Биология 6-класс . Тема: Өсүмдүк органдарынын клеткалык түзүлүшү
№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты
Биология мугалими: Кимсанова Максуда
Сабактын максаты:
- Өсүмдүк органдарынын клеткалык түзүлүшү жөнүндө маалымат алышат
- Пластидалардын түрлөрүн жана кызматын талдап, үйрөнүшөт
- Өсүмдүк клеткаларынын түзүлүшүн башка клеткалардан айырмасын билишет
Өсүмдүк органдарынын клеткалык түзүлүшү
Клетка – өз алдынча жашоого, көбөйүүгө, өсүүгө жана өрчүүгө жөндөмдүү болгон элементардык тирүү система. Клетка – тирүү организмдердин түзүлүштүк жана функциялык бирдиги. Клетка жөнүндөгү илим -цитология деп аталат.
Клетка клетка кабыгы , цитоплазма жана ядродон түзүлгөн
Клетка кабыгы клетчаткадан турат , тунук жана
бекем болот . Ал клетканы тышкы таасирден коргойт жана
формасын сактап , тышкы чөйрө менен байланыштырып
турат .
2
Өсүмдүк клеткасы
Өсүмдүк
4
клеткасы.
1 – клетка кабыгы;
2 - цитоплазма;
3 - хлоропласт;
4 - ядро; 5 - хромопласт 6-вакуоль
5
6
3
1
Цитоплазма
- Цитоплазма – клетканын негизги курамдык бөлүгү .
- Ал түссүз , тунук , суюк же илээшкек абалда болуп , дайыма
- аракеттенип ( кыймылдап ) турат .
- Ядро – клетканын эң маанилүү курамдык бөлүгү . Ал
- клеткалардын бөлүнүшүндө чоң роль ойнойт .
- Көк - жашыл балырлар , бактериялардын ядросу калып -
- танбаган , анын заттары цитоплазмада чачыранды түрдө
- жайгашкан . Ядро мурастык тукум куучулук белгилердин
- жаңы муунга өтүшүндө өзгөчө мааниге ээ .
Пластидалар
Пластидалар – клетканын негизги тирүү бөлүктөрүнөн бири . Козу карындар , бактериялар жана көк - жашыл
балырларда пластидалар болбойт . Пластидалар үч түрдүү болот : лейкопласттар ( түссүз ); хромопласттар ( күрөң ,
кызгылт ); хлоропласттар ( жашыл ). Хлоропласттар
жашыл хлорофилл пигментине ээ болгон пластидалар
болуп , аларда фотосинтез процесси жүрөт . Хромопласттарда кызыл , сары түстүү пигменттер болот . Хромопласттар гүл жана мөмөлөргө түс берет . Лейкопласттар түссүз пластидалар . Аларда уулуу заттар сакталат
Клетканын азык заттары
- Цитоплазмада мындан башка дагы азык заттар бар. Азык заттар топтолуп, кээде клетканын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, клетка үчүн белен азык катары кармалып тура берет. Айрым өсүмдүктөрдүн клеткасы крахмалды көп санда кармайт. Мисалы, картошка, дан өсүмдүктөрү. Крахмал көбүнчө түссүз пластидаларда топтолот.
- Урукта кандай зат топтолгонун билиш үчүн, ага йодду тамызышат. Йоддун эритмесинин таасиринен крахмал көк түскө, ал эми белок сары түскө боёлот.
- Клеткадагы крахмал, май, белок заттарынын клетканын тиричилигинде мааниси чоң.
Вакуоль
Вакуоль – цитоплазманын ичиндеги клетка ширеси
менен толгон көңдөйчө . Ал түрдүү формада болот .
Микроскоптон караганда боштук болуп көрүнөт. Ошондуктан вакуоль «боштук» деген сөздөн келип чыккан
Клетка ширесинин курамында 70–95% суу жана анда
эриген көптөгөн минерал жана белок , май , кант сыяктуу
органикалык заттар болот . Бул ширенин курамына карата
жемиштердин даамы ширин , кычкыл жана ачуу болот
Пияздын чел кабыгынын клеткалык түзүлүшү
Клеткалардын көп түрдүүлүгүн көрүш үчүн өсүм -
дүктөрдүн түрдүү органдарынан препарат даярдоо
керек .
Мисал үчүн пияздын жука чел кабыгынан препарат
даярдоо кыйла оңой . Бул үчүн анын эттүү калың кабы -
гынан жука чел кабыкчасы ажыратып алынып , буюм
айнегиндеги тамчы сууга коюлат . Анын клеткаларынын
формасынын сүйрү экендиги , жыш жайгашкандыгы
жана пластидаларынын түссүздүгү менен башка өсүмдүк
клеткаларынан айырмаланат
Пияздын чел кабыгынан препарат даярдоо жана анын клеткалык түзүлүшү
Клетка бөлүктөрү
ядро
вакуоль
цитоплазма
Пияздын чел кабыгынын клеткаларынын микроскопто көрүнүшү
Бышыктоо
- Мөмөнүн бүртүкчөлөрү, көбүкчөлөрөрү . Же пиядын чел кабыгынын куб сыяктуу болгон ар бир бөлүкчөсү эмнеден турат?
- Клетканын негизги бөлүктөрү кайсылар?
- Пластида деген эмне?Анын кандай түрлөрү бар?
- Жалбырак эмне үчүн жашыл болот?
Тапшырма
Эгер клетканын түзүлүшүн салыштырмалуу кичинекей мамлекетке окшоштурсаң анда клетка менен мамлекеттин түзүлүшүндө кандай окшоштук болоор эле?
Клетканын органоиддери
Мамлекеттик түзүлүшү
Клетканын кабы
Эмне себептен окшош?
Чек ара
Цитоплазма
Ядро
Вакуоль
Хлоропласт
11-параграфф. 32-33-беттерди окуу.
Эмне себептен бир эле өсүмдүктүн клеткалары ар түрдүү түзүлүштө болушат? Эссе жазуу.
Көңул бурганыңыздарга чоң рахмат!