СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 25.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пед кенешменин протоколу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Пед кенешменин протоколу»

Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №1

Көк-Таш айылы 29-август 2023-жыл

Катышканы – 21

Катышпаганы -3



Күн тартибиндеги маселелер.

  1. Өткөн окуу жылында аткарылган иштердин анализи 2023-2024-окуу жылына түзүлгөн иш-планын бекитүү. (директор К. Боронов)

  2. Жаңы окуу жылына түзүлгөн базистик окуу планын бекитүү. ( ОББ У. Абдуллаева)

  3. Ар бир предметтик мугалимдерге ПИЗА-2025 ке олимпиадага, ЖРТга, даярдоо боюнча иш-чараларды милдеттендирүү. ( ОББ. У. Абдуллаева )

Угулду: Ш. Ганы атындагы орто мектебинде “2023-2024-жаңы окуу жылдарда санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аркылуу билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчүн жакшыртууга өзгөчө маани берилүүдө. Жалпы билим берүүчү мектепте компетенттүүлүккө окутуу аркылуу окуучулардын окуп жаткан предметтерин турмуш менен байланыштырып билим алуусуна жетишүү негизги милдет катары коюлууда.

Ошондуктан ийкемдүү, ачык, учурдагы заман талабына ылайык улуттук билим берүүнү түзүүгө багыт алып, билим берүүнү реформалоо улантылууда. Билим берүүнү өркүндөтүүдө эң негизгиси окуучулардын аң сезимин, алардын билимин жана даярдыгын, ошондой эле коомдун жалпы маданиятынын өсүү деңгээлин илимий – техникалык прогресстин темпинен артта калтырбай, улам өзгөрүп турган чукул дүйнөдө адамзат жашоосунун жаңы шарттарына ыңгайлашып кетүүгө даяр инсандарды тарбиялоо турат.

Өткөн 2022-2023-окуу жылынан баштап окуучулардын билимдеринин сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга, олимпиадалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга, ЖРТдө жогорку көрсөткүч жаратууга жана “Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2020-жылга чейин өнүктүрүү концепсиясында” коюлган милдеттерди ишке ашырууга олуттуу көңүл бурулуп, бул маселеге жылдык пландарда негизги өзөктүү иш-чара катары көңүл бурулган. Жаңы заман талабына шайкеш келген санариптүү IT мугалимдерди окутуу курстарынан өткөрүп да арта калбай аралыктан телесабактарды колдонуу аркылуу балдарга ватсап телеграмм, зуум, классруум, күндөлүк платформалары аркылуу билимдерин аябастан кайтарым байланышка чыгып турушкандыкка жетишкен. Санариптештирүү жылына карата мектеп да артта калбай электрондук китепкана, заман талабына ылайык бөлмө уюштурулган жана электрондук күндөлүк балдарды сабакта болуусун көзөмөлгө ата-энелер менен биргеликте алып ар бир балага карточкалар берилип, видео байкоо орнотулуп балдардын коопсуздугуна, МЕРСИКО тарабынан 1-4-класска чейинки балдарга ысык тамак уюштурууга жетишип балдарды ар түрдүү витаминдүү азыктар менен азыктанышып жакшы билим алууга алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Мектепте жүргүзүлүп жаткан иштерге жалпы жетекчиликти жана көзөмөлдү өз деңгээлинде жүргүзүү менен натыйжага багыттап окутууну жана билим берүүнүн стратегиялык багытын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешмеси жогорку маселелерди талкуулап


Сунуштар: бардык мугалимдер сабактардын жемиштүү болушун жана сиңимдүү уюштурулушун, өз ара сабактарга катышуусун жана билим деңгээлин өстүрүүдө иштөөсү жана класстан тышкаркы иштерди жакшы уюштуруу тарбия, тартип үстүндө түшүндүрүү иштерин бардык мугалимдер жана тарбия завучу жогорку деңгээлде уюштуруп көзөмөлгө алынсын.

Угулду: экинчи маселе боюнча ОББ У.Абдуллаева жаңы окуу жылына түзүлгөн базистик окуу планын түшүндүрмө берип өттү.

КР Билим берүү жана илим министирлигинин 2023-жылдын 1-августундагы №4807/1 буйругу менен бекитилген жалпы билим берүүчү уюмдун Базистик окуу планын негизинде кабыл алынган мамлекеттик стандартына карата педкеңеште талкууланып кабыл алынып, андагы 2023-2024-окуу жылына карата базистик окуу планда кандай өзгөрүүлөрү бардыгына токтолуп кетти. Анда 7-8-9-класстарына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы 1 сааттан киргизилген жана англис тили ,орус тили сабактары кыскартылганы белгиленип, мугалимдерге өз адистигине жана нормасына карап бөлүштүрүлгөнүн, жетишпеген кадрлар бул технология, сүрөт, музыка сабактары болгондугуна байланыштуу, райондук билим берүү бөлүмүнө билдирилген.

Жалпы Ош-1 боюнча окуучунун саны -226/144 класс комплекти 1-11-класска чейин 11 класс комплектиси түзулгөн. Азыркы учурда 24 мугалим билим тарбия берип өз жумуштарын алып келет. Мектеп компоненти ата-энелер жана окуучулар менен биргеликте тандалып 5-класска кыргыз тилиден, 8-класска информатика сабагынан, 10-класска англис тили сабагынан алынып предметтик мугалимдерге бөлүнүп берилген.

Атайын мектепте ийримдер уюшулган мамлекет тарабынан каржыланган предметтик ийримдер дене тарбия сабагынан жана кыргыз тили сабагынан уюшулган.

Угулду; үчүнчү маселе боюнча ОББ У Абдуллаева ар бир предметтик мугалимдерге ПИЗА-2025 ке олимпиадага, ЖРТга, даярдоо боюнча иш-чараларды бөлүштүрүү жана милдеттери тууралуу түшүндүрмө берип кетти.

Жалпы мугалимдер ПИЗА-2025ке олимпиадага, ЖРТга даярдыктарды көрүү үчүн предметтик ийримдер түзулгөн жана иш пландары иштелип чыгып окуучулардын каалоосуна карап олимпиадалык топтпор түзүлгөн. Администрация тарабынан шарт түзүп берүү максатында графиг түзүлүп түштөн кийин саат 14:00 дөн бош бөлмөлөрдө даярдыктар көрүлүүдө. ЖРТга карата сынамык тестерди алуу уюштуруу максатында ЦОМОНун тестик сайттар аркылуу иш алып барыларын жана башка жеке уюмдар менен тестке даярдык көрүү үчүн биргеликте тыгыз иш алып барылары пландаштырылган.

Ар бир мугалим өзүн педметти боюнча жекече тапшырмалар милдеттер бөлүнүп берилген жана берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруусун уюштуруу жагы УК башчысы У Абдуллаевага жүктөлгөн.

Жарыш сөзгө: Н.Шокирова, Д Калилова, Кайым к Н, Т. Рашидовалар олимпиадага, ЖРТга ПИЗА-2025ке жакшы даярдыктарды көрүп жыйынтыкка жетишээрин билдиришип, өз ойлорун кеңири айтып өтүштү.



.

Жогорудагы маселелерди карап талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме токтом кылат.

  1. Ш. Ганы атындагы орто мектебинин 2023-2024- жаңы окуу жылына карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.


