүнөздөрү, шартка жараша, сталиндик репрессияга ылайыкташып өзгөргөнү-тарыхый мыйзам ченемдүүлүк деп түшүнөлү.
Эгерде, Букреев мамлекеттик соттун буйруктарын кыйшаюсуз ишке ашырбаса, өзү атылмак, өз жаны кыйылмак. Букреевдин элесинен адамдын өзүмчүлдүгү күчтүү роль ойноорун көрөбүз. Көрсө, өзүңдүн жаны кылтактанып, өлүм алдында турганда-өңгөлөрдү урганың жок турбайбы, өмүрдү жетелеген өзүмчүлдүк экен го. Жазуучу ушул маселени чечүүнү окурманына тартуулайт. Повесть кыска, курч, чагылгандай чарт-чурт чагылышып бүтөт, качан окуп-качан аягына жеткениңди сезбей да каласың. Жазуучу мына ушу кыска, курч конфликтүү, кызыктуу баяндагандыгы менен өңгө беллетристерден айрымаланып турат. Мажес жазмакердин колуна бул сюжет тийип калса, мүмкүн, килейген «кирпич» роман же экилтик-үчилтик жазып таштамак. Кадыресе окурман катары чынымды айтсам, журналисттин командировкадан үйүнө кайтып келатып, самолетко алган билетин кайра өткөзүп, бир эле жолу сырдашып калган Букреевдин: Кыргызстанда жашагам, кыз сүйүп, акыры аялым кыргыз кызы болот» дегенине ишенип, анын табышмактуу өмүр дарегин укмакка ээрчип кете бергени, адегенде мени анчалык ишендирген жок. Балким, ошондой болсо болоор, журналисттик кесиптин түпкү негизги түйүндү изилдөөчүлүк эмеспи. Кантсе да, »Канкор желдет» повести китептин беделин бийик көтөрмөлөп турат. Букреевдин боштондукка чыкканынан бери кыйла жылдар өткөндөн кийин өзүнүн башынан кечиргенин такай ойлоп, салмактап, баалап, анан: «Гулаг-бул эркек-аялын, кемпир-чалын, кичине-чоңун ылгабай бүкүлү жуткан ажыдаар, эл аны азыктандырган олжосу, чоң мергенчи… Буга ким жооп берет, кимди күнөөгө жыгабыз. Күнү-түнү чарчадым-чаалыктым дебестен, парасын айлантып, жеп, ичип жаткан кубаттуу машинанын жанында алсыз кыбыраган бөкөчөмүн. Чын, азыр ойлосом өзүм ошо парасы тынбай тегеренген машинанын бир тетигине айланыпмын», -дегенине макул болуп, көнүп берет окурман. «Камагыла деди-камадык, аткыла деди-аттык» деген каардуу, канкор заманды жектейт, кайда, кандай учурда болсо да, адам өз-рухий дүйнөсүн бекем сактап, адамгерчиликтүү мүдөөсүн унутпайт, ага жетүүгө дайым умтулуу керектигин түшүнөт окурман. Алыкул Осмонов ырында жазгандай «жамандыгым жакшылыгым жеңгенде» салтанат куруларын моюнуна алат окурман.
Жакында гезиттен Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн адабият тармагындагы кандидатуралардын тизмесин окуп, анын ичинде мен былтыр окуган Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери»(повесттер жана аңгемелер) китебинин жүргөнүн көрүп сүйүнүп кеттим. Бул китеп сыйлыкка татыктуу.
«Адабий гезит», июнь, 2004-жыл
Б. Абдубалиева,
№ 11 гимназия-мектебинин мугалими, Каракол шаары
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
«Ар бир акын, жазуучу жазган нерселеринин бардыгына өзүн чагылтат. Өзүн-өзү канчалык туура чагылта, өзүнүн ички сырларын канчалык аңтарып бере алса, анын жазгандарынын лиризми ошончолук жогору болот да, жүрөгүңөргө ошончолук күчтүү таасир этет», -деген Герцендин таамай айтылган кеби адабият күйөрмандарына кеңири таанымал таланттуу жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» (эссе, повесть, аңгеме, Бишкек-2002) аттуу жыйнагына ылайык келет.
Таланттуу жазуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкулов көп жылдар Кара-Кулжа районундагы Сары-Камыш айылында мектепте мугалим, республикалык гезит журналдарда бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, башкы редактор кызматтарында иштеген. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги. Учурда «Эркинтоо» газетасында башкы редактордун орун басары болуп эмгектенүүдө.
Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы капысынан колума тийип калды. Жазуучунун бу жыйнагы адепки да, акыркы да эмес экен. Көрсө жазуучунун «Күн кызарып батканда (1993-жыл) аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы ыйгарылыптыр. Жазуучунун адабият күйөрмандарына бергенинен бере элеги көп экендиги анын чыгармаларынан көрүнүп турат.
Жыйнакка окурманды терең ойго сала турган философиялык, социалдык-нравалык мүнөздөгү эсселери, 37-жылдардагы репрессия жөнүндөгү повести жана табияттын татаал дүйнөсүн чечмелеген аңгемеси кирген.
Менин баамымда жазуучунун артыкчылыгы элдин көкөйүндө жүргөн көйгөлөрдү жаза билгендигинде. Айрыкча айыл адамдарынын жашоо-турмушунун, психологиясын, рухий дүйнөсүн мыкты өздөштүргөн. Өзү да айыл жергесинде туулуп-өсүп, канат-кулачын жайган, ошонун натыйжасында жазуучунун эсселери жүрөккө жакын.
Жыйнакты кунт коюп окуган адам Ж. Осмонкуловдун эл арасында көп болуп, көп жер кыдыргандыгын, эл турмушун кыраакылык менен көрө билгендигин баамдайт. Ошол сезимталдык менен көрө билген, уккан окуяларын жазуучу табигый жөндөмдүүлүгүнүн аркасында философиялык маанайда ары кызык, ары кыска баяндайт.
Айрым көлөмдүү повесть, романдарда айтыла турган ойду Ж. Осмонкулов ашып кетсе бир бет эсселери аркылуу кыска-нуска бере билгендиги анын чоң талант, чоң чебер экендигин далилдейт. Акыркы 5-10 жыл аралыгындагы коомдогу болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөргө жазуучу өз үнүн кошуп, жашоого адам болуп жаралган соң, айбанча эмес, адамча жашоого үндөгөн эсселерин окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Мисалы:
«Бишкек бардар шаар. Кааласаң баары бар. Кадам сайын май куйучу бекет, кадам сайын камок базар, кадам сайын солкулдаган кыздар…
— Базары жакын жарыбайт?! -дейсизби.
— Мүмкүн ошондойдур.
— Эмне дедиңиз? Кайра кайталасаңыз? Аа-а, эми жетпедиби. Андай кыздар Париж, Москвада деле кычы. Бузулса ошолор деле бузулуп кетмек.
— Бишкек бир күнү сөзсүз жарылчу бомбанын үстүндө турганын билесизби?
— Сиз май куюучу бекеттер жөнүндө айтып жатасыз го
— Так үстүнөн чыктыңыз. Бейиш бир күнү тозокко айланаары тууралуу айттым…
Кайдыгерликтен кичинекей Парижге окшогон Бишкегимди жер үстүнөн жоготуп аламбы деп жүрөгүм ооруйт, санаам тынчыбайт. Айла кеткенде кыйкырган сөзүм:
— Эй, көр пенделер, жашоо баарыбызга тең. Кеч болуп калалекте акылыбызга келеличи. Урпактарга таза өткөрүп береличи!»
Табият кубулуштарын жазууда Ж. Осмонкулов жаратылыш менен адам баласынын биримдиги, экөөнүн өз ара тыгыз байланышын турмуш чындыгы катарында сүрөттөйт. Жазуучунун табият жөнүндөгү эсселеринде асыл, бейиши сымал жерибизди кор тутканыбызга, «колдо бар алтындын баркы жок» деген мамилебизге бирде күйүп-бышат, бирде жер бейиши Кыргызстандын сулуулугуна, кереметине тамшанган сыймыктануу сезими авторду бийлеп алат. Мисалы:
« — Бейиште болуп көрдүңуз беле?
— Жок.
— Анда бизге келиңиз. Мен сизге чыныгы бейишти көрсөтөйүн.
— Кызык, биз укпаган, биз билбеген, ал кандай бейиш экен?
— Мөлтүрөп тоо булагындай тунук, жер бермети — Ысыккөл, ажайып кооз, ак мөңгүлүү, жер түркүгү – Алатоо Теңир жараткан жер үстүндөгү адамзаттын бейиши, билген кишиге.
— Аа-а Кыргызстанбы?
— Ооба.
— Аны кыргыздар өздөрү билбей жүрүшпөйбү…»
Чындыкты дал өзүндөй, бурмалабай айткандыгы үчүн жазуучунун эсселери ар кимдин жүрөгүнө жакын. Ж. Осмонкуловдун эсселери адабият майданында жаңылык болуп келди. Автордун дагы бир артыкчылыгы биз күндө көрүп, угуп жүргөн окуя, көрүнүштөрдөн маанилүү чыгарма жаратып, салмактуу жыйынтык чыгара билгендиги.
Кыскасы, Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы өз үнү, өз табылгасы бар китеп катары бааланып, калың окурмандар кызыгып окуй турган чыгарма.
«Ысыккөл үнү», 2-июль, 2003-жыл
С. Маймулов, акын,
Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери
«Төгө бер, жамгыр!»
Бул элдик акылмандыкка айланып калган афоризм качан, кай убакта чыкканы белгисиз. Кыргыз эли колуна курал алып, мүмкүн кетмен, күрөк, чукулук сыяктуу бир нерселерди алып жер иштетүү мезгилинде чыккандыр!
Мүмкүн! Мүмкүн! Мүмкүн!
Менин колума жакында ушул темада чыккан китепче тийип калды. Ал жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун китеби экен.
Китепче ар түрлүү темаларды камтыйт. Мисалга бир-эки теманы алып көрөлүчү. «Кышты ким ызалайт?»деген аңгеме бар. Анда кыш чилдеси минтет. «Баарын жеңип келатам. Дарыя-булакты, көлмө-сазды алеки саатта тоңдуруп музга айланттым. Аюну чээнге киргиздим. Каркыра-турнаны жылуу жакка айдадым. Булбул менен торгойдун жаагын бастым… Асти, мынабу чуру-чуу түшүп, ойноп жаткан дүйнө капар балдарга алым жетер эмес!»
Бул аңгемени окуп чыкканда элде калган кыш-чилденин өкүнүчү дароо эле кылт этет.
Ал мындай дейт турбайбы:
«Кызырек куйруктуу калды,
Кыз эмчектүү калды.
Асты мобу көкмуштумдарга арга алым жетер эмес.
Камчылан курдаш камчылан,
Биз качалы тамчыдан!»
Жаз келе баштап, күн жылыгандан тып-тып тамчыдан корккон кыш-чилдеси кызырек менен кыз эмчегин чала-була мүлжүп, көкмуштумдарга таптакыр алы жетпей аска-зоону карай камчыланат экен. Автор айткандай: «…Айылдын балдары ушундай чымыр, сергек, чыдамкай. Ошондуктан кыш ызгаарын тоотушпайт». Калети жок сөз. Жапаралинин дагы бир «Бата» деген аңгемеси бар. Балтабай кадимки Бакай бабадай барктуу да, бактылуу да, мартабалуу да карыя. Байбичеси Бермет экөө… Бермет берметтей эле таза, назик балпайган байбиче-чоң эне. Экөө заманга куп жарашкан адамзаттардан. Алар келечекке кең карап, келечектин ээлери балдарга өмүр тилеп, бактылуу болуусун кудайдан тилеген чоң ата-чоң энелер. Кийин-кийин эр жетип, эл-жер деп эс-акылын топтогондо кереги тийсин деген ак баталуу дөөлөттүү, сөөлөттүү кыргыздар «Баралыңарга барганда бакубат балдардан болгула! Билгенге билим-бакыт. Биримдик болбой бакыт болбойт» — дейт.
Балтабай менен Берметтер дайыма жашай берсин!
Китепчеде «Жалбырак» деген аңгеме бар. Ал шамал учуруп, көкөлөп жүрсө «өзүм эле асманга оюн салып, жыргап жүрөм»деп мактанат. Шамал басылганда ал жерге түшүп, ошол бойдон жоголот. «Көөдөктөрдүн көөнү чоң, пейили тоң» деген ошол. Балдар жалбырактай көөдөк болбой тарбияланууга аракеттенет.
«Көзмончок» деген аңгемеде автор эненин жүрөгүн берет. Кашаба алты жашар Асыл, төрт жашаар Гүлжанга тиш салбайт. Аларда өзүнүн көрөркөз бөлтүрүгүндөй баш да. Бөлтүрүгүнө ийигендей, кыздарга да мээрим чачып турат. Канткен менен жырткыч болсо да эне карышкыр. Бах, Чиркин! Анда да энелик жүрөк бар экен го. Бакубат сөз, бакубат ой!
Дагы бир «Кимге кыйын» деген аңгемеде.
Пирим аке дыйкан. Ал пенде жакшылап эле багып, өстүрүп, мыктылап жыйып алат. Бирок кампасы ачык экен. Анын ичин чычкандар мекендеп алган. Каптары да тешик. Андан түшкөн дандарга чычкандар «Күндө майрам күндө той» деп тойлошот. Кампаны бүтөп, каптарды жамабаган Пирим акеге окшогон дагы бир жалкоо, кайдыгер эне чычкан бар.
Бул аңгеме балдарды эмгекке, жалкоолукка жол бербөөгө тарбиялайт. Бул эң кызыктуу темалардан эмеспи. Чыгармада улуу достук жөнүндө да ойлор келди. Негр Джо жана башка да түрлүү мүнөздөгү балдардын достугу жандуу сүрөттөлөт. Достук бар жерде, ынтымак бар жерде эл бакубаттуу жашайт эмеспи.
Турмушта балдарга табышмактатып, жаңылмач өңдүү айрым тыбыштарга басым жасаган жалаң эле ошол тамга менен айттыруу же окутуу балдардын ойлоосун өстүрөт. Тилин да тактатат. Автор ушул максатта «А, О, К, С, Т, Ж» тамгаларын алат. Ушул тамгалар менен бүтүндөй аңгеме жазат. Бул да маанилүү темалардан.
Кыскасын айтканда таланттуу жазуучу көп кырдуу ойлорго камай кетет. Андыктан жазуучу Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловго ак жол тилеп, калеминин сыясынын кургабасын каалайм!
Ак жол! Байсалдуу жол, Жапарали ини!
«Жеткинчек», 29-апрель, 2004-жыл
Закирбек Эралиев, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Социалдык илимдер институтунун директору
Өмүр, мейкиндик жана чексиздик
Жазуучу Жапарали Осмонкулов кыргыз журтуна таанымал болуп калган. Анын чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, эчактан бери эле көркөм сөз чебери катары мыкты бааланып келүүдө. Ал жөнүндө басма сөз беттеринде жылуу пикирлер, ыраазычылыктар, алкоолор үзгүлтүксүз жарыяланууда. , Ушул жагдайда жазуучунун «Бийиктик» басмасынан 2002-жылы жарык көрүп, үстүбүздөгү жылы Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагы жөнүндө өз оюмду билдирип, айрым ой толгоолор, жекече көз караш жана тыянактарды ортого салгым келди. Жыйнак үч бөлүккө бөлүнүп:эссе, повесть, жана аңгемелерден турат. Кыргыз адабиятында жаңы багыт болуп саналган азыркы учурда бул жанрда күч сынашып келген жаштардын арасындагы жыйнактын автору Жапарали Осмонкулов бөтөнчө орунду ээлеп турат деп бүтүн чыгарсак аша чапкандык болбос. Эссе жанры жаңы ыкманы талап кылып мүнөздүү бөтөнчөлүктөргө айтылуучу тыянак, ой-пикир, үгүт-насыят, өрнөктүү эмгек, жаштык-кубат маселелери, айрыкча философиялык ой-пикирлер кыска, бирок нуска берилип, аларды ачууда турмуштун тереңине сүңгүп кирип, жаштар үчүн омоктуу ойлор айтылат. Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе ишеним жана сүйүү, жамандык менен жакшылык, жашоо жана өлүм бир көз ирмемде өтөөрүн даңазалайт. Сүрөттөлгөн окуялар бизди кайдыгер калтырбайт, ызаттап баалоого чакырат. Ата Журтту даңазалоо, чокусун ак кар, көк муз каптаган улуу тоолорду, өзөндө таштан ташка урунуп, көбүктөнүп аккан ыйык сууларын, айланага бөтөнчө көрк берип, жап-жашыл болуп турган токойлорун, эң башкысы ушундай бейиш жерди мекендеген кыргыз элинин күндөлүк турмушу, иш аракети зор чеберчиликте берилген.
Ал эми «Канкор желдет» повести СССРдин учурундагы өтө трагедиялуу маселе болгон репрессияга арналган, өлкөнүн булуң-бурчу болгон Кыргызстандагы кайгылуу окуялар сүрөттөлгөн. Автор зор чеберчилик менен өткөн окуялардын ар бирин чечмелеп, узун тизмеге тарыхый фактыларды түшүрүп отурбастан, кыска сүйлөмдөр менен таамай ойлорду берип, маселенин ток этер жерин, жыйынтыгын айта алгандыгында. Социализмди өнүктүрүп, жаңы нукту шылтоолоп, карапайым эл арасында душман издөө, аларды аябай жазалоо, уруп-согуп кыйноо, атууга өкүм кылуу, кырчындай жаш өмүрлөрдү кыйуу сүрөттөлгөн. Айрым гана мисалдардын негизинде жалаң Кыргызстан гана эмес эгебейсиз чоң мекенибизге тоталитардык режимдин жүргүзгөн иш аракети баяндалып, чындыктын бетин ачуу менен ал мезгилди болтурбоо, кайра кайталабоо үчүн күрөш элибиздин дайыма көңүлүнүн чордонунда болоору зарыл экендиги айтылат.
Ал эми «Комиссардын жез тумшугу» жөнүндөгү уламыш өтө оригиналдуу маселе. Адам баласы айлана-чөйрө, жаратылыш менен дайыма эриш-аркак жашоо, жаратылышты сактоо, ал үчүн кам көрүү, адамзаттын чоң милдети экендигин автор ишенимдүү бере алган. Албетте бул тема эң орчундуу болгондуктан жоон топ акын жазуучуларыбыз бул жөнүндө далай эмгектерди жазып газета-журналдарга байма-бай жарыялап келишүүдө. Бирок жазуучу Жапарали Осмонкуловдун аталган проблеманы ачып көрсөтүүдө өз ыкмасы, жаңы багыты, бөтөнчүлүктөрү бар экендигин айтууга тийишпиз. Эң башкысы жаратылыштын сырдуу дүйнөсүн баамдоо, аны аңдап билүүгө умтулуу жана үндөө.
Жапарали Осмонкулов жөнүндө сөз болгондо дагы бир кыстара кетүүчү ой-ал миңдеген окурмандардын жүрөк кылын терметкен мыкты аңгеме, повесттердин автору гана эмес, ал белгилүү журналист, балдар жазуучусу экендигин да баса белгилөө зарыл. Айрыкча жаш өспүрүмдөр үчүн арналган бир канча жыйнактары жарык көрүп, басма сөз беттеринде дайыма жарыяланып келүүдө. Кыргыздарда «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп айтылат эмеспи. Ар тараптуу тармакта өз өнөрүн көрсөткөн Ж. Осмонкулов мактоого гана арзыйт. Биздин оюбузча анын жогору аталган жыйнагы Мамлекеттик Токтогул сыйлыкка толук татыктуу чыгарма.
«Адабий гезит», июнь, 2004-жыл
А. Эгембердиева,
филология илимдеринин кандидаты
Өмүр жөнүндө чыгарма
Өзүнүн кечээги, бүгүнкү, эртеңкисине кайдыгер карабай турган адам гана бул үч убакыт мейкиндигинде алмак-салмак көз чаптырып, эмнеге жетишип, эмнелер калганын таразалап, талдап, эске алып турат. Өмүрдүн хаос болбой, жыйнактуу болушунда мунун мааниси зор. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендый, андай адам кеткен кемчилик менен өйдө-ылдыйды жөнгө салып, эмгек кылат, түйшүк тартат. «Өмүр болду өтүп аткан бул күндөр, Ошол майда түйшүктөрдөн курала» деп Сагын эже жазгандай, өмүрдүн өзү түйшүк экен го. Ал эми ошол кандай түйшүк- ал башка маселе.
