СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогикалык баарлашуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Педагогикалык баарлашуу»

Тема: Педагогикалык баарлашуу

1. Педагогикалык мамиленин башталгыч класстагы окуучуларын окутууда окутуунун натыйжалуулугуна тийгизген таасири

Окутуу процессин башталгыч класстарда натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден бир жолу бул педагогикалык мамиле түзүү. Мугалим менен окуучунун тил табыша билүүсү, чоң мааниге ээ экендиги көрсөтүлөт. Мугалимдин сүйлөө маданияты, көркөмдүүлүгү, уккулуктуулугу, сылыктыгы сабактын жүрүшүнө түздөн-түз таасир этет.

Единственный способ по воспитанию эффективности процесса обучения начальной школе в создании педагогического отношения. Отображены взаимопонимание учителя с учащимися, которые имеют большое значение, а также культура речи, творческий подход, дикция, этичность.

Жашап жаткан коомдун кандай болушу ошол мамлекеттин билим берүү сапатына жараша болот. Ал эми билим берүү сапаты түздөн-түз мугалимдердин ишмердүүлүгүнө таандык. Ошондуктан коом мугалимдерге талапты жогору коёт. Окуучулардын билимге болгон умтулуусун, каалоосун пайда кылуу мугалимдин мамилесине, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилеге көз каранды. Белгилүү совет педагогу В.А. Сухомлинский «Окутуу, үйрөтүү – бул билим берүүнүн механикалык түрү эмес, ал адамдардын бири-бирине болгон эң татаал мамилеси», - деп белгилеген (8.61). Демек, педагогикалык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугу түздөн-түз мугалимдин мамилесине жараша болот. Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролун белгилеп, изилдөөчүлөр Н.В. Кузьмина, Б.Ф. Ломов, Ф.Ф. Королев, М.А. Данилов, М.В.Миш киндер педагогикадагы педагогикалык мамиленин өзгөчө ордун белгилешкен. Бирок ар кандай педагогикалык жагдайларга жараша, педагогикалык мамилени өз нугунда колдонуу эрежелери, талаптары келип чыгат. Практика көрсөткөндөй окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жолу катары мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени жөнгө салу көздөгөн максатка жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мугалимдин гумандуулук мамилеси өлкөдө адамдар ортосундагы толеранттуулукка, адептүүлүккө, чынчылдыкка, бири-бирине болгон сый мамилелерди үйрөтүүгө негиз боло алат. Социологдордун божомолдогон маалыматына караганда бүткүл дүйнө эли 50 000 ден ашык кесипке ээ. Алардын байыркыларынын бири мугалимдик кесип. Коомдун тажрыйбадан улам жаңы муундарга билим берүү, аларды турмушка даярдоо – бул мугалимдик кесипке багытталган иш-аракет. Мугалимдик кесип өтө көп эмгекти талап кылган кесип, кээде адамдар чыныгы мугалим болуш үчүн «Мугалим болуп төрөлүшү керек» деп коюшат. Демек, мугалимдик кесипти өмүр бою аркалап келген адамда ошол талаптарга жооп бере турган сапаттардын болушу зарыл. Эгер андай сапаттарга ээ боло албаса, анда тынымсыз эмгек, изденүү, машыгуулар менен калыптандырууга милдеттүү. Белгилүү ойчул Эдисон «Гений 1% эргүү, 99%, демек кара терге түшүп эмгек тенүүдөн турат» - деп бекеринен айтпаган. Ошондой эле ар кандай кесип адамга белгилүү деңгээлде таасир этип, адистикке мүнөздүү психологиялык касиеттердин калыптанып калышына себеп болот. Ал эми педагогикалык кесиптин күчтүү таасири болгондуктан, кээде адамдын жүрүш-турушу маданиятынан, сүйлөгөн сөзүнөн мугалим экени сезилип калат. А.