СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Падышалык Орусиянын агрардык,админстративдик салык саясаты

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Падышалык Орусиянын агрардык,админстративдик салык саясаты»

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби мекемеси  Кыргызстан тарыхы предмети 8-класс  Мугалими:Жусупова Айжамал

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби мекемеси

Кыргызстан тарыхы предмети

8-класс

Мугалими:Жусупова Айжамал

Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар!

Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар!

Сабактын темасы: Падышалык Орусиянын админстративдик,агрардык жана салык саясаты. Сабактын максаты: Аймактык-админстративдик бөлүштүрүү жана колониялык бийлик,жергиликтүү башкаруу,падыша өкмөтүнүн оторчул жер саясаты,дыйкандардын көчүп келиши жана алык-салыктар тууралуу жалпы маалымат алышат.

Сабактын темасы: Падышалык Орусиянын админстративдик,агрардык жана салык саясаты.

  • Сабактын максаты: Аймактык-админстративдик бөлүштүрүү жана колониялык бийлик,жергиликтүү башкаруу,падыша өкмөтүнүн оторчул жер саясаты,дыйкандардын көчүп келиши жана алык-салыктар тууралуу жалпы маалымат алышат.
 Жаңы каратылган жерлерге Россиянын саясий башкаруу системасы киргизилген. Падыша өкмөтүнүн башкаруу системасы Түндүк Кыргызстандын каратылышы менен, т. а. XIX к. 60-жж. эле киргизиле баштаган. Россия дөөлөтүн алгачкы тааныган кыргыз уруулары Батыш Сибирь генерал -губернаторлугуна караштуу Семей областынын Ала-Тоо округуна киришкен. 1865-ж. февралда Арал деңизинен Ысык-Көлгө чейинки зор аймакты камтыган Түркстан областы түзүлгөн. Ага Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрү, кийинчерээк Борбордук Теңир-Тоо карап калган. Түркстан областынын алгачкы аскер губернаторлугуна генерал М. Г. Черняев дайындалып, ал аскердик жана граждандык бийлик жүргүзгөн.

1867-ж. область Түркстан генерал-губернаторлугуна айланат да, анын чегинде Сыр-Дарыя (борбору Ташкент) жана Жети-Суу (борбору Верный) областтары түзүлөт. Жети-Суу областынын аскер губернатору болуп Г. А. Колпаковский дайындалган. Областтар уездерге бөлүнгөн. Өз кезегинде уезддер болуштуктарга бөлүнүп, аларга айылдар караган. Болуштуктар эки, үч миң түтүңдөн, айылдар жүз-эки жүз түтүндөн турган. Болуштуктардын башкаруучулары болуштар болуштуктун съездинде, ал эми айыл башчылары старчындар айылдык чогулушта шайланышкан. Кокон хандыгы жоюлган соң анын аймагында Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана областы түзүлүп, анын башына генерал М. Д. Скобелев дайындалгандыгын билебиз. 1886-ж. тартып «Түркстан чөлкөмүн башкаруу жөнүндө Жобо» күчүнө кирет да, Түркстан генерал губернаторлугу Түркстан крайы атальш, анын караыагына Самарканд, Сыр-Дарыя жана Фергана обласгтары кирген. Жети-Суу областы болсо 1882-ж. Степной генерал-губернаторлугуна кошулган. 1899-ж. ал кайрадан Түркстан крайына караган.

1867-жылы Фергана облусу түзүлгөн.

1867-жылы Фергана облусу түзүлгөн.

 Падыша өкмөтүнүн аймактык-административдик бөлүштүрүү саясатынын натыйжасында кыргыз жери Токмок, Ысык-Көл, Олуя-Ата, Ош, Анжиян, Наманган, Маргалаң (Скобелев), Кокон, Кожент өндүү ар кайсы уезддердин карамагында турун, бул уезддер өз кезегинде Сыр-Дарыя, ЖетиСуу, Самарканд, Фергана областтарына караган.

Кыргызстандын калкы 73 болуштукка бөлүнгөн

Кыргызстандын калкы 73 болуштукка бөлүнгөн

Башкарууда шайлоо тартибинин киргизилиши менен байманаптык бийликтин укумдан-тукумга мурас катары өтүшү токтотулган.

Башкарууда шайлоо тартибинин киргизилиши менен байманаптык бийликтин укумдан-тукумга мурас катары өтүшү токтотулган.