Ушул жагдайдан алганда, бул суроого таланттуу жазуучулардын бири, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкулов өзүнүн «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагындагы эсселери аркылуу ар кыл өңүттөн жооп берет. Ал башкалардан жана өзүнүн башынан өткөргөн күнүмдүк, майда, бир карасаң анча маани бериле бербей турган окуялары аркылуу деле жалпы адамзаттык адеп-ахлак, жүрүм-турум, ынсап маселелерин козгоп, аларды элдик акыл ой-туюмдары менен ширелештирип, окуган адамдын турмушун өзүңдөй миң алекеттен өткөрөт. Дегеним, жылмайып, кубанып, кайгырып, санаа тартып, бушайман болуп окурман тушуккан окуялар турмуштагы көз ирмемдей кыска, мүнөттүк. Шукшинчесинен жазылган бул эсселерден жазуучунун стили, почерки айкын байкалат. Көмкөрөсүнөн сулк түшүп жатып алып китеп артынан китеп окуган кечээги муундай бүгүнкү жаштардын убакыт, мүмкүнчүлүгү, ниети, каалоосу болбогон соң, ара-чолодо окуп, илгиртпей түшүнүп алчу кыска мазмундуу, узак таасирлүү учкай чыгармалар бүгүн аба, суудай зарыл. Бул жагынан аталган китептеги эсселер талапка ылайык. Бир дем менен окууга да, терип окууга да болот. Жазуучулук фантазия менен позиция өзүнүн окурманын дагы ишендирет. Туура көрүп, сен да жазуучунун жактоочусуна айланасың. Сен дагы айлана-чөйрөңдөгүлөр тууралуу ойлоно баштайсың. Китептегилер тартиптүү, түз жолдогу адамды гана тургай, жолунан адашкандарды дагы ойлонтоорлук. Айталы, бүгүн кыргыз элинде массалык түрдөгү илдетке айланган аракечтикке келсек, бөтөн жерде жазуучунун «Ушу кебетем менен кантип тууган жериме барам?» деп намыс, арына, эсине келген кейипкери канча аракеттен соң өзүн оңоп, тууган жерине кайтат. Бул өңдөгөндөр кайсы бир адамдын тагдырын жөн гана сүрөттөп коюу эмес, а көркөм сөздүн күчү менен белгилүү бир адамдарды оң жолго чакыруу.
Жазуучунун дагы бир жетишкендиги-абийир сотунун алдынан анын кейипкерлери өздөрү өтүшөт. Кепке алсак, «Канкор желдет» повестиндеги каарман иш кызматындагы милдетин дагы, адамдык жеке милдетин дагы кош катар аткарат. Анткени, желдет катары кетирген оош-кыйышты адам катары түзөп кетүүгө аракет жасайт. Ал адамды жетелеген кайсы бир ишеним(автор аны бул ишеним деп чукуп көрсөтүп бербейт)абийир сотунан сактайт. Ал эмне ишеним экенин окурман өзү табат. Кыска эсселери аркылуу айтчу оюн жазуучу тымызын баштап коёт да, окурман андан ары илгиртпей түшүнөт. Чыгармалардын тарбиялык мааниси, философиясы ошого мажбурлайт.
Жазуучу чыгармалары аркылуу өз элинин чыныгы уулу катары көрүнөт. Атажурт, анын табияты, туулган жер темалары береги сүйүү, жашоо темаларындай эле кемелине келтире сүрөттөлөт. Айтор, кыскартып айтканда, тарбиялык мааниси зор бул китеп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу десе болот.
«Кыргыз Туусу», 8-11-октябрь, 2004-жыл
Сүйүнбек Ибрагимов, филология илимдеринин кандидаты, доцент,
И. Арабаев атындагы сыйлыктын ээси
Көз ирмемдин сабактары
Өмүр эмнеден турат, эмнеден куралат?Балким билинбей өтүп жаткан көз ирмемдердин тынбай өтүп жатышынан куралып жүрбөсүн… Күндөлүк жашоонун майда баратынан чыга албай өмүрдүн тынымсыз өтүп жатканы менен ишибиз жок. Анан эле туулган күнүң келе калганда өмүрдүн дагы бир жылы өтүп кеткенин аргасыз эстеп, көп жашайлы, ден соолукта бололу деп тост көтөрүп, жыл ичинде болуп өткөн жакшы-жаман окуяларды териштирип калабыз.
Жаш кезде туулган күн дасторкон жайнаган дүр дүйүм оокат-аш, тууган-туушкандар, дос балдар-кыздардын сенин көзүңдү карап айткан мактоо, каалоо сөздөрү, албетте алар берген белек-бечкек менен аралашкан түшүнүк болсо, адам өткөн өмүрүндө, күнүндө эмне кылдым эле деп өзүнүн алдында өзү отчет бере баштайт эмеспи. Бул адамдын жашоосунун эрежеси. Ата-энеңдин канынан бүтүп, кудайдын амири менен жаралган ар бир адамга бул дүйнөгө келгенден баштап толуп жаткан максат-милдеттер тагылат турбайбы. Адам өзүнун биологиялык тегин гана кайталап тим болбостон, ата-эне, Мекен, коомчулук алдындагы өзүнүн жеке асыл милдеттерин аткарам деп жүрүп, өмүр өткөрөт экен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, таланттуу жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген китебин атайын алып окудум. Адатта акын, жазуучулар асман, аалам менен жүрөт же жан-дүйнөсүндөгү катылган сырларын ырга салып, кара сөз менен чыгарма жазып, ыймандай сырын бөлүшүүгө шашат. Осмонкуловдун өмүрдү көз ирмем менен ченейин деген кыялы аргасыздан өзүнө тартты. Адамдын өзүн ушундай ченем менен дагы үйрөнүп көрсөк болот дегендей ишараты, китептин ичинде жазылган сырлар кызытып, окуп чыгуу ниетин ойготуп койду.
Жаңылган эмес экенбиз. Бир жолу үңүлгөн көңүл, китептен алыстай албай, кайра-кайра кайрылып, чыгарманы тез окуп коюу санаасын жаратты. Диванга отуруп окуйсузбу, атайын окуу залынан барактап чыгасызбы-бул көз ирмемдер бизди кайдыгер калтырбаганы менен өтө кызыктуу. Жеңил окулат, жазылган окуяларды мен да басып өткөнмүн, менин деле ушинтип айта турган нускалуу учурларым көп деген сыяктуу ойго келесиз. Ж. Осмонкуловдун көз ирмемдери ушунусу менен бизге жакын, тааныш өңдөнөт.
Турмуш бүтпөс сабак. Ал эми күнүгө көргөн, уккан, билген маалыматтын ар бири ошол сабактын түзүүчүлөрү. Жана булардан барып күн-түн, жума, ай, жыл кураларын күндөлүк турмушта жакшы билсек дагы, алардын тынымсыз өтүп жатышына маани бербейбиз. Ж. Осмонкулов болсо аларды тизмелеп, териштирип, өз учурунда угулушун, эми бүгүнкү анын жаңырышын саймедиреп жатат. Жашоо даңгыраган жол эмес, анын оош-кыйыштары, карама-каршылыктары, таанып бүткүс сырлары жана буларды башынан кечирген адамдын ички дүйнөсүн, адамдардын өз ара мамилесин жазып чыгууга дүйнөдө канча чыгармалар арналган? Алардын бири ушул автордун, Жапаралинин дүйнө таанымы. Жапаралинин көзү менен караганда кыргыз калкынын Совет доорундагы, кийинки жана азыркы тагдыры жана абалы түрдүү жагдайга капталып, кыска жана көңүл оорутпаган үзүндүлөр менен адамдын аң сезимине аттап, ички дүйнөңдүн капшыттары, булуң-бучкагы толукталып жаткан сыяктуу сезилет. Айыл апанын теребелинде өскөн адам кыргызчыл келет. Ата-бабабыз осуят катары калтырып кеткен кыргыз жерин кандай мактаса, даңазаласа болот. Ысыккөл, Арсланбап, коңурсуган Чүй өрөөнү, булак суулуу Талас, өрүктүү Баткен, кыдыр даарыган Ош болобу- Ж. Осмонкулов таасирдүү жанытмалары, башынан өткөргөн нускалуу окуялары менен бизге баяндап берди. Жерибиздин кадыр-баркы, элибиздин түгөнгүс рухий байлыгын даңазалаган эсселери бизди өзүнө тартты. Автор калыбы жаш эле болсо керек, сүрөттөрүнөн көрүнүп турбайбы, нускалуу карыялардай болуп башынан өткөндөрдү чуурутуп, айтып бергени, жаныңда отуруп сүйлөп бергени салабаттуу адамдын бейнесин бетиңизге тартат.
Жогорку окуу жайында иштеп, кыргыз тилинен сабак берген ишиме ылайык өткөндө студенттерге «Өмүрдүн көз ирмемдеринен» синтаксис боюнча мисал таап келгиле деп тапшырма бердим. Кийинки сабакта жайнаган мисал гана эмес, китеп колдон-колго өткөнүн, талашып окулганын билдим. Китептеги «Канкор желдет» менен «Комиссардын жез тумшугу» повесть, ангемелери жөнүндө талаш-тартыш, эркин ойлор айтылып кетсе болобу. Айрым студенттерде китептин өзү бар экен, калгандары бири-бири аркылуу окушуптур. Студенттердин көңүлүн козгогон, алардын көз карашынын талашы болгон китепке маани берүү керек, авторго чыгармачылык ийгилик каалоо керек го дедим ичимден. Ошол тыянагымды бүгүн басма аркылуу жалпыга жеткирсем деген маанайда тең бөлүшүп отурам.
Өткөн кылымдын 30-40-жылдарындагы ак жерден «эл душманы» болуп кеткен кыргыздын чыгаан уул-кыздарын бүгүн көз алдыбыздагы «Ата Бейит» аркылуу эстеп турабыз, Өкмөттүк саясаттын жер-жерлердеги башаламан «ишке ашуусу», жок жерден ашкере душман издөө, анын капшабы менен акыл-эстүү, жөндөмдүү инсандарга шек келтирүү, жазыксыз болсо да күч менен «күнөөлүү» деп жазага тартуу болгонун бүгүн билип, коомдук кечирим сурап отурабыз. Ж. Осмонкуловдун «Канкор желдетин» окуйлучу. Адамдын жеке тагдыры, жашоосу саясаттын дөңгөлөгү астында тебеленип, жасалбай турган ишке аргасыз кабыл болгон кишини ким дейбиз-канкорбу, желдетпи же баш аягына баш оорутпаган аткаргычпы? Повестти окусак, ошол репрессия доорунун мүнөзү жөнүндө түшүнүк алабыз.
Турмуштун көз ирмеми укмуш окуяларды дагы кабылтат. Алатоо эмнени гана жашырып келген жок. Ошол эле 1930-40-жылдардагы «тазалоо» саясатынан качып, канча адам тоо жамынып, дареги белгисиз калды. Бир келген жарык дүйнөдө адамдын ишеничи, үмүтү үзүлбөйт. Аман калуу аракети, тирүүлүккө болгон чексиз ишенич адамды тоого айдап, балким «жез тумшук» менен да алакага түрткөндүр. Кандай кылган менен эл ичиндеги божомолдор, болумуштар азбы? Анын бары-жогун ким, качан далилдеп бере алат? Бирок, «Эл айтса, бекер айтылбаса керек». Кайсы бир жеринде, кандайдыр бир чындык болуусуна ишенсе болоор.
Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдерин» кечеги күндөр жөнүндө жазылган мазмундуу көркөм китеп экен деп айтканы турабыз. Өткөн күндү тарыхый роман, атайын изилдөө, бирөөнүн өмүрү жөнүндөгү ачык жана башка толуп жаткан адабий жанрлар менен берсе да болор. Бирок жан дүйнөңдү кыйнабай, жеңил-желпи эссенин нуска сөзү менен ушинтип жасаса болот экен да. Ансыз деле бүгүнкү күндүн убарасы бир жагынан, көңүлдү алган жеңил ой-санаага болгон муктаждык экинчи жагынан ушундай чыгарманын дагы жаралышын күтүп турат. Жыйынтыктап айтканда, «Өмүрдүн көз ирмемдери» китеби Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, кийинки турга өткөнүн кош колдоп колдойм жана ал сыйлыкты алышын туура көрөм. Анткени жазуучу Жапарали Осмонкуловдун көз ирмемдери жогорку сыйлыкка толук арзый турган көркөм жаратмандар.
Дагы бир сөз. Ж. Осмонкуловдун балдар үчүн өзүнчө жазылган чыгармалары дагы бар экенин билдик. Акын, жазуучулар бүгүн балдардын алдында чоң жоопкерчиликте турат. Алар үчүн жазылган чыгарма аз. Өткөөл мезгилде балдарыбыз кайсалактап турганда Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!» китеби балдардын колуна толук жетсе болот эле. Кыргыз жаратылышы, токойлору, талаалары, андагы жашоонун «кызыгы» жөнүндөгү китепти балдарга окуп берүү, окутуу керек.
Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары орус тилдүү жана башка аудиторияга окутуп жүрөбүз. Тилибиздин уккулуктуулугу, уйкаштыгы, мазмуну жөнүндө албетте көп айтабыз. Айрыкча тыбыштарыбыздын колдонулушу, айкалышы, угулушу эле өзүнчө поэтика деп келебиз. Карасаңыз, аны далилдегендей Жапарали акеси бөбөктөрүнө жалаң А, Б, С, К, Ж, Т, Ө, У тыбыштарынан гана башталган сөздөр менен кыскача аңгемелерди дагы жазып берген. Мындай аракетти-тажрыйбаны кыргыз рухуна сугарылган, кыргыз тилинин дараметин даңазалай билген, кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер карабай турган гана инсандын жан дүйнөсү жарата алат.
«Эркинтоо», 18-июнь, 2004-жыл
Рамис Рыскулов, Кыргыз эл акыны
Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу
«Өмүрдүн көз ирмемдери»
Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» эссеси мага майдай жакты. Жапарали тез өсүп жаткан замандаш калемгер. Анын өмүр жыттуу, турмуш даамдуу чыгармалары мага жагат жана Токтогул сыйлыгына татыктуу деп пикир кошом. Жаңылыктын жаңырыгы Жапаралинин эсселери, эстен кеткис ойлору заманыбызга жарашык.
«Эркинтоо», 25-май, 2004-жыл
Үсөнбек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө
эмгек сиңирген кызматкер, акын
Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет
Китеп-билим чырагы демекчи, жакында Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, кыргыз окурман журтуна белгилүү калемгер Адашкан уулу Жапарали Осмонкуловдун балдарга арналып жазылган «Төгө бер, жамгыр» аттуу китеби жарык көрдү.
Таалим-тарбия бере турган жана жандуу көркөмдүктө сүрөттөлгөн кыска аңгемелерин окурман журттун боюна сиңирип, көкүрөгүнө кондурган таланттуу жазуучунун бу көркөм табылгасы мыңдайда балдарга баалуу белек болмокчу. Анан калса, жаш окурмандын ой дүйнөсүн жигерленте дилгирлентип, жатык, жөнөкөй тил менен жеткиликтүү, кызыктуу кылып баяндап берүүнүн өзү да чоң чеберчиликти, таасын талантты талап кылат эмеспи. Андай чеберчилик, талант Жапарали Осмонкуловдо бар.
Албетте «Төгө бер, жамгыр!» жыйнагын колго алганда эле, ал жаш муундардын дүйнөсү экендигине көзүңүз жетет.
Жакшы китеп адамды рухий жактан байыткандай, бу китепте адеп-ахлакга, ыймандуулукка үйрөтө турган жакшы жактары көп. Бөтөнчө, илим-билимге умтул, адам бол, Атажуртуңду сүй, корго, улууну урматта, салтты баала, элиңдин татыктуу уулу бол, табиятты бүлүндүрбө, эмгек кыл, мээнет гана бакытка жеткирет өңдүү таалим-тарбияга сугарылган сонун ойлор айтылган.
Китепти үңүлүп окуган сайын дүйнөң тазарып, жаратылыштын түбөлүктүүлүгүнө, сулуулугуна, адамзаттын аруулугуна ишенимиң артып, боорукерликтин, мээримдүүлүктүн дүйнөсүнө арбала бересиң. Аруулук, адептүүлүк сезимиңи бийлеп, келечектен, жакшылыктан үмүт эте демиңе дем, күчүнө күч кошула берет. Жасалгасы да сүйкүм көрүнөт. Сүрөттөрүн текст менен шайкеш келтирген таланттуу сүрөтчү Султанбек Макашовдун эмгеги да китепке да көрк берип турат.
Жазуучунун «К», «Ү», «У», «Ж», «Д», «Т», »Б», тамгаларынан куралган «Күкүк», «Өтүк», «Түлкү», «Дархан дарбызы», «Бата», «Улар» өңдүү аңгемелерин кызыгуу менен окуйсуң. Кыш ызгаарын тоотпогон чыдамкай балдардын, ырыскысын издеген Бекболдун, канаттуу куштарга аяр мамиле жасаган Кенжени, балыкчы баланын, Байыш менен Жаныштын, Асандын, карышкырдын жоруктары көңүлүңөн кетпей, жүрөгүңдү уялап туруп алат. «Көзмончок», «Жалбырак», «Ийнелик», «Кимге кыйын?», «Тумак», ангемелери жашоонун таттуулугун, өмүрдүн улуулугун, миң кырдуулугун баян кылса, «Ким болсом?», «Куймак», «Тарбия», «Китеп кабым каякта?», «Устукан» жаш окурмандардын кулк-мүнөзүнүн калыптанышында мааниси чоң. Ал эми жалаң макал-ылакаптардан куралган «Сууктөр» аңгемесинде Калдар аттуу каарман ата салтын, кесибин улоодо, мээнет кылууда көптөргө үлгү болсо, табияттын жандуу сырларын көркөм шөкөттөгөн «Айлакер карышкыр» ангемеси жаратылыштын бүтүндүгүн ажыратпоо керектиги менен экология темасынын улуулугу жөнүндөгү маселени козгойт. Кыскасы, китептин сабак алчу жактары көп. Анткени жүрөктөн чыккан саптар жүрөккө жетерине дагы бир жолу ынанасыз да калган калыс сөздү окурман журт өзү айтаар дейсиз. Анткени көкүрөгү көркөм жазуучу Жапарали Осмонкуловдун бу табылгасы балдарга арналган жападан жалгыз эле китеби эмес. Ал буга чейин «Күн кызарып батканда», «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китептеринде дагы балдар дүйнөсүнө кеңири орун берип келген. Анын балдар үчүн чыгармаларын мектеп программасында окутулуп жаткандыгы менен да баалуу. Педагог катары жана балдар темасын адабиятта талыкбай жазып келаткан жазуучу катары Кыргыз Республикасынын Эл агартуусуунун отличниги төш белгиси менен сыйланган.
Союз учурундагы даңкы таш жарган мурдагы Ленин комсомолу деген сыйлык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгы деген статус алганда кыргыз адабиятынын тарыхында биринчилерден болуп ошо өкмөттүк Жаштар сыйлыгынын лауреаттыгына татыган.
«Айданек», 2004-жыл
Турдумамбет Кызалаков
«Жапарали окурмандын сезим-туюмдарына
чаң-тополоң түшүрөт»
Көптөн бери туулуп-өскөн айылы Сарыкамышка келбегендиктенби, айлана-чөйрө Жапаралиге татына көрүнөт. Өрөөндү жараткан тоо суусу сансыз ташка жанчылып, кымыз сымал бышылууда. Деги койчу, ажайып көркү Жапаралини тээ чыт курсак кезин эске салды. Араба жолдун чаңын буртулдата кечип, тал чыбык атын азанатып, боргулдана тердеген Жапарали атасы Адашканды буй кылганын эстеп, мыйыгынан жылмайды. Оо, ал кезде Адашкан аксакал Каракулжадагы мугалимдердин мыктысынын мыктысы эмес беле. Ошол жылы Кыргыз Республикасынын, СССРдин эл агартуусунун отличниги деген наамдарды катары менен алып, кут даарып турганда Жапаралиси да мектеп босогосун аттап, билимге баш койгону Адашканды ого бетер өрөпкөттү. Торсойгон Жапаралини ээрчиткен Адашкан эрмегине куштарлана мектепке кандай жеткенин да сезбей калуучу.
Убакыт учкан куш тура. Баягы торсоңдоп оюндан башканы билбеген Жапарали окуучулар арасында активист болуп чыга келди. Таланттуу окуучуларды топтоп, алына жараша жазылган ырларды, аңгемелерди дубал газетага чыгаруу Жапаралинин милдети. Жапарали да жолдоштору сыяктуу куш кабарларды, аңгемелерди жаза коюучу. «Күйүмдүү бала» аттуу аңгемеси «Кыргызстан пионери» газетасына жарык көрдү. Мактоо сөздөр Жапаралини толкундатып, бешенесин албыртты. Класс жетекчиси Шаарбү эженин класска киргенин Жапаралини ортого алышкан классташтары элес алышпады.
— Балдар тынчтангыла!-деген өктөм үнү классташтардын дуулдагын тып басты.
— Балдар азыр линейка болот, ага катышкыла. Жапарали, аңгемеңди окудум, эң жакшы. Таштап салбай уланта бер. Тилектешмин, -деп колун кыса кармады. Эжейинин жакшына тилеги, каалоо сөзү мурда эле сүрдөп турган Жапаралини ого бетер сүрдөттү.
