СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Партизандар алардын эрдиктери.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Партизандар алардын эрдиктери.»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ ГУМАНИТАРДЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

ГУМАНИТАРДЫК факультети







Тема: Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы партизандардын эрдиктери.

План:

1.Киришүү.

2.Партизан деген кимдер.

3.Партизандардын эрдиктери.

4.Кыргыз партизандары жана алардын эрдиктери.

5.Корутунду.

6.Колдонулган адабияттар.



1.Киришүү.

Экинчи дүйнөлүк согуш адамзаттын тарыхындагы эң апааттуу согуш катары тарых барактарына жазылып калды.Бул согуш жер планетасына бир нече өзгөрүүлөрдү алып келди.

Экинчи дүйнөлүк согуш (1 сентябрь 1939 — 2 сентябрь 1945) - эки дүйнөлүк аскерий-саясий коалициялардын согушу, адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. Ал согушта 61 мамлекет катышкан(ошол учурдагы жердин калкынын 80%). Уруш кыймыл аракеттери үч континенттин жеринде жана 4 океандын үстүндө жүргөн. Өзөктүк курал колдонулган жалгыз учур, ушул согуш.

Улуу Ата-Мекендик согуш бул экинчи дүйнөлүк согуштун курамдык бөлүгү.Улуу Ата Мекендик согуш – 1941–45-жылы совет элинин фашисттик Германияга жана анын союздаштарына (Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия, Япония) каршы Ата Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн адилеттүү күрөшү.Улуу Ата Мекендик согуш дүйнөлүк 2-согуштун (1939–45) маанилүү жана чечүүчү бөлүгү. Бул согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон.

Бул согушта өз элинин эркиндиги жана Мекенин коопсуздугу үчүн миллиондогон адамдар өз күчтөрүн сарпташкан.Фронттобу же тылдабы ар бир кылган иштери баары өз өлкөсүндө тынчтыктын орноосу үчүн жан үрөп иштеп аракет кылышты.Тарых беттеринде алардын эрдиктери бардык кылган эмгектери сакталып калды.Өзгөчө согуш талаасындагы биздин ата-бабаларыбыздын эрдиктери ар дайым жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Улуу Ата-Мекендик согушта СССРдин Фашисттик Германияны жеңип чыгуусуна бир нече себептер бар.Ал себептердин бири Фашисттик Германияга каршы күрөшүүдө «Партизандык кыймыл», «Партизандардын» орду бар.Партизандар деген кимдер? Партизандар - элдик өч алуучулар, душман аскеринин терең тылында (оорукта) Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн куралдуу күрөш жүргүзгөн адамдар. Алар өздөрүнүн иш-аракеттири менен Улуу Ата-Мекендик согушта СССРдин сыймыктуу жеңишине өз салымдарын кошушту.



2.Партизандар деген кимдер.

Партизандар – элдик өч алуучулар, душман аскеринин терең тылында (оорукта) Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн куралдуу күрөш жүргүзгөн адамдар.

Партизан ( Италия тилинен «Partigiano»-белгилүү бир социалдык топтун,партиянын жактоочусу)- эркиндиги жана эркиндик үчүн куралдуу жүргүзгөн адам.Партизандык ыкмаларды колдонуп,душмандын оккупацияланган аймагында (же каршы саясий күчтөрдүн көзөмөлүндө) куралдуу уюшулган партизандык күчтөрдүн курамында өз мекенин көз карандысыздыгы үчүн согушкан.Партизандык отрядынын мүчөсү-Партизан деп аталган.

«Партизандар» сөзү негизинен мамлекеттик эмес уюмдардын катышуучусунун жалпы аты катары колдонулат,башкача айтканда, кадимки армия эмес (же үзгүлтүксүз, негизги күчтөрдөн обочолонбостон иш алып барган аскердик бирикмелер-белгилүү бир саясий бийлик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү)же коомдук күчтөрдүн жактоочуларынан турган аскер бөлүктөрү.Булар өлкө жана жергиликтүү калктын колдоосунан пайдаланылат.

Жергиликтүү калктын колдоосу аныктоочу фактор болуп саналат.

