ПЕДАГОГ - (гр. paidagogos –тарбиялоочу) – жалпы билим берүүчү мектептин мугалими, кесиптик-техникалык, атайын орто же жогорку окуу жайынын окутуучусу, мектепке чейинки мекемелерде, мектеп интернатта, балдар үйүндө, тарбиялоо колонияларында тарбиячы, мектептен тышкаркы ж. б. уюмдардын кызматкери, пед. илими б-ча ил. кызматкер ж. б.
Педагогика деген сөз ал илимдин өзүнө караганда алда канча мурда пайда болгон. Педагогика гректердин «пайдос» – балдар, «ого» – жетелөө, алып баруу деген сөздөрүнүн курамынан турат. Байыркы Грецияда педагог деп мугалимди эмес, балдарды мектепке жеткирип, кайра алып келүүчү кулду эсептешкен. Бара-бара маанилик чектери кеңейип, кийинчерээк педагогика термини баланын дене бою м-н акыл көрөңгөсүнүн өнүгүшүнө туура багыт берүү, аны турмуштун туура жолуна салуу өнөрү катары колдонула баштаган. Күндөлүк турмуш сабактарынан ж-а айрым озгун ойчул адамдар тарабынан таалим-тарбия ишине байланыштуу анык ойлордун арбын топтолушу, аларды жалпылоо, ырааттуу, максаттуу өнүктүрүү иштерин аркалаган педагогика илиминин пайда болушу зарылдыгын шарттады. Байыркы грек, рим, византия ж-а чыгыш философтору Платон, Аристотель, Паутарх, Гераклит, Селена Квинтиллион, Варлаам, Ионна Демоскина, Авиценна, Конфуций, о. эле орто кылым ойчулдары Ж. Баласагын, М. Кашгари ж. б. мурастарынан таалим-тарбия темасындагы баа жеткис акыл кеңештерди табууга болот. Педагогика илим статусуна чех элинин улуу педагогу Я. А. Коменскийдин (1592–1670) эмгектери аркылуу ээ болгон. Ал түрдүү өлкөлөрдө тамыр жайып өнүккөн бай тажрыйбаларды ж-а өзүнүн ишмердүүлүгүн астейдил талдоо аркылуу, окутуу-тарбиялоонун объективдүү мыйзамченемдүүлүктөрүн ил. жактан негиздеп системалаштырууга далалат жасаган. Ушундан улам Коменскийди педагогика илиминин негиздөөчүсү деп аташат. Учурда педагогика предмети, объекти, милдеттери айкын, түптүү түшүнүктөрү, категориялары бар көп тармактуу илим. Ал таалим тарбиялоо процессин долборлоо, божомолдоо, уюштуруу, өркүндөтүү ыкмалары, ошону м-н бирдикте аларды өнүктүрүү, турмушка даярдоо жаатындагы атайын билимдердин булагы катары кабылданат.
133 www.bizdin.kg
П. предмети – адам инсанынын өнүгүш маңызын ж-а мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө, анын негизинде атайын уюштурулган процесс катары окутуу тарбиялоонун теориясын ж-а методикасын иштеп чыгуу. Педагогика төмөнкү милдеттерди чечүүнү аркалайт:
1. Окутуу тарбиялоонун, ал процесске жетекчилик кылуунун мыйзамченемдүүлүктөрүн ачуу, айкындоо;
2. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү, талдоо ж-а жалпылоо;
3. Окутуу тарбиялоонун, о. эле таалим-тарбия структураларын башкаруунун заманбап методдорун, каражаттарын, формаларын иштеп чыгуу;
4. Таалим-тарбия иштеринин жакынкы мезгилде ж-а келечектеги абалын, өнүгүш тенденцияларын божомолдоо;
5. Педагогикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын сыноо ж-а ишке киргизүү. Педагогика илиминин системасы төмөнкүлөрдөн турат: мектепке чейинки П.; мектеп П.; кесиптик (баштапкы, орто, атайын орто, жогорку) таалим-тарбия П.; өндүрүштүк П.; аскердик П.; салыштырма П.; атайын П.; П. тарыхы; валеология.; социалдык П.; этнопедагогика ж. б. Жалпы П. адамды өнүктүрүүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн ж-а бардык типтеги таалим-тарбия мекемелердеги окутуу тарбиялоо процессинин жаңы негиздерин иштеп чыгуучу илим ж-а окуу предмети. Мугалимдерди даярдоочу жогорку окуу жайлардын практикасында орун алган салттарга ылайык П. жалпы негиздери; дидактика (окутуу теориясы), тарбиялоо теориясы; мектеп таануу сыяктуу төрт бөлүккө бөлүнөт.