С. Макаренко минтип жазат: Практикада көпчүлүк мугалимдер сиздер катары эле мен үчүн да төмөнкүдөй «майда-чүйдө» нерселер окуучулардын алдында кандайча туруу, кантип олтуруу, качан үндү көтөрүү, жылмаюу, тиктөө кээде чечүүчү роль ойнойт. Бул нерсеге эч ким үйрөткөн эмес, бирок үйрөтүү зарыл жана үйрөнсө болот. Демек, балдар менен болгон өз ара педагогикалык мамиледе майда 64 ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА № 7, 2016 нерсе болгон: сүйлөгөндө, караганың, каш-кирпигиңдин кыймылы, кол шилтегениң, баш ийкегениң, кыскасы баарынын өз кызматы бар. Себеби биз окуучулар менен жөн эле мамиледе эмес, адис катары мамилелеш болууга туура келет. Мугалим менен окуучунун мамилеси илгертеден келип жеткен табылга. Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууда педагогикалык мамиленин орду чоң. Мугалим өзүнүн үзүрлүү эмгегинде мамилелешүүнүн жагымдуу психологиялык климаттык жана инсанга туура мамиле түзө билүүнүн жолун билүү керек. Балдарга айтылган пикир, олуттуу сөз чоң мааниге ээ жана уюштуруу иштерибиздеги катачылыктардын көбү алар менен туура мамиле түзө албаганыбызда. Айткандарыңдан, сөздөрүңдөн сенин сүрүң, эркиң, маданиятың, инсандык жүзүң сезилип турсун. Буга үйрөнүү керек, – деп А.С.Макаренко баса белгилейт (9.276.). Адамдар менен тил табыша билүү педагогикалык мамиленин эң манилүү бөлүгү болуп саналат. Ансыз мугалим менен окуучунун ортосундагы өз ара түшүнбөөчүлүк дубалы тургузулуп, баланын ички дүйнөсүнө кирүү кыйын болуп калат. Кээ бир адамдар бирөөлөр менен тез тил табышса, бирөөлөр көп убакытта тил табышат, булар адамдарга табиятынан берилет. Бирок мугалим үчүн чоң мааниге ээ, аны илимде педагогикалык мамиле деп аталат. Педагогикалык мамиленин натыйжалуу проблемалары чоң мааниге ээ болууда. Изилдөөлөргө таянсак педагогикалык мамилени өз деңгээлине жеткирүү үчүн изилдөөчү С.В. Кондратьева таасир этүүнүн түзүлүштөрү менен мугалимдин окуучуларды түшүнө билүү деңгээли менен байланышын изилдеген. Таасир этүүнүн түрлөрү Мугалимдин окуучуларды түшүнүүсү Жогорку Төмөнкү Уюштуруу 48,0 % 22,5 % Баалоо 13,7 % 31 % Тартипке чакыруу 38,3 % 46,5 % Таблица көрсөткөндөй жогорку ишмердик менен эмгектенген мугалимдин таасир этүүсүндө уюштуруучулук турат. Ал эми начар мугалимде тартипке чакыруу турат. Эгер мугалим окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштура албаса, аларды тартипке чакыруу үчүн убактысын, күчүн жумшайт. Уюштуруучулук жок жерде баш аламандык, тартипсиздик пайда болот. Салыштырып көрөрлү, жогорку деңгээлдүү мугалимдин бир сабагында таасир этүүнүн саны 17 болсо, начар мугалимдин сабагында таасир этүүнүн саны 69. 40 минут сабакта мугалим 69 жолу көңүл буруусун талап кылган. Жыйынтыктап айтсак, мугалим бир сабагында окуучулардын сүйлөөсүнө караганда, эки эсе көп сүйлөйт. Эгер мугалимдин активдүүлүгүнө таянсак, анда окутуунун концепциясын өзгөртүүгө туура келет. Педагогикалык мамиле окучуунун өздүк инсанын өнүктүрүүгө туура келет жана багытталат. Демек, окуучунун өзүнө ишенүүсүнө, өзүн-өзү баалоого жана ѳзүнүн мүмкүнчүлүгүн сезе билүүгө тарбиялайт. Эгер окуучуга алдыңкы шыктуу окуучу катары мамиле кылса, анда окуучу ошондой болуп кетүүгө умтулуулары бышык. Эгер андай мамиле түзбөсө, окуучу чѳгүт, өзүн-өзү сыйлабайт, өзүнө ишеничи жоголот. Кызыктыруу жана мактоо педагогикалык мамиленин негизги каражаты. Башталгыч класстын мугалимдери жаш балдарга күчтүү таасир калтырат. Биринчи мугалимдин элеси өмүр бою сакталат. Баланын ички психологиялык жаңылануу учурунда, бала сөсүз мугалимдин жардамына, камкордугуна муктаж. Б. а. баланы сүйүү да, талапты да кое билүү дегендик. Белгилүү француз педагогу Ж. Ж. Руссо мындай деп жазат: «адамды бузуунун эң эле