СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Паскаль тили иштелме

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Паскаль тили иштелме»

Сабактын темасы: Паскаль тили менен таанышуу. ТР программасы менен таанышуу жана иштөө

Сабактын максаты:

  • Билим беруүчүлүк - окуучулардын Паскаль тили, программанын жалпы структурасы, негизги командалары боюнча билим алуусуна көмөктөшүү;

  • Тарбия берүүчүлук – окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң сезимдүү кабыл алуусуна, жоопкерчиликке тарбиялоого көмөктөшүү

  • Өнүктүрүүчүлүк - окуучулардын предметтикмаалымдуулугун, алгоритмикалык ой жүгүртүүсүн, предметке болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү;

Сабактын милдети:

Окуучу төмөнкүлөрду билиш керек:

  • Паскаль тили качан пайда болгон жана анын автору

  • Паскаль тилинде программанын структурасын

  • Маалыматты киргизүү жана чыгаруу операторлору

  • Паскаль тилинде арифметикалык операциялар

Окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алыш керек

  • ТР программалоо системасында иштөөнү

  • Маселени компьютерде чыгаруунун этаптарын

  • Сызыктуу алгоритмдерди түзүүнү

Сабактын методу: сөздүк, практикалык, демонстрациялык.
Сабактын тиби: аралаш.
Сабактын жабдылышы: проектор, компьютер, “Алгоритм и Програмирование” программасы, окуу китеби (1), (2), (3) доска маркер

Сабактын жүрүшү:

  1. Үй тапшырманы текшерүү

Суроолор:

  1. Жаңы теманы түшундүрүү

Азыркы учурда программалоо тилдеринин арасынан эң белгилүүсү болуп паскаль тили эсептелет. Бул тил 1971 жылы иштелип чыгып, франсуз окмуштуусу, механикалык эсептөө машинасынын ойлоп табуучусу Блез Паскалдын ысымынан аталган. Паскаль тилинин автору швейцариялык профессор Никлаус Вирт.

Паскаль тилинде прорамманын структурасы:

Program missal;
Var a,b: integer;
S: integer;
Begin
Readln(a,b);
S:=a*b;
Writeln (‘s=’,s);
End.

Program программанын аты;

Var өзгөрмөлөр: өзгөрмөлөр тиби;
Begin
программанын телосу
End.

Var- (variables-өзгормөлөр) сөзу менен башталат. Өзгөрмөлөрдун тиби integer (бүтун), real (бөлчөк).

Клавиатура аркылуу маалыматтарды киргизүү
Read (өзгормөлөр тизмеси);
Readln(озгөрмөлөр тизмеси);
Натыйжаны чыгаруу
Write (чыгаруу тизмеси )
Writeln(чыгаруу тизмеси)
арифметикалык ыйгаруу оператору
Сандык озгормө := арифметикалык туюнтма

Негизги арифметикалык амалдар




  1. Практикалык иш
    Маселелер жыйнагы №1 [2]

  2. Сабакты жыйынтыктоо
    148 бет №1,2,3,4,5,6,7 [1

  3. Үй тапшырма
    §11 145 бет окуу [1] [2] #2,#3

  4. Баалоо, баа коюу











Лабороториялык иш №1

Тема: Паскаль тилинин программалык структурасы.

Иштин максаты – Паскаль тилиндеги программанын структурасын билүү жана анын жазылыш иретин үйрөнүү.

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар
1. Программанын структурасынын жалпы форматын билүү.
2. Анын жазылыш тартибин сактоо.
3. Бул тилдеги программанын структурасын башка программалоо тилдеринен айырмалай билүү.
Паскаль тилиндеги программанын структурасы 3 бөлүктөн турат:

  • Программанын бөркү

  • Баяндоо бөлүгү

  • Оператордук бөлүгү

Б.а.

Program ;
баяндоо бөлүгү;
Begin
оператордук бөлүк
End.