ПЕДАГОГИКА ТАРЫХЫ - – ар түрдүү доорлордогу педагогикалык ойлордун ж-а таалим-тарбия мекемелеринин өнүгүшүн, бүгүнкү күн үчүн маанилүү, өнүмдүү жактарын аныктап үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы. Педагогика тарыхынын негизги булактары төмөнкүлөр: таалим-тарбия маселелерине таандык расмий документтер; мектептерде колдонулган окуу программалар, окуулуктар, окуу куралдары; маданият, агартуу ж-а илим ишмерлеринин эмгектери; таалим-тарбия ишине байланыштуу гезиттик, журналдык материалдар; архивдик материалдар, көркөм адабий чыгармалар. Тарыхый педагогикалык фактылар адам коомунун өнүгүшү жаатындагы кабыл алынган жалпы мезгилдештирүү тартибине ылайык изилденет. Ушундан улам педагогика тарыхында байыркы мезгил, орто кылым ж-а азыркы доор өз өзүнчө бөлүнүп каралат.
ПЕДАГОГИКАЛЫК МЕТОДОЛОГИЯ - – ил. изилдөөнүн алгачкы (негизги) жоболору, структурасы, функциялары ж-а методдору жөнүндөгү окуу. Методологиялык билимдердин составына, биринчиден, жалпы методологиялык, жалпы ил. закондор, закон ченемдүүлүктөр ж-а алардан келип чыгуучу педагогикалык иш-аракеттерге коюлуучу талаптар ж-а педагогикалык жоболор кирет (маселен, таанып-билүүдө чагылтуунун ж-а чыгармачылыктын биримдиги, таанып-билүүнүн субъектисинин актив-дүүлүгү, тарбиялоонун жалпы максаттары жөнүндөгү ж. б. жоболор); экинчиден, бир далай негиздүү ж-а маңыздуу педагогикалык закондор ж-а закон ченемдүүлүктөр ж-а алардан келип чыгуучу педагогикалык ишмердүүлүккө коюлуучу талаптар; үчүнчүдөн, педагогикалык изилдөөлөрдүн принциптери ж-а методдору. Мына ошентип, методология ил. таанып-билүү иш-аракеттеринин принциптери, формалары ж-а жолдору жөнүндөгү окуу катарында эсептелинет да, ал эми педагогикадагы методологияны педагогикалык кубулуштарды таанып-билүүнүн ж-а өзгөртүп түзүүнүн негизинде жатуучу теориялык жоболордун системасы деп түшүнөбүз. П. М. философия м-н тыгыз байланышта каралат (бекеринен, XIX кылымга чейин аны философиянын бир бөлүгү катарында эсептешпеген чыгар).
Дидактикалык таанып-билүү теориясын окутуу аркылуу таанып-билүүнүн педагогикалык негизи катарында мааниси чоң. Бул теорияга таануу м-н ил. педагогика окуу-тарбия процессин уюштуруунун, окутуунун ж-а мектеп окуучуларынын өз алдынча билим алуусунун методикасынын теориялык ж-а практикалык бардык маселелерин изилдейт. Чындыгында эле, окутуу, улуу муундун өсүп келе жаткан муунга коомдук мамилелердин, өндүрүштөрдү ж-а эмгектенүүнүн ыкмаларын, тажрыйбаларын үйрөтүүнүн объективдүү зарылчылыгы, өзгөчө коомдук кубулуш катарында адам баласынын чыныгы дүйнөнү таанып-билүү теориясы м-н тыгыз байланышта. Объективдүү дүйнөнүн адам баласынын аң-сезиминде чагылышы катарында каралуучу таанып-билүү теориясы, идеяларга, аң-сезимге салыштырмалуу материянын, бытиянын биринчи экендигин мойнуна алат. Ошол эле учурда, ушуну м-н адам баласынын аң-сезиминин, чыныгы дүйнөнү таанып-билүүдөгү ж-а өзгөртүп түзүүдөгү орду (ролун) жокко чыгарылбайт. Материя ар дайым өз ара байланышта, турактуу ж-а түбөлүктүү кыймыл аракетте ж-а өзгөрүүдө болуп, анын кыймылынын бир формасынын калыптанышы м-н экинчисинин жоголушу ж-а сапаттык кандайдыр бир абалдын башка абалдарга өтүшү м-н шартталып турат.
