Даван мамлекети
Даван мамлекети б.з.ч I миң жылдыктын башталышында эле Фергана өрөөнүндөгү өнүккөн мамлекет пайда болгон. Фергана өрөөнү- борбордук Азиянын байыркы тарыхый жана маданий аймактарынын бири. Кытай булактарында бай жана калк жыш жайганкан Даван өлкөсү кеңири сүрөттөлгөн. Бул мамлекет миңдеген жылдарды камтыган тарыхый өсүшкө ээ. Бирок, ал тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар б.з.ч I к II кылымдардан тартып гана кездешет. Фарсы жазма булактарында Паркана, Кытай жазмаларында Д-Юань (Даван) деп аталган. Паркана жана Даван аталыштарынын түпкү мааниси “Ажайып кооз жер”, “Перидей сулуу жер” дегенди түшүндурөт. Перстер бул мамлекетти “Сог”, ал эми кытайлар “Полоно” деп аташкан. Мамлекеттин жетимиштен ашык чоң, кичине шаарлары болгон. Ордосу Эрши шаарында жайгашкан.
Даван мамлекети Улуу Жибек жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байланышын түзгөн. Фергана, Алай жана Борбордук Теңир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теңгелери арбын табылган. Даван элдери Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан .
Эрши
Б.з.ч IV кылымда Фергана аймагында өкүм сүргөн Даван мамлекетинин борбору. Алгачкы маалыматтар Сыма Цяндын эмгегинде кезигет. Араван суусунун боюндагы Мархамат шаар чалдыбары Эршинин калдыгы деп божомолдонот. Кытай жазма даректери боюнча Эрши экономикалык жактан өнүккөн шаар болгон. Улуу Жибек Жолундагы чоң соода шаары, эли соодадагы чеберчилиги менен белгилүү болушкан. Шаар катар-катар дубалдар менен айланта курчалган. Анын борбордук бөлүгүндө чийки кыштан тургузулган 500*759 м келген тик бурчтуу калың дубалдар, алардын капталдары дүйнөнүн төрт бурчуна каратылган жана бийик көлөмү 40*40*10 см келген ири кыштан тургузулган мунаралар болгон. Ички аянтта курулуштар дээрлик жок, анда боз үйлөр-чатырлар орун алып, мал кармалган. Айрым үйлөр гана ички аянттын бир аз гана бөлүгүн ээлеп турат. Коргонуучу дубалдардын ичинде көп сандагы турак үйлөр орун алган. Калктын дээрлик көпчүлүгү анчалык чоң эмес айылдарда, бирок өтө бекемделип тургузулган үйлөрдө жашашкан. Б.з.ч II к Кушан империясынын жана Хунн державасынын аскерлери бир нече жолу кол салган, бирок шаар көз карандысыздыгын сактар калган. Шаардын урандылары Ош облусуна караштуу Араван ройонунун борбору Араван кыштагына жакын жерден табылган. Даван мамлекетинин ири шаарларынын бири Ош шаары болгон.
Мамлекеттин чыгыштагы чегин Ю шаары коргогон. Ю шаары байыркы Даван мамлекетинин ордо шаарларынын бири. Жергиликтүү калк өз шаарын эмне деп атаганы белгисиз. Окумуштуулар Өзгөн шаарынан 10 км алыстыктагы Жазы суусунун оң өйүзүндөгү Шоро-Башат шаар калдыгы менен окшоштурушат. Чыгыштан, батыштан жана түндуктөн аны бийик мунаралуу коргонуучу дубалдар курчап турган, түштүктөн Бууракандагы дарыя коргогон. Чийки кыштан курулган анча чоң эмес турак үйлөрдүн үстүндө чеп дубалдары заңкайып көтөрүлүп турган.
