Просмотр содержимого документа
«Өсүмдүк органдарынын клеткалык түзүлүшү. Чонойтуп көрсөтүүчү приборлор»
Биология 6-класс
Тема: §10. Өсүмдүк органдарынын ички түзүлүшү.
Чоңойтуп көрсөтүүчү приборлор.
Мугалим: Кимсанова М.
№ 11 В. В. Терешкова атындагы мектеп-интернаты
Сабактын максаты
- Чоңойтуп көрсөтүүчү приборлор жөнүндө маалыматка ээ болушат
- Лупа жана микроскоптун түрлөрү жана түзүлүштөрү менен таанышып, колдонууну үйрөнүшөт.
- Убактылуу преперат даярдоону жана даяр преператтарды пайдаланууну өздөштүрүшөт
Жандуу организмдердин ички түзүлүшү кандай?
- Жаратылыштагы бардык нерселер , эң майда көзгө көрүнбөгөн бөлүкчөлөрдөн турары жана ал нерсенин өзгөчөлүктөрү, аны түзгөн майда бөлүкчөлөрдүн касиеттерине байланыштуу экени улуу окумуштуулар М.В.Ломоносовдон, немец окумуштуусу Лейбництен бери белгилүү
Мөмө – жемиштертерди карасак, алар майда бүртүкчө же көбүкчөлөрдөн турат.
- адамдын көзү менен
- лупа менен
Бүртүкчөлөрдүн формасы органдардын аткарган кызматына жараша болот
Мисалы:
• Өсүмдүктөрдүн кабыгынын бүртүкчөлөрү куб формасында жана бири-бирине тыгыз жатат.
• Мөмөлөрдө тоголок болот
Өсүмдүктүн ички түзүлүшүн алгачкылардан болуп Англиялык табият изилдөөчү Роберт Гук изилдеген
1662-жылы өсүмдүктүн кабыгынын түзүлүшүн микроскоптон көрүп, «клетка» деп атаган
Роберт Гук
1635-1703
Клетка – өз алдынча жашоого, көбөйүүгө, өсүүгө жана өрчүүгө жөндөмдүү болгон элементардык тирүү система. Клетка – тирүү организмдердин түзүлүштүк жана функциялык бирдиги.
Тирүү организмдер клеткадан турат(үй кирпичтен курулгандай),ошондой эле тирүү организмдерге тиешелүү касиеттер (зат алмашуу, көбөйүү,өсүү ж.б) клеткага да тиешелүү. Ошондуктан клетка функционалдык бирдик Клеткалар органдардын кызматына жараша формага, белгиге жана касиетке ээ болот
Чоңойтуп көрсөтүүчү приборлор
Лупа
• эң жөнөкөй чоңойтуп көрсөтүүчү прибор
• негизги бөлүгү – чоңойтуучу айнек
• 2- 5 кээде 20 эсеге чоңойтуп көрсөтө алат
Микроскоп
• бул нерсени бир нече чоңойтуп көрсөтүүчү татаал прибор
• миллион эсе чоңойтуп көрсөтө алат
• XVII кылымда жасалып башталган. Голландиялык Антони ван Левенгук тарабынан конструкцияланган
Анын микроскоптору 270 эсе чоңойтуп көрсөткөн
Жарык микроскобунун түзүлүшү
Микроскоптун бөлүктөрү
Окуляр,обьективдер,күзгү, диафрагма, конденсор , жарык фильтрлөөчү айнек
Оптикалы к
Микроскоп
Микро жана макровинттер, тубус, препарат бекемдөөчү кыпчыгычтар,предметтик столчо , негиз
Механикалы к
Пияздын чел кабыгынан убактылуу преперат даярдоо
Бышыктоо
- Өсүмдүк, жаныбар, адам эмнеден жана кандай көзгө көрүнбөгөн майда бөлүк-
чөлөрдөн турат?
- Ал бөлүкчөлөр кандай касиетке ээ болушат?
- Аларды кантип окуп-үйрөнүүгө болот?
Үй тапшырма
Чоңойтуп көрсөтүүчү приборлордун түзүлүшү
Иштөө эрежелери
Лупанын түзүлүшү
1
Жарык микроскобунун түзүлүшү
2
1
3…
2
3...
§10. Окуу китебинин 29-32- беттери