СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Пелопоннес" согушу.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Пелопоннес" согушу.»








Пелопоннес

Пелопоннес – Грекиянын түштүгүндөгү жарым арал, Балкан жарым аралынын негизги бөлүгү менен Коринф мойногу аркылуу туташат. Аянты 21,5 миң км. Жээктери булуң-буйткалуу. Тоолор (эң бийик жери 2404 м, Айос-Илиас чокусу) басымдуу. Пелопоннестин орто бөлүгүндө карст рельефтүү Аркада бөксө тоосу жайгашкан. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана), токойлор өсөт. Пелопоннес – ошондой эле тарыхый-географиялык аймак. Анда антика доорунун архитектурасы сакталган. Патры, Коринф, Спарта шаары, Олимпия, Микены шаарынын урандылары бар.








Пелопоннес согушу (б. з. ч. 431–404)


Пелопоннес согушу (б. з. ч. 431–404) – бүт Грекияны, Түштүк Италиядагы жана Сицилиядагы грек шаарларын камтыган грек полистери – Делос союзу менен Пелопоннес союзунун ортосундагы согуштук чыр-чатак. Пелопоннес согушу шарттуу үч мезгилге бөлүнөт: 1) Архидам согушу (431-421); 2) Сицилия согушу (420-413); 3) Декелей же Иония согушу (413-404). Грек-перс согушунан кийин грек полистеринин экономикалык турмушу жакшырып, соода абдан өнүккөн кезде ири соода борборлору – Афины менен Коринф жана Мегаранын ортосунда аттандаштык күчөгөн. Ага Грекияда үстөмдүккө жетишүүгө умтулган Спарта менен Афинынын саясий атаандаштыгы, алардын ортосундагы социалдык карама-каршылык кошумча болгон. Пелопоннес согушунун чыгышына Керкира, Потидея жана Мегарага байланыштуу үч кагылышуу шылтоо болгон. Керкиранын Коринфтен азат болушуна Афины жардам берген. Спарта да союздаштарына жардам берип, Афиныга аткарылбас талаптарды койгон. Ал жоопсуз калган сон, Спарта согуштун жүрүшүндө флот түзө коюп, жөө аскерлери менен Афинынын күчтүү деңиз флотун талкалаган. Архидам согушунда алгач афинылыктардын жолу болгону менен акырында Спарта аскер башчысы Брасил бир катар женишке жетишкен. Ал өлгөн соң (421) 50 жылдык мөөнөткө Никий тынчтыгы түзүлгөн. Бирок ал да согуш себептерин жоё албай, Алкивиад баштаган согушчандар Афинынын колдоосу менен Спартага каршы согуш ачып, анда афинылыктар катуу талкаланган. Кийинки согушта (406) Спартанын флот башчысы Лисандр Афины флотун кургакта да, деңизде да катуу кысымга алып, 404-ж. биротоло талкалаган. Узакка созулган согуштун айынан Грекия начарлап, бийлик Македонияга өткөн.






Коринф согушу

Коринф согушу (б. 3. ч. 395 - 387) - грек полистеринин (Фивы, Аргос, Коринф, Афины, Элида, Акарнания, Мегара ж. б.) коалициясы менен Спарта башкарган Пелопоннес союзунун ортосундагы согуш.






Делос союзу

Делос союзунун гүлдөп турган убагында анын курамында 200дөй шаар болгон. 454–453-ж. афинылыктар Делос союзунун казынасын Афиныга алып келишкен. Ушундан кийин Афины өкмөтү казынаны өз билгениндей жумшай баштаган. Афины ал түгүл союздаш шаарлардын ички иштерине да улам чечкиндүүлүк менен кийлигишип, өзүнө оңтойлуу тартип орноткон, афинылык тыйынды бардык союздаштар колдонууга милдеттендирилген. Ошентип Делос союзу Афины деңиз державасына айланган. Бирок Пелопоннес согушунун убагында союздаштар Делос союзунан массалык түрдө чыга башташкан. Согушта жеңилген Афины спарталыктардын жана алардын союздаштарынын талабы менен 404-ж. Делос союзун жоюуга мажбур болгон.






Коринф

Коринф – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калктын жашагандыгы далилденген. Аны болжол менен б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф, Сиракузы, Керкира, Потидей сыяктуу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер менен соода жүргүзгөн. Коринфтин коло жана карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия менен тирания бири-бирин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел менен Периандрдын учурунда (болжол менен б. з. ч. 657–585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес согушунун чыгышына Афины менен Коринфтин эрегишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-ж. Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер менен бирге Коринф согушун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-ж.) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекеттеринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-ж. римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-ж.) Коринф анын башкы шаарына айланган, бирок б. з. 395–521 -ж. готтор талкалап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан калыбына келтирилген. 1458-ж. осмон түрктөрү басып алган. 1858-ж. байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жылдан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы жана гректер менен римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрларынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.






Аргос

Аргос — Пелопоннес аралынын (түштүк Грекия) түндүк-чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25, 1 миң киши (2004). Биздин заманга чейинки 2-мпң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыркы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия Аргос, ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин Аргосту дорийлер мекендеп калышкан. Биздин заманга чейинки 8-6-кылымда алардын бпйлпгп Пелопоннестин түндүк-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. Аргосто монархия биздин заманга чейинки 5-кылымга чейин өкүм сүрүп, андан соң демократия орногон. Тышкы саясатында Аргос менен Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Биздин заманга чейинки 229-жылдан Ахей союзуна, биздин заманга чейинки 2-кылымдын экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн. Биздин замандын 267- жана 395-жылы Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү Аргос Грекиядагы туристтик борборлордун бири. Шаарды археологиялык изилдөө учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин, Зевс менен Афины храмынын, 20 миң орундуу театрдын, музейлердин жана башка калдыктары табылган.