Фергананын калкы болжол менен алтымыш миң үй-бүлөөдөн, үч жүз миңге жакын адамдан турган. Сырткы келбеттери боюнча алар Европеиддерге окшош эле. Алар чыгыш иран тилинде сүйлөшкөшкөн. Кытай булактарында давандыктар “Көздөрү чүңкүл, сакалдары коюу адамдар” деп
эсептелет. Жаратылышта от менен күнгө сыйынышкан. Мамлекетти жергиликтүу падышалардын династиясы башкарган. Алардын бийлиги ак сөөктөрдөн түзүлгөн аксакалдар кеңеши менен гана чектелген. Кеңеш падышаларды тандаган жана алмаштырган, согуш жана тынчтык маселелерин чечкен, башка өлкөлөр менен элчилик байланыштарын түзгөн жана үзгөн. Аксакалдар кеңешинин чечими айрым шаарлардын башкаруучулары үчүн да милдеттүү болгон. Башкаруучу төбөлдөр айылдык эркин общиналарды бекем кармашкан. Кокус согуш чыгып калса дал ушул общиналардан саны 60 миңден турган элдик кошуун тузүлгөн, алар жаа жана найза менен куралданышкан. Чарба иштеринде болсо кулдардын эмгеги колдонулган, бирок кул ээлөөчүлүк басымдуулук кылган эмес, анткени өндүрүштө айылдык община басымдуулукка ээ эле. Мамлекеттин таянычын эркин айылдык жамаат түзгөн.
Давандын чарбачылыгы. Б.з.ч. II к Даван чарбасы эң жогорку деңгээлде өнүккөн мамлекеттин чарбасын дыйканчылык түзгөн. Жамааттагылар күрүч, буудай, пахта, беде, жемиш бактарды, жузум өстүрүшкөн, андан эң мыкты, көпкө сактала турган шарап даярдашкан.
Жүзүмчүлук менен беде кеңири өнүккөн.Беденин көп болгондугунан жылкылардын санын билүүгө болот. Байлар он миң данга чейин шарап сакташкан. Дан(мүшөк)- суюктуктун Кытай өлчөмү,- болжол менен жүз килограмма барабар. Шараптарды “Эски шарап” деп да аташчу. Бул шараптын мааниси- бир нече ондогон жылдар бою бузулбай тура берет.Жылкы бедени кандай жакшы көрсө, тургундар шарапты ошондой жакшы көрүшкөн. Дыйканчылык менен катар Даван мамлекетинин экономикасында жары-жартылай отурукташкан мал чарбачылыгы да олуттуу орунду ээлеп турган. Асыл тукум жылкылар менен даңазаланган.Буткул борбордук Азия боюнча атак-даңктуу болгон.
Бул өлкөнү- “Көктөн түшкөн аалам аргымактарынын өлкөсү” деп бекеринен айтышкан эмес, анткени: - “Кытай тарыхчылары давандыктарда аргымактар аябай көп. Аргымактар тердегенде кызгылт тер чыгат. Сымбаты, сыны, турпаты, күлүктүгү жана чуркаган учурда тер ордуна кан чыгып тургандыгын. Ал
аргымактар жылкылардын асман тукумдарынан пайда болгон деген легендалар бар” деп тамшануу менен жазышкан. Асыл тукум аргымактарынын эки түрү болгон. Аргын жана Дулдул. Даван аргымактары өзгөчө шартта асыралган. Аткана үч катар дубал менен курчалган, дубалдын экинчи бөлүгүндө сырттан келген адам үнүнөн корко турган бийик добуш чыгарып үргөн иттер багылган. Аргымактарды кайтарган иттердин добушу адамдардын жүрөгүнүн үшүн алган. Ошол кезде каттаган кербенчилер бул шаарды “Үрүш Эрши” деген аталыштын келип чыгышы ушул сөзгө байланыштуу болушу мумкун деп аташкан. Аргымдар өтө күлүк аттар болгондуктан, коңшу мамлекеттерден суроо талап өтө жогору болгон. Аларды коңшу мамлекеттерге сатуу менен киреше түшүп турган. Ал эми Дулдул аттарды Давандагы мамлекеттин башында турган мыктылардын маңдайына жаралган эл куту катары ыйык тутушкан . Дулдул аттар эч бир убакта сатууга , союуга жана тартууга кеткен эмес. Душмандар кол салган мелгилде ок тийге аргымактар өлүгүн көрсөтпөй, кайып болуп кетет деп айтылат. Канаты бар учуп жүрөрү да белгиленет. Изилдөөчүлөр кантип эле жылкы кан тердесин деп баш катырышат. XIX к Борунц аттуу немец саякатчысы Орто Азияны кыдырып журуп, туштук Туркменстанда болот. Ошол жерде ал ахал-тегин жылкыларын көрүп калат. Мына ошол ахал-тегин жылкылар байыркы Ферганалык аттардын тукуму болуп саналат
Давандын карамагында бийик тоолор болгон. Ал эми бул тоолордо эч ким кармап, үйрөтө албаган жапайы жылкылар жашашкан. Алар байырлаган жерге адам жете алчу эмес. Ошондуктан эң мыкты бээлер тандалып алынып,
алар тулпарлардан тукум алып келүүсү үчүн тоону беттетип жиберишчү.
