2-стратегия. УГАМ, ОКУЙМ, ТҮШҮНӨМ.
Стратегиянын сүрөттөлүшү
Стратегияны ишке ашыруу процессинде түрдүү маалымат – бул текст, ал аудио да, көрүнөө да берилиши мүмкүн экендигин мугалимдин да, окуучулардын да түшүнүүсү маанилүү. “Угам, окуйм, түшүнөм” стратегиясы угуу жана окуу – кабылдоого, маалыматты кабыл алууга жана андан ары аны иштеп чыгууга багытталган кептик иштин түрүнө негизделген. Ушул кептик иштин натыйжасы болуп маалыматты кабыл алып жаткан угуучу же окурман (биздин учурда – бул окуучулар) жасаган ой корутунду саналат. Маалыматты окуучулардын түшүнүшү жана аны андан ары пайдаланышы үчүн комплекстүү иштөө зарыл, ал белгилүү болгон текст менен иштөөдө – чейин, учурунда жана кийин пайдаланылган стратегия боюнча курулат. Баскычтардын ар биринде жүргүзүлгөн тапшырмалардын түрлөрү – бирдей.
8-схемасы. “Угам, окуйм, түшүнөм” стратегиясынын негизги кадамдары
Дифференциациялоо: мазмуну, процесс, чөйрө.
Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: окуучуларды окуу процессине тартуунун түрдүү ыкмалары, сабактын материалын сунуштоонун түрдүү формалары.
Окутуу максаттары
окуучуларды маалыматты кабыл алуу көндүмдөрүн (оозеки жана жазуу) калыптандыруу;
негизги маалыматты экинчи даражадагыдан бөлүп кароого үйрөтүү;
кабыл алынган маалыматты сүйлөшүү процессинде пайдаланууга үйрөтүү;
маалыматты жеке кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө кызыгууну түзүү.
Күтүлүүчү натыйжалар
Окуучулар:
маалыматты (оозеки, жазуу) кабыл алышат;
билдирүүнүн/тексттин темасын аныкташат;
текстти маанилик блокторго/бөлүктөргө бөлүшөт;
башкы ойду бөлүп карашат;
негизгини экинчи даражадагыдан бөлүшөт;
тексттеги логикалык байланыштарды белгилешет.
Окутуу класс(тар): 2 – 4-класстар
Керектүү материалдар: тексттер (туташ/ туташ эмес), аудио жазуулар, билим берүүчү видеоматериалдар, окуучулардын жашына жана тилдик компетенциясынын деңгээлине ылайык фильмдердин/мультфильмдердин фрагменттери, тапшырмалары бар карточкалар.
Класста ишти уюштуруунун формасы: класстын баары менен иштөө, жуптар, тайпалар менен иштөө.
Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы
Стратегияны колдонгонго чейин
Мугалимге төмөнкүлөр сунушталат:
китептеги текстти билүү же сабактын темасына ылайык текст/аудио жазуу/видеоматериал тандап алуу;
кайсы маалымат деталдуу иштеп чыгууга муктаж экенин аныктоо;
Аталган маалыматты иштеп чыгууга багытталган тапшырмалардын комплексин ойлонуштуруу (түрлөрүн жана алардын санын аныктоо).
Стратегияны колдонуу учурунда
1-кадам. Окуучуларды маалыматты кабылдоого даярдоо.
Мугалим класс менен Google Meet, Zoom же башка онлайн жолугушуу бөлмөсүндө жолугушат. Андан тышкары окуучулардын божомолдоолорун Padlet тиркемесинде уюштурса болот.
Даярдоочу көнүгүүлөрдүн максаты тилдик же психологиялык мүнөздөгү кыйынчылыктарды болжолдуу (текстти угууга же окууга чейин) алып салуу болуп саналат, бул окуучуларга мазмунду кабылдоого көңүл бурууга мүмкүндүк берет.
Бул баскычта окуучулар сөздөр, сүйлөмдөр менен иштешет, бирок сөзсүз алар сабакта иштей турган маалыматтын мисалында болуш керек. Бул иш умтулуучулук жана уюштуруучулук көрсөтмөнү түзөт, активдүү иштөөгө чакырат, андан окуучулардын умтулуу деңгээли, демек мазмунду өздөштүрүү деңгээли дагы көз каранды.
Текст менен иштөөнүн ушул баскычы үчүн типтүү тапшырмалар:
Угуу/окуунун алдынан кырдаалга кирүү үчүн сүрөттөрдү/иллюстрацияларды карап чыгуу.