  1. Жылдык планда белгиленген милдеттердин жооптуу адамдар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылышы камсыз кылынсын.


  1. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы мектептин директору К. Бороновго милдеттендирилсин.



  1. КР билим берүү жана илим министирлиги тарабынан 2023-жылдын 1-августундагы №4807/1 буйругу менен бекитилген 2023-2024-окуу жылына Базистик окуу планы тандалып алынсын жана иш алып барылсын.



  1. 2023-2024- окуу жылындагы Базистик окуу планында көрсөтүлгөндөй сааттар бөлүштүрүлсүн жана буйрук чыгарылсын.



  1. ПИЗА-2025ке, олимпиадага, ЖРТга даярдыктарды көрүү жагы бардык мугалимдерге милдеттендирилсин.



  1. ПИЗА-2025ке, олимпиадага, ЖРТга даярдыктарды көрүү аны көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Усулдук кеңештин башчысы У. Абдуллаевага жүктөлсүн.



  1. Жогорудагы токтомдун көзөмөлдө жагы окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаевага тапшырылсын.



Педагогикалык кеңештин төрагасы Боронов К

Катчысы Дастанбай к Толгонай























Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №2

Көк-Таш айылы 15-ноябрь 2023-жыл

Катышканы – 21

Катышпаганы -3



Күн тартибиндеги маселелер.

  1. 1-чейректин жыйынтыгы алдын ала коюлган милдеттери. (ОББ У.Абдуллаева)

  2. Окуучулардын окуу китептери менен камсыздалышы, сакталган абалы. ( китепканачы Ходжаева Ж)

  3. Мектеп ичинде предметтик олимпиаданын өткөрүлүшү. ( ОББ. У. Абдуллаева )

Угулду: Ш. Ганы атындагы орто мектебинде “2023-2024-окуу жылында 1-чейректин жыйынтыгы алдын ала коюлган милдеттерине окуу бөлүм башчысы У.Абдуллаева маалымат берип өттү.

Мектепте жалпы окуучулардын ОШ-1 боюнча саны-226/97 окуучу жыл башында болгон болсо, 1-чейрек ичинде келген окуучу -7/2 кеткени -1/0 болуп чейрек аягында -221/123 окуучулар билим алышып, төмөнкү билимге ээ болушкан, отличниктери-19/16, ударниктери -30/25, аралаш баага окуганы 118/66 болсо жалаң “3” кө -17/4 окуучулар болушуп, анын ичинен жетишпегени жок, сабакка катышуусу-98,9% ды түзүп, мектеп боюнча билим сапаты 27% дык көрсөткүчтү көрсөткөн.

Отчет жиштерин тапшырганда көнүл кош мамиле жасап отчетторун кечендеткен мугалимдер К.Тажибаева жана А.Убайдиллаевалар отчеторун так туура өз учурунда тапшырбаганын басса белгилеп кетти.

Башталгыч класстардын “Наристе” усулдук бирикмеси алгылыктуу иштерди алып барышкан атап айтсак Мерсико тарабынан уюшулган окуулар жүргүзүлүп башталгыч класстардын мугалимдери окуу семинар тренингтерден өтүшүп, сабактарында ыкмаларды пайдаланышып сабакка катышуулары Сабак АПП , жана баалоо АПП приложениясы аркылуу жүргүзүшкөн.

АГА-ХАН колдоосунда МЕКТЕП-2030 долбоору аркылуу жашыл климат коргоо багытында А Убайдиллаева, Дастанбай к Т, Г.Жапарова, З.Холматовалар иш алып барып өздөрүн проектиси үстүндө иштеп 4-9-класстарында окууга кызыгуунун артыруу максатында сурамжылоо анкеталарын алышкан. Окуучулардын эмнеден суусап кыйналып жатышканын аныкташып окуучулар окуп түшүнүүдөн аксаганын байкоо жүргүзүшкөн.

Ал эми билим тарбиясына токтоло кетсе мектепте өз учурунда сабактар уюштурулуп өтүшкөн, бирок кемчиликтер кадимки стандарттык формада гана өтүшүп бир да ачык сабактар усулдук бирикмелер тарабынан уюшулган эмес жана усулдук тажрыйбалар колго алынбай көрсөтүлбөй иш жүргүзбөй келишкен иш кагаздарында да жазылган иш пландары түзүлүп алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй, иш кагаздардын жүргүзүлүш жолдорун билишпей аткарылбай келген. Ошондой эле жаш мугалимдер жана калган мугалимдер өз ара сабактарга катышпай тажрыйбаларын өстүрүүдө , билим деңгээлин үстүндө иш изденүү менен сабактарды уюштуруп өткөрүшкөн эмес.

Сунуштар: бардык мугалимдер сабактардын жемиштүү болушун жана сиңимдүү уюштурулушун, өз ара сабактарга катышуусунда САБАК АПП аркылуу колго алуусун, жетишпеген окуучулар менен жекече иш алып баруусу БААЛОО АПП аркылуу балдардын жетишкендигин көзөмөлдөө жана билим деңгээлин өстүрүүдө иштөөсү жана класстан тышкаркы иштерди жакшы уюштуруу тарбия, тартип үстүндө түшүндүрүү иштерин бардык мугалимдер жана тарбия завучу жогорку деңгээлде уюштуруп көзөмөлгө алынсын.

Угулду; Экинчи маселе боюнча мектептин китепканачысы Ж.Ходжаева Окуучулардын окуу китептери менен камсыздалышы, сакталган абалына токтоло кетти.

2023-2024-окуу жылындагы окуучулардын окуу китеби менен камсыз болушу, электрондук китепкананын ачылышы окуучулар үчүн мамлекет тарабынан жакшы шарт түзүлгөнүн айтып өттү . Китепканада иш план түзүлгөн. Китепкана 2 бөлмөдөн турат, окуу китептер сакталуучу бөлмө жана окуу залы, тазалыгы ирээти менен жайгаштырылып заманбап эмеректер менен камсыз кылынган. Китептер ирээти менен тизип ар дайым окуучулардан турган китеп секторлору менен биргеликте иш алып барылат жана оңдоо түзөө иштерин жумасына жүргүзүлөт китептер ирээтелип класстык формада түзүлүп такталган. 2023-жылдын январь айында “Азия өнүктүрүү банкы” тарабынан “Келечек билим берүү” долбоорун алкагында мамлекет тарабынан электрондук китепкана түзүү максатында 21 даана персоналдык компьютер, 6 даана проекторлор 2 даана принтерлер берилип атйын интернетке туташтырылып компьютердик стол, стул эмеректер менен камсыздалган. Алардын ичинен атайы “Электрондук китепканага” 1 даана проектор жана15 даана персоналдык компьютер берилип азыркы күндө окуучулар кеңири интернет аркылуу адабий окуу жана окуу китептерин электрондук түрдө алышып окуп жатышат.