Булар бейформал, расмий эмес мүнөздө иш алып барышат.Алардын максаты-өлкөдөгү учурдагы бийликке (саясий жана аскердик режимге)же касташкан мамлекеттин оккупациялык режимине каршы күрөшүү;Мындан тышкары алар негизинен аскердик ыкмаларды, душмандын артындагы партизандык согуштук ыкмаларды-диверсия, террор,полиция менен куралдуу кагылышууларды, туруктуу армия, жергиликтүү администрация ж.б аймактын тегерегиндеги кыймыл-аракетти колдонуп, душмандын жогорку күчтөрү менен фронттук кагылышууларлы болтурбоо.

Дыйкандардын арасынан өздөрүнүн кол башчылары чыккан. Москванын жанындагы бир кыштактагы дыйкан. Герасим Куриндин отряды ийгиликтүү салгылашкан.

Анын отряддарында 5 миң жөө жана 500 атчан жоокери болгон. Смоленскидеги кыштактардын биринин старостасынын зайыбы Василиса Кожина эр жүрөктүүлүгү менен эл ичинде даңкка ээ болду. Анын аялдар менен өспүрүмдөрдөн куралган отряды айры, балта, чалгы менен куралданып, кыштакты коргоп, колго түшкөн туткундарды айдап жеткирди. Партизандардын аракети душманды талкалоодо орус аскерлерине жардам берди. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында бүткүл элибиз фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкө көтөрүлдү. Душман басып алган бардык аймактарда жан аянбаган партизандык согуш жүрдү. Партизандар көпүрөлөрдү жардырышып, фашисттик кампанияларды өрттөшкөн, чыккынчыларды өлтүрүп, душмандын аскерлерин, танкаларын, замбиректерин ташыган поезддердин таш-талканын чыгарган. 1943-жылы жайында Курск догосунда гитлерчилер менен зор салгылашуу жүрдү. Партизандар жоокерлерге жардам берүү үчүн рельс согушун башташты.

Алар темир-жолдорду жардырышып, фашисттердин толуктоочу күчтөрүн ташуусуна тоскоолдук кылышты. Ошондо партизандар 440 поездди кулатышкан эле. Ал эми согуштун бардык мезгилинде алар 1 миллиондой баскынчыны катардан чыгарышкан. Бул бүтүндөй бир армия болот! 4 миңдей танканы жана брондолгон машинаны, 2 миңдей замбиректи, 800дөй аскер учакты жок кылышты. Партизан отрядынын эң белгилүү командирлери Сидор Ковпак, Алексей Фёдоров, Сергей Руднев, Пётр Вершигора, Дмитрий Медведев, Константин Заслонов ж. б. болгон. Элдик өч алуучулардын арасында Жаш гвардиянын баатырлары, Зоя Космодемьянская, Лиза Чайкина, эр жүрөк партизан чалгынчы Николай Кузнецов, литва элинин даңктуу кызы Мария Мельникайте, жаш партизан Саша Чекалин, фашисттик отрядды киши өтө алгыс сазга баштап барган сексен жаштагы псковдук дыйкан Матвей Кузьмин жана башкалар бар. Бул жылдарда Белоруссия, Украинанын аймактары партизандык аймак деп аталган.

3.Партизандардын эрдиктери.

Коммунисттик партия душмандын мизин кайтарууга бардык күчтөрүн армияны,тылдагы жумушчуларды,ошол эле учурда белгилүү болгон партизандык кыймылды уюштуруп фашисттик-немецтик баскынчыларга каршы мобилизациялады.

Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып убактылуу душман басып алган аймактарда Советтик партизандык отряддары жана Советтик диверсиялык топтор пайда болду жана патриоттор пайда болду.Булар: командирлер, саясий ишмерлер жана Советтик армиянын солдаттары эле, Курчоого алынган же фронттун аймагынан өз кошуундарына кете албаган же туткундан качкан Советтик аскерлер болгон.Партизандык отряддарды миңдеген жумушчулар менен колхозчулар жана кызматкерлер толукташты.