Угула турган тексттин аталышы берилет, мисалы: “Ким күнөлүү?”. Мугалим текст эмне жөнүндө болорун болжолдоону суранат. Окуучулар божомолдорун айтышат.
Негизги сөздөр берилет. Окуучулар угула турган текст эмне жөнүндө болорун болжолдошот.
Фразалар берилет. Окуучулар аларды угулган жана окулган менен салыштыруу үчүн логикалык таптипте жайгаштырышат.
Тексттин кириш бөлүгү берилет. Окуучулар анын кандай уланарын билүүгө аракет кылышат.
Тексттин аягы берилет. Окуучулар ага чейин эмне болгонун божомолдошот.
Окуучулардын тажрыйбасын актуалдаштыруу, кызыгуусун пайда кылуу үчүн күтүлгөн текст жөнүндө аңгемелешет.
Окшош кырдаалдарды ойнотуу, мисалы: көчөдө жолугуу, бөтөн шаарда адашып кетүү.
Көйгөйлүү суроолорду коюу, мисалы: Эмнеге адамдар урушушат? Сылык адам деген ким? Курт-кумурскалар зыян алып келеби же пайдабы?
Маалымат алууга түрткү берүүчү суроолор.
Эмнеге коёндор жана тыйын чычкандар кышкысын терисин алмаштырышат?
Биздин өлкөдө кайсы жаныбар эң чоң?
Мугалим текст эмне жөнүндө болорун, эмнеге көңүл буруу керектигин кыскача айтып берет?
Мугалим окуучуларды жаңы сөздөр менен тааныштырат – тааныш эмес сөздөр кепти кабылдоодо толкоол болбош керек.
Окуучулар кроссворд чечишет. Андан кийин жоопторун угушат жана салышытырып, толукташат.
2-кадам. Маалыматты кабылдоо.
Бул баскычта окуучуларга текстти кабылдоого жана түшүнүүгө багытталган көнүгүүлөр (оозеки, жазуу) сунушталат. Бул баскычта текст менен иштөөнүн негизинде эки аспект жатат: 1) анын мазмунун жана маанисин ачуу; 2) аны чечмелөө (айрым сөздөрдөн, фразалардан, сүйлөмдөрдөн жалпы мазмун түзүлөт). Окуучулар текстти карап чыгып же угуп, сөздөрдүн маанисин аныкташат, фактыларды билишет ж.б.
Мугалим текст менен иштөөнү Google Документте (текстти бардык тапшырмалары менен) уюштуруп, окуучуларга шилтемесин берип, убакыт бөлүп берет. Ошол эле онлайн шартында бир учурда тапшырманын кандай аткарылып жаткандыгын көрө алат. Андан тышкары Google Формада да алып барса болот. Мугалим текстти тапшырмалары, туура жооптору жана упайлары менен Формага салат. Шилтемесин берет. Белгиленген убакыттан кийин кимдердин аткаргандыгын жана кандай аткаргандыгын текшере алат. Бир эле убакта бир нече окуучуну процесске тарта алат. Окуучулардын жоопторунун мониторингинин негизинде кайра талкуу уюштура алат.
Негизинен бул баскычта окуучуларга тапшырмалардын беш түрүн сунушташат:
| Тапшырмалардын түрлөрү | Иштин варианттары |
| Көптүк тандоонун тапшырмалары | сунушталган варианттардан туура жоопту тандоо; тексттин мазмунуна жоопберген / жооп бербеген / текстке тиешеси жок ырастоолордун варианттарын аныктоо; тексттин мазмунуна карата маалыматтын чындыгын / төгүндүгүн белгилөө. |
| Кошумча маалымат тапшырмалары | тексттеги боштуктарды сүйлөмдөр / бир нече сөздөр / бир сөз менен толуктоо; сүйлөмдөрдү толуктоо (аягына чыгаруу). |
| Маалыматты ташуу тапшырмалары | окулгандын негизинде таблицаларды толтуруу; окулгандын негизинде таблицаларды / схемаларды түзүү. |
| Деформацияланган текстти калыбына келтирүү тапшырмалары | |
| Маалыматты издөө жана максаттуу алуу тапшырмалары | факты жүзүндөгү – негизинен ким (эмне)? кайда? качан? эмне кылды? деген суроолорго материалдарды табуу; текстте так көрсөтүлгөн маалыматты аныктоо; текстте так көрсөтүлбөгөн маалыматты аныктоо. |
Текст менен иштөөнүн ушул баскычы үчүн кыйла типтүү коюлган тапшырмалар:
сүрөт тарткыла / толуктагыла;
текстке иллюстрация тандап алгыла (түрдүү тексттерге иллюстрациялар сунушталат, окуучулар мазмунуна алыйык келгенин гана тандап алат);
сүрөттөртү/иллюстрацияларды ирети боюнча жайгаштыргыла;
кеп эмне жөнүндө болуп жатканын, окуя кайсы жерде жүрүп жатканын ж.б. аныктагыла;
эмне түшүнүксүз бойдон калганына көңүл бургула жана ал жөнүндө суроо түзгүлө;