Китепканадагы китептердин жалпы саны- 4139даана. Окуу китептер -3072 даана

Анын -2237 даанасы окуучуларга таркатылган. Жалпы мектеп боюнча 93,01% окуу китептер менен камсыздалган, окуучулар колдонгону 72,82% окуу китеп менен камсыз кылынган. Адабий китептери боюнча-1067 даана, Ижара китептерине 6 жылдын ичинде -70315 (жетимиш миң үч жүз он беш) сом , 5-6-класстар-55255 (элүү беш миң эки жүз элүү беш) сом, 7-8-9-класстары-9580 (тогуз миң беш жүз сексен) сом. Ай сайын окуу китептери менен биргеликте күндөлүктөрү рейд учурунда текшерилип оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп турат. Жогорку класстардын айрым окуучулары китептерин күндүн талабына ылайыкташтырып алып келишпейт

Окуу китептерин таза сактоо, адабий окуу китептерине болгон кызыктырууну артыруу максатында ар кандай конкурстар жана кечелерди уюштуруп туруу рейд учурунда начар сактаган китептерин алып келишпеген окуучулар үстүндө иш алып баруу жагы сунушталып кетти.


Угулду; үчүнчү маселе боюнча окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаева Мектеп ичинде предметтик олимпиаданын өткөрүлүшүнө токтоло кетти. Олимпиадалык топтор, иш пландар предметтер арасында иш пландары түзүлүп бекитилген жана графигтери түзүлгөн. Ар бир предмет боюнча кандай даярдыктары жүргүзүлгөнү 5-8-декабрь күндөрү мектепте 11 предметтен олимпиада өткөрүлүп, ага 50 окуучу катышып ар бир предмет боюнча олимпиаданын жеңүүчүлөрү төмөнкү окуучулар болушту.


Окуучулардын тизмеси

Класс

Алган оруну

Предмети

Мугалими

1

Камалова Айзирек

11

1-орун

кыргыз тили/адабияты

Абдуллаева Урпияхан

2

Эрматова Зумрад

9

2-орун

кыргыз тили/адабияты

Жапарова Гүлмира

3

Тешебаева Феруза

8

3-орун

кыргыз тили/адабияты

Жапарова Гүлмира

4

Сатыбалдыева Нуриза

9

3-орун

кыргыз тили/адабияты

Жапарова Гүлмира

5

Нарзиева Феруза

11

3-орун

химия

Абдималик к Мунира

6

Рахимбердиева Мираида

9

1-орун

Химия

Абдималик к Мунира

8

Курбанбекова Ася

8

2-орун

Химия

Абдималик к Мунира

9

Абдикаримова Нурайым

7

1-орун

орус тили/ адабияты

Шокирова Нилуфар

10

Жумабаева Раяна

6

2-орун

орус тили /адабияты

Шокирова Нилуфар

11

Абдыкаарова Асема

7

3-орун

орус тили/адабияты

Шокирова Нилуфар

12

Кузиева Уулайым

8

1-орун

тарых

Рашидова Турсунай

13

Достанова Каныкей

9

2-орун

тарых

Рашидова Турсунай

14

Шакирова Улугай

8

3-орун

тарых

Рашидова Турсунай

15

Турдубаев Арстан

8

1-орун

математика

Калилова Дилбар

16

Бахапова Даткайым

11

2-орун

математика

Калилова Дилбар

17

Ысакова Өмүркан

10

1-орун

англис тили

Тажибаев Азамат

18

Мухамадова Ясмина

9

2-орун

англис тили

Тажибаев Азамат

19

Калбаева Адина

9

3-орун

англис тили

Тажибаев Азамат

20

Акылбеков Авазбек

9

1-орун

физика

Улугбек кызы Мадина

21

Орозбаев Байжан

8

1-орун

информатика

Умар кызы Айзада

22

Кахарова Мавлюда

8

3-орун

информатика

Умар кызы Айзада

23

Жанибекова Кайрыниса

8

2-орун

информатика

Умар кызы Айзада

24

Мансурова Айгерим

9

1-орун

биология

Холматова Замира

25

Рахимбердиева Альбина

8

2-орун

биология

Холматова Замира

26

Абдилахатова Акмаанай

8

3-орун

биология

Холматова Замира

Зоналдык олимпиадага 26 окуучу жолдомо алып зналдык туру 12-декабрь күнү Ж.Момунов атындагы орто мектебинде өтүлүүчү предметтик олимпиадага катышып, кыргыз тили жана адабияты сабагынан 2-орунду камсыз кылган 11-класстын окуучусу Камалова Айзирек, тарых предметинен 3-орунду камсыз кылган Дастанова Каныкей окуучулар болуп райондук турга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми калган предметтер боюнча тилекке каршы жеңүүчү чыгышпады. Ал эмнени билдирет мугалимдердин формалдуу иш алып барылбаганы байкалганын көрсөтөт.


Жарыш сөзгө чыккан мугалимдер; З.Холматова, А.Каратаев, Б.Жолдошовалар жалаң “3” деген баа менен окуп жаткан балдар менен жекече иш алып баруу жана олимпиаданын жыйынтыгында көрсөтүлгөн предметтик мугалимдер такай иш алып баруу жагы айтылып кетти.

Жогорудагы маселелерди карап талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме токтом кылат.

  1. Ш. Ганы атындагы орто мектебинин 1-чейректин жыйынтыгы канааттандырарлык жана алдына коюлган милдеттерди так аткаруу милдеттендирилсин.


  1. 1-чейректин отчеттук иштерин тапшырууда көнүл кош мамиле жасаган мугалимдер А.Убайдиллаева , К.Тажибаеваларга эскертүү берилсин. Отчетторун өз мөөнөтүндө тапшыруу жагын аткарылышын камсыз кылышсын.


  1. Окуучулардын окуу китептери менен камсыз кылынышы жана сакталышы канааттандырарлык деп табылсын.



  1. Окуу китептеринин сакталышы жана камсыздалышын рейддерди тынымсыз жургүзүү жагы китеп секторлору менен китепканачы Ж.Ходжаевага милдеттендирилсин.



  1. Окуучуларды китепке кызыгууларын артыруу максатында иш-чараларды өткөрүп туруу жагы китепканачыга жүктөлсүн.



  1. Мектептик олимпиадалык машыгууларды такай жүргүзбөгөн предметтик мугалимдерге эскертүү берилсин жана олимпиадалык топтор менен тыгыз иш алып барылсын.



  1. Олимпиадалык топтор менен начар иш алып барылгандыгы үчүн окуу бөлүм башчысы У.Абдуллаевага көрсөтүлсүн жана кемчиликтердин үстүндө иш алып барылсын.



  1. Жогорудагы токтомдун көзөмөлдө жагы окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаевага тапшырылсын.



Педагогикалык кеңештин төрагасы Боронов К

Катчысы Дастанбай к Толгонай





























Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №3

Көк-Таш айылы 15-январь 2024-жыл

Катышканы – 23

Катышпаганы -1



Күн тартибиндеги маселелер.

  1. 1-жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгы 2-жарым жылдыкка коюлган милдеттер. (ОББ У.Абдуллаева)

  2. Ата-энелер мектебинин уюштурулушу жүргүзүлгөн иштери. ( башталгыч класстардын мугалими Тажибаева К)

  3. ПИЗА-2025 ке болгон даярдыктардын абалы. ( ОББ. У. Абдуллаева )

  4. Адис жетишпеген технология жана информатика сабактарын бөлүштүрүү. (Мектеп директору Боронов К)

Угулду: Ш. Ганы атындагы орто мектебинде “2023-2024-окуу жылында 1-чейректин жыйынтыгы алдын ала коюлган милдеттерине окуу бөлүм башчысы У.Абдуллаева маалымат берип өттү.

