Просмотр содержимого документа
«Памидор жөнүндө»
Помидор
| Помидор |
| |
Помидор.
Помидор (орус. помидор, томат, итал. pomodoro, лат. Solanum lycopersicum) – бир жылдык же көп жылдык маданий өсүмдүк. Өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу.
Мазмуну
Аталышы[оңдоо | булагын оңдоо]
Эл өөзунда көбүнчө помидор же томат деп атаганы белгилүү. Помидор орус тилине Италиядан келген. Pomo d'oro — "Алтын алма" дегенди түшүндүрсө, Ацтектер "томатль" деп аташчу. Юдахин К. Ктин кыргыз-орус сөздүгүндө - батинча деп да аталат.
Кыскача тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Помидордун мекени Түштүк Америка. Ал жакта дагы эле жапай же жарым жапай помидорду кездештирсе болот. XVI кылымда Испания, Португалия, Италия жана башка Европа өлкөлөрүнө тараган. Көп жылдар бою помидорду жээбей бир гана кооздука бакча, гүлзарларда өстүрүшкөн. Орус Падышачылыгына XVIII кылымда алынып келинген. Ал жакта да гүл катары өстүрүлөн. Себеби мөмөсү чала бышып, жээгилитүү болгон эмес. Агроном А.Т. Болотов эмгегинин натыйжасында толук бышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз жерине XX кылымдын башында орустар алып келип тараткан.
Түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
Тамыр, сап, жалбырак, гүл, мөмөдөн турат. Тамыры кең жайылып, 1 м. чейин жер кыртышына кирет. Сабагы тик же жайылып, 2 м. чейин өсөт. Сабагы топурак, суу менен жабылып калса, ал жактан да тамыр таштай алат. Помидордун мөмөсүнүн өзгөчөлүгү жогорку сиңимдүүлүгү, даамдуулугу жана диеталык касиетинде. 100 г. мөмөсүндө — 19 ккал. энергетикалык баалулугу бар.
Помидордо: (% менен көрсөтүлөн) калий— 38,1, натрий — 17, фосфор — 9,4, магний — 8,6, кальций — 6,1, жана темир, күкүрт, кремний, хлор, иод, ванадий, кобальт, цинк, крахмал, глюкоза ж.б. камтыйт. Өңү кызыл, кызгылт, сары, сыя болуп, түрүнө жараша өң алат.