Линейкада турушкан окуучуларга мектептин директору Кадича Эркебаева тартип, тазалык, сабакка катышуусу, өздөштүрүүсү жөнүндө айтып келип, Жапарали Адашкан уулун ортого чакырды. Мынчалык калың топтун алдына чыгып көрбөгөн Жапарали апкаарый түштү. Директор эже Жапарали Адашкан уулунун келечекте залкар жазуучулардан болушуна тилектеш экендигин билдирип, аңгеме чыккан газетаны Адашкан аксакалга тапшырды. Адашкан карыя газетаны кармаган колу күндөн кубат алгандай тердеп турганын сезди…
Кечээ эле эрбеңдеп жанынан чыкпаган Жапарали орто билимге ээ болуп, турмуштун татаал жолуна түшө турганы Адашканды кубантты. Уулунун бой тартканына жетине албаган Адашкан карыя чаңы кызыл ашыкка чыккан араба жолдо баратып, акыл-насаатын айтып, Ошко окууга узаткан. Атанын акылын жадынан чыгарбаган Жапарали жогорку маалыматтуу филолог, окутуучу адистигине ээ болгондон кийин айылына аттанды. Адашкан аксакал Жапаралисин мына ушул араба жолдон тосуп алды…
Жапарали араба жолдун чаңын буртулдата кечип баратты. Ушул жол Жапаралиге канчалаган кубаныч тартуулабады. Ушул жол менен жашоо сапарын улап, журналист-жазуучу болду. Жапарали Жаштар сыйлыгынын лауреаттыгына жетишти. «Эркинтоо» газетаснын башкы редакторунун орун басары, Бүайшанын сүйүктүү жары. Алты баланын атасы. Алты бала демекчи, алтынчы уулу Досбол төрөлүп, ага удаа «Өмүрдүн көз ирмемдери» деген экинчи китеби жарык көрүп, кош кубаныч денесине сыйбай турганы көз алдына тартылды. Кош кубанычтын кучагында балкыган Жапарали, келинчеги Бүайша, уулдары Эрбол, Шербол, Бекбол, Нурбол, ымыркайы Досболду алып, «кайдасың кагылайын Сарыкамыш» деп киндик кесип, кир жууган айылына жөнөдү. Неберелеринин, айрыкча Жапаралинин келгенине ата-эненин чечекейи чеч.
Адашкан карыянын үйү ырыскысы ашып, бакытка балкып турду. Жапаралинин келгенин угушкан кошуналары опур-топур. Ата-энеси, иниси Сейдали, коңшу-колоңдору менен учурашкан Жапаралинин көңүлү жай. Эртеден бери неберелери менен алектенген Адашкан карыяга Айым байбиченин; «Балдардын атасы, неберелериңди жайына кой. Ансыз деле алыс жол басып, чарчап келишпедиби. Андан көрө ымыркайың Досболдун «бешик боосу бек болсун» дешкен айыл сакалдууларынан бата сурайлы»-деди. Байбичесинин мындай сөзү Адашканга жага берди көрүнөт, ордунан калдастай тура; «Эй, Сейдали… Сейдали, »-деп сыртты көздөй шашыла жөнөдү. Эшик алдынан карпа-курпа жолуккан Сейдалиге: «Бол ылдам, тигил кара күрпөңдү алып келип Шарипбек, Мамади, Исраил аксакалдарга бата тилет». Ата сөзүн лам дебей кабыл алган Сейдали куйруктуу кара күрпөңдү кыбыланы баштантып, бата тилеп алакан жайды.
Чай үстүндө далай окуялар айтылып, сөз Жапаралинин Жаштар сыйлыгына татыган «Күн кызарып батканда» аттуу китебине такалды. Баятан кеп-сөзгө аралашпай отурган Мамади агай «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»дегендей Жапарали атак-даңкка жетишкен жазуучу болоору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Качан гана сыйлыкка татыган китеби колго тийип, аны окуганымда жалбырттаган жанар тоодой дарамет жатканын илгиртпей түшүндүм. Калем кармап мен жазуучумун дегендерден Жапаралинин чыгармасынын айрымасы жөнөкөй тил менен жазылып, терең философиялуулугунда. Китептеги «Күн кызарып батканда» деген аңгемесин алалычы…
Жапарали садагасы, кеп кылып жаткан китебиң Адакемдин (Адашкандын) китеп текчесинде болсо керек. Бери мага алып берчи, «-деп Жапаралиге колун суна кайрылды. Ордунан элпек турган Жапарали атасынын китеп текчесинен Мамади агай сураган китепти алып берди. Керектүү жерин тапкан Мамади тамагын кыра жөтөлүп, кепке уюган аксакалдарга өзөктү өрттөй турган жеринен үзүндү окууга киришти.
— Айтайын дегеним, айылыбызда чыгармадагыдай турмушту жеткире түшүнө бербеген ыр дегенде дыр дешкен адамдар бар. Ушундай адамдарды Жапарали жөнөкөй тил менен калкка жеткиргени кубантып жатпайбы. Карап көрчү, илмийген кыз чоң атасын жалгыздатпай түгөй издегенин. Турмуштун ачуу-таттуусун көргөндөр да ага даап бара албастыгы турган иш. Чыгарманын баалуулугу ушунда. Окурмандардын оюн онго бөлгөн бул китепте сыйлыктын берилиши Жапаралинин дараметинин күчтүүлүгү деп ойлоймун. Мамади агайдын саамга дымый калышы, сөз берметине арбалгандар анын кучагынан араң чыгышты.
— Айткан сөздүн калети жок, Маке, ата сакал оозунан бүткөндөр турмушту туура түшүнбөй өйдөсүнгөндөрдү баскан жолубуздан жолуктуруп жүрбөйбүзбү. Булар жашообуздун бези. Андайларды Жапаралинин баардык чыгармаларынан жолуктурасың, — деп сөзгө аралашты Ибраим аксакал. Андан ары кеп тизгинин чойгон Ибраим Жапаралинин «Өмүрдүн көз ирмемдериндеги» эсселерине токтолду. Кыргыз журтчулугунда мен мыктымын деп көкүрөгүн кагышып, тоодой томдорду жаратышкан жазуучулар да эссе жанрына коркпой эле баш-оту менен сүңгүп киришин «Эркинтоо» газетасына автор Мамат Раимжанов жакшы берген. Анда автор мындай деген деп, жанынан кынаптала бүктөлгөн «Эркинтоону» алып чыккан Ибраим аксакал газетанын бүктөөсүн жаза баштаганда катарлаш отурган Осмон; «Ибраим аке, канча кылса да журналист эмессизби. Картайсаңыз да каадаңызды калтырбай газета жаныңыздан үзүлбөйт экен да, »-деп бир шиңгил тамаша ыргытты.
— Аныңыз туура, үкөм. Журналист каныма, жаныма сиңген кесип. Бул кесипте кырк жыл эмгектендим. Канткенде аны танам. Андан көрөк Мамат үкөбүздүн Жапарали жөнүндө жазганына кулак төшөсөңүздөр.
— Ээ Ибраим аке, кеп атасы өзүңүздө. Улай бериңиз, -дешти отургандар. Ибраим аксакал гезитке үңүлө карап;
— Ошентип, Жапарали Осмонкуловдун экинчи-«Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу китеби колго тийип отурат. Жапаралинин жаңы китебинин көркөмдүгү ушунда-аны башынан аягына чейин бир дем менен окуп чыгасың. Китеп чакан бөлүктөрдөн турган эсселер менен башталат. Адабиятыбыздын тажрыйбасы менен тарыхында «эссе» деген терминдин киргенине аз эле убакыт өттү. Эссенин чыныгы теориялык адабий багытында иштеген жазуучулар да көп эмес. Очерктин татаал түрүнө окшогон эссе жанрын ийне жибине чейин талдап, көркөм туундулар аркылуу көрсөткөн жазуучулар али бизде аз. Ошондуктан ушул кезге чейин очерк, автобиография, эскерүү, мемуар сыяктуу жанрларды эссенин деңгээли менен бирдей кароонун типтүү өнөкөтү көрүнүп жүрөт. Арийне, жазуучу Ж. Осмонкуловдун өз башынан өткөргөн окуяларынан алып жазылган эсселери такыр бөлөкчө таасир калтырарын, окурмандын сезим-туюмдарына чаң-тополоң түшүрөөрүн белгилей кетүү керек.
— Жазуучунун дагы бир өзгөчөлүгү-жаратылыш темасын, пейзажды чыныгы сүрөткердей сүрөттөп бере алгандыгында. Жазуучунун «Комиссардын жез тумшугу» аттуу көлөмдүү чыгармасы азыркы кездеги эң модалуу-жаратылыштын таң калаарлык кубулуштарына, адам менен табышмак күчтөрдүн мамилелерине арналган дейт. Чиркин, сөз эмес бекен, -деп магдырай түштү Ибраим карыя.
— Жапарали айланайын, Комиссардын жез тумшугун» окуп жатканымда көбүгүн чачкан көк иримдин үстүндөгү аскадагы үңкүргө баруучу жолдо өзүм бараткандай азат боюм тик туруп, башым айланып кеткенин айтсам шылдың кылып күлбөгүлө, -деп жылмайды Шарипбек. Шарипбектин эмелеки сөзүн илип алышкан үйдөгүлөр дуу күлүп басылышты. Курдаштарынын уулу Жапаралиге карата айтылган жакшына сөздөрү Айым байбиче менен Адашкан аксакалды балкытып турду. Айылдаш аксакалдардын дилинен чыккан ак тилектери эл-журтка дагы мыкты чыгармаларды берүүгө милдеттүү экенин айттырбай түшүндү, Жапарали. Бул жолку баарлашуу Жапаралиге жазуучулардын чоң тобу менен олтургандай сезилди…
— …Араба жолдун чаңын буруксута өткөн велосипедчен бала Жапаралинин таттуу кыялын быт-чыт кылды. Эх!-деп күрсүнүп алды, Жапарали. Таман алдындагы араба жолдун чаңы эмнегедир Жапаралиге атасы Адашкандын жытындай сезилди. Киндик кан тамган үйүнүн морунан чыккан ак түтүндү, андагы апасы Айым байбиченин болбураган жүзүн, атасы Адашканды акыркы сапарга узатаарда белекке берген Ак калпагын көрүүгө ашыга кадамын кере шилтеди, Жапарали…
«Адабий гезит», 15(142), апрель, 2004-жыл
Айчүрөк Макешова, жазуучу
Кылымдын көз ирмемдери
Атаганат, кыргыздар кыйынбыз деп айтууга эмнеге ооз барбайт? Кыйын, кыраандарыбыздын сөөктөрүнүн сөпөт болгону качан? Бул албетте анык арман. «Алар арабызда жүргөндө кайдаелек?» деген суроо тынчтык бербейт. Көз алдымда кайран Алыкулдун, улуу музыкант Рыспайдын тагдыры тартылат, эт жүрөгүң эзилет. Бирок, биздин мерес, маңкурттугубуз эгерим эки дүйнөдө кечирилбес! Ошол маңкурттардын жарды жан дүйнөсүн таланттуу жазуучу Жапарали Осмонкулов «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу эсселеринде элестүү тартып бериптир. Экс-министри, чиновниктери баш болгон «төрөлөр» маркум кашкөй таланттын «таманын» жалап, түштөн кийин эскерүү марафонунда таңдайларынан чаң чыгып жатканын чучукка жеткидей сүрөттөптүр. Көзүнүн тирүүсүндө кыраандарын көкөлөтө албагандар, арбак аткырлар али да арабызда толтура. Бирок, чиркин чиновниктердин айрымдары Рух дүйнөсүн баалабайт. Рух дүйнөсү аларга жат. Алар көр дүйнөнүн күчү менен күндү кечиришет. Жуусаң колдун кири маңсап, бийлик дегенде эт беттеринен кетишет. Ошондуктан алар көздөрү өтөөрү менен бул жалгандан тез өчөт. Баары, жогу билинбей калат. А кашкөй таланттар өлбөйт, жылдыздай жанып калышат. Аттиңай, эми деле кеч эмес, чыгаан таланттарды көзү тирүүсүндө төргө өткөрүп, бапестеп күтсөк. Ушундай кыска, бирок нуска штрихтери менен жазуучу эки дүйнөдө-тең салмактуу калыс жашоонун зарылдыгын чагылдырат.
Ушундай, алакан отундай орундуу аргументтерден турган эсселерин окуган сайын, жарпың жазылат. Аруулукка, тазалыкка сизди чайынтып, адам болуунун асыл касиеттерине сугарат. Калп айткан менен болобу, Чубактын кунундай чубалган көркөм чыгармаларды көп окудук. Көлөмүндөй көркөм, образдуу болсо гана атаганат. Башынан аягына чыкканча канча убакытты алат. Кайран убакытты алганында кеп жок. Жүрөктөн түнөк алабы? Каармандары эсиңде калабы? Улуу жазуучу Чыкебиз баш болуп: «Оо адамзат, канткенде адам болобуз?» деген суроону коюп, жер каймактагандан ага жооп издеп келе жатабыз. Көрсө жашоо керек турбайбы, жашаганга жараша бүркүттөй шаңшып.
Тан бергеним Жапаралинин ар бир эссеси бирине-бири жуурулушуп, кандайдыр изги кайрыктары менен төп келип, композициясы куюулушуп турат экен. Түркүн тагдыр ансамбили толкундантат. Кээде бырс күлүп, кээде шуу үшкүрүп, кээде үмүттөнүп, жашоону сүйүп… А чынында китепте таасын белгилегендей кузгун менен ташбакадай узак жашоонун зарылы кайсы? Өзгөлөр көнүп берсе да, бүркүттөй шаңшып жашоону көздөгөндөр көнүп бербейт. Көз мелжиген бийиктик, өмүр улуулугунун табериги. Адам болуунун кол тийгис изги касиети.
Алтындай адам сапатын, адилдик акыйкатын даңазалап отурат. Колтуктап сизди бир балээнин үстүнөн эмес, бир бакыттын үстүнөн чыгарат. Ошол бакыт көздөн учуп, кызыгып, эсселерин, аңгеме-повесттеринин аягына кантип чыкканыңды сезбей каласың. Суктанасың, кайрадан окугуң келет. Толгонуп жан дүйнөң тынчтык бербейт. Эгерде эсселер супсак жазылганда, өмүр издери өткүндөй өтүп кетмек. А бул өмүр издери, өмүр ирмемдери эгерим эсиңизден кетпес. Каламынын курчтугу, бай фантазиясы, автордук позициясы бек. Жүрөк түпкүрүндө, жүлүнүндө не бир каарман, кейипкерлер ак кептер болуп кала берет, каалгып. Коштошуп кол булгалатып. Улуу орус жазуучусу Василий Шукшиндин кыска сюжеттүү аңгемелерине кимдер суктанбады. Балким кыргыздын Шукшини биздин Жапарали. Тилинин жатыктыгы бир тең, көркөмдүгү бир тең.
Таласка командировкага бармакчы болуп, барбай калганы. Табияттын бороонуна буюкканы… Ток этери бир абзац. Бирок, чоң окуяны даңазалап турат. Бир күлүп да, күйүп да кетесиң. Чеберчилигине, оюндагысын орундуу айткан художниктигине, мастерлигине баракелде. Жолоочулап жолго далай чыккандар бар ов! Бирок, жолоочу Жапаралинин образындай кыт куюлгандай иштелген, ийине жеткен образ жок. Белгисиз таксисттин образындай кульминациясына жеткен образ жок. Бир абзац эссе миң абзац повестке тете, эмнеге? Албетте укмуштай таасир бергенинде. Чымын куюн болуп сызып бараткан таксисттерди көргөн сайын, ошол таксист эске түшөт. Эмнеси болсо да эр экен. Кокус окуп калса бул эссени сөзсүз авторго саламга келчүдөй. Алганын кайрып берчүдөй.
Мыкты образ жасайм деп бирде отко, бирде чокко түшүрүп, кейипкерлерин робот кылып жиберген жазуучуларды да көргөнбүз. Канчалык узак сүрөттөшсө да эсиңде жок, түшүнүксүз. Чебер чечендиктин белгиси ушул таксистти таамай сүрөттөп жатпайбы. Буюккан бороонго карабай, алдын ала эсептешип койгон, кечиккен жолоочу кууп жетип келчүдөй ал жер түбүнө житип баратты. Шаардан чыккан изи бар, бирок кайрылып келген изи жок. Автор ушундай курч чекит коет, бүтүм чыгарат. А окуган адам чекитти билбейт, баш ийбейт. Ошол таксисттин жанында сызып бараткандай абалга келет. Дайыма эсте бир жүрөт. Кечиккен жолоочу менен, күтпөй кеткен таксисттин психологиясы жадыңызда. Ой түбүнө толгонуп жетпейсиз. Эссенин күчү ушунда.
Ушундай кыттай куюлган турмуштук эпизоддорду тартканга уста Жапаралинин эң мыкты эсселери элестүү. Баарыбызга белгилүү болгондой союз ураган күндөн, элибиздин жашоо-шарты оорлоду. Базар экономикасынын кыйынчылыгын сүрөттөп болобу. Жүдөгөн жаштар жумушсуз калды. Көбү Россиялап жер которуп кетишти. Баргандардан жыргагандар чанда. Кээси киши санынан чыкты. Каерде кыргыздардан селсаяк чыкчу эле. Кудай кылса кубарыңдын куу чокусу демекчи, селсаяк, тентимиштер азыр сейрекпи?!Мына ушундай бир кыргыз селсаягын автор жеткиликтүү сүрөттөйт. Ал Россияда эмес эле, Шиберде жүргөндөй кордукту көрөт. Ичип да кетет. Акыры кул болуп орус көпөстүн колуна түшөт. Адам сыягынан чыга баштайт. Оо, бир күнү түшүнө аркайган Алатоосу кирет. Түшүнөн чоочуп ойгонот, Аткулак терип ойногон балалыгы эт жүрөгүн эзгилеп, кусалык жейт. Мына ушул түшүнөн кийин жигит эсине келет, башын бийик көтөрөт. «Ушу кебетем менен кантип тууган жериме барам?» деп арына келет, намысы ойгонот. Ичкенин таштайт, бой аягына карайт. Жакшы иштеп кожоюнуна дагы жагат. Ал да оңоло баштаган азаматка мурдагыдай кыр көрсөтпөй калат. Акыры азабы түгөнүп тууган жерине сапар алат. Мына ошол тууган жерге бараткандагы ички дүйнөсүн жазуучу жандуу сүрөттөйт. Сиздин да көзүңүздөн жаш мөлт дейт. Киши санынан чыккан, четте тентип жүрүшкөн нечендер кайра кайрылып туурун тапсачы деген муң муун-жүүнүңүздү аралап өтөт. Ошондо толкунданган ошол жигит минтип агынан жарылып жатпайбы: «Кыргыз бу дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетерин түшүндүм» дейт. Ак чокулуу Алатоону карап турбаса кыргыздын руху түгөнөөрүн түшүндүм» дейт. Бул үч ооз сөздө не жеген тереңдик, теңирчилик жатат. Теңир тоо касиети дем, күч берип кайрадан ал туулду, арууланды. Көрсө адам болуунун изги касиети тоолордон башталат турбайбы. Ал ташбакадай жашоону каалабады, бүркүттөй шамал жиреп, тууган тууруна туу болуп желбиреп баратты.
Бул китепте ата-журт, табигат, сүйүү, өмүр, жашоо жана туулган жер касиети бүткүл мазмунуна сыйдырылган десем жаңылышпасмын. Чынында ушундай сулуу жерди жердеген кыргыз элине сыймыктанасың.
Нефти, газы ташкындап жаткан, байлыгына манчыркаган Араб өлкөлөрүнүн арманы балким ат көтөргүс. Ал байлыктар сатылат, азаят…А, Каракулжанын кулжасы, аркары, улары, аралаган камандары кенен-кесир жашаган чер токою, бадалы не деген дүйнө, не деген байлык? Ата-бабалар келген эмеспи тууган жердин чырпыгын сындыртпай көздүн карегиндей сактап, бах! Айланайын атыр жыттуу Алатоонун куму да алтын, шамалы да алтын, бүрү да алтын, бүлдүркөнү да алтын. Гүлү да алтын! Бир литр мунайзатынан бир литр тоо суусу кымбат. Бир тамчы мөлтүр суунун мүрөктөн айрымасы болбос. Шаркыраган сууга бай тоолуктардын турмуш-жашоо ситуациялары сиютага айланып кетет. Ошол сулуулук, ошол кооздук кимдин болбосун ышкысын козгоп, атаңдын көрү, «багым» жок дегизбейт. Тоолуктарда тоодой бакыт бар экенин эскертет. Автор тоолуктардын жашоо стихиясын тоолуктардай марттык менен көз алдыга тартып олтурат. Ырас эле ырыстуу элдин энчиси тоолор. Эгерде тоолор болбосо кыргыздар бүркүттөй жашоонун маңызынан четте калышмак. Тууган жер пейзажын, картинасын, эскиз, этюддарын жазуучу «өнөр алды-кызыл тилдин» керемети менен тартат. Сөздүн атасын айтканда таланттуу жазуучуЖапарали Осмонкулов чоң талант. Чоң, чоң томдорду жазгандар «көлөмүнө» көкүрөк кагып терең жаңылышат. Аз жаз, саз жаз, Жапараличе жаңылык ач! Автордун чеберчилиги ушул чоң окуяны бир абзацка батырат.
Жазуучу Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» китеби негизинен эссе экскиздеринен, этюд, эпизоддордон, ошондой эле аңгеме, повесттен турат. Эссе экскиздеринин маңызы эмнеде? Наристе балалык менен сексендеги карыянын жашоого болгон соолгус сүйүүсу кара сөз ырына салыныптыр. Автордун диапазону өзү өсүп чоңойгон Каракулжанын бийик чокуларындай чексиз, окуган сайын ар бир эссесинин, же аңгемесинин, повестинин ой кыры ачылып берет. Бул чыгармалары барып келип эле теңирчиликтин символу сыяктанат. Мүмкүн турмуштан жолу болбой жүргөндөр мына ушул китепти барактаса адамдык ариет изине түшөр беле? Сөзсүз түшмөк.
