Адистердин кеңешине муктаж болгон окурмандар үчүн гезитибиздин “Сурагым келет” рубрикасы дайыма кызматта.
“Түнкү жөтөлдү кантип басам?”
— Жөтөлдүн түрү бар: кургак, узак мөөнөткө созулган, кээде приступ берген жөтөлдөр болот. Эгерде түнкү жөтөл болуп жатса сиздин балаңыздын аллергиясы бар болушу мүмкүн. Мүмкүн, кичине кезинде таттуудан диатез болчу. Убагында дарылабаса ал аллергияга өсүп жетет. Биринчи кезекте күнү бою эмне тамак жеп жатканына көңүл буруш керек. Балким, тамак-ашыңызда таттуу азыктар, куурулган тамактар басымдуу болуп жаткан чыгар. Тамактануусун өзгөртүп кызыл, куурулган тамактардан чектеп көрүңүз. Эгер жөтөлү азайса, анда тамактануусун ошол калыбында улантыңыз. Ага да болбосо ооз, мурун көңдөйүн текшерүү керек. Дем алуу органдарында сезгенүү болсо тамакты кычыштырууга, жөтөлгө алып келет.
“Кызым терчил болуп жатат”
— Биздин Кыргызстан темир жетишсиздигинен жапа чеккен өлкө. Ошондуктан ун, туз азыктары йоддолуп чыгарылат. Кубарып турган келбет кандын аз экенинен кабар берет. Аймактык дарыгерге кайрылып алгач кандын жалпы анализинен баштоо керек. Анализдин жыйынтыгы менен балаңыздын тамак-ашына көңүл буруу керекпи, балким, ичегилеринде мите курттар бар экенин дарыгерлер так аныктап беришет. Себеби мите курт да аз кандуулукка алып келет. Организмде кан аз болсо биринчи кезекте борбордук органдарга: жүрөк, боор, бөйрөккө жумшалат да, алысыраак органдарга – колдун, буттун манжаларына кан жакшы айланбай калат. Ушундан улам келбет кубарып, кол муздап турушу мүмкүн. Убагында аз кандуулукту дарылабаса 3-стадияга чейин өрчүп кетүүсү мүмкүн.
“Үй шартында иммунитетти кантип көтөрөм?”
— 3 жаштан жогору балдардын иммунитети калыптанып, организми күчтүүрөөк болуп баштайт. Ошондо деле бала жүз пайыз сасык тумоодон сактана албайт. Күн суукта аба аркылуу жуга турган оорудан сактануу дээрлик мүмкүн эмес. Иммунитет биринчи кезекте баланын тамактануусунан көз каранды. Эт, жемиш, дан азыктарынын түрү, сүт азыктары сөзсүз камтылышы керек. Бала маалы менен туура тамактанса, тиштеринде, ичегилеринде курт, гайморит жок болсо, өзүнөн өзү иммунитети бекемделет. Эгер бат-баттан ооруй берсе, баланын саламаттыгын кылдат текшертип чыгуу зарыл. Иммунитетти көтөрө турган мыкты азык – бал. Эгер баланын аллергиясы жок болсо балды үзгүлтүксүз берип турса жакшы болот.
“Баламдын бетиндеги чакалай эмнеден?”
— Мите курттун түрү бар. Паразит деген бир организмдин эсебинен жашай турган жандык. Бала тамакты жакшы жесе деле анын баары организмге киргенден кийин 50 пайызы сиңет, калган 50 пайызын курттар жейт. Кыскасы, организм менен курт витаминди теңме-тең бөлүшөт. Анан ал курттар да адамдар сыяктуу эле уулуу заттарды чыгарат. Ал уулуу заттар организмди жаралап биринчи кезекте беттеги темгил тактарды пайда кылат. Бет менен тил ички органдын күзгүсү дейбиз. Организм жакшы болсо бет жылмакай болот. Ал эми ар кандай тактар кандайдыр бир дарттан белги берет. Эгерде балада курт жаңы пайда болгон болсо, иммунитет аны менен күрөшө элек. Ушундан улам кандан анализ тапшырсаңыз көрсөтпөшү мүмкүн. Заңды эртең менен жылуу кезинде, үч күн катары менен тапшырсаңыз анализ так чыгат.
“Өнөкөт бронхитке эмне жардам берет?”
— Негизи, өнөкөт бронхит деп апалар өздөрү эле диагноз коюп алышат. Балким, иммунитети азыраак болуп тез ооруп жаткандыр. Эгер бала бир айда үч жолу, жылына беш-алты жолу ооруй берсе, рентгенге өпкөсүн тарттырганда тамырларында өзгөрүү болсо, анда өнөкөт бронхит десе болот. Бул ооруда кызыл өңгөчтүн чел кабыгы сезгенип калат. Бирок мунун баарын кылдат текшерүүдөн кийин бүтүм чыгаруу керек. Балаңыз чоңоюп калыптыр, жеңил спорттун түрлөрүнө берсеңиз болот. Сууда сүзүү жакшы жардам берет. Биринчиден, иммунитети көтөрүлөт, организм физикалык жактан чыңалат, ар кандай ооруга туруштук берип саламаттыгы жакшырат.
“Эки баламдын тең ичи ката берет”
— Организм жер-жемиштердеги пайдалуу витаминдерге, клетчаткага, пайдалуу заттарга, кычкыл сүт азыктарына муктаж. Дайыма эле бала углевод жей берсе тең салмактуулук бузулат дагы, ичтин катуусуна алып келет. Бир мүнөздөгү тамактануудан качыңыз. Дагы бир себеби, баланын ичинде курт болсо да ич катат. Себеби курт ичегилерге түйүлүп жатып алып заңдын чыгуусуна тоскоол болот. Кээ бир балдардын тубаса ичегиси узун болуп ичтин катуусуна алып келет. Заң канчалык көпкө чыкпай тура берсе, ошончолук катат. Баланын көтөн чучугунда ооруксунуу пайда болсо, психологиялык жактан коркуп заңдабай коюусу мүмкүн. Мындай көйгөйдүн алдын алуу үчүн мүнөздөп тамак ичирүүнү, суусундукту көп берүүнү адатка айландырыңыз.
“Таттууну кантип азайтам?”
— Таттуу азыктар кайра эле углевод экенин унутпаңыз. Ачкарын таттуу жеген баланын табити бузулат. Организм нормадан көп углевод менен камсыздалат. Бул кандын коюулануусуна алып келет. Ал эми коюуланган кан көп оорунун башаты. Андыктан кызыңызга конфеттин ордуна кургатылган жемиштерди берсеңиз болот.
“Кызымдын тиши кеч чыгып жатабы?”
— Тиш бул – сөөк. Ал убагында чыгуусуна кальций керек. Мисалы, генден көп нерсе көз каранды. Апасынын же атасынын тиши кеч чыккан болсо, баланыкы деле ошондой болот. Айрым балдардын тиши 3 айынан баштап эле жарылат. Эгер сизде күмөн саноо болуп жатса, аймактык дарыгериңизге кайрылып кеңеш алсаңыз болот. Баланы көрүп ал кальций жазып берүүсү мүмкүн.