текстти уккула/окугула, өзүңөрдүн божомолдоруңарды текшергиле;
текстти уккула сүйлөмдөрдөгү калтырылып кеткен сөздөрдү койгула;
текстти окуп, төмөнкү сөздөрдүн кандай аныктамалары анда жолукту; сөздөргө аныктамаларды жазып чыккыла;
окулгандын, угулгандын негизинде сүйлөмдөрдү толуктагыла;
текстти уккула/окугула жана анда эмне жөнүндө сөз болгондугун айтып бергиле (каарман жөнүндө, окуя кайсы жерде болгондугу жөнүндө, каармандын сырткы келбети жөнүндө ж.б.);
болжолдонгон ынанымдар тууралыгын аныктагыла;
текстте жок сүйлөмдөрдү чийип салгыла;
сүйлөмдөрдү текстте жайгашкан тартиби боюнча коюп чыккыла;
текстте жолуккан сүйлөмдөрдү белгилеп чыккыла;
текстти уккула/окугула жана окуя кайда (же качан) болгонун өз сөзүңөр менен айтып бергиле;
уккула/окугула жана текст боюнча берилген суроодо каармандардын кимиси жорук жасагандыгы жөнүндө суралгандыгын аныктагыла.
Бул баскычта окуучулар текстке бир нече жолу, ар биринде ар кандай тапшырмалар менен кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү болгону маанилүү.
3-кадам. Маалымат менен иштөө
Бул баскычтын негизинде дагы эки аспект жатат: 1) кабылданган маалыматты чыгармачылык менен иштеп чыгуу; 2) алынган маалыматтарды сүйлөшүүдө жана иштин башка түрлөрүндө пайдалануу. Негизги тапшырма болуп мазмундун деңгээлинде жана маанинин деңгээлинде текст менен иштөө саналат.
| Мазмундун деңгээлинде | Маанинин деңгээлинде |
тексттен берилген маалыматты же белгилүү ойду сүрөттөгөн маалыматтарды табуу; тексттин негизги маанисин аныктоо; иш жүзүндөгү материалды табуу – негизинен ким (эмне)? кайда? качан? эмне кылды? деген суроолор; текстте ачык көрсөтүлгөн маалыматты табуу; текстте ачык көрсөтүлбөгөн маалыматты табуу; бар билимдин жардамы менен табылган фактыларды түшүндүрүү; ойдуу тастыктоо үчүн маалыматты пайдалануу; иреттөө жана классификациялоо, ажыратуу, салыштыруу жана теңештирүү, топтоштуруу; тексттин жалпы идеясы менен конкреттүү бөлүгүн өз ара катышы; тексттин аталышын чечмелөө; талдоо жана жалпылоо; тексттен алынган маалыматты талдоонун негизинде корутунду чыгаруу. | тексттин жана контексттин үстүнөн ой жүгүртүү; тексттин бөлүктөрүнүн же эки (бир нече) тексттин ортосундагы маанилик байланыштарды белгилөө; жеке тажрыйба менен өз ара катыштыгы; тексттин авторунун позициясын аныктоо; тексттин каармандарынын жоруктарын (аракеттерин) баалоо; өзүнүн көз карашын негиздөө же билимдин жана тажрыйбанын негизинде тексттин мазмунун баалоо; иллюстрациялардын ролун аныктоо; тексттин каармандарынын жүрүм-турумун (жоруктарын), окуялардын өнүгүшүн (жаңы кырдаал же жаңы шарттар киргизилет) “болжоп билүү” же чечмелөө; тексттеги камтылган маалыматтан улам анын чегинен тышкаркы окуяларды “алдын ала көрө билүү”; көркөмдөө жана жалпылоо (жашоодо, окууда иш жүзүндө колдонуу). |
Текст менен иштөөнүн ушул баскычы үчүн кыйла типтүү коюлган тапшырмалар:
суроолорго жооп бергиле;
эпизодду иллюстрациялагыла;
план түзүп, текстти айтып бергиле (тексттин түрдүү каармандарынын атынан);
жашоодон алынган кырдаал менен салыштыргыла;
айтылгандарды тастыктагыла же четке каккыла;
пландын пункттарын туура ырааттуулукта жайгаштыргыла;
каармандын маршрутун картада белгилегиле;
туура вариантын белгилегиле (3-4 ырастоодон турган көп тандоосу бар тест – бири туура, калгандары алаксытуучу);
маанилик бөлүктөрүнүн санын аныктагыла;
текстти угуп, сунушталган тексттин мазмунуна туура келген аталыштарды тандап алгыла;
тексттин аягын ойлоп тапкыла (сунушталган үлгүлөрдүн тандап алгыла);
бир нече аталыштын ичиннен текстке ылайык келгенин тандап алгыла;
каармандарга мүнөздөмө бергиле (жоруктары боюнча);
көрүү таянычынын жардамы менен/көрүү таянычы жок текстти айтып бергиле;
текстке суроолорду түзгүлө;
тексттин альтернативдүү аякташын жазгыла;
жарнама ойлоп таап, плакат түзгүлө.
