СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өз тарыхыбызды билели

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат 

Просмотр содержимого документа
«Өз тарыхыбызды билели»

Өз тарыхыбызды билели.


A: Окуучуларга суроолор.


  1. Тарыхты билүү биздин кандай ишибизге жарайт?

  2. Биздин тарыхыбыздагы маанилүү окуялардан кайсыларын билесиңер?

  3. Биздин тарыхыбызда из калтырган кишилерден кимдерди билесиңер?

Б: Теманы түшүндүрүү.


Тарыхты билүү - өткөндү келечек менен байланыштыра билүү дегендик. Өткөндү келечек менен байланыштырган көпүрө. Бул көпүрөнү куруп пайдалана албаган элдер келечекте, дүйнөлүк аренада өз ордун таба албай калышы мүмкүн.

Жашообуз жандуу бир организм саяктуу ар дайым өзгөрүп турууда. Жашоонун өзгөрүүсү менен бирге биздин мүнөзүбүз, кыймыл арекетибиз, жашоо стилибиз да өзгөрүүдө. Өзгөрүү - бул жашоонун табиаты . Ар нерсе ар дайым өзгөрүп турган бул жашоодо, бизге тиешелүү кулк мүнөзүбүздү, маданиятыбызды, наркыбызды, баалуулуктарыбызды өзгөртпөстөн, алмаштырбастан жашаганга умтулушубуз керек. Аларды асырап калышыбыз керек. Ата-бабалардан бизге калган аманат экенин терең сезүү менен ал аманаттарга кыянаттык кылбашыбыз керек. Мына ушул баалуулуктардын, байлыктардын бардыгы тарыхыбызда камтылган.

Өcкөндүктөн, өзгөчөлөнүп турган жашоодо, өнүгүүгө талапкер коомдор, өнүгүүдө мотивацияны өз тарыхынан алышат. Бул биринчи кезекте өз тарыхын бурмаланбаган түрдө жакшы билүүгө байланышту.

Тарых билими начар коомчулук, бөлүнүп жарылууга чейин барат. Өзүнүн наркынан алыстап, өзгөгө жакындайт . Башкалашып, башкалардан тасирленет. Өнүккөн мамлекеттердин техникалык жетишкендиктерин эмес, кыймыл арекеттерин , кулк-мүнөзүн туурай башташат. Өз тарыхын билбегендиги үчүн , тарыхынан сабак албагандыгы үчүн бактылуулукту башка элдерден издей башташат. Натыйжада башкаларга көз каранды болуудан кутула алышпайт.

Чындыгында тарых жөн гана аңгеме окуялардын жыйнагы эмес, биз үчүн жашалган өмүрлөрдүн топтому, кылымдар бою сүрүп келген тажрыйбалардын жыйнагы. Тарых - келечектин күзгүсү. Тарых - келечектин тамыры. Тамырсыз дарак болбогондой эле, тарыхсыз да келечек болбойт. Албетте, дарак тамырына жараша айбатту да, көрктүү да, узун өмүрлүү да болот. Дарактын тамыры жерге канчалык терең кирип тараган болсо, бутактары да көккө ошончолук узап, өсөт.

Тарыхтагы ийгиликтер жөнүндө окуу менен гана жашоодо стимул алуу мүмкүн эмес. Элибиз өз тарыхынын жакшы жактарын да, кемчиликтерин да толугу менен билүүгө тийиш. Жакшы жагынан өрнөк алат, кемчиликтерин толуктайт, каталарынан сабак алып кайталабаганга аракет кылат. Ошондуктан жаш муундарыбызга жалган маалыматтарды эмес, чындыкты гана жазган тарых китептерин даярдашыбыз керек жана окутушубуз керек.

Бир күнү шакирти устатынан сурайт:

  • Устатым, бактылуулук акчада эмес деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

  • Ал сөз чындыгында эле эң туура айтылган. Муну далилдеш оңой эле: мисалы, акчага төшөк сатып аласың, бирок уйкуну сатып ала албайсың. Тамак сатып аласың, бирок табитиңди сатып ала албайсың. Дары сатып аласың, бирок ден-соолугуңду сатып ала албайсың, аялды сатып аласың, бирок сүйүүнү сатып ала албайсың, үй сатып аласың, бирок үй-бүлөнү сатып ала албайсың. Минтип санай берсең чексиз. Ошондуктан, «бактылуулук акчада эмес» деген сөз бекеринен айтылган эмес, - деп жооп берген экен.

Ушул эле сөздөргө: «дипломду сатып алса болот, бирок билимди сатып ала албайсың, тажрыйбаны сатып ала албайсың, маданий буюмдарды сатып ала аласың, бирок маданий мурас жана баалуулуктарды сатып ала албайсың, тарых китебин сатып ала аласың, бирок канчалаган кылымдык тарыхты, башыбыздан өткөн тажрыйбаны сатып ала албайсың » деп кошуп кетүүгө болот.

Келгиле анда, элибиздин баалуу мурастары, маданий баалуулуктары жок болуп кете электе аларды жакындан үйрөнүп, жашап, кийинки муундарга бул аманаттарды өткөрүп берели. Өз тарыхыбызды билели жана келечегизди ушул канчалаган кылымдан бери келген баалуу тарыхыбыздын үстүнө курайлы.


Г: Накыл сөздөр.

Тарых - келечектин күзгүсү.

Тарых - келечектин тамыры. Тамырсыз дарак болбогондой эле, тарыхсыз да келечек болбойт.



















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!