Просмотр содержимого документа
«Өз билимин текшерүу»
Адабий окуу. Тест.
Бөлүмү: Кыргыз акын жазуучулары. Аты-жөнү:_______________________
1.Эмне үчүн жети атаны билүү зарыл?
а) ата-тегин унутпоо үчүн. б) бирөөлөр сураса айтып берүү учун в) бирөөгө уят болуп, тил укпоо үчүн.
2. Логогрифтин жандырмагын тапкыла.
а) атыр, чатыр б)чатыр, атыр в) чатыр, ыр
3. Болоттун чоң атасы кармап алган жаныбардын баласы?
а) эликтин чаарчыгы б) коёндун бөжөгү в) топоздун мамалагы.
4.Тоголок Молдонун Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы чыгармасындагы бул саптар кайсы жаныбарга таандык?
Антың менен аңга түш
Айтпай койбой не болдум.
Ширин этин мен чайнап
Эзип жебей не болдум.
а) мергенчиге б) түлкүгө в) карышкырга
5. Түлкүгө кандай сапаттар мүнөздүү.
а)коркок,жоош б) анкоо, эпчил в)куу, жырткыч.
6. Дон айгыры эмне себептен өлүп калды?
а) бирөө сабап салгандыктан б) себеби белгисиз. в) уулу чөптү билбей жеп алгандыктан.
7.Кичинекей Чыңгыз айгырдын кантип өлгөнүн кимге түшүндүрүп берди?
а) башкармага б) орус улутундагы мал доктурга. в) айгырдын ээсине
8.Жай бою эмгек кылбай, кышында ачка болуп, үшүп калган канаттуу
кандай аталат?
а) таранчы б) ийнелик в) тоок
9. “Жан бакты” деген сөздүн мааниси эмнени түшундүрөт?
а) өз жанын гана баккан б) бирөөгө жардам кылган в) бирөөнүн эсебинен жашаган.
10. Мансапкор күчүк алгач ким болууну каалады?
а) музыкант б) сүрөтчү в) баатыр
11. Мансапкор күчүккө атасы баатыр болуу үчүн эмне керек деди?
а) акыл б) тааныш в) жүрөк
12. Бир түйүнчөк акча таап алган Талант акчаларды эмне кылды ?
а) ээсине кайтарып берди. б) өзүнө керектүү буюмдарды сатып алды. в) атасына алып келип берди
13.Акчасын жоготуп алып, ыйлап класска кирген дүкөнчү эжеге
Талант кандай жооп берди.
а) чындыкты айтты б) билмексен болуп турду в) калп айтты
14. Коёндун бөжөгүн ким же эмне уурдап алды?
а) түлкү б) үкү в) бала
Жыйынтыгы: ____ упай. Баасы: ____