Сабакты мындай түзүлүшүнүн формасында ишке бардык окуучулар тартылат, бул сабакты жана тилди үйрөнүүгө умтулууну жогорулатат.
Баалоо
Угуу жана окуу көндүмдөрүн баалоодо текстти түшүнүүгө, текстти анын маанилүүлүгү жана маалыматтуулугу боюнча баалай билүүгө, тилдик материалды билүүсүнө негизги басым жасалат. Мисалы:
| Көндүм-дөрдүн калыпта-нуу деңгээли | Баалоо дескрипторлору |
| Текстти түшүнүү | Текстти анын маанилүүлүгү жана маалыматтуулугу боюнча баалай билүү | Тилдик материалды билүү |
| Жогорку | окуучу жалпы мөнөздөгү суроолорго туура жооп берет; көп тандоосу бар тесктти аткарат; тексттин мазмуну менен аталышын/ иллюстрацияларды туура өз ара катыштырат. | тексттин түрүн жана негизги теманы аныктоодо жакшы көндүмдөрүн көрсөтөт; негизги сөздөрдү/реалийлерди кайталап угууда туура белгилейт; маанилик бөлүктөрүнө карата атоо формасында план түзө алат. | негизги мазмунду эне/экинчи тилинде туура бергенди; текстте берилген ыраттуулуукта негизги фактыларды атаганды билет. |
| Орто | окуучу жалпы мүнөздөгү суроолорго туура жооп берет; көп тандоосу бар тесттерге, айрым бөлүктөргө/ фактыларга тиешелүү суроолорго жооп берүүдө 1-2 ката кетирүү менен аткарат. | Тексттин түрүн жана негизги теманы аныктоодо көндүмдөрүн көрсөтөт, бирок негизгиден экинчи даражадагыны бөлө билүүдө 1-2 катага жол берет. | Материал окуучу тарабынан туура кабыл алынат, бирок текстти маанилик бөлүктөргө бөлүүдө жана аларды атоодо кыйынчылыктар бар. |
| Ортодон төмөн | аудиотексттин маанисин чектелген көлөмдө түшүнгөн, социомаданий билими кырдаалга жараша аз пайдаланылат; окуучу текстке тапшырма аткарганда көп сандагы каталарды кетирет. | тексттин түрүн жана негизги теманы аныктоо көндүмдөрүнүн калыптанбаганын көрсөтөт, план түзүүдө 3 катага жол берет. | материалды жарым-жартылай түшүнгөн, окуучу негизги мазмунду аныктоодо аны экинчи тилде айтып берүүдө кыйналат. |
Баалоонун варианттары
Көндүмдөрдү мыкты колдонууну көрсөткөн окуучуларга текст/окуу материалы жана татаалдыгы кыйла жогорку деңгээлдеги тапшырмалар сунушталышы мүмкүн.
Стандарттын талаптарына жооп берген окуучуларга талап кылынган билим деңгээлине багытталган текст/окуу материалы жана тапшырмалар сунушталат.
Деңгээли ортодон төмөнкү окуучуларга кабылдоого кыйла жеңил текст/окуу материалы сунушталат жана мугалимдин нускамалары, түшүндүрмөлөрү, таянычтар (элестетүү, тилдик конструкциялар, абзацтардын башталышы, шаблондор ж.б.) менен бышыкталат.
7