Жыл башында Ош-1 отчету боюнча 1-11-класстарда окуучунун жалпы саны: -226/125 окуучу, даярдоо классында- 13/9, жыл ичинде - 9/3 окуучу келди, кеткени - 14/3 окуучу болуп, биринчи жарым жылдыктын аягында окуучулардын жалпы саны- 221/125окуучу, анын ичинен отличниктер - 23/21,

ударниктер - 29/25

аралаш баа - 122/60

жалаң ”3” кө окугандар - 9/1

катышуу - 98,9 % ( калтырган күн-489, себептүүсү-300, себепсизи-189), жетишүү -100% Жалпы билим сапаты - 28,5 % ды түзгөн

Класстар боюнча билим сапаты:

3-класс - 38,8 8-класс - 19 %

4-класс - 42 % 9-класс - 33%

5-класс - 18 % 10-класс - 23 %

6-класс - 26 % 11-класс - 14%

7-класс - 35,7 %

Жарым жылдын жыйынтыгында 5-класстын билим сапаты жана 11-класстын билим көрсөткүчү төмөн болушкан. 5-класстын жетекчиси Абдималик к Мунирага, 11-класстын жетекчиси З.Холматоваларга билим сапатын көтөрүүдө иштөөсүн милдеттендирип кетти. Ар бир мугалим өзүнө тиешелүү иш кагаздарын тапшырды

Мугалимдер окуу- семинарларына баргандыгына байланыштуу, отчет алуу бир топ кыйынчылыктарды жаратты, себеби кээ бир мугалимдердин отчетун аралыктан (онлайн) алынганын, мугалимдердин отчетко кайдыгер караганы да болбой койгон жок, берген маалыматтар так туура эмес берген мугалимдер: Г.Жапарова, Дастанбай кызы Толгонай, А.Убайдиллаевалар болушту.

Ошондой эле 4-класстын класс жетекчиси: А.Убайдиллаева жыл башында ОШ-1 отчетунда 4-класстын окуучуларын 19/10 эмес 19/ 9 кыз деп туура эмес маалымат бергендиги үчүн эскертилип көрсөтүлдү. (Түшүнүк катты алынды)

Угулду: экинчи маселе боюнча ата-энелер мектебинин уюштурулушу жүргүзүлгөн иштерине башталгыч класстардын мугалими К. Тажибаева токтоло кетти.

2023-2024-окуу жылына карата мектепте “Ата-энелер мектеби” уюштурулуп жооптуу мугалим катары башталгыч класстардын мугалими К. Тажибаева болуп бөлүнгөн жана жылдын башында бардык класстардын класс жетекчилери ата-эенелер мектебинин бир жылдык иш пландары түзүлүп бекитилген жана кайсы күндөрү өтүлүүчү графиги түзүлгөн.

Мектеп боюнча К. Тажибаева 2-класстын ата-энелери менен “Тарбия-берүү үй-бүлөдөн башталат”, 9-классынын жетекчиси Улугбек кызы Мадина эжеке “Ата-эне менен баланын байланышы” – темаларда Ата-энелер мектеби уюштурулуп, көргөзмөлүү кызыктуу уюштурушкан.

Тилекке каршы ар бир класс жетекчилерине графиктери бөлүнүп, берилген менен өз учурунда ата-энелери менен бир да иш алып барылган эмес.

Угулду : үчүнчү маселе боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы жана ПИЗА-2025 координациялык кеңештин төрайымы У Абдуллаева ПИЗА-2025ке болгон даярдыктардын абалы тууралуу төмөнкүчө маалымат берилди.

Ш.Ганы атындагы орто мектебинде 2023-2024-окуу жылында PISA-2025 программасынын негизинде координациялык кеңеш түзүлүп, төрайымы -ОББ Абдуллаева У. Анын мүчөлөрү :

  1. Жапарова Г.-Окурмандык сабаттуулугу боюнча кеңештин мүчөсү

  2. Калилова Д.-Математикалык сабаттуулугу боюнча кеңештин мүчөсү

  3. Холматова З.-Табигый илимдер сабаттуулугу боюнча кеңештин мүчөсү болуп бекитилген. Мектепте жалпы:

2009-жылы туулган балдардын саны: 7-класста 3, 8-класста -18 окуучу, 9-класста 1 окуучу 2010-жылы туулган балдардын саны: 7-класста 23, 8-класста 1окуучу окуйт жалпы саны-46 окуучу даярданып келишет.

Координациялык кеңештин төрайымы: ай сайын окуучулардан алынган тесттин негизинде анализ жүргүзүп отурумдарын өткөрүп турушат. Координациялык кеңештин мүчөлөрү НЦКОИТ тин сайтынан тапшырмаларды алышып, өз предметтеринен тиешелүү тесттик тапшырмаларды ай сайын 2 жолудан алып жыйынтыктап тапшырып анализ жүргүзүп келишет.

Иш планда 1-жарым жылдык үчүн планга айына 2 жолудан 8 тест алуу нормасы коюлган.

  • 1. Окурмандык сабаттуулук боюнча -4 тест алынган, аткарылбаганы- 4

  • 2. Математикалык сабаттуулук боюнча – 3 тест, аткарылбаганы -5

  • 3. Табигый илимдер сабаттуулугу боюнча- 5 тест алынган, аткарылбаганы - 3

Предмет

сентябрь

октябрь

Ноябрь

декабрь

Окурмандык сабаттуулук





67,8%

46,4%

42,3%

71,4%

Математикалык сабаттуулук


41,6



38,9



36,9

Табигый илимдер сабаттуулугу

19 %

28,5



38,5

7,14

28,5%











Жыйынтыктап келгенде, окуу сабатттулугу боюнча окуучулар текст менен иштөөдө тийиштүү дал келтирүү кыйынчылык жараткан жана өз оюн так, даана жеткиликтүү бере алган эместиги аныкталган. Тест менен иштөөдө канаатандырарлык көрсөткүчкө ээ болгон.

Математикалык сабаттуулук боюнча: Окуучулар тапшырманы аткарууда ондук бөлчөктөрдү көбөйткөндө, бөлчөктөрдү кошуп кемиткенде, координата тегиздигинде чекиттердин жайгасуусу боюнча жакшы натыйжа берген, ал эми маселе иштөөдө жана логикалык тапшырмаларды аткарууда кыйынчылыктар болгон.

Табигый илимдер сабаттуулугу боюнча: тесттик тапшырмаларды туура аткарышат, бирок суроолорго жооп берүүдө өз пикирлерин кеңири так жеткиликтүү жаза алышпайт.

Ноябрь айындагы берилген тапшырмалар сабакта өтүлө элек болгондуктан билим сапаты 7% ды төмөн көрсөткүчтү берген.

Жогорудагы алынган жыйынтыктарын карап чыгып төмөнкүдөй сунуш берилди.

  • Мугалимдер жаңы технологиялар менен иштөөнүн үстүндө билимин өркүндөтүү зарыл

  • Окуучулардан тапшырмаларды электрондук түрдө алуу

  • Ар бир алынган тесттик тапшырмалардын жыйынтыгын өз убагында тапшыруу

  • Каталар үстүндө иштөөнү жандандыруу. Жоопкерчиликтүү иш алып баруу.