Илимий негизде уюштурулган окутуу эки негизи максатты көздөйт: чындыкты жаштарга жеткирүү ж-а аны өздөштүрүүсүн камсыз кылуу, о. эле алардын ил. теориялык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу. Ар бир адамдан терең интеллектуалдык өсүп өнүгүүнү талап кылган ил.-техникалык прогресстин шартында, окутуу процессинде реалдуу – конкреттүүнү жай-баракат кабыл алуу м-н өз-өзүнчө алынган түшүнүктөрдү, абстракцияларды окуучулардын аң-сезиминде калыптандырууга ж-а о. эле конкретүү бүтүндүктү өздөштүрүү максаты үчүн абстракцияларды колдонуу процессине жетишүүгө олуттуу көңүл буруу абзел. Окутуу м-н таанып – билүүнүн логикасы конкреттүүлүктөн абстракцияга ж-а тескерисинче, абстрактуудан конкреттүүлүккө аң-сезим аркылуу чексиз өтүүнүн диалектикалык биримдиги болот. Билим алуу процессинде окуучу кубулуштардын, предметтердин объективдүү экендиги жөнүндөгү жалпы элестерден, алардын бир беткей касиеттери, сапаттары, бөлүк-төрү жөнүндөгү ой аркылуу алыстаган билимдерге ээ болушат. Андан ары абстрактуу, чектелген ж-а байланышсыз түшүнүктөрдөн, бүтүн катары каралуучу кубулуштун маңызына, чындыкка сүңгүп кирүү ишке ашырылат. Ой жүгүртүү процесстеринин, көрсөтүлгөн, өз ара аракеттенүүсү окутуу процессиндеги таанып-билүүнүн негизги законун түзөт. Ушуну м-н катар эле
окутуу ж-а таанып-билүү процесстеринин айырмачылыктары ж-а жалпы жактары бар экендигин эске алуу пайдалуу.
ПЕДАГОГИКАЛЫК БАСЫЛМАЛАР - – билим берүү, агартуу, окутуу, таалим-тарбия берүү багытында ил. изилдөөлөрдү, практикалык иш тажрыйбаларды, жогорудагы багыттагы иштерди уюштуруу маселелерин иликтөөлөрдү,
134 www.bizdin.kg
кеп-кеңештерди жарыялаган журналдар, газеталар, дагы башка басмасөз каражаттары. Кыргызстандын тарыхында адегенде 1924-жылдан «Эркин-Тоо», кийин «Ленинчил жаш», «Жаңы маданият жолунда» деген басылмалар атайын элдин сабатсыздыгын жоюу багытындагы кабар, макала, тил үйрөтүү сабактарын берип келсе, 1928-жылдан атайын педагогикалык журнал «Жаңы маданият жолунда» (1932-жылдан «Маданий майдан», 1938-жылдан «Окутуучуларга жардам» деген ат м-н чыккан) басыла баштайт. Кыргызстандын педагогикалык басылмаларынын тарыхында «Мугалимдерге жардам», «Эл агартуу», «Русский язык и литература в киргизской школе», «Мектеп» журналдарынын, «Мугалимдер газетасынын» (азыркы «Кутбилим») мааниси чоң болгон.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ МЕТОДДОРУ - – педагогикалык кубулуштарды изилдөө максатында колдонулган илимий педагогикалык ыкмалардын, усулдардын жыйындысы. Педагогика илиминдеги методдор негизинен педагогикалык тажрыйбаны изилдөө, теориялык изилдөө ж-а математикалык изилдөө методдору болуп үчкө бөлүнөт. Педагогика методдору жалпысынан алганда эмпирикалык жолдор м-н топтолгон педагогикалык маалыматтарды теориялык жактан анализдөө ж-а аларды жыйынтыктоонун негизинде теориялык концепцияларды жаратуу ж-а окуу-тарбия иштерин өркүндөтүү үчүн зарыл болгон сунуштарды иштеп чыгууга негиз болот. Мындай методдорго: педагогикалык байкоо, педагогикалык тажрыйбаны үйрөнүү методдору, педагогикалык эксперимент, анкета аркылуу жооп алуу ж. б. социометрикалык ж-а математикалык методдор кирет.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНФОРМАЦИЯ - – окуучуларды информатика, дүйнөнүн информациялык картинасы м-н тааныштыруучу, окуучуларга информациялык аймакта, анын курчап турган чөйрөсүндө багыт берүүчү, информациялык агымдарды колдонуу ж-а алардын мазмунун аң-сезимдүү анализдөө, туура ж-а кыйыр информациялык байланыштарды курчап турган чөйрөгө адаптация кылуу максатында таратуу ж-а анын саясий, социалдык-экономикалык ж-а экологиялык структурасын жетилтүүчү информациялык педагогиканын атайын бир бөлүгү.
ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ КАЙРА ДАЯРДОО - – белгилүү чөйрөдө кесиптик иш-аракеттин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон айрым сабактарды, илимдердин, техниканын ж-а технологиянын бөлүмдөрүн окуп-үйрөнүүнү кароочу билим берүү программалары б-ча кошумча билим, билгичтик ж-а көндүм берүү максатында кадрларды кайра даярдоо. Жаңы экономикалык ж-а социалдык шарттарга ылайык адистерди билимин өркүндөтүү, квалификациясын жогорулатуу ж-а жаңы кесиптерге ээ кылуу максатында атайын уюштурулган билим берүү формасы.
ПЕДАГОГИКАЛЫК КЕҢЕШ - - мектепти коллективдик башкаруу органы. П. к-тин составына: мектептин директору, анын орун басарлары, мектептин бардык педагогдору, китепканачы, мектеп врачы, ата-энелер советинин председатели кирет. П. к-тин председатели болуп мектептин директору эсептелет. П. к-тин мүчө-лөрү талкууланып жаткан суроолорду чечүүдө бирдей укуктарга ээ; чечим ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат ж-а мектептин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө болот. П. к-те белгилүү убакыт ичиндеги мектептин иштери ж-дөгү администрациянын отчету каралат, мугалимдердин иштери ж-дө докладдар ж-а билдирүүлөр талкууланат. Андан сырткары педагогикалык кеңеште төмөнкү маселелер каралат: окуучулардын билими, тартиби, сабакка катышуусу, аларды кийинки жылга көчүрүү, мектепти бүтүрүү, сыйлыктарды тапшыруу, мектептен чыгарып салуу ж. б.
ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕКТИВ - – билим берүү мекемесинин жалпы эмгек жамааты. Педагогикалык коллективдин курамына мугалимдер, тарбиячылар, мектеп директору, анын окуу-тарбия иштери б-ча орун басарлары, мектеп дарыгери ж-а психологу кирет. Педагогикалык коллективдин ишмердиги коллектив мүчөлөрүнүн педагогикалык көз караштарынын, иш аракеттеринин биримдигине, окуучу баланын билим-тарбиясына карата жалпы педагогикалык талаптын коюлушуна көз каранды. Бул туурасында А. С. Макаренко мындай дейт: «... Бир да тарбиячы өз бетинче аракеттенүүгө акысы жок. Эң алдын тарбиячылар коллективи болушу керек. А эгер тарбиячылар арасында биримдик жок болсо, коллективдин бирдиктүү иш планы, бирдиктүү үнү, баланын окуу тарбиясына карата бирдиктүү талабы жок болсо, анда ал жерде эч бир тарбиялык процесстин жүрүшү мүмкүн эмес».
Педагогикалык коллективдин ишмердиги мектеп директору тарабынан нукка салынып, жетектелет. Мектеп директору педагогикалык коллективде иштиктүү чыгармачыл эмгектин, изденүүнүн, жагымдуу эмоционалдык кырдаалдын жаралышына жооптуу. Мектеп директору педагогикалык коллективдин мүчөсү ж-а анын алдында жооп берет. Педагогикалык коллективдин жогорку органы - педагогикалык кеңеш. Мында коллегиялдуу негизде билим берүү мекемесинин эң маанилүү маселелери каралат. Педагогикалык коллектив өз ишмердигин окуучулар коллективи м-н тыгыз байланышта жүргүзөт ж-а өз ишинде ата-энелер комитетинин, коомчулуктун иштиктүү жардамына таянат.