Тарых мындай масштабдагы жалпы элдик көтөрүлүштү көрөгөн эмес.Жүз миңдеген Совет эли бул кыймылга катышты.Кыймылдар Украина, Белоруссия, Балтика, Орёл, Смоленск, Калининград, Ленинград жана башка райондордо жүрдү.1943-жылдын аягында миллиондон ашык Совет эли фашисттик баскынчыларга каршы партизандык күрөш жүргүзүштү.

Фашисттерге каршы элдик көтөрүлүш кеңири таралган.Партизандар баскынчылар тарабынан жүргүзүлгөн айыл чарба жана фабрика-заводдорду калыбына келтирүү иштерине кедерги тийгизген жана элди кулчулукка алуусуна жол беришпей тоскоолдуктарды жаратып турушкан.Элдик өч алуучулар душмандын гарнизондоруна,душмандарга , элдик саткынчыларга, душмандын тарапташтарына кол салышкан.Алар көпүрөлөрдү,темир жолдорун жардырып,поезддерди тоношкон.Каражат байланыш аскер базаларын талкалоо жана ок-дары кампаларын душмандардан тартып алышкан.Партизандык отряддары Гитлердик баскынчылардан бошотулган аймактарда Совет бийлигин орнотушкан. Белоруссияда,Брянск токойлорунда, Ленинград жана башка аймактарда «Партизандык жерлер» түзүлүп,колдоочу негизги күчтү өч алуучу кошундар түзгөн.

Советтик басып алуулардын күчөп турган мезгили 1943-жылдын жай айларында партизандар «темир жол» деп аталган согуштук стратегиялык планды ишке ашырышты.Бул план аркылуу темир жолдорун рельстерди иштен чыгарган.

Партизандык кыймылдын мүнөздүү белгилеринин бири Улуу Ата-Мекендик согуштагы 1941-1945 ж.ж жалпы элдик кыймыл болуп эсептелет.Орус эли менен биргеликте украиналыктар жана Белоруссиялык ар партизандык кыймылга катышышкан.Немецтик-фашистик баскынчыларга каршы бүткүл

Совет эли-кыргыздар,казактар,грузиндер,өзбектер,татарлар,башкырлар,азербайжандар жана башкалар катышкан.

4.Кыргыз партизандары жана алардын эрдиктери.

Франциянын эркиндиги үчүн согушкан кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар.Улуу Ата-Мекендик согуштагы партизандардын катарында кыргыз партизандары же макизарлары да өз салымын кошкон. Францияда Гитлерге каршы күрөшкөн «Француз каршылыгы» уюму түзүлгөн.Бул уюмда катардагы чет элдик партизандар да бар. Бул уюмдун курамында кыргызстандыктардын да болгонун коомчулуктун басымдуу бөлүгү биле бербейт.

Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат француз партизандарынын катарында болгон жердешибиз Омор Жекишевдин блокнотунан тастыкталат.

Кыргызстандык партизан Ишен Тойчубеков. Макизардын формасы менен

Француз патриотторунун Гитлерге каршы күрөшү. Макизарлар

1939-жылы фашисттик Германия экинчи дүйнөлүк согушту баштап, 1940-жылы 22-июнда Францияны немис аскерлери басып алган. Премьер-министр, маршал Петен Франциянын Германияга баш ийүүсү тууралуу келишимге кол коюп берген. Ал эми генерал Шарль де Голль башында турган француз патриоттору Гитлерге каршы күрөштү улантууну чечет. Генерал Би-Би-Си радиостанциясы аркылуу мекендештерине душмандарга бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып каршы турууга чакырык таштаган. Француз патриоттору аны «Согушуп жаткан Франция» атындагы уюмдун башчылыгына шайлап, немис баскынчыларына каршы жашыруун уюмдар менен макизар деп аталган партизандык отряддарды түзгөн. «Мак» француз тилинен «бадал» деп которулат. Макизарлар башына баск улутунун береткасын кийип, өзгөчөлөнүп турушчу.

Француз каршылыгынын ичинде ар түрдүү көз караштагы адамдар — коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашисттери болгон.

Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан

Советтик туткундардын француз кыймылына кошулушу

Гитлерге каршы күрөшкөн кыймылга Франциянын концлагерлериндеги советтик жарандар менен бул өлкөдө жашаган орус эмигрантары кошулган. Мындан сырткары, немис баскынчылары советтик туткундардан ар түрдүү улуттук аскердик бөлүктөрдү түзгөн. Анын ичинде теги орто азиялык туткундардан куралган «Түркстан легиону» да бар эле. Бирок советтик туткундардын көбү концлагердеги кыйноодон тирүү чыгыш үчүн Гитлердин желдеттерине калп макулдугун берип, алар түзгөн уюмдарга кошулган. Көксөгөн максаты — немис баскынчыларына каршы күрөшүү эле. 1940-жылы август айында Париждеги адам музейинин илимий кызматкерлери Борис Вильде жана Анатолий Левицкий жер төлөдө басмакана уюштуруп, «Каршылык көрсөт» аттуу биринчи баракчасын чыгарган. Франциядагы немистерге каршы патриот кыймылы ушунун негизинде «Француз каршылыгы» деген аталышка ээ болгон.

1941-жылдын соңунда париждик партизандар камакка алынган.1942-жылдын февраль айында Вильде, Левицкий жана дагы беш макизар Мон-Валерьен фортунун жанында Гитлердин атайын жаза кызматы гестапо тарабынан өлтүрүлгөн. 1943-жылы орус эмигранты, белгилүү орус акыны Михаил Лермонтовдун урпагы Анна Бетулинская-Марли менен франциялык жазуучу Жозеф Кессель жана Морис Дрюон даңазалуу «Партизандардын ыры» аттуу чыгармасын жазып ырдап чыккан. Бул ыр Каршылык кыймылынын бейрасмий гимнине айланган.

1943-жылдын 15-октябрда Францияда туткунга түшкөн советтик жоокерлердин Борбордук комитети иштей баштады. Ал эми 7-ноябрда ушул комитет орус тилинде «Советтик патриот» деген гезитти чыгарган. 1944-жылдын жаз айларында Франциянын оккупация болгон аймактарында «Деде», «Железняк», «Катрин», «Ковпак», «Котовский», «Парижская коммуна», «Родина» сыяктуу советтик партизандардын 55 отряды согушуп жатты.

Кыргызстандыктар Каршылык кыймылынын катарында

Туткунга түшкөн советтик жоокерлерди гитлерчилер Германия менен Франциядагы концентрациялык өлүм лагерлерине алып барган. 1944-жылы июль айында советтик туткундар Альби калаасынын жанындагы немис концлагерлеринен качып, макизарлардын катарына кошулган. Ошентип советтик туткундардан турган өзүнчө батальон түзүлгөн. Алар Дебернет жана Кастр концлагерин бошотуп, туткундары жогоруда айтылган батальондун катарына кошулган. Советтик макизарлардан биринчи советтик партизан полку куралган. Бул полктун биринчи командири теги грузин, лейтенант Отари Ишхнели, штабдын башчысы — улуту казак Али Молдагалиев, комиссар кызматына серб Ивич дайындалган. Франциянын түштүк аймагындагы немис концлагерлеринен бошотулган туткундар партизандардын катарын толуктап турган. Мындан улам Отари Ишхнели экинчи партизан полкун түзүп, биринчи советтик партизан полкун теги казак Жамбулдан чыккан Зунум Жаманкулов жетектеген. Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан. Франциянын эркиндиги үчүн 35 миң советтик жаран согушту. Биринчи советтик партизандык полктун 665 офицери менен жоокерлери Франциянын орден жана медалдары менен сыйланган.

1945 жылы август айында расмий Париж биринчи советтик полкко Франциядан туу жана куралы менен чыгып кетүүгө уруксат берет. Белгилей кетчү жагдай советтик макизарлардын айрымдары Ата Мекенине кайтуудан коркуп, Францияда калган. Алар СССРге кайткандан кийин түрмөгө отургузат деп кооптонушкан.

Советтик макизарлардын мекениндеги аянычтуу тагдыры

Франциядан СССРге кайтып келген макизарларга Ата Мекенге чыккынчылык кылгансынар, власовчулар деген жалган күнөө коюлган. Алардын басымдуу бөлүгү кайра сталиндик концлагерлерге сүргүнгө айдалган. Кыргызстандык партизандар да Ата Журтунда запкы тарткан.