ишеничтүү жолу анын каалаганын аткаруу». Бирок эч нерсени талап кылбоо, ошондо чыныгы заалым сиздин колуңузда дей бериңиз. Бирок талап коюу окуучунун кудуретин, мүмкүнчүлүгүн жүрөк аркылуу туя билгенде гана педагогикалык мамиле максатына жетет. Ошондой эле сабырдуулук жана педагогикалык маданият, педагогикалык этика мамиленин негизги сапаттары деп кароого болот. Бул сапаттардын мугалимде болушу, мамиленин натыйжалуу болушуна алып келет. Мисалы, сүйлөө маданияты аңгемелешип жаткан учурда сөздүн айтылышы, көркөмдүүлүгү, уккулуктуулугу, сылыктык эрежелерин кармоо. Илимде педагогикалык этика деген түшүнүк да жашайт. Ал жүрүш-туруш эрежелерин сактоо деген, бирок ал мааниси боюнча адептүүлүк деген түшүнүккө алып келет. Адамдын жүрүм-турум эрежелерин гана эмес, коомчулук алдында жоопкерчилигин чагылдыруучу коомдук аң-сезимдин формасы. Инсандагы ички чыныгы өзгөрүлбөс сапат (эгер ал жаштайынан калыптанса). Мугалимдерге дайыма эскертилет «педагогикалык этиканы жана маданиятты сакта», - деп. Мисалы, врач – адамдын өмүрү үчүн акыркы секундага чейин күрөшөт, жылуу сөз айтып, жакшы болосуз деп ишендирет, ал эми укук органдары кылмышкердин күнөөсүн далилдемейинче сиз деп кайрылып, күнөөлүү деп атоого мүмкүн эмес. Ал эми педагогикалык этиканын өзүнчө түшүнүктөрү бар: милдет, акыйкатчылык, намыс, кадырбарк, уят ж.б. кирет. Ошентип мугалимдик этика анын маданияттуулугун гана эмес, рухий маданий сапаттарын да ички мамилесинен, сөзүнөн педагогикалык чеберчилигинен ж.б. сапаттарынан көрүнөт. Эгер мугалим кадыр-барктуу болсо, окуучуларына ар тараптан: окууда, жүрүм-турум маданиятында, тартибине ал турсун келечек кесибин тандап алууда да оң таасирин тийгизет. Мугалимдин кадырбаркын ар түрдүү жаштагы балдар ар башкача түшүнүшөт. Башталгыч класстын балдары мугалимдин кийген кийимине, жумшак мамилесине, сылыктыгына көбүрөөк көңүл бөлүшүп, анын методикалык ыкмаларына анча маани беришпейт. Ал эми орто жана жогорку класстын окуучулары болсо, мугалимдин талап коё билгендигине, чынчылдыгына, окуучуларга болгон сезимтал 65 ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА № 7, 2016 мамилесине, предметин күчтүү билгендигине, педагогикалык чеберчилигине жана коомдогу активдүү көз карашына карап баалашат. Мугалимдик авторитетти пайда кылуучу айрым бир элементтер болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1. Өз предметин терең сүйүү жана өздөштүрүү. 2. Предметти балдарга жеткиликтүү түшүндүрүп, классты өзүнө тарта билүүcү. 3. Акыйкатчылдыгы, ишенимдүүлүү. «Такт» адептүүлүк түшүнүгүнө кирет жана адамдардын өз ара мамилесин нормага салып башкарып турат. Тактикалуу деген сөз, адамга мамилеси жакшы, аяр, маданияттуу, сыпаа экендигин түшүндүрөт. «Такт» бардык адамдарга зарыл сапат болуу менен гумандуулук принцибине негизделип, кандай оор кырдаалдар түзүлбөcүн адамды адам катары сыйлоосун талап кылат. Баланы сүйүү, анын жан дүйнөcүн түшүнүү педагогикалык тактынын эң маанилүү негиздеринин бири. Педагогикалык такт сактабаган адам канчалык көп билбесин, жакшы тарбиячы эмес, К.Д. Ушинский белгилегендей педагогикалык такт – бул психология, психологиялык такт. Жакшы тарбиячынын негизги касиети – андагы баланын жан дүйнөсүнө үңүлүп кирүү жөндөмү. Башкаруунун, жетекчиликтин бир нече стилдери сунушталат жана бар. 1. Авторитардык стиль 2. Демократиялык стиль. 3. Келишүүчүлүк стиль (көрүп, билип туруп жол берүү). Аталган стилдердин мисалын көптөгөн адабий чыгармалардан жана турмуштан тапсак болот. К.