Бөрк (орусча - заголовка) рrogram кызматчы сөзүнөн жана программанын атынан (колдонуучу тарабынан берилген) жана кашаанын ичиндеги жазылышы шарттуу эмес болгон кийирүү-чыгаруу (input? output) параметрлеринен турат. Бөрк «;» (үтурлүү чекит) символу менен аяктайт.
Баяндоо бөлүгү программада кездешүүчү бардык берилгендерди жарыялоо үчүн арналат. Мында берилгендердин аттары (б.а өзгөрүлмөлөрдун) жана алардын типтери көрсөтүлүшү керек. Бул бөлүк өз учурунда меткалардын, турактуулардын, типтердин, өзгөрмөлөрдун, процедуралардын жана функциялардын баяндалышын кармап турат. Ар бир баяндоодон кийин «;» коюлат.

Операторлор бөлүгү негизги программа жазыла турган бөлүк. Ал Begin (баштоо) жана End (аяктоо) кызматчы сөздөрү (оператордук кашаалар)менен жазылып, End тен кийин чекит коюлат. Опреаторлор бөлүгүндө аткарылуучу операторлордун удаалаштыгы жазылат. Ар бир оператор аткаруу зарыл болгон аракетти чагылдырат. Алар бири-биринен үтүрлүү чекит менен ажыратылат.

Program программанын аты;
label
меткалар;
const
турактууларды баяндоо;
type
белгилердин тибин аныктоо;
var
өзгөрмөлөрдү баяндоо;
процедуралар;
функциялар;
begin
негизги программанын телосу (программалык бөлүк);

end.

Эскертүү end кызматчы сөзүнөн мурда үтүрлүү чекитти (;) койбой койсо да болот. Label, const, type, var процедуралар жана функциялар баяндоолорунун ар бири программада катышуусу жана атайын иреттелип жайгашуусу зарыл эмес.

Турбо Паскаль тилинде операторлор жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнүшөт. Жөнөкөй операторлорго ыйгаруу, өтүү, кийирүү-чыгаруу операторлору, ал эми татаал операторлорго шарттуу, составдык, тандоо операторлору жана циклдик операторлор киришет.

Текшерүү үчүн суроолор
1. Турбо Паскаль трансляторун кантип жүктөйбүз?
2. Паскалда программанын структурасы кандай
3. Программанын структурасы канчага бөлүнөт жана ал бөлүктөрдүн кызматтары кандай?























Лабораториялык иш №2

Тема: Арифметикалык туюнтмалардын жана стандарттык функциялардын Турбо-Паскаль тилинде жазылышы

Иштин максаты: Турбо-Паскаль (кыскача ТР) тилинде арифметикалык туюнтмалардын жана стандарттык функциялардын жазылышын мурда окуп үйрөнүлүп Бейсик тили менен салыштырып үйрөнүү (Таблица 1).

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар
1. Арифметикалык функцияларды жазуу эрежелери.
2. Стандарттык функциялардын жазылышы.
3. Кээ бир функциялардын келтирилип чыгарылышы.

Матемаптикалык жазылышы

Бейсикте жазылышы

Паскалда жазылышы

1

Sinx

SIN(X)

SIN(X)

2

cosx

COS(X)

COS(X)

3

Tgx

TAN(X)

SIN(X)/ COS(X)

4

Ctgx

1/TAN(X)

COS(X)/ SIN(X)

5

ABS(X)

ABS(X)

6

ex

EXP(X)

EXP(X)

7

X2

Xˆ2

SQR(X)

8

SQR(X)

SQRT(X)

9

Lnx

LOG(X)

LN(X)

10

Lgx

LOG(X)/LOG(10)

LN(X)/ LN(10)

11

logax

LOG(X)/LOG(A)

LN(X)/ LN(A) {A0, A0)}

12

Аргументтин бүтүн бөлүгү

INT (X)

INT (X)

13

PI

PI

14

Arctgx

ATN (X)

ARCTAN(X)

15

Arcsinx

ATN(X/SQR(1-Xˆ2))/X)

ARCTAN(X/SQRT(1-SQRT(X)))

{(X

16

Arccosx

ATN(SQR(1-Xˆ2))/X)

ARCTAN(SQRT(1-SQR(X))/X) {(X0)}

17

Arcctgx

ATN(1/X)

ARCTAN(1/X) {(X0)}

18

Кокустук сан

RND(X)

RANDOM(X)

19

ab

AˆB

EXP (B*LN(A))

20

X3

Xˆ3

EXP(3*LN(X))



Градуста берилген маанилердин радианга которуу үчүн төмөнкү формуланы колдонууга болот: =PI/1800,
мында PI=3,1415...-турактуу иррационалдык саны.