Советтик концлагерден аман калган макизарлардын басымдуу бөлүгүнүн тагдыры аянычтуу болду. Совет өкмөтү аларды дайыма көзөмөлдөп жана басмырлап турган. Тилекке каршы, СССРдин учурунда расмий Москва да, Париж да согушкан жоокерлердин эрдигин баалаган жок. Буга карабастан Франциянын эркиндиги үчүн согушкан мекендештерибиз мындай оор сыноого туруштук берди. Макизарлар сүргүндөн кайтып келгенден кийин өлкөбүздүн өнүүгүсүнө зор салым кошту. Тоң аймагындагы «Ленин» атындагы колхоздун башкармасы Ишен Тойчубеков, «Кыргызфильмдин» үгүт иштери менен пропаганда бөлүмүнүн жетекчиси Досой Кадыров да макизарлардан.

5.Корутунду.

Улуу Ата-Мекендик согуш адамзат тарыхындагы эң чоң согуш катары тарых барактарында сакталып калды.Бул согушта миллиондогон адамдар өз элинин эркиндиги үчүн Ата-Мекени үчүн күрөштү.Ошол себептүү Улуу Ата-Мекендик согуш деп аталып калган чыгар.Бул согушта канчалаган нерселер кыйрап жок болду. 1941-жылдын каргашалуу 22-июнунда фашисттик Германия биздин өлкөбүз, азыркы Кыргыз Республикасы курамына кирген, мурдагы СССРге капысынан кол салды. Душмандар бир эле мезгилде Баренцево деңизинен Кара деңизге чейинки чек араны бузуп, күтүлбөгөн жерден кирип келишти. Өлкө коркунучта калган. Фашисттер башка элдерди кырып, жок кылып, таза кандуу деп эсептелген немецтерди тейлей турган аз гана элди калтырууну каалашкан. Немец генералдары чагылгандай тез «Барбарос» согуш планын түзүп, ал боюнча согуш эки айга гана созулмак. Душман ырайымсыз жана күчтүү эле. СССРге кол салганга чейин ал Европанын көптөгөн өлкөлөрүн басып алып, ал өлкөлөрдөгү бардык завод менен фабрикаларды, танкаларды, самолётторду, курал-жарактарды ээлеп алган. Бүт совет эли Мекенди коргоого көтөрүлүштү. Миңдеген адамдар өз эрки менен Кызыл Армиянын катарына, партизандык отряддарга кетишти, элдик кошуунга биригишти, өлкө бирдиктүү согуш лагерине айланды.Мамлекеттин күч түзүмдөрү дээрлик бардыгы согушка тартылды.

Улуу Ата-Мекендик согушта СССРдин Фашисттик Германияны жеңип чыгуусуна бир нече себептекошуштЖеңиш үчүн фронттобу тылдабы адамдар тыным албастан иштеп,согушуп жатты.Өлкөдө дээрлик бардык тармактар согуштук нукка бурулду.Бир нече иш каналар өлкөнүн согуш жүрбөгөн аймактарына көчүрүлдү.Фронттун аймагында абал дээрлик оор бойдон калды.Согуш башталган биринчи күндөн тартып, «Партизандык өз ишин баштады. Фашисттик Германияга каршы күрөшүүдө «Партизандык кыймыл», «Партизандардын» орду чоң.Партизандар деген кимдер? Партизандар - элдик өч алуучулар, душман аскеринин терең тылында (оорукта) Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн куралдуу күрөш жүргүзгөн адамдар. Алар өздөрүнүн иш-аракеттири менен Улуу Ата-Мекендик согушта СССРдин сыймыктуу жеңишине өз салымдарын кошушту

Партизан ( Италия тилинен «Partigiano»-белгилүү бир социалдык топтун,партиянын жактоочусу)- эркиндиги жана эркиндик үчүн куралдуу жүргүзгөн адам.Демек партизандар элдик өч алуучулар.Алардын фронттогу жүргүзгөн иш-аракети Кызыл Армиянын алдыга жылып жеңишине өз таасирин тийгизди.Партизандар кимдерден турган деген суроо туулат. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып убактылуу душман басып алган аймактарда Советтик партизандык отряддары жана Советтик диверсиялык топтор пайда болду жана патриоттор пайда болду.Булар: командирлер, саясий ишмерлер жана Советтик армиянын солдаттары эле, Курчоого алынган же фронттун аймагынан өз кошуундарына кете албаган же туткундан качкан Советтик аскерлер болгон.Партизандык отряддарды миңдеген жумушчулар менен колхозчулар жана кызматкерлер толукташты.