ПЕДАГОГИКАЛЫК КОНСИЛИУМ - – окуучулардын билим алуу иши ж-а жүрүм турумундагы кем өксүктөр ж-дө пикир алышуу, аларды четтетүү боюнча туура негиздүү чечим кабыл алуу максатында бир нерсеге мугалимдин масилети, кеңешмеси: мындай кеңешмелер көпчүлүк учурда адис психологдор, ата энелердин катышуусу м-н да өткөрүлүп жүрөт. Термин алгач ирет көрүнүктүү педагог Ю. К.Бабанский тарабынан киргизилген.
ПЕДАГОГИКАЛЫК КӨРГӨЗМӨ - – алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун формасы. П. к. – билим берүү тармагында ж-а педагогика ишиндеги жетишкендиктер көрсөтүлөт; окутуунун ж-а тарбиялоонун натыйжалуу методдору, новатор педагогдордун ж-а алдыңкы мектептердин иштеринин системасы пропагандаланып, көргөзмө куралдардын, окуу-лабораториялык жабдуулардын жаңы үлгүлөрү, программалар, окуу методикалык адабияттар ж. б. демонстрацияланат. П. к. төмөндөгүдөй бөлүнөт: 1. Деңгээлине жараша (мектепте, райондо, областа, республикада); Узактыгына жараша (туруктуу, убактылуу ж-а көчмө). П. к. Кырг. Респ. Билим берүү министрлиги, билим берүү бөлүмдөрү, агартуу кызматкерлеринин профсоюздук комитеттери, билим ж-а тарбия берүүчү мекемелер тарабынан уюштурулат. П. к. уюштурганга чейин алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды үйрөнүү м-н экспозиция үчүн материалдар жыйналат. Көргөзмөгө ар түрдүү документалдык материалдар, методикалык колдонмолор, методикалык адабияттар ж. б. материалдар коюлат. Ошондуктан экспозиция үчүн конкреттүү ж-а көргөзмөлүү материалдарды тандоо керек. Материалдардын ар түрдүүлүгү анын ишенимдүүлүгүн көрсөтөт. П. к. экспонаттарга ж-а документтерге кыскача
135 www.bizdin.kg
текст түрүндө түшүндүрмө берилет. Бүгүнкү күндө эл аралык П. к. уюштурулуп, анда ар түрдүү өлкөлөрдө элге билим берүү маселесинин өнүгүшү, окутуунун ж-а тарбиялоонун проблемаларын чагылдырган экспонаттар демонстрацияланат.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА - – ин-тардагы, ун-ттердеги окуу процессинин составдык бөлүгү. Келечек мугалимдерде пед. илимдер жаатында илим-изилдөө иштерине кызыгуусун өнүктүрөт. П. п-нын максаты студенттерди бардык предметтерди, педагогика, психологияны үйрөнүүдө алган ил.-теориялык билимдерин ж-а практикалык машыгууларын пед. ишмердигине чыг-чылык м-н пайдалана алууга үйрөтүү. Жайкы П. п-сын студенттер балдар лагеринде, окуучулардын бригадаларында, окуу-тажрыйбалык чарбаларда тарбиячы-жетекчи катары өткөрүшөт. Төмөнкү курстардын студенттерин П. п-га даярдоо максатында балдар лагерлеринде практика башталар алдында факультативдик практикумдар (көркөм окуу, ырдоо, оюндар, бийлер, край таануу, ден соолукту чыңдоо ж-а массалык спорттук иштер, моделдештирүү ж. б. б-ча) ж-а ийримдик сабактарды (окуудан сырткаркы убактарда) өткөрүү каралган. Педагогика кафедрасы, дене тарбия кафедрасы м-н практикалык түрдө тааныша ала турган семинарларды уюштурушат. Бүтүрүүчү курстардын студенттери П. п-га мугалимдердин август кеңешмесинин башталар алдында жөнөтүлөт. Анткени алар мектепке иштөөгө даярдануулары керек. Бул үчүн алар класс жетекчилер м-н бирдикте окуу ишинин ж-а тарбиялык иштердин планын түзүүлөрү керек.