  • География, физика, информатика, чет тили, орус тили, химия предметтеринен айына бир жолу ПИЗА лык тапшырмаларды сайттардан алып сынамык тесттерди уюштуруу.

  • Ата-энелер мектебин ай сайын уюштуруп тыгыз байланыштуу түзүү, иш алып барууну жандандыруу.

  • Предметтик билим сапатын көрсөткөн төмөнкү предметтердин мугалимдери билим сапатын көтөрүүдө жекече иш алып баруу.

  • 5-класс, 11-класстардын класс жетекчилери М.Абдималик кызы, З.Холматовалар билим сапатын көтөрүүдө жекече иш алып баруу

Угулду: төртүнчу маселе боюнча жетишпеген кадрлар боюнча мектеп директору К Боронов сөз алып ал өз сөзүндө жетишпей окулбай келген технология, информатика сабактарына адис мугалимдердин жетишпегениндигине байланыштуу, технология сабагын убактылуу адис келегенге чейин окутуп туруу жагы мурда окутуп келгендиктен география мугалими А.Каратаевке жүктөгөндүктүн себеби көп жылдык эмгек стажы бардыгы, информатика сабагы маематика мугалимдерине тектеш келгендигине байланыштуу, Д.Калиловага, А.Момуноваларга бөлүштүрүп берүүнү сунуштап айтып өттү.

ОББ, У.Абдуллаева жана мектеп профкому Б.Жолдошовалар жогорудагы сунушталган мугалимдерди колго салышты. Мугалимдер мамлекеттик стандарттын нормаларын аткаруу максатында жогорудагы сунушталган мугалимдер туура келерин жана бир добуштан колдорун айта кетишти.

Жарыш сөзгө чыккан мугалимдер: А.Каратаев, А.Тажибаев, У.Абдуллаева, К.Тажибаевалар жогорудагы сунушталган пикирлерге кошулуп билим сапатын көтөрүүдө иш алып барылса жыйынтыктарга жете турганын белгилеп кетишти.



Жогорудагы маселелерди карап талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме токтом кылат.

  1. Ш. Ганы атындагы орто мектебинин 1- жарым жылдыктын жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын жана алдына коюлган милдеттерди так аткаруу милдеттендирилсин.


  1. 1-чейректин отчеттук иштерин тапшырууда көнүл кош мамиле жасаган мугалимдер Дастанбай к. Толгонай, Г.Жапароваларга эскертүү берилсин. Отчетторун өз мөөнөтүндө тапшыруу жагын аткарылышын камсыз кылышсын.


  1. Ата-энелер мектебинин иш уюштуруулушу начар деп белгиленсин. Ата-энелер мектебин жандандыруу, иш-планда көрсөтүлгөн жумуштарды өз учурунда аткаруу жагы класс жетекчилерге милдеттендирилсин.



  1. Ата-энелер мектебин иш планын начар уюштурулганына байланыштуу, жооптуу болгон башталгыч класстардын мугалими К. Тажибаевага эскертүү берилсин.



  1. Ата-энелер мектебин ай сайын класс жетекчиле тарабынан уюштуруп өткөрүү жагы милдеттендирилсин.



  1. ПИЗА-2025ке болгондаярдыктарды колго алуу жана өз учурунда сынамык тесттерди жүргүзүү жагы Холматовага, Жапаровага, Калиловага милдеттендирилсин.



  1. ПИЗА-2025ке даярдыктарды күчөтүлгөн тартипте уюшкандыкта координациялык кенешин иш алып баруу жагы координациялык кенештин төрайымы ОББ У.Абдуллаевага жүктөлсүн.



  1. ПИЗА-2025ке сынамык тесттерди өз учурунда алынып анализдерди жүргүзүү коордациялык кеңештин тобуна жүктөлсүн.



  1. Окуу сабаттуулугуна тиешелүү орус тили жана четтили (англис тили), математика сабатуулугуна тиешелүү информатика, табигый илимдер сабатуулугуна тиешелүү химия, география, физика сабактарынан айына бир жолудан даярдыктарды күчөтүү жана сынамык тесттер алуу жагы жогорудагы предметтик мугалимдерге милдеттендирилсин.



  1. Технология предметинен адис жетишпегендигине байланышту, адис келегенге чейин окутуу жагы география мугалими А.Каратаевке жүктөлсүн.



  1. Информатика сабагынан адис жетишпегенине байланыштуу, убактылуу окутуп туруу жагы тектеш келген математика мугалимдери; Д.Калилова жана А.Момуноваларга милдеттендирилсин



  1. Жогорудагы токтомдун көзөмөлдө жагы окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаевага тапшырылсын.



Педагогикалык кеңештин

төрагасы Боронов К

катчысы Дастанбай к Т





































Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №3

Көк-Таш айылы 26-февраль 2024-жыл

Катышканы – 23

Катышпаганы -1

Күн тартибиндеги маселелер.

  1. Жылдын мыкты мугалими” конкурсун өткөрүү жөнүндө

Угулду: Негизги маселе боюнча мектептин директору К.Боронов төмөнкүлөргө токтолду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 156 “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурсу өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктунун 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында,”Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Жылдын мыкты мугалими” конкурсун өткөрүү жөнүндө токтомдун негизинде бул конкурс мектепте өткөрөлдү .

“Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жобосун негизинде мектепте усулдук бирикмелердин жетекчилеринен жана профкомдон турган калыс тандалып алынып конкурсанттарды иштерин карап чыгышканда төмөнкүдөй болушту.

Мектептик турга 2 мугалим катышты Тажибаева Кундуз, Улугбек к Мадиналар катышып, жогорудагы катышкан мугалимдер STEM программасындагы КЕЙС, изилдөө, Мерсико уюмун колдоосунда “ОКУУ КЕРЕМЕТ” долбоорунун стратегияларын, МКТ технологияларын пайдалануу менен мыкты сабактарды өтүштү. Жыйынтыгында башталгыч класстар мугалими Тажибаева Кундуз, физика мугалими Улугбек к Мадиналар райондук турга катышууга жолдомо алды. Мектептик “Жылдын мыкты мугалими -2024” конкурсу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Жогорку маселени угуп жана талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме

Т О К Т О М кылат

  1. Мектепте өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун катышуучулары башталгыч класстардын мугалими Тажибаева Кундуз, физика мугалими Улугбек к Мадиналар жеңүүчүлөрү деп табылсын.



  1. “Жылдын мыкты мугалими” конкурсу жобого ылайык иш кагаздары өз убагында көрсөтүлгөн дарекке жиберилсин. (1-мартка чейин)



  1. Жогоркуларды көзөмөлдөө жагы усулдук кеңештин жетекчиси У.Абдуллаевага жүктөлсүн.



ПК нын төрагасы; Боронов К

Катчысы Дастанбай к Т

Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №3

Көк-Таш айылы 15-январь 2024-жыл

Катышканы – 23

Катышпаганы -1



Күн тартибиндеги маселелер.