 Падыша өкмөтүнүн колонизатордук саясаты Кыргызстандагы жер маселесин чечүүдөгү аракетинен өзгөчө байкалган. Россиянын Борборук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга, көз артышынын негизги себептеринин бири Россиянын борбордук бөлүктөрүнө батпай калган дыйкандарды бул жакка көчүрүү болгон. Кыргызстан Россияга каратылгандан баштап эле бул жакка келгин дыйкандар көчүп келе баштаган. Жаңы келген дыйкандарды жайгаштыруу боюнча атайын башкармалыктар түзүлүп, изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Падыша бийлиги ооп келген орус, украиндерге дыйканчылыкка өтө ыңгайлуу, өзөн-суусу мол өрөөндөрдү, ойдундарды, негизги жолго жакын жерлерди жергиликтүү калктан тартып бере баштаган.

Келгин дыйкандар

Келгин дыйкандар

Орус дыйкандары менен катар эле кытай феодалдарынын эзүүсүнөн качкан дуңгандар менен уйгурлар 1887-1884жж. Кыргызстанга келишкен. Аларды да Фергананын, Ысык-Көлдүн, Чүй өрөөнүн дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерине отурукташтырууга туура келген. 1882-ж. Кытай менен Россиянын ортосундагы жаңы чек ара Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу такталгандан кийин сарт калмактар эски журтунда эки жыл жашашкан. 1884-ж. Жогорку Или чөлкөмүндө жашаган сарт калмактардын (алар өздөрүн өлөттөр дешкен) 200 түтүндөн турган айылы кытайлыктарга баш ийүүдөн баш тартышып, Ысык-Көлдүн башына көчүп келишип, Бөрүбаш, Челпек, Ташкыя кыштактарын негиздешкен.
  • Орус дыйкандары менен катар эле кытай феодалдарынын эзүүсүнөн качкан дуңгандар менен уйгурлар 1887-1884жж. Кыргызстанга келишкен. Аларды да Фергананын, Ысык-Көлдүн, Чүй өрөөнүн дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерине отурукташтырууга туура келген. 1882-ж. Кытай менен Россиянын ортосундагы жаңы чек ара Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу такталгандан кийин сарт калмактар эски журтунда эки жыл жашашкан. 1884-ж. Жогорку Или чөлкөмүндө жашаган сарт калмактардын (алар өздөрүн өлөттөр дешкен) 200 түтүндөн турган айылы кытайлыктарга баш ийүүдөн баш тартышып, Ысык-Көлдүн башына көчүп келишип, Бөрүбаш, Челпек, Ташкыя кыштактарын негиздешкен.
Кыргыздар орус мамлекетине каратылгандан кийин адегенде Кокон хандыгына төлөгөн салыктар сыяктуу салыктарды төлөп турган. Кийинчерээк салык алуу жергиликтүү шарттарга жараша кайрадан иштелип чыккан. Бул боюнча көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип кылган кыргыздар түтүн башына 2 сом 75 тыйындан салык төлөөгө милдеттендирилген. Жер мамлекеттики деп эсептелгендиктен жайылган койдун туягынан 3 тыйын, жылкыдан — 30, төөдөн— 50 тыйын салык алынган. 1882-ж. салыктын көлөмү өсүп туруп, дүйнөлүк биринчи согуштун учурунда 15 сомго чейин көбөйгөн.
  • Кыргыздар орус мамлекетине каратылгандан кийин адегенде Кокон хандыгына төлөгөн салыктар сыяктуу салыктарды төлөп турган. Кийинчерээк салык алуу жергиликтүү шарттарга жараша кайрадан иштелип чыккан. Бул боюнча көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип кылган кыргыздар түтүн башына 2 сом 75 тыйындан салык төлөөгө милдеттендирилген. Жер мамлекеттики деп эсептелгендиктен жайылган койдун туягынан 3 тыйын, жылкыдан — 30, төөдөн— 50 тыйын салык алынган. 1882-ж. салыктын көлөмү өсүп туруп, дүйнөлүк биринчи согуштун учурунда 15 сомго чейин көбөйгөн.

Хараж  Танап

Хараж Танап

Үйгө тапшырма: §23 окуп  1)Колониялык бийлик Кыргызстанды кандайча башкарган?  2)Дыйкандар эмне үчүн Кыргызстанга көчүп келишкен?  3)Аларга кандай жер үлүштөрү берилген?

Үйгө тапшырма: §23 окуп 1)Колониялык бийлик Кыргызстанды кандайча башкарган? 2)Дыйкандар эмне үчүн Кыргызстанга көчүп келишкен? 3)Аларга кандай жер үлүштөрү берилген?