СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пайгамбарга кат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Пайгамбарга кат»

Эки ааламдын Султаны Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) га кат

Бисмиллахир – Рохмаанир – Рохийм

Сиз жана биз өңдүү жалпы ыйман, ырыскы, ыкыбалы жана бейкуттук ыроологон аны менен бирге бардык адамзатты азыктандырган Алла Таалага чексиз мактоолор болсун!!!

Адамзатты караңгылыктын туңгуюгунан жарык дүйнөгө алып чыгарууга себепкер болгон ааламдын түбөлүктүү сыймыгы аталган Азирети Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) га тилектерибизди, саламдарыбызды жолдойбуз!!! Ар бир күн пайгамбарыбыз Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) ди сөз кылууга арзыйт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)дин аты аталбаган, ал эстелбеген ар бир күн бактысыз өткөн күн. А бирок Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)ды көбүрөөк эстөө Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)га болгон ыйманыбызды, сүйүүбүздү ого бетер тастыктайт.

Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)дын өмүр баянына байланыштуу маселелер сахабалардын доорунда риваят жолу менен айтылып келген. Башкача айтканда сахабалар өздөрүнөн кийинки муундагыларга оозеки түрүндө риваят кылышкан. Алардын арасында Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)дын өмүр жолунун майда-баратына чейин көңүл бургандары бар болгону менен эч бирөө бул риваяттарда бир жыйнакка китепке топтогон эмес. Андан кийин Табиундардын мууну Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)дын өмүр жолун жыйнап жаза башташкан.

Алла Таала ардактуу Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)ди эң таза уруудан, эң таза тектен тандаган. Ошентип, Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам)дин ата-тегине Жахилия доорундагы ыпластыктардын бири дагы тийген эмес.

Эки Ааламдын Мырзасы төрөлдү.

Абдулла Мадинага сапарга даярдана баштады. Күн ыссык, жол алыс, сапар оор. Катуу ооруудан Абдуллах Мадинага жакын жерде жолдо каза болуп калды. Аялы Аминага оор болду, бирок ал кайгыга алдырган жок.

Роббиул аввал айынын он экиси дүйшөнбү күнү 571–жылы 20-апрелде Пил окуясы болгон жылы, күн ааламга нур чачкан кезде, аалам күтүп жаткан нурдуу наристе жарык дүйнөгө келди. Чоң атасы Абдулмуталиб балага Мухаммад деп ат койду. Ошентип, асман-жерде аты макталып, Кыяматка чейин өчпөй сакталуучу «Мухаммад» деген атка ээ болгон наристенин жашоо барагы башталды. Алты жашында апасынан айрылып, чоң атасы Абдулмуталибдин кароосунда калды. Сегиз жашында чоң атасынан айрылат. Ошону менен ал тикелей Жараткандын гана кароосуна алынып, Алла Тааланын гана коргоосунда, камкорчулугунда болушу эскертилет. Ал ишенимдүү, чынчыл аял деген маанидеги «Амина» аттуу чындыктын аманатчысы болгон аялдын курсагынан бул дүйнөгө келген.

Пайгамбарлыгынан мурда эле ишенимдүүлүгү жана ибадаты менен бул улуу инсандын атасынын аты да «Алланын кулу» деген мааниде болчу.

Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) – адамзаттын сыймыгы

Марксизм, Ленинизм деген саясаттын бурганактаган толкунунда дегеле динге тыюу салынып, ойрондоого тушукса да, айчыктуу мунаралардан али да «Мухаммадан РасулАллах» деген азан үнү жаңырып турганын, Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)дин рухунун бардык жерде канат жайып баратканын күнүгө беш жолу сагынып, күтүп кубанышыбыз буга айкын далил. Келечек муундун эс-акылын азгырып, ак жолдон адаштырууга ички жана тышкы душмандар канчалык аракет кылбасын жаш муундар «Мухаммаддик акыйкатты» толук түшүнүп, Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)га карай умтулгандары теңдешсиз кылымга татырлык көрүнүш.

Ааламдын булуң-бурчунан колуна кумган алып, баары ошол Каусардай тунук булакка умтулуп, Улуу Көсөмдүн (Саллаллаху алейхи васаллам)дин өргөөсүнө жетүүгө аракеттенишүүдө.

Алла Таала бүткүл ааламга мээримдүүлүгүн, ырайымдуулугун Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам) аркылуу жөнөткөн. Анын келүүсү – Алла Тааланын жасаган эң улуу мээрими жана жакшылыгы болду. Алланын аяттарын окуп, анын түрдүү мужизаларын көрсөтүү аркылуу адамзатка жаратылышынын маңызын үйрөтүү үчүн келген. Алла Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам) китеп аркылуу даанышмандыкты таалим-тарбия катары берди. Биз алсыз пенделер аны менен нурданып, өз ааламыбызды табуу менен акырет ааламын түшүнүп, түбөлүктүүлүктүн даңгыр жолуна түштүк. Алла Таалага чексиз мактоолор, шүгүрлөр болсун!!!