Балкан жарым аралы

Балкан жарым аралы - Европанын түштүгүндө. Болгария, Албания, Грециянын көп бөлүгү, Түркиянын европалык бөлүгү жана Румыниянын түштүк райондору, Македония, Босния жана Герцеговина, Словения, Сербия жана Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң кмдей. Жер ортолук деңизге 950 км кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери менен чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик жана аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекияда Пелопоннес жана Халкидики ири жарым арал бар. Адрия жана Эгей деңиздеринин жээктеринде аралдар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпак тоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 м, (Мусала чокусу). Түздүктөр негизинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ортоңку Дунай жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдундарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдундары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө жана чыгышында мелүүн континенттик, батышы менен түштүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик. Динара тайпак тоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 ммге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Балкан жарым аралынын түндүк чеги), ошондой эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш жана түштүгүндө жерортолук деңиздик бадалдар жана токой, түндук жана чыгыш тоолорунда жазы жана ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпак тоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины.






Афины (шаар)

Афины (шаар) (жаңы грекче Aqhnаi) - Грекия Республикасынын борбор шаары. Түштүк Европадагы эң ири шаарлардын бири. Аттика номунун (административлик-аймактык бирдик) административдик борбору. Административдик жактан муниципалдык округдарга (демосторго) бөлүнгөн. Калкы 729 миң (2005; Пирей шаары жана шаар айланасы менен Чоң Афиныны түзүп, калкы 3,7 млнго жетет). Шаар Аттика жарым аралында, Эгей деңизинин Сароникос булуңунун жээгиндеги дөбөчөлөрдө (Ликавит, Акрополь, Ареопаг, Пникс, Филопаппа жана башка), Педион өрөөнүндө жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому (башкы магистралдык жолдору Салоникага, андан ары Македония, Болгария жана Түркиянын чегараларына жетет). Темир жол тармактары шаарды Пелопоннес жарым аралы жана өлкөнүн батыш бөлүгү менен байланыштырат. Эл аралык аэропорттору, метрополитен (Афиныны Пирей менен байланыштырат) бар. Афинынын аванпорту - Пирей Грекиянын ири порту. Афинынын так негизделген жылы белгисиз. Анын аталышын байыркы гректер шаардын колдоочусу деп саналган Афина Паллада кудайы менен байланыштырган. Уламыш боюнча азыркы Афины шаары жайгашкан жерге адамдар биздин заманга чейинки 16-13-кылымда отурукташа баштаган. Афины байыркы Аттикадагы ири экономикалык, саясий жана маданий борбор, өз алдынча шаар-мамлекет болгон. Ал биздин заманга чейинки 146-жылдан биздин замандын 395-жылына чейин Рим империясына, 395-1204-жылдары Византияга караган. 1204-1458-жылдары Афины герцогдугунун борбору. 1458-жылы түрктөр тарабынан басылып алынган. 1834-жылдан Грекиянын борбору жана королдук резиденция. Эл аралык туризмдин (2000-жылы10 млн) борбору. Көптөгөн конгресс, симпозиумдар (өзгөчө тарых жана искусство жаатында) өткөрүлөт. Архитектурасы шаарга кайталангыс көрк берип турат. Афинынын тарыхый чордону болгон Афины Акрополу көтөрүлүп турат (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Этегинде Агора аянты жайгашкан. Түштүгүнөн Дионис театры (6-кылым биздин заманга чейинки 326-жыл) жана Аттикадагы Герод одеону (биздин замандын 161-жылынан кийин) Акрополго жалгашат. Илгери алар үстү жабык узун галерея (биздин заманга чейинки 2-кылым) менен байланышып турган. Рим Сенатору Филопапптын күмбөзү (114-116), Керамик аймагынын некрополу («Керамик» музейи, биздин заманга чейинки 5-4-кылым), Гефестейон храмы (же Тезейон биздин заманга чейинки 449-444), Агриппа жана Гимнасия одеондорунун калдыктары (биздин заманга чейинки 1-кылымдын аягы биздин замандын 2-кылымы; бардыгы Агорада), Лисикраттын эстелиги (биздин заманга чейинки 335-334), Зевс храмы, Византия доорундагы чиркөөлөр (Ыйык Апостол, 1000-25; Ыйык Феодор, 1065-жыл чен; Ыйык Екатерина, 11-12-кылым, Кичи Митрополия, 12-кылым жана башкалар), Жаңы шаардын чегинде 11-кылымдын кечилканалары, Элевсиндин калдыктары сакталган. Классицизм стилиндеги курулуштар, эски король сарайы (учурда парламент жайгашкан), театр, ИА (1926), университеттер (техникалык, улуттук), жогорку мектептер, «Атенеум» консерваториясы, китепканалар, музейлер, улуттук живопись галереясы (1900-жылдан) бар. Эл аралык (вокалист, пианисттер, дирижёр, композиторлор) конкурстар өткөрүлүп турат. 1896-жылы I, 2004-жылы XXVIII Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Афины - Грекиянын башкы экономикалык борбору. Металлургия, машина куруу (анын ичинен кеме, автомобиль), нефть ажыратуу, химия, целлюлоза-кагаз, текстиль, булгаары-бут кийим тигүү, тамак-аш, тамеки, цемент өнөр жайлары, азот кислотасы өндүрүшү (Пирейде) бар. Суунун жетишсиздигинен шаар жакшы жашылдандырылган эмес. Боз түшүп (смог) турат.