Тема: Коронавирус деген эмне?
Сабактын максаты: Коронавирус жонундо жалпы маалымат алышат. Ой жугуртуп оз ойлорун айтышат, берилген тапшырмаларды туура, так аткарышат. Алган билимин турмушта туура колдоно билишет.
Сабактын жабдылышы: А4 барактары, скотч, маркер, лозунгдар, суроттор.
Сабактын журушу: Саламдашуу.
Окуучулар КОРОНОВИРУС жонундо интернет булактардан алган маалыматтары боюнча оз ойлорун айтып беришет.
Короновирус жонундо жалпы маалымат берилет .
Окуучулар алган маалыматтары боюнча сроолорго жооп беришет.
Короновирус деген эмне?
Ал кандай оору экен?
Сасык тумоо менен короновирустун айырмасы эмнеде?
Бул ооруну жугузуп алган адам кандай абалда болот?
Бул оору эмнеден пайда болгон?
Азыркы учурдагы абал кандай?
Жана башка ушул сыяктуу суроолордун тегерегинде талкуу жургузушот.
Сурот аркылуу да тушундуруу иши журду.
Сабакты жыйынтыктоо: Бул КОРОНОВИРУС оорусун алдын алуу жолдору менен тушундурулуп сабак жыйынтыкталды.
Коронавирус деген эмне?
Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, "типсиз пневмония") жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.
Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.
Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.
Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.
Вирус эмнеден чыкты?
Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.
Илдеттин белгиси
Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.
Дарттын дабасы табыла элек Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.
Башка өлкөлөргө тарап жатат
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Учурда Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония жана Түштүк Кореяда вирустан жабыркаган бирден киши катталды. Ал эми Таиландда үч киши аталган дартка кабылган.
Адам ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чаралары маалымдады
Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;
Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;
Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;
Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;
Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);
Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу;
Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.
Т: Узак жашоонун сырлары
Максаты:
окуучулар узак жашоонун сырлары жөнүндө түшүнүк алышат жана узак жашаган адамдарды биле алышат
ой-жүгүртүү угуп кабыл алуу, эске тутуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт
биринчи байлык - ден-соолук экендигин билип, ал үчүн туура тамактанууга, жана сактоого ал үчүн кам көрүүгө тарбияланышат
Уюштуруу:
Жүрүшү:
Окуучуларга суроо:
Узак жашоонун сырлары
1. Адамдар канча жашка чейин жашайт?
2. Узак жашоого кайсы азыктар пайдалуу?
3. узак жашоонун кандай сырларын билесинер?
1.Кара шоколад.
Картаюну жайлатуу, оорулардын алдын алууда плиферон заттын ролу чоӊ. Плиферон кара шоколад, кара өрүк, мисте, жүзүм, кара жана көк чайда кездешет. Ошондой эле цит – рус жемиштеринин курамында да көп.
2.Түстүү капуста
Чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшы сактап жана сулуулукту арттырууда биотин эӊ негизги ролду ойнойт. Биотин жетишсиз болгон учурда адам унутчаак жана кан басымы менен ооруйт. Түстүү капуста, төө буурчак жана жер жаӊгактын курамында биотин арбын.
3.Күрүч
Узак жашоонун дагы бир сыры болуп күрүч эсептелинет. Япон жана кытай элдеринин негизги тамагы күрүч болгондуктан, узак өмүр сүрүүсүнүн сыры ошондо. Бул дан өсүмдүгү-нүн курамында туз жок. Андыктан ал организмдеги тузду сүрүп чыгаруучу дары катары колдонулат. Денедеги ашыкча уулуу заттарды айдап чыгуучу касиетке ээ.
4.Бал
Ден – соолук чыӊ болуу үчүн ар бир адам суткасына 2-3 кашык бал ичип туруу керек. Себеби ал нерв системасын эс алдырат жана жүрөк булчуӊун чыӊдайт. Канды тазалап, адамдын күчүн калыбына келтирет. Физикалык оор жумушту аткараар алдында бал колдо- нуу узак жашоого өбөлгө болот.
Унутчаак болбош үчүн
Чычырканак кабыгынан 200гр алып жарым литр сууга салып, 2 саат жай отто кайнатып аласыз. Андан соӊ 20 мүнөт демдейсиз да чыпкалап аласыз. Тамактанаар алдында бир чоӊ кашыктан ичип турсаӊыз бул да жакшы жардам берет.
Илгертеден адам баласы өмүрдү узартуунун ошол эле учурда жаш көрүүнүнүн аракетин көрүп келген. Заман жаӊырып, кылым алмашкан сайын уламдан-улам адамдар узак жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Анын кандай сырлары бар экен деп кызыксаӊыз, төмөндө дал ушул жөнүндө айтылат.
256 жашта жүрөгүн бир калыпта алып жүргөн Ли Цинъюнь
Дүйнө жүзү боюнча эӊ көп жашаган адам Ли Цинъюнь аттуу кытай жараны болгон. Ал 1677-жылы Кытайда төрөлүп, 1933-жылы 256 жашка чыгып, дүйнө менен кош айтышкан. Анын өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгү тоолуу Сычуань аймагында өткөн. Ли дарылык касиети бар чөп-чарларды жыйнап, узак жашаш үчүн чөптөн жасалган дарыларды гана ичкен.
Өмүрүндө 24 ирет үйлөнүп, алардын 23ү Лиден мурда көз жумушкан. Ал эми 24-аялы менен жашап жатканда каза тапкан. Ал узак жашагысы келген адамдарга: «Адам баласы жүрөгүн бир калыпта тынч алып жүрүшү керек. Шашкалактабай ташбакадан да жай отургула, сергек болуп тынч жүрсөӊөр, ошондо гана узак жашоого мүмкүнчүлүк ааласыӊар» - деп кеп –кеӊешин берип келген.
Ар дайым жөө жүрүп, 105 жыл жашаган Эльмер Истон
Дайым жөө жүрүүнү адатка айланткан Эльмер Истон 2015-жылы декабрь айында 105 жашка чыккан. Ал: «Менин узак жашоомдун сыры ар дайым жаш муундар менен сүйлөшүп алар менен пикир алмашып, эс алганымда. Алардын жанында да өзүмдү ар дайым жаш сезгенимде жана бош олтурбай баш катырмаларды таап, эс тутумга көнүгүү-лөрдү жасаганымда», - деп айткан. Узак жашоону каалаган адамдар, буларга кошумча ар дайым спорт менен машыгып, эс алуу күндөрү шаар сыртына чыгып, кандай гана иш кылба андан ырахат алууну адатка айлантуу керек экенин кошумчалаган.
Ширалы Муслимов табигый тамак-аш менен тамактанып, 168 жашка чыккан.
Өмүр бою тоодо мал багып, чабандык кесипти аркалаган азейбержан улутундагы Ширалы Муслимов 1805-жылы төрөлгөн. 1973-жылы 168 жаш курагында каза болгон. Өзүн дайым сергек жана кайраттуу алып жүргөн Ширалы 136 жашында 56 жаштагы Ха –тум Ханум аттуу айымга үйлөнгөн. Ал да аялдардын ичинен эӊ узак жашаган айымдардын катарына кирген. Ал 104 жашка чыгып, дүйнөдөн кайткан. Өмүр бою табигый тамак –аш менен тамактанган Ширалы Муслимов узак жашоонун сыры катары адам ар дайым кыймыл – аракетте жүрүшү керектигин айткан.
Бир кылымдан ашык жашаган Дина Манфредин.
Эӊ узак жашаган айымдардын катарындагы Дина Манфредин 1897- жылы 4 – апрелде Италиянын Эмилия Романио шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 33 жашка келгенде Рикардо Манфрединге турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. 1920- жылы күйөөсү каза болуп, 40 жыл жалгыздыкта өмүр сүргөн. Ал 105 жашка келсе дагы эшиктин алдындагы карды жалгыз күрөп, ыкчам кыймылдаган. Сулуу жүздүү Дина 115 жашка чейин жашап, кийин 7 небере, 7 чөбөрө, 12 кыбырасы бар чоӊ эне болгон. Мынча жашка чыккандын сырын: «Адамдын башынан канчалаган жакшылык жана жамандык өтөт. Ката кетирбеген адам жок. Ар бир кетирген каталарды ойлонбой, стресс абалга түшпөө, туура тамактануу адамдын организмин жашартат», - деп билдирген.