П. п-нын биринчи жумасы мектеп, класс м-н таанышуу ж-а окуучулар м-н тарбиялык иштерди уюштурууга арналат. Андан соң методист же мугалимдин жетекчилиги м-н практиканттар мектепте ар кыл типтеги зачеттук сабактарды өткөрүшөт. Калган убакытта практиканттар өз алдыларынча окуу ж-а тарбиялык иштерди (класс жетекчисинин ж-а мугалимдин планына ылайык) жүргүзүшөт. Бардык факультеттердин жогорку курстарынын студенттери психология б-ча практиканы өтөт. Психология кафедрасынын мугалимдери студенттердин сабактарына психолого-педагогикалык талдоо жасашат. П. п-ны өткөрүү процессинде мектептин же окуу-тарбиялык мекемелердин бардык турмушу камтылат, педагогикалык жамааттын иши, ийримдер ж-а ата-энелер м-н иштөө да үйрөнүлөт. Методикалык проблемаларды өздөш-түрүү үчүн практиканттар мектептеги предметтик комиссиянын, мектептер аралык методикалык бирикменин ишине катышат. Жогорку курстардын студенттерине П. п-нын материалдары боюнча курстук, дипломдук иштерди даярдоого тапшырма берилет.
П. п-нын жыйынтыгында жогорку курстун студенттери пед.практиканын күндөлүгү тиркелген отчетту, зачеттук сабактын же класстан тышкаркы иштердин конспектисин, окуу колдонмону көрсөтүшөт.
П. п-нын жыйынтыгы мектепте мугалимдер, завуч, директор, методисттер, педагогика, психология кафедрасынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы акыркы конференцияда талкууланат. П. п-нын жыйынтыгында мектептин практикантка берген мүнөздөмөсүн эсепке алуу м-н ар бир практикантка баа коюлат. П. п-нын учурундагы студенттин иши жараксыз деп табылса, анда ал практиканттардын жетекчисинин айтуусуна ылайык практиканы бүтүндөй же жарым-жартылай кайрадан өтүүсү зарыл.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ПСИХОЛОГИЯ - – окутуу ж-а тарбиялоонун психологиялык закон ченемдүүлүктөрүн окуп үйрөтүүчү психология илиминин бир тармагы. П.п. илим катары XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап калыптана баштаган. П. п-га негиз салуучулардын бири орус окумуштуу К. Д. Ушинский. П. п-нын өз алдынча илим катары калыптанышына П. Ф. Каптеревдин, А. П. Нечаевдин ж-а А. Ф. Лазурскийдин эмгектери чоң роль ойногон. П. п. индивиддин социалдык тажрыйбаны өздөштүрүү процессине көбүрөөк көңүл буруп, педагогикалык теорияларды ж-а практиканы негиздөөчү психологиялык фактыларды, мыйзам ченемдүү маалыматтарды иштеп чыгат. П.п. өзүнүн алдына койгон милдеттерди курактык ж-а социалдык психология м-н биримдикте чечет. Бул биримдик педагогика м-н жеке методиканын психологиялык негизи болуп саналат. П.п. билим, билгичтик, ыкты өздөштүрүүнүн психологиялык ыкмаларын, жолдорун ж-а өздөштүрүүнүн сапатын, деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү методдорду иштеп чыгат. П. п-да бир нече теориялар иштелип чыккан: ассоциативдик-рефлектордук теория, акыл иш аракеттеринин этаптуу калыптанышы теориясы. П. п-нын жаш бөлүгү – тарбиялоо психологиясы. Ал окутуу-тарбиялоо иштеринин жүрүшүндө окуучулардын ишенимин, көз карашын калыптандыруунун ж-а адептүүлүк нормаларын, принциптерин өздөштүрүүнүн психологиялык мыйзамдарын үйрөтөт.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ТАКТ - – мугалимдин өз пед. ишмердигинде, окуучулар, балдар м-н болгон мамиледе ченем принцибин сакташы, окуу-тарбия ишинде балдарга ыгын таап туура мамиле жасай билүү, кылдаттык м-н табылган педагогикалык каражат-ыкмалар аркылуу окуучуларга таасир көрсөтүү чеберчилиги.