Мына ошол бээлерден чуркаганда тердин ордуна кызыл кан чыккан кулундар туулган. Бул өзгөчө күлүктөр асман тулпарларынын тукуму. Кытайлыктар бул аттар менен көктөгү өлбөстөрдүн мамлекетине жетүүгө мүмүн деп эсептешчү. Айрыкча асман тулпарларына түбөлүктүү жашоону кыялданган кытайлык падыша У-Ди жетүүнү көздөгөн. Аргымактардын
“Асман аттары” же “Көктөн түшкөн аргымактар” деген аттары менен белгилүү экендигин тарых ырастайт. Анын мойну аккуудай койкойгон, башы
кичине, буттары ичке, келишимдүү ташка чегилген сүрөттөрү Араван районундагы Дулдул-Ата мазарындагы аскадан жана Сулайман тоодон азырда көрүүгө болот.
Ферганага кытайлыктардын биринчи жоортулу. Б.з.ч II к аягында Фергана калкы Кытайдагы Хань династиясынын агрессивдүү жортуулуна каршы күрөшүүгө дуушар болот.Император У-Динин узакка созулган падышачылыгынын учурундагы Хань империясы жүргүзүп келген кошуналарын басып алуучулук саясаты тез-тез кайталанып турган. Кытайдын Хань императору У-Ди давандыктарды басып алуу жана аргымактарын сатып алуу үчүн тынчысы Жан Чиенди элчи катары жөнөтөт. Жан Чиен бирок элчилик эле кылбай тынчы да болот. Аксакалдар кеңеши аргымактарды кытайлыктарга сатуудан баш тартышып, элчисин тынчылык кылганы үчүн өлтүрүп коюшкан.
Ушундан улам согуш чыгаруу үчүн Кытайга шылтоо табылат. Каарданган император алты миң атчандан жана бир нече миң жөө аскерди аскер башчысы Ли Гуанлинин жетекчилигинде жортуулга жөнөтөт. Ли Гуанли б.з.ч 88-жылы дүйнөдөн кайткан. Хань династиясынын кытайлык генералы жана Ли үй-бүлөсүнүн мүчөсү болгон. Б.з.ч 103-жылы кытай аскерлери оор салгылашуулар менен тоону ашып Ю шаарына жетип, шаарды курчоого алган. Кытай аскерлери шаарга чабуул коюп, аны багынткан. Бирок андан аркы согуштук аракеттер үчүн күчү жетпей, Ли Гуанли чегинүүгө бүйрүк берген. Ферганага жортуул ийгиликсиз аяктаган. Жортуулдан кийин Кытайга ар бир беш жоокердин бири гана келген. Ферганадагы жортуулдан кийин Хань империясынын батыштагы атан-даңкы төмөндөгөн. Ошондон тартып император У-Ди багынбас мамлекетти эстен кеткис кылып жазалоону чечип, биротоло талкалап, коңшу мамлекеттерге да сез көрсөтүп коюну максат кылат да экинчи жортуулун баштайт.
Ферганага кытайлыктардын экинчи жортуулу. Ал бүтүндөй империясын тик көтөрүп, баардык куралдуу күчтөрдүн башында Ли Гуанли турган. Жүз миңге жакын жоокер топтоп, сансыз колду, сан жеткис кербен коштоп, дээрлик жүз кырк миң малга артылган жүк менен жолго чыгарат.
Ли Гуанли жүз миң аскери менен Ю шаарын камалоого алат, бирок Ю шаарын өздөрүнө ала албай койот.Шаардын жоокерлери талаага чыгып, Кытай империясы менен ачык салгылашат. Бирок шаардыктар аз болгон жана жеңилип калышкан, алардын калгандары шаардын ичине жашынып коргонууга өтүшкөн. Ли Гуанли шаардын эр жүрөк коргоочуларын курчоо үчүн аскерлеринин бир бөлүгүн калтырып, негизги күчтүү мамлекеттин борбору Эршини карай алып жөнөгөн. Фергананын падышасы Мугуа душмандын артыкчылык кылган күчүнө ачык салгылашууга чыгуу натыйжасыз экенин түшүнүп, тамак-аш жана мал үчүн тоют камдап, борбор шаардын дарбазаларын жабууга буйрук берген.