Левин экспериментти жогорку класстын окуучуларына жүргүзүп көргөн, бир эле топко ар түрдүү стилде иштеген мугалимдерди иштетип көргөн, ар түрдүү пикир, ар түрдүү натыйжаларды жараткан. Авторитардык стиль – бул катаал тартипти жана башкарууну камтыйт. Авторитардык стилди колдонгон мугалим буйрукчул тон менен кайрылат, тез-тез окучуларды жемелейт, эскертүүлөрдү берип турат. Ал топтун мүчөлөрүн негизсиз жемелейт, эскертүүлөрдү берет, же негизсиз эле макташы мүмкүн. Эгер окуучу өз алдынча демилге көтөрсө, мугалим аны каалабайт, беделимди түшүрдү деп кабыл албайт. Авторитардык стилди колдонгон мугалим окуучулардагы чыгармачылыкты көрө албайт, колдобойт, өзүнүн билгенин гана таңуулайт, мен гана билем дегенге алып барат. Бул стиль окуучуларда жетекчилик астында жагынуучулук, өз пикири жоктук, кыңк этпей баш ийүүчүлүк сезимдерин пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан азыркы тарбиялоо жана окутуу системасында колдонууну четке кагуу учурдун талабы. Демократиялык стиль - бул стилдин натыйжалуулугун окумуштуулар жана турмуш эчак эле далилдеген. Окуучуларда окууга болгон кызыгуусу мектептеги же башка кыйынчылыктарга гана байланыштуу болбостон, окуучу менен окутуучунун ортосундагы мамилеге жараша болот. Ошонтип, окуучу менен педагогдун ортосундагы мамиле аны педагог кантип алып барат жана окуучу кантип кабыл алышында жатат. Мында мугалимдин пикиринин коллектив менен кошо ортого салынышы, окуучулардын активдүүлүгү өзгөчө сыйга арзып, жеке инсандардын аракеттери жана жөндөмдүүлүктөрү бааланат, мындай мамилени күтүүнүн негизги ыкмалары, өтүнүч, кеңешүү маалымат алмашуу эсептелет. Башкача айтканда мугалим бул стилди колдонууда аткарыла турган ишти окуучулардын ой сунушун пландаштырылышы биргеликте аткарылышы эсептелет. Келишүүчүлүк (көрүп, билип туруп жол берүү) - бул анархиялык же чаржайыттык ыкма болуп эсептелинет. Мында мугалим коллективдин дээрлик турмушуна аралашкысы келбей активдүүлүктөн четтеп, коюлган маселелер дагы толук коюлбай жетелемей көз карашта иш жүргүзүлөт, башкача айтканда бул стилди колдонууда мугалим бардык ишти коллективдин же окуучулардын өзүнө коёт да, окуучулардын арасынан лидерлердин пайда болушуна шарт түзөт . Окуучулардын аңдап-билүү, алардын инсанын үйрөнүү педагогдун негизги милдети. Улуу педагог К.Д. Ушинский «эгерде педагогика инсанды ар тараптуу тарбиялагысы келсе, анда ал эң биринчи аны ар тараптан окуп үйрөнүп, аңдап-билүүсү зарыл», - дейт (5.293.). Педагогдун окуучуну аңдап-биүүсү өзгөчө мааниге ээ, дегеле ал гумандуулук тенденциясы менен тыгыз байланышта, окуу тарбия процессинин борбору болуп саналат.









Адабияттар: 1. Асипова Н. Билим философиясы жана тарыхы: Окуу китеби. - Б.: 2010. 2. Адеп: жалпы билим беүүчү мектептердин 1-4- класстары үчүн өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген окуу программасы. -Б.: 2001. 3. Амонашвили Ш.А. Размышления о гуманной педагогике Текст. / Ш.А.Амонашвили. - М.: Изд. дом. Ш.А. Амонашвили, 1996.; Личностно-гуманная основа педагогического процесса. Текст. / Ш.А.Амонашвили. - Мн., 1990. 2. Акматалиев А. Баба салты, эне адеби: элдик салт. - Б.: Баласагын, 1993.; Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: «Шам», 2000.; Каада-салт, үрп-адат, адамдык оңтерс сапат. -Б.: «Бийиктик», 2002. 3. Апыш Б., Бабаев Д., Жоробеков Т. Педагогика. Окуу китеби. - Б.: 2002. 4. Зязюн И.А. Основы педагогического мастерства. - М.:1989. 5. Байгазиев С. Гумандуу педагогика. Кут билим газетасы, 2005, апрель. 6. Сухомлинский В.А. Тарбиялоо жөнүндө. - Ф.: «Мектеп», 1985. 7. Макаренко А.С. Педагогические сочинения. - том.7.: -