Мисал-1. Төмөнку туюнтмаларды Турбо-Паскалда жазгыла:
1. 5,28cosx+ -lnx туюнтмасынын ТРда жазылышы: 5.28*cos(x)+1/x-ln(x)
2. sin(cos(x))-ex+x4 туюнтмасы үчүн: sin(cos(x))-exp(x)+exp(4*ln(x));
3. Arcsinx+ex2-lgc туюнтмасыныкы: arctan(x/sqrt(1-sqr(x)))+exp(sqr(x))-IN(c)/Ln(10)
болуп жазылат.

Варианттар





















Текшерүү үчүн суроолор
1. Программалоо тилинде кандай чоңдуктардын тиби колдонулат?
2. Чыныгы жана бүтүн типтердин маанилеринин диапазонун көрсөткүлө.
3. Программада өзгөрмөлөрдүн кандай аттарын берүүгө болот?
4. Туюнтмаларда кашаалардын колдонулушунун ролу кандай?



Лабороториялык иш №3

Тема: Сызыктуу структурадагы алгоритмдерди программалаштыруу.

Иштин максаты: Сызыктуу структурадагы эсептөө процессин программалаштыруу жана аны иштеп чыгууну практикалаштыруу.

Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар
1. Өзгөрмөлөрдүн, стандарттык функциялардын, константалардын жазылышын үйрөнүү;
-арифметикалык функциялардын жазылуу эрежеси;
-ыйгаруу оператору;
-жөнөкөй берилгендердин кийирү-чыгаруусун уюштуруу.
2. Тапшырма менен дал келген чечимдин алгоритмин иштеп чыгуу.
3. Маселенин чечиминин программасын түзүү.
4. Программанын аткарылышын компьютерден анализдеп берүү.
Жөнөкөй алгоритмдик структура болуп (б.а. сызыктуу алгоритм) жазылган тартиби боюнча биринин артына бири удаалаш аткарылуучу операциялардын удаалаштыгы эсептелет. Мындай алгоритмдик структуранын программалоо тилинде жазылышын сызыктуу программа деп атайбыз. Сызыктуу алгоритмдер жана аларга тиешелеш болгон сызыктуу программалар көбүнчө кандайдыр бир шарттарды, альтернативаларды тандоо же кайталоо каралбаган жөнөкөй маселелерди чечүү үчүн арналган.
Сызыктуу структурадагы программа эч кандай шартты кармабайт жана мындай программа жазылыш удаалаштыгы боюнча аткарылат.
Ыйгаруу оператору – каалаганпрограммалоо тилинин негизги оператору болуп эсептелет жана ал кандайдыр бир туюнтманын маанисин өзгөрүлмөгө ыйгаруу үчүн колдонулат. Оператордун жазылышынын жалпы көрүнүшү (форматы) төмөндөгүдөй;
Т:=Х;
Мында Т- өзгөрүлмөнүн аты, «:=»-ыйгаруу белгиси, Х-туюнтма.
Эскертүү: Өзгөрүлмө жана туюнтманын мааниси бир типке таандык болушу зарыл.
Турбо_паскаль тилинде берилгендерди кийирү жана чыгаруу учүн процедуралар деп аталган атайын программалар каралган жана алар адатта «операторлор» деп эле аталышат. Кийрү процедурасы read кийирү операторунун жардамында, чыгаруу процедурасы write операторунун жардамында чакырылышат. Кийрүү оператору программанын аткарылуу тпроцессинде берилгендерди кийирү үчүн кызмат кылат. Аны менен кийирилген берилгендер өзгөрмөлөргө ыйгарылат.
Кийирү оператору - программанын аткарылуу процессинде берилгендерди озгөрмөлөргө клавиатурадан кийирү үчүн кызмат кылат. Берилгендер өз алдынча жолчолорго бөлүнүшү мүмкүн. Жолчонун аягынан белгиси болуп клавишасы эсептелет.
Кийирү үчүн колдонулуучу операторлор:
1) read (x1, x2,… xn)-ар бир кийирилген маани тиешелеш түрдө удаалаш х1, х2,... хn өзгөрмөлөрүнө ыйгарылат.
2) readln(х1, х2,…хn) – ар бир кийирилген маани жаңы жолчого өткөндөн кийин удаалаш х1, х2,...хn озгөрмөлөрүн алат деп айтсак да болот.
readln- берилгендерди кийирүүдө жаңы жолчого өтү.
Турбо –Паскаль тилинде бүтун, чыныгы жана символдук берилгендерди кийирүгө болот, ал эми логикалык берилгендерди кийирүгө жол бербейт. Бир нече берилгендерди өзгөрмөлөргө ыйгарууда read жана readln операторлорунун аткарылыштарында берилгендердин маанилеринин арасы пробел менен ажыратылат.
Чыгаруу оператору – информацияларды (берилгендерди) ЭЭМдин эсинен экранга чыгарат. Информацияларды чыгаруу үчүн төмөнкү операторлор колдонулат:
1) write(х1, х2,…хn)-х1, х2, ... хn дердин маанилерин удаалаш экранга чыгарат;
2) writeln(х1, х2,…хn)-х1, х2, ... хn дердин маанилерин удаалаш чыгарат жана кийинки чыгаруу үчүн жаңы жолчого өткөрөт.
3) writeln – берилгендерди чыгарууда жаңы жолчого өтүүнү камсыз кылат.
Чыгаруу операторунда жазылган өзгөрмөлөрдүн аты бүтүн, чыныгы, символдук, логикалык типке же башка структуралашкан типке таандык болушу мүмкүн.
Фиксирленген чекити менен чыныгы типтин маанилерин чыгарууда сандын бөлчөк бөлүгүн да келтирип чыгаруучу талаанын туурасы көрсөтүлөт. Операторду жазуунун жалпы көрүнүшү:

Write (y: k: n); же writeln(y: k: n);
мында k – чыгарылуучу у чоңдугунун мааниси үчүн жалпы позициялардын саны (үтүр үчүн бир позиция кошо эсептелгенде); n- сандын бөлчөк бөлүгү үчүн (утүрдөн кийин) ажыратылган позициялардын саны.
Write(х:8:3); бул учурда Х тин маанисине 8 позиция бөлүнөт, 3 өзү бөлчөк бөлүгүнө чыгат. Эгерде чыныгы маанилерди чыгарууда позициясы көрсөтүлбөсө, анда жыйынтык ондук тартип менен нормалдаштырылган көрүнүштө алынат.
сызыктуу программаларды түзүү
Мисал-1. Берилген у=х+а-cosb функциясынын маанисин эсептегиле жана аны печатка чыгаргыла.
Программасы:

Program m_1;

Var

a,b,y:real;

begin

read(x,a,b);

y:=x+sqr(a)-cos(b);

write(‘y=’,y:8:3);

readln;

end.

  1. y= esin2x+arcos(a+1)/tg2(ax);

  2. y=cos2(arctgx)

  3. z=(cos(a-1)-ex)/

  4. z=x3+2x4+6

  5. z= + 2+1

  6. y= -

Текшерүү үчүн суроолор

  1. Программалоо тилинде кандай чоңдуктардын тиби колдонулат?
    2. Чыныгы жана бүтүн типтеринин маанилеринин диапазонун көрсөткүлө?
    3. Программада өзгөрүлмөлөрдүн кандай аттарын берүүгө болот?
    4. Кийирү-чыгаруу, ыйгаруу операторлору кайсылар?





Сабактын темасы: Бутактанган команда. Бутактануучу алгоритм
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк-
алгоритм түрлөрү жана анын ичинен бутактануучу алгоритм жөнүндө түшюунүк берүү.
Тарбия берүүчү- Алгоритм түрлөрүн жана ага мисал келтирүүгө үйрөнүшөт. Ынтымактуу жана бири-бирин сыйлаганга тарбиялоо.
Өнүктүрүүчүлүк- алган билимин турмуш-тиричилигинде кеңири пайдалануу.
Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр, таяныч барактар.
Сабактар аралык байланыш: математика, тарых, черчение, сүрөт, англис тили, орус тили, кыргыз тили.
Сабактын методу: Түшүндүрүү
Сабактын тиби: Жаңы материалдык окуп үйрөнүү, билгендерин жана билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү.
Сабактын формасы: Аралаш
Саабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Өткөн теманы кайталоо:
-Балдар, биз өткөн темаларды кайталап эсибизге салып алалы. Кана, балдар айткылачы:
Сызыктуу алгоритм деген эмне экен?
Блок-схемасы кандай болот экен?
Жаңы темага өтүү.
Бутактануу командасы кээ бир шарттарга жараша алгоритмди эки жолго бөлөт. Андан кийин алгоритмди аткаруу жалпы уданууга чыгат.
Алгоритм экиге бөлүнөт.
1. Толук
2. Толук эмес









Эгерде шарты шарты туура болсо, анда 1 аткарылат, болбосо аткарылат.