Эки ааламдын мырзасы Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) Алладан келген буйруктарды өзгөчө тактык жана ишенимдүүлүк менен сактаган, үммөтүн да ушул мүнөзгө тарбиялаган. Анын жанында кылчалык кыянатчылыкка жол берилген эмес. Алланын Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам) жакшылыктардын эң майда баратына чейин кучагын кеңири ачып, ар дайым жакшылыкка умтулган аруу сезими менен жашачу. Алланын Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам)дын бүткүл өмүрү оор кыйынчылык шарттарда өткөн эле. Жараткандын алдындагы орду жана кадыр-баркы ошончолукбийик болгон. Кези келген учурда анын бир эле дуба-тилеги менен кара түндөр күндүзгө, таш алтынга жана кайырчыларга султандык тактысы ыйгарылган. Буга байланыштуу бир окуя:

Басралык бир жигит атасы менен Ажыга барууга ниеттенет. Мекке баратып атасы кайтыш болот. Өлүгү коркунучтуу, жийиркеничтүү макулукка окшоп калат. Байкуш жигит не кыларын билбей калат. Башы катып, үргүлдөй түшөт. Уйку – соо арасында чатырдын эшиги ачылып, нур жүздүү адам атасынын жаназасын окуп, колу менен анын бүт денесин сылайт. Атасынын нурдуу жүзү калыбына келет. Келген адам чатырдан чыгып бара жатканда : - Кудай акы, ким экениңизди айтыңызчы?

Алиги адам жооп берет:

  • Сен мени тааныган жоксуңбу? Мен Мухаммадмин.

  • Оо, Алланын Элчиси Саллаллаху алейхи васаллам, атамдын кейпи кантип өзгөрүлүп калды?

Алла Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам):

  • Ал ар дайым арак ичип жүргөн, түрү суук айбанга өзгөргөн себеби ошол. Бирок атаң менин атым аталган учурда дароо мага салават айтар эле, - деп жооп берет.

Мынакей бул адамдын Пайгамбар (Саллаллаху алейхи васаллам)га ушунчалык болсо да сүйүүсү сакталгандыктан, Алла Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам) ал эң муктаж учурда ага шапаатчы болду. Өлүп жман абалда калганында Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)дин руху Алла Тааланын амири менен ал жерде пайда болду.

Оо, Аллахым, Алланын Элчисинин(Саллаллаху алейхи васаллам)дин шапааты өзүңдүн уруксаатың менен бардык момун-мусулмандарга насип этсин... Оо, Руханиятыбыздын Султаны! Сен руханий дүйнөбүздүн Султаны болдуң. Рухубуз Сага курман болсун! Суранабыз кабыл алгын!

Абу Хурайрадан (р.а.) баяндайт.



Алланын Элчиси (Саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген : «Тилге жеңил, таразада оор баса турган жана Мээримдүү Аллахка жага турган сөз бар: Субхаан аллахи ва бихамдихи Субхаан аллахиил азиим». «Аллага чексиз мактоо, шүгүрчүлүк айтып, бардык кемчиликтен таза». «Улуу Алланын эч кемчилдиги жок» деп жүз жолу айтса деңиздин көбүгүндөй күнөөсү болсо да, күнөө кечирилет» деген. Алладан мээрим, кечирим, ырайым үмүт кылабыз.

Динди жайылтуу

Пайгамбарыбыз (Саллаллаху алейхи васаллам) ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун!

Динди жайылтууда басып өткөн жолдору:

Биринчиси: Жашыруун жайылтуу доору, бул үч жылга созулду.

Экинчиси: Жарыя тил менен айтып жеткирүү аркылуу жолу Меккеден Мадинага көчкөнгө чейин уланды.

Үчүнчүсү: Тил менен айтууга кошумча душмандык кылып, зыян жеткиргендерге каршы согушуу менен коштолгон доор, бул доор Мадинга көчүп келгенден Худайбия келишимин түзгөнгө чейин уланды.

Төртүнчүсү: Бардык динге каршы тургандарга, бут тоскондорго согуш жарыялоо менен коштолгон доор, бул доор Пайгамбар (Саллаллаху алейхи васаллам) көзү өткөнгө чейин уланган.

