Ар бир адам дайыма ɵзүн-ɵзү тарбияланганга кɵнүгүшү зарыл. Алдыңкы үлгүүлү, адептүү, эстүү окуучулардын катарына кошулгула. Ɵзүңдү ɵзүң тарбиялоо деген эмне? Эгер сен буга чейин сабактан кечиксең эртең менен кеч турсаң, ата-энеңе жардам бербесең, бɵбɵктɵрүңɵ камкордук кɵрбɵсɵң, тапшырмаларды аткарбай келип, жаман баа алсаң, ɵзүңдүн кийимиңе, үстү башыңа карабасаң мындан ары кантип ɵзүмдү ɵзүм тарбиялайм деп ойлон.
Просмотр содержимого документа
«Озун-озу тарбиялоо ыймандуулуктун башаты»
1.7. Өзүн-өзү тарбиялоо – адептүүлүктүн, ыймандуулуктун башаты.
Ар бир адам дайыма ɵзүн-ɵзү тарбияланганга кɵнүгүшү зарыл. Алдыңкы үлгүүлү, адептүү, эстүү окуучулардын катарына кошулгула. Ɵзүңдү ɵзүң тарбиялоо деген эмне? Эгер сен буга чейин сабактан кечиксең эртең менен кеч турсаң, ата-энеңе жардам бербесең, бɵбɵктɵрүңɵ камкордук кɵрбɵсɵң, тапшырмаларды аткарбай келип, жаман баа алсаң, ɵзүңдүн кийимиңе, үстү башыңа карабасаң мындан ары кантип ɵзүмдү ɵзүм тарбиялайм деп ойлон. Эмне кылыш керек? мындан ары эртең менен эрте тур, сабактан кечикпе, физкультура жаса, кийимдериңди класстагы эң алдыңкы окуучулардан бол. Улууну урматтап, кичүүлɵрдү ызатта, адептүү сүйлɵгɵнгɵ үйрɵн, калп айттпа, жалкоо болбо. Мына ошондо ɵзүңдү ɵзүң тарбияланга кɵнүгɵсүң. Адамдын күзгүсү адам, анткени ɵзүңдүн мыкты жана кемчил жактарыңды башка адам аркылуу кɵрɵсүң, туясың. Биз ɵзүбүз-ɵзүбүзгɵ күзгү болуп, терс сапаттарыбызды кɵрɵ билишибиз зарыл. Адамдын оң жана терс сапаттары болорун билдик.Мына бул оң мүнɵздɵр силерди алдынкы окуучлардын катарына кошот:
Уяттуулук, ыймандуулук
Адамкерчилик, ак ниеттүүлүк
Ишеним, калп айтпоо маданияттуулук
Кичипейилдик, гумандуулук
Эмгекчилдик, аракеттенүү, билимге умтулуу
Адилет, ак адам болуу
Элпектик, боорукерлик, кайрымдуулук
Чечкиндүүлүк, ишкерлик, чынчылдык
Терс мүнɵздɵгү сапаттар:
Кɵрɵ албастык, ичи күйдүүлүк, ɵзүмчүлдүк
Текеберлик, бой кɵтɵрүүчүлүк
Калпычылык, жалганчылык,
Ушакчылык
Наадандык, түркɵйлүк,
Жалкоолук, жатып ичер, уйкучулук
Ачуусу чукулдук, урушчаактык
Тентектик, шоктук, ыпластык
Силерде ушул мүнɵздɵрдɵн кайсынысы бар болсо, оңдоого аракет кылгыла. Айрыкча жалкоолуктан качкыла.