  1. Адис жетишпеген технология жана информатика сабактарын бөлүштүрүү. (Мектеп директору Боронов К)

Угулду: төртүнчу маселе боюнча жетишпеген кадрлар боюнча мектеп директору К Боронов сөз алып ал өз сөзүндө жетишпей окулбай келген технология, информатика сабактарына адис мугалимдердин жетишпегениндигине байланыштуу, технология сабагын убактылуу адис келегенге чейин окутуп туруу жагы мурда окутуп келгендиктен география мугалими А.Каратаевке жүктөгөндүктүн себеби көп жылдык эмгек стажы бардыгы, информатика сабагы маематика мугалимдерине тектеш келгендигине байланыштуу, Д.Калиловага, А.Момуноваларга бөлүштүрүп берүүнү сунуштап айтып өттү.

ОББ, У.Абдуллаева жана мектеп профкому Б.Жолдошовалар жогорудагы сунушталган мугалимдерди колго салышты. Мугалимдер мамлекеттик стандарттын нормаларын аткаруу максатында жогорудагы сунушталган мугалимдер туура келерин жана бир добуштан колдорун айта кетишти.

Жогорудагы маселелерди карап талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме токтом кылат.

  1. Технология предметинен адис жетишпегендигине байланышту, адис келегенге чейин окутуу жагы география мугалими А.Каратаевке жүктөлсүн.

  1. Информатика сабагынан адис жетишпегенине байланыштуу, убактылуу окутуп туруу жагы тектеш келген математика мугалимдери; Д.Калилова жана А.Момуноваларга милдеттендирилсин.



  1. Жогорудагы токтомдун көзөмөлдө жагы окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаевага тапшырылсын.



Педагогикалык кеңештин

төрагасы Боронов К

катчысы Дастанбай к Т






Ш. Ганы атындагы орто мектебинин педагогикалык кеңешинин кезектеги чогулушунун

Протоколу №4

Көк-Таш айылы 29-март 2024-жыл

Катышканы – 22

Катышпаганы -1



Күн тартибиндеги маселелер.

  1. 3-Чейректи жыйынтыгын чыгаруу, окуучулардын билим сапатына мониторинг жүргүзүү. (ОББ У.Абдуллаева)

  2. Мектепте тарбия иштеринин жүргүзулүшүнүн абалы ( уюштруучусу Жапарова Г)

  3. Усулдук иштердин жүргүзгөн абалы. ( ОББ. У. Абдуллаева )

  4. 1-4-класстарынын билим сапаты боюнча мониторинг жүргүзүү. (УБ жетекчиси Убайдиллаева А)

Угулду: Ш. Ганы атындагы орто мектебинде “2023-2024-окуу жылында 3-чейректин жыйынтыгы алдын ала коюлган милдеттерине окуу бөлүм башчысы У.Абдуллаева маалымат берип өттү.

Жыл башында Ош-1 отчету боюнча 1-11-класстарда окуучунун жалпы саны: -226/125 окуучу, даярдоо классында- 13/9, жыл ичинде - 9/3 окуучу келди, кеткени - 14/3 окуучу болуп, биринчи жарым жылдыктын аягында окуучулардын жалпы саны- 221/125окуучу, анын ичинен отличниктер - 26/2,

ударниктер - 34/29

аралаш баа - 122/55

жалаң ”3” кө окугандар - 4/0

катышуу - 98,6 % ( калтырган күн-489, себептүүсү-300, себепсизи-189), жетишүү -100% Жалпы билим сапаты - 32,2 % ды түзгөн

Класстар боюнча билим сапаты:

3-класс – 44,4 8-класс - 19 %

4-класс - 42 % 9-класс - 33%

5-класс - 18 % 10-класс - 23 %

6-класс - 26 % 11-класс - 14%

7-класс - 35,7 % 1-4-кл-43,2% 5-9-кл-29,2% 10-11-кл-31%

Жарым жылдын жыйынтыгында 5-класстын билим сапаты жана 11-класстын билим көрсөткүчү төмөн болушкан. 5-класстын жетекчиси Каратаев Абдуламит, 11-класстын жетекчиси З.Холматоваларга билим сапатын көтөрүүдө иштөөсүн милдеттендирип кетти. Ар бир мугалим өзүнө тиешелүү иш кагаздарын тапшырды

Мугалимдер окуу- семинарларына баргандыгына байланыштуу, отчет алуу бир топ кыйынчылыктарды жаратты, себеби кээ бир мугалимдердин отчетун кечеңдетип тапшырышкан..

Угулду: Мектепте тарбия иштеринин абалына Г. Жапарова маалымат берип өттү.

Бул жылдын 1-сентябрь “Билим мага жан сактоо үчүн эмес, билимге билим кошуу үчүн керек аталышындагы салтанаттуу линейка жана класстык сааттар көргөзмөлүү өткөрүлдү.

23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө каратаиш-чара өткөрүлдү. Анда гимн жаңырды.Анда мамлекеттик тил күнүнүн тарыхы жөнүндө кыргыз тилчи мугалими Жолдошова доклад окуду. Бул докладда кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болуп, ошондон бери бул күндүнү жылына белгилеп келе жатканыбызды айтып өттү. Ошону менен эле катар окуучулар ыр бийлерди, мантаждарды, көркөм окууларды окушту.

“Эне тили болбосо- аты аталбайт улуттун”-аталышындагы тарбиялык саатар өткөрүлдү. Анда баардык класс жетекчилер өз класстарына тарбиялык сааттарын өтүшү.

Мектептеги”Филолог”,”Эксперимент”,”Наристе” усулдук бирикмелери көргөзмөлүү интерактивдүү сабактарды өтүү үчүн атайын темалар коюлган.

“Филолог”усулдук бирикмесинин орус тили мугалимдерине ” Кыргыздын оймо-чиймелери” орус тилинде ал эми,”Эксперимент” усулдук бирикмесине ” Ак калпактын жасалышы” математика жана геометрия сабагы менен айкалыштырып өтүп берүүсү бөлүштүрүлгөн. Ошону менен эле катар тарых мугалимине “Жети атаңды билип жүр”-аталышындагы көргөзмөлүү сабак өтүп берилген. Бирок, үч усулдук бирикмелердин жетекчилери тарабынан кайдыгер карап бул сабактар өз убагында уюштурулбагандыктан Эксперимент УБ башчысы Маматкулова Ч, Филолог УБ башчысы А. Момунова Наристе УБ башчылары А. Убайдиллаеваларга сын сунуштар айтылып кемчиликтердин үстүндө иш алып баруу айтылган.

Октябрь айынын биринчи жумалыгында “Мугалим жакшылыктардын энеси”-аталышындагы иш-чара болуп өттү. Анда окуучулар мугалимдерге жакшы маанай тартуулашты. Ошону менен эле катар 1-4- класстарга “Мезгилдин берекеси- күз”-аталышындагы күзгү дасторкондор уюштурулду. Ал эми 6-11-класстар арасында “Күз периси”-сынагы уюштурулду. Анда 6-9-класстардын гана окуучулары активдүү катышты. Ал эми бул конкурска 10-11-класстын окуучулары катышкан жок. Ушундай эле көрүнүш 8-март жана 23-февраль айларында кайра кайталангандыктан класс жетекчилерине эскертүү берилди.

1-2-3-чейректин жыйынтыгын алып караганыбызда мугалимдер тарабынан тарбиялык журналдар толук толтурулганда кемчиликтерди кетиришкен. Ал эми өтүлүүчү сабактар алдын ала пландалбай көргөзмөлүү уюштурулган эмес. Тарбиялык журналдарды карап чыкканда 5-класстын, 11-класстын жана 9-класстын мугалимдери гана тарбиялык журналдарын өз учурунда жүргүзүп көрсөтүшкөн. Калган класс жетекчилер текшертишкен, бирок толук толуктаган эмес. Ошону менен эле катар өтүлгөн сабактарынын иштелмелерин толук көрсөтө алышкан эмес.