«Өмүрдүн көз ирмемдери» кылымдын көз ирмемдери десек болот. XX кылымдын не бир тарыхый, кандуу окуялары эстен кетеби. «Канкор желдет» повестинде тээ отузунчу жылдардагы репрессиянын курмандыктары сүрөттөлөт. Кыскасы, ал кыямат кайым төбө чачыңызды тик тургузат. Атаганат, абийирден ашкан сот жок турбайбы. Мына ошол жерде кан кечип, желдеттик милдетин аткаруу менен, адамдык милдетин айкалыштыра билген Павел Степановичтин эркинин ийилбегенин айт. Аны абийир гана сактайт. Аны менен бирге иштешкен айрым канкор желдеттер өз жандарын өздөрү кыйышат. Павел Степановичти кандай күч сактады.
Теңирчилик деген эмне? Менимче ишеним. Биз кыргыздар теңирге ишенип келдик. Теңирчиликтин түбөлүктүүлүгү ушул, ак менен караны адал менен арамды жиликтеп берет. Билбейт, көрбөйт деп «көр көкүрөктүүлөр» көп учурда терең жаңылышат. А теңир баарын алаканга салгандай көрүп турат. Ошондуктан элибиз эбактан теңирге табынып, сыйынып келди. А Павел агабыз теңирчиликтин аянын бала кезде түшүндө көрүп жүрбөйбү. Түшүндө ал ажайып Алатоо курчаган, кыргыздын бермети Ысыккөлдүн жээгинде аккуудай сулуу чүрөгүнө жолугат. Экөө көл жээгинде наристелик сезим менен куушуп ойноп, чабак урушат. Мына ушул түш канкор желдеттин эсинен чыкпайт. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңсе да, ал жеңилип бергиси келбейт. Мына ошол көл чүрөгү Павелди жамандыктан ыраактатты, бөлдү. Мына ушул мисалдан улам сүйүүдөн өткөн адамды аруулантар касиеттин жоктугуна ынанасыз. А балким азыр ал көл жээгинде….
Кандуу желдеттин образына токтолсок бирде аяныч, бирде ажайып түш аяны эки жээкте кошулбай жүрүп отурат. Өмүрдүн оор жээгинде жашаган ал жыргал жээгин эңсеп келет. Бул повесттин оптимисттик кульминациясы ушундай. Анын канкор желдет экенине таарынгыбыз келбейт. Анткени ал жакшы адамга чаң жукпайт дегендей жакшы адам. Образ өтө татаал, ошондой эле жөнөкөй.
Репрессиянын курмандыктары тууралуу албетте бир топ чыгармалар жазылды. Союздук масштабды алганда бир катар жазуучулар бул темадан кыя өтпөдү. Бирок, бул повесть көтөргөн көркөмдүүлүгү менен көрүнүктүү орунда турат. Жазуучунун чоң теманын үстүндө иштөө стили бышып, небак жетилгени белгилүү болуп чыга келет.
Албетте автор менен макул болбогон жайым бар. «Комиссардын жез тумшугу» көлөмдүү чыгармасын болумуш деп коюптур. Макул болбогонум, бул чыгармадан мен апыртууну, божомолду байкабадым. Бул эң мыкты аңгеме. Киши кийик тууралуу тээ байыртадан угуп келгенбиз. Автор киши кийик баянын төп сүрөттөйт. Табият менен таттуу мамиледе болуу зарылдыгын туюндурат. Киши кийик менен комиссардын изги мамилесин элестүү сүрөттөйт.
Ушундай кыска чыгармалардын ансамблин окуп, жүрөк түпкүрүнөн тыңшап азыр кыска чыгармалардын арааны жүрүп турганына ишенесиз. Кыска деп айтуунун зарылдыгы жок. Калганын окурман улантат, толкундайт. Демек, кыска жазып, узак Рух романсын тартуулаган талантына бали!
Ошентип бул жакшы китеп тууралуу окурмандык гана баамымды айттым. Көрүнүктүү сынчылардын сынына түшө турган чыгармалары даяр. Эң башкы позициясы жүлүңдү аралап, сизди бийик адам болууга аргасыз кылат. Китеп мына ушундай бийик пафосу менен жанга кубат.
Бул «Өмүрдүн көз ирмемдери» - кылымдын көз ирмемдери. Идеологиялык курал катары адабияттын да, маданияттын да жашай бермеги зарыл. Өкүнгөнүм, болгону миң нускада чыкканы. Жакшы чыгармаларга суусап турган кыргыз элинин булуң-буйткасына жетпей жатпайбы.
Жазуучунун эрдиги, бул китебин өз каржысы менен чыгарды. Менин айтайын дегеним жаштардын тээ илгертен, ток этери-союздук мезгилден бери эгерим жол кенен ачылбады. Качанкыга чейин аксакал деп сый-урматты, атак-даңкты, айталык көрсөтүлгөн талапкерлерди «ала колдоп»тандайбыз?! Жапарали Осмонкуловдун жарык көрүүгө даяр, повест, романдары турат. Анткени чыгармачылык кенчинин чети оюлалек… Керемет эсселеринин бу абройлуу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп жатканынын өзү сыймык. Каракылды как жарган калыстар мына ушул жагына көңүл бурушса эң жакшы болор эле. Тобокел деп тоону ашып кетсе деген тилек-бу китептин миңдеген окурмандарынын ак эткенден так эткен тилеги!
«Эркинтоо», 18-май, 2004-жыл
Гүлбарчын Якубова
Кыргыз интеллигенциясы кыргызча ойлонбой
калыптыр, биздин трагедия мына ушунда…
Жазуучу Жапарали Осмонкулов Ош облусунун Каракулжа районуна караштуу Сарыкамыш айылында туулган. 1981-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Тырмак алды чыгармасы 1986-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган. 1993-жылы «Күн кызарып батканда» деген ат менен биринчи китеби басылып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгына татыган. Балдарга арналган чыгармалары үчүн Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси болгон. Көп жылдар республикалык гезит-журналдарда редактор, редактордун орун басары кызматтарын аркалап, акыркы мезгилдерде «Эркин Тоо» гезитинде орун басар болуп иштеген. Учурда «Эл дүйнөсү» тарыхый-этнографиялык, адабий-көркөм журналдын башкы редактору болуп эмгектенүүдө. Редакцияга баш багып калган экен, учурдагы көйгөйлүү маселелерден кеп салып берүүсүн сурап, маекке тартканбыз.
— Жапарали Адашканович, улуттук тил жана кыргыздардын көчмөн дүйнөсүнүн бийиктиги жөнүндө ой бөлүшсөңүз?
— Кыргыз тили боюнча айтканда 1990-жылдарга караганда бир топ жанданып калды. Кыргызча көрнөк-жарнактар пайда болду. Азыркы биздин, мамлекеттин жүргүзгөн саясатка ылайык бул көрнөк-жарнактарды кыргызчалап коюу өтө эле жетишсиз. Биз мамлекеттик тилге өтөбүз деп жатабыз. Мамлекеттик тилге-өтүүбүз үчүн биз Россиядан же Кытайдан же ушуга окшогон дагы бир башка бир мамлекеттен сурашыбыз керек эмес. Учурда каныбызга сиңип калган орус тили дале биринчи кезекте. Т. Сыдыкбековдун заманында азыркыга караганда башкачараак болчу. Ал кездерде аксакалдарыбыз бир топ нукура сөздөр менен сүйлөшчү. Азыр аксакалдар андай сүйлөшпөйт. Биз нукура кыргызча сүйлөй албай калдык. Ырас, тилди жандантууга аракеттер көрүлүүдө. Бирок солгун. Кыргыздар өздөрү сүйлөбөсө, кыргызча китеп, гезит-журналдарды окубаса, анда кыргыз тили өнүгөт деп айта албайм. Тил боюнча биздин мамлекетте чоң саясат жүргүзүлүшү керек. Аны мамлекет башындагы эрлер аткарышы керек. Кыргыз боло албай жатабыз. Кыргыздарга айтаар элем, кыргыз болгула деп. Кыргыз эл болуп жүрөбүз, бирок кыргыз улуту боло албай жатабыз. Ошон үчүн да улуттук идеология керек.
Кыргыздардагы бийиктик, улуулук дүйнөдөгү элдерде өтө сейрек кездешет. Бизге 1990-жылдардан баштап түрктөр келе баштаган. Алар биздин адамгерчилик, мейман достугубузга өзгөчө баа беришкен. Балабызга бербей мейманга деп каткан сандыктагы болгон жакшы нерсени бөтөн, бөлөк адамга берген салт бул дүйнөдө жок экен. Мен башымдан өткөн бир окуяны айтып берейинби. Америкадан келген америкалыкты мен аябай сыйлаган элем. Бир күнү мени ошол америкалык чайга чакырып калды. Үйдөн бир чыны чай ичпей, мени америкалык чайга чакырып жатат деп барыптырмын. Үч саат сүйлөшүп отургандан кийин кофе заказ берди. Аягында ошол кофенин да акчасын өзүмө төлөтүп жатпайбы. Көрсө алардын дүйнөсү менен биздин дүйнөбүз таптакыр башка турбайбы. Адамгерчилик бизде бийик экен. Алар техниканын адамдары болуп калган. А техника таптакыр башка нерсе. Интернетти алалычы, жакшы дейбиз го, бирок адамдын акыл-сезимине, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө абдан эле терс таасир берет. Калькулятор чыкты эле базарга барсаң 1 дептер алсаң 15 сомго, 2 дептер алсаң 9 сомго, 9 менен 15 ти кошо албай, калькулятор берчи деп сурашат. Адамдын ойлоо жөндөмдүүлүгүн тушап жатат. Албетте компьютердин жакшы жагы да бар, бирок ошончолук терс жагы да бар. Анын медициналык, руханий, материалдык зыяндарын айтпаганда. Ал эми биздин кыргыздын шаарда өскөн жакшынакай балдар-кыздары жайлоого барганда кадимкидей жүдөп калышат. Көрөңгөнүн баардыгы, маданияттын, адабияттын башаты айылда. Мен ойлойм үрп-адат, салт, ыйман баары айылда жатат. Айылды көтөрбөсөк биз мамлекетти көтөрө албайбыз. Анткени баардык улуттук баалуулуктар айылда.
— Балдарга арнаган чыгармаларыңыз кийинки учурда 2-3 китеп болуп чыкты. Тоголок Молдо атындагы балдар сыйлыгын алдыңыз, балдардын келечеги жөнүндө кеп салып берсеңиз?
— Келечек балдардыкы дейт. Биз балдарыбызды улуттук көрөңгөбүзгө тарбиялашыбыз керек. Ошол улуттук каада-салтты жайылтуу, биздин көөнөрбөс байлыгыбыз болгон Манасты, балдарыбыздын сезимине жеткирүүнүн өзү, жайылтуунун өзү саясат болуп эсептелет. Бизге азыр ошондой саясат керек. Пикетке, митингге чыкпаса эле мен саясаттан алысмын дешет экен. Саясатка жеткиликтүү түшүнүү керек. Бакчадагы тарбия берүүчү ага-эжелер да саясатташып кеткен. Ачык эле айтып калышты, туулган күнүмө килем алып бересиң, мобул майрамга мобуну алып келесиң деп. Саясат бизде бала бакчадан бузулуп атпайбы?Балдардын келечегин мен да, сен да, ал да көрө албай жатабыз. Эртеңки күнгө ишенүү кыйын болуп турат. А балдар адабияты жок болуп баратат. Балдар адабиятын колго алган бизде акын-жазуучулардын катары суюлду. Балдардын келечеги жөнүндө бирдеме деш кыйын болуп калды.
— Жазуучулар бүгүнкү күндүн шартында кандай жашоо кечирүүдө?
— Азыркы жазуучулардын жашоосуна мышык ыйлайт. Мурдагыдай мамлекет тарабынан жардам, жеңилдик дегендер жок. Үй-жай мындай турсун, жазган китебиңди өзүң чыгарасың. Мен 4 китеп чыгардым. Анын баардыгы өзүмдүн каражатым менен чыкты. Китептин эң машакаты жазуу экен, андан кийин басып чыгаруу, анан сатуу. Сатуу бул тозоктун отунда күйгөндөй эле нерсе. Мисалы, депутатка, министрге, чоң бизнесменге барып: «Мобул балдар үчүн жазылган китеп, алып коюңуз»- десем мен сыйлаган ошол депутат, ошол бизнесмен, ошол министр «биз азыр кыргызча окубай калдык. Англисче үйрөнүп атабыз» дейт. Биздин маданиятыбыз учурда өтө төмөндөп кетти. Баардыгы деп айта албайм го, бирок көпчүлүк жазуучулар ушундай абалда. Колунда байлыгы бар, эл башкарган жакшы киши кыргызча окубай калдык го деп айтып жатса, анда кыргыз тилинде жазган акын-жазуучулардын жашоосу кандай болмок эле. Кыргызды-кыргыз басынтып атат да. Анан өзүңдүн чыгарган китебиңди сатпасаң дагы болбойт. Жазуучуларга кичине жылуу сөз айтып, колдоп койгондун ордуна, жакшы болсоң сен өзүңдүн китебиңди сатат белең дегендер да жок эмес. Базар экономикасынын шарты бизди да өз китебибизди өзүбүз сатууга мажбурлап жатса, кантели?
-Чыгарып жаткан журналыңыз жөнүндө сиздин комментарий?
-Бул «Эл дүйнөсү» тарыхый-этнографиялык, адабий-көркөм журнал Кыргызстанда чоң журнал болуп эсептелет. 1995-жылы негизделген. Ар кандай шарттар менен бир топ убакыттарга чейин бул журнал чыкпай калган. Эми чыгып жатат. Республиканын баардык бурчтарына таратууга аракеттер көрүлүүдө.
«Кыргыз Руху», 18-апрель, 2006-жыл.
Калыбек Байжигитов, КМУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты
Ишенич алыш сага милдет
Ырасын айтсам, мен азыркы учурдагы жаштар прозасынын алдыңкы сабында жүргөн Жапарали Осмонкуловдун 2002-жылы жарык көргөн «Өмүрдүн көз ирмемдери» деп аталган чакан аңгеме, повесть жана эсселерден куралган жыйнагына дейре анын мурда мезгилдүү басма сөз беттеринде жарыяланган чыгармалары менен, ал гана эмес республикалык масштабдагы Жаштар сыйлыгын багындырып, адабий чөйрөдө жагымдуу пикирлерди туудурууга жараган «Күн кызарып батканда»/1993/ аттуу аңгемелерден турган китеби менен жакындан тааныш эмес элем. Анын себеби бар. Анткени, 90- жылдардын башынан тарта улуттук адабиятыбыздын астанасын аттоого кам урган жаш прозачылардын калеминен жаралган көркөм туундууларга, башкаларын билбейм, айтор менин көңүлүм анча толо бербей, алардын жарыялаган чыгармаларын тек гана барактоо менен тим болуп, адабий процесстеги, айрыкча кара сөз жаатында активдүү мүнөз күтүп оош-кыйыштыктарды, изденүү пассивдүүлүгүн замандын, тарыхый-экономикалык, социалдык-маданий кырдаалдын сөз өнөрүнүн кыймылына демейде тийгизе жүрчү утурумдук негативдүү таасиринин бир көрүнүшү сымалында кабыл алган жайым бар. Мына ушундай сезимге аргасыздан жетеленип жүргөн чакта Ж. Осмонкуловдун проза чарбасындагы кадамдары менен анын натыйжалары туурасында газета-журналдардын беттеринде позитивдүү маанайдагы сынчыл көз караштар бири-бирине куйрук улай жарыяланып кетти. Мен бул жерде ириде С. Тургунбаев, Т. Самудинов, И. Талип, А. Макешова, С. Маймулов, М. Раимжанов, Т. Кызалаков өңдүү акын-жазуучулар менен К. Матиев, З. Эралиев, Ү. Асаналиев, С. Ибрагимов, И. Абдувалиев, А. Эгембердиева сыяктуу окумуштуулардын басма сөз беттеринен орун алган газеттик рецензиялары менен макалаларын эске алып жатам. Чындыгында мунун өзү соңку мезгилдеги жаш калемгерлердин ичинен Ж. Осмонкуловдун адабий чыгармачылыктагы өз алдынча аракеттери адабий сындын көңүлүн өзүнө бура баштаганынын көрүнүшү болсо, экинчи жагынан сынчыл ойдун көркөм процесстеги кубулуштарга мурдагыдай даражада болбосо да көз салуу, ага үн кошуу/отклик/ деңгээлинде күн кечирип жатканын ырастаган фактылардын биринен эле.
Момундай суроо өзүнөн өзү туулат. Эмне себептен адабий сын менен окурмандар чөйрөсү Жапарали Осмонкуловдун курбалдаш-каламдаштарынын башка бирөөсүнө эмес, анын өзүнө, сөз өнөрү жаатында жараткан саамалыктарына айрыкча ынтызарлык менен назар таштап, анын чыгармачылыгы, изденүүлөрү туурасында сөз учугун чубап ийди?! Бул эмне кокустукбу же анын көркөм өнөрканасында адабий сынга предмет болуп берүүгө жарамдуу реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн натыйжасыбы? Мына ушул маселе көркөм адабияттын өнүгүү агымына, учурдагы абалына кайдыгер карай албаган ар бир окурмандын ынтызарлык ышкысына от коюп, кызыгуусун ойготоруна, ага өз алдынча жооп издешке түрткү берерине шек жок. Биз да ошондой максаттардан улам Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык өнөрканасындагы өзгөчөлүктөрдү, анын буга чейин жараткан көркөм тажрыйбаларынын негизинде караштырып көрүү жана ага өз мамилебизди билдирүү ниетин коюп олтурганыбызды жашыргыбыз келбейт. Экинчи жагынан, бул макаладагы айрым байкоолор менен көз караштар прозачынын калемгерлик бейнесин тартууга жасалган алгачкы штрихтердин милдетин да аткармак.
Ж. Осмонкуловдун көркөм сөз өнөрүнө болгон курамы айылдык мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле ойгонуп, андан кийин жогорку окуу жайында билим алып жаткан учурунда, жоокерчилик милдет өтөгөн чагында тынчтык бербей делөөрүтүп жүрсө да ал адабият босогосун көпчүлүк жаш калемгерлердей эле аңгеме жазуу менен баштаган экен. Бул анын окуу жайын бүтүрүп элет жериндеги орто мектепте мугалимчилик кылган мезгилине таандык.
Арийне, ким кандай чыгармачылык тагдырга, коомдук-маданий абройго ээ болбосун ошол калемгердин бир кездеги адабий чөйрөдөгү алгачкы кадамдары, көркөм машыгуулары, андан алган таасирлери, эмоционалдык-психологиялык абалы, авторго жасалган реакциялар, мамилелер анын көкүрөгүнүн тереңинде өчүрүлгүс болуп сакталып калат эмеспи.
Анын сыңарындай Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык чыйырынын башталышы, өзүн өзү прозачы катарында калыптандырууга жасаган далалаттар, андагы ички жана сырткы факторлордун ролу, автор туш болгон моралдык-психологиялык кырдаалдар калемгердин азыркы жараткандарына ыба караган ар бир окурманды кызыктырарына ишенип койсок болот. Бул жагынан анын прозалык тунгуч саамалыктары, сүрөткерлик жана граждандык кредосунун пайда болушуна, өнүгүшүнө тигил же бул даражада кол кабыш кылган өбөлгөлөр туурасында чын дилден баяндалган, көркөмдүк жагынан бир топ чыйрак иштелген баяндар, эскерүү мотивдеги эсселер анын «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу жыйнагында бир кыйла. Ошолордун айрымдарына кайрылып, автордун өзүнө сөз бергенибиз оң болуп турат.
«Айылдык мектепте иштейм. Союз убагында гезит-журналдын мээсин чакчубуз. Политинформация деген балээси такай өтчү. Айылдык мектепте не, үч-төрт жармач сабактан кийин башталчу талаш. Мектептин алдындагы отургучта эки завуч, мен, анан англис тили мугалими болуп дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктардын тегерегинде кеп башталат. Басма сөз бетиндеги бажырайган тамгалар калбай талашка түшөт. Эч ким четте калчу эмес. Баарыбыз кызуу талашчубуз.
Ошондой күндөрдүн бир күнүндө почтону ача салсам республикалык гезитте менин аңгемем жүрөт. Сүйүнүп кеттим. Эми менин аңгемемдин тегерегинде кызуу талкуу жүрүп, сын-пикир, жаман-жакшы ойлор айтылат го деп күтүп калдым. Бирок караң калгырлар, ошо күнү бири да «лам» деп ооз ачпай коюшпадыбы, ооздоруна талкан толтуруп алышкансып. Мактанып атат дебесин деп өзүм дагы «аңгемем чыгыптыр» деп сөз баштай албадым. Партиянын күчү ушунда эле, идеологиянын туу чокусу болгон республикалык гезит-журналдарга сөзсүз жазылчубуз. Балким, ал күнү почтону албай калышкандар деп да шексиндим. Эртеси күттүм, кийинки күндөрү… Үмүтүм зор болчу чыгармам жөнүндө бирдеме айтышаар деген. Тескеринче, көрмөксөн, билмексен болуп коюшту. Көралбастыктан бирге иштеген кесиптештерим көңүл улаганга жарашкан жок. Капырай де чогулушу чогулабыз, бирок бирөөсү бирдеме деп ооз ачып койсо не? Ачпайт. Талаш токтогон. Көр тириликти айтып мыңкылдап күн кечкиртебиз. Ошентсе деле бирөө баштайт го дейм, үмүтүм өчпөйт… Жок. Баары эле ооздоруна кум куюп алгансып тымпыйышат. Жыйынтыгы нөл. Ана сөз баштайт, мына сөз баштайт, менен жүрүп аптадан апта алмашты… Баары дудук!»
Ырасын айтканыбыз жөн, автордун эсселеринин биринен алынган бул чакан фрагмент калемгердин жеке турмушундагы, чыгармачылыгынын башталышындагы кездешкен окуяларды эмоционалдык маанайда баяндаган, өткөн чактын өкүткө толгон сезимин жөн жай сүрөттөгөн катардагы эпизоддордун бири эмес. Мында өткөн доордун кашкайган реалдуулугу, болгондо да кыргыз турмушунун сөөгүнө сиңген нравалык «баалуулуктардын» көрүнүшү, коомчулугунун жандуу картинасы жатат. Кайдыгерлик менен ичи тардыкка тырмагына чейин сугарылган элет инттелигенциясынын өкүлдөрүнүн образы, жашоо принциби, гражданчыл позициясы жасалмаланбастан чагылдырууга алынган деп айтсак апырткандык болбос. Ошондуктан жаш жазуучуга ишенбеске аргаң калбайт. Ал эми окурмандардын чыныгы ишенимине ээ болгон калемгерлер бүгүнкү күндө сейрек эмеспи. Жогорудагы мисалга тартылган үзүндүнү тематикалык-идеалык жана проблемалык жагынан табигый улантып турган эсселер бир топ. Маселен, калемгерлердин ошол маалдагы алгачкы адабий машыгуулары чыгармачыл чөйрө тарабынан кандай кабыл алынып, кантип бааланганын элестүү жана сарамжалдуу чагылдырган дагы бир чыгармасына кайрылып көрсөк кантет.
«Жаңыдан жазып жүргөн кезим. Райондук гезиттин редакторуна балдар үчүн жазылган эки аңгемемди алып келдим. Айта жүргөн сөзүн менден да аябады.
— Аңгеме жакшы жазылган. Тили ширин. Бирок анда сүрөттөлгөндөй тамыңа жакын дөңдөгү мырза теректерге чыйырчык эмес, чымчык уялабайт. Чыйырчыктын мукам үнүнө маашырланганың турмушка коошпой турат. Жок кыл-деди. Айтса эп экен да. Андай дедим, мындай дедим. Көгөрүп туруп алды. Жадаганда:
— Эмне, анда Айтматов Акбара менен жатып-туруп жазды дейсизби? – десем көздөрү алайып отуруп калды.
Кийинки жума иш менен барып облустук гезитке кире калдым. Орто бойлуу, ак саргыл Ризван деген кызматкер кызы окуп көрүп эле.
– Кыргызстанда учтуу тоолор болобу?Андайдан кабарым жок экен, -деди кайдыгер.
– Учтуу тоолор бар экенин сен билбесең мен билем. Мен ошол тоолордун арасында жашайм. Аскасын ак мөңгү каптап, көзгө ажайып көрүнгөн учтуу тоолор бизде болбосо кайда болмок эле, -десем ынанбады.
— Учту тоолорду жок кылып кел, -деп көшөрүп туруп алды.
Ушундай учурда адамдын шагы биротоло сынып, жазгандан көңүлү көк таштай калышы керек эле, тескеринче, мен кайра чыйралдым»…
Туура. Мындай учурларда чыгармачыл кишиге чыйралбагандан башка ылаажы барбы?! Келтирилген фактылар кашкайта тастыктап тургандай элет интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн биринен болгон мектеп мугалимдери, райондук жана областтык масштабдагы газеталардын бакандай кызматкерлеринин образдары, алардын чыгармачыл өнөргө көзкарашы, мамилеси кыргыз турмушунун типтүү көрүнүштөрүнөн болуп саналат. Алардын кимиси болбосун, мейли ал педагогбу же редакция кызматкериби, анын редактору болобу, бул көрүнүштүн өнүп чыккан кыртышы жалпы, тамыры бир. Ошол себептен автордун каармандары чыныгы көркөм чыгармачылыктын табияты, анын наркы, өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү түшүнүк-элестери бирдей жана маданий камылгасы мажирөө, өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмү жок, азыркы шарттын тубаса типтери болуп чыгат. Бул өз кезинде прозачынын чынчылдыгын, аны негизги эстетикалык принцип катарында бекем кармоого умтулганын да көрсөтөт. Мындай элеттик чөйрө өзүнүн көкүрөгүндө тынчтык бербеген алоолонгон адабий кумарынын сыртка ойдогудай тебилип чыгышына, идеяларынын, көз караштарынын материалдашуусуна зарыл болгон реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере албагандыгына көзу жеткен Ж. Осмонкулов мугалимчилик кылууну таштап, республикалык масштабдагы басма сөз каражаттарынын редакцияларында кызмат өтөөгө өтөт. Чыгармачыл атмосферанын таасир күчү оңойбу, көп өтпөй эле анын оригиналдуу мүнөздө иштелген адабий туундулары ар түрдүү басылмаларда дембе-дем жарыяланат, атыгүл аңгемелер топтомдору да жарыкка чыгат, аларды адабий коомчулукка резонанс туудурууга жарай баштайт. Атыгүл, ал чыгармалары Ж. Осмонкуловду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Тоголок Молдо атындагы адабий байгенин ээси кылып тынат.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык жүзүн аныктап, сүрөткерлик доошун, образ жаратуудагы, мүнөз түзүүдөгү жана сөз менен иштөөдөгү оригиналдуулугу менен индивидуалдуулугун ишенимдүү ачып берүүчү көптөгөн сапат-белгилер бар. Эгерде аларды өзүнчө топтоштуруп, жалпылаштырып карай турган болсок, анда төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөрдөн куралган чыгармачыл стихиянын картинасын көрөбүз.
Биринчиден, Ж. Осмонкулов далай убактан бери көркөм процесстин орошон кыймылында өзүнүн эстетикалык чабытын жетишерлик көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү болбой, мурдагы жеңип алган чектерди татыктуу бекемдей албай, өнүмдүү салттарды улантпай, кыйладан бери жабыркап келе жаткан «эң кичинелердин жанрынын» денесине кан жүгүртүү, жандандыруу машакаттын моюбай тартып келет. Демек, ал азыркы кыргыз балдар адабиятынын өкүлү катарында каралышка толук укугу бар.
Ырас, бөбөктөр адабияты оңбогондой татаал, ары жоопкерчиликтүү жана спецификалуу, айрыкча шык-жөндөмдү, чыгармачыл мамилени талап кыла турган тармактардын бири экендиги талашсыз. Ошол себептен эң кичинелердин көркөм чарбагына тажрыйбасы арткан, адабий кадыр-барк күткөн калемгерлердин бардыгы эле батынып бара албайт. Кенжелердин адабиятын жаратыш үчүн өзүнчө таза сезим, бөтөнчөлүктүү жөндөм, илбериңки баамчылдык жана сүрөткерлик чеберчилик талап кылынат. Анткени балдарга арналган чыгарма алардын социалдык-граждандык, интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө туура багыт берип, моралдык-психологиялык жактан калыптанышына моюбай кызмат өтүшү, оптимизмин, жаркын эмоцияларын курчутушу, чоң турмушту таанууга, ага өз мамилесин иштеп чыгуусуна көмөктөшүүсү абзел. Балдар жазуучусунун милдети эң кичинелердин психологиясына максималдуу жакындоо далалаты менен гана чектелбейт. Калемгер алардын ой-сезимин, жан-дүйнөсүн жаркын, прогрессивдүү идеялар менен каныктырууга жана көркөм-эстетикалык деңгээлин толуктоого да жоопкер. Балдарга арналган чыгармалардын мазмунунун негизин «эмне үчүн?» деген суроо түзөрүн эстен чыгарбоо жөндүү. Ал эми сүрөткер дал ушул соболго көркөм-эстетикалык жагынан, социалдык турмушту реалдуу көрсөтүү жагы менен ишенимдүү жооп берүүсү зарыл.
Ж. Осмонкулов мына ушундай спецификалык талаптар менен бөтөнчөлүктөрдү жетишерлик билет жана чыгармачылыктын бул формасынын жоопкерчилигин айкын ажырата алат деп айтсак жарашат. Анын балдар дүйнөсүнө, психологиясына, образына айрыкча кызыгып калганынын дагы бир себеби калемгердин жогорку окуу жайын бүтүргөндөн соң кыйла жылдар бою өзүнүн районундагы мектептерде мугалимчилик кылганы да түрткү болгон сыяктуу. Табиятынан айлана чөйрөдөгү көрүнүштөр менен тиричиликтеги кубулуштарга жөн салды карай албаган сезимтал прозачы жаш жеткинчектердин атмосферасына, өзүнчөлүктүү дүйнөсүнө дайыма сергек баам салып, алар жөнүндө ой машакатын баштан кечирип анысын чыгармачылык электен өткөрүп жүргөнүн «Күн кызарып батканда» жыйнагына киргизилген жоон топ ангемелери «Төгө бер, жамгыр!», «Көктөмдө келген кубаныч» аттуу жыйнактарына киргизилген адабий туундулары ишенимдүү күбө катарында өтүп берет.
Чынын айтыш керек, жазуучунун балдарга арнап жазган алгачкы аңгемелеринин бардыгынын эле адабий-көркөмдүк жактан иштелиши, образдардын берилиши, дидактикалык принциптердин колдонулушу дайыма эле көңүлдөгүдөй чыга берген эмес. Мунун жөндүү себептери бар экендигине калет жок. Анткени автордун чыгармачылык жактан али толук кандуу такшалбагандыгы, тажрыйбасыздыгы, балдар жанрынын спецификалуу мүмкүнчүлүктөрүн али ойдогудай өздөштүрө электиги, чеберчиликтеги сабактарын үйрөнбөгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Бирок ошондой болгону менен анын адепки «Досчул бала», «Чыйырчык», «Уялуу булак», «Кыз булак» аттуу аңгемелеринде жаш жазуучунун келечегине үмүт байлаган жакшынакай сапаттар ачык көрүнө баштаган. Бул чыгармалар автордук сюжет куруу, автордук ойдун ачыктыгы, коюлган проблемалардын социалдуулугу, жеткиликтүү тилде баяндалганы, каармандарынын элестүүлүгү жана конкреттүүлүгү менен эсте калат.
Анын соңку кезде жарык көргөн жыйнактарындагы орун алган чакан аңгемелер калемгердин бул жанрдын үстүндө ошол күүдөн жазбай кызуу иштеп жаткандыгын айгинелейт. Мында автор ириде миниатюралуу стилистика жагынан өзгөчөлүктүү түзүлгөн көркөм текстерди жаратуу жагынан изденүү аракеттерин көрүп жатканына ынанабыз. Айрыкча бир өңчөй тыбыштардан башталган сөздөрдөн куралган сүйлөмдөр менен жазылган кыска чыгармалар жаш жеткинчектердин чыгармачылык фантазиясын ойготоруна, анын сезимине адабий-эстетикалык таасир берерине ишенип койсо болот.
Жазуучунун адабий жомок жаратуу жагындагы изденүү аракеттери колдоого арзыйт. Анткени аларда бөбөктөр адабиятынын жанрдык алкагын кеңитүү, образдык системасын байытуу, көркөмдүк таасирдүүлүгүн арттырууга жасалган демилгелер орун алган. Буга айрыкча анын соңку «Көктөмдө келген кубаныч» аттуу китепчесине кирген «Кулак», «Ким күчтүү?», «Мекен деген эмне?», «Коен менен кирпи», «Ай кармаган бака», «Эринчээк конок», деген чыгармалары күбө. Автордун мындай мүнөздөгү адабий туундулары буга чейинки адабият тарыхындагы туруктуу көрүнүшкө айланып калган салттуулукка кирбейт б. а. ал адабий жомокторун элдик оозеки чыгармачылыкта орун алып келген туруктуу сюжеттерди, образдарды жана мотивдерди механикалык түрдө колдонуудан, көркөм вариациялоодон өз боюн оолак кармайт. Анын чыгармаларында автордун көөдөнүндө уялган идеялар менен көркөм фантазиянын чөйчөгүндө бышырылган образдар, персонаждар ширелише шөкөттөлүп чыга келет. Ал эми аллегориялык каармандар бөбөктөрдүн жан дүйнөсүн байытуучу каражатынын, аңгемедеги дидактикалык маанайдын таасирдүүлүгүнүн артылышына көмөк көрсөтөт.
Бирок, анын адабий жомокторунун бардыгы эле телегейи текши чыга бербегендигин, айрым учурда карандай насаат айтуучулук, сюжетти бир өңчөй түзүү жана чечмелөө орун алып, көркөмдүк жагынан да аксап калгандыгын адилеттик үчүн айта кетүү керек. Канткен күндө да Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык изденүүлөрү менен андагы натыйжалар балдар адабиятынын алгалоо кыймылына кол кабыш этүүгө жарамдуу фактыга, анын бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү алдыда деген ойго түртпөй койбойт.
Экинчиден, кыргыз аңгемесинин он-он беш жыл аралыгында жандуу адабий процесске тийгизген таасири мурдагы этаптардагыдай болбой, окурмандар арасында эң окумдуу, адам тагдырын сүрөттөөдө, психологиялык талдоолорго ийкемдүү жанр сымалында кадыр-барк күтө албай калгандыгы жашыруун эмес эле. Бирок ошондой болгону менен улуттук адабиятыбыздагы эпикалык кенже жанр өз мүмкүнчүлүгүнө, чама-чаркына жараша аракеттерди көрүп жаткан. Мындай машакаттуу иш ириде адабиятка жаңыдан аралашып жаткан жаш калемгердин энчисинде калган жайы бар. Аңгеме жанрынын ички жана тышкы турмушундагы оош-кыйыштары идеялык-тематикалык изденүүлөрү, образдык-эмоционалдык кубатындагы өз алдынчалыктар, поэтикалык арсеналындагы жеке аракеттер менен натыйжалары жөнүндө сөз жүргөндө Ж. Осмонкуловдун чыгармачылыгынан кыйгап өтүү мүмкүн эмес. Ал деле башка калемгерчилеп өзүнүн чоң адабиятка жасалган алгачкы кадамдарын дал ушул жанрдан баштаган. Кыска убакыттын ичинде ал өз стихиясын эпикалык чыгармачылыктын дал ушул кенже жанрынан тапты, анын турмушту, адам тагдырларын көркөм изилдөөдөгү жана жалпылоодогу мүмкүнчүлүктөрүн, автордук идеяны таасирдүү чагылтуу, моралдык-этикалык, социалдык жана психологиялык проблемаларды коюу жана чечүүдөгү, таамай жана элестүү көрсөтүүдөгү ийкемдүүлүгүн эртелеп түшүндү. Натыйжада бул жанр автордун көөдөн куйкалаган идеяларын, жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген коомдук-социалдык, нравалар жөнүндөгү көз караштарын ишенимдүү чагылтышына кол кабыш кылган жанрлардын бири болуп калды.
Көтөрүңкү пафостогу мындай пикирлерди кесе айтышка анын алгачкы аңгемелер жыйнагы болгон «Күн кызарып батканда»/1993/аттуу китебинен орун алган бир катар чыгармалары негиз болуп берет. Маселен, «Жар», «Учук», «Күнөөсүз күнөөлүү», «Бир кулач жип», «Кылмышка тете жаза», «Васька», жана «Айлангөчөк» аттуу аңгемелери кадыресе профессионалдык деңгээлде иштелген, чынчыл прозанын көрүнүштөрү катарында кабыл алынат. Демек, Ж. Осмонкулов чыгарма жаратуунун техникасын гана эмес, барыдан мурда турмуш көрүнүштөрүн өз позициясынан туруп баалап, коомдогу социалдык жана этикалык маселелерди өзү сүрөттөөгө алган кейипкерлердин тагдыры менен тыгыз байланышта, учурдун орчун мааниге ээ этикалык проблемаларын окурмандардын алдында жасап-түзөбөстөн жая салат. Бул сапат анын калеминдиги өнөгөлүү жана келечектүү көрүнүштөрдү пайда кылат.
Жазуучу жасалма жана ойдон чыгарылган сюжеттерге, жалган мүнөз түзүүгө, өзү көзү жетпеген, шексине караган маселелерге ашкере азгырылбайт. Турмуш кандай жөнөкөй жана ошол эле маалда татаал болсо аны ошол калыбынан жазабастан, аны сүрөткердик өздүк призмадан өткөрөт. Ошол себептен реалисттик катаалдык анын бир катар аңгемелерине таандык келген касиеттерден. Жогоруда аталган аңгемелеринин ичинен жан дүйнөңдү козгоп, ойлонууга чакырган «Учук», «Кылмышка тете жаза» жана «Васька» аттуу чыгармаларын өзгөчө бөлүп көрсөтүү керек. Бул аңгемелер бир чындыктын үч башка кыры, үч башка өңүттөн чагылдырган картинасы, өзөктүү бир проблемага түйүндөштүрүлгөн үч башка адам тагдырынын көркөм картинасы катарында кабыл алынышы керек. Анткени, анда бүгүнкү күндүн жандуу турмушу, бири-бирине ички жагынан байланышкан адам өмүрлөрү, каармандардын түрдүү мүнөздөрү чагылдырылган. Ошентип, аларды өз өзүнчө жекелештирип карабай бир тегиздикке коюп, бир ракустан байкоо жүргүзгөнүбүздө алардын оригиналдуулук жана сүрөткердин жекечелиги көзгө даана тартылат.
Эгерде «Учук» аңгемесинде кары адамдын, эненин куру намыс үчүн элет жеринде демейки айтыла жүрчү ар кандай ушак-айыңдан чочулаган уул-келининин кыстоосу менен калаа жеринде аргасыздан туруп калышы, анын бара-бара адам, карыя катарында эмес, катардагы үй буюмуна айлынышы, дал ошол күндөрдө баш каармандын жеке толгонуулары, ой-үмүтү, тилеги менен санаркоолугу чагылтылып, моралдык жана психологиялык жактан деградацияга учураган кийинки муундун өкүлдөрүн, өзүнүн урпактарынын ким экендигин таанып, алардын моралдык принциптерине, жашоо образына протест жасаганы билгичтик менен баяндалса, ал эми «Кылмышка тете жаза» жана «Васька» жогорудагы аңегеменин идеялык-тематикалык багытын табигый түрдө улантат, логикалык мазмунун чыңайт, социалдык өзөгүн бышыктайт.
Карыя Лопухов /«Кылмышка тете жаза»/да жогорудагы чыгарманын башкы каарманы сыяктуу эле социалдык чөйрөнүн, коомдук турмуштун мазмунун аныктап турган кайдыгерликтин жана эгоизмдин курмандыгы. Кастарлап карап, бапестеп бага турган үй-бүлөсү болбогондуктан каралаша турган агайин туугандан караманча куру алакан калган бул персонаж үчүн бул жарыкчылыктагы жападан жалгыз аздектеген бир мүдөө бар. Ал пенсия алган күнү чери жазылганча ичүү. Бирок бул жөнжай окуя сымалында чагылдырылбайт. Ал каарман кадыресе тиричиликте боло жүрчү майда-барат таарынычтарын, кошуналары менен айрым пикир келишпестиктерин ошол күнү сааты чыккандыктан такташкысы, чечкиси келет. Коңшу-колоңдору анын мындай жаңжалдарынан жадагандыктан милиция кызматкерлерине далай жолу салып беришет, бирок алардын кайдыгерлигинен жана жоопкерсиздигинен Лопухов көп этпей кайра боштондукта. Жанаша жашагандардын кылыгы жанына баткандыктан алардын ортосундагы конфликт улам өөрчүй берет. Натыйжада чыгарма башкы каармандын трагедиясы менен аяктайт.
Анна Михайловна да карыган кезде /«Васька»/ күйөөсүнөн ажырап, жалгыз уулунан кайрым болбой калаанын чок ортосундагы төрт бөлмөлүү үйдө Васька деген ити менен өмүрүнүн калган күндөрүн бирге кечирет. Адамдан иттин кадыр-баркын жогору коюп барктаган башкы каарман жабышкан кеселге алдырып төшөк тартып жатып калганда ачка калган сүйүктүү итинин жемине айланат. Аңгемелердин кыскача мазмуну мына ушундай.
Байкалып турбайбы, Ж. Осмонкуловдун аңгемелеринде жеке адамдын турмуштук драмасы менен трагедиясы биринчи планга алынып чыгарылган. Прозачы катарында ал адам турмушунда жана тагдырында кездеше жүрчү мындай кырдаалдардын жыйынтыгын эмес, анын келип чыгыш себептеринин, социалдык жана нравалык-психологиялык тамырларын ачып бергиси келет. Ал эми чыгарманын өзөгүн түзгөн сюжеттик окуялар менен эпизоддор дал ошол автордун максатын көңүлдөгүдөй ишке ашышына элпек кызмат кылат. Бул калемгердин сүрөткерлик өнөрүн көрүүгө, талдоого жана замандаштарын ойлонууга чакыра турган идеяларды ортого тартынбастан таштоо жөндөмдүүлүгүнө ээ экендигин ырастай алат.
Арийне, жаш жазуучу өзүнүн адепки аңгемелеринде эле каармандарынын дилинде уялаган аялуу сезимдерди же чамгарактап ээ-жаа бербеген маанайды, каармандардын мүнөзү аныктап турчу башкы касиеттер менен белгилерди чагылдурууга келгенде бир өңчөй көркөм ыкмалар менен сюжеттик окуяларды бир типте куруу жалпы чыгармачылык максатты көңүлдөгүдөй ашырууга тоскоолдук кылаарын, баяндоонун шаблондук жолуна жетелерин ачык ажырат. Ошондуктан ал ар бир аңгемесине, каармандарына, деталдарга жекече мамиле жасоого аракет жасайт. Ал эми мунун өзү жакшы маанидеги изденүүнүн башталышын айгинелеген көрүнүштөрдөн эле. Муну фактылар менен иллюстрациялаш үчүн дагы деле жогоруда сөз болуп жаткан чыгармалардын өзүнө кайрылганыбыз жөн.
«Учук» аңгемесинде окуя автор тарабынан мындайча башталат: «Алгачкы күндөрдө шаар бу кемпирди өзүнө арбап алган. Айылдан шаарга ой-боюна коюшпай уулу менен келини алып келишкенде: «Эне сүтүн актайлы, кызмат кылалы, урматтайлы, сыйлайлы!»-дешкен ак ниеттери менен. Кызыгы кийин болду». Болгондо да эне көп өтпөй өлүү дүйнөгө тирелип турган үндүн интерьерин байытып, көркүнө көрк кошуп турган жандуу буюмга айландырылды. Мээрим менен жылуулуктан ат чабым алыс турган бул үйдө ал артыкбаш экенин, атыгүл черин жазып кобурашып чай ичүүгө мүмкүн эместигин, бирок өзү оору менен ачкачылыктан запкы тартса да анын энелик жүрөгүнүн ыйыктыгы ушунда белем, дагы да болсо уул-келинин жамандыкка кыя койбойт. Өзү кыялында түзүп алган иллюзордуу турмуш менен жашаганга б. а. берекеси төгүлгөн үй-бүлөнү, небересин күсөп, анын кызыгына маашырланып, колунан жетелеп өзүнүн өмүрүнүн көп мезгилдери өткөн айылына барып тели-теңтуш, коңшу менен бапырашкысы келет, оюнда. Бирок турмуш дегениң жалаң ой-кыялдан түзүлбөгөн балээ эмеспи. Уул-келининин адамдык наркын, моралдык кебете-кешпирин эми гана айра тааныган кемпирдин таяна турган, ишенген бир гана үмүтү бар. Ал кыйладан бери көөдөнүндө бекем сакталып жүргөн Наки аттуу чалдын элеси. Сагыныч менен кусалык дилин таарыган кемпирди Наки чалдын ооруканага атайы издеп келишин баяндаган финалдык эпизод автор койгон рухий тазалык жана бийиктик проблемасына чекит коет. Окуп көрөлү:
«-Келген экен, байкуш!» — байбиче өзүнчө шыпшынды. Алыскы сапарга даярданды чоң эне. Чачын өрүп, палатадагылар, врач кыз менен жылуу коштошту. Көп жылдардан бери ачылбаган көңүлү, эми чындап ачылды. Жылуу мамилеге семирди. Өз ыктыяры менен кетип баратты. Кол булгап узатышты ооруканадагылар. Чал, кемпир кеткенден кийин уулу жалгыз келди.
– Алып кетти, -дешти ооруканадагылар.
– Ким?-нес болуп катты баласы.
– Бир абышка…
– Ыя?!..
– Бир абышка дейбиз…
– Аа… Наки чал го?!..
Баласы балакайынан атасындай кам көрүп, жакшы көргөн, кийин эс тартып чонойгондо апасынан кызганган жыртак чалды баратып, аргасыздан эсине салды…»
Эне менен баланын ортосундагы мамилени, байланышты жана айрымачылыкты, адамдык насилин, моралдык дүйнөсүн даража-деңгээлин аныктап берүүчү бул ички контрастка эгедер эпизод, автордук баян дал ушул жерден чорт үзүлөт. Бул болсо барып-келип калемгердин аңгеме жанрынын табиятын, мүмкүнчүлүктөрүн, көркөм-эстетикалык функцияларын жетиштүү өздөштүрүп калганын гана эмес, ошондой эле анын сүрөткер катарында калыптануу жолунда экендигин ырастай алат.
Ж. Осмонкуловдун 2002-жылы чыккан «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу эсселерден, повесть менен аңгемелерден турган китеби анын жазуучулук жолундагы ийги көрүнүштөрдү өз кучагына камтыган жаңы тепкич сымалында бааланышка укугу бар. Минтип айтып жатканыбыздын себеби, бул жыйнакта автордун прозабыздын жанрдык алкагын кеңейтүү, стилдик көп түрдүүлүккө тайманбай умтулуу, көркөм чагылтуунун жаңыча ыкмаларын издештирүү сыяктуу касиет-белгилер анын өнөрканасында туруктуу мүнөз күтө баштаганын көрсөткөн кубулуштарга бетме-бет келбей койбойт. Муну ириде автордун эссе жанрынын үстүндө ийгиликтүү кадамдарды жасап, жанрдын коомдук жана адабий-эстетикалык баркын илгерилетүүдөгү демилгелерин айгинелегенге жарамдуу чыгармаларынан жолуктура алабыз. Демек, бул көрүнүштү Ж. Осмонкуловдун көркөм өнөрканасынын оригиналдуулугун, сүрөткерлик бөтөнчөлүгүнүн бир маанилүү жагын тастыктаган үчүнчү жагдай, сапат сымалында карашыбыз абзел.
Ырас, Ж. Осмонкуловго чейин эле кыргыз прозасы эссе жанрынан жайдак калган эмес эле. Эпикалык чыгармачылыктын аңгеме, повесть жана роман өңдүү формалык түрлөрү жеткен бийиктикке жетип, окурмандар чөйрөсүндө ат көтөргүс аброй издеп таппаса да, көркөм процесстин өнүгүшүнө алдыңкы чектерин аныктаган олуттуу эстетикалык күчкө айлана албаса да ал өзүнчө жанрдык форма катарында чамачаркына жараша күн кечирип жаткан. Ал уруулаш, тектеш жанрлар сыяктуу тарыхый өнүгүүнүн баскычтарынан басып өткөн жок, изденүүлөрдүн узак жана машакаттуу түйшүгүн башынан өткөрбөдү. Демек башкаларга салыштырмалуу эссе улуттук көркөм практикабыздын аңызында жаңыдан тамыр жайып, бүчүр байлоо абалында турган жанрдык формалардын бири. Анын көркөм турмушунда орошон кыймылына аралаша баштаганына көп убакыт да өтө элек, андагы ийгиликтер менен мүчүлүштүктөр тек гана К. Жусупов, Р. Рыскулов жана А. Жакшылыковдун айрым-айрым аракеттеринин деңгээли менен аныкталып жана бааланып келе жаткандыгынын себеби ушунда. Чынын айтыш керек, сүрөткерден өзгөчө даярдыкты, чеберчиликти талап кылган бул жанр андан ары өнүктүрүлүшкө муктаж, анын адабий-эстетикалык аброюн бийиктетүүдөн чарчабаган жаш, жаңычыл күчтөрдүн демилгелерине зарылып турат. Менимче, Ж. Осмонкуловдун бул жанрдын айдыңына тартынбастан кадам ташташы, өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн дал ушул жанрда сынап көрүүгө аракеттениши, анын азыркы учурдагы натыйжалары эссесинин келечегине үмүттүү кароого мажбурлайт.
«Өмүрдүн көз ирмемдери» Ж. Осмонкуловдун сүрөткерлигинин калыптанышын, көркөм чеберчиликке, профессионализмге ээ болуп калганын тастыктаган жыйнак деп айтууга болот. Эгерде ал мурун ар кандай мазмунда жазылган, ийгилиги менен кемчилиги жанаша жашаган, оош-кыйыштары жетишерлик, майда тематикага, коомдук мааниси өтө олуттуу болбогон проблемаларга урунду болуп, анын тартылуу күчүнөн такыр бошоно албай жүргөн болсо, бул саам ал мындай көрүнүштөрдөн кадимкидей арылып калганына күбө болобуз. Буга анын жыйнакка кирген сыртынан караганда ар кандай тематикага арналгансыган өз алдынча иштелген чакан эсселер сымалында кабыл алынган, бирок тереңирээк баам таштап, ой токтотуп караган, өз алдынча ойлонууга жөндөмдүү окурмандын алдында өзүнчө өзөктүү бир проблемага баш ийдирилген, бир-бири менен чебер куралыштырылган чыгармалар жакшынакай мисал болуп берет.
Адам канткенде адам болот, ал кандай кырдаалда өзүнүн табият берген улуулугун, наркын жана бийиктигин булгабай сактап калат-бул философиялык, нравалык-этикалык проблема жыйнакка кирген бардык эсселердин мазмунун аралап өткөн кызыл сызык сымал таасир калтырат. Жазуучу буга ынанымдуу жооп издешти, окурманды олуттуу ойго салышты реалдуу турмуштан алысыраак турган абстрактуу мааниге ээ окуялардан, кейипкерлерден издеп убара болбойт. Ал бул проблеманы кечээки жана бүгүнкү күндүн чындыгынан, айлана-чөйрөбүздө кадам сайын кездешкен социалдык дүйнөдөн, ыбырсыган көр тиричиликтен, замандаштарыбыздын кулк-мүнөзүнөн табат. Чыгармалардын реализминин күчү окурманды комуздун чыңалта толгогон кылындай абалга жеткирет. Бул болсо эсселердин жалпы көркөм-эстетикалык пафосун курчутуп гана тим болбойт, автордун замандаштар алдындагы, чыгармачылыктагы граждандык позициясынын ачык чагылышын шарттайт.
«Шаардан чарчаганымды сезем…Бала ар качан ата конушунда, эне кучагында жүрүүнү самаганы менен түбүң түшкүр куу дүйнө найза. Найза дегеним ар ким өз ырыскысын таап жеп, өмүр улаганы кетишет тура. Ошон үчүн ата-энең турган жер бейиш көрүнөт…», «Кыргыз бу дүйнөгө тоо болуп келип, тоо болуп кетет. Ак чокулуу Алатоосун карап турбаса курсагы ачат, кусага батат, руху бөксөрөт…», «Ойлогон кишиге табигатка ашыкбаш жаралган эчтеме жоктой. Бири жаратып, экинчисин талкалоочу күчкө эгедир кылып, ашып баратса өөнөп, жетпей калса теңдеп, бирин-бири толуктап турган рухтун күчү, Кызыл Жардын чыдамкайлыгын, киндик кан тамган жердин улуулугун аздектебей кое албайт экенсиң. Кызыл Жар чыт курсак кезден балык уулап, көгүчкөн кармаган, мал жайып, балалык өткөн күндөр үчүн гана ыйык эмес. Анын касиети тилсиз жоого түктүү төшүн тосуп, сарыкамыштык урпактардын тукумун кырсыктатпай, өмүрүнө өмүр улап келатканында…», «Элдигибиз, тарыхыбыз, мамлекеттүүлүгүбүз жер тагдыры менен өлчөнүп жаткан XXI кылымда мындай жорукту ким көрүптүр? Бүгүн жер сураган киши дагы бир күнү башкасын сурабайт, же бүгүн жерин саткан киши эртең дагы башкасын сатпайт деп ким кепил боло алат. Эч ким?»
Бул жазуучунун ар кайсы эсселеринен алынган үзүндүлөр, Ж. Осмонкуловдун Мекен жөнүндөгү айрым гана көз караштары. Мына ушундай кыска фрагменттер ар бир майда кум эбегейсиз жана кайталангыс Сахаранын образын жаратканга кызмат кылгандай эле Ата Мекенибиздин ажайып образын түзүүго кол кабыш этет. Мекен жана сен-мен, бүгүнкү жана эртеңки тагдыры, келечек муундардын алдындагы жоопкерчилик, тарых алдындагы милдет сыяктуу социалдык жана нравалык маанидеги маселелер акырындап философиялык маанайга жана мазмунга көтөрүлүп чыгат.
Жазуучу катарында Ж. Осмонкулов өзү сүрөттөөгө алган турмуштук эпизоддор менен кырдаалдарды жасап-түзөбөй, аларга чыгармачыл фантазиянын оргуган кыймылынан пайда боло калчу ашыкча боекторду сүртпөйт. Кандай көрсө, кандай кабыл алса ошол турпатынан бузбай баяндайт, бирок жыйынтыктоочу автордук ойду таасирдүү чыгарууга уста. Анын эсселеринин басымдуусу ушундай сымбатта жазылган. Маселен төмөнкү чыгармаларга баам салып көрөлү: «Боом капчыгайынан автобус ала салып кетиптир. Ый, чуру-чуу. Кырсык чалган жерге жаңы эле келген бирөө арыраакта өзгөчө бушайман жеген чүкөдөй кемпирге кайрылат.
– Энеке, автобустун ичинде адамдар жок бекен?-деп
– Кудай жалгап адамдар жок экен. Солдаттар эле бар экен…-деп жатпайбы курган кемпир көпчүлүккө маанилүү карап».
Трагедиялык кырдаалдагы драмалык абалда өтө кыска жана эффективдүү баяндаган, ашыкча эмоцияларга, баяндарга азгырылбаган автордун бул көркөм тексти бир жагынан аргасыздан кайгылуу маанайдагы жылмаюуну жаратса, экинчи жагынан адамдардын нравалык жүзүн, психологиялык турмуш-турпатын көз алдыга элестүү тартат.
«Көл жээгинде кактанып жатабыз. Күн ысык. Эл көп. Аңгыча жаныбыздагы топ балдарга өздөрү курактуу бала келип кошулду. Атасы адамдардан окчунураак чечинди. Бателе тил табыша калган балдар жайкы ысыкта көл жээктеп шапар тебишти. Кубалашып ойношту. Көлдө сүзүштү. Чарчаштыбы, ысык кумга жата кеткен балдардан жаңы келип кошулганы сурап атпайбы:
– Силер кайдан келдиңер?-деп
– Оштон… дешти тигилер эчтемеден бейкапар.
– Ии… баланын көңүлү чөккөндөй ырааңы бузулуп кетти. -Мен силерди Таластан го дегем. Бакай-Атадан болсоңор жакшы болот эле, -деди оюн ачык билдирип.
Бирок тиги балдар атанын балага берген тетири тарбиясын сезиштиби, сезишпедиби билбейм, жооп кайтарбастан жарыша көлдү көздөй чуркашты».
Бүгүнкү күндө коомубузда чырмооктой чырмалган трайбализм, өксүк тарбия-таалим жана анын кесепети жөнүндө узун сабак акыл айтып олтурбаган автор тек гана турмуш көрүнүштөрүнүн бир элеси менен конкреттүү келген турмуш чындыгын алдыңа таштап коет. Ж. Осмонкулов өткөн учурдун көйгөйлүү жагдайларына көз карашын билдиреби, тарых, маданият, адабият проблемалары жөнүндө сөз козгойбу, замандаштарынын пейилдеринин бузулушу тууралуу баяндайбы, ал кандай гана шартта болбосун өзүнүн практикасына, тегерегинде орун алып жаткан көрүнүштөргө таянат. Ошол себептен автордун эмоциясы көбүрүп-жабырып чыкпайт, автор катары аларга салкын кандуулук, токтоолук менен караганга, реалдуу баа бергенге далаалат жасайт. Лирикалык сезимдер, эпикалык арым зарыл болгон публицистикалык шаани менен каныктырылгандыктан анын эсселери таттуу окулат. Дегинкисинде, эссе жанрынын айдыңындагы анын жаратмандыгы жана натыйжалары Ж. Осмонкуловдун келечегине ишенимдүү кароого негиз берет.
Ж. Осмонкуловдун ушу күнгө чейинки чыгармачылыгына көз салып олтуруп ал кыска, көлөмү жагынан чакан келген жанрлардын стихиясын жетик өздөштүрүп алганын, эпикалык кеңири полотнолорду түзүүгө даярдык көрүүнүн үстүндө экендигин, бул багытта ал жападан жалгыз «Кандуу желдет» аттуу повестин жарыялагандыгын белгилеп коюшубуз жөн. Адабий туундунун тематикасы, образдар системасы биздин проза үчүн чоочун. Себеби коммунистик система жашап турган тээ 30-жылдардагы репрессиянын аткаруучулары али кара сөз чарбасында көркөм планда иштетүүгө алынбаган, алардын пейили-кую ойдогудай чагылдырылбаган. Айтор, бул повесть азыркы прозабыздын чегин кеңейтүүгө ташталган кадамдардын катарында турат деп белгилегенибиз абзел. Доордун катаалдыгын, карама-каршылыгын жана ошого жараша повесттин башкы каарманы П. С. Букреевдин мүнөзүн чын пейилден көркөм иликтөөгө алган бул чыгарма Жапарали Осмонкуловдун прозачылык арымынын артып баратканын айныбай ырастаган көрүнүштөрдүн бири болуп кала берерине шек кылбай койсо деле болот.
«Эл дүйнөсү», «Адабий Алатоо», 2006-жыл
Айчүрөк Макешова
«Эл-журт жакшы чыгармаларга суусап турган кези»
Жапарали Осмонкулов КРнын Жаштар сыйлыгынын, Түгөлбай ата, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты, Учурда «Эл дүйнөсү» журналын чыгарып, окурмандардын сүйүүсүнө арзышууда.
– Жапарали Адашканович, кийинки эгемен жылдарда көзгө көрүнөрлүк адабий, маданий журналдар чыкпай, көзгө сүртөөр дарыдай таңсыкка айланып кетти эле. Жакындан бери «Эл дүйнөсү» тарыхый этнографиялык, адабий-көркөм журнал узун элдин учуна, кыйла элдин кыйырына жетип, окурмандардын кызыгуусун туудурууда десек жаңылышпас элек. Эл журналды кандай кабыл алышууда?
– Баарыбызга беш колдой белгилүү кийинки кезде мындай көркөм журнал көздөн учуп калган. Мен журналды мурда да чыгарып, кайрадан токтотуп койгон элем. Көрсө туура эмес кылган экем. Мына жакындан бери кайрадан белсенип, пешене теримди төгүп көпчүлүктүн көңүл этегинен өткөрмөккө №1 санын калк санына койгон элек. Көрсө эл чиркин мындай журналга суусап турган экен. Жакшы кабыл алып жатышты. «Ой, эл көркөм адабиятка, тарыхка кызыкпай калды. Азыр «халтурщиктердин» заманы» дегендердин кеби суу кечпей калды. Окумдуу журнал болуптур дешип, өзгөчө бийик интеллектүү эл катмары акын-жазуучулар, тарыхчылар, окумуштуулар жылуу пикирлерин жашырышпады.
– Кагаз алтынга тете мезгилде, өз күчүңүз менен чыгарып жатыпсыз. Журналды сатуу, өткөрүү жагы кандай?
– Албетте, чыгымы оңой эмес. Бирок, мен үчүн чыгымынан мурда жарык көргөнү эсеп. Ар бир саны болгону элүү сом. Сатып алгандардын ичи оорубайт. Өткөрүү жагы оорчулукту туудурган жок. Окурмандар алып жатат. Буйруса окумдуулугун, мазмундуулугун дагы тереңдетиш биздин милдет. Калеми курч, адабият айдыңында ат салышкандардын жаңы чыгармаларына орун бермекчибиз. Мына эми кийинки саны чыкты.
– Жапарали Адашканович, жалпы кыргыз адабиятында эң мыкты адабий дөөлөттөр өксүп турган убак… Ошол өксүктөрдүн туу башында балдар адабияты турат. Бекеринен Тоголок Молдо атындагы сыйлыкка татыктуу болбосоңуз керек. Улуу муундар Тоголок Молдонун тамсилдери менен куралданды, ак, караны тааныды. А, кийинки кезде биздин ууз муундан балдарга ылайык жазылган чыгармалардан куржалак калды. Балдар үчүн күйгөн күйүмдүү жазуучунун бири эмес, пирисиз… Бу балдар адабияты жөнүндө пикириңиз барбы?
– Атаганат, кабырганы кайыштырган чоң суроону бердиңиз. Шаардык бөбөктөрдүн тили бала бакчадан эле орусча чыгып, орус балдар адабияты менен кенен-кесир таанышышат. Аларда бу боюнча проблема жокко эсе… Китеп дүкөндөрүнө кирсең, китеп жайма базарларына баш баксаң орус тилинде чыккан балдардын түстүү, баары кызык, маңыздуу китептерине ичиң чыгат. Ал эми кыргыз тилинде чыккан балдар китептери өтө аз, сейрек… Балдар үчүн чыгарма жазуу оңой, олтоң эмес… Баланын көзү, жүрөгү менен туюп, тиги, же бу чыгарманын үстүндө үзүлүп түшүп иштешиң керек. Мен өзүм да бу мен үчүн дың теманын үстүндө аракеттенген элем. Натыйжасы жаман болбоду. «Төгө бер, жамгыр» деген туңгуч балдарга арналган чакан аңгемелерден турган китебим бөбөктөрдү кайдыгер калтырбады.
– Кечээ жакыда эле «Кыргызпочтасы» ишканасында өткөн тил майрамына катышып калдым. Ошондо «Кыргыз почтасынын» башкы директору Темирбек Усупбаев сиздин «Көктөмдө келген кубаныч» аттуу китебиңиз жөнүндө жетиналбай: «Жалаң «К» тамгасынан турган ондогон аңгемелерин окуп таң калдым, тан бердим-деди. Бу китебиңиз жөнүндө айтып бересизби?
– Жалаң «К» тамгасы менен башталган, бүткөн чакан аңгемелерди жазуу мен үчүн жеңил болбоду. Балдардын жан дүйнөсүнө жакын чыгармаларды жаратуу оор экен. Бирок, көшөрүп иштеп, эргүү менен жазып чыктым. Жогоркудай жолдоштордун жылуу сөздөрү сөөгүмдү агартууда. Тоголок Молдо улуу таланттын наамындагы адабий сыйлыкты ыйгарышкандан бери балдар адабиятына милдеттүү болуп калдым окшобойбу. Балдарыбызга чынында эле кыйын… Бала бакчаларда кыргызча жомок, тамсилдер жок. Буйруса, журналдын бетинен балдарга арналган бет, бурч ачсакпы деген оюм бар… Балдар жазуучулары азайып, аты-жыты белгисиз болуп кеттиби? Же аларды колдоо урматтоо жетишпей жатабы? Ким билет?Балдар адабиятынын тайкылыгы жүрөккө бычак! Балдарды Интернет же компьютердик агрессивдүү оюн-зооктор менен алектетпей, ыйман-ызааттын алтын булагы адабий чыгармалар менен оозантсак албетте, жан дүйнөлөрү мээримге, улуу адамгерчиликке бөлөнүшөр эле.
– Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Бир чоң чыгарманы баштап койдум эле. Романга тете. Адамдын адам бойдон калуу вазийпасын чагылдырып жатам. Бүтүп калса жаңы китеп жаңылыктары менен окурман журтун кайдыгер калтырбас.
– Бүгүнкү жазуучулардын абалын айтып берсеңиз?
– Он-он-беш жыл жазуучуларга мурдагы бийлик көңүл бурбады. «Чөнтөктүүлөр» жазуучу болуп кетти. Жеңил-желпи темаларга азгырылышты. Чыныгы классикалык чыгармалардын үстүндө иштегендердин негедир карааны көрүнбөйт… Себеп, китеп басып чыгааруу чыгымын таланттар кайдан көтөрөт. Эгерде өкмөт көтөрбөсө… Коңшу өлкөлөрдө маданий ишмерлерге эң жакшы шарттарды түзүп беришиптир. Баягыдай эле журналдар, китептер чыгат экен… Гонорар төлөнөт тура.
Биздин турмушта да анча-мынча өзгөрүү болуп жаткандай… Президент Курманбек Салиевич көңүл бура баштады. Жазуучулардын имарат-жайы чечилип калса, китеп чыгаруу, гонорар төлөө маселеси да чечилип калаар деген ишеничтебиз. Буга мамлекеттин аталык камкордугу керек.
«Эркинтоо», 27-октябрь, 2006-жыл
Ибрагим Абдувалиев, филология илимдеринин кандидаты
Көз ирмем өмүр
Азыр адабиятыбызда кайрадан калың элге мыкты чыгармалардын, мыкты китептердин тартуулана баштаган кези келди. Мына ошондой китептердин бири белгилүү жазуучу, республикалык Жаштар сыйлыгынын лауреаты Жапарали Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» (Бишкек, 2002) аттуу китеби.
Аталышынан эле окурмандарды өзүнө тарткан кандайдыр бир сыр бар экени көрүнүп турат. Өмүр деген-туш-туштан көккашка куймалар куюп толуктап ого бетер ташкындап, алга гана умтулуп, бирде жай тартып, бирде аскадан-аскага урунуп көзөп өтөр жол таап көбүктөрүн чачыраткан дарыя. Дал ошол токтото алгыс агымдын ар кайсы учурлары менен эсте түбөлүккө калар татымдары болот эмеспи. Жазуучу ошентип, бул жаңы китебине философиялык маанидеги тема койгон. Албетте, кеп анын темасында эмес, ичинде катылган ойлордо, калайык калкка сунушталган чыгармалардын идеялык маанисинде.
Адегенде эле «желкеңден муздак тер чыгара жалаңдаган кылычтын мизинен жаның көзүңө көрүнүп, кан жыттанып турса да ажалга тик караткан учур болот» (3-бет), деп баштап оптимисттик улуу кайратты аркалап, кыска-кыска бирок терең маанилүү икаяларды топтоштуруп баштайт. Ар бир икаясы (ушинтип атоо дурус көрүнөт, икая араб тилинен кирип, бизде окуя дегендей турпатка ээ болуп кетсе да, адабий термин болор нарк-насили бар сөз) өзүнө тиешелүү кыскача сюжетке же кээ бирлери лирикалык бир бүтүндүккө ээ болуп, окуганга жеңил, түшүнгөнгө оңой. Анын эң негизгиси тарбия-таалим берер мааниси оңой-олтоң болбогон чыгарма. Мына ушундай майда-майда икаяларды чиркештирип жараткан бул эссе адабиятыбызга кандайдыр деңгээлде жаңылык алып келди десек жаңылышпайбыз.
Ырас, мындай чыгармаларды белгилүү жазуучу Кеңеш Жусуповдун калеминен жаралганын көптөн бери эле окуп жүрөбүз. Дал ошондой топтомун түзүп эссе жазган Жапарали Осмонкулов «алдыңкы көчтү» туурабаган, өз жолун тактап, өз стилинен тайбаган, такшалган жазуучу экенин далилдеп туру. Ар биринин өз мааниси, кичинекей болсо да өз идеясы бар чакан чыгармаларды логикалык кандайдыр ырааттуу кылып жайгаштырганын да белгилеп койсок болот.
Икаялардын «жалган дүйнөдө ишенимдүү жашоо-пенденин эң күчтүү куралы», «антпесең ташбакага же кузгунга окшоп калган адамдыгыңдан не пайда», «ошондуктан, алсызды жамандоодон, алдууну мактоодон абал калыс бололу», «Атамекен, Жер эне бу дүйнөдө жалгыз. Жалгыз дүйнөдөн айрылып калуудан жаман эмне бар», «илмийип барганы толуп, ооруп барганы сакайып кайтканы булактын шыпаа болгон дарылыгынан, жердин асылдыгынан го, чиркин!», «уулдун жаман жакшысы менен иши жок элден айланса болот, адашкандын айыбы жок, үйүрүн кайра тапкан соң, деп батырып алды», «чыныгы турмуштун сыноосу али алдыда турганын ал кезде биз кайдан билдик», «он сегиз миң ааламдын он сегиз миң ачкычы болсо, бирөө сөзсүз мектепте болот» деген өңдүү ат көтөргүс терең мааниси бар сүйлөмдөр менен жыйынтыктайт.
Көпчүлүк икаялар кадыресе күнүмдүк турмуш-тиричиликте жолуга калган окуялардан, баарлашуулардан, баштан кечиргендерден турганы менен кишини өзүнө тартып алар көркөмдүк сапатта жасалып, көркөм чыгарма көркүнө татыктуу болуп турат. «Бурадарым, сен мага ишен!Ал бар! Ал сен күндө он маал көзүң менен көрүп, колуң менен кармаган нерседен бийик, кол жетпес, көз көрбөс мейкиндикте турат. Ошондуктан көзгө көрүнгөн, колго урунган ааламдын баары аныкы. Сен чындап тааныгың келсе, ага ишенүү, аны сүйүү гана жетиштүү. Ансыз болбойт. Чексиз аалам мейкиндигинен көрүнгөн Теңир Тоонун чокусу аркылуу бүт дүйнөгө көз салып турган ыйык рухтун демин, тоо омкоргон күчүн ошондо бир сезесиң. Ал сен сүйгөн Теңир Тоонун бийиктиги аркылуу бүт ааламга көз салып тургандыгы үчүн гана ыйык эмес. Ал сен бак тигип, ат минип ойногон бейпил турмушта да керектелүүчү зор күч. Анткени ал кудуреттүү да, түбөлүктүү. (89-бет)»-деп, маанисинде философиялык терең ойлор жаткан икаялары кыска-кыска болгону менен ар бири нарга бергис асыл ойлор. Мындан келди, окуган окурманды ойлонто коюп, жан-дүйнөсүн бушайманга салар күч катылган Ж. Осмонкуловдун эссесинде деген бүтүм чыгарсак болчудай.
Бирде жаштарга айтылар акыл-насаат, бирде жигит болуп турган адамдын турмуш-тажрыйбасы, бирде көптү көргөн кексе карыянын алтын шилекейи чачыраган кеп-сөзү болуп жаралган бул чакан-чакан икаяларда, ошентип, терең маани, кишини киши кылып тарбиялар акыл, насыяттар арбын.
Жазуучу китептин экинчи бөлүмү катары «Канкор желдет» повести менен «Комиссардын жез тумшугу» деген болумушту кийирет. Бул чыгармалары да оригинал сюжеттер болуп, көңүлдү өзүнө бурдурар чыгармалар.
Турмуштун оң-тетириси, бары-жогу, сонун-жаманы, ачуусу-таттуусу аралаш болот эмеспи. «Канкор желдет» повестинде мына ошондой ачуу чындык чагылдырылган. Жашоо акыйкатындагы кылмыш, сот, жаза түшүнүктөрүнөн келип чыккан окуялардын дал өзүн көрүп тургандай кылып көркөм көрсөткөн бул повесть өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Анын сюжеттик курулушу да, каармандары да, окуялары да оригинал чыгарма. Киши өз инсандык өзгөчөлүгү менен жүрүп отуруп адам коомунун ажырагыс бир тутуму. Ал ошол коомдо кандайдыр жумуш аткарып, ишмердүүлүк сапаты менен башкалардан айрымаланат. Бирок, баары бир адам коомдогу кайсы бир ишти, ал иштин мүнөзү гумандуубу, же гумандуу эмеспи, ага карабай аткарып өмүр кечирет го. Ж. Осмонкулов кишинин, повестиндеги каармандын-ошондой бир гумандуулукка жат кызматтарды аткарып жүрүп өмүр кечиргенин чагылдырат.
Жазуучунун чеберчилиги ушунда, өмүр бою адам колу барбас, дене бойду титиреткен кызматтарда иштеп жүрүп, өзүнүн бу жарык дүйнөдөгү инсандык жашоосун кечирген кишинин башынан өткөргөндөрүн жазып, каарманга окурмандардын жийиркенүүсү келбегендей жагдай түзүп чыгат. Жалган дүйнөнүн (объективдүү дүйнөнүн) акыйкатынан келип чыксак, коомдогу кылмышкерлердин жазаланышынын, өлүм жазасына тартылгандардын өмүрүн кыйуу жумуштарын да кайсы бир киши аткарышы керек эмеспи. Мына ушундай окуяларды, мына ушундай татаал тагдырды өтө чеберчилик менен көркөм сүрөттөп мыкты повесть жараткан. Кишинин коомдогу кылмышкерлерден тазалоо озуйпасын аткарып жүрүп психологиялык, адеп-ахлактык жактан кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгондугун логикалык ырааттуулуктан четтебей жүрүп сүрөттөгөн.
«Жезтумшук» жөнүндөгү уламышты да көркөм чыгарма деңгээлинде бийик пафос менен жазып, окурмандын бүйүрүн кызытар чыгарма жараткан. Акырында айтарыбыз бир канча китептери жарыкка чыгып, окурмандарын тапкан, такшалган жазуучунун калеми курч болуп, чыгармачылык дарамети арта берип, ийгиликтер жылоолосун.
«Кыргыз Руху», 5-ноябрь, 2004-жыл
Үмүт Култаева, Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор
Жаз жандуу Жапарали
Адабият ааламына жаштык деми, өз добушу менен кошулуп, Жаштар сыйлыгына татыктуу болгон Жапарали Осмонкуловдун «Көктөмдө келген кубаныч» аталган чакан аңгемелер жыйнагын барактап отуруп, автордун жан-дүйнөсү жазга жакын экенин байкадым. Балдарга арналган бул жыйнакка 40 майда аңгемелер кирген экен. Анын алгачкы барагы «Космонавт» аңгемесинен башталат. Адам өмүрүнүн көктөмү-балалыкка арналган бул жыйнактын аталышы менен ички мазмуну-маңызы бири-бирине шайкеш, өз ара символикалуу «Кетирекей Кемелдин көкүрөгүн кытыгылаган кыялы», күчүгү Кумайык, коенеги-Кесеккулак, көңүлү түшө баштаган кызы-Күлүйпа, досу Капар, айылы Каракулжа, мекенинин ысымы менен аталган космос кемеси «Кыргызстан»- баары биригип баланын балалык табиятынын ажарын ачып турат. Учкул кыял, күлүк ой балалыктын жаншериги. Ошондуктан кыялында космос кемесин жасап, өзү менен кошо кыргыз комузун, калпагын, мекенинде жайнаган кызыл кызгалдакты алып, чексиз көк мейкиндикке сапар тарткысы келип турган кетирекей Кемел өзүн командир сезип таттуу ойдун кемесинде термелиши табигый көрүнүш. Болгондо да Кемелдин жан-дүйнөсүнө канат байлаган ушул кубаныч көктөмдө келди. Кемел өзү да, апакай тилеги да айыпсыз кыялы да-көктөм. Көктөм-тирүүлүктүн жүрөгү, анын кан тамырлары. Адам болуунун машакат жолуна салынган алгачкы из баланын оюн-чыны аралаш максат, тилегинен башталат эмеспи. Мына ушул табигый көрүнүштү апыртпай ашыкча боек кошпой табигый түрдө баланын элестетүүсү, учкул ой жүгүртүүсү аркылуу берген. Ошону менен бирге жазуучу балдар адабиятынын негизги милдетин анын алдындагы өз парзын унуткан эмес. Наристенин мекени-Кыргызстан экенин эсине салып, анын ажайып кооз жаратылышынын көркүн кызгалдак аркылуу, рухунун тереңдигин комуз, китеп аркылуу сүрөттөйт да, мындай асылдыктарды «космос кемесине» (демек, баланын жан-дүйнөсүнүн байлыгы катары) кошуп берет. Кичинекейлердин өз мекенине болгон сыймыктануу сезимин ойготкусу келет.
Белгилей кетүүчү дагы бир кызык маселе Жапарали мазмунду берүүнүн формасын да балдардын оюнкарак табиятына ылайык жаңылагысы келген чакан аңгемелерин темасы кайсы темада башталса, бүт мазмуну ошол гана тамга менен башталган сөздөр аркылуу сүйлөм курулушу менен баяндалат. Тактап айтканда бул чакан жыйнактын мазмунун түзүүчү: «Кыргызстан» космос кемесин курган Кемел-космонавт («Космонавт») «айбатынан ай айбыккан-арстан» («Арстан»), мекенинде миң-миллон, мисте менен мейиздин Мекке, Мексика, Монголия, Москвага маалымдаган мотурайган мадылык Медер менен Мээрим, ортодон окуусу оңолуп, отличниктен офицерлик окууга оогон-Осмон, жазгы жамгырдан жайнаган жоогазынга жан-дүйнөсүн жашарткан, жашыл жайлоону жарыялаган-Жапарали. Бул да символикалуу. Балага чыгарма берүү үчүн жазуучу өзү жашап жаткан курактан баланын курагына түшө билүү керек. Ошондо гана чыныгы балдар адабиятынын көркөм сүрөткери боло алат. Тике бийиктикке чыгуу кыйын, андан түшүү андан да кыйын. Ушул мейкиндикте Жапарали оор боюн токтоо алган десек ашачапкандык болбос. Ушул касиет гана балдар жазуучусу болуу укугун бере алат. Жапаралинин жан-дүйнөсүнүн «көктөмү» аны баланын тили менен сүйлөп, баланын кыялы менен кыялданууга мүмкүндүк берген. Жыйнакта Жапаралинин өзү жазды сүйгөн жазуучу экендигин бир нече аңгемеси далилдеп турат. Бул жалаң гана «ж» тамгасынан куралган «Жайлоо», «Жашыл жол» аңгемелеринен башка чыгармаларында деле ачык байкалат.
Жазуучунун « Ким күчтүү?», «Мекен деген эмне?», «Ким зулум» аттуу чакан аңгемелери балдардын ой жүгүртүү, логикалык ойлоосун өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, бала-бакчалардын даярдоо классында, башталгыч класстарга окуу процессинде пайдаланууга мыкты материал болуп бере алат. Айрыкча айбанаттардын образын көркөм чагылдырган коен, кирпи арстан, пил, маймыл, чычкан, бегемот жөнүндөгү аңгемелеринде мультфильмдин мазмуну тургандай.
Жалгыз тамга менен ой учугун үзбөй улаган айрым аңгемелери «Көпөлөк», «Жылан», «Күчүк», «Бөдөнө», «Чайканада» сыяктуу чакан чыгармаларын тил сабактарында фонетикалык көнүгүү үчүн, окуучулардын байланыштуу кебин өстүрүү үчүн окуулуктарга берүүгө болот. Фонетикалык талдоо, тыбыштардын позициясын окутуу үчүн керектүү көнүгүүнүн милдетин аткара алат.
Жапаралинин кичинекейлерди көркөм сөз өнөрүнө жетелеп, алардын эстетикалык табитин калыптандырууга жасаган аракети бир топ ийгиликтүү чыккан. Анан балдар адабиятындагы изи куттуу болуп, наристелердин периштеси калемгерлерди колдоп жана коштоп жүрсүн демекчибиз.
«Кыргыз Руху», 13-июнь, 2006-жыл
Мырзабек Жумаев, Филология илимдеринин кандидаты
ЖОЛ АТАСЫ — ИЗ, ЖЕ Адабият жана соңку муун
Теманын мындай койулушунда купуялык бар. Анткени адабият дегенибиз агып турган дайрадай коомдук кубулуш болгондуктан, ага бир чөмүлүп чыгып кеткен да, көл жээгиндеги сонуркаган адам сымак, анын сулуулугуна суктануу менен шыгына жараша «бир сап ырды тапканына» курсант болгон Алыкулдай инсандардан муундардын катмары турары талашсыз эмеспи. Минтип айтуунун атайын мааниси бар. Тээ илгери адабият кол жеткистей, ал өзгөчөлүү адамдар гана кире ала турган жайдай сезилер эле. Ал эми соңку мезгилдерде адабият айдыңын дебейин, көк майсанына оонап, өткүсү келгендер четтен чыгууда. Ылайым таланттуулардын саны арта берсин дечи. Ошентсе да адабият деген сепилди жарыяланган китептердин саны менен же жалаң ниет менен эмес, башкалардын ойуна келбеген тактика менен калааны багынткан аскер башынын сапатына окшогон өзүнчөлүк менен ээлеши керек деген ойдогу чындык төгүнсүз. Байкап көрсөк, бүгүнкү күндө эмне көп? Адабий чыгарма атангандар көп, авторлор көп! Мурдагы замандагыдай ички резенциядан рецензияга өтүп, иргелип келип темпланга кирген учур жок. Өз бетинче «базар экономикасынын» шартында китеп базарынын пайда табууга умтулган муундун когортасы авансценага чыкты азыр. Ал эми булардын чыгармачылык изденүүлөрүнүн багыты, жаралгаларынын идеялык-эстетикалык, социалдык, информативдик баалуулуктарын мындай койолу, тек көркөмдүк табияты тууралуу сөз кылганга адабиятчылардын чамасы жетпейт. Ага себеп, биринчиден, кайсы жерде кандай жанрдагы, тематикадагы китеп чыгып жаткандыгы тууралуу маалыматтын жоктугу, мындан окурмандардын социалдык группаларынын учету алынбагандыгы, изилденбегендиги дааналанса, экинчиден, ал жаралганын окурмандар арасында таралганы менен ачык (публично дечи беле) талкууланыш, талап кылыныш маселелеринин таназар алынбай калгандыгы. Бул эмнени билдирет? Бул мамлекет коомдук аң-сезимдин бир формасы болуп саналган адабияттын кубаттуу потенциалын күнүмдүк экономикалык, чарбалык маселелерге алмаштырып жиберип, жаш муунду татыктуу тарбиялоо маселесине көз жумду мамилесин тастыктайт.
Коомубуздагы маанилүү саналган проблеманын бирин атоо менен утилитардык жаралганы жараткандар менен кошо улутубуздун түпкү саналган муратына шайкеш чыгармачылык максаттары бийик, жөндөм шыктары, адабий камылгалары талаптагыдай калемгерлердин да соңку муундун катарында жок эместигин белгилөөнү ылайык дейбиз. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тарта адабиятка аралашып, өз чыйыры, дүйнөнү көркөм түзүү далалаты ишенимдүүү чыккан бүгүнкү күндө эр ортонуна жетип турган калемгерлерибиздин бирине Жапарали Осмонкулов кирет десек болот. Ал адабияттагы алгачкы кадамынан эле окурмандардын да, адабиятчылардын купулуна толуп, сында назарга түшө баштаган. Көрүнүктүү адабиятчы-эстеттердин биринен болуп эсептелген К. Матиев кезинде («Дарбаза ачык дайыма» Кыргыз Туусу, 1995, 1-июнь) анын тун аңгемелеринде «…сюжет куру, фабула өнүктүрүү, композицияны чыңалыңкы-чыйралтып, айтыла турган идеяны, адам сынын-сыпатын шөкөттөөнү эмнеден баштап, кандай толготуп, кандай чечмелеп, каерде чекит коюу ыкмаларына, чеберчилигине-бир сөз менен айтканда толук кандуу көркөм перзент жаратуу методуна жакшылап көңүл бөлсөңүз, автордун биз белгилеп жаткан оригиналдуу касиет-сапатын кыйналбай эле байкайсың», деп белгилеген да, бир топторун мисалга тарткан.
Жазуучунун алгачкы аңгемелер жыйнагынан болгон «Күн кызарып батканда» (Бишкек, 1993) эки багыттуу аңгемелери топтолгон. Дээрлик жарымынан ашууну чоңдорго арналган, андан калганы балдарга делинген чыгармалары орун алган. Башкача айтканда «жыйнактагы 36 ангеменин 24ү балдар үчүн жазылгандыгын»дагы бир окурман дыкат саноодон өткөзгөн. (Бөдөшөва Н. Жакшылык арттырчы, адам/. «Эркин Тоо», 2000, 8-ноябрь). Балдар үчүн делинген аңгемелеринде жаш калемгер мезгилдин актуалдуу проблемеларынан болгон жаратылыш менен адам баласынын мамилелеринин түрдүү кыябын көркөм жана эң башкысы курак өзгөчөлүгүнө жараша түшүнүктүү тил менен берүүсү бул тариздеги чыгармаларынын өзүнчөлүгү, алымдуулугун аңдатат. Мунун ийгиликтүү бир себеби башка окурмандын ою боюнча «автордун түштүк кыргыздарга гана таандык сөздөрдү кымынбай-кысынбай орду менен колдоно билгендиги». (Абдувалиев И. Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук/ «Эркин Тоо», 2000, 8-ноябрь).
Калемгердин алгачкы аңгемелеринен эле жамы журттун башындагы кубаныч, кейиш, түйшүк, тарткынчыктуу маселелер, өз ара ички мамилелери, кыскасы, турмуштун тизмеги камтылып, реалисттик планда турмушту чагылтуу чыгармачылык изденүүсүнүн пафосуна ээ боло баштагандыгы дааналанат.
Ал турмуштук окуялардан жагымдууларын гана бөлүп башкаларына терс кыял көрсөтпөйт. Чечмелеп айтканда анын чыгармачылык жолунун башында эле аракечтик да, карылык да, жаштык да, жоготуу да, умтулуу да, жалгыздык да, үмүт да, сүйүү да, сындуу кубулуштардын кеңири палитрасы чагылдырылып келет. Автордо белгилеп коёр бир нерсе турмуштагы окуялар тизмегинен орчундуу, жанрдын ички мазмунуна сыяр көрүнүштү айрымалап көрүү менен аны көркөмдөөнүнү объектисине айланта алуусунун бар экендиги ошол себептен анын аңгемелеринин кейипкерлери турмуштун өзүндөгүдөй чыгып, ашкере жосунга ээ эмес, ашкере акылдуусунуп кургак философияны жарыялашпайт.
«Учук» аңгемесинин каарманы менен жыйнагына аталыш берип турган «Күн кызарып батканда» чыгармасынын каармандары көтөргөн турмуштук түйшүгү жалпысынан алганда типтеш. Ал-карыган адамдардын айрымдарына таандык болгон жалгыздык проблемасы, болгондо да күйүшөр жакындары бардай туруп Жалгыз Калуу проблемасы. Калемгер эскерилген чыгармаларынын кейипкерлеринин башындагы бул проблеманы сентименталдык планда окурмандардын каңылжарын түтөтүп, боорукердик сезимдерин ойготуу ниетинде драматизациялуу чечүүгө азгырылбайт. Ошондой эле кийинки чыгармаларда трафаретке айланып бараткан схема боюнча-карылар үйүнө жеткирип, ал жерден өзү теңдүүлөрдү көрүү менен жубатып же теңтуш күттүрүү менен алаксытып, же кусалыктан, ызалыктан о дүйнө кетирип тынбайт. Ал биринчи кезекте адам потенциалына болгон ишеничин бекемдөөнү идеялык максаты деп санайт. Натыйжада аталган эки аңгеменин кейипкерлеринин карылар үйүнөн кемпир тапмакчы болуп небереси Жаркын менен келген Сулайман карыя ал жерден Үрүл менен Эргешти ээрчитип чогуу кайтышы, ал эми ысымсыз кемпир («Учук») ооруканага жатып калганда тээ илгерки кадырлашы, айылдашы жыртак чалдын издеп келип, ал жерден мээримсиз уул-келинине жибербей алып кетиши сыяктуу окуялары финалдагы айрым логикалык так эместиктерге карабастан автордук максаттын татыналыгын айгинелейт. Калемгер тарабынан бирин-эки штрих, деталдар аркылуу эле кейипкерлердин кулк-мүнөзүн, дүйнө таанымынын денгээлин таасын бере алуу бар.
«Ошентсе да конок күтүп отурган жалгызына чындап, ак пейилден ыраазы болду эне. Кубанычы койнуна батпай кудуңдап, салт каадасын кылып, меймандар менен учурашып коеюн деп аркы бөлмөдөн чыгып келатканда, буту-бутуна тийбей тызылдап жүргөн келинин сүзүп ала жаздады. Кайнене не дээрин билбей карбаластады:
– Конокторуң куунак отурабы, айланайын?
Келин кайненесин сөзүн тыңдап да койбоду. Кайра кемпирди карысынан апчый кармап, түртүп киргизди чыккан бөлмөсүнө». (17-бет).
Бир гана эпизод, автордук кийлигишүү жок. Окурмандын көз алдында сыртынан жалтыраган, ичинен калтыраган мерес келиндин толук кандуу портрети тартыла түшөт. Адамды ичиркентет. Мына ушундай деталдан кийин эненин ооруп калышы табигый көрүнүш экендигине ынанууга болот. Апасынын бары, жогун, ачы, тогун элес албаган ичтен чыккан ийри жыланынын мамилесине кейиген ал ооруп калып эс-учтан танып калганда кимдир бирөөлөр үйгө кирген болот. Эс-мастын ортосундагы кемпир аларды уул-келини экен десе уурулар болуп чыкканда чымырканып тура калмакчы болуп жыгылып, ооруканада гана эсине келет. Сакайып келатканда өткөн өмүр жылдарынын айрым үзүндүлөрү эске салынып, айылдашы жыртак чалдын ага мамилеси да ойго алынып, элет жерине кусалыгы артып турганда ал чал атайын издеп келип тапкан болот да, айылга бирге кетип калышат. Аңгеменин сюжетиндеги окуянын финалында чалдын мотивациясы үстүрттөй сезилгенине карабастан, жасалмалуулук жок.
Автордун бул жыйнагында соңку мезгилдеги адабиятыбыз үчүн тийди-качты болгон темалардын бири Ооган согушунун курмандыктары же ага катышкандардын психикалык травмалары тууралуу да чакан чыгарма орун алган. Ж. Осмонкулов аталган темага тике кайрылбагандай кейп жасап келип, соңунда гана ал окуянын адам тагдырлары үчүн кандай айтып бүткүс кесепеттерди алып келгендигин чечмелөөгө жетишет. Аңгеменин экспозициясында («Жашоо үмүтү») айылдык жубайлардын кезектеги өз ара демейки чыр-чатагы берилгендей, алардын антишинин чоо-жайы жайынча сүрөттөлүп жаткандай сезилет. Окуянын акырындап тереңдеши менен гана алардын чатагына эрксизден күбө болгон өспүрүм Маматтын ыза-ыйынын түпкүрдөгү түйүнү жандырылып, булардын эркинен тышкары себептер тактала баштайт. Таякталган келиндин сүйлөшкөн жигити Сапар ал эми анын учурдагы күйөөсү Улугбек Сапардын теңтушу жана классташы эле да, Сапар Ооган согушунан кайтпай калгандан кийин буга үйлөнгөн болот. Бирок обу жок кызганычка алдырып ара-чолодо Сапардын аты аталса эле кызыраңдап: «Кайжериңден өпчү эле. Көрсөт шуркуя!»-деп кол тийгизгенге чейин барчу себеби дайындалат. Андан ары бул окуяны эрксизден угуп калган өспүрүмдүн оозунан эшиткен эненин ички муңу төгүлүп, баласынын элеси, ага карата өчпөгөн энелик сагыныч баяндалат. Буга параллель эненин сагынычы, кусалыгы түш көрүү коштолуп эч качан бүтпөгөн күйүттүн илеби таасын тартылат. Оогандык согуштун каарын баяндоо муну менен чектелбейт, автор Сапардын куралдашы ошол жактан майып болуп келген Жунустун оор тагдырын, ага карата чөйрөсүнүн кайдыгер, а тургай жийиркеничтик(афгандык инвалиддин психикалык абалынан улам) мамилесин, жоокерлердин согуштук күжүрмөндүгүнөн бир-эки сценаларды кошуу менен бул теманы турмуштук актуалдуулугун белгилөө аракетин көрөт. Советтик деп «тынчтыктын коргоочусу» катары ураан көтөргөн системанын бизге эч жамандыгы жок Афганстанга «тынчтык орнотуу» үчүн жүргүзгөн агрессиясынын куну канча экендигин көркөм формада аңдоо аракетин жасагандыгы жаш калемгердин турмуштук позициясынын туура жолдо экендигин гана белгилейт
Жазуучунун алгачкы жыйнагында бардык эле аңгемелеринде кейипкердин жүрүм-турумунун логикалуу чен өлчөмүндө сактала бербеген жагдайлар деле жолугат. Мисалы, «Периште болуп келди» аңгемесинде калемгер кейипкеринин атасына болгон сагынычын, жалгыз бой энесине бакыт тилеген аракетин анын үчүнчү класстагы окуучусу(айылдык баланын) мунусу үчүн апасына жубай издегендиктен гезитке жарыя бериши азыркы күндүн чындыгын төгүнсүз билдиргени менен баланын психикасынын реалдуулугун жетиштүү даражада чагылтат деш кыйын. Мындан көрө автор баланын кыялый дүйнөсүнө басым жасаса ынанымдуу чыгат беле деген ой келбей койбойт. Турмуш чындыгын фактографиялык денгээлде түзүү аракеттери анын бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн жашоо образын түзгөнгө диттенген «Кылмышка тете жаза», «Васька» аңгемелеринен да жолугат. Адам баласынын кара мүртөз, саресептиги менен биринчи жолуккандардын психикалык жактан сынуусун чагылтуу «Күнөөсүз күнөөлүү», «Бир кулач жип» чыгармаларынын фабуласын түзүүдө. Мугалимдик кесипке дилгирленген Сайракандын демин өзү окуган мектепке келгендеги саат талашуу менен чүнчүтүүгө бардык «педагогикалык чеберчиликтерин»мурдагы агай-эжейлеринин, азыркы коллегаларынын кылыктары өчүргөндүгү «Күнөөсүз күнөөлүү» аңгемесинин сюжеттик чыңалуусун түзсө, алгачкы махабатын арнаган жаш жигиттин баш кошкон жарынан венерикалык ооруга чалдыгышы менен бардык аялзатынан, а тургай жарыкчылыктан көңүлү сууп, өз жанын өзү кыйгандыгы кийинкинин өзөгүн ээлейт. Албетте, турмушта мындай окуялардын болушу толук ыктымал, бирок каармандардын жүрүм-турумунда негедир көркөм чыгармага зарыл делинген мотивациянын себеп, натыйжалык диалектикасы жетишпегенсийт. Сайраканды курчагандардын ичинен бир дагы чыныгы педагогикалык сапатка ээ адамдын жоктугу, Аскардын сүйүүдөн жолу болбогондон кийин улуу-кичүүдөн насаатты же мурда, же азыр айтуучунун, теңтуштары менен учурунда «тажрыйба» бөлүшкөн моментинин чагылтылбагандыгы эмне менен түшүндүрүлөт. Ага себеп бирөө гана. Ал автордун турмуштун, мезгилдин татаалданышынан улам адамдардын нравалык планкаларынын төмөндөшүн, мүмкүн деградациялык абалын айрым жашоодогу мисалдар менен таасындап, жан дүйнөнүн агарышына астейдил түрткү бермекчи болгон чыгармачылык маданиятында.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылыгында туруктуу орун алган тематиканын бири-балдар адабияты. Бул жагынан караганда жаш делинген менен эр ортонуна келип калган автордун изденүүлөрү бир топ бараандуу. Анткени ал балдар түшүнүгүн көркөм түзүүгө келгенде кейипкерлеринин аруулугун аныктоочу лакмустай жаратылышка болгон катышын биринчи орунга чыгарат. Бул алгылыктуу ыкмадан, себеби, таза дүйнө аркылуу байоо, эч нерсеге булганбаган, куулук, шумдугу жок таза жан дүйнө ээлеринин аң-сезим морфологиясы, толук ачылуу өбөлгөсү түзүлөт. Муну автор эффективдүү пайдаланууга жетишүүдө. Алгач мындай өнүмдүүлүк анын «Күн кызарып батканда» наамдуу аңгемелер жыйнагында орун алган балдар үчүн жазылган жыйырма төрт чыгармасынын мисалында байкалган. Кийин бул жакшы жышаан традицияга айланганын Ж. Осмонкуловдун «Төгө бер, жамгыр!», «Көктөмдө калган кубаныч» аталыштагы балдар үчүн делинген аңгемелер жыйнагы далилдеп турат. Мында да ал өзүнө таандык ыкманы ийкемдүү колдонуу менен кичинекей кейипкерлеринин жан дүйнөсүн жаратылышка алакалары аркылуу турмуштун жоопкерчиликти талап кылган жагдайларына тушуктуруп, сөз менен иштин дистанциясын, убада менен анын аткарылышынын ортосундагы уят, абийир, өтөлүнө чыгуунун кубанычы, демөөрсүү, улуулардын алкоосу, жетине албоосу менен кейүүсү сыяктуу түшүнүктөрдүн жарыкчылыктагы баасын чечмелеп, буларды курак өзгөчөлүгүнө ылайык айкындап берүүгө жетише алгандыгы автордун чеберчилигинин өсүү жолунда экендигинен кабар берүүдө.
Ж. Осмонкуловдун чыгармачылык биографиясында эссе формасындагы, повесть жанрындагы да жаралгалар жолугат. Эссе бир караганда оңой жанрдай сезилет. Ал эркин композициядагы чакан көлөмдүү, конкреттүү себеп, предметтерге карата жеке таасир менен ой жүгүртүүлөргө ширелген чыгармалар, тактап айтканда, бир шилтемдер түрмөгүнөн турат. Эреже катары эссе субъективдүү маанайда болот да, трактовкага алынган предметке карата мамиледе тарыхыйлык, биографиялык, илимий-популярдык, публицистикалык, адабий-сындык, а тургай философиялык ой жоруулар орун алып, беллетристикалык сапатка ээ болот. Ушул жагынан алганда эссе жанры татаал формалардын бирине кирет. Жогоркудай ой жоруулардын болушу, ошол эле учурда көлөмдүк жактан ар бир ой толгоонун чакандыгы эссенин стилинин өзгөчөлүгү болушун талап кылат. Анда образдуулук, учкулдук (афоризмдик) менен бирге сырдаканалык маекке чакырган интонация менен лексиканын органикалык жуурулушу башкы шарттан. Ж. Осмонкуловдун «Өмүрдүн көз ирмемдери» аттуу чыгармасында жанрына таандык сапаттардын баары орду менен турат. Ишенимдин философиялык маанисин чечмелөө менен удаа эле биографиялык этюддарга экскурс берилет да, дидактикалык мазмундагы турмуштун бир шиңгилдери оро-парада кеп тизмегине тартыла берет. Не аңгемеси чыкканга карата коллегаларынын мамилеси болобу, не түшүнө тоолору кирип оңолуу жолуна түшкөн жигиттин тагдыры болобу, аскердик турмуштан бир картина болобу, айтор баарында тең купуя идея, таалимдик таасири күчтүү.
Ж. Осмонкуловдун калеминен жаралган «Канкор желдет» жана «Комиссардын жез тумшугу» наамдуу повести менен болумушу окууга кызыктуу жазылган. Кызыктуулугу окуя жагынан эле эмес, биринчи планда турган адам тагдырларынын болжогус татаалдыгынан. «Канкор желдетте» автордук каарман «мен» аэропортто илхамы келип алаксый түшүп, документтерин, билетин, акчасын алдырып сыйда калган маалда боорукер Павел Букреев деген абышкага жолугуп аны менен маектешкен болот. Кайрымдуу саналган абышка кезегинде НКВДнын номур биринчи желдети болгондугун өз оозунан угуп селейген каарман менен бирге окурман да кыжынат. Бирок аны желдеттик озуйпасына караганда адамдык тилеги, натурасынын тазалыгы мезгил жана система тарабынан коюлган талапка караганда жогору экендигин «Саша Дуйов» жана башка наристелерге жасаган мамилесинен байкалып окурмандын жан дүйнөсүнө катарсис тартуулайт. Повестте жана болумушта сыртынан караганда байкалбаган, бирок ички проблемалык окшоштук бар. Бул айтылуу өткөн кылымдын 37-жылдагы репрессиянын курмандыктары тууралуу сөз.
Повесть 1991-93-жылдары жазылган. Ал эми болумуштун бүткөрүү датасы белгисиз. Жазылган мөөнөткө байкоо салганда ал учурда коомдо өткөнгө нигилисттик мамиле кылуу, системанын чүмбөтүн сыйыруу, көөлөө сыяктуу тенденция айрыкча күч алып турган. Ал эми Ж. Осмонкулов мындай гипнозго чалдыкпастан, аны бир беткей сүрөттөө менен өзүнө упай топтоого ашыкпагандыгын байкайбыз. Ал өткөн учур экендигин айкын түшүнөт жана аны ошондой толеранттуу кабыл алуу зарыл экендигин замандаштарына туюнтууга ашыгат. Сөз арасында эскерүү керек, мындай позиция анын эссесиндеги фрагменттерден да аңдалууда.
Ж. Осмонкуловдун адабияттагы орду, изденүүсү, бир сөз менен айтканда актуализацияланган темаларды иштөөдөн эмес, нукура актуалдуу жана улуу муундагы жазуучуларыбыз инерция боюнча батына албай турган темаларды көркөм даражада чагылта алуусунан көрүнүүдө. Ал али аз жазды десек болот, ошого карабастан мазмундук, идеялык, тематикалык жагынан алганда өзүнчө чыйырга ээ жолду басканы айкын. Демек, дагы далай чыгармачылык жолдор, изденүүлөр муну менен бирге ийгиликтер али алдыда. АК ЖОЛ сага калемгер!
МАЗМУНУ
Жапарали Осмонкуловдун өмүрүндөгү урунттуу учурлар
Атасы Адашкан Осмонкулов жөнүндө
А. Камалов. Кабарчы жашайт айылда
С. Жусуев. Тамыр жайган ак чынар
Дүйшөндөрдүн акыркысы
А. Абыкеев. Осмонкул уулу Адашкан
Жапарали Осмонкуловдун макалалары
Кайык кайда баратат? Же руханий дүйнөбүз не болот?
Рамис Рыскулов.«Эл дүйнөсү» журналына
Кыргыздан Чацкий чыгаар бекен!
Эсиңе кел, кыргыз!
Кылымдарды карыткан Жусуп Баласагын жашай берет
Ысымыңды айт, ким экениңди айтып берем
Балдарга балдар дүйнөсүн кайрып берели
Ар кандай тил коргоого муктаж
Өткөндү жаман десең, келечек сени замбирек менен атат
Куудулдардын саны көп, а сапатычы
Калоосу болсо кар күйөт, же бизге кандай партия керек?
Акыр заман келсе адамзат марста жашайбы?
Сөз кудурети — эл маданияты
Сен ооруба, мен ооруюн, Атажурт!
Манасчы Уркаш Мамбеталиев жашообуздун көркү
Жапарали Осмонкуловдун чыгармачылыгы жөнүндө ой пикирлер, макалалар, интервьюлар
Кадырбек Матиев. Дарбаза ачык дайыма
Бактыгүл Чотурова. Жапарали жактырган Распутин
Ибраим Абдувалиев. Жазуучуга гана эмес, жалпы адабиятка камкордук
Н. Бөдөшова.«Жакшылык арттырчы, адам»
Садык Алахан.«Күн кызарып батканда» сыйлыкка татыктуу
Д.Шабданов.Ой-чабыты терең жазуучу
А.Мурат. «Бардык нерсе кайра жаралуу абалына келет»
А.Абыкеев. Жапарали
Мамат Раимжанов. Кылым карытаар көз ирмем
Сүйөркул Тургунбаев. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Т.Самудинов. Балдар дүйнөсүн аралап
Асан Жунусов. Төгө бер, Жамгыр!
Ильгиз Талип. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Максатбек Казакбаев. Көкүрөгү көркөм калемгер
Б.Абдубалиева. «Өмүрдүн көз ирмемдери»
С.Маймулов. «Төгө бер, жамгыр!»
Закирбек Эралиев. Өмүр, мейкиндик жана чексиздик
А.Эгембердиева. Өмүр жөнүндө чыгарма
Сүйүнбек Ибрагимов. Көз ирмемдин сабактары
Рамис Рыскулов. Мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыктуу «Өмүрдүн көз ирмемдери»
Үсөнбек Асаналиев. Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет
Турдумамбет Кызалаков. «Жапарали окурмандын сезим-туюмдарына чаң-тополоң түшүрөт»
Айчүрөк Макешова. Кылымдын көз ирмемдери
Гүлбарчын Якубова. Кыргыз интеллигенциясы кыргызча ойлонбой калыптыр, биздин трагедия мына ушунда
Калыбек Байжигитов. Ишенич алыш сага милдет
Айчүрөк Макешова. «Эл-журт жакшы чыгармаларга суусап турган кези»
Ибрагим Абдувалиев. Көз ирмем өмүр
Үмүт Култаева. Жаз жандуу Жапарали
Мырзабек Жумаев. Жол атасы — из, же адабият жана соңку муун
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
97