П. т. негизи - педагогдун балдардын психологиясын терең билүүсү жана окуучуга индивидуалдуу мамиле жасоо жөнүндөгү педагогикалык жобого кеңири түшүнүүсү. П. т. мугалимдин түрдүү кырдаалдарда, түрдүү моменттерде окуучунун көңүл маанайын, оюнун багытын кылдаттык м-н баамдап, ошого жараша мамиле жасап, баланын тилин таап, окуу-тарбия процессинде оң натыйжага жетишинен көрүнөт. Мугалим окуучулар м-н алака-катышта аларга акыл-эстүү талаптарды коюп, ошону м-н катар сылык-сыпаа болуп, өзүн аяр кармай билиши керек. Ар бир окуучунун, тарбиялануучунун жекече кыял-жоругун, индивидуалдуу өзгөчөлүгүн, жашоо шартын эсепке алуу м-н жасалган кылдат, мээримдүү, камкор, жапакеч мамиле, конфликттүү кырдаалдарда сезим ченемин (чувство меры) сактап, сабырдуу туруп, өзүн окуучунун ордуна коюп, маселеге баланын көзү м-н карай билүү ж-а карама-каршылыкты ийкемдүү айла-амалдар м-н чече билүү искусствосу – ийгиликтин ачкычы. Авторитардык-буйрукчул мамиле бала м-н педагогдун ортосунда гармонияны эмес, дисгармонияны жаратат.
П. т. – мугалимдин профессионалдык сапат-касиети, анын педагогикалык чеберчилигинин бир кыры. Мындай сапат педагогдун чаалыкпаган эмгегинин, изденүүлөрүнүн, бул багыттагы атайын илим-билимди терең үйрөнүүсүнүн, өзүн өзү кайрап-бүлөп өстүрүүсүнүн натыйжасы. Окуучуга жакын болуу, ага мээримдүү, жапакеч мамиле жасоо, аны ыгы жок эркелетүү, тең ата болуу деген сөз эмес. Балага гумандуу мамиле жасап, ошону м-н катар ага талап коё да билүү керек. Окуучуга ишеним көрсөтүү, ага «оптимисттик гипотеза» (Макаренко) м-н карай билүү, анын кишилик ар намысын
136 www.bizdin.kg
урматтоо, маданияттуу, сылык жүрүм-турум, мамиле этүүнүн демократиялык стили, түркүн кырдаалда учурдун, моменттин өзгөчөлүгүн бурчатпай туюп, керектүү тоналдуулукту кармай билүү – педагогдун окуу-чулар арасындагы атак-аброюнун, авторитетинин булагы.
ПЕДАГОГИКАЛЫК ЭКСПЕРИМЕНТ - – окуу-тарбия иштери б-ча атайын түзүлгөн же изилдөөчү тарабынан көзөмөлдөнүп турган шарттагы илимий негизде жүргүзүлгөн тажрыйба. П. э. – пед. кубулуштардын себеп-натыйжа байланыштарын үйрөнүү максатын көздөгөн изилдөөчү ишмердүүлүк. П. э-ти өткөрүлүш шарты б-ча табигый (кадимки билим берүү процесинин шартында) ж-а лабороториялык (атайын жасалма шарттарды түзүү, мис., бул же тигил методдун натыйжалуулугун текшерүү максатында айрым окуучуларды башкалардан бөлүп алуу) деп бөлүүгө болот. П. э. өткөрүлүш максаты б-ча констатациялоочу (проблеманын практикалык абалын аныктоого багытталган), изденүүчү (жумушчу гипотезанын тууралыгын чакан чөйрөдө текшерүүгө багытталган), текшерүүчү же калыптандыруучу (алынган теориялык тыянактардын тууралыгын, иштелип чыккан методикалык эффективдүүлүгүн текшерүүгө багытталган) деген түрлөргө да бөлүнөт.
П. э-тин түрлөрү адатта бири-биринен обочолонбой, тескерисинче, үзгүлтүксүз удаалаштыкта колдонулат. Көпчүлүк учурда салыштыруу жүргүзүү үчүн эксперименттик ж-а контролдук класстар (группалар) тандалып алынат. Эксперименттик тыянактардын ишенимдүүлүгү эксперименттин шарттарын сактоодон түздөн-түз көз каранды болот. Эксперимент жүргүзүүдө текшерилүүчү факторлордон башкалары толугу м-н теңдештирилүүгө тийиш.