СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өтүлгөн темаларды кайталоо

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Өтүлгөн темаларды кайталоо»

Кыргыз тили \7-класс\2-чейрек\ 1-сабак___________________________________

Тема: Өтүлгөн темаларды кайталоо

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Когнитивдик: өтүлгөн темаларды кайталоо аркылуу билимдерин чыңдашат.

-өтүлгөн темаларды эсине сактап калышса;

Социо-маданий: бири-биринин ойлорун толуктаганга тарбияланышат.

-бири-биринин оюн толуктай алса;

Кептик: ар бир окуучу жекече ойлорун башкаларга таңуулабай айтууга үйрөнүшөт.

-башкалардын пирилерин сыйласа.


Лингвистикалык минимундар: сөз түркүм, кызматчы сөздөр, өзгөчө сөз түркүмдөр

Сабактын тиби: өтүлгөн материалды анализдөө

Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө

Сабактын жабдылышы: проектор, экран

Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар

Сабактын жүрүшү:


Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бузук телефон оюнун ойноо



2)Үй тапшырмасын суроо(5-мүнөт)

Өтүлгөн материалдарды кайталоо

3)Жаңы тема. (10 мүнөт)

Сөз түркүмдөрү (лингвистика) - грамматикада негизги орундардын бирин Сөз түркүмдөрү ээлейт.

Сөз түркүмдөрү деп сөздөрдүн лексика-грамматикалык белгилери боюнча бири-бирине так ажыратыла турган топтору, түркүмдөрү аталат. Сөз түркүмдөрү морфологияда каралуу менен бирге, негизинен, тилдин тарыхы менен байланыштуу изилденүүчү маселе. Анткени ар бир сөз түркүмү белгилүү бир тарыхый мезгилде пайда болуп өнүгөт. Мис., тил илиминде тактоочтор менен байламталар башка Сөз түркүмдөрүнө караганда кийинчерээк пайда болуп өнүккөндүгү белгилүү.

Сөздөрдүн Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүү түркологияда бир жарым кылым мурда башталып, алардын саны 8ге чейин белгиленип келсе, кийинчерээк 1930-жж. бүгүнкү мезгилге 8ден 12ге дейре жеткен, азыр 12 Сөз түркүмдөрү бар экендиги аныкталган. Тилдеги сездөрдү лексика-грамматикалык белгилерине карай топтоштуруу сөздөрдү Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүүнүн атайын принциби менен ишке ашат. Алар: семантикалык, морфологиялык, синтаксистик принциптер.

1. Семантикалык принцип - эң байыркы принцип. Сөздөрдү жалпы категориялык маанилери боюнча топтоштуруу бул принциптин негизги мазмунун түзөт. Анткени жалпы категориялык маселелер сөздөрдүн лексикалык маанилерин абстракциялап, жалпылаштырып, аларды ошол категориялык маанилик окшоштук белгилери боюнча топтоштурат. Буларга зат атоочтун заттык, сын атоочтун белгилик, сан атоочтун сан-өлчөмдүк, этиштин кыймыл-аракеттик маанини билдириши кирет.

2. Морфологиялык принцип сөздөрдү Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүүдө сөз өзгөртүү системасын жетекчиликке алат. Т.а., сөздөр жөндөмө, таандык, сан, жак, мамиле, ыңгай, чак, даража ж.б. грамматикалык категориялар боюнча өзгөрүү же өзгөрбөө өзгөчөлүктөрүнө жараша түркүмдөргө бөлүнөт. Айрым бир сөздөрдүн кайсы Сөз түркүмдөрүнө жатаарын семантикалык принцип аныктай албаса, морфологиялык принцип жардамга келет.

3. Синтаксистик принцип сөздөрдүн башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүгүн, андай айкашуунун формаларын (синтаксистик байланыштын түрлөрүн), сөздөрдүн сүйлөмдөгү ордун, алардын синтаксистик функцияларын негиз кылып алат. Ушул белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзгөн сөздөр, башка сөздөрдөн өзгөчөлөнүп, бир Сөз түркүмдөрү катары эсептелет.

Жогорудагы үч принципти жетекчиликке алуу менен, Кыргыз тилиндеги Сөз түркүмдөрүүн үч чоң топко бөлүүгө болот:

1 . Маани берүүчү же негизги Сөз түркүмдөрү: зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч.

2. Өзгөчө Сөз түркүмдөрү же кошумча Сөз түркүмдөрү тууранды сөздөр, сырдык сөздөр, модалдык сөздөр

З. Кызматчы Сөз түркүмдөрү : жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр,.





1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)

1-кадам

1)Минск 6 жөндөмөдө жөндөө;

2) Сын атоочтун даражаларына мисал4

3) Сан атоочтун маанисине бирден мисал;

4) Мен, тиги, эч качан, ким, өзүм, кимдир бирөө –ар бир сөздүн үстүнө тиешелүү ат атоочторду жазып келүү;

5.Этиштин башка сөз түркүмдөрдөн өзгөчөлүгү;

6. Чакчылдын мүчөлөрү;

7. Кыймыл атоочтун мүчөлөрү;

8. Атоочтукту уюуштуруучу мүчөлөр.



4)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Сөз түркүмдөр деген эмне?

  2. Морфология эмнени окутуп үйрөтөт?

  3. Маани берүүчү сөз түркүмдөр кайсылар?

5) Рефлексия

(2 мүнөт)

Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?

Сабакта эмнеден кыйналдыңар?

Эртеңки сабакты эмнелерди күтөсүңөр?

6)Үйгө тапшырма

(3мүнөт)

Этиштин өзгөчө формаларын окуп, мүчөлөрүн жаттап мисалдарды келтирип келүү

7)Бааолоо

(3мүнөт)

Окуучулардын аракетине жараша.

«5», «4», «3», «2»