Бул кыймылга башчылык кылган бир нече командирлер бар.Алар:Минай Филипович Шмырев, Константин Сергеевич Заслонов, Дмитрий Николаевич Медведев,Владимир Александрович Молодцов ,Сидор Артемьевич Ковпак жана башка белгилүү командирлер башчылык кылышкан.Партизандык полктордо негизинен жашы жетелек өспүрүмдөр,аялдар дагы кызмат кылышкан.Булардан сырткары партизандардын курамында согуштан качкан Советтик туткундар толукташкан.Алар негизинен душман басып алган оккупациялык аймактарда өздөрүнүн иш-аракетин жүргүзгөн.Өздөрүнүн базаларын тоо-токой жана айылдарда орнотушкан.Партизандар өздөрүнүн диверсиялык иш аракети менен көптөгөн жеңиштерди алып келди.Алсак жаш өспүрүм балдар душмандын аймагында ар кандай жардырууларды уюштуруу менен биргеликте курал жарак,ок-дары тамак аштарды токойдогу партизандарга ташып берип турушкан.Фашисттер жардыруу болгон убактарда,бул нерсени кылган партизан жаш балдар эмес тескерисинче душмандарыбыз басып келди деп ойлошкон.

Партизандардын жеңиш алып келишине ошол кездеги СССРдин генералдык секретары Иосиф Сталин дагы ишенген эмес.Ал өз сөздөрүнүн биринде «Биз согушту партизандык диверсиялык кыймыл менен эмес,танка жана согуштук курал-жарактарыбыз менен жеңебиз»-деп айткан жери бар.Бирок тилекке каршы душмандын кан күйгөн согуштук аймактарында партизандар жүрүштү.Алардын иш-аракеттеринин натыйжасында Кызыл Армия душман басып алган жерлерди бошотту.Алардын эрдиктери азыр деле эл оозунда даңкталып келе жатат.Өзгөчө алар өздөрүнүн тайманбастык иш аракетинин натыйжасында канчалаган адамдарды сактап калды.

Партизандык кыймыл Совет бийлиги тарабынан координацияланган жана көзөмөлгө алынган, Кызыл Армиянын модели боюнча иштелип чыккан.Партизандык согуштун негизги максаты фронтту колдоо, байланыш тутумдарын талкалоо жана байланыштарды үзгүлтүккө учуратуу, автомобиль жана темир жол байланыштарын эксплуатациялоо.(Темир жол согушу).

Партизандар толук курал-жарак менен камсызданганбы? -деген суроо туулат.Мен аларга жылаңач баатыр деп мүнөздөмө берем.Себеби алардын колунда эч кандай курал жарак толук жетишкен эмес Совет бийлиги аларды толук курал жарак менен камсыздай алган эмес.Партизандардын дагы бир душманы бул ачарчылык болгон.Буларга бийлик тарабынан жергиликтүү тургундардан тартып алып тамактануу тыю салынган.Сатып алып же жергиликтүү калк өз эрки менен аларды колдоп тамак аштарын камсыздап өздөрү да кызмат СССРдин оккупацияланган территориясында 6200 партизандык отряддар жана түзүмдөр иштешкен.Мүчөлөрүнүн саны 1 миллион кишиге эсептелген.184 миңден ашуун партизандар жана жумушчулар СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган (Алардын 249 Советтер Союзунун Баатыры болушкан).

Партизандык кыймылда кыргыздар да болгон башка элдер менен катар эле алар дагы согуш талааларында өз эрдиктерин көрсөтүштү.Франциянын эркиндиги үчүн согушкан кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар.Улуу Ата-Мекендик согуштагы партизандардын катарында кыргыз партизандары же макизарлары да өз салымын кошкон. Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат француз партизандарынын катарында болгон жердешибиз Омор Жекишевдин блокнотунан тастыкталат.Бул маалыматты көпчүлүк Кыргызстандыктар биле бербейт.Алар «Гитлерге каршы»-деген Француз кыймылына кошулган. Генерал Шарль де Голль башында турган француз патриоттору Гитлерге каршы күрөштү башташат. Генерал Би-Би-Си радиостанциясы аркылуу мекендештерине душмандарга бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып каршы турууга чакырык таштаган. Француз патриоттору аны «Согушуп жаткан Франция» атындагы уюмдун башчылыгына шайлап, немис баскынчыларына каршы жашыруун уюмдар менен макизар деп аталган партизандык отряддарды түзгөн. «Мак» француз тилинен «бадал» деп которулат. Макизарлар башына баск улутунун береткасын кийип, өзгөчөлөнүп турушкан.

Француз каршылыгынын ичинде ар түрдүү көз караштагы адамдар — коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашисттери болгон.Алардын арасында 29 мекендешибиздин болгону сүйүндүрбөй койбойт.Кыргыздарды Гитлердик баскынчылар туткунга түшүрүп өлүм лагерине алып бара жатканда 1944-жылы качып «макизарларга»кошулат. Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан. Орто азиялык туткундардан куралган «Түркстан легиону» куралган. Бирок советтик туткундардын көбү концлагердеги кыйноодон тирүү чыгыш үчүн Гитлердин желдеттерине калп макулдугун берип, алар түзгөн уюмдарга кошулган.Ошолодун катарында кыргыздар дагы бар эле. Франциянын эркиндиги үчүн 35 миң советтик жаран согушту. Биринчи советтик партизандык полктун 665 офицери менен жоокерлери Франциянын орден жана медалдары менен сыйланган.

1945 жылы август айында расмий Париж биринчи советтик полкко Франциядан туу жана куралы менен чыгып кетүүгө уруксат берет. Белгилей кетчү жагдай советтик макизарлардын айрымдары Ата Мекенине кайтуудан коркуп, Францияда калган. Алар СССРге кайткандан кийин түрмөгө отургузат деп кооптонушкан.Бул кооптонуунун дагы чындыгы бар.Партизандарга силер душмандын туткунда болдуңар силер саткынчысыңар деген айыптоолор көп болуп,атууга кетип жана түрмөлөргө камалышкан.Чет өлкөлүк тыңчы деп аларды мамлекет жөн койгон эмес. Франциядан СССРге кайтып келген макизарларга Ата Мекенге чыккынчылык кылгансынар, власовчулар деген жалган күнөө коюлган. Алардын басымдуу бөлүгү кайра сталиндик концлагерлерге сүргүнгө айдалган. Кыргызстандык партизандар да Ата Журтунда запкы тарткан.Советтер Союзунун убагында макизарларга Москва , Франция да көңүл бурган эмес.

Советтик партизандардын өз мекенине кайтканда аларды көпчүлүгүн мамлекет өз көзөмөлүнө катуу кармаган жана аларды ар дайым басмырлап турушкан.Чет өлкөлүк тыңчы катары эсептешкен.Бирок тарых баарын тастыктады.СССР ыдырагандан кийин мамлекет тарабынан жалган жалаа жабылган көп адамдар мобилизацияланды.Бул да болсо алардын жакындарынын жана тарыхчылардын эмгеги десем болот.









Колдонулган адабияттар:

  1. Альтман И. А. Глава 6. Сопротивление. § 3. Евреи-партизаны // Холокост и еврейское сопротивление на оккупированной территории СССР / Под ред. проф. А. Г. Асмолова. — М.: Фонд «Холокост», 2002. — С. 244-256. — 320 с. — ISBN 5-83636-007-7.

  2. Пятницкий В. И. За линией Советско-германского фронта. // Новая и Новейшая история, № 3, 2005 год.

  3. Соколов Б. В. Оккупация. Правда и мифы. — М.: АСТ-ПРЕСС КНИГА, 2002.

  4. Александр Гогун, Анатолий Кентий. …Создавать невыносимые условия для врага и всех его пособников…
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей