СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пайыз. Масштаб.

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Пайыз жана масштаб боюнча тесттик тапшырмалар

Просмотр содержимого документа
«Пайыз. Масштаб.»

Пайыз жана масштаб


1. Өзгөн күрүчүнүн баасы кышында 80 сомон 120 сомго кымбаттайт. Күрүчтүн баасы канча пайызга өстү?

А) 40%

Б) 15%

В) 20%

Г) 50%

Д)25%



2. Бөлмөнүн узуну туурасынын бөлүгүнө барабар. Бөлмөнүн туурасынын анын периметрине болгон катышын тапкыла.

А)

Б)

В)

Г)

Д)



3. Кутуда жалпысынан 36 даана ак жана кара түстөгү топтор бар. Төмөндөгү катыштардын кайсынысы ак топтордун кара топторго болгон катышы болушу мүмкүн эмес?

А) 2:7

Б) 1:5

В) 2:3

Г) 1:2

Д) 3:1



4. Баскетбол оюнунда топ 28 жолу ыргытылган. Топтун корзинага түшкөн упайларынын санынын түшпөгөндөрдүн санына болгон катышы канча болушу мүмкүн?

А) 4:1

Б) 3:5

В) 2:3

Г) 1:2

Д) 4:3



5. Жүктү ташып түгөтүү үчүн 5,5 т жүк баткан машина менен 14 каттам жасоого туура келет. Ушул эле жүктү 7 т жүк баткан машина менен ташыса, канча каттам болот?

А) 7

Б) 10

В) 12

Г) 8

Д) 11




6. 60 кг өрүктөн 21 кг өрүк как жасалат. 35 кг өрүк как алуу үчүн канча өрүктү кургатуу керек?

А) 85 кг

Б) 100 кг

В) 90 кг

Г)120 кг

Д)70 кг



7. Калтада ак, жашыл жана кызыл түстөгү 60 чүкө бар. Төмөндөгү катыштардын кайсынысы бул чүкөлөрдүн өз ара катышын туюндурбайт?

А) 2:1:2

Б) 3:5:2

В) 2:3:1

Г) 1:2:5

Д) 4:5:3



8. Төрт көйнөк бир костюмдан 20% га арзан болсо, алты көйнөк бир костюмдан канча пайызга кымбат болот?

А) 10%

Б) 40%

В) 35%

Г) 20%

Д) 45%



9. Класста 25 окуучу бар. Алардын 15и математика ийримине, 10у спорттук ийримдерге катышат. Бул класста математикага кызыккандар спортко кызыккандарга караганда канча пайызга көп?

А) 40%

Б) 30%

В) 20%

Г) 10%

Д) 5%



10. Жүзүмдүн баасы 10%га төмөндөгөндөн кийин 45 сом болуп калды. Жүзүмдүн баштапкы баасын тапыла.

А) 50

Б) 90

В) 55

Г) 60

Д) 80



11. Айпери магазинден 1620 сомго эки сумка сатып алды. Алардын бири экинчисинен 16%га кымбат. Арзан алынган сумканын баасын тапкыла.

А) 870

Б) 650

В) 950

Г) 810

Д) 750




12. Бир сандын 35%ы 175ке барабар. Ал санды тапкыла.

А) 250

Б) 350

В) 500

Г) 600

Д) 450



13. 2 саат 15 минутанын 20% ын тапкыла

А) 30 мин

Б) 27 мин

В) 45 мин

Г) 35 мин

Д) 18 мин



14. Төмөндөгү варианттардын кайсынысында 50 саны 30%га азайган?

А) 35

Б) 20

В) 30

Г) 25

Д) 45



15. 8 жумушчу бир жумушту 6 күндө бүтүрөт. Ушул эле жумушту 12 жумушчу канча күндө бүтүрөт?

А) 3

Б) 5

В) 4

Г) 7

Д) 9



16. Эки трактор айдоо аянтын 6 күндө айдап бүтүрөт. Ушул эле жерди 3 күндө айдап бүтүрүш үчүн канча трактор керектелет?

А) 3

Б) 4

В) 2

Г) 5

Д)



17. Биринчи түтүк аркылуу бассейн 20 саатта, ал эми экинчи түтүк аркылуу 30 саатта толот. Эгерде эки түтүктү тең бир убакта ачып койсок, бассейндин толушу үчүн канча саат сарпталат?

А) 15

Б) 14

В) 16

Г) 13

Д) 12



18. Кечээ температура 25°С болчу. Бүгүн ал 12%ке төмөндөдү. Бүгүнкү температура канча °С?

А) 22°С

Б) 13°С

В) 23°С

Г) 20°С

Д) 18°С



19. Өкмөттүн 120 га айдоо аянтынын 55%ына беде, калганына кызылча эгилди. Канча гектар аятка кызылча эгилди?

А) 65 га

Б) 54 га

В) 62 га

Г) 50 га

Д) 56 га



20. 350 г таза сууга 50 г туз кошушту. Алынган эритменин туздуулугу канча пайыз экенин аныктагыла.

А) 20,5%

Б) 12,5%

В) 50%

Г) 25%

Д) 35,5%
























Жооптору:


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20

Г

В

В

Д

Д

Б

Г

Г

В

А

Д

В

Б

А

В

Б

Д

А

Б

Б