Мисал. Эгерде магазинде нан бар болсо
анда нан ал
болбосо башка магазинге кир







Ал эми кээ бир учурда бутактануу камандасынын толук форматы колдонулбайт.

Мисал. Эгерде нан жокбу
анда башка магазинге кир.
Толук эмес бутактануу төмөнкүдөй форматка ээ болот.

Эгерде шарты
Анда
мында, эгерде шарты туура болсо аткарылат.

Үйгө тапшырма: Окуп келүү.
Окуучулардын билимин баалоо.
Коштошуу: Саламатта баргыла!







































Тема: Көнүгүү иштөө

1.Бутактануучу камандада кандай кызматчы сөздөр колдонулат?
Башы , анда, антпесе

2. Болк-схемада башы жана аягы кайсы фигура менен белгиленет?

3. Бутактануучу алгоритм деген эмне?

Маселени чыгаруу да кандайдыр бир шарттын аткарылышына жараша тигил же бул иш аракеттерди удаалаш аткаруу учуру же алгоритм бутактануучу алгоритм деп аталат.

4. Алгоритм кайсы окумуштуу тарабынан иштелип чыккан?
Орто Азия окмуштуусу Ибин Муса Ал Хорезм тарабынан иштелип чыккан.

5. Алгоритмдин канча түрү бар?
1) Сызыктуу, 2) Бутактануучу, 3) Цикл

6. Сызыктуу алгоритм деген эмне?
Жөнөкөй камандалардан турган алгоритм сызыктуу алгоритм деп аталат.

Мисал 1

2сандын чоңун табуунун алгоритм тилинде жана блок-схема түрүндө жазгыла

а жана b саны берилген
Алг. 2 сандын чоңун табуу.

Башы
Эгерде ab
Анда а саны чоң
Антпесе b саны чоң
Аягы.



Блок схема.













Мисал 2

3 сандын чоңун табуунун алгоритм тилинде же блок-схемасын түзгүлө?

a, b, c саны
алг. 3 сандын чоңун табуу

Башы
Эгерде аb
Анда p:=a
антпесе B:=p
ба
Эгер сb
анда p:=c
ба
чыгуу D
бүттү




































Сабактын темасы: Кайталоочу команда
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк-
Кайталоочу команданын функциясын түшүндүрүү
Тарбия берүүчү- Логикалык маселелерди команданын жардамы менен чыгаруу
Өнүктүрүүчүлүк- Кайталоочу командаларды колдонуп маселе чечүүгө көнүктүрүү
Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр.
Сабактын формасы: Аралаш
Саабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Өткөн теманы кайталоо:
-Өтүлгөн тема боюнча кандай билимге ээ болдуңар?
-Кайсы тема жакты, өтүлгөн темалардан кайсынысы кобүрөөк эсиңерде калды?
Жаңы темага өтүү.

Кээбир маселелерди чечүүдө белгилүү бир иш аракетти көп жолу кайталоо зарыл. Мисалы: Ящиктеги бананды алып тарелкага салууну карап көрөлү.

Мында 1-ящиктен бананды ал
2-тарелкага сал

Алгоритм тилинде көп жолу кайталануучу иш-аракет атайын команданын жардамы менен ишке ашат. Бул команда кайталоо командасы деп аталат. Аны көп учурда цикл деп аташат.

Алгоритм тилинде 2 түрдүү цикл пайдаланылат

  • Циклдын шартына көз каранды бирок алдын ала белгисиз санда кайталоочу иш аракеттерди көрсөткөн командаларды камтыган цикл. Мындай цикл азырынча цикл деп аталат.
    Мисалы: Сыртта турган отундарды короого алып кир. Бул иш аракетти канча жолу аткарышыбыз анык эмес, качан сырттагы отундар түгөгөндө гана аяктайт.
    1. Сыртка чык.
    2. Отунду алып короого алып кир.