Кытай армиясы Эршини кырк күнгө курчоого алгандан кийин борборго кирген сууну башка жакка буруп жиберишкен. Курчоодогулар терең кудуктарды казып алып, коргонууну улантышкан. Кытай аскерлери шаарды курчап турган дубалдарды буза баштаганда падыша Мугуа
коргоочуларды бекемирээк ички дубалдын ичине киргизип, каршылык көрсөтүүнү уланта берген.Фергана менен коңшү турган Кангүй мамлекети да кытайларга тикеден-тике каршы турушкан. Ошол кезде Ли Гуанлиге усундук атчандардын эки миң адамдан турган отряды жардамга жиберилет, бирок тилекке каршы салгылаштарга катышкан эмес. Кытай аскерлери тосмолорду бузуп, аксакалдар кеңешин туткундашат. Шаарды курчап турган Мугуанын эли чегинүүгө дуушар болот. Чептерден да бекемдуулук- бул биримдүүлүк эле. Мына ушул биримдүүлүк шаар коргоочуларында болбоду. Эң оор мезгилде аксакалдар кеңешинин таасирлүү адамдары Моцай баскынчылар менен тил табышуу жолун издей баштады. Ички саясий тирешүүнүн натыйжасында эр жүрөк Мугуа өлтүрүлөт. Анын башын элдешүүнүн белгиси катары аксакалдар Ли Гуанлиге жиберишти. Ортодо тынчтык келишими түзүлдү. Анын шарты боюнча кытайлыктар бир нече ондогон таза кандуу аргымактарды жана үч миң күлүктөрдү алышты. Мугуа өлтүрүлгөндөн кийин, бош калган падышанын тагына кытайлыктарга жан тарткан төрө Моцай отурду. Эркиндикти сүйгөн Ю шаары Кытай менен тынчтык келишимди тааныган жок. Ли Гуанли буларга чоң күч жиберип, чабуул менен Ю шаарын алышты. Фергана аскерлери кубатту Кытай менен күрөштө жеңилип калышты. Бирок У-Ди үчүн жеңиш оңойго турган эмес. Төрт жылга созулган Эршини толук багынта албай кайра кайтууга аргасыз болгон. Ли Гуанлинин аскерлери кетишери менен Фергананын мамлекеттик иштерине Хань империясынын саясий кийлигишүүсү биротоло токтолду. Кытайга жүз миң аскердин жыйырма миңдейи кайтып барган. Даван мамлекетинен алган үч миң жылкынын миң жылкысы гана Кытайга жеткен. Аксакалдар кеңеши падыша Муцайды чыккынчы катары күнөөлөп, өлүм жазасына тарткан. Такка
Мугуандын эң кичүү иниси Чаньфын отурат. Мына ушинтип, согуштун жыйынтыгында, Орто Азия жана Чыгыш Түкстан элдеринин колдоосу менен
байыркы Фергана мамлекети өзүнүн көз каранды эместигин сактап калган. Бат өз калыбына келип, гүлдөп өнүгөт.
У-ДИ
СЫМА ЦЯНЬ
Колдонулган адабияттар:
А
Мамлекеттик тил энциклопедиясы Ү. А. Асанов
Кыргыз энциклопедиясы Т.Абдрахманов
Б
Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана
1997 г А.И Берштам
Кыргыз тарыхынын лекциялары 1992-жыл Байтур Анвар
Д
Кыргызстандын тарыхы боюнча кыскача аңгемелер 2007 А.К.Доталиев
Кыргызстан тарыхы К.Дүйшөналиев
М
Кыргыз мамлекетинин тарыхы 1999-жыл Ж.М.Малаев
Взаимодействие культур и цивилизаций В.М. Массона
Х
Паркана-Даван-Фергана 1998 г Э. Хуршит
Сведения древных китайских источников о городах-государствах Ферганы.2004 г А.Ходжоев
Введение в историю кыргызской государственности 1994