Алла Элчисинин бардык сапаттары эң жакшы көрүнүштө жана эң жогорку деңгээлде. Анын бул улуулугу башкаларга салыштырмалуу эмес. Себеби, Алла Таала аны адамзат үчүн мүмкүн болгон эң улуу бийиктикте жараткан. Ал эң мыкты аскер башчы болгон. Алла Элчисинин аскердик мыктылыгы жер жүзүндөгү бүтүндөй мыкты аскерлерге таалим бере турганчалык деңгээлде. Демек анын аскердик мыктылыгы өзүнүн табиятынан эмес. Ал таланттуу аскер башчыларын таң калтырып, согуштарда жеңиштерге жеткен. Демек, согуштагы мыктылыгы Анын даанышмандыгын, даанышмандыгы Анын Пайгамбарлыгын далилдеп турат. Ал теңдешсиз аскер башчы эле. Жер жүзүндө андай аскер башчы кайра кайталанып келген жок.

Ал теңдешсиз улуу инсан. Ал Алланын буйругу менен бир максатты көздөгөн. Ал акыйкатты жайылтып, буга тоскоол болгон бардык нерсени алып салмак. Өмүр бою ушул максатты көздөгөн. Ал эч бир согушту максат кылган эмес. Салгылашуу анын эң акыркы чарасы болгон.

Пайгамбарыбыздын жасаган аракеттери ар дайым көрөгөчтүк менен болгон. Ал бардык иштерге «жети өлчөп, бир кескендиктен» эч качан артка кадам таштаган эмес. Кандай кыйынчылыктарга дуушар болушса да, эч нерсе көздөгөн максатынан тайдыра алган эмес.

Алла Таала Пайгамбарына карата бир аятта мындай деген:

«Оо, Пайгамбар! Жараткандан сага түшкөндөрдү таблиг кыл. Эгер муну жасабасаң анда жүктөлгөн Элчилик милдетти аткарбаган болосуң. Алла сени адамдардан сактайт. Чындыгында Алла каапыр калкты Туура жолго салбайт»

Алла Таала эч бир Пайгамбарга ушундайча кайрылбаган. Тагыраак айтканда пайгамбарларга ысмын атоо менен кайрылган. Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам)га кайрылуусунда сыйлуу наамын тилге алат. «Оо Пайгамбар!» деген сөз Жараткандан кабар алып келген жакшы нерселерди жеткирген улуу ортомчуну билдирет. Анын мындай мартабалуу наамын атоо менен Алла Таала сый көрсөтүп, бизге ошол Мухаммед (Саллаллаху алейхи васаллам)дын кадыр-баркын билдирүүдө. Пайгамбар (Саллаллаху алейхи васаллам) ушундай бийик мартабасы менен бизге Жараткандын Амирлерин бизге жеткирген. Башкача айтканда Пайгамбар (Саллаллаху алейхи васаллам)ди сыйлагандыктан «Оо Ахмад», «Оо Мухаммад», же «Оо Мустафа», «Оо Махмуд» деп атынан атабастан, «Оо улуу Пайгамбар» деп кайрылган. Мунун мааниси аң-сезимдерди ойготуп, жүрөктөргө тирүүлүк салган, кабарлары менен адамзатты куткарган улуу, сыйлуу Пайгамбарым деген сөз. Аны нурдуу тепкичтердин туу чокусуна чыгарып, пайгамбарлыктын бийик даражасын арнаган жана тикелей баарлашуу мартабасына жеткирген. Меражда Мухаммад (Саллаллаху алейхи васаллам) Алла Таала менен эч тоскоолдуксуз бет маңдай сүйлөшкөн. Мухаммад Мустафа мына ушундай улуу инсан, улуу Пайгамбар.

Бир күнү Мухаммед (Саллаллаху алейхи васаллам) сахабалары менен отуруп «Сагындым» деп көз жашын төккөн экен. Анда сахабалар: «Кимди? Үй-бүлөңүздүбү?» деп сурашса, анда Мухаммед (Саллаллаху алейхи васаллам): «Али мени көрбөгөн, мени көрбөй туруп мага салаваттар жөнөткөн менин үммөттөрүмдү» - деген. «Аларга Каусар суусунан идиш менен эмес, колум менен суу ичиремин» - деп айткан экен. Ошол бактылуу үммөттөн болушубузду Аллахым бардык момун-мусулманга насип этсин! Аллахым бардык инсаниятка жүрөгүнө ыйман берсин! Сүйүктүү эки ааламдын Султаны (Саллаллаху алейхи васаллам)дын нуру ар бир инсандын жүрөгүүнүн түпкүрүндө Кыямат Кайымга чейин жаркырап жаңырып турсун. Саллаллааху алейхи йа Расул Алла!

«Аллам! Пайдасы тийбеген илимден, ээрибеген жүрөктөн, тойбогон напсиден, кабыл кылынбаган дубадан сактай көр!»

«Аллам! Өзүңдү зикир кылууга, Өзүңө шүгүр кылууга жана Өзүңө жакшы ибадат кылууга бизге жардам бере көр!»

«Аллам! Бардык иштерибизде жакшы натыйжа бере көр. Бул дүйнөдө шерменде болуудан жана акыреттин азабынан бизди сактай көр!!!»