Тамакты өз өлчөмү менен жеп 117 жашка чыккан Дзиро Кимура
7 баланын, 14 неберенин, 25 чөбөрөнүн жана 13 кыбыранын атасы, япон улутунун жараны Дзиро Кимура 1897- жылы 19 –апрелде Япониянын Кимиуква шаарында туулган. Гиннес китебине эӊ картаӊ адам катарында 11- орунда катталган. 2014 – жылы рекорд китебинен сертификат менен сыйланган. Ал көзүнүн көрүүсү начарлап, кулагы укпай калса да баары бир кудай берген узак жашоону жашоого даяр экенин айткан. Ушунча көп жашка жеткендигин мындайча түшүндүргөн: «Адам тамакты тоё жеп, эч кыймылдабастан жатып алган туура эмес. Кандай гана таттуу тамак болбосун, өз өлчөмү менен ичүү керек. Узак жашоо үчүн ар дайым кыймыл – аракетте болуш керек», - деген.
125 кышты ашып, 125 жазды тоскон Ракыя Бөлөкбаева
Кыргызстандан чыккан Ысык – Көлдүн тургуну Ракыя Бөлөкбаева 125 жашка келгендиги тууралуу жалпы ММКда жазылып келген. Ал 1888- жылы төрөлүп, кылым жашаган айымдардын катарын толуктаган. Келбеттүү апа бул жашка келгендигин мындайча түшүндүргөн. Кыргызстандын таза суусунан жана табигый гана тамак –аш менен тамактанган. Ар күнү таӊ атпай денесин муздак суу менен жууп, ар кандай газдалган суулардын ордуна сүт жана жемиш ширелерин ичээрлигин маалымат булактарына билдирген
Бышыктоо:
Узак жашаган адамдардан кимди билесинер?
Узак жашоо үчүн эмне кылуу керек экен?
Канча жашка чыксам деп ойлойсунар?
Тапшырма : эссе жазып келүү
Узак жашоо
Узак жашоо-кишинин узак өмүр сүрүүсү менен мүнөздөлгөн социалдык-биологиялык кубулуш. 90 жаштан жогору, айрым статистикалык ж-а геронтологиялык изилдөөлөр боюнча 100 жаштан жогору узак жашоого киргизилет.Узак жашагандардын ыӊгайлануу механизми жакшы өрчүп физиологиялык негизи системалардын өзгөрүшү жай жүрөт, айрым системалардын абалы, мисалы, кандын морфологиялык, биохимиялык составы, жүрок - кан тамыр, эндокрин системасынын, борбору нерв системасынын көпчүлүк көрсөткүчтөрү жаш кишиникине окшош келет. Алардын жогорку нерв системасы токтоо, күчтүү болуп, акыл ж-а күчү, активдүүлүгү, эмгекке жөндөмү көпкө сакталат: эсине жакшы тутат, айланадагы окуяларга кызыгат, катуу стресстерге кыйла туруктуу келишет. Алар түрдүү ооруларга туруктуу ж-а тукумчул келип, улгайган кезинде да балалуу болушат.
Узак жашагандардын көбү - өмүр бою айыл-кыштакта жашап, жаш кезинен улгайганга чейин эмгектенгендер. Көпчүлүк геронтологдор Узак жашоо генетикалык жактан шартталган деп эсептешет. Бирок социалдык факторлор, элдин жашоо мүнөзү да чоӊ мааниге ээ. Узак жашоого таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлорго эмгек шарттары ж-а анын мүнөзү, материалдык жактан жетиштүүлүк, тамактануу мүнөзү, турак жай шарты, маданий деӊгээли, медициналык жактан тейлөө сапаты ж.б. кирет. Бул факторлор табигый факторлор ж-а тукум куугучтук м-н өз ара байланышта. Узак жашагандар СССР дин аймагында Закавказье, Түн. Кавказ, Орто Азиянын айрым райондорунда, өзгөчө Нахичеван АССРи, Тоолуу Бадакшан автономия ж-а областында, Дагстан, Чечен-Ингуш ж-а Абхаз АССрлеринде көп кезигет. Совет өкмөтү элдин жыргалчылыгын, маданий деӊгээлин жогорулатуу,өндүрүш ж-а тиричилик шартын, медициналык, санитариялык-курорттук, социалдык тейлөөнү жакшыртууга такай кам көрүп, эрте картаюнун алдын алууга ж-а узак жашоого шарт түзөт.