  • Кайталануу саны алдын ала белгилүү командаларды камтыган цикл. Мындай цикл N жолу жолу деп аталат. N - команданын кайталануу саны.
    Мисал: Биричиге окшогон эле мисал келтирейли. Яшиктеги 300 алманы тарелкага 4 тон коюп чык.
    Мында кайталоо анык 300 алманы тарелкага 4 тон тизүү. Ошондо биз бул иш аракетти 75 жолу кайталайбыз.

Бышыктоо

Окуучулардын жаңы теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгун билүү максатында бир нече суроо берип көрөбүз. Доскадагы плакатка даракты тартып суроолорду илебиз окуучулар чекеден туруп суроону алып жооп берет.

  1. Кайталануучу цикл деген эмне экен?

  2. Цикл канчага бөлүнөт?

  3. Азырынча циклга мисал келтир?

  4. N жолу циклга мисал келтир?

Үйгө тапшырма
Азырынча циклга жана N жолу циклга 2ден мисал жазып келүү

Баалоо.













































Тема: Физикалык маселени чыгаруунун программасын түзүү темасына көнүгүү иштөө.

Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк-
Алган билимдерин бышыктоо
Тарбия берүүчү- Иреттүүлүккө, тактыкка тарбияланышат
Өнүктүрүүчүлүк- Алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтө алуу.
Мисал 1

Кубаттуулугу 100 В токко эсептелген электр лампасы берилген. Лампа күн сайын 6 сааттан күйөт. Бир ай ичинде токтун жумушун тап.

Берилди Программасы

З=100в Rem
t=6c*30=180 Read p, t
A=? Pata 100, 180
A=p*t
?”A=”;A
End.

F5 ти басканда бизден маани сурайт 100 жана 180 маанилерди ыйгарсак бизге 18000 жооп чыгарып берет.

Мисал 2

Жарык берүүчү чынжырча ар биринин каршылыгы 120 Ом болгон 4 лампа параллель туташтырылган. Чынжырдын бөлүгүнүн жалпы каршылыгын тапкыла?

Берилди Программасы
R1=120 Ом Rem
n=4 Read R, n
R-? Data 120, 4
R=RYn
?”R=”;R
End.

F5ти басканда жооп чыгат.

Мисал 3

Чынжыр каршылыгы R1=30 Ом, R2=60 Ом болгон параллель туташтырылган электр өткөргүчтөн туташтырылат. Чынжырдын ошол бөлүгүнүн каршылыгын тап?

Берилди Программасы
R1=30 Ом Rem
R2=60 Ом Read R1, R2
R-? Data 30, 60
R=1YR1+1YR2
?”R=”;R
End.

F5ти басканда жооп чыгат.

Үйгө тапшырма

Электр плиткасынын спиралындагы токтун күчү 5А



































Тема: Квадраттык теңдеме

Мисал иштөө

Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк-
Окуучулар квадраттык теңдеме мисал иштей алышат. Эгерде теманы жакшы түшүнгөн болсо
Тарбия берүүчү- Иреттүүлүккө, тактыкка тарбияланышат
Өнүктүрүүчүлүк- Окуучулар өз алдынча иштөөгө калыптанышат.
Сабактын жабдылышы: Мисал жазылган карточкалар.
Уюштуруучулук 2 мин.
Өтүлгөн теманы кайталоо 10 мин
Мурунку өтүлгөн жаңы тема боюнча канчалык билимге ээ болгонун билүү максатында оозеки суроо берип окуучулардан сурап алабыз. Дискриминантын жана квадраттык теңдеменин формуласын доскага жазып ошол формуланын жардамында мисалдарды чыгарабыз. Окуучуларга мисалдар жазылган картичкаларды таркатам.

2-5х+2=0

10 Rem
20 Input a, B, C
30 Let= B^2-4*a*c
40 ?”d=”,;d
50 Input d, b, a
60 Letx(1)=(-b+sqr(d))Y2*a
70 ?”x1=”,;x1
80 Letx(2)=(-b-sqr(d))Y2*a
90 ?”x2=”;x2
70 end

F5ти басабыз бизден маани сурайт
D=? 4, -5, 2 x1=? -5, 9, 2 x2=? -5, 9, 2