СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өспүрүм кездин көйгөйлөрү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өспүрүм кездин өзгөчө көйгөйлөрүн аныктоо жана аны болтурбай коюунун оптималдуу жолдорун изилдеп чыгууга жалпы коомчулуктун катмарларынын арасында талкуулоо менен жетишүү керек. Анткени, бүгүн биз аларга өзгөчө көңүл буруу менен мамиле кылбасак, эртең кеч болуп калаары шексиз.

Просмотр содержимого документа
«Өспүрүм кездин көйгөйлөрү»

Өспүрүм курактын көйгөйлөрү

“2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алгачкы айларында өспүрүм балдардын адеп өксүктөрүн ашкерелеген ар кандай окуялары менен коштолуп отурганы өкүнтөт. Мындай терс көрүнүштөр бүгүн эле капилет чыга калган жок, ал адегенде үй-бүлөдө, андан кийин коомчулукта орун алган ар түрдүү терс таасирлерден улам ырбап отуруп, акыры жарылган жара сыяктуу экендигинен кабар берет. “Башталат баары майдадан байкабайт аны майда адам”, “Ооруну жашырсан өлүм ашкере кылат", “Шибегени капка ката албайсын”, “Төө кыядан өткөн соң аттиң деген курусун” ж.б. макалдар тээ байыртадан ата-бабаларыбыздан тартып айтылып келет. Мындан 400 жыл мурда карыялар, аксакалдар “бүгүнкү күндө жаштар бузулуп кетти, тарбиясыз болуп баратат” дешип кеп кылышчу экен. Алмустактан бери айтылып келген бул сөздөргө өтө маани берип, талдап көрбөйлүбү?

Мисалы бүгүнкү күндөгү тарбиядагы кээ бир мүчүлүштүктөрдү атап өтсөк. Алар: кол телефондун б.а. интернеттин терс таасири, анын аркасында алтындай убактыларын пайдасыз нерселерге жумшоо менен, билим алуунун эн башкы угуту болгон китеп окуу маселесинде биздин өспүрүмдөр аябай артта калышты. Ыйман жана адеп жаатында алсак, адепсиз, тарбиясыз, орой, бироого жакшылык кылууну каалабаган, улууларды сыйлоо жана кичүүлөрдү ызаттоону билбеген, кийим кийүү адебин өздөштүрбөгөн, маданияттуу сүйлөй албаган, өздөрүнө берилген тапшырмаларга жоопкерчиликтүү мамиле жасабаган, сабакка кечигип келүү жана сабактан уруксатсыз качып кетүү же сабак калтыруу, жадегенде, көчүрүү жана бүтүрүү сынактарына келбей калуу, ж.б. көйгөйлөр толтура.

Ушундай өспүрүм курактын оркойгон көйгөйлөрүнүн пайда болушуна көптөгөн объективдүү жана субъективдүү факторлор жол берип коюуда. Өлкөдөгү ички жана тышкы миграция агымынын натыйжасында жону катуу жокчулуктан жапа чеккендердин катарында, ата-эне мээриминен өксүк болуп өсүп келаткан балдардын бүтүндөй бир мууну пайда болду деп айтуу да ачуу чындык.

Көпчүлүк ата-энелер үйүндөгү тиричилик менен эле алышып, балдарынын, айрыкча, өспүрүм курактагы уул-кыздарынын кулк-мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө баам салышпайт. Алар баласынын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду деген маанайды карманышат. Көпчүлүк ата-энелер өсүп-жетилип келаткан өспүрүмдөрдүн өтө татаал процесстерден өтүп жатышканына маани беришпейт. Муну балдар өздөрү дагы көп аңдай беришпейт. Мындай кырдаал каржылык же материалдык жетишпеген, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө эле эмес, бакубат жашаган, жетиштүү турмуш кечирген үй-бүлөлөрдө да кездешет. Ошого жараша алардын келип чыккан себептери да ар түрдүү болууда.

Андыктан ата-эне, окутуучу жана коомчулук биргелешип, өспүрүмдөрдүн тарбиясындагы өксүктөрдү ачыкка чыгарып, чогуу-чаран талкуулашса, бири-бирине көмөктөш болушса, балким, балдардын ичтерине каткан көмүскө көйгөйлөрү ачыкталып, бири-бирин бычакташканга жеткен кырдаалдарды алдын-алууга болот беле деп ойлойсуң.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!