Угулду: Усулдук бирикмелердин аткарылган иштери боюнча окуу бөлүм башчысы У.Абдуллаева баа берип кетти.

Мектептин «Филолог» усулдук бирикмесинде 7 мугалим бар. Алар кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили, англис тили мугалимдеринен турушат.

2023-2024 окуу жылында бир нече иш- чаралар, семинарлар, тарбиялык, ачык сааттар жана класстан тышкаркы иштер өткөрүлдү.

Сентябрь айынын башында планда көрсөтүлгөндөй бардык окуу кааналары жабдылып, кабинеттердин паспорту, иш-планы түзүлүп бекитилди жана класстык бурчтар жаңыланган. Бардык мугалимдердин календардык пландары жаңы стандарт боюнча түзүлүп, бекитилди. 5- 6-7-класстардын окуучулары жаңы окуу китептери менен камсыздалган. Олимпиадалык топтор түзүлүп алардын пландары окутуу графиги түзүлгөн. “Окуучулардын билимин баалоодо жаныча ыкмаларды колдонуу”- деген темада ачык сабактар өтүлдү. Мында англис тили мугалими Тажибаев Азамат мыкты сабактарды уюштуруп өткөрдү. «Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөө» -деген темада педагогикалык окууда кыргыз тили мугалими Абдуллаева У. бир нече жанылыктарды бирикме мүчөлөрү менен бөлүштү

“Окуучуларды олимпиадага даярдоодогу ыкмалар”- деген докладында кыргыз тили мугалими Жолдошова Б. өз тажрыйбасын ортого салды. Англис тили мугалими Тажибаев Азамат “ English week “ чет тил декадасы уюштуруп жогорку денгээлде өткөрдү. 5-9-класстар арасында дубал газета, буклет, көргөзмө куралдар, ачык сабак, ”Акыл ордо” интеллектуалдык оюндары өткөрүлдү. 28 февраль “Эл аралык англис тилде баарлашуу тили”- аталышында 8-10 класстарда эссе жазуу уюштурулду. Чыгармалардан үзүндү аткарышты. Активдүү катышкан окуучуларга белектер ыйгарылды.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими У.Абдуллаева Ч.Айтматовдун 95 жылдыгынын урматына 8-9-10-класстын окуучуларынын арасында “Байгелүү -ринг” акыл-таймашын уюштурулду. Жапарова Г. эжекей Ч.Айтматовдун чыгармалары арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада окуучулар Ч. Айтматовду даңктаган ырлар, чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, Ч.Айтматовдун каармандарынын монологторун көркөм ролдоштуруп аткарышты, дубал газеталарды чыгарылды кыргыз тилчилер мугалимдер тарабынан даярдашып уюшкандыкта өткөрүштү.

Орус тили мугалими Гайнаева М. эжекей 2-4- класстар арасында жарыш өткөрүп бий, ыр, сүрөт тартып, орус чыгармаларынан сахналаштыруу ролдоштурулган жомоктор көрсөтүлдү. “Русский язык-язык дружбы”- деген темада майрамдык кече уюштурулду.

Кыргыз тилчи мугалимдер кыргыз тилинин 34 жылдыгына карата “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”- деген темада жумалык өткөрүп беришти. Жумалыкта кыргыз тилин даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, кыргыз тили жөнүндө ыр саптар, макал лакаптар айтылып кетти. Жумалыка катышкан мугалимдер өз сунуштарын айтышты. Республикалык хор менен Манас айтуу сынагы мектепте уйуштурулуп. Ал сынакка 50 окуучу райондук турга катышып келди.

Орус тили мугалими Гайнаева Майрам 72 саатык квалификассияны жогорулатуу курсун окуп келди.

Башталгыч классынын “Наристе ” усулдук бирикмесинин мугалимдеринин окуу –тарбия процессинде жүргүзгөн иштерине анализ жүргүзгөндө төмөнкүдөй жыйынтык болду.

Мектептеги “Наристе” усулдук бирикмесине башталгыч класстардын мугалимдери кирет .

  • Тажибаева Кунлуз билими жогорку .

  • Убайдиллаева Айзирек атайын орто

  • Токтосун кызы Элмира билими жогорку

  • Салайдин кызы Асылкан билими жогорку

  • Дастанбай кызы Толгонай билими жогору

2023-2024-окуу жылында “Наристе ”усулдук бирикмесинин мугалимдери бир топ иштерди жөнгө салышты .Окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, ата-энелер мектебин жандандыруу жана көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштерди алып барышты.

“Наристе”усулдук бирикмесинин мугалимдери жаш мугалим болгондугуна байланыштуу насаатчы мугалимдер тажрыйбасын жайылтуу максатында иш жүргүзүлүп жатат. Аны менен бирге жаш мугалимдер көптөгөн жаңылыктарды, жаңы усулдарды, сабак өтүү жолдорун үйрөнүштү.

Мерсико эл аралык уюмунун “окуу керемет ” долбоорунун алкагында окуп түшүнүү боюнча мугалимдер иш алып барышат. Анын негизинде окуучуларды китеп окууга тарта алышты. Аны менен бирге окуучуларды өз оюн эркин, так айтуунун, сөз байлыгын өнүктүрүүнүн үстүнө иштөөдө. Ар айдын 25ине чейин окуучуларга BaalooApp аркылуу баалоо жүргүзүлөт жана окуучулардын жетишкендигине анализ жүргүзүлөт. Жетекчилик жана мугалимдер тарабынан мугалимдердин сабагына Баалоо Арр жана SabakApp аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп келет.

Насаатчы мугалимдерди атап кетсек Тажибаева Кундуз эжекей жаш мугалимдерге үлгү катары ачык сабактарды уюштуруп өтүп, жаш мугалимдерге өз насаатын айтып келүүдө

4-класстын класс жетекчиси окуучулары менен биргеликте жыл сайын” Мектеп 2030”- дизайн долбоору менен иш алып барууда анын негизинде окуучулардын өзүнө болгон ишеними, лидерлик сапаты өнүгүүдө. Планда коюлган иш-чаралар өз убагында өткөрүлүүдө. 4-9-класстардын окуучулары сынамык тесттер алынып, анализ жүргүзүлүп келүүдө. Ага салым кошкон мугалимдер; Дастанбай кызы Толгонай, Убайдиллаева Айзирек. 4-класстар атайын билимин жетишкендиктерин жыйынтыктоо 2023-жылындагы 20-декабрында №5460/1 буйругунун негизинде тест алынды . 1-декабрында кийинкиси 20-декабрында алынганда төмөнкүчө;

Кыргыз тили -28%

Математикасы -22%

Мен жана дүйнө -19% га биринчи тестке караганда өсүү болгон.

