10мин 10мин | Саламдашуу, өзүмдү тааныштыруу Саламатсыздарбы аудитория. Мен барынарды көргөнгө абдан кубанычтамын. Силер жакшы кадам жасап жатасыӊар, бардыгыӊарга ийгилик каалайм! Өзүмдү тааныштыра кетейин. Менин атым Мукамбетова Асель Абдылисовна үй бүлөлүү, 4 баланын сүйүктүү энеси, кыргыз тили мугалими, жакшы көргөн кином «Хатико», жакшы көргөн өӊ «кызыл», жакшы көргөн китебим «Ала-Тоо уламыштары», жакшы көргөн мезгилим жай, жакшы көргөн машинам «Лексус 330», жакшы көргөн тамагым апам жасаган лагман, баргым келген шаар Дубай, келечекке койгон максатым «Билим ордо» атындагы жеке менчик мектеп ачуу. Мен «Чечендик өнөр» боюнча тренингдерди жетектеп, өтүп келем. - Тренинг деген эмне ким кандай түшүнөт? «Тренинг-бул өзгөчө эмоционалдуу, бирдиктүү, активдүү иштеген өзгөчө топ. Тренингде ар бир кардар жаӊы маалыматтарга ээ болушат, активдүү , ачык болушат. Тренинге катышкан адам өзүн эркин алып жүрүүсү шарт, ой жүгүртүүсү, көз карашы өзгөрөт . Мисалы оюн менен тернингди салыштырып көрсөк оюнда жеӊүүчү жана жеӊилүүчү болот. Мектепте болсо билим алат билим аркасынан бааланат. Ал эми тернингде адам ачылат, өз билимин өркүндөтөт, командада ынтымактуу иштегенге изденүүгө , умтулууга калыптанат, мотивацияга ээ болот келечекте мыкты инсан болууга жол ачылат. Буюрса кызыктуу, пазитивдүү, мотивация алуучу тренингдер алдыда. Ассоциация: Оюн «Айлана» (бардыгы тегерек болуп кол карамашышат Асель –акылдуу, Назгүл-наздуу) |