Негизинен усулдук бирикменин мүчөлөрү иштеп жаткан көйгөйдүн үстүдөн иштей алгандыгын көрсөтө алышты. Жаш мугалимдер насаатчы мугалимдердердин иш тажрыйбасын колдонуп келүүдө. Ай сайын мугалимдер менен чогулуш өтүп, аткарылган иштерди талкуулап келүүдөбүз. Сабактарды изденүү менен жаңы технологияны колдонуп сабак өткөн мугалимдер Токтосун кызы Элмира жана Дастанбай кызы Толгонайлар ар бир сабагына жаңылык киргизип өтүүдө жана практикалык сабактарында окуучуларга кызыктыруу менен өтүп келишти. Жалпысынан айтканда, усулдук бирикме мүчөлөрү окуу-тарбия иши коюлган көйгөйлөрдү өз убагында ишке ашыруу менен жетишкендиктерге жетишип келет.

«Эксперимент» усулдук бирикмесинин мугалимдеринин аткарган иши боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар болду

Ш Ганы атындагы орто мектебинин «Эксперимент» усулдук бирикмесинде 9 мугалим бар. Алар математика, физика, биология, химия, информатика, технология жана дене-тарбия мугалимдери.

2023-2024-окуу жылынын бир жарым жылдыгында бир нече иш чаралар семинарлар, тарбиялык сааттар, ачык сааттар жана класстан тышкаркы иштер өткөрүлдү. Сентябрь айынын башында планда көрсөтүлгөндөй бардык окуу кааналары жашылдандырылып кабинеттердин паспорту, иш планы түзүлүп бекитилди жана класстык бурчтар жаныланды.

Бардык мугалимдердин календардык пландары жаны стандарт боюнча түзүлүп бекитилди. Олимпиадалык топтор түзүлүп алардын пландары окутуу күнү аныкталды.

Окуучулардын билимин баалоодо жаңыча ыкмаларды колдонуу деген темада ачык сабактар өттү. Мында физика мугалими Улугбек кызы М тарых мугалими Рашидова мыкты сабактарды өтүштү. «Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштө» -деген темада педагогикалык окууда биология мугалими Холматова Замира бир нече жанылыктарды бирикме мүчөлөрү менен болушту. «Окуучуларды олимпиадага даярдоодогу айрым өзгөчүлүктөр» -деген докладдарында химия мугалими Абдумалик кызы Минура математика мугалими Калилова Д өз тажрыйбаларын ортого салышты

Олимпиадага төмөнкү предметтер;

Биология Мансурова Айгерим

Физика Акылбеков А

Математика Турдубаев А, Бахапова Д

Тарых Дастанова К, Кузиева У, Шакирова У

Химия Курбанова А, Нарзиева Ф, Рахимбердиева М

Ушул окуучулар зоналдык олимпиадага активдуу катышып, Дастанова Каныкей райондук турга өттү, окуткан мугалими-Т.Рашидова.

Кышкы секциялык ишке мугалимдер активдүү катышты.

Кышкы каникулда мугалимдер STEAM боюнча окуудан өтүп келишти.

Физика мугалими Улугбек кызы Мадина предметтик кече, ачык сааттарды өткөрүп, сабакта техникаларды туура колдонуп, «Мыкты мугалим» конкурсуна катышты

Угулду: 1-4-класстарынын билим сапаты боюнча мониторинг жүргүзүлүп “Наристе” УБ жетекчиси А. Убайдиллаева маалымат берип өттү.

1-4-класстарынын билим сапатына мониторинг жүргүзүлгөндөгү боюнча анализи. башталгыч класстарынын окуучуларынын билиминин жетишкендиктерин жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү максатында; 1-4 –класстар арасында адабий окуу предмети боюнча окуучулардын шар окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана окуп-түшүнүп, түшүнүгүн айтууда окуучулардан окуу техникасын алуу менен окуучулардын окуу темпини стандарты нормалары төмөнкүчө:

  • 1-класс 3-чейректе 30-35 сөз

  • 2-класс 3-чейректе 60-65 сөз

  • 3-класс 3-чейректе 80-85 сөз

  • 4-класс 3-чейректе 100-110 сөз окулушу керек.

Окуучулар бат-шар окушуп, анда тыныш белгилерине карабастан таштап окушканы көркөм окуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп сөздөрдүн маанисин жоготушуп окуганын түшүнүшпөй калышкан.

1-класстан 17 окуучудан окуу темпин алсак 35,2% ды түздү. Алып карасак 6 окуучу “5”жана “4” деген баа менен бааланып шар окуу нормасына жетишип, окуу нормасына жетпеген окуучулар “3” деген баа менен бааланышты.

2-класстан 15 окуучудан окуу темпин алып караганда 46,6% ды түзүп, 7 окуучу окуу нормаына жеткен “4”жана“5” деген баага бааланып, анын 8 окуучу “3”деген баага бааланып нормасын төмөн көрсөтүшкөн.

3-класстан 16 окуучудан 7 окуучусу нормасына жетип 43%ды түзүшүп, анда 9 окуучу нормадан төмөн болушкан.

4-класстан 18 окуучудан окуу темпи алынып 7 окуучу бат окушканы 38% ды берип, мында 11 окуучу шар окуй албай жетишкен эмес.

Математика боюнча амалдарды аткаруу тартибинде 1-2 класстар арасында текшерүү иши алынып төмөнкүдөй %ды түздү.

1-класс 47%ды түздү.

2-класс 47%ды түздү.

3-4-класстар арасында тестик тапшырмалар менен иштөө тартибин жөнгө салуу максатында тест алынды.

3-класс 50% ды түзүштү.

4-класс

Кыргыз тил боюнча жат жазуу алынды

1-класска

2-класска 33 сөз алынып 15 окуучу 46,6% ды туздү

3-класска тест алынып 39% ды түзүштү.

4-класс жат жазуу жазышып 40% ды түзүштү.

Жогорудагы маселелерди карап талкуулап чыгып педагогикалык кеңешме токтом кылат.

  1. Ш. Ганы атындагы орто мектебинин 3-чейректин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын жана алдына коюлган милдеттерди так аткаруу милдеттендирилсин .

  2. Тарбиялык иштердин аткарылышында бир топ кемчиликтерге жол берилген окуучуларды коопсуздугун алдын алуу катарында ата-энелер менен сүйлөшүлүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү келишимдерди түзүү жагын колго алуу жагы класс жетекчилерге жүктөлсүн.

  3. Тарбиялык сааттарды өтккөрүүдө иш кагаздарды алып баруу менен интерактивдүү көргөзмөлүү окуучуларга кызыктуу сиңимдүү сабактарды уюштуруу жагы милдеттендирилсин.

  4. Тарбиялык сааттарга активдүү катышпаган иш алып барбаган класс жетекчилерине эскертүү берилсин.

  5. Усулдук бирикмелери мыкты мугалимдердин усулдук иш тажрыйбасын жайылтуу үстүндө иш алып баруу милдеттендирилсин.

  6. Башталгыч класстарда кол жазмаларын жана шар окуу менен биргеликте окуп түшүнүү үстүндө иш алып барылсын.

  7. ПИЗА-2025ке, олимпиадалык топтор менен даярдыктарды көрүү үчүн сынамык тапшырмаларды башталгыч класстарда алып туруу милдеттендирилсин.



  1. Жогорудагы токтомдун көзөмөлдө жагы окуу бөлүм башчысы У. Абдуллаевага тапшырылсын.



Педагогикалык кеңештин

төрагасы Боронов К

катчысы Дастанбай к Т


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Закрыть через 5 